Добавить статью
9:28 17 Января 2018 14975
Кыргыз жаңагы. 2-макала

Ташманбет Кененсариев, КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, тарых илимдеринин доктору, профессор

Уландысы – 2 макала

1 макала окуу

Кыргыз жаңагы, илимий тилде “грек жаңагы” (лат. Juglans regia, L. 1753) - өсүмдүктөрдүн жаңактар тукумундагы бир ири түрү. Бийиктиги 5–50 метрге чейин жеткен, жалбырагы күбүмө, бир үйлүү дарак. Шагынын диаметри 10–12 м. Май айында гүлдөп, мөмөсү сентябрдын аягынан октябрга чейин бышат. Мөмөсү данектүү, тоголок же сүйрү. Анда май, белок, А, В1 жана башка витаминдер, түрдүү пайдалуу заттар бар.

Жаңак мөмө дарагы катары, ошондой эле кооздук үчүн да өстүрүлөт. Жыгачынан баалуу буюм, урук, кабыгынан боёк, өңдөгүч зат алынат. Майы тамак-ашка пайдаланылат, ошондой эле лак, самын жасоодо керектелет.

Жаңак чынында эле дүйнөдөгү мөмөлүү дарактардын төрөсү. Жаңак дарагы 150 жылдан ашуун жашайт. Ошол эле учурда Кыргызстандын жаңак токойлорунан 800 жылдык жаңактарды да табууга болот дешет адистер. Жетиле элек дарактын кабыгы жылма жана күл сымал көгүш, качан дарак жетилген кезде ал жаракалуу жана кара, каралжын- көгүш түскө айланат. Жаңактын жалбырагы кочкул –жашыл, эллипс сымал узундугу 30 см.ге чейин жетет. Жаңактын дарагынын шактары чоң болот.

Айрым бир маалыматтар боюнча жаңак дарагынын өтө зор болгондугу белгиленген. Маселен, Түштүк Осетиядагы Кехви деген кыштактагы жаңак дарагынын бийиктиги 25, 6 м. болгону менен, түпкү сөңгөгүнүн жоондугу 8,5 метр болуп, анын көлөкөсүнө 200 атчан корголоого мүмкүндүк алып, ал жаңак дарагы жылына 100 пуд (1,6 тонна) мөмө берип турчу экен.

Ушул жерде жаңактын мөмөсүн адабий тилде “жаңгак” деп атап алгандыгыбыз туура эмес экендигин кыстара кетүү зарыл. Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңак токойлорунун арасында жашаган калк текши бул касиеттүү мөмөнү “жаңак” дешет. Ал эми кыргыз адабий тилине “жаңгак” термини кабыл алынып калган. Эмне үчүн күнүмдүк турмушу жаңак менен өткөн жергиликтүү калктын тилдик өзгөчөлүгү эске алынбай калган? Жаңак мөмөсү мурунку жоокерчилик заманда көчмөн турмуш менен күн өткөргөн кыргыз элинде азык катары анча деле этибарга алынган эмес. Аны тамак катары колдонуу, маңызынан май алуу, жыгачын чарбага жана отун катары пайдаланууну жаңактын арасында жашаган тургундар гана ишке ашырышып, жаңак учурабаган Фергана өрөөнүнүн ортоңку, түштүк-чыгыш, түштүк чыгыш аймактарында Кыргызстандын текши түндүгүндө жаңак өсүмдүгү менен элдин анча иши болгон эмес. Андай айылдарга жаңактын мөмөсүн өрүк-мейиз, таттуулук саткан өзбек улутундагы аптерчилер (көчмө соодагерлер) “янгок” деген ат менен сатып келишкен. Өзбектердин “янгок” дегени алардын тилиндеги “ң” тыбышынын жоктугу. Ошондуктан кыргыздын “жаңак” деген сөзүн алар “янгок” же “янгак” деп айтышкан. Өзбек соодагерлеринен тараган бул термин түндүк кыргыз урууларына сиңип, кыргыз адабий тили негизинен ысык-көл-теңир-тоо аймактарындагы кыргыз диалектисинен калыптангандыгына байланыштуу адабий тилине “жаңгак” деген вариантта кирип калган.

Албетте, “жаңак” менен “жаңгактын” анча деле айырмасы жок. Аны алмаштыруудан деле эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондой болсо да ар нерсенин энчилүү аты туура аталганы жакшы деген пикирди айтмакчыбыз.

«Колдо бар алтындын баркы жок» дегендей, биз жаңактын маанисине анча көңүл бөлбөйбүз. Чындыгында жаңактын дарагы, тамыры, уюлу, мөмөсү, кала берсе кабыгы менен жалбырагынан баштап, турушу менен эле алтын. Жаңактын жыгачы жана мөмөсү тамак-аш, парфюмердик, мебель, химиялык жана башка өнөр жайынын тармактарында керектүү сырьелор катары пайдаланылат.

Жаңак жыгачынан сонун эмеректер, фанера, мылтыктын кундактары, сувенирлер жана башкалар жасалат. Жаңактын активдүү заттарынын сыгындыларынан өңдөөч заттарды, эфир майын жана С витаминин алууга болот.

Жаңак токойлору эң биринчи кезекте нымдуу-лукту сактаган, абаны тазалаган, суу агымдарын камсыздаган, климатты нормалдаштырган жараты-лыштык булак, экинчиден, мөмөлөрүн пайдалуулугу, дарылыгы жагынан уникалдуу азык, ал эми үчүнчүдөн, жыгачы, жалбырактары, тамыры түрдүү чарбачылыкка пайдаланылган, түрдүү эмеректер жасалган, курулуш материалдарын камсыздаган зор байлык экендиги талашсыз.

Жаңактын уюлу (кап, нарост, наплыв) кооз жана уникалдуу буямдарды жасоого керектелүүчү өтө баалуу материал. Жаңактын уюлунан декоративдүү сувенирлерди гана эмес, өтө назик музыкалык инструменттердин, маселен баалуу скрипканын капкагын да жасашат. Тарыхый бир даректерде Кыргызстандын жаңак токойлорундагы уюлдардын атагы алыска кетип, мунун баркын уккан Англиянын Премьер-Министри Уинстон Черчилль, И.В.Сталин аркылуу өзүнө кооз жумушчу стол жана стул жасатуу үчүн Кыргызстандан жаңактын уюлун алдыргандыгы жөнүндө маалымат сакталган.

Жаңактын уюлун (урун) алуу иши колониаялык доордо эле, болжол менен 1880-жылдары башталган экен. Мисалга, архивдик документтерде падышачы-лык мезгилинде орус чиновниктери жана токойчулары Кыргызстан-дын Чаткал, Ала-Бука, Аксы ошол кезде Наманган (жана Анжиян уезддерине караган азыркы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Өзгөн райондорунун калкынан жылына 10 тонна уюл (кап) жыйнап турган. 1925-жылдан кийин уюл чогултуу көбөйүп, мисалы 1928-жылы Чаткал тоо кыркасынын этектеринен эле 115 тонна уюл даярдалган. Ата-Мекендик согушка чейин жаңактын уюлу өтө азайып, атүгүл жок болуп кете баштагандыгы, анын эсебинен жаңак дарактары курай баштагандыгы байкалган да, бул иш токтотулган.

Жаңактын маңызы медициналык жактан эң пайдалуу. Ал өзгөчө таттуу жана сиңимдүү. Калориялуулугу жагынан жумурткадан, күрүчтөн, кой этинен, соядан 2-3 эсе, ал эми шоколаддан 1,5 эсе ашып түшөт. Бир кило жаңак маңызы өзүнүн сиңимдүүлүгү жагынан ар бири килограммдан болгон этти, балыкты, сүттү, нанды, картошканы жана алмурутту чогуусу менен алмаштыра алат. Жаңактын маңызынан түрдүү таттуулуктарды, маселен, халваларды, конфеттерди, тортторду, пирожныйларды жана башкаларды жасашат.

Жаңактын маңызында 45-77 пайыз пайдалуу май, 8-21 пайыз белок бар. Ал боор, атеросклероз, гипертония, жүрөк-кан тамырлар, гастрит оорууларын дарылоого пайдаланылат. Жалбырагы курт-кумурскаларды жок кылса, быша элек жаңактын кабыгында С,В,Р витаминдери, А провитамини бар. Жаңактын быша элек мөмөсүнөн витаминдүү концентрант жана витаминдүү кайнатма (варенье) даярдашат. А.Сергеев аттуу советтик ишмердин эскерүүсүнө караганда И.В.Сталиндин сүйүктүү кайнатмасы (вареньеси) быша элек жаңактын мөмөсүнөн жасалчу экен.

Медицина илиминде жаңак мээнин жакшы иштешине да пайда алып келери аныкталган.

Кыргыз жаңагын тамак-ашта колдонуу көп пайда алып келет. Ал ичеги-карынга таасири чоң. Дарыгерлердин айтуусу боюнча жаңак керемет азыктардын бири катары рак менен гана күрөшпөстөн, ууланган маалда детоксикацияны басаңдата алат. Ошондой эле мөмөлөр жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу коркунучунун үчтөн бирин азайтат.

Ал эми чыгыш медицинасында, маселен Улукман акенин (Абу Али ибн-Синонун) дарылоо системасында, жаңактын маңызы мээни, жүрөктү жана боорду дарылоого болоорун мурунтан эле билинген. Иммундук коргонууну жогорулатуу үчүн колдонулган.

Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаңактын маңызын күнүмдүк рационго кошуп жесе ал рак клеткаларынын өсүшүн токтотот экен. Йен шаарынын “Friedrich Schiller” университетинин немец окумуштуулары жаңак онкологиялык ооруларды болтурбоодо чоң жардам берээрин айтып чыгышты. Таттуу, туздуу, куурулган же жаңы, кандай гана болбосун жаңак ичеги карын рагынын алдын алат. Бул туралуу “ Science Daily” басмасы жазып чыккан.

КРнын саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев дүйнөдөгү авторитеттүү илим-изилдөө институттарынын (Deakin - School School of Exercise and Nutrition Sciences) илимий жыйынтыктары боюнча жаңактын мөмөсү пайдалуу заттардын ичинен төртүнчү орунда тураарын, ал кеминде 10 түрлүү дартка дабаа экендигин жазган. Министр кыргыз жаңагынын ролун жогорулатуу менен эл аралык соодага керектүү товар катары чыгуруу үчүн ага эл аралык сертификат же патент алуу керек деген сунуш киргизүүдө.

Жаңактын мөмөсүн өстүрүүнүн, экспорттоонун келечеги зор. Түштүк Кореядагы эң ири деп саналган “E-март” соода борбору Кыргызстанда жыйналган жаңак мөмөлөрүн 2013-жылдан бери эле сатыкка чыгара баштаган. Жаңактар алгач Кыргызстанда тазаланып, андан соң Кореяга жөнөтүлүп, Кореяда сорттолуп, сатыкка ылайыкташтырылып турат. Учурда Кыргызстандык жаңактардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөргө экспорттолууда десек болот.

Жаңакты экспорттоо расмий түрдө болушу үчүн кыргыз жаңагын чогултуучулар "Кыргыз токой байлыгы" товар-сервистик кооперативге биригишкен. Учурда анын 4000ден ашуун мүчөсү бар. Долбоор 2013-жылдын сентябрь айында башталганда алардын саны 2014 киши болчу.

Кыргызстандын жаңагы Европанын белгилүү супермаркеттеринде "Кыргызстанда жасалган" деген жазуу менен "Jack Klijn" бренди алдында сатылууда.

Кореядагыдай эле кыргыз жаңагын Түркияда, Кытайда жана башка жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө алышууда. Атүгүл, алыскы Европага да сатыла баштады. Маселен, 2016-жылы Жалал-Абад облусунун фермерлери Голландияга 100 миң тонна кыргыз жаңагын экспорттоону пландашкан. 2015-жылы болсо 300 фермерден турган кооператив 40 миң тонна жаңак жиберишкендиги маалым.

Ошентип, кыргыз жаңагынын тарыхый, илимий, практикалык мааниси, медицинадагы пайдалуулугу, климатты сактоодо, абаны тазалоодогу ролу аябагандай зор экендиги учурда маалым. Ушундай уникалдуу өсүмдүктү жоготуп албастан, аны кастарлап, сактап, өнүктүрүп, кийинки муундарга калтыруу азыркы муундун, учурдагы мамлекеттик бийликтин ыйык парзы деп айтууга болот.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

05-02-2018
Кыргыздардын байыркы мекени жана Манас эпосу: салыштырмалуу анализ
37626

16-01-2018
Кыргыз жаңагы. 1-макала
16626

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×