Ташманбет Кененсариев, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор
Кыргыз эли эки жарым миң жыл бою өз алдынча түтүн булатып, мамлекет куруп, башкалар менен тең ата өлкөдө жашоого умтулуп келген түптүү журт. Кыргыздардын алгачкы мамлекеттүүлүгү азыркы Теңир-Тоо аймактарында биздин заманга чейинки III кылымдан баштап эле түзүлгөндүгү, биздин замандын башындагы беш жүз жылдай мезгилди камтыган оор жана оош-кыйыш доордо тааруудай чачылып, бир бөлүгү Теңир-Тоодо, бир бөлүгү Чыгыш Түркстанда, бир бөлүгү Алтайда жана Миң-Сууда жашап калгандыгы, VI-VIII кылымдарда Енисейде чакан кыргыз каганатын түзүп, өсүп-өнүгүп, Теңир-Тоодо калган туугандары менен үзүл-кезил гана байланышта болуп келгендиги изилдөөлөрдөн маалым. Ал эми 840-жылы курулган залкар Кыргыз мамлекетинин мезгилинде түштүксибирлик туугандарыбыз этап-этап менен акырындап Теңир-Тоого жер которуп, натыйжада үч компоненттен, үч канаттан турган кыргыз эли XV кылымда биротоло куралып бүткөн деген өзөктүү гипотеза кыргыз элинин калыптануу жолундагы негизги жыйынтык.
Аталган илимий жыйынтык менен океандай чалкыган Манас эпосунун негизги сюжетин салыштырганда алардын окшоштугун жана тарыхый ырааттулугу жагынан төп келип тургандыгын оңой эле байкоого болот. Анткени, эпосто эзелки замандарда Теңир-Тоодо курулган Манас баатырдын бабасы Ороздунун мамлекети каардуу тышкы душмандардын чапкынынан “бири кетсе тереңге, бири кетти кереңге, бири кетсе Каңгайга, бири кетти Алтайга” деген “эл эсиндеги” окуялардын капшабынын натыйжасында Алтайга жер оодарып, ал жерде мамлекет куруп, анан Ала-Тоого көчүп келип, Кошой, Көкөтөй баштаган теңиртоолук туугандары менен кайра кошулуп, эзелки кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтиргендиги жөнүндөгү сюжет кыргыз тарыхынын бир жарым миң жылдык мезгилин чагылдырып турат.
Кытай жылнаамалары кыргыздардын Түштүк Сибирдеги бөлүгүн гана эскергендиктен Теңир-Тоодо калган кыргыздар жөнүндө маалымат кыргыз тарыхнаамасынын мурунку этаптарында жазылган эмес. Демек, улуу муундагы чыгыш таануучулардын В.В.Бартольд [Бартольд В.В. Киргизы. (Исторический очерк).-Фрунзе: Киргизское государственное издательство, 1927, 57 б.] баштаган жоон тобу кыргыздар Енисей тараптан этап-этап менен жер которушуп, XVI кылым ченде гана эл болуп калыптанган деген пикирде болушкан.
1956-жылы Фрунзе шаарында кыргыздардын калыптанышы боюнча болуп өткөн Илимий сессияда кыргыз элинин эл болуп калыптанышы боюнча ондон ашуун пикир-божомолдор (гипотезалар) жаралган [Научные гипотезы о происхождении этнонима «кыргыз» и кыргызского народа.// http://www.gumilev-center.su/nauchnye-gipotezy-o-proiskhozhdenii-ehtnonima-kyrgyz-i-kyrgyzskogo-naroda/Апрель 3rd, 2013]. Жыйынтык резолюцияда кыргыз эли кеминде эки: келгин – энесайлык, жергиликтүү – ортоазиялык уруулардын компонеттеринен куралган деп жазылганы менен “жергиликтүү компонент” кыргыздар болгонбу же башка урууларбы, бул суроо ачыкталбай кала берген. Демек, кыргыз элинин XV-XVI кылымдарда калыптанган мезгилине чейин Теңир-Тоодо жашагандыгы жана Эне-Сайдан Теңир-Тоо кыргыздарынын көчүп келүүсүнүн доорлору талаш маселе катары келе жатат.
Бирок, илимий сессияга чейинки, сессия мезгилиндеги жана андан кийинки изилдөөлөрдөгү пикирлер негизинен эки чоң көз карашта тургандыгын айта кетүү зарыл. Биринчи топтогу окумуштуулар кыргыздар эзелтен Теңир-Тоо аймактарында каймактаган автохтондуу (жергиликтүү) эл, алардын бир бөлүгү Эне-Сай тарапка жер которуп, орто кылымдардан баштап, кайрадан теңиртоолук кыргыздарга кошулган дешет. Бул көз карашта Н.Бичурин, А.Левшин, В.Шот, Н.Аристов, Ч.Валиханов, Б.Солтоноев, А.Н.Бернштам, А.Маргулан, А.Хасанов, Т.Чороев, М.Кожобеков жана башкалар турушат.
Ал эми академиктер Г.Ф.Миллер, В.В.Радлов, В.В.Бартольд баштаган бир катар окумуштуулар, маселен И.Э.Фишер, Ю.Клапрот, Г.Е.Грумм-Гржимайло, Ю.Худяков, В.Бутанаев, кыргыз окумуштуулары Ө.Караев, Б.Юнусалиев, К.И.Петров, А.Мокеев жана башкалар кыргыздар Эне-Сайдан Теңир-Тоого бир нече этап менен көчүп келишкен эл деп санап, эзелки теңиртоолук кыргыздар жөнүндө кеп кылышпайт.
Ошентип, азыркыга чейин кыргыздардын түпкү теги, алардын курамы, теңиртоолук жана энесайлык кыргыздардын байланышы, XVI кылымда калыптанып бүткөн кыргыз элинин компонеттери жана алардын келгин бөлүгүнүн тек-жайы жөнүндөгү маселелер али толук чечиле элек.
Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндөгү суроо толук чечилбегендигинен улам, ушул мезгилге чейин кыргыздардын Теңир-Тоону туруктаган эзелки жергиликтүү эл экендигинен күмөн санагандар коомчулукта арбын. Айрыкча кыргыз эмес, кошуна элдерде, алардын ичинде орус изилдөөчүлөрүндө да “кыргыздар Эне-Сайдан көчүп келишкен эл” деген бир жактуу түшүнүк калыптанган. Бул жагдай кыргыздардын жергиликтүүлүгү, илимий тил менен айтканда “автохтондуулугу” жөнүндөгү маселени жаратып, ал азырынча биротоло чечиле элек.
Автохтондуулук термининин теги грек тилине барып такалып, ал αὐτός — өзүм жана χθών — жер, жергиликтүү, түпкү деген маанидеги сөздөрдөн куралган. Маанисинде тигил же бул элдин жергиликтүүлүгүн, түпкүлүгүн түшүндүргөн термин.
Бул термин менен байланышкан кыргыздардын автохтондуулугунун (жергиликтүүлүгүнүн) саясий мааниси да чоң. Анткени, Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу өлкөдө түпкү улуттун теги, автохтондуулугу ̶ негизги илимий да, коомдук да, саясий да маселе. Демек, айрым бир татаал кезеңдерде кыргыз элинин жергиликтүүлүгү, түпкүлүгү жөнүндөгү илимий талаш саясий мүнөздү алып кетиши толук мүмкүн жана ал мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетириши да ыктымал. Бул жерде 1990 жана 2010-жылдардагы кыргыз-өзбек элдеринин ортосундагы каргашалуу араздашуулар мезгилиндеги массалык-маалымат каражаттарында, айрыкча интернет айдыңындагы калпыс пикирлерди эскере кетүү жетиштүү.
Жогоруда айтылгандай кыргыздардын автохтондуу эл экендигин “Манас” эпосунун өзөктүү сюжети далилдеп турат. Бул жерде “элдин эси” (народная память) деген феноменди оозго алуу туура. Эл өзүнүн тарыхын, басып өткөн жолунун миңдеген жылдардагы негизги өзөгүн генинде, эсинде, тилинде жана дилинде сактай алат. “Манас” эпосу - ааламдагы эпостордун алпы, ал жөнөкөй эле катардагы эпос эмес. “Манас” - океан жана кыргыз элинин кеминде 2 миң жылдык тарыхынын энциклопедиясы, кыргыз элинин дилиндеги тарыхы “эс”.
“Манас” эпосундагы өзөктүү окуялар Улуу Талааны укмуштуудай өзгөрүүлөргө алып келген пассионардык чыңалууга [Гумилев Л.Н. Этногенез и биосфера Земли / Под ред. доктора геогр. наук. профессора В. С. Жекулина. — 2 изд. испр. и доп. — Л.: Изд-во ЛГУ, 1989, 496-б.] байланыштуу жүрүп, негизги өзөктүк маселе - мамлекетти түптөө жана өз алдынчалык саясий жашоого жетишүү болуп эсептелген. Евразия континентиндеги бардык элдердин тарыхында так ушул негизи өзөк саясий өзгөрүүлөрдүн уңгусу бойдон калып олтурат. Бул мыйзам ченем кыргыз элинин ошол мезгилдеги тарыхына да тийешелүү. Улуу Талаада “өз ордун таап, өз алдынча түтүн булатууга” умтулган тарыхый инстинкт, жогоруда айткандай, биздин замандын IV-V кылымдарында башталган этникалык улуу бурулуштун (пассионардык түрткүнүн) таасири менен кыргыз урууларына саясий жактан активдешүүгө алып келди да, VI-IX кылымдардагы Енисей кыргыздарынын тарыхы негизинен эгемендүүлүк үчүн күрөштөргө жана мамлекеттүүлүктү түптөөгө тикеден-тике байланышып өнүккөн.
Манас эпосунун өзөктүк сюжетинде кыргыз элинин эзелки жана орто кылымдардагы тарыхы Манас баатырдын, башкача айтканда бир эле кишинин өмүр жолуна батырылган. Манас эпосунун азыркы күнгө чейинки бизге белгилүү бардык варианттарында төмөнкүлөр өзөктүү окуялар бар:
• Теңир-Тоонун койнунда (Манаста Фергана өрөөнүндө) жашап жаткан кыргыз элинин тышкы душмандардын соккусунан бөлүнүп-жарылышы. Ногой хандын же Ороздунун он уулунун туш-тушка тарашы, кыргыздардын айрым бөлүгүнүн Ала-Тоодо (Теңир-Тоодо) калып, калгандарынын Ирандан, Тибеттен тартып, Алтай, Сибирге чейин тарап кетиши.
• Он уулдун бири Жакыптын Алтайды туруктап, ал жерде Манастын төрөлүшү, балалык чагынын өтүшү.
• Манастын өз ата-мекенин издеши, Ала-Тоо, Ысык-Көл, Чүй, Талас, Фергана өрөөндөрүндөгү алгачкы кармаштар жана кыргыз жерлерин бошото башташы.
• Алтайдан Ала-Тоого көчүү.
• Манастын Самарканд, Букара, Ургенчке чейинки жортуулдары жана Каныкейге үйлөнүшү.
• Көкөтөйдүн ашы жана чоң чатактын башталышы.
• Калмактарга каршы чоң казат.
• Чоң казаттын жыйынтыгы жана Манастын өлүмү.
• Манастын урпактарынын ишмердиги жана кыргыз элин бириктирүү аракеттеринин андан ары уланышы.
Манас эпосунда эзелки кыргыз мамлекеттүүлүгү болгон Манастын бабалары, анын чоң атасы Орозду баатырдын Теңир-Тоодо кыргыз хандыгын жетектеп, далай жоого туруштук берип, эгемен жашап келгендиги айтылат. Ал хандыктын бай тактысы Сагымбайдын вариантында Араник аттуу шаар болуп, ал азыркы Фергана өрөөнүндөгү Анжиян калаасы эсептелет[9]. “Анжыян кыргыздары” деген сөз айкашынын тарыхыйлыгы ушул жерде жатат. Эзелки кыргыз хандыгы жөнүндө баян менен Кытайдын Алооке ханынын Ороздунун мамлекетин талкалап, анын он уулун он жакка тараткан окуясы кыргыз тарыхынын биздин заманга чейинки Чжи-Чжинин Теңир-Тоодогу окуяларына байланыштуу.
Фергананы байырлап, Араникти, Анжиянды бай такты кылып, байыркы кыргыз мамлекетин башкарган Манастын бабасы Орозду баатыр экендиги Манас эпосунун салтуу варианттарынын баарында айтылат. Кытайдын Алооке ханынын чапкыны Ороздунун мамлекетин кыйратып, кыргыз чачылгандан кийин Орозду хандын он уулу чар тарапка качып баш калкалоого аргасыз болгон. “Бири кетсе Кереңге, бири кетти Тереңге, бир кетсе Каңгайга, бири кетти Алтайга” деген тарыхый саптарды чагылдырган окуя кыргыз тарыхынын фактысы катары биздин заманга чейинки мезгилдерде чынында эле болуп өткөн.
Бул окуялар кытай жылнаамаларындагы маалыматтарда кезигет. Кытай империясына кызмат кылуудан баш тартып, б.з.ч. 49-жылы хуннулардын шанүйү болгон Чжи-Чжи [Бернштам А.Н. Археологическйй очерк Северной Киргизии. Фрунзе, 1941.-48-б.] өзүнүн кошуундары менен Чыгыш Түркстандагы бир катар урууларга, алардын ичинде усундарга каршы жортуул баштагандыгы, аларды өзүнүн кол алдына бириктирүүнү көздөгөндүгү маалым [Бернштам А.Н. Из истории гуннов I в. до н.э. (Хуханьеи Чжи-Чжи шаньюй). СВ, т. 1, 1940.]. Чжи-Чжи б.з.ч. 49-46-жылдары Чигучан – Кызыл өрөөн аталган борбор шаары Ысык-Көлдүн азыркы Түп районунда жайгашкан кыргыздардын ата-бабалары болгон усундарды, Балхаш көлүнөн түндүк-чыгышка карай созулган аймактарда жашаган угелерди (уйгурларды), алардан түштүк-батышыраак аймактарда жашаган байыркы кыргыздарды, же кытай жылнаамаларында аталыш менен айтканда цзянь-кундарды, динлиндерди талкалаган [Бичурин Н. Я. [Иакинф]. Цяньханьшу.//Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. 3 тома. М-Л., 1950-1953, ч. 1.-17-б.] жана алгач цзянь-кундардын (кыргыздар) мекенинде өзүнүн ордосун жайгаштырган [Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер А.Бернштам / http://www.bizdin.kg].
Ушул окуядан кийин Чжи-Чжи түштүктү көздөй, усундарга каршы экинчи жортуунун баштайт [Бернштам А.Н. Археологическйй очерк Северной Киргизии. Фрунзе, 1941. -48-б.]. Ошол мезгилде Каңгюй уруулар союзу мамлекетинин чет-жакаларында тынчтыкты камсыз кылуу максаты менен коңшу Усун мамлекетине каршы күрөшүүгө Чжи-Чжи башында турган түндүк гуннуларды жардамга чакырган болучу. Натыйжада Чжи-Чжи Талас өрөөнүнө басып кирет. Цзянь-кундардын ээлигинен усундарга карай жортуулда жергиликтүү кыргыз уруулары да Чжи-Чжинин аскерлеринин курамында болгондугу, алар түндүк Тянь-Шандын тоо этектерине жана Талас өрөөнүнө чейин жеткендиги кытай жылнаамаларында ырасталып турат.
Бул жортуул б.з.ч. 47-46-жж. кышында болгон [Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы жана археологиясы боюнча тандалма эмгектер А.Бернштам / http://www.bizdin.kg]. Ушундан кийин жогорку Талас шанүй Чжи-Чжинин ордосу болуп калат да, 10 жылдан кийин, башкача айтканда б.з.ч. 36-ж. кытай кол башчылары Чэнь Тань жана Гань Янь-шоу тарабынан талкаланган [Гумилев Л.Н. Таласская битва 36 г. до н.э.// Исследования по истории культуры народов Востока. Сборник в честь академика И.А.Орбели. М.-Л., 1960.]. Бул окуялар цзянь-кундардын (кыргыздардын) бир бөлүгүнүн батышта (башкача айтканда Таласта) мекендеп калышына, ал эми басымдуу көпчүлүгүнүн Алтайга карай, айрымдарынын Чыгыш Түркстан, Тибетке карай көчүп кетишине себеп болгон. Бул фактыны биздин замандын III к. ортосу ченге жакын мезгилге таандык кытай булагы Вэйлио да белгилейт [Бернштам А.Н.Очерк истории гуннов. Л.: ЛГУ. 1951., Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока.// http://www.vostlit.info/Texts/Dokumenty/china.htm]. Келтирилген фактылар байыркы кыргыздардын эки бутакка бөлүнүп кеткендигин, алардын көпчүлүк бөлүгүнүн Енисейде (бул бөлүктүн базасында VI—X к. кыргыз мамлекети келип чыккан), экинчи азыраак бөлүгүнүн Теңир-Тоо аймактарында отурукташып, азыркы Кыргызстанды алгачкы мекендеген бөлүгүн түзгөндүгүн ишенимдүү көрсөтүп турат.
Эпосто Ороздунун он уулунун кенжеси Жакып, тууганы Акбалта менен Алтайга кетет. Алтайда Манас туулуп, ал эр жеткенде чоң атасы Ороздунун он уулунун улуусу Бай “Кең Кашкардын ары жагына, Кебез-Тоонун бери жагына” барып баш калкалап жүрүп, Алтайда дүңгүрөп атагы чыга баштаган Манасты издеп, далай азап-тозок менен Манаска жетип, таанышып, жоо жакадан, бөрү этектен алып турган коогаландуу кезде бир жакадан баш, бир жеңдн кол чыгаруу керектигин айтат. Бай, Акбалта, Жакып баштаган аксакалдар коңшулаш түрдүү элдердин өкүлдөрүн чакырттырып, чоң жыйын, курултай уюштурат да калайык-журтка: “Тирүү болсок баарыбыз Бир дөбөдө бололук. Калкка кабар салалык, Кайраты бар бирөөнү Кан көтөрүп алалык” деп кайрылат [Манас. Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча.-Фрунзе,1978.-262-265-бб.]. Ошентип, байыркы салт менен элдик курултайда кыргыз, казак, маңгул жана башка түрдүү түрк тилдүү уруулар “Каныбыз Манас болсун” деп жаш Манас баатырды ак кийизге салып кан көтөрүшөт [Манас. Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча.-Фрунзе,1978.-262-265-бб.].
Кыргыз тарыхындагы андан кийинки окуялар Енисей кыргыз каганаты, анын өнүгүшү жана кыргыз элинин кайрадан биротоло Теңир-Тоону мекендеп калышына байланыштуу. Манастын мамлекетинин Алтайда курулган алгачкы башатына байланышкан кыргыз конфедеративдик мамлекеттүүлүгүн кыргыз тарыхынын реалдуу барактарына айкалыштырсак, ал кеминде 400-500 жылдык мөөнөттү ээлеп турат. Эгер, алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгү биздин заманга чейинки IV-III кылымдарда Чыгыш Түркстанда, Теңир-Тоого жамаатташ чөлкөмдөрдө болсо, ал доорду эпостогу Ороздунун мамлекетинин доору деп эсептөө керек. Ал эми VI кылымдан тартып, кайрадан түптөнгөн Барс-бектин кыргыз хандыгыжана андан кийинки “Улуу Кыргыз дөөлөтү” деп атаган кыргыз мамлекетттүүлүгү [Кожобеков М.Ч. Кыргыз каганатынын тарыхы / Илимий ред. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Жусуп Баласагын атындагы КУУнун «Университет» басмаканасы, 2013. - 188 б.] биздин замандын VI-X кылымдарын, башкача айтканда 400-500 жыл чамалуу мезгилде жашап турган Енисей кыргыз каганатынын доору эпостогу жаш Манастын хандыгын чагылдырып турат деп божомолдоого мүмкүн.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн “Улуу кыргыз Дөөлөтү” мезгилинде кыргыздардын негизги тобу өз ата мекени болгон Теңир-Тоодогу мурун калып калган туугандарына кошулуп, байыркы мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн улуу максат койгон. Так ушул тарыхый улуу максат эпостун негизги сюжетинде өзөктүү окуя катары чагылып турат. Эпосто: “Алтайда кантип туралык, Арбын аскер куралык. Атышкандан баш тартпай, Ата жолун кубалык.” - деген Манастын максаты [Орозбаков С. Манас. 2-к.-Фрунзе: Кыргызстан, 1982.-23-б.] анын түпкү ата-мекенин табуу менен мамлекеттин чөлкөмдүк биримдигин орнотууга болгон аракеттенүүсү болгон. Бирок Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүүнү буйрук менен эмес, элди өз ыктыяры менен аткарууга үндөйт. Маселен, Манас: “Көрбөгөн жерге баргын деп, Зордобосмун силерди. Алтай да ата жериңер Андижанга барууга Бизге уруксат бериңер! Калганыңар калыңар, Каалаганың барыңар.” - дейт [Орозбаков С. Манас. 2-к.-Фрунзе: Кыргызстан, 1982.-152-б.].
Окумуштуу Л.Н.Бернштам: "Тянь-Шань мына он беш жүз жылдан бери (1500 жыл) энесайлык конокторду кабыл алып келди. Он беш жүз жылдан ашык мезгил ичи кудуреттүү Эне-Сай дарыясынын жээктеринен ак мөңгүлүү тоолордун этегине кыргыздар байыркы мезгилде өздөрү түптөгөн өлкөгө акырындык менен, бирок тынымсыз агылып турган. Бул процесс кыргыздардын улуу көчүү доору катары саналышы абзел” деп жазат. Андан ары Л.Н.Бернштам Талас жергеси улуу көчтүн алгачкы этабыдагы эң батыш чеги болгон деп санайт [Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Т.I. Бишкек, 1997.-332-б.].
Ошентип, Х кылымдан тартып кыргыздар Теңир-Тоого кайрадан орноп, биротоло жашап калгандыгы эпостогу сюжет менен да, тарыхый фактылар менен да дал келип олтурат. Демек, биздин замандын дээрлик миң жылдык мезгилинде (I-X кылымдар) кыргыздар Теңир-Тоодогу байыркы ата-мекенинде, ал эми дагы бир чоң бөлүгү VI кылымдан тартып Эне-Сайдагы Миң-Суу өрөөнүндө жашап турган жана өзүнүн мамлекеттүүлүгүн өнүктүргөн деп божомолдоо тарых чындыгына туура келет.
Эпосто Манастын Теңир-Тоодогу мамлекетин илимий жактан так жазууга мүмкүн эмес. Ошентсе да төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот. Уруулардын жамаатташ жашоосу жана “элдик” жалпылык кандайча калыптангандыгы эпостун саптарынан даана байкалып турат. Мисалы, эпосто учураган жүздөн ашуун этникалык аталыштын арасында жарымына жакыны Манастын туусу астына анын “чачылганды жыйнаган” ниетине кошулуп конфедеративдик жамаатка бириккен уруулардын аталыштары. Алар: Каптап келген кыргызда, Карыясы Кошой бар, Кабыландар кошо бар....Элемандын Төштүгү, Эштектен бар Жамгырчы, Казактардан Көкчө бар, Кара жаак Үрбү бар, Анжыяндын Санжыбек, Буудайыктын Музбурчак,...Алчын, Үйшүн, Найман бар. Аргын Кара-Кожо бар. Манаста андан ары кырк чоронун баарынын уруусу жана теги менен аталып кетет [Манас. Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча.-Фрунзе,1978, 262-265-бб.].
Бул жерде түштүгү Анжыяндан (Фергана) баштап, түндүгү казак талаасына, батышы Аралдан чыгышы Турпандагы Музбурчакка чейинки аймактарда жашаган түрдүү элдердин жана этностордун Манастын кошуунунун тегерегине бириккен жалпылыгын көрө алабыз.
Алтайда алгач хан көтөрүлүп, курулган кыргыз мамлекети мурунку “ата журту” Ала-Тоого көчүп келгенден кийин өзүнүн конфедеративдүү биримдигин көрсөткөн мамлекеттик белгилерге ээ боло баштаган. Ал белгилердин негизгиси, мамлекеттин чөлкөмдүк жалпылыгы болгон. Манастагы Көкөтөйдүн ашында айтылган Каркыранын кең түзүнө түрдүү жактардан келген элдин кылкылдап толушу жөнүндөгү эпизод Манастын мамлекетинин чөлкөмдүк жалпылыгын чагылдырып турат. Көкөтөйдүн ашына тыягы Алтай менен Каңгайдан, быягы Кырым менен Урумдан, тиги жагы Ооган, Ирандан, Индостандан, чыгышы Бээжин. Кебез-Тоодон, батыш жагы Оролдон, бери жагы Үргөнч менен Букардан, Анжыян, Алайдан, Сары-Аркадан сансыз мейман келип түшөт.
Манастын Ак-Ордону Таласка орнотуп, Ата мекенин аныктап жашап турушунун, кыргыз мамлекетинин чөлкөмдүк биримдигинин мисалы төмөнкү саптардан көрүнүп тургансыйт: “Ата улуулар, малдуулар Алайды барып жайласын. Башы Жылдыз, Каркыра Байкаган жетер баркына, Баш тартпагын өлүмдөн Бабаңдын калган наркына [Орозбаков С. Манас. 2-к.-Фрунзе: Кыргызстан, 1982, 23-б.]. (Бул саптардагы “ата улуулар” деген аталыш кыргыздын оң канатынын атасы Ак уулдун улуу баласы Адыгиненин Алайда жана ага танапташ өрөөндөрдөн турук алганын чагылдырып тургансыйт).
Ошентип, Кыргыз мамлекетинин экинчи куралышы (эпосто Манастын Талас борбору болгон улуу мамлекети) Энесайдын көз жетпеген жайыттарынан Саян-Алтай бел-белестерине, моңгол жеринин тоо-түздөрүнө, Жети-Суу, Теңир-Тоого чейин жеткен.
«Манас» эпосунда Кыргыз мамлекетинин элинин чарбасы, соода-сатык мамилелери толук чагылып турат. Анда Улуу Жибек Жолунун бардык маршруттарын да, анда жүргүзүлгөн товарлардын түрлөрүн да баамдоого болот. Эпостогу кездеме-маталардын, жибек кездемелеринин аталыштарынын арбындыгы, мисалы “торгун”, “тубар” деп аталган кытай жибектеринин аттары, баалуу асыл таштар, күмүштөр жана башкалар Манастын өлкөсүнүн Улуу Жибек Жолунда зор мааниси болгондугунан кабар берет.
Кыргыз тарыхынын бул окуяларын историзм жана салыштырмалуу принциби менен анализдеп карасак, анда Манас эпосундагы жогоруда айтылган өзөктүү окуялар төмөнкү логикалык ырааттуулукта жүргөн болушу толук ыктымал.
Биринчи окуя - Манас эпосунда Манастын бабаларынын, анын чоң атасы Ороздунун кыргыз мамлекети катары айтылышы. Бул мезгил б.з.ч. III – I кылымдардагы тарыхый өнүгүүнү чагылдырып турат. Кыргызстандын тарыхында эчактан эле изилденип келе жаткан бздин заманга чейинки Усун-кыргыз мамлекети, Сак элдеринин мамлекеттүүлүгү, Талас ээлиги, Теңир-Тоодогу цзянь-кундар, Лопнордогу кыргыздар, биздин эранын башындагы Боро-Хоро, Кыргыз-Нор аймактарындагы кыргыздардын алгачкы мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү маалыматтар Манас эпосунун башында сүрөттөлгөн алгачкы кыргыз мамлекетин тастыктап турат.
Экинчи окуя – Манас эпосунда айтылган Ороздунун мамлекетинин кыйрашы. Бул окуя тарыхта байыркы кыргыз мамлекетинин биздин заманга чейинки 36-жылы кытайлардын кол салуусунан талкаланып, кыргыздардын чоң бөлүгүнүн (негизинен Ли Линдин урпактары жана аны жактоочулар) азыркы Теңир-Тоо аймактарынан Енисей, Алтайга, кай бири Тибетке карай биздин замандын II-V кылымдар ичиндеги түндүк-чыгышка карай жер оодаруу доорун чагылдырат. Ошол эле учурда кыргыздардын негизги бөлүгү Теңир-Тоодо хан Кошойдун, Ташкен тарапта хан Көкөтөйдүн эли эзелки ата мекенинде жашоону уланта беришкен.
Үчүнчү окуя - Манас эпосунда Алтайда Манастын туулуп, анын кыргыз урууларын жана башка урууларды бириктирип, мамлекеттүүлүк түзүшү, Манастын хан көтөрүлүшү жана калмактарга каршы алгачкы согуштар. Тарыхый маалыматтарда болсо бул окуялар биздин замандын VI-VIII кк. Енисей, Миң-Суу, Алтай аймактарындагы алгачкы кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүгүшү, Барс бектин мезгилиндеги (VIII к.) тарыхый аренага чыгуусу катары чагылдырылган.
Төртүнчү окуя – Манас эпосунда Манастын хан шайланып, калмактардын бир катар хандарын жеңип, Алтайдан Ала-Тоого көчүүсү катары берилген. Тарых илиминде болсо бул окуя Кыргыз мамлекетинин 840-46-жылдарда Уйгур каганатын кыйратып, Улуу Кыргыз дөөлөтүн түзүшү, анын аскерий жактан күчөшү жана кыргыз башчыларынын Улуу Талаадагы жортуулдары, ошол окуялардын капшабы менен кыргыз урууларынын Теңир-Тоого карай жер которуулары менен тастыкталып турат.
Бешинчи окуя - Жер которуу жана байыркы Кыргыз мамлекетин калыбына келтирүү процесси эпостогу Манас эпосунда Манас баатырдын ишмердигине топтолуп, бир адамдын өмүрүн гана камтыган. Реалдуу тарыхта болсо, бул жер которуулар IX кылымдан XIII кылымга чейин созулган. Анда кыргыздардын Улуу Кыргыз дөөлөтүндөгү жер которуулары, Карахандар доорунда азыркы мекенинде туруктай башташы, енисейлик кыргыздардын көпчүлүгүнүн кидандар, наймандар жана Чыңгыз хандын монголдору менен бирге Теңир-Тоого келиши, андан кийинки чингизиддердин, тимуриддердин, Моголистандын доорлорундагы тынымсыз мамлекеттикти түзүүгө болгон аракеттер, XVI кылымда Мухаммед Кыргыздын чакан мамлекеттиги жана калмактарды акыркы жолу 1758-60-жылдарда биротоло Кыргызстандан сүрүп чыгып, азыркы Кыргызстанга, Чыгыш Түркстан чөлкөмдөрүнө кыргыздардын биротоло жайгашышы менен аяктаган.
Демек, Манастагы окуялар реалдуу тарыхта биздин заманга чейинки III кылымдан биздин замандын XVIII к.чейинки тарыхый окуяларды чагылдырып турат. Анын өзөгүндө жоголгон байыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү жана Ала-Тоого жайгашуу идеясы жатат.