Добавить статью
10:10 28 Февраля 2018
Нүсүп Миңбашы: Мамлекеттик ишмер жана тарыхый инсан (1-макала)

Автор: КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Кененсариев Ташманбет (E-mail: t.kenensariev@gmail.com)

НҮСҮП МИҢБАШЫ: МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР ЖАНА ТАРЫХЫЙ ИНСАН

1-макала (2-макаланын шилтемеси, 3-макаланын шилтемеси)

Алгы сөз

Нүсүп миңбашынын саясий ишмердүүлүгү XIX кылымдын 20-40-жылдарындагы эл аралык опурталдуу доордо кыргыз элинин, өзгөчө түштүк кыргыз урууларынын саясий абалы, Кокон хандыгынын ички саясий күрөштөрү, ордо төңкөрүштөрү күчөп турган мезгилине туура келет.

1841-жылы Кокон хандыгын Бухара эмирлиги басып алып, Фергананын гана эмес, Борбордук Азиянын түндүк аймактарынын кеңири мейкиндигин камтыган көп улуттуу орток мамлекеттүүлүгү болгон Кокон хандыгынын жоюлуп кетүү коркунучуна кабылганда, кыргыз көчмөндөрүн бириктирип, ордо бийлигин кайрадан колго алуу демилгесин көтөрүп, көчмөн “илатиййа” менен отурукташкан “сартиййа” жамааттарынын саясий жактан тең салмактуу жашоосун калыбына келтирүү максаты менен майданга чыгып, аны ишке ашыргандардын башында Нүсүп миңбашы турган.

Демек, Нүсүп Эсенбай бий уулу (1798-1844) кыргыздардын сол канат тобунун Кыркуул уруусунун катардагы бийи гана болбостон, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү, жалпы Кокон хандыгында жашаган улуттардын саясий биримдиги үчүн күрөшкөн мамлекеттик ишмер жана эл биримдиги, достугун камсыздаган интернационалдуу саясатчы, эл аралык мамилелерди таасын байкап, иш жүргүзгөн дипломат, кыйын кезей кырдаалда колуна курал алып, майданга аттанган баатыр, тарыхта опол тоодой орду бар улуу тарыхый инсан болгон. Анын басып өткөн жолунун, ишмердигинин тарыхтагы орду зор. XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз тарыхына көз чаптырсак, Нүсүп бийдей деңгээлге чыккан тарыхый инсандар кыргыз элинде өтө чанд. Анын жасаган иштери азыркыларга сабак, жаштарга өрнөк!

Нүсүп миңбашынын өмүрүнүн жана ишмердигинин изилдениши

Нүсүп Эсенбай бий уулу жөнүндө советтик доордо азыноолак санжыраларда, Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы сыяктуу адабий чыгармаларда гана эскерилип келбесе, кыргыз коомчулугу ал инсан жөнүндө билчү эмес. 1985-1990-жылдардагы азаттыктын желаргысы, 1991-жылдан кийинки кыргыз элинин руханий турмушунун трансформациялануусунун капшабы менен тарых илиминде инсан таануу багытынын өнүгүүсүнүн алкагында Шабдан баатыр, Курманжан датка, Ормон хан сыяктуу инсандардын катарында азыноолак сөз кылына баштаган. Бирок, азыркы күнгө чейин баары бир бул инсан жөнүндө кыргыз окурмандары көп биле бербейт. Ал жөнүндө жазылган макалардын саны көп эмес, теле-радиодо көп деле сөз болбойт. Ж.Алымбаев, П.Дүйшөнбаев сыяктуу тарыхчы, адабиятчылардын бирин-экин китептери жарыкка чыккандыгына карабай Нүсүп миңбашынын инсандык бейнеси толук ачылбай келет. Демек, аны ар тараптуу изилдөө келечектин иши.

Нүсүп жөнүндө расмий, оозеки булактар жок эмес, Кокон тарыхы боюнча XIX кылымда жасалган айрым илимий изилдөөлөрдө, кийинки айрым макалаларда айтылып, чакан да болсо изилдөөлөр жүргүзүлүп келген. Ошондуктан окурмандар тарыхнаамалык маалымат алып калсын деген максатта кыскача ошол маселеге токтоло кетели.

Нүсүптүн доору бул бүтүндөй Кокон хандыгынын доору. Демек, анын өмүр жолу, инсандык бейнеси кыргыздардын да мамлекеттүүлүгү болуп эсептелген Кокон хандыгынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Өзбекстандык окумуштуу Ш.Х. Вахидовдун пикири боюнча “Кокон тарыхнаамасы” туралуу 40ка жакын поэма, хроника, мемуардык жанрда фарсы жана эски өзбек тилдеринде жазылып калтырылган ар кандай жанрдагы чыгармалар белгилүү [Вахидов Ш. Развитие историографии в Кокандском ханстве в XIX вв: Автореф.дис... д-ра. ист.наук.- Ташкент, 1998.]. Казахстандык Т. Бейсембиевдин “Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII –XIX веков. (Алматы, 2009)» деген илимий эмгегинин “Краткий обзор кокандских хроник и их списков” аттуу бөлүгүндө жергиликтүү тарыхый булактарга кеңири токтолуп, хронологиялык тартипте булакнаамалык талдоо жасалып, илимий баа берилген.

Ал эми Нүсүптүн өмүрү жана ишмердиги чагылган тарыхый булактар, Кокон тарыхнаамасына тийешелүү кол жазмалар бүгүнкү күндө Өзбек Республикасынын Илимдер академиясына караштуу Чыгыштаануу институтунда, Кокон шаарындагы Кокон аймактаануу музейинде жана башка жерлерде жарык көрбөстөн сакталууда.

Кезегинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Жээнбек Алымбаев 90-жылдардын аягында колуңуздардагы макаланын авторунун нускоосу менен Нүсүп бий жөнүндө китеп даярдоого киришип, Нүсүптүн тикелей урпагы Ысман Юсупов менен бирдикте Кокон шаарындагы аймактаануу музейинин директорунун орун басары болуп эмгектенген Яхехон Дадабаев деген адамдан фарсы, араб тилинде жазылган 10го жакын кол жазмаларды кирилл арибине котортуп алган. Бул котормо-кол жазма материалдар Ж.Алымбаевдин жеке архивинде турат. Алардын ичинде Абу Латип Жабалинийдин “Саякат набои Жабалинийи”, Абд аль-Карим Наманганинин “Умар-намасы”, Алим Махмуд молдонун “Тарих–и Туркистаниси”, Гариб Маргиланинин “Тасниф-и Гариби», Мухаммад Хакимхан төрөнүн “Мунтахаб ат-таварихи”, Мажзуб Намонгонийдин “Тазкирайи Хазратиси”, Мирза Рахим Ташкендинин “Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакини”, Мирзо Каландар Мушрифтин “Шохнома-и Умархониси”, Нияз Мухаммед Хукандинин “Тарих-и Шахрохиси”, Таджир молдонун “Гараиб-и сипахы”, Жунайид Аваз Мухаммаддын “Тарихи-и жахан-нумаиси” жана башкалар бар. Бул кол жазмалардын башка расмий нускалары Ташкен шаарындагы Өзбек Республикасынын Илимдер академиясына караштуу Чыгыштаануу институтунда, айрымдары Өзбекстандын мамлекеттик архивинде да сакталып турат.

Ошондой эле Нүзүп миңбашы жөнүндөгү материалдарды Кыргыз Республикасынын УИАсынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган Алымбеков Тургунбектин «Кыргыз урууларынын чыгышы» (№1454 инвентардык иш) деген санжырасындагы «Кокондун келиши» жөнүндөгү бөлүмүнөн да табууга болот.

Жогорку аталган кол жазмалардын ичинен атайын басмаканадан чыккан нускалар да бар. Маселен, Кокон тарыхнаамасына ири салым кошкон жергиликтүү автор Нияз Мухаммед Хукандинин "Тарих-и Шахрухи" аттуу чыгармасы мамлекеттин тарыхын гана эмес, нүсүпкө тийешелүү маалыматтарды да камтыйт. [Мулла Нияз Мухаммед Бен Ашур Мухаммед. Тарих-и Шахрухи. История владетелей Ферганы. —Казань, 1885.] Кыргызстанда 2007-жылы жарык көргөн кыргыз тарыхчысы Зиябидин Магзунинин “Фергана хандарынын тарыхы” аттуу эмгеги акыркы кезде Кокон хандыгы туурасындагы эмгектердин баалууларынын бири болуп калды. Анда Нүсүпкө тийешелүү бир топ материалдар берилген.

XVIII к. экинчи жарымынан XX к. башына чейинки Орто Азиянын тарыхы боюнча ар кыл тематиканын матералдары камтылып, көлөмү 594 томдон турган “Түркстан жыйнагында” Нүзүп миңбашынын саясий ишмердигине байланышкан конкреттүү материалдар болбогону менен, XIX кылымдын 30-40 жылдарындагы саясий окуялар, тагыраак айтканда Омор, Мадали, Шералы хандардын мезгилиндеги саясий окуялар жөнүндө көптөгөн материалдар кездешет.

Ошондой эле Ташкен шаарында 1870-жылдан баштап жарык көрө баштаган “Түркстан ведомосту” гезитинде тарыхый, этнографиялык, фольклордук багыттагы макалалар басымдуу болгон. Айрымдарында Нүсүп бий жөнүндө да баалуу маалыматтар басылган.

Нүзүп миңбашынын өрнөктүү өмүрү жогорудагы жазма булактардан тышкары эл оозунда да сакталып калган. Аксы районунун Авлетим айылында жашап, 1978-жылы өтүп кеткен Бөрүкул аттуу карыядан убагында Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылычка” керек көп материалдарды алган экен. Азыркы учурда Бөрүкүл карыянын айткандарын ошол эле айылдык Акулов Темирбек аттуу киши да сактап жүрөт. Авлетимдик Ташбай Жоробеков деген киши да Нүсүп жөнүндө бир катар оозеки айтымдарды бере алат. Журналист А.Калбаевдин 2011-жылы чыккан “Сулайманкул болуш”, 2012-жылы жарык көргөн “Аксы жерим – алтын бешигим” аттуу китептеринде Нүсүптүн, анын небереси Сулайманкул болуштун дарегине арналган жергиликтүү оозеки булактар айтылат.

Нүзүп миңбашы менен саясий үзөнгүлөш болгон Шералы, Жаркынайымдар туурасында элдик санжырада айтылып калган маалыматтар боюнча Аксы өрөөнүндөгү Топ-Жаңак айылында жашаган Жаркынайымдын түз урпагы Ниязалиев Жамшитбек аксакалдын билдирүүсү да маанилүү. 1997-жылы бул макаланын автору, ал кездеги жаш окумуштуу Ж.Алымбаев менен бирдикте 70 жаштагы карыянын оозунан кызыктуу материалдарды видео-тасмага жазып алган элек. Таластагы саруулардын баркы, кыркуул уруктары, Шералы, Жаркынайым, Асперди датка, Нүсүп бий туурасында эл оозунда сакталып келе жаткан маалыматтар айрым авторлор жана журналисттер тарабынан китеп болуп жарыяланган [Абасбеков А.Т., Молдокасымов К. Кыргыз айымдары тарых таразасында. (XIX кылым) – Б., 2004; Рахманкулов М. Коконду башкарган хандар, Таластан чыккан даткалар. – Б., 2012.].

Жаңы доордо Кокон хандыгы боюнча орусиялык чыгыш таануучулурдын, чалгынчы-серепчилердин жана башка авторлордун бир катар макалалары, китептери жарык көргөн. Аларга А.Л. Кундун [Кун А.Л.Очерки Кокандского ханства // Известия РГО.– СПБ., 1876. –Т.12.], Н.Петровскийдин [Петровский Н.Ф.Очерки Кокандского ханства // Туркестанский Сборник.Т.76. –1873.], А.П.Хорошхиндин [Хорошкин А.П.Очерки о Коканде // Сборник статьей, касающихся до Туркестанского края .− СПб., 1876.] жана башкалардын эмгектери кирет. Ошондой эле Кокон хандыгы жана анын тарыхый инсандары жөнүндө маалыматтар П.И.Небольсиндин [Небольсин П.И. Очерки торговли России со Средней Азией//Запис.РГО.−1855.− Кн.10.], Н.Н.Пантусовдун [Пантусов Н. О податях и повинностях существующих в бывшем Кокандском ханстве в последнее время правления Худояр хана// Туркестанские ведомости, 1876, − № 16.], Саттар-хан Абдул Гафаровдун [Саттар-хан Абдул Гафаров Краткий очерк внутреннего состояния Кокандского ханства перед завоеванием его русскими // Туркестанские ведомости – 1892.−№26; 1893. −№61.], Н.Энгельгарддын [Энгельгард Н.Очерки Коканда// Туркестанский сборник. −Т.458.−Ташкент, −1908.], айрыкча казак окумуштуусу Ч.Ч.Валихановдун [Валиханов Ч. Записка о Кокандском ханстве. – Собр. соч. – Алматы, 1985.– Т.3.] калемине таандык. Аларда Нүсүп бий жөнүндө тике маалыматтар болбогону менен анын ишмердигине байланышкан көп эле даректер учурайт. Айрыкча орус окумуштуусу, чиновик В.П.Наливкиндин [Наливкин В.П. Краткая история Кокандского ханства.− Казань. 1886.] эмгегинде Нүсүпкө байланышкан материалдар бир топ.

Кокон хандыгынын тарыхы боюнча совет доорунда айрыкча өзбек окумуштуулары көп эмгектенишкен. Маселен, окумуштуу Р.Н.Набиевдин [Набиев Р.Н. Из истории Кокандского ханства. – Ташкент, 1973.], Х.Бабабековдун [Бабабеков Х. Народные движения в Кокандском ханстве и их социально-экономические и политические предпосылки (XVIII-XIX вв).-Ташкент, 1990.] эмгектеринде, кыргыз тарыхчылары Б.Жамгерчиновдун [Жамгерчинов Б. Очерки политической истории Киргизии Х1Х в.– Фрунзе, 1966.], К.Үсөнбаевдин [Үсөнбаев К. Общественно-экономические отношения киргизов в период господство Кокандского ханства (XIX век до присоединения Киргизии к России.) – Фрунзе, 1961.], А.Хасановдун [Хасанов А. Взаимоотношения киргизов с Кокандским ханством и Россией в 50-70-е гг XIX в.– Фрунзе, 1961], В.Плоскихтин [Плоских В.Киргизы и Кокандское ханство. – Фрунзе, 1977.] көлөмдүү монографияларында Нүсүп Эсенбай уулу жөнүндө маалыматтар бир топ чагылдырылган.

Эгемендүүлүктүн шарданы менен кыргыз тарыхнаамасында гана эмес, коңшулаш калктардын илимий чөйрөсүндө да, тарыкка жаңыча ой жүгүртүү тенденциясы башталды. Алардын ири алдында өзбек тарыхчыларынан Х.Бабабеков [Бабабеков Х. История Коканда.-Ташкент, 2006.], Б.М.Бабаджанов [Бабаджанов Б.М. Кокандская ханство: власть, политика, религия. –Токио–Ташкент, 2010.], Ш.Вахидов [Вахидов Ш. Развитие историографии в Кокандском ханстве в XIX вв): Автореф. дисс... д-ра. ист.наук.- Ташкент, 1998.], казак окумуштууларынан Т.К.Бейсембиев [Бейсембиев Т.К. “Тарихи-и Шахрухи” как исторический источник.– Алматы, 1989.] турушат. Айрыкча акыркы автордун 34 жыл бою эмгектенген 1100 беттен турган уникалдуу “Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII-XIX веков” деген эмгеги 2008-жылы алгач Япониядан, кийин 1263 беттен турган ошол эле эмгек Алматыдан 2009-жылы жарык көргөн.

Кыргыз окумуштууларынан Т. Кененсариев [Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы. – Ош, 1996; ошол эле автор. Кыргызстандын ХIХ кылымдын 50-70-жылдарындагы саясый өнүгүүсү.-Бишкек, 2009.], Т.Өмүрбеков [Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду. (XIX ортосу - XX к.башы). – Б.: Бийиктик, 2003.], жаш тарыхчы В.Анарбекованын [Анарбекова В.XIX – XX кк. башындагы кыргыз тарыхый инсандарынын ишмердиги фольклордук материалдарда.- Тар.ил.канд. окум.дар. изденип алуу үчүн жазылган диссерт.авторефераты.-Б.,2017.] жана башкалардын эмгектери, бир нече журналисттердин макалалары жаралды. Алардын көбүндө Кокон тарыхы, андагы ири инсандар иликтенип, Нүсүп миңбашы тууралуу кыйыр маалыматтар гана бар.

Кыргыз окумуштууларынын ичинен Нүсүп миңбашынын өмүрү, ишмердиги жөнүндө тике арналган чыгарма тарых илимдеринин доктору, профессор Ж.Алымбаевге гана таандык. [Алымбаев Ж. Нүзүп бий. – Б., 2000; ошол эле автор. Кокон хандыгы жана Нүзүп миңбашы.-Б.,2015.] Бул окумуштуунун эмгегинде Нүсүп Эсенбай уулу жөнүндө колдо бар маалыматтардын баары анализденип, анын өмүр жолу, мамлекеттик кызматтагы орду, саясий жана коомдук иштери кеңири көрсөтүлгөн. Акыркы мезгилде Т.Касымбековдун белгилүү тарыхый романы «Сынган кылычтан» кийин дагы бир персондошкон тарыхый роман жазылды. Анын автору белгилүү журналист-жазуучу Папан Дүйшөнбаев. Ал эки томдуу «Нүзүп миңбашы» деген тарыхый романын 2014, 2017-жылдары басмадан чыгарган.

Албетте, Кокон хандыгынын саясий тарыхындагы кыргыздардын ролу, орду туурасындагы маселе кыргыз тарыхнаамасындагы актуалдуу маселелердин бири катары калууда. Анын арасында Нүсүп миңбашынын орду зор. Демек, бул багытта жаңы илимий фактыларды таап, аларды илимий айлампага киргизүү келечектеги инсан таануу илиминин кенен багыттарынын бири деп ойлойбуз.

Нүсүптүн теги

Саруудан Жамаке, андан Көнөк. Көнөк баатырдын үч аялы болгон. Анын байбичесинен Кырк уул, Тубай, Төңтөрт, Тогунай – 4 бала. Кийинки аялы казак ханы Шыгайдын кызы болуп, андан Эшим туулган. (Көнөк өлгөндө аялы Шыгай хандын орто жүздүгүнө барып баш калкалап, Эшим таякелеринде чоңойгон. Кийин эр жетип, казак-кыргыз Эшим ханы (1568-1628) аталып, Ташкенде турган. Досу багыштардын атактуу бийи Көкүм болуп, аны менен бирге калмактарды 1625-26-жылдары Ысык-Көлдүн сыртына чейин кууп чыккандыгы белгилүү). Көнөктүн үчүнчү аялы калмак болуп, андан Күркүрөө туулган.

Көнөк баатырдын байбичесинен туулган улуу уулу Кыркуул эле. Демек Кыркуул алгач адам ысмы болуп, кийин этнонимге айланган. Кырк уулдан 4 бала калып, анын үчүнчү уулу Кулучу болгон. Кулучудан Көчпөс, Көчпөстөн Октогор кашка, андан Кээ-Бука. Кээ-Букадан Кабай, андан Кансарык. Кансарыктан Кожомкул, андан Эшбото бий.

Эшботонун жердеген аймагы Аксынын Авлетими болуп, андан Коконго чейин атагы чыккан Эсенбай бий туулган. Эсенбайдын Кожомурат, Субанкул, Султан, Чынасыл деген уулдарынан кийин Нүсүп төрөлгөн. Нүсүптөн кийин Эсенбай дагы эки уулдуу болуп, алардын аттары Төрө датка менен Төкөл мырза болучу.

Нүсүптүн атасы, чоң аталары жана туугандары

Нүсүптүн атасы Эсенбай Эшбото уулу Аксы, Талас өрөөнүнө гана эмес, Кокон хандыгындагы белгилүү саруулардын бийи болгон. Анын расмий факфа менен «датка» наамын алгандыгы жөнүндө так маалымат жок, бирок эл арасында «датка» аталып келген. Эсенбайдын атасы Эшбото бийдин аялы Канымжан таластык саруулардын кызы болсо, Эсенбайдын аялы саруулардын баргы уруунун бийи Бостондун кызы Нарбү болгон. Нарбүнүн “Алтын апа” деген каймана аты азыркы күнгө чейин жеткен [Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы.-Б., 2015, 111-б.].

Эсенбай бийдин чоң атасы Кожомкул да жалпы Аксы элине жана Кокон хандыгына таасири тийип турган. Жергиликтүү элден салык алганы келген Кокон зекетчилери менен каршылашып, Кожомкул баатыр бир өзбек балбаны менен жекеге чыгып, аны эр сайышта өлтүрө сайгандыгын эл арасында айтып жүрүшөт.

Эсенбай бийди Кокон ордосу менен байланыштырып, саясий маселелерге аралаштырган анын кайниси, ордодо кызмат өтөгөн Назарбек “сакоо” болушу мүмкүн деп белилейт белгилүү Казахстандык изилдөөчү Т.Бейсембиев [Бейсембиев Т. Тарихи- и-Шахрухи как исторический источник... –65-б.]. Бирок, Т.Бейсембиев Назарбекти “жездеси” деп берген. Демек, ал тескерисинче Назарбектин жездеси Эсенбай болгондугун так бере алган эмес деп ойлойбуз. А мүмкүн орус тилиндеги адашуудур. Анткени, Нүсүптүн Назарбекке карата “Мухаммат Назарбек тагамсыз...” деп кайрылгандыгы Зиябидин Магзунинин китебинин 140-бетинде айтылган. Назарбек, эгер Нүсүптүн таякеси болсо, анда ал апасы Нарбүнүн туугандары, баргы уруусунан болгон.

Нүсүптүн туулушу жана бабалык чагы

Нүсүп 1798-жылдын жаз айларында Аксы өрөөнүндөгү Авлетим айылында Эшбото уулу Эсенбай датканын үй-бүлөсүндө туулган. Эсенбай датка узакка чейин бала көрбөй жүрүп перзенттүү болгондуктан Аксы-Таласка, Наманганга, атүгүл Кокон шаарына чабарман жиберип, эл чакырып чоң той берет. Той соңунда Эсенбай датканын атасы Эшбото бий чилдеси чыккан небересин элге көрсөтүп, ага “Нүсүп” деген ысым берилгендигин калың журтка жар салып, эл кызматына жараган адам болсун деп, элден бата сурайт.

Нүсүп жашынан курч чыгып, Эсенбай датканын “тентек” баласы атанган. Шоктугун, баатырдыгын, ошол эле учурда баамчылдыгын, зиректигин байкаган атасы Нүсүптү согуш өнөрүн үйрөнсүн деп Авлетим айылынан Кокондо кызмат кылып жүргөн адамдарга кошуп берген. Ошондой эле сабатсыздыгын жоюу үчүн Намангандан Халил аттуу жалгыз бой жигит жаш молдону алдырып окуткан.

Нүсүптүн жигиттик кези жана Кокон ордосунда кызматта

Нүсүп 18 жашка чыкканда (1816-жылы) атасы Эсенбай аны Кокон ордосуна алып келип, Арсланбек аттуу бекке тапшырган. Элүү башы Арсланбек Нүсүптү Омор хандын (1809-1822) «Зарин сарайында» жайгашкан аскер бөлүктөрүнө алып келип, Маликул он башынын карамагындагы сарбаздарга кошот. Ошентип Нүсүп Омор хандын тушунда катардагы аскердик кызматты өтөөдөн өзүнүн даңктуу жолун баштайт. Сарбаздардын арасында аскердик машыгууларды өткөрөт. Согуш тактикасын үйрөнөт. Алишер жүз башынын отрядында Кокон ордосунда сакчылык кызматтарда кызмат өтөп, анча чоң эмес жортуулдарга, катышат. Ферганадагы кокон чептеринде да, маселен Сох сепилинде, кызмат өтөгөн.

1818-жылы Алишер жүз башынын жетекчилиги астында Нүсүп Оро-Төбөгө болгон жортуулга катышкан. Ошондогу эрдиги үчүн ал элүү башылык даражага ээ болгон. Мындай аскердик даража ыйгарылган Нүсүп Омор хандын ишенимине ээ болуп, айрым учурда аны коштоп жүрүүгө да жетишет. Омор хан менен бирге аңчылыкка чыккан Нүсүп, 1820-жылдын жаз айларынын биринде Аксынын тоолорунда ханды илбирстин кол салуусунан сактап калганы туурасындагы окуяны, Нүсүптүн жекече эрдигин сүрөттөгөн башка дагы фактыларды жазма, оозеки булактардан кездештирүүгө болот. Көп өтпөй Нүсүпкө Омор хандын буйругу менен жүз башылык аскердик даража ыйгарылып, хан өзүнүн алтын куру менен канжарын, мылтыгын Нүсүпкө белекке берген экен. Мындан сырткары, Омор хандын буйругу менен Нүсүпкө Кокон шаарынан үй-жай, Төрө-Коргон вилаетинин аймагынан жер бөлүнүп берилет. Ошентип, Нүсүп өзүнүн баатырдыгы менен Омор хандын жеке ишенимине ээ болуп, керектүү учурда ордого чакырылып, тапшырмаларды алып турган [Нүсүптүн балалык чагы жана жигиттик кези жөнүндөгү маалыматтар Ж.Алымбаевдин “Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы (Б., 2015) ” деген китебинин 111-120-беттеринен алынды.]

Нүсүптүн аскердик жактан такшалып, жетекчи гана эмес, “ордо саясаттарын” мыкты өздөштүрүп, ордо бийлигине аралаша баштаган мезгили Мадали хандын (1822-1841) дооруна туш келген. XIX кылымдын 20-жылдарынын башында Нүсүп жүз башы Сафид-Булан калаасынын коменданты болуп дайындалат. Мадали хандын доорунда Кокон мамлекетинин ички жана тышкы саясий-экономикалык абалы жогорулап, хандыктын аймактары жаңы жерлерди бириктирүүдөн кеңири чөлкөмдү ээлеп калган. Мамлекеттин жери 1825-1832-жылдарда Түштүк Казакстан, Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Теңир-Тоого чейин кеңейген. Пишпек, Токмок, Жумгал, Куртка, Тогуз-Торо чептери курулган.

Ички Теңир-Тоодогу саясий окуя жана Тайлак

Ал кезде Кытай богдыханы Чыгыш Түркстанды же Кашкар тарапты биротоло ээлеп алууга умтулуп жаткан болучу. Кытайлар XIX кылымдын башында «Кичи Бухараны» (Кашкарды) басып алып, анын башчысы Аппак кожонун Айкожо, Күнкожо деген эки уулун кыйнап өлтүргөндүгү маалым. Күнкожонун Сарымсак деген уулунун үч баласы Ооганстандын Кабул шаарында окуп жүргөндүгүнө байланыштуу аман калышкан. Сарымсактын улуу Жангир кожо Бадахшан акиминин күйөө баласы эле. Жангир кожо 1820-жылдарынын башында Теңир-Тоолук кыргыз төбөлдөрү менен байланышып, аларды Кашкарды кытайлардан бошотуу үчүн жортуулга биргелешип чыгууга чакырат. Жангирдин максаты Чыгыш Түркстанда ислам мамлекетин түзүп, ата-баба мурасын калыбына келтирүү болгон. Кожонун максатын Куртканы жердеген саяк бийи Рыскулдун уулдары Атантай, Тайлак баатырлар колдоп чыгышкан. Анткени, Кытай тарабынан «чек араны текшерүү» деп аталган аскердик жортуулдар бат-бат кайталанып, чек арада жашаган кыргыздарды дайым талоонго алып, тынчын кетирип турушкандыгы теңиртоолуктардын кыжырын келтирип жаткан болучу.

Тайлак баатыр ошон үчүн Жангир кожо менен Кашкарды каратып алууга катышат. Чыгыш Түркстандын мусулман калкы да Жангирди колдоп көтөрүлөт. Жангирдин мындай ийгиликтери Пекиндегилерди аябай чочутат да аны кармап жок кылууга Синьцзян төбөлдөрүнө атайын буйрук жиберилет. А чынында, Кытай богдыханы үчүн бул жагдай кыргыз жеринин эсебинен өз чегин кеңейтүүгө жортуулга чыгууга өтө ыңгайлуу шылтоо болгон. Ошон үчүн 1825-жылы жай мезгилинде «Жангирди кармоо» деген шылтоо менен кытай генералы Баян-Батунун 700-1000 адамдан турган аскери кыргыз чегин бузуп, капыстан кол салат.[ Кененсариев Т. Тайлак баатырдын тарыхый бейнесине айрым сүртүмдөр//http://muras.barakelde.org/unews/un_post:81246:19 3 Ноября 2016].

Бирок, Тайлактын эр жүрөк жигиттери кытайларды капчыгайга шыкап, замбирек мылтыктарды пайдалануу мүмкүндүгүн азайтат да душмандын аскерин бүт жок кылат. Б.Солтоноевдин жазганы боюнча бул 1825-жылы болгон окуяда Тайлак баатыр ошол кездеги Курткада жайгашып турган кокон отрядынын жардамы менен үч күн согуш кылып, кытайларды Арпа менен Нарындын ортосундагы Кароо деген капчыгайга камап алган. Натыйжада жүздөгөн кытайдан сарала атчан бир кытай гана качып кутулган экен [Солтоноев Б. Кызыл Кыргыз тарыхы. 1 том. –Б.: Учкун, 1993. Тайлак менен Кытай согушу]

Нүсүптүн Кашкарга аттанышы

Теңир-Тоодогу 1825-жылкы окуядан кийин Жангир кожо бир аз Теңир-Тоодо туруп, анан “...өз журтумду баскынчылардан куткарып, ошол жерде өлсөм»,— деген пикирде 1826-жылы өз жакындары менен Кашкарга көчүп кетет. Бул окуядан кабардар болгон Мадали хан Нүсүптү чакырып, «Жаангер кожо өзүм билемдик кылып, Кашкарга жөнөп кетиптир, кытайлардын колуна түшүп калышы мүмкүн, ал бизге келечекте керектүү адам, ошондуктан соодагер катары Кашкарга барып, аны куткарып келиңиз”. - деп буйрук берет. Хандын буйругун алган Нүсүп өзүнүн бир топ сарбаздары жана Кашкар аймагында соода-сатык кылып жүрүп, ханга белгилүү болгон Абдулхаким Ынак башында турган кербен менен жолго аттанат[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы.-Б., 2015, -121-129-бб.].

Кербендер Кокон, Ош, Дароот-Коргон аркылуу Кашкарга сапар тартышат. Соодагер кийимин кийинишкен Нүсүп жана анын сарбаздары жолдо каракчыларга дуушар болушат. Бир нече ирет каракчылардан кербендин жүктөрүн куткарышат. Кашкардагы Анжиян кербен-сарайына келип түшүп, Жангир кожо тууралуу тымызын маалымат чогултууга киришет. Анын кытайлыктардын колуна түшүп калгандыгын уккан Нүсүп Жангир кожону куткаруунун планын иштеп чыгат да, бейкапар отурган кытай сакчыларын тынчыткандан соң кожону камалып жаткан жер төлөдөн алып чыгат да, Кашкардан Фергананы көздөй жашыруун жолдор менен алып өтүп, аман-эсен кожону хандын колуна тапшырат. Нүсүптүн эрдигине ыраазы болгон Мадали хан ага пансаттык (500 сарбазга командачы) аскердик даража ыйгарат.

Кокон аскеринин Кашкарга жортуулу

Тарыхый маалыматтарга караганда Жангир кожо Кокондук аскерлердин жардамы менен 1827-28-жылдары Кашкарга жортуул уюштуруп, Кашкардын акими болууга үлгүрөт. Бирок, Кытай империясынын баскынчылары көп өтпөй Чыгыш Түркстанга кайрадан басып киришкен. Кокон хандыгынын чыгыш чек араларын бекемдөө үчүн Мадали хан Алайда Сопу-Коргон жана Кызыл-Коргон чептерин курдурткан. Көп өтпөй Жангир кожо Кашкарга кетчү Нарын аймагындагы Туйук өзөнүнүн баш жагында жашырынып жүрөт деген кабар менен кытай аскерлери ал тарапка бет алышат. Бул сапар чыккынчылык Жангир кожонун айланасынан эле табылып, анын жакын досу Маматбек уктап жаткан кожону душмандарга кармап берет. Кытайлыктар Маматбекке кызматы үчүн Хотан аймагына бек кылып дайындашат [Куропаткин А. Исторический очерк Кашгарии. //ВС.—1877. -№ 12.—Ч.1. -309-б.]. Жаангер кожо Пекинге алынып кетип, 1829-жылдын жай айларында өлтүрүлгөн[Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы.-Б., 2015, -121-129-бб.].

Ушул окуялардан кийин Кашкарды Кокондун таасиринде кармап турууну көздөп Мадали хан курамында кокондук сарбаздардан, тоолук кыргыз атчандарынан, ташкендик, каратегиндик коошундардан жана кашкарлык келгиндерден түзүлгөн 30 миңден ашуун кол топтоп, Хаккулу парваначынын башчылыгында 1830-жылдын сентябрь айында Кашкарга аттандырылат [Куропаткин А. Исторический очерк Кашгарии. //ВС.—1877. -№ 12.—Ч.1. –308-б.]. Аскердин бир бөлүгүн жетектеген Нүсүп да кошо жөнөгөн эле. Мындай күчкө туруштук бере албастыгына көзү жеткен кытайлыктар Кашкар шаарынын ичинде жайгашкан Гүлбах чебине жашырынышкан. Гүлбах бекем сепил болуп, анын кампаларында бир жылга жетишерлик азык-оокат камдалган эле. Хандын жана кожонун кошуундары бир нече жолу чабуул жасашып, Гүлбахты ала алышпайт.

Нүсүптүн Гүлбах сепилин алуудагы эрдиги

1830-жылдын ноябрь айларында чечүүчү чабуулду ийгиликтүү аткаруу үчүн Нүсүп паңсатка жана анын күчтөрүнө кыргыз, өзбек, казак, кыпчак, уйгур жигиттеринин эсебинен өзгөчө кошуун түзүүгө буйрук берилет. Нүсүп 500дөй аскери менен чепти күн батыш тараптан курчоого алып, Гүлбах сепилине кирүүчү дарбазалардын жанында чоң кармаш башталат. Коргон ичи тополоңго түшүп, айлананы бозоргон чаң каптайт. Эки тараптан тең жарадарлар, өлгөндөр көбөйөт. Айласы кеткен кытайлар качуунун амалын издей башташат. Аңгыча кытайча кийинишкен кокон аскерлери сепилге кирип келишет. Эки саатка жакын созулган уруштан соң Гүлбах чеби колго алынат. Качууга камданган кытай командачысы Хуань Линди жана башка лашкер башчыларын Эламан баатыр жолдон колго түшүрөт. Хаккулу миңбашы Кашкардан чыгып кетүү шарты менен туткундарды бошотуп жиберет. Эртеси Кашкарда жеңиштин урматына чоң майрам башталат. Шаар эли Мед-Юсуфту ак кийизге отургузуп, өздөрүнүн өкүмдары кылып жарыялашат. Гүлбах чебин алуудагы баатырдыгы үчүн Нүсүп паңсатка, досу Эламанга жана башка бир топ адамдарга баалуу белектер ыйгарылат. Мадали хан Хаккулу миңбашы менен Нүзуп паңсатка өзүнүн чоң ыраазычылыгын билдирет [Алымбаев Ж. Кокон хандыгы жана Нүсүп миңбашы.-Б., 2015, -121-129-бб.].

1832-жылкы Кокон-кытай келишими

Гүлбах чебин колдон чыгарган кытай бийликтери кокондуктардын тынчтык келишим түзүү сунушуна макул болушат да, Мадали хан Алам-паччанын жетекчилигинде Пекинге элчи жиберген. Элчиликти коштоп барган аскерлердин башчысы Нүсүп паңсат болгон[Алымбаев Ж.Нузуп минбашы // Кыргыз руху.–1998.25–декабрь]. Элчиликтин башчысы Пекиндеги кытай “хаканына” Мадали хандын катын тапшырат. Катта алла-таалага алкыш айтылгандан кийин мындай сөздөр бар эле: “Менин түпкү тукумум Чынгыз ханга барып такалат, мен хандын урпагы болом, менин ата-тегим мусулмандар, алар бул мамлекетти мага мураска калтырып кеткен. ... мен Кашкарга чейин жетип газават жүргүздүм. Экинчи ирет Хаккулу миңбашыны жиберип, ал газават жүргүзүп, жер бетинен сиздерди жок кылууга буйрук бердим. .... эгерде алла-талаага ыңгайлуу болсо, Римден Кытайдын чек арасына чейинки аймактын ээси мен болом”[Таджир Гараиб-и сипах./Кол жазма (Мындан ары “кол жазма” аталышындагы булакка шилтеме Ж.Алымбаевдин жеке архивиндеги материалдардан алынгандыгын эскертебиз); Бабаджанов Б.М. Кокондское ханство.... –194-195-бб.].

Натыйжада кокон-кытай келишимине кол коюлат. Өзүнүн батыш тарабындагы жерлерден ашыкча түйшүктүн жаралышын каалабаган император Кашкарды Мадали хандын башкаруусуна өткөрүү чечимине келген. Император ханга элчи аркылуу падыша кийимин жана бир канча миң күмүш, чай ичүүчү фарфор идиштерин белекке берген [Бабаджанов Б.М. Кокандское ханство... – 195-196-бб.]. Казак илимпозу Т.К.Бейсембиев аталган кокон-кытай келишими ийгиликтүү аяктап, Синцзянь аймагында кокондуктар үчүн соода-экономикалык жеңилдиктерди алып келгендигин белгилеп кеткен [Бейсембиев Т.К. Кокандская историография..... – 255-б.].

Кокон-кытай келишими, чынында, Кокон хандыгынын ошол мезгилдеги тышкы саясатынын ири жеңиштеринен болгондугун белгилеп коюшубуз туура. Казак окумуштуусу Ч. Валиханов келишим Кытай тарап үчүн ыңгайсыз бир жактуу болгондугун белгилеп өткөн. Анын пикиринде келишим боюнча: 1) Чыгыш Түркстандын 6 шаарына: Аксу, Үч-Турфан, Кашкар, Янги-Гиссар жана Хотанга чет элден келүүчү товарлардан алынуучу зекетти кокондуктардын пайдасына ыйгаруу; 2) Бул зекетти жыйноо үчүн аталган шаарларда Кашкар вилайет башчылыгынын көзөмөлүнүн алдында саясий жана аксакалдар тобунан турган соода өкүлчүлүгүн жайгаштыруу; 3) Алты шаардан өткөн бардык чет элдиктер акимчилик жана көзөмөлчүлүк жактан Кокон хандыгынын өкүлүнүн таасирине баш ийдирүү; 4) Кокондуктар өздөрү тарабынан айрым адамдардын чек арадан чыгып кетишине көзөмөл жүргүзүү менен Кашкардан качкандарды туткундоого милдеттүү болгон [Алымбаев Ж.Нузуп минбашы // Кыргыз руху. –1998.25–декабрь].

1832-жылкы бул кокон-кытай келишиминен кийин Чыгыш Түркстанда элчиликтин башчысы Алим паша (Алам пачча) биринчи Кашкар аксакалы, Ч.Валихановдун пикиринде “иш жүзүндө губернатор” [Алымбаев Ж.Нузуп минбашы // Кыргыз руху. –1998.25–декабрь] болуп дайындалган. Келишимдин тарыхый мааниси да зор экендигин 1832-жылдан баштап 1847-жылга чейин 15 жыл Чыгыш Түркстанда бейкутчулуктун сакталып тургандыгынан таанууга болот.

Эл оозунда Нүсүптүн бул иши боюнча: “Кыргыз - Кытай чек араны, Нүсүп кантип бөлдү экен. Кантип башы жетти экен?Кантип барып бөлдү экен...”деген кошок ыры сакталып калган [ Жоробеков Ташбайдын айтымындагы кошоктон//2017-жылы жакталган В.Анарбекованын тарых илимдери окумуштуулук даражасын алыуу үчүн корголгон диссертациясынын 77-бетинен.]

Уландысы бар...

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Кыргыздардын байыркы мекени жана Манас эпосу: салыштырмалуу анализ

Кыргыз жаңагы. 2-макала

Кыргыз жаңагы. 1-макала

Еще статьи

Поделись реакцией: Муж. Жен.
Улыбка
Грусть
Удивление
Злость
Необходимо авторизоваться