Добавить статью
12:40 29 Октября 2018 18218
Кыргыз элинин 7 миң жылдык тарыхынын археология жана палеогенетика илимдериндеги далилдери

Төлөк Төрөкан уулунун «Кыргыз Эл Санжырасы» китебиндеги кыргыз элинин таралышы жөнүндөгү уламышы археология жана палеогенетика илимине төп келгендиги албетте илимди түшүнгөндөрдү таң калтырбай койбойт. Мисалы, кыргыздардын ата тектери «топон суудан» кийинки доордо Амударыясы жана Сырдарыясынын боюнда жашагандыгы жөнүндө, жана ушул аймактан жылкы малын үйрөткөндүгү жөнүндө маалымат берет. Чындыгында эле бүгүнкү археологиянын маалыматына караганда эӊ биринчи атты жана уйду колго багуу өйдөнкү неолит доорунда жана андан кийин ушул маданий аймактан башталат, буга негизги далил болуп "Самарканд стоянкасы" болуп эсептелет. Кыргыздардын болжолдуу 70 пайыз эркектерине тийиштүү R1a1a гаплотибинин Z93 снипи окумуштуулардын болжолу боюнча Амударьясынын аймагында жашаган эркек адамда мындан 5,5 миң жыл мурун пайда болгон.

Сүрөт №1

Бул заманда кыргыздардын түп атасы болгон Турандын Түрк жана Түтөк деген уулдарынын бири Түтөк алгачкы от жагуу ыкмасын үйрөнүп, ошол учурдагы элдерге кеңири жайылтканы үчүн атын Түтөк койгондугу баяндалат. Түтөк байыркы гректердин мифологиясында Прометей аттуу жарым-кудай титан катары, элдерге от алып келип ачарчылыктан сактап калган каарман катары, жана эң кызыктуусу скифтердин ханы катары баяндалат. Ал эми Туран деген ысымдын уңгусунда тур - өгүз, же байыркы грекче «таурус» (орусча «телец») болсо, бул аймакта жашагандар археологиянын маалыматтары боюнча турларды же башкача айтканда уй-өгүз жаныбарларын биринчилерден болуп үйрөткөндүктөн, башка элдер аларды өгүздөр же турлар деп атап, алар жашаган аймак кийин барып Туранга айланганы көрүнүп турат. Өгүз-Тур-Туран-Түрк-Түркстан (Түрк+Ыстам) жер жана элдин аттары бир эле маанини туюнтат. Александр Македонский бул аймака келгенде байыркы гректердин жазуусунда Амударыясын – Оксус деп жазат, бул ошол убакта Өгүз дарыясы дегендин эле грекче транскрипциясы дегенге толук негиз бар.

Ошол Түтөктүн жалгыз уулу Ыстам болгону, аты Ыстам деп аталып калганынын себеби ал Түрктүн балдарынан эн алгачкылардан болуп таштан там салганы баяндалат, там салгандыктан аны Ыстам (Ыш-Там) атаганын баяндайт. Жана ошол Ыстамдын балдары Амударьясынын боюнан Түрктүн башка балдары менен келишалбай Эдилге жана Элик-Тоого (Урал) көчкөнү баяндалат. Ал эми акыркы жылдардагы археологиялык жана палеогенетикалык маалыматтарга караганда, чындыгында эле кыргыздардын ата тектери Амударьясынын боюнан Түштүк Уралга миграция жасап ал аймакта эң биринчи таштан тамдарды салгандары, белгилүү Аркаим шаарлар комплексин салып Абашево-Сынташта маданиятын негиздешкени айгинеленип жатат. Мисалы Түштүк Уралдын байыркы Аркаим шаар комплекстерин карасак. 2015-жылдын июнь айында дүйнөлүк «Nature» журналында Мортен Аллентофт баштаган эл аралык 68 окумуштуудан турган группанын Евразия континентиндеги коло дооруна таандык генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялаган макала чыгат. Бул окумуштуулардын группасынын иши Копенгаген университетинин илимий борборунун базасында жүзөгө ашырылган. Аталган илимий изилдөөдө коло доорундагы ар кандай археологиялык маданияттарга таандык 101 сөөктүн палеогенетикалык анализи жалпыланып талданган . Ошол 101 сөөктүн арасында Түштүк Уралдагы Сынташта маданиятына таандык 5 сөөктүн анализдери чыккан, алардын экөөсүнүн Y гаплогруппасы аныкталып экөө теӊ R1a гаплогруппасына таандык болуп чыккан. Анын бирөө азыркы Оренбург областынын Буланово айылынан табылса, экинчиси Челябинск областынын Пластов районунун Степное кыштагынан табылган. Алардын жашаган доорун археологдор болжолдуу биздин кылымга чейинки 1754-2298 жылдарда жашаган деп белгилешкен. Макала жарыялангандан кийин, белгилүү Россиянын окумуштуусу Владимир Таганкин ошол Буланово айылында табылган сөөктүн маркерлерин анализдеп, анын сниптерин аныктаган. Жыйынтыгында сөөктүн ДНКсынын өзгөчөлүк мутациясынын снипи YP1456+ деп чыгып, Владимир Таганкин бул «кыргыз бутагына» тиешелүү снип деп белгилеген. Бул азыркы күндөгү палеогенетиканын так маалыматы боюнча кыргыздардын мындан 3900 жыл мурун жашаган атасынын сөөгү экени аныкталып жатат. R1a1a гаплогруппасына кирген YP1456 деп белгиленген снип бүгүнкү күндө бир гана кыргыздарда жана түштүк алтайлыктарда кездешет. Демек бул сөөк «кыргыз атасына» таандык деп айтууга болот. Ушул Төлөк Төрөкан уулунун китебинде баяндалган там салган Ыстам атабыздын Кыркез деген уулунун сөөгү да болушу толук мүмкүн:

Жалгыз Кыркез Ыстамдан

Кыркезден тарап кыр толгон,

Калың журт «кыркез» эл болдук,

Ата энчи жер Эдилге,

Атайын келип биз кондук

-деген саптар өзү эле баяндагандай, бул китептеги маалыматтар сүйлөбөгөн археологияны сүйлөтүп, кыргыздын эң байыркы тарыхына жаңы жан берип жатат.

Сүрөт №2

Ал эми россиялык Сынташта маданиятын изилдеген окумуштуу Петров Ф.Н., сынташта маданиятынын насили катары андронов, петров, алакуль жана федоров маданияттарын белгилейт.

«Результаты палеогенетических исследований свидетельствуют, что население культур андроновского мира является прямым наследником синташтинского или синташтинско-петровского населения. Эти данные хорошо сочетаются с материалами археологических исследований, свидетельствующих о большой вероятности наличия культурной преемственности между синташтинской, петровской и алакульской культурами, а возможно – также и федоровской культурой». Петров Ф.Н.

Сүрөт №3

Абашево-Сынташта маданиятынын насили катары Андрон маданиятына кирген Амударья менен Сырдарьянын ортосундагы жана Кызылкум чөлүндө жайгашкан Алакуль маданияты (б.э.ч. 2100-1400 жж.), чыгыш Казакстандагы Алексеевка маданияты (б.з.ч. 1300-1100 жж.), Түштүк Сибирдеги Федорово маданияты (б.э.ч.1500-1300 жж.), Таджикистандагы Вахш маданияты (б.з.ч. 1000-800 жж.) жана башка ушул сыяктуу коло доорунун аягына таандык маданияттар кирет. Жалпысынан Андрон маданияты батыштан Урал-Волгадан башталса чыгыштан Сибирдин Минусин аймагын толугу менен, түштүктө Туркмениянын Копетдаг тоолорун, Таджикистандын Памирин, Кыргызстандын Ала-Тоо жана Теӊир-Тоолорун, түндүктө жалпы тайгага чейинки аймактарды камтыйт.

Сүрөт №4

Ыстамдын, жана анын Кыркез балдарынын там салуу маданияты, алардын өмүрдү кастарлап, өлүмдү кадырлап, алар о дүйнөгө кеткенде да, жаткан жайын тамдай кылып таштан курганы, окумуштуулардын тилинде катакомбалык же курган маданиятын жаратты. Мына ошол Төлөк Төрөкан уулу баяндаган улуу хандардын дооруна тийиштүү Энесай Эдил арасынан кургандардан табылган өйдөдө айтылган сынташта, андрон андан кийин сак жана скиф дооруна тийиштүү сөөктөрдөгү ДНК ларынын гаплотиптери жалаң гана кыргыздарга тийиштүү R1a1a гаплотибинин YP1456 жана Z93* субкладдарына тийиштүү болуп, бүгүнкү Ала-Тоолук кыргыздар ошол адамдардын тикелей урпактары экени генетика илими тарабынан анык тастыкталды. Андрон доору «Кыргызыя-зар заманда» «беш баатыр» доору деп аталса, Скиф-Сак доору «арыстандар доору» деп аталганы да бекеринен эмес, анткени скифтердин негизги тотеми арыстан (тигр) болгон. Кыргыздардын мындан 2800 жыл мурун эле батыштан Амударья, Сырдарья, Эдил дарыясы, Урал тоосу, Арал, Каракум чөлкөмүнөн, Чыгышта Энесай жана Түндүк Кытай чөлкөмүн камтыган борборлоштурулган Евразияда эң чоң, кубаттуу Кыргызия (Скиф-Сак, К.Ч.) мамлекети болгондугун палеогенетика жана археология далилдесе, ошол далилдин кагаз бетине түшкөн тарыхы жалгыз ушул «Кыргызия – зар заманды» бүгүнкү кыргыз баласына жеткирген Төлөк Төрөкан уулунун «Кыргыз Эл Санжырасы».

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

19-06-2017
Ала-кыргыз тарыхы: алат-кыргыз, алатай-кыргыз, ала-туу кыргыз, алакчын-кыргыз этнонимдери этнографиялык жана тарыхый маалыматтарда
45939

11-01-2017
Тайны археологических памятников Таласской долины
(фотопрезентация исследовательских экспедиций)
45165

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×