Добавить статью
4:41 30 Ноября 2012 225924
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты: байыркы доор жана орто кылымдардын эрте мезгили

konf_logo Бул макала Бишкек шаарында 2012-жылдын 15-16-ноябрында өткөнУлуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.

Алгы сөз

Үстүбүздөгү жылы эгемен Кыргыз жумурияты Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдык тарыхын расмий маараке деңгээлинде белгилөөдө.

Көөнө тарыхка карата жаңыча мамиле жасалып жатканы, тээ Совет мезгилиндегидей «Кыргыз мамлекеттүүлүгү Өктөбүр ыңкылабынын гана туундусу болгон» деген эски тарыхка жерүүчүлүк мамиле жасоодон азыркы пост-советтик тарыхчыларыбыздын жана Кыргызстан бийлигинин баш тартып жатканы кубантат.

Калыстык үчүн белгилесек, мурдагы совет доорунда эле айрым илимпоздор жана публицисттер кыргыз тарыхынын эң байыркы жана орто кылымдарга таандык тарыхый барактары жетиштүү изилденбей жатканына өкүнүч билдиришкен. Маркум географ Садыбакас Өмүрзаков «кыргыз» этнониминин байыркы кытай жазмаларында катталгандыгынын 2200 жылдыгын белгилөө керек деп айткан. Азыркы тапта илимий монографиялардан тышкары тарыхый романдар жазып жаткан тарыхчы Арслан Койчиев да Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү кезинде (1989-90-жылдары) «кыргыз» этностук аталышынын 2200 жылдык мааракесин кылымдар тогошкон маалда – 2000-жылы өткөрүү керек деп чыккан. Кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур өз китебинде байыркы кыргыздардын атажурту жөнүндө учкай кеп салып, элдин тарыхый тамыры терең экенин баса белгилеген.

Быйыл, кечигип болсо да, орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кыргыздардын Эне-Сайды гана эмес, жалпы Ички жана Борбордук Азиянын бир катар чөлкөмдөрүн камтыган Улуу Кыргыз каганатын негиздеген доору алгачкы жолу маараке ирээтинде белгиленүүдө.

Ушундай орчун маалда кыргыздардын байыркы жана орто кылымдардын эрте мезгилиндеги мамлекеттүүлүгү маселесине кылчая кетүүнү эп көрдүк.

Тарыхый орток мейкиндик

Кыргыз тегинин байыркы изи көөнө ханзу эстелиги аркылуу чагылдырылгандыгынын аркасында, чын эле хунну доорунда кыргыздар Ички Азиянын түндүк-батыш өңүрүндө - Чыгыш Теңир-Тоо аймагында жашаган деп айта алабыз.

Кыргыз тарыхчылары чыгышында – Хейлунжаң, Байкал, Ордос, Кыргыз-Нор, түндүгүндө - Сибир, Алтайдан бери, түштүгүндө - Тибетке чектеш тоолуу аймактар жана Түндүк Ооганстан, батышында – Мавераннахрдан жана Итил боюнан бери өз тарыхынын ар кыл баскычтарын иликтей турган иштердин чети да оюла элек. Тарыхый атлас тууралуу сөз кылганда да, орток пикирден айырмалуу көз караштарыбыз арбын экени – бүгүнкү күндүн чындыгы.

Айтмакчы, топонимдер жаатына келсек, кээде жаңы доордо пайда болгон топонимдик түшүнүктөрдү таптакыр башка тарыхый доорлорго таңуулоо аракеттери да учурайт. Маселен, Саян жана Алтай деп азыркы тапта эки башка аталышка ээ болгон жамаатташ тоо кыркасынын аймагын азыркы орусиялык автономиялык бөлүнүшкө негизденип, анын орто кылымдардагы бирдиктүү тарыхын жокко чыгаруу туурабы?

Орто кылымдардагы «Дешт-и кыпчак» - кыпчактардын даркан талаасы азыр канча мамлекетке ажырады. Саян тоолору деле, пикирибизде, тарыхый Алтай аймагынын ажырагыс бир бөлүгү болгон учурлар кездешет. А.Мокеев, С.Кляшторный, В.Плоских сыяктуу айрым окумуштуулардын Саянды (асыресе бүгүнкү Хакасия аймагын) Тоолуу Алтай жана Монгол Алтайы сыяктуу чектеш тарыхый чөлкөмдөрдөн жасалма түрдө алыстатуу аракеттери, пикирибизде, байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар байырлаган жалпы тарыхый-географиялык мейкиндикти кичирейтип, чектөө үчүн аталган илимпоздор Совет доорунда, 1980-жылдары жасаган аракеттин, Кыргызстанга кыргыздардын өздөрү эмес, тек гана жасалма кабыл алынган этноним көчүп келген деген калпыс түшүнүктүн азыркы уландысы деп каралса да болот. (Караңыз: Плоских В.М. Краткий исторический экскурс в историю кыргызов и Кыргызстана // Центральная Азия и культура мира. – Бишкек, 2001. - № 1-2. – С. 48; салыштырыңыз: Джуманалиев Т.Д. История Кыргызстана с древности и до середины XVIII века. - Бишкек, 2009. - 304 с.; Мокеев А.М. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. - Бишкек: КТУ "Манас", 2010; Chorotegin T. Historiography of Post-Soviet Kyrgyzstan // International Journal for Middle East Studies, 2002, Vol. 34, p. 351-374 (USA); (2002 Cambridge Un-ty Press 0020-7438/02 )).

Кыргыздардын байыркы ата журту

Байыркы доордо - б.з.ч. I миң жылдыктын 3-кылымынын соңунан тартып жазма тарыхый булакта эске алынган кыргыздардын Ата журту тууралуу ар кыл пикирлер айтылып келген. Айрымдары бул алгачкы кыргыз журту Эне-Сайда болгон дешсе, башкалары азыркы Түндүк-Батыш Монголиядагы Хыргыс-Нур («Кыргызкөл») аттуу көлдүн аймагында болгон деп жоромолдошкон.

Кытайлык байыркы тарыхчы Бань Гу (б.з. I к.) өзүнүн «Хань шу» - «Хань сулалесинин тарыхы» эмгегинде: «Кыргыздардан чыгышта 7 миң ли узактыкта (хуннулардын) шанүйлөрүнүн ордосу жайгашкан», - деп жазат.

Археолог профессор Ю.С.Худяков, синолог Л.А. Боровкова жана азыркы айрым кыргыз тарыхчылары бул маалыматка негизденип, кыргыздардын б.з.ч. I кылымындагы журту Чыгыш Теңир-Тоо аймагында болгондугун далилдешүүдө. Бул журт азыркы Чыгыш Түркстандагы Манас, Кара-Шаар сыяктуу шаарлардын түндүк тарабында, Боро-Хоро тоо кыркасынын түндүгүндө орун алган. (Караңыз: Бичурин Иакинф. Собрание сведений о народах, обитавших в Срединной Азии в древние времена. М.-Л., 1950. – Т. 1. – С. 50; Боровкова Л.А. Запад Центральной Азии во II пол. до н.э. - VII в. н.э. – М., 1989. – С. 61-62; Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – 2-е изд. – Бишкек, 1995. – С. 48-58; ж.б.).

Эзелтеден кыргыздарга коңшу болгон байыркы түрк элдеринин ичинен хуннуларды, усундарды, динлиндерди, ошондой эле Чыгыш Түркстандагы индоевропалык тилдерде сүйлөгөн калктарды (йүэчжилер, б.а. тохарлар) эскерип өтүүгө болот. (Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы. – Бишкек, 2000; Осмонов Ө.Ж., Асанканов А.А. Кыргызстан тарыхы. – Бишкек, 2001; Худяков Ю.С. Сабля Багыра: Вооружение и военное искусттво средневековых кыргызов. – СПб., 2003. - Серия Militaria Antiqua. – С. 24; ж.б.).

Байыркы кыргыздардын Хунну дөөлөтүнө баш ийиши

Кытай тарыхчысы Сыма Цянь (б.з.ч. 145-86-ж.) өзүнүн «Ши цзи» - «Тарыхый жазмалар» эмгегинде белгилегендей, б.з.ч. 201-жылы хуннулардын бийлик эгеси Моде-Шанүй (Маодун-шанүй) түндүккө жана түндүк-батышка согуштук жортуулга чыккан. Бул жортуулдар маалында ал көз карандысыз бир катар элдерди жана урууларды - ханьүй, цүйше (күйше), динлин, кыргыз, синьли урууларын өзүнө каратып алууга жетишкен.

(Караңыз: Christian D. Inner Eurasia From Prehistory To the Mongol Empire. – Oxford – Malden, Massachusetts, 1998. – P. 184-187; Golden P. An Introduction to the History of the Turkic Peoples. Wiesbaden: Otto Harrassowitz, 1992. P. 60-61).

Кыргыздар Модэ-шанүйгө баш ийээрде өзүнчө мамлекет курган беле же жок беле - кесе айтууга мүмкүн эмес. Саналып өткөн калктардын ээликтери хуннулар басып алганга чейин өз алдынча болгону жазма булакта айтылган менен, алардын саясий өнүгүү деңгээли тууралуу кеңири маалымат азырынча учуратыла элек. Арийне, б.з.ч. III кылымдын соңунан тартып кыргыздардын бирдиктүү жана кудуреттүү Хунну дөөлөтүнүн курамында болушун тана албайбыз. Бул - байыркы кыргыздар Ички Азиядагы көчмөндөр цивилизациясынын алгачкы кубаттуу мамлекетинин таасири астында калганын туюнтат.

Хуннулар түзгөн көп улуттуу мамлекетте этностор аралык маданий карым-катнаш жараяны кызуу жүрдү, байыркы түрк этносторунун тилдик жана салт-каадалык жакындыгы күчөдү. Хуннулардын саясий башкаруусунун практикасы жана аскердик өнөрү байыркы кыргыздар тарабынан өздөштүрүлдү (орто кылымдарда да кыргыздар хуннулар сыяктуу эле оң канат, сол канат, чордондук топ - «ичкилик» болуп жиктелүүсүн уланткан).

Кыргыздар б.з.ч. I к. алгачкы жарымында

Хуннулар дөөлөтүнүн Цзүйдихэу-шанүй бийлеп турган маалында, б.з.ч. 99-ж. кытайлык аскерлер Чыгыш Теңиртоодогу хуннулардын ээликтерине кол салып, бирок жеңилүүгө дуушарланат. Ошондо колго түшкөн кытайлык бир каарман кол башчы Ли Лин хуннуларга кызмат өтөөгө макул болот. Ал Кытайга кайтса аны өлүм жазасы гана күтөөр эле.

Цзүйдихэу-шанүй Ли Линге өз кызын турмушка берген жана «батыш канаттагы чжуки-бек» деген титулду ыйгарып, хуннулардын атынан кыргыздардын журтун башкарууну тапшырган. Ли Лин менен анын хунну тегинен болгон аялынын урпактары укумдан-тукумга кыргыздардын арасында жашап, кара чач, кара көз, сырткы белгилери менен айырмаланышкан. (Караңыз: Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. – Бишкек, 2001. – С. 144; Гумилев Л.Н. История народа хунну // Он же. Сочинения. – М., 1998. – Вып. 9. – С. 143-144; арийне, Л.Гумилев С.Киселев сыяктуу айрым археологдордун Ли Линдин сарайы Миң-Суу өрөөнүндө табылды деген жоромолун да келтирет. Киселевдун айрым тыянактарын кийинки археологдор четке кагууда: Худяков Ю.С. Кыргызы на просторах Азии. – С. 48-49).

Б.з.ч. 90-ж. Ли Лин жетектеген кыргыз кошууну хуннулардын ири аскердик колуна кошулуп, Хангай тоолорундагы Яньжань деген бир тоонун жанынан кытайлык аскер колуна каршы салгылашууга катышкан. Кытайлыктарга каршы бирдиктүү боштондук жортуулу идеясы кыргыздын «Манас» дастанында да чагылдырылган. Теги кытайлык болгон Алманбеттин кыргыздарга ак кызмат өтөшү сыяктуу «Манастагы» сюжеттер, мотивдер кыргыздын байыркы тарыхындагы Ли Лин менен байланыштуу окуяларды эске салат.

Хунну мамлекетинин системасына туруктуу кирип калган кыргыздар хунну саясатын жүзөгө ашырууга катышкан. Өзгөчө бул акыбал б.з.ч. 58-56-жж. байкалат. Кыргыз төбөлдөрү хуннулардын башкаруучу уругуна тиешеси жок Уцзи деген хунну офицерин бүткүл Хунну дөөлөтүнүн шанүйү катары б.з.ч. 56-ж. көтөрүп чыгып, арийне, анын колу Хуханье-шанүйдөн жеңилип калган.

Ошол доордо кыргыз төбөлдөрү сарай төңкөрүштөрү аркылуу өздөрүнүн саясий мүдөөлөрүнө жетүүгө умтулганы ушул мисалдан дурус айгинеленет.

Кыргыздардын көз карандысыздыгынын убактылуу калыбына келтирилиши

Саясий бытырандылыкка кириптер болгон Хунну дөөлөтүнүн борбордук башкаруусу начарлаган кырдаалда б.з.ч. 56-ж. кыргыздар саясий көз карандысыздыкка, эгемендүүлүккө жетишишкен. Алардын чордондук аймагы Чыгыш Теңиртоонун түндүк (тескей) жагында Боро-Хоро тоо кыркасы менен Дзосотин-Элисун чөлүнүн ортосунда жайгашкан. (Караңыз: Кыргызстан: Энциклопедия. – Бишкек, 2002. – С. 104-105).

Байыркы ханзуча жазма булактарда ушул эгемен Кыргыз падышалыгы тууралуу эскертилет (кытайлык тарыхчы Бань Гу чакан кыргыз мамлекетин «го» - «падышалык» термини менен белгилеген). Байыркы кыргыздардын бул чакан өлкөсү географиялык обочо абалына байланыштуу бир нече жыл бою хуннулардын көңүлүнөн чыгып, кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн жаңы башаты болуп калды. (Караңыз: Чоротегин Т.К. Об истоках кыргызской государственности // Эхо событий. — 1995. — 27 января — 2 февраля. — С. 2; Чоротегин Т.К. Тенгиp-Тоо (Пpитяньшанье) как pегион этногенезиса кыpгызского наpода // Кыpгызы: Этногенетич. и этнокульт. пpоцессы в дpевности и сpедневековье в Центpальной Азии: Матеpиалы Междунаp. науч. конф., посящ. 1000-летию эпоса «Манас». 22—24 сент. 1994 г., г.Бишкек. — Бишкек: Кыpгызстан, 1996. — С. 204—209.; ж.б.).

Б.з.ч. 49-ж. гана түндүк хуннулардын башчысы Чжичжи-шанүй (Хутуус) азыркы Манас шаарынын атырабындагы Уцзи падышачылыгын талкалап, батышыраагындагы Кыргыз падышачылыгын, алардын түндүктөгү Динлин өлкөсүн каратып алды. (Караңыз: Golden P. An Introduction to the History of the Turkic Peoples. P. 62; Гумилев Л.Н. История народа хунну. – С. 168-175; Кыргызстан: Энциклопедия. – С. 104).

Чжичжи-шанүй кыргыздардын өлкөсүндө бир аз убакыт байырлап, андан ары Каңгүй падышачылыгы менен ымала түзгөнүнө байланыштуу батышка жүрүшкө чыккан. Чжичжи-шанүйдүн жүрүштөрүнө байланыштуу айрым кыргыз аскер топторунун да б.з.ч. 48-42-жж. Талас өрөөнүнө чейин келгендиги айрым изилдөөчүлөр тарабынан белгиленүүдө. (Караңыз: Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. – Бишкек, 1997. – Т. 1. – С. 204-205, 239; Аристов Н.А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. – С. 136; ж.б.).

Кыргыздар б.з. I-V кылымдарда

Кыргыздардын негизги байырланган журту б.з. I миңинчи жылынын алгачкы жарымында Теңир-Тоонун чыгыш атырабы бойдон кала берген. Түрк урууларынын теле (төөлөс) саясий бирикмесине коңшу катары эскерилген кыргыздар тууралуу кытай булактары «Яньцинин (Карашаардын) түндүгүндө, Актоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт. Ушул эле булактан динлиндердин бир катар бөлүктөрү кыргыздашканын, айрым хуннулар да кыргыздарга кошулганын биле алабыз. (Караңыз: Бернштам А. Н. Очерк истории гуннов. – М-Л., 1951.– С. 109; Акеров Т. А. Древние кыргызы и Великая Степь (по следам древнекыргызских цивилизаций). – Б. 2005; ж.б.).

V кылымда кыргыздар төлөөстөр сыяктуу эле Түндүк Кытайдан ооп келген жуан-жуандарга (жужан, б.а. авар) каршы согушуп, бирок бул мамлекетке баш ийүүгө аргасыз болушкан. Ашина (бөрү, башка дагы бир жоромол боюнча - арслан) түрк уруусу менен кыргыздардын да жакын байланыштары болгону кытай даректеринде жазылып калган ургаачы бөрү эне тууралуу уламыштын мазмунунан да айгинелейт. Анда кыргыздар түрктөрдүн жалпы уламыштык бөрү энесинин урпактарынын бири катары сыпатталган.

Жалпысынан алганда, байыркы доордон бери аты жазма тарыхый жылнаамаларда чагылдырылган кыргыздар өздөрүнүн узак жолду басып өткөн тарыхында башка түрк уруулары менен жуурулушуп, бир далай Ички жана Борбордук Азиянын түрк тилдүү жана башка элдеринин өкүлдөрүн ассимиляциялап, бир катар калктарга маданий таасирин тийгизип, Улуу Жибек Жолу аркылуу ар кыл мамлекеттер менен соода-сатык жүргүзүп келген. (Караңыз: Худяков Ю.С. Роль древних тюрок и кыргызов в трансляции культурных достижений в лесостепные и таежные районы Сибири в эпоху раннего средневековья // Проблемы археологии и истории Северной Евразии. - Томск: Аграф-пресс, 2009. - С. 110 – 118; Худяков Ю.С. Торговые пути, связывавшие Южную Сибири и «Великий Шелковый путь» // Кузнецкая старина. – Новокузнецк, 1999. – Вып. 4. – С. 72 – 84; Худяков Ю.С. Роль торговых и культурных связей енисейских кыргызов со странами Центральной и Средней Азии в этнокультурогенезе Южной Сибири // Интеграция археологических и этнографических исследований. – Омск; Уфа, 1997. – С. 171 – 175.; Табалдыев К.Ш., Древние памятники Тянь-Шаня. - Бишкек: V.R.S. Company, Университет Центральной Азии, 2011. - 320 стр. - ISBN 978-9967-26-422-9; ж.б.).

Кыргыз этнонимин чечмелөө

Түрк калктарынын бири болгон кыргыздардын байыртадан берки сакталып келген энчилүү аты - «кыргыз» этноними. Бул термин түрк тилдеринин негизинде гана чечмеленет. Анын чечмеленишинде элдик вариант (элдик этимология) жана илимий вариант бири-биринен кескин айырмаланат.

Элдик чечмелөө аракеттери кыргыз этнониминин «кырк» деген санга жана «кыз» деген сөзгө (кырк кыздан таралган урпактар), же «кырк» сан жана «огуз» этнонимине (кырк огуз бирикмеси) айрым учурда «кыр» сөзү жана огуз этнонимине (кырдагы, б.а. тоолуу аймактардагы огуздар) болуп түшүндүрүү менен мүнөздөлөт. Элдик чечмелөө үлгүлөрү кытайлык «Юань ши» - «Юань сулалеси тарыхы» эмгегинде (14-к.) кытайлык кырк кыз менен түндүктөгү Ус өрөөнүнүн калкынын (ус - угус - огуз?) урпагы - кыргыздар деп жазышынан көрүнөт. Ал эми ферганалык Сайф ад-Дин Ахсыкендинин (16-к.) маалыматтарында болсо Султан Санжар Чыгыш Ферганага кол салганда 12-кылымда өзгөндүк кырк огуз Кожентке (Түндүк Тажикстанга) качып барып баш калкалашып, алардан кыргыздар келип чыккан деген уламыш камтылган.

«Кыргыз» этноними илимий негизде да чечмеленүүдө. Бул усул эч ооз эки уламыштарга муктаж эместиги менен айырмаланат. Анын өзгөчөлүгү - кыргыз этнонимин ар кыл бөлүктөргө (компоненттерге) лингвистикалык жана ономастикалык усулдарга таянуу менен ажыратып түшүндүрүүдө болуп саналат. Анын айрым варианттары: 1. «Кырк» жана «йүс» («кырк жүз», В.В. Радлоффтун пикири); 2. «кырк» жана «эр» («кырк киши», Ахмед Зеки Велиди Тоган); 3. «кыра» жана «гыз» («кара чачтуу эл» Давлен Айтмуратов); 4. «кыргу» - «кырыг» жана ага көпчүлүк санды туюнтуучу - «ыз» мүчөсүнүн жалгаштырылышы («кызылдар» Константин Петров); 5. «кырыг» жана «огуз» («кызыл огуз», б.а., түштүк огуздар же батыш огуздар, Николай Баскаков); 6. «кыргын» - «кыргыт» - «кыргыз» («албырган жүздүүлөр», б.а. сары чач, албырган жүз, көк көздүү эл, Андрей Кононов) ж.б.

Кыргыз этнонимин чечмелөөдө боордош түрк элдеринин башка ысымдары да «гыз», «гуз», «гун», «гур», «гар», «газ», «ар», «аш», «ас» (огуз, гагогуз, кун, уйгур, оногур, булгар, сувар, хазар, кызык, жоорай, чуваш, төөлөс) ж.б. сыяктуу бири-бирине үндөш компоненттерден куралганын эске алуу керек. Демек, кыргыз этноними нукура түркчө сөздөрдөн пайда болгон энчилүү аталыш болуп саналат. (Караңыз: Чоротегин Т., Өмүрбеков Т. «Кыргыз» этнониминин мааниси // Эл агартуу. – 1994. - № 5-6. – Б. 3-9; Бутанаев В.Я. Эне-Сай кыргыздары: фольклор жана тарых / Кыргызчага которгон профессор, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев. – Бишкек: "Сорос-Кыргызстан" Кору, 2002. - "Котормочулук" долбоору; Каратаев О.К., Эралиев С.Н. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. - Бишкек, 2005; Худяков Ю.С., Бутанаев В.Я. История енисейских кыргызов. – Абакан, 2000; Акеров Т.А. Об этнонимах «хягяс», «хасха» и «кыргыз» // http://www.bizdin.kg/elib/jurnaldar/vik/2010_3/akerov.doc; Jumakunova G. “Kırgız” Etnoniminin Kökeni Üzerine («Кыргыз» термининин этимологиясы тууралуу) // “Ordinaryüs Profesör Doktor Bübiyna Oruzbaeva Armağanı”. - Ankara: TDK Yay., 2012. - 38-47-б.; Tchoroev (Chorotegin) T. The Kyrgyz // The History of Civilisations of Central Asia, Vol. 5, Development in contrast: from the sixteenth to the mid-nineteenth century / Editors: Ch. Adle and Irfan Habib. Co-editor: Karl M. Baipakov. – UNESCO Publishing. Multiple History Series. Paris. 2003. - Chapter 4, p. 109 – 125. (ISBN 92-3-103876-1); ж.б.).

Кыргыздар өз этноними боюнча гана эмес, теги боюнча да түрк дүйнөсүнүн жана орток түрк цивилизациясынын бир бөлүгү болуп саналат. Б.з.ч. II миң жылдыктан тартып прототүрк дүйнөсү расалык белгиси боюнча европа сымак жана монгол сымак калктардан куралган.

Байыркы доордо кыргыздар түрк калктарынын ичинен европа сымак расалык белгилери көбүрөөк байкалган уруулардын биринен болгон.

Карл Менгес кыргыздарды кийинчерээк түрктөшкөн эл катары санайт (Караңыз: Менгес К.Г. Түрк элдери жана алардын тилдери: Түркологияга киришүү. – Бишкек, 2000. – Т.Абдиев которгон. – Б. 94). Немис тилчи окумуштуу бул тыянагы үчүн кыргыздардын расалык сырткы кебетесиндеги өзгөчөлүктөр тууралуу маалыматты негиз кылган. Анын тыянагына кошулуу кыйын, анткени прототүрктөрдү бүтүндөй монголсымак катары аңдоого болбойт. Алардын арасында байыртадан эле чачы сары, көзү көк жана контакттык расадагы топтор да болгону жоромолдонууда.

Улуу Түрк каганаты доорундагы кыргыздар

Б.з. VI к. ортосунда алтайлык түрктөр бүткүл Борбордук Азияны өз чеңгелинде тутууга алпурушкан жужандардын империясын ойрон кылууга жетишишти. Дал ушул маалда кыргыздар да Эне-Сайда өздөрүнүн эгемен мамлекетин кайра калыптандыра алды. Кытайлык жазуу булагында алтайлык түрктөр менен боордош болгон «Цигу (Кыргыз) аттуу ханзаада Афу (Абакан) жана Гян (Кем, т. а. Энесай) дарыяларынын аралыгында падышалык кылгандыгы» тууралуу уламыш чагылдырылган.

Улуу Түрк кагандыгын негиздеген Бумын каган каза болгондо, анын кара ашына Кыргыз кагандыгынын элчиси да атайын келип катышкан. Бул маалымат кыргыздар алтайлык түрктөргө дайыма эле баш ийе бербегендигин көрсөтөт.

Тан сулалесинин ордо тарыхчылары жазгандай, 648-ж. Тан сулалеси менен түздөн-түз мамиле куруу үчүн кыргыз өлкөсүнүн бийлик эгеси элтебер Шибокүй (Сыбоцүй, т. а. Ышбара) Ачжан Кытай империясынын борборуна келген, Тан сулалесинин императору аны шаан-шөкөт менен тосуп алган.

Кыргыз каганы Барс-Бег

VII к. акырындагы эл аралык кырдаал Орхондогу руна сымал жазуу эстеликтеринде дурус чагылдырылган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандарын жана жолбашчыларын даңазалоого багытталган бул эстеликтерде, албетте, ушул мамлекеттин идеологиясы, анын мүдөөсү чагылдырылганы түшүнүктүү.

«Оңдо (түштүктө) — табгач эли (Кутлугдун) душманы болгон, солдо (түндүктү) Баз кагандын (бийлигиндеги) тогуз-огуз эли жоосу болгон. Кыргыздар, курыкандар, огуз-татарлар, кытаңдар (кидандар) жана татабилер бүт жоосу болгон» делет Күл-тегин ханзаадага арналган эстеликте.

Энесай Кыргыз кагандыгынын бизге маалым алгачкы бийлик эгесинин ысымы Ышбара Ачжан болсо, каган титулун толук калыбына келтирген кыргыз бийлик эгеси — Барс-бег (Барс-бек) болгон. Анын курман болгон мезгили 711-ж. караган кыш айы эле.

Энесай өрөөнүндөгү Алтынкөл аттуу чакан көлдүн жанында Барс-бегдин арбагына багышталган жазуу эстелиги табылган (азыр Красноярск крайындагы Минусинск шаарынын тарых музейинде сакталуу).

Бул эстеликте: «Он ай мени энем көтөргөн. Ал мени өз элиме (мамлекетиме) ыроолоду. Мен өзүмдөн каармандыгымдын аркасында өз жеримде ирдендим. Мен көп сандаган жоо менен чыгаандарча салгылаштым...», — деген Барс-бегдин өмүр жолуна тиешелүү саптар бар.

Кыргыздар менен ынтымакка келүү үчүн Капаган каган (Элтерис кагандын иниси) Барс-бегдин каган даражасын тааныган жана маркум Элтерис кагандын кызын ага ханыша катары берген. Бул никелешүү болжол менен 700-ж. ченде болгон. Бул окуя Күл-тегинге багышталган эстеликте төмөнкүдөй чагылдырылган: «...Барс-бег болду. Биз ал кырдаалда ага каган даражасын ыроолодук жана ага (ханышалыкка) менин карындашымды бердик».

Бул учурда Кыргыз кагандыгынын таасири күчтүү болуп калганын эске алсак, анда Барс-бег 700-ж. чейрек кылым жашаган, Элтерис кагандын кызынан жок дегенде он эки жаш улуу өкүмдар болгон деп болжолдоого болот. Ошентип, Барс-бег, биздин пикирибизде, жарык дүйнөгө болжол менен 675-ж. келген деп жоромолдоого болот.

Барс-бегдин тышкы саясаты

Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы менен мамилесин чыңдаган соң, кыргыз каганы Барс-бег мамлекетинин өз алдынча саясатын андан ары уланта берген. Кайындарынын үмүтүн таш каптырып, ал Кыргыз кагандыгын бүткүл Борбордук жана Орто Азияга, ал гана эмес Ыраакы Чыгышка чейин таанытууга умтулган.

707-ж. жана 709-ж. Кыргыз кагандыгынын элчилиги Тан сулалесинин борборуна жөнөтүлгөн. Кыргыз-кытай алакаларын чыңдоо Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы согуш жүргүзүүгө аргасыз болгон Тан империясы үчүн да пайдалуу болгондугу түшүнүктүү.

Кыргыз кагандыгынын көңүл Орто Азиянын чыгыш бөлүгүн жана Теңир-Тоо аймагын ээлеген Түргөш кагандыгы (704—766) менен да ымала түзүүдө болду. Ашина уругунун акыркы каганын өлтүрүп, жаңы сулалени негиздеген Үч-элиг-каган (706-ж. өлгөн) батышында — араб баскынчыларына, чыгышында — Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы согуш жүргүзгөн. Анын мураскору Сакал каган да ушул эле саясатты уланткан. Ошондуктан Түргөш кагандыгы үчүн да Эне-Сайды ээлеген Кыргыз кагандыгы менен саясий ынтымакты түзүү зарылчылыгы бар эле.

Болжол менен 709-ж. карата Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы үчилтик согуш ынтымагы түзүлгөн. Ага түндүктө — Кыргыз кагандыгы, чыгышта — Тан сулалеси, батышта — Түргөш кагандыгы кирген.

Кыргыз каганы Барс-бег менен анын ынтымакташтары өч жактан Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына каршы бир учурда күрөшкө чыгууга макулдашкан. Бул тууралу чыгыш түрктөрдөн даңазалуу жолбашчысы Тон-йокукка багышталган эстеликте төмөнкүдөй баяндалат: «Табгач элинин (Тан империясынын элинин) каганы биздин жообуз эле. Он ок элинин каганы биздин жообуз эле. Бирок баарынан да кыргыздын күчтүү каганы биздин олуттуу жообуз болду. Бул үч каган акылга салып айтышты: Алтун Жышка (Түндүк Монголия аймагындагы Алтун чытырман токоюн көздөй) түрк каганына бет алып (жүрүшкө) чыгалы. Эгерде биз ага каршы (озунуп) чыкпасак, ал кандай болсо да бизди (жеңип алат)...»

Орхондогу руна сымал жазуу эстеликтерде кеңири чагылдырылган окуя - 710—711-жж. согуш болуп саналат. Кыргыз кагандыгынын бийлик эгеси Барс-бег бул согушка өзүнүн ынтымакташтары менен белгиленген мөөнөттү чогуу кирип .Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынан озунуп талкалоо үмүтүндө болгон.

Натыйжада бул жеңиш Кыргыз кагандыгына Борбордук Азиянын талаа мейкиндиктерине чыгууга, жок дегенде Орхон аймагын өзүнө кошуп алууга же Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгын орчундуу деңгээлге алсыратууга мүмкүндүк бермек.

Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгын бийлеген Капаган каган болсо өз тыңчылары аркылуу Кыргыз кагандыгы — Табгач (Тан сулалеси) — Түргөш кагандыгы үчилтигинин сырын алдын ала билип алган. Капаган каган озунуп, оболу Кыргыз кагандыгын талкалоону чечкен. Агасы Элтерис кагандын уулу Билге (Могилян) жыйырма алты жашка толгон жылы (709-ж.) Капаган каган аны Эне-Сайдын (Кемдин) башатын көздөй жортуулга аттандырган. Билге менен кошо бир тууганы Күл-тегин жана Тон-йокук колбашчы сапарга аттанышат.

Бул тууралу Кошо-Цайдам деген жерде табылган Билге каганга багышталган эстеликте төмөнкүдөй баяндалат: «Мен жыйырма алтыга толгонумда чик калкы кыргыздар менен биригип жоо болду. Кем (дарыясын) кечип, мен кошуунум менен чиктерге каршы жүрүш жасадым, үрпөндү салгылаштым жана алардын аскерин жеңдим».

Эне-Сайга азыркы Батыш Саян тоосу (Көгмен) аркылуу жортуулду баштай турган кез келгенде Көгмен тоосунун жалгыз ашуусун кар басып калган. Чыгыш түрктөр бул ашууну азап менен өтүп, 711-жылга караган кышта кыргыздарга капысынан кол салышкан.

Чечүүчү салгылашуу Суңга аттуу чер токойдун аймагында өткөнү Күл-тегинге, Билге-каганга багышталган орхондук жазуу эстеликтеринде жазылып калган. Суңга чер токою тууралу да эскерилген Барс-бегге арналган Алтын-Көл эпиграфиялык эстелигинде: «Мен көп сандаган жоо менен чыгаандарча салгылаштым жана мамлекетимди («эл») өкүнүчтү (калтыра) таштап кеттим...», — деп жазылган.

Ал эми Суңга чер токоюна кыргыз каганы өз аскерлерин жыйып алып келгенин Тон-йокуктун арбагына багышталган жазуудагы: «Кыргыздарга биз (алардын) уйку учурунда кол салдык... Найза менен жол ачтык. Алардын каганы жана кошууну жыйылды. Биз салгылаштык да, жеңдик», — деген саптар далилдейт.

Кыргыз каганы айыгыша кармашканын орхондук жазуу эстеликтери да, Алтын-Көлдөгү ташка жазылган кошок да бирдей маалымдайт. Албетте, орхон эстеликтери өз жолбашчыларын даңазалоого ашыккан:

«...Алардын (кыргыздардын) каганы менен биз Суңга чер токоюнда салгылаштык. Күл-тегин байырку (элинен) алып келинген ак боз айгырга минип, чабуулга өттү, бир эр кишини жебеси менен өлтүрдү, эки эр кишини (найзалап) биринин артынан экинчисин сайып өттү...», — делет Күл-тегинге арналган жазууда.

Бул теңсиз салгылашууда Барс-бег баатырларча курман болду. Эне-Сай Кыргыз кагандыгы Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын курамына убактылуу бириктирилди.

Барс-бегдин курман болушу жана кыргыз ордосунун чабылышы кагандыктын эли үчүн оор кайгы болгондугун Алтын-Көлдөгү кошок мазмунунда жазылган эстелик баяндайт. Кыргыздын каарман жоокерлери «Барс, бизди таштап кетпечи!..» — деп жазышкан.

Бирок алар Кыргыз мамлекетинин өз алдынчалыгы, эгемендиги калыбына келтирилээрине ишенишкен. Барс-бегге багышталган жазуунун соңку сабы: «Менин аскердик каармандыгымын урматына, менин улуу бир туугандарымдын жана менин кичүү бир туугандарымдын урматына мага (ушул) түбөлүктүү эстеликти тургузушту», — деп аяктайт.

Кыргыз тилиндеги байыркы эстелик жазууну ташка чеккен кыргыз жазмачыларынын бул реквиеми элдеги патриоттук рухту арттырган. Кыргыз кагандыгы өз эгемендигин тез эле калыбына келтирген.

Кыргыздар VIII к. 20—40-жж. Тан сулалеси менен өз алакаларын чыңдоого өзгөчө аракет жасаган. Маселен, кытайлык ордо тарыхчылары 722-, 723-, 724-, 747-, 748-жж. Кыргыз кагандыгынын элчилери Тан сулалесинин борборуна келгендигин тастыкташат.

Колбашчы Күл-тегин ханзаада 731-ж. кайтыш болгондо, анын ашы чоң шаан-шөкөт менен өткөрүлгөн. Экинчи Чыгыш Түрк каганатындагы бул ашка Кыргыз кагандыгынан атайын элчи жиберилгендиги Күл-тегинге арналган эстеликтеги мындай жазуудан айкындалат: «... кыргыз каганынан Чор-тардуш Ынанчу келди».

Эне-Сай Кыргыз каганатындагы мамлекеттик башкаруу системасы

Бийлик иерархиясынын эң жогорку тепкичинде мамлекет башчысы —каган орун алган. Каган бийлиги ак сөөктөр кеңеши менен чектелген монарх (жеке бийлөөчү) болгон.

Кыргыз ак сөөктөрү элтебер, тегин, тутук, тархан сыяктуу чиндерге ээ болушкан. Бул даражалар жалпы эле Борбордук Азиядагы түрк мамлекеттериндеги социалдык иерархия тажрыйбасы кыргыздар үчүн да орток болгондугун көргөзөт.

Кытайлык булактардын бири «Тайпин-хуан-үйцзиде» («Сун сулалесинин Тайпин башкаруу жылдарындагы дүйнөнүн сүрөттөлүшү»): «(Кыргыз) мамлекетинде башкы колбашчысы Хэси-бэй, андан кийинки даража — Ацзүй шэби-бэй, андан төмөнү — Ами-бэй деп аталат. (Бул) үч адам чогуу башкарат. Кыргыз мамлекетинде өкмөттүк кызмат ээлери цзай-сан, ду-ду (тутук) кызматтарына, андан соң — цзянь-цзюн, дацян (сыягы, даган, таркан) наамдарына эгедер»,— деп баяндайт.

«Тан сулалесинин тарыхы» китебинде кыргыз өкмөт кызматкерлери алты тепкичке бөлүнүп баяндалат, алардын ичинен министрлер (жети), башкы жетекчилер (үч), башкаруучулар (он), андан тышкары колбашчылар, тархандар саналып өтөт.

Уйгур каганатына көз карандылык доору

VIII к. этегинде Кыргыз каганаты ошол доордо Орхон аймагын бийлеген Уйгур каганатына убактылуу көз каранды болуп калган. Бул тууралуу орхондук Кара-балгасун жазуу эстелигинде чагылдырылат. Аталган эстеликтин кытайча текстинде кыргыз кошуунунун саны 400 миң деп көрсөтүлсө, анын согдуча текстинде 200 миң жоокер деп берилген.

Салгылашууларда кыргыз каганы курман болуп, кийинки кыргыз каганы уйгурлар үчүн тек гана инал болуп жарыяланган. Уйгур каганы Бао-инин (808—821) бийлигинин соңку жылдарында кыргыз иналы өз эгемендигин жарыялады.

820-жыл — Кыргыз кагандыгынын уйгур каганынан көз карандысыздыгынын калыбына келтирилишинин баштапкы мезгили болуп калды.

Кыргыз каганы түргөш тегинен болгон өз энесин “жесир ханыша айым” деп таанытты. Кыргыз бийлик эгесин уйгурлар “инал” деп жарыялаганы менен, өзүнүн саясий тажрыйбасында Энесай кыргыздары “каган” титулун пайданалуудан эч баш тарткан эмес. Кыргыз каганы өзүнүн карлук жабгусунун кызы болгон аялын да “ханыша” деп жарыялаган. Теңир-Тоодогу карлуктардын бийлик эгелери, демек, кыргыз каганын колдоп турган.

Кытай булактары “ажо” деп кеңири жазган дал ушул кыргыз каганы Уйгур кагандыгы менен жыйырма жыл (820—840) тынымсыз күрөшүн улантты.

Улуу Кыргыз дөөлөтү (840- X к. башы)

100 миң аскерден турган Кыргыз кагандыгынын ири кошууну 840-жылы Уйгур кагандыгынын борбор шаары Ордо-Балыкты басып алды. Уйгурлардын акыркы каганы салгылашуу учурунда курман болду. Кыргыз каганы уйгур каганынын алтындалган ордосун өрттөтүп, уйгур урууларын Ички Азия жана Чыгыш Түркстандагы ар кыл багытка журт которуп качууга аргасыз кылды.

Бул доорду сыпаттаган “Улуу Кыргыз дөөлөтү” (“Кыргызское великодержавие”) түшүнүгүн тарых илимине алгач академик Василий Владимирович Бартольд (1869-1930-жж.) киргизген. Бул термин Эне-Сай Кыргыз кагандыгынын IX кылымдын ортосу – Х кылымдын башындагы доорун айырмалап көрсөтүү үчүн колдонулуп келет.

Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн кезинде да кыргыз өкүмдары “каган” титулун пайдаланган (кыскаршылган түрү – «кан», «хан»). 840-924-жылдардагы бул мамлекетти “Улуу Кыргыз кагандыгы” деп да атап келишет.

Ханзуча «Син Тан шу» («Тан династиясынын жаңы тарыхы») аттуу эмгекте (XI кылымда жазылган) бул ири кагандык тууралуу төмөнкүдөй баяндама бар: «Кыргыз – чоң мамлекет болгон. Аймагы боюнча түрк өлкөлөрү менен теңтайлаш. Чыгышы Курыкан өлкөсүнө чейин, түндүгү Тибетке чейин, түштүк-батышы Карлук өлкөсүнө чейин созулуп жатат».

Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн батыш чеги Жети-Сууга, Борбордук Теңир-Тоого жакын жеткени араб жана фарсы тилиндеги булактардын малыматтары менен да тастыкталат. Ал эми Өтүкен жергесин ээлеп алгандыгы туралуу эне-сайлык кыргыздардын жазуу эстелиги Моңголиянын түндүгүндөгү Сужин-Даван (Сужи) дөңсөөсүнөн табылган.

(Булактарга шилтемелер: Орхон-Енисей тексттери / Жооптуу редакторлор С.Кудайбергенов, С.Сыдыков. – Фрунзе: Илим, 1982. – 240 б.; Кыргыздар: Он төрт томдук / Түзүүчүлөр Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев. – Бишкек, 2011. – Т. 1-14; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара кыргызы. – Бишкек, 2001; Бичурин Н.Я. (Иакинф). Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. – М.-Л., 1950. – Т. 1; Караев О.К. Восточные авторы о кыргызах. – Бишкек, 1994; Кормушин И.В. Тюркские енисейские эпитафии: Грамматика, текстология. - М., 2008. - 342 с.; Кычанов Е.И. Кочевые государства от гуннов до маньчжуров. - М.: Издат. фирма «Восточная литература» РАН, 1997. - 319 с.; Малов С. Е. Енисейская письменность тюрков.– М.-Л., 1952; Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности Монголии и Киргизии.– М.-Л., 1959; Материалы по истории киргизов и Киргизии. – Т.I. – Бишкек, 2002; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. - Бишкек, 2003. – Т.2. Извлечения из китайских источников; Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 б.; Orkun A. Eskı Türk Yazıtları. İstanbul, 1936-1941. – C. 1-5; ж.б.).

Кыргыздар Эне-Сай өрөөнүн жана ага чектеш аймактарды байырлаган орто кылымдардын эрте мезгилиндеги доор, ошентип, 840-845-жылдардагы саясий окуялардын натыйжасында, орусиялык археолог Юлий Сергеевич Худяковдун образдуу сыпатташынча, кыргыз тарыхынын “жылдыз сермеген” саатына (“звездный час”) жол ачкан.

Дал ошол доордо Улуу Кыргыз каганатынын өкүмү астына Ички Азиянын, Чыгыш Теңир-Тоонун бир катар кеңирсиген чөлкөмдөрү кирген.

Демек, орто кылымдардын эрте мезгилинин соңундагы бул көчмөндүк ири мамлекет – байыркы жана эрте орто кылымдардагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эң бараандуусу болгон.

Улуу Кыргыз каганаты доорунда бир катар кыргыз топтору Эне-Сайдан Чыгыш Теңир-Тоого жана Ички Азиянын айрым аймактарына журт которгон (Караңыз: Караев О.К. Арабские и персидские источники IX-XII вв. о киргизах и Киргизии. - Фрунзе, 1968; Караев О.К., Кожобеков М.Ч. О переселении енисейских киргизов на Тянь-Шань // Вопросы этнической истории киргизского народа / Отв. ред. О.К.Караев, И.Б.Молдобаев. — Фрунзе: Илим, 1989. — С. 41—66.; Акеров Т.А. Каркырахан Великий Кыргызский каганат / Ред. Т.Д.Джуманалиев. – Бишкек, 2012. – 202 с.; Кожобеков М.Ч. Орто кылымдардагы кыргыздардын этносаясий тарыхынын негизги өнүгүү баскычтары (V—X кк.): Тарых илим. канд. ... дисс. авторефераты. — Бишкек, 1997. — 23 б.; Чоротегин Т.К. Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX-XIII вв. / Научный редактор Б.А.Ахмедов. - Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995. - 208 с.; Чороев Т.К. Кыргызы в Сибири и просторах Азии // Древние памятники Северной Азии и их охранные раскопки: Сб. науч. трудов. — Новосибирск, 1988. — С. 143-146; Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бугунку кунго чейин). – Бишкек, 2000; ж.б.).

Кыскача жыйынтыктасак, мындан 2200 жылдан ашуун илгери алгачкы жолу көөнө кытай жылнаамаларында эскерилген байыркы кыргыздар кийинки кылымдар карыткан мамлекеттүүлүк тарыхында бир нече мамлекетти түзүшкөн.

Байыркы жана эрте орто кылымдардагы кыргыздар боордош бир нече этноско тарыхый ата-баба болуп калды. Алардын урпактарынын арасында, албетте, бүгүнкү Теңир-Тоо жана Памир (анын ичинде Ала-Тоо) кыргыздары, Фу-йү (Манчжурия) кыргыздары, хакастар, тывалар, шорлор, алтайлыктар, башкыр кыргыздары, лобнордуктар, сары уйгурлардын айрым компоненттери жана башка ар кыл сандагы этностор бар. Бул калктар татаал этностук жараянды баштан кечирген, бирок алардын ар бири (анын ичинде теңир-тоолук кыргыздар) байыркы кыргыз тарыхын өздөрүнүн көөнө тарыхый мурасынын ажырагыс бөлүгү катары карашат.

Тынчтыкбек Чоротегин, т.и.д., Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин президенти

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

01-12-2015
В своем докладе А.Керенский весьма объективно отразил ситуацию
64879

18-06-2013
Кыргызы в древности. Прототип(ы) Алмамбета
(часть 2)
56975

24-04-2013
Кыргызы в древности
(часть 1)
136330

16-04-2013
Древнее государство Паркана
58640

19-02-2013
Спор об учебнике с (бес)пристрастием
93165

31-01-2013
Древнее государство Усунь в Тенгир-Тоо
60126

11-01-2013
Общественный строй империи хуннов
36463

26-12-2012
«Великий шелковый путь» через государство хуннов
65071

20-12-2012
Древнее хуннское государство
107010

12-12-2012
Бюбюйра апа и кирпичик в здании Ата-Бейита, гласа памяти отцов нации
42931

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×