Добавить статью
13:59 16 Марта 2020 802
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары

XIV-XV кк. ойрот союзунун ичине кирген Моңгол Алтай тоолорундагы кыргыздар моңгол булактарында кэркут деп аталат, анын себебин түшүндүргөн окумуштуулардын айтканы боюнча, «кыргыз» деген сөздүн көптүк формасы моңголчодо «кэркуд» деп айтылат. XVII к. жашаган моңгол беги Саган Сецендин калемине таандык бир уламышка караганда, бир мезгилде ойроттордун союзу олот (олегед), батут (багатут), хойт жана керкуд (кыргыз) деген элдерден турган. Ошондой эле, тарыхчылар ойрот урууларынынын алгачкы бирикмеси моңгол-тилдүү жана түркий-тилдүү уруулардын конгломератынан тургандыгын айтып келишет, бул болсо кыргыздарды бир бөлүгүнүн кэркут деген ат менен ойроттордун арасында жашагандыгын аныктайт. Бирок, бул боюнча учурда талаш-тартыштар орун алып келет, анткени анын башы «керкуд» деген сөздүн эки башка чечмеленишине барып такалат: окумуштуулардын бир тарабы кэркудду «кереит» деп чечмелесе, экинчилери аны «кыргыз» деп чечмелейт. «Керейит» кылгысы келгендерге Говордттун ушундайча чечмелөөсүнө таянган Д.Г. Кукеев, В. Санчиров, Авляев сыяктуу калмак тарыхын изилдөөчүлөр кирет. Бирок, эске салсак, өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында эле Грумм-Гржимайло «кэркуттарды кыргыздар менен окшоштуруу тарых адабиятында эбак эле бекитилген» - деп айткан, ошол эле тушта Б. Владимирцов бул пикирди кубаттап, бул кэркуддардын мурунку энесайлык кыргыздардан калгандыгын айткан. Ошондуктан совет тарыхчысы К.И. Петров өз эмгектеринде бул пикирди өркүндөтүп кеткен. Тарыхчы А. Мокеев колунда бар маалыматтарга карап, кытай жазма булактарында ошол кыргыздар жөнүндө «вэйлато кэлагутэ (цилагутэ)», т.а. «ойрот кыргыздары» деп эскерилгендигин айтат. Ошондой эле, XVII кылымда перс автору Мухаммад-Садик Исфахани да «Шахид-и Садик» деген эмгегинде кыргыздардын бир тобунун Түркстандын бийик тоолорунда, экинчисинин Каракорум тарапта (Моңголияда) болгондугун жазган.

XIV к. этеги – XV к. башы аралыгында ойрот урууларынын бирикмесин башкарып, Юань империясынын калдыгы болгон Моңголиянын аймагындагы Түндүк Юань мамлекетинде ойрот гегемониясынын орношуна себепчи болгон Угечи-кашка (моңг. Угечи-Хашига) деген адамды тарыхчы К.И. Петров кыргыздарга таандык кылат. Бир катар моңголтаануучу жана калмактаануучулар бул тарыхый адамдын өмүр-баянын карап чыгып, моңгол булактарында эскерилген Угечи-хашига кытай булактарында Монкэ-Тэмур жана Гуйличи деген ысымдар менен да эскерилгендигин белгилешкен. Бирок, бул адамдын теги кайсы уруудан же элден болгондугу тууралуу тарыхый кабар жок болгондуктан, тарыхчылардын ар кимиси өз божомолдоосуна ылайык түшүндүрүүгө аракет жасашат.

Тарыхый булактарда Угечи менен бирге сөзсүз Батула-чинсанг деген адам кошо эскерилет. Тарыхчылар моңгол булактарындагы ойрот Батула менен кытай булагында («Юань-шиде») эскерилген ойрот Махамунун бир эле адам экендигин бир ооздон айтышат. Моңгол булактарына карганда, анын атасы ― ойроттордун чорос уругунун башчысы болгон миңбашы Хуухай Тайу (Худхи Тажу) ― ошол кездеги Түндүк Юань мамлекетинин башкаруучусу болгон Элбек-ханга ишеничтүү киши катары кызмат кылган жана Элбек-хан да өзүнүн бийлигин бекемдөө максатында ага ойроттордун үстүнөн болгон башкарууну берерин убада кылган. Батуланын атасынын өлүмүнүн себебин моңголдор Улдзэйту-гоа деген ханайым менен байлыныштырышат. Моңгол булактарындагы баян боюнча, Элбек-хан өзүнүн келини болгон Улдзэйту-гоа ханбийкечти сулуулугу үчүн (иниси же уулу) Харгацугдан тартып алып, аны өлтүрүп салган. Андан кийин Улдзэйту-гоа өч алуу максатында ойроттордун башкаруучусу болгон Хуухай Тайу менен Элбек хандын ортосун бузуп, Хуухай Тайуну өлтүртүүгө жетишкен. Моңгол булактарында окуяны андан ары баяндап барып, Хуухай Тайунун өлүмүнөн кийин Элбек хан (Эсенкан) «төрт түмөндүн» (Ойрот союзунун) башкармалыгын Тайунун эки уулуна: Батула-чинсанг менен Угечи Хашига деген кишилерге бергендиги айтылат.

Д.Г. Кукеев белгилегендей, Ойрот бирикмеси, тагыраагы Ойрот-кыргыз союзу өз ичинен Борбордук Азиянын байыртадан келе жаткан салты боюнча «оң канатка» (барун гар) жана «сол канатка» (зюн гар) бөлүнгөн. Мындай ыкма хунндарда, эски көктүрктөрдө, Чыңгыз-хандын империясында да колдонулганы белгилүү. Кыязы, мында оң канатты кыргыздар башында турган түркий-тилдүү уруулар түзүп, ал эми сол канатты чорос уругу башында турган моңгол-тилдүү уруулар түзүп турган. Мындай салтка мүнөздүү көрүнүш боюнча, союздун башчылыгына оң канаттан же сол канаттан бирөөсү, балким «татыктуу» деп эсептелингени шайланып турган. «Шара-туджи» эмгегинде «(Элбэг-хан) Батулага "чинсанг" титулун берди жана өзүнүн кызы болгон Самор-гунжини берди, жана Дурбен ойротту башкарууга буюрду» - деп келет. Ал эми тарыхчылардын Саган Сецендин эмгегине таянып айткандарына караганда, Элбек хан ойроттордун үстүнөн болгон башкарууну Батулага бергиси келгенде, Угечи-кашка жинденип: «Ал (Элбэг-хан) төрт (ойротту) менин карапайым адамым болгон Батулага берип жатат, анын кожоюну ― мен тирүү турганда» - дептир.

1399-жылы Угечи менен Батула Каракорумду каратып, моңголдорду баш ийдиришет. Бул окуя тууралуу моңгол булактарында мындайча айтылат: «Шара-туджи» боюнча, «Угечи-хашига хаганды өлтүрдү...», ал эми «Алтан Тобчиде» болсо «...ойроттук Батула-чинсанг менен Угечи-хашига Элбег ханды жылан жылында өлтүрүп салышты... (Ошентип) Батула-чинсанг менен Угечи Хашига алгач ойроттун төрт түмөнүн ээлеп алышып, душман болушту. Моңголдордун бирдиктүү дөөлөтү ойроттор тарабынан ушундайча ээленген деп айтышат» - деп келет. Бул окуя моңгол булактарында ушундай кыскача гана берилгени менен, чындыгында ханды өлтүрүп, Моңголиядагы бийликти тартып алгыдай чоң окуяны ишке ашыруу үчүн чоң тобокелдик жана чоң даярдык керек эле.

Бул окуяда Элбек-хан өлтүрүлгөн жана анын аялы болгон Улдзэйту-гоа Угечиге аялдыкка алынат. «Шара-туджи» кабары боюнча, «Элбэг-хаган ханбийке Улдзейту Гоаны алганда, анын (Харгацугдан бүткөн) үч айлык боюнда бар болгон, качан Угечи Хашига алганда, анда жетинчи ай кетип жаткан эле». Ошентсе да, Угечи аны жакшы кабыл алып, ал баланы Ачай (кыргызча мааниси "жээн") деген ысым менен өзүнө өгөй бала кылып алган. Саясий өңүттөн караганда, ал замандар үчүн башкаруучу үйбүлөнүн мүчөлөрүн мынчалык жакын кармоо саясий кызыкчылыктар үчүн пайдалуу болмок, тарых көргөзгөндөй эле, бул кадамдын пайдасы тийген.

Түндүк Юань мамлекетиндеги бийлик Угечи тарабынан тартылып алынгандан көп өтпөй эле, 1400-жылы моңголдор тактыга Элбек хандын иниси болгон Гунь-Тэмурду олтургузушат. Тарыхчылыр «Мин шилу» деген кытай жазма булагындагы маалыматка таянып, 1400-жылы Моңголияны Гунь-Тэмур менен Монкэ-Тэмир бийлеп тургандыгын, ал эми Монкэ-Тэмур дегени Угечи-кашканын өзү болгондугун айтышат. 1402-жылга келгенде, «Мин-ши» кабары боюнча, Гунь-Темур-хан өз ордун Гуй-ли-чи деген адамга тарттырып ийген, андан кийин Гуйличи өзүн «хаган» деп атап, мурунку «юань» деген сулалелик ысымды «да-дань» («татар») деген аталышка алмаштырган. Тарыхчылардын ортосунда бул адамдын кимдигин аныктоо боюнча бир топ талаш-пикирлер орун алып келет.

Тарыхчылардын айтканына караганда, Махаму (Батула) өлгөндөн кийин, 1415-25-жылдар (же 1416-26) аралыгында ойротторду Угечинин уулу Эсеху башкарган. А. Мокеевдин кабарына караганда, Махмуд ибн Валининин эмгегинде Ак-Ордонун башкаруучусу Чекире-хан 1417-ж. кыргыздарга каршы жортуул уюштургандыгы эскерилген. Демек, кыргыздар менен ойроттордун башында турган Эсэху алгач Ак-Ордонун чегине кол сала баштаган, бирок, андан натыйжа чыкпаган соң, ал көңүлүн Моголстанга бурган. Эсэху-хан менен Моголстан мамлекетинин ошол кездеги башкаруучусу болгон Вайс-хандын ортосунда бир канча жолу кагылышуулар болгондугу жөнүндө могол тарыхчысы Мирза Мухаммед Хайдардын эмгегинде кезигет. Бирок аны баяндоодон мурун, Мухаммед Хайдардын өз эмгегинде ойроттук кыргыздарды жаңылыштык менен «калмак» деп атагандыгын, ал эми Эсэху-ханды Эсэн-тайши менен чаташтыргандыгын эскерте кетүү керек. Тарыхчылар айткандай, Эсеху баштаган кыргыздар менен ойроттор бирге жашап турушкандыктан Мухаммед Хайдар аларды да калмак катары кабыл алган, ошондой эле Эсэн-тайши могол ханы Вайстын замандашы болушу мүмкүн эмес эле, анткени 1428-ж. Вайс-хан өлгөндө Эсэн болгону 11 жашта болгон. Ошондуктан, Вайс-хан өз кезегинде Эсэху-хан баштаган кыргыздар менен согушуп тургандыгын айталабыз. Вайс-хан ойротторго каршы канчалаган жортуулдарды уюштуруп, бирок көбүнчө жеңилип калып турган, алтургай эки жолу туткунга түшкөн. Анын биринчисинде Миң-Булак деген жерден, экинчисинде Турпанга жакын бир жерден туткундалат. Экинчи жолку туткундалганында «хан Махтум ханимди берүүгө аргасыз болгон жана (ошондон кийин) эркиндик алган». К.И. Петровдун пикири боюнча, ушундай согуштардын жүрүшүндө Эсэху-хан Увайстын улусун Бешбалыктан Или дарыясына чейин сүрүп, анын натыйжасында бүтүндөй Чыгыш Теңир-Тоого өзүнүн толук бийлигин орното алган.

Мына ушундай маалыматтарга карабастан, Угечи-кашканын бейнесине байланыштуу тыянактарды аныктоо үчүн тарыхый булактарга болгон өтө чоң муктаждыктын бар экендигин жашырбайбыз. Анын өмүрү боюнча маалыматтар көбүнчө моңгол жана кытай жазма булактарында орун алган. XIV к. аягы – XV к. башына туура келген мезгилдеги окуялар жөнүндө андан эки кылымча өткөн соң жазылган «Алтан тобчи», «Шара-туджи» («Сары тарых») жана «Эрдэнийн тобчи» («Кымбат топчу») сыяктуу моңгол булактары бул маселеде баарынан маанилүү. «Алтан тобчи» тарыхый эмгеги өткөн кылымдын ортолорунда эле батышта Ч. Бауден (Англия), А.Мостэрт (Бельгия), П.Пеллио (Франция), Э.Хэниш (Германия) сыяктуу моңголтаануучулар аркылуу аңлисче, немецче жана француз тилдеринде жарык көргөн, анда ошол эле илимпоздор котормочу жана комментатор болушкан. Ал эми орус тилине болсо, окумуштуу лама Галсан Гомбоев тарабынан, Н.П. Шастина тарабынан которулган. «Шара-туджи» эмгеги көбүнчө «Алтан тобчидеги» баяндарды эле ичине камтыйт, бирок биринде жогу биринде бар болгон учурлары да кездешет. «Эрдэнийн тобчи» деген эмгек XVII к. «алтын урукка» таандык (чыңгызий) моңгол беги болгон Саган Сецен тарабынан жазылган. Бул летопись 1829-жылы академик-моңголтаануучу Я.И. Шмидт тарабынан Орусияда немецче жарык көргөн, ал эми 1904-жылы Берлинде (кытайлык көчүрмөсү), 1933-жылы Лейпцигде (манжу версиясы, Э.Хэниш) чыкса, кийинчерээк америкалык окумуштуулардан Фрэнсис менен Кливстин аңглис тилиндеги төрт томдугу басылып чыккан. Моңголияда болсо, 1961-жылы Ц.Насанбалжир төрт көчүрмөнүн негизинде бул летописти жарыялаган.

Кытай жазма булактарынан болсо, биздин изилдөөгө «Мин ши», «Мин шилу» сыяктуу ж. б. Мин сулалесинин доорун баяндаган баалуу эмгектер жардам бере алат. Бул жагынан кытай булактарынын негизинде «чыгыш моңголдорунун Мин сулалесинин тушундагы тарыхын» жазган Д.Покотилованын 1893-жылы Санкт-Петербургда чыккан эмгегин пайдаланууга мүмкүн. Ошондой эле, кытай булактарын кеңири пайдаланып, калмак элинин тарыхын жазып жүргөн Д.Г. Кукеевдин изилдөөлөрү да абдан маанилүү. Бирок, кыргыз экендиги белгиленип келе жаткан Угечи-кашканын калмак элинин тарыхында ойрот катары жазыла баштагандыгына кандайча чек коюлар экен.

(«Тарых жана «Манас» (XIV-XV кк.)» китебинен үзүндү. – Бишкек, 2015.)

Колдонулган булактар:

1. The geographical works of Sadic Isfahani / Translated by J.C. from original persian mss. // Collection of Sir William. – London, 1828.

2. Бейшеналиев Т.О. Китайские и монгольские исторические сочинения о потомках Ачай-тайчжи // Эпос "Манас" как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса "Манас". – Бишкек, 1995. – стр. 11-13.

3. Дулати Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди (Рашидова история): Перевод с персидского языка, 2-е изд. дополненное / ред. А.Урунбаев. – Алматы, 1999.

4. Западная Монголия и Урянхайский край / составлен Г.Е. Грумм-Гржимайло. Том II. – Ленинград, 1926.

5. Каратаев О. Тарыхтын өчпөс издери // Жаңы Ала-Тоо. – Бишкек, 2013. – 4 (48). – 200-208-б.

6. Кукеев Д.Г. К вопросу отождествления исторических личностей у ойратов в китайских и монгольских источниках (на примере Угечи, Гуйличи, Менкэ-Тимура) // Вестник южного научного центра. Том 9, № 1. – 2013. – стр. 95–99.

7. Кукеев Д.Г. Минско-монгольские войны и возвышение ойратов. – стр. 270-277.

8. Кукеев Д.Г. О вхождении хошутов и торгутов в ойратский союз (XV в.) // Письменные памятники Востока. 2(9). 2008. – стр. 231-232.

9. Лубсан Данзан. Алтан тобчи («Золотое сказание») / отв. ред. Г.М. Румянцев. – Москва, 1973.

10. Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек: КТУ «Манас», 2010.

11. Петров К.И. Очерки феодальных отношений у киргизов в XV – XVIII вв. – Фрунзе, 1961.

12. Покотилова Д. История восточных монголов в период династии Мин. 1368-1434 (по китайским источникам). – Санктпетербург, 1893.

13. Шара-туджи. Монгольская летопись XVII века. – Москва, 1957.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
5059

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
3308

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
8030

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
10497

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×