Добавить статью
12:40 25 Февраля 2021 9327
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)

XVI кылымдын тарыхчысы Мухаммед Хайдар өз китебинде Моголстандын ханы Вайс хандын кайсы бир салгылашта жеңилип, бир тууган карындашы Махтум ханымды «калмак Исан-тайшиге» берүүгө макул болгондугун жана күйөө-баласын ислам динине киргизгендигин жазып кеткен [4, 97-б]. Тарыхчы К.И. Петров «Тарихи Рашиди» эмгегинде кыргыз «ханы» Эсэху жаңылыштык менен ойрот Эсэн-тайши менен алмаштырылгандыгын, Махтум ханым кыргыз башчысына берилгендигин жана кыргыздар жаңылыштык менен калмак катары эскерилгендигин белгилеген [10, 31-б.]. Бул окуялар кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында да Ак Мактым жөнүндөгү уламыштарда, дастандарда чагылдырылып келгендиги кызыгуу туудурат [14].

Биз бул жерде эки учурду эске алышыбыз керек: Биринчиден, ошол доордо ислам динине кире элек кыргыздарды моголстандык мусулмандар «калмак» деп аташкандыктан, моголстандык Махтум ханымдын «калмактарга» (тагыраагы кыргыздарга) кетиши жөнүндө армандуу уламыш тараган. Экинчиден, кийин моголстандыктар менен кыргыздар бир улут болуп жуурулушкандан кийин уламыш өзгөрүүгө учурап, кырк кулач чачы бар Ак Мактым сулуунун кыргыз болгондугу жана анын калмактарга туткундалып кеткендиги жөнүндөгү дастандар пайда болгон. Махтум же Мактым сулуунун өмүр баяны аркылуу кыргыздардын XV кылымдагы тарыхы, ошол доордогу Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети жөнүндө кызыктуу изилдөө жүргүзүүгө мүмкүн экендигин белгилегибиз келет.

Моголстан мамлекети жоюлгандан кийин, «XVI к. гана биринчи жолу кыргыздар азыркы жашаган жеринде эскерилгендигин» академик В.В. Бартольд өз эмгегинде айтып кеткен [3, 33-б.]. Ал эми этнограф С.М. Абрамзон токтолгон тыянак боюнча, азыркы Кыргызстандын аймагына «...Чыгыш-Теңир-Тоо тоо-этектериндеги, жарым-жартылайы Иртыш бойлорунда жана Алтайда жашаган кээ бир түркий тилдүү уруулар көчүп келишкен» жана алар «кыргыз» деген аталыш менен биригишкен [1, 627-б.]. Тарыхчы Б. Солтоноев жазып кеткендей, мындан бир кылым мурда жашаган кыргыз карыялары кыргыздардын «Алтай-Каңгайдан» көчүп келишкендиги тууралуу айтып жүрүшкөндүгү да бекеринен эместир [11, 17-б.]. Ушул сыяктуу жана башка тарыхый тыянактар кыргыз элинин өзөгүн түзө турган уруу-уруктар алгач Чыгыш Теңир-Тоодо бириккендигин, андан улам ал жерде XV кылымда кыргыз мамлекеттүлүгү түптөлгөндүгүн жана «оң» менен «сол» канат түзүмү ошондо пайда болгондугун болжолдоого түрткү берүүдө.

Кыргыздардын Чыгыш Теңир-Тоого качан жана кантип келип калышкандыгы азырынча толук изилдене элек. XIV к. аягында моголстандык жана алтын-ордолук саясий качкындарды Алтайдын түштүгүндөгү Иртыш дарыясынын жогорку агымында кабыл алып турушкан кыргыздар кийин түштүккө карай сүрүлүп, Чыгыш Теңир-Тоого көчүшкөн чыгар. Анткени тарыхчы А. Мокеевдин кабарына караганда, Махмуд ибн Валининин эмгегинде Ак-Ордонун башкаруучусу Чекире-хан 1417-жылы чегарадагы кыргыздарга каршы жортуул уюштургандыгы эскерилген [7, 101-102-б]. Экинчиден, ошол эле тушта Монголияга өз гегемониясын орноткон ойроттордун бирикмесине кирген кыргыздардын башкаруучусу Угечи-кашканын уулу Эсеху XV к. 10-20-жж. батыш тарапка бир канча жортуулдарды ишке ашырган. Моголстандын ханы Вайс хан менен Эсэхунун ортосундагы согуштардын натыйжасында Монгол Алтайындагы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоого жылып келе башташкандыгына К.И. Петров өз кезегинде токтоло кеткен [10, 30-31-б.].

Тарыхтагы Вайс-хан же Увайс-хан 1425-жылга чейин Шермухаммед хан менен бийлик талашып, атаандашынын өлүмүнөн кийин гана Моголстандын хантактысына олтурган. Ал ошондой эле XV кылымдын 10-жж. экинчи жарымынан 20-жж. ортосуна чейинки мезгилде «газават» ниетинде ойротторго (алардын ичинде кыргыздарга – К.М.) каршы 61 жортуул уюштуруп, бир гана жолу жеңгендиги, бир нече ирет туткунга түшкөндүгү айтылат. Анын биринчисинде Миң-Булак деген жерден туткундалып, кайра сый-урмат менен бошотулса, экинчисинде Биш-Каба деген жерден туткундалганда, аны дуглат уруусунан Эмир Сейдалы куткарып кеткен. Үчүнчү жолку туткундалганында Эсэхунун талабы менен хан өз карындашы болгон «Махтум ханимди берүүгө аргасыз болгон жана эркиндик алган» [4, 95-97-]. «Ак Мактым» чыгармасынын М. Зулпуевдин айткан вариантында Вайс-хандын ысымы Байсары деп өзгөрүлүп, ал Ак Мактымдын бир тууганы эмес, атасы катары эскерилет. Анда Мактымдын бир тууган агалары Айтаалы менен Малсары ууга чыгып кеткенде, Бегарстан тайчи капысынан кол салып, Мактым сулууну туткундап кеткендиги айтылат. Ю. Бостоновдун вариантында болсо, Мактымдын эки агасы болгондугу гана айтылып, алар жокто Асан паша (балким, Арслан тайши – К.М.) менен Чинтайчи кол салат [14]. С. Закиров эл оозунан чогулткан уламыштарга, айрыкча Балык манасчынын айткандарына таянып, Карача бийдин Ак-Мактым деген кызына кыргыздардын Сагын уулу Ташы (балким, Сагын тайши – К.М.) деген башчысы үйлөнгөндүгүн жазып кеткен. Ал «Бек Арстан Ташы» күүсүн да «Сагын, Ташы» менен байланыштырган [5, 31-б.]. Биздин оюбузча, кыргыз мамлекетинин башкаруучусун ойроттор менен моңголдор Эсэху (Сагын) тайши деп таанышса, аны кыргыздар Бегарстан тайши же Арслан тайши катары билишкен сыяктуу.

К.И. Петровдун пикири боюнча, Эсэху баштаган кыргыздар Увайс-хандын улусун Бешбалыктан Или дарыясына чейин сүрүп, анын натыйжасында Эсэху бүтүндөй Чыгыш Теңиртоого өзүнүн толук бийлигин орното алган. Мында Ысык-Көлдөн чыгышка карай кеткен тоолордо, азыркы Шинжаңдагы Иле-Казак автономиялуу облусунун аймагында XV к. 20-жж. кыргыздардын көз карандысыз мамлекети түптөлгөндүгү жөнүндө сөз болуп жатат. Ошол аймактарда «Манас» деген дарыя ж.б. жер аталыштарынын азыркыга чейин сакталып калышы да бул пикирди ырастагансыйт. «Тарихи Рашиди» эмгегинде Махтум ханымдан төрөлгөн эки уулдун ысымдары Ибрахим-оң жана Ильяс-оң болгондугуна, уламыштарда Бегарстан тайчы «Оң Бегарстан» деп да эскерилгендине караганда, кыргыз мамлекети ошол доордо оң жана сол канатка бөлүнгөн. С.Закировдун санжырасынын вариантында оң канаттын түпкү атасы Арстан бий, ал эми сол канаттыкы Тооке бий болгондугу айтылат [5, 35-б]. Балким, ошол доордо оң жана сол канатка бөлүнгөн кыргыздар өздөрүнүн бирикмесин «отуз уул» деп атап, алардын конфедерациясына жаңы кошулган урууларды «он уул» деп аташкандыр [2].

Эсэху же Арстан тайшинин ойротторго жана халха-моңголдорго карата таасири күчтүү болгон. «Угечи Хашиганын уулу Эсэху аялдыкка Самор-гунжини, (б.а.) Батула-чинсандын аялын алгандыгы» жөнүндө «Шара-тужи» эмгегинде кабар берилет [13]. Ага чейин Угечи-кашка да Элбег-хандан Улдзейту-гоа деген ханбийкени тартып алып, ага үйлөнгөндүгү белгилүү. Ошондон улам «Ак Мактым» дастанында полиандрия көрүнүшү орун алган, бирок ал бурмалануу менен Махтумга жармаштырылган. Петровдун пикири боюнча, Махтум ханымга чейин Эсэхунун ойроттордон тартып алган Цамур-гунжи деген моңгол ханбийкесинен Амасанжи-тайши (же Санжи Баши) төрөлгөн жана 1425-жылы Эсэху 39 жашында көз жумгандан кийин кыргыз мамлекети Амасанжи-тайшиге мурасталган. XV кылымдын 30-40-жж. Моголстандын жаш ханы Эсен-Буганын бийлиги алсырап турганда, чорос жана баарын сыяктуу могол уруулары Амасанжи-тайшинин ээлигине, башкача айтканда, кыргыздарга кошулуп кетишкен. Анын тушунда кыргыздардын тышкы саясаты ойротторго эмес, моголстандыктарга көбүрөөк ыкталып, жакын мамиледе болушкандыгы байкалууда. Мисалы, Мактымдын эки уулунан башка бир кызы болгондугу жана аны бойго жеткенде моголстандык дуулат уруусунун эмирине – Ала-Бука чебинин куруучусу Керимбердинин уулу Кадырберди мырзага беришкендиги маалым [9, 161-170-б]. Балким, Мухаммед Хайдар эскерген Амасанжи-тайшинин ысмы кыргыз санжырасындагы түпкү бабалардан болгон Чамас же Жанкороз менен үндөшүп жүрбөсүн.

1468-жылы Моголстанда Юнус-хандын бийлиги орногондо, ал эми Дешт-и Кыпчак талаасында Абулхайр-хан өлгөндө, бир канчалаган көчмөн мусулман уруулар Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздарга качып келишкен сыяктуу. Ошол эле убакта кыргыз мамлекетинде да Амасанжи-тайши менен Мактымдын уулдарынын ортосундагы саясий күрөш күч алып, Ибрахим менен Ильястын диндеш тарапташтары көбөйө түшкөн. «Тарихи Рашиди» эмгегинде алардын ортосундагы келишпестиктин себеби дин болгондугу ачык айтылат. Натыйжада Амасанжи-тайши жеңилип, батышка карай кетүүгө аргасыз болгондугу, аны курал менен тосуп алган Юнус хан салгылашта жеңилип калгандыгы тууралуу Мухаммед Хайдар минтип жазат: «Алардан качып, Амасанжи-тайши Моголстанга үч жүз миң адам менен келди. Жүз миңден он сегиз жолу эселенген адамдар Ибрахин-оң жана Ильяс-оң менен калышкандыгы белгилүү. ...Или дарыясынын аймагында салгылашуу болгон. Йунус-хан жеңилип калган» [9, 169-б.]. Бул саптардан Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекетинин калкынын саны ага чейин 2 миллионго жеткендигин, демек, болжолу 400 000 аскер чыгара ала тургандыгын түшүнүүгө болот.

Иле салгылашында көптөгөн могол эмирлери курман болуп, көбү туткундалса да, эмнегедир, кийин Амасанжинин эли кайра кайтып кеткендиги ошол эле булакта айтылат. Бирок, тарыхчы Петровдун пикири боюнча, ошол салгылаштан кийин кыргыздардын бир бөлүгү калып, казактардан бошогон Талас, Чүй, Ысык-Көл аймактарын ээлеп калган [10, 34-38-б.]. Ошол окуянын артынан эле Юнус хандын батышындагы душмандарынан да жеңилип калышы кыргыздардын «Ала-Тоо» аталган Түндүк Теңир-Тоону жана Памир-Алай тоолорун ээлеп алышына толук шарт түзгөн. Биздин болжолубузда ошол мезгилде Ала-Тоого, Памир-Алайга качкан кыргыздар Казак хандыгы, Бухара хандыгы менен жакындашып, ошол себептен кыргыз уруу башчылары «тайши», «кашка» сыяктуу титулдардын ордуна «бий» титулун колдонууга өтүшкөн жана 30-40 жылдан кийинки толкунда барган кыргыздардын жардамы менен өздөрүнүн көз карандысыз жаңы мамлекетин түптөй алышкан.

Амасанжи-тайшинин кетишинен көп өтпөй эле Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздар да өз мекенин ойротторго бошотууга аргасыз болуп, өздөрү Барскөл тарапка сүрүлгөн. Анткени 1455-70-жж. арасында ойроттор менен халха-моңголдордун бири-бири менен болгон тынымсыз тирешүүсүнүн натыйжасында ойроттор жеңилип, алар батышка карай жер которо башташкан эле. XV к. аягында кыргыз (бурут) башчысынын ордосу Барскөл көлүнүн жээгинде болгондугу кытай жазма булактарында катталган [7, 106-б.]. Мухаммед Хайдардын айтканына караганда, Ибрахим-оң менен Ильяс-оң баштаган 40 миң адам 1505-жылга чейинки мезгилде калмак ханынан качып, Кытайга барышкан экен [9, 169-б.].

Демек, Чыгыш Теңир-Тоодо жарым кылым жашаган кыргыз мамлекети жоюлуп, эми андан калган калк эки башка жерде – Ала-Тоодо (же Памир-Алайда) жана Барскөлдө – эки кыргыз мамлекетин курушкандыгын болжолдоого болот. Чыгыштагы кыргыздарды башкарышкан Мактым сулуунун уулдары Ибрахим менен Ильяс оозеки булактарда Алымсарык жана Кулансарык деген ысымдар менен эсте калышы мүмкүн болсо, батыштагы кыргыздарды жетектеген башкаруучунун Тагай бий болгондугун болжолдоого болот. XVI к. башында Моголстанда Ахмед-хандын (Алача хан, Карача хан) өлүмүнөн кийин Барскөлдөгү кыргыздардын бир бөлүгү үчүн Ала-Тоого, Памир-Алайга көчүүгө, мурунку кеткен кыргыздарга барып кошулуусуна жол ачылган. Ошондуктан, 1510-жылга карата кыргыздар Моголстандан (тагыраагы: Батыш Теңир-Тоодон) моголдордун бардыгын сүрүп чыгаргандыгын «Тарихи Рашиди» эмгегиндеги саптар ырастайт [12, 112-б.].

Кыргыздардын «Мактым» поэмасында жана уйгур элинин «Махтум-сула» деген жомогунда Мактым өзүнүн эки уулун кичинесинде таштап, качып кеткендиги баяндалат [8, 11-б.]. Тарыхта Мактымдын өмүр баяны кантип аяктагандыгы белгисиз болсо да, анын уулдарынын өз кезегинде көз карандысыз кыргыз мамлекеттеринин бирин башкарып өтүшкөндүгү талашсыз. XVI к. 10-30-жж. жашаган чыгыштагы кыргыз мамлекети моголстандыктар, ойроттор жана миндик кытайлар менен тең ата мамилелеш болгон. Тарыхчы А.Мокеевдин «Мин шиден» келтирген маалыматына караганда, 1518-жылы кытай чиновниги кыргыздардын башчысын Моголстанга караштуу Турфанга кол салууга тукурган. Натыйжада он миңдеген турфандык өлтүрүлүп, Турфандын башкаруучусу кыргыздар менен тынчтык келишимин түзүүгө аргасыз болгон. Дагы бир кабар боюнча, 1530-жылы Хами окуругунун башкаруучусу Барскөлдөн кыргыздарга кол салып, мал-жандыктарын талап-тоногон. Ошондон кийин кыргыз башчысы ойроттор сымал Мин мамлекетине баш ийүүнү суранган, бирок алар кабыл алышкан эмес. Лобнорлуктардын тилин изилдөөчүлөр Лобнор көлүнүн батыш жагына Барскөлдөгү кыргыздардын көчүп барышкандыгын болжолдошкон [7, 106-107-б]. Андан тышкары, сары уйгурлар, долондор сыяктуу жана башка этникалык топтор, ошондой эле Чыгыш Түркстандагы бир катар топонимдер да азыркы кыргыздар менен тыгыз байланышы бар экендиги далилденген [6, 204-206-б.].

Жыйынтыктап айта турган болсок, XV кылымдын башында Чыгыш Теңир-Тоо аймагын моголстандыктардан тартып алып, ал жерде өздөрүнүн мамлекетин курган кыргыздардын башкаруучусу жазма булактарда Эсэху, оозеки булактарда Бек Арстан тайши катары эскерилет десек болот. Ал саясий максатта чыгышындагы жана батышындагы чыңгызийлердин тукумунан болгон ханбийкелерге үйлөнгөн. Түндүк Юань мамлекетинин ханбийкеси болгон Цамур-гунжиге үйлөнгөндөн кийин төрөлгөн Амасанжи-тайши атасынын артынан кыргыз мамлекетин башкарган жана моголстандыктар менен жакын карым-катнашты камсыздаган. Ал эми Моголстан мамлекетинин ханбийкеси Махтум ханум кыргыз башкаруучусуна Ибрахим жана Ильяс деген эки уул жана бир кыз төрөп берген. Ал эми кыргыз дастандарында жана уйгур жомокторунда Мактым сулуу эки уулдуу болгондон кийин качып кеткендиги баяндалып келген. Болжолу 1468-70-жж. кыргыз мамлекетинде Ибрахим менен Ильяс бийликти алгандыктан, Амасанжи-тайши (Чамас же Жанкороз) 300 миң адамы менен Ала-Тоо тарапка качкан. Көп өтпөй, ойроттордун кысымы менен Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыздардын бардыгы ар тарапка, көбүнчө Барскөл, Лобнор жана Батыш Теңир-Тоо, Памир-Алай аймактарына сүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар:

-Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер / Котор. С.Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Бишкек, 1999.

-Асанов Т.И. Этнополитическая структура кыргызов в XV-XVI вв. // Диалог цивилизаций на великом шелковом пути. Материалы Международной научной конференции Бишкек, 26-27 сентября 2001 года. – Бишкек, 2002. – стр. 32-37.

-Бартольд В. В. Киргизы (Исторический очерк). – Фрунзе, 1927.

-Дулати Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди (Рашидова история): Перевод с персидского языка, 2-е изд. дополненное / ред. А.Урунбаев. – Алматы, 1999.

-Закиров С. Долон бийге чейинки санжырадан // Кыргыз санжырасы / Башкы ред. К.Жусупов ж.б. – Бишкек, 1994.

-Каратаев О.К. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары. – Бишкек, 2013. – 204-206-б.

-Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек: КТУ «Манас», 2010.

-Пантусовъ Н. Н. Сказки таранчей. – Казань, 1909.

-Петров К.И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и взаимоотношений с ойратами в XIII-XV вв. – Фрунзе, 1961.

-Петров К.И. Очерки феодальных отношений у киргизов в XV – XVIII вв. – Фрунзе, 1961.

-Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы / Ред. Жапиев Ж. 1-китеп. – Бишкек, 1993.

Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана (XII-IXVIII вв.) / Сост. -Джуманалиев Т.Д. – Бишкек, 1996.

-Шара-туджи. Монгольская летопись XVII века. – Москва, 1957.

-Элдик поэмалар /А. Акматалиевдин жалпы ред. астында. Түз. жана баш сөзүн жазган Г. Орозова. 31-том. – Бишкек, 2012.

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
9915

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
6107

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
7688

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
13645

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
9846

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
31381

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
21962

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×