Добавить статью
9:26 16 Января 2014 123118
Бектемир Миталипович Жумабаев
Автор: (1960 - 2014)

140116jumabaev Кыргызстандын билим берүү тармагы жана тарых илими орду толгус оор жоготууга учурады. 2014-жылдын 16-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Бектемир Миталипович Жумабаев күтүүсүз оорунун айынан мезгилсиз дүйнө салды. Эгемендик доорунда кыргыз тарых илимин жаңыча иликтөөгө жана тарыхчылар менен чыгыш таануучулардын жаңы муунун калыптандырууга зор салым кошкон илимпоз, педагог устаттан айрылдык.

Б. М. Жумабаев 1960-жылдын 14-июнунда Кыргызстандын Ош облусундагы Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында төрөлгөн.

1967-1977-жылдары Чоң-Алай жергесиндеги туулуп-өскөн айылындагы орто мектепте окуп, аны бүтүргөндөн кийин Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

1978-1983-жылдары ал Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетинде окуп, аны ийгиликтүү аяктап, “тарыхчы, тарых жана коом таануу окутуучусу” адистигин алып чыккан. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш адис Бектемир Жумабаев 5-курста окуп жаткан чагында эле өзү таалим алган факультеттин Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасына ишке алынган.

1983-жылдан 1996-жылга чейин КУУнун тарых факультетинде окутуучу, улук окутуучу жана доцент болуп иштеген. 1994-жылы ал “XIX кылымдын акырындагы – XX кылымдын башындагы Түштүк Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий турмушу орусиялык саякатчылардын жана изилдүүчүлөрдүн эмгектеринде” деген темада кандидаттык диссертациясын Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында коргогон.

Ал 1996-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынында улук консультант, эксперт жана бөлүм башчылык кызматтарды аркалаган.

Б. М. Жумабаев 2001-2006-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Чыгыш тилдери жана маданияттары институтунун директору болгон.

Ал 2006-жылы аталган университеттеги докторантурага өткөн. Аны 2008-жылы бүтүргөн. Б. М. Жумабаев “Памир маселесинин” алкагында империалисттик мамлекеттердин ортосундагы геосаясий күрөш: (Расмий Англия жана Кытай XIX кылымда)” деген темада жазылган доктордук диссертациясын 2010-ж. 22-октябрда ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган.

2013-жылы декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялоо комиссиясы Б. М. Жумабаевге “профессор” наамын ыйгарган.

Ал 2008-жылдын соңунан тартып өмүрүнүн акырына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы болуп иштеп келди. Бул мезгилдерде факультет өлкөдөгү тарыхчыларды тарбиялаган мекемелердин алдыңкы сабында болуп, тарых жаатындагы бир катар эл аралык жана жумурияттык илимий-практикалык жыйындарды, симпозиумдарды, талкууларды тынымсыз уюштуруп келди. Алардын орчундууларына 2012-2013-жылдары өткөрүлгөн Улуу Кыргыз кагандыгынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык жыйындар, ошондой эле ысымдары совет доорунда аталбай келген генерал Ысак Монуевдин жана башка чыгаан инсандардын мааракелерине арналган илимий жыйындар кирет.

2012-жылдын февралында ал “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти болуп шайланган. Башка да бир катар коомдук уюмдардын ишине жигердүү катышкан. Кыргызстандын тарыхын жаңыча жана калыс жазуу кыймылына ырааттуу катышып келген. Ал коомдук демөөрчүлүк менен жаралып жаткан “Кыргыз тарыхы” жети томдугунун бешинчи томунун редакторлорунун бири болгон.

Б.М.Жумабаевдин агартуучулук жаатындагы жетишкендиктери эске алынып, ал “Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланган. 2005-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мааракелик медалын алган. 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Ал чыгаан окумуштуу, публицист жана агартуучу катары 100дөн ашуун илимий жана илимий-жамаагаттык макалаларды жана 3 монографияны жарыялаган. Өлкөбүздөгү жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү нечендеген жаш тарыхчы жана чыгыш таануучу окумуштууларга таалим-тарбия берип, алардын илимий иштерине жетекчилик кылып, нускоочу катары көмөк көрсөтүп келген. Анын беш шакирти тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

Бектемир Миталипович Жумабаев мээнеткеч кызматы жагынан да, өзүнүн жөнөкөй, кичи пейил, мээримдүү, жароокер мүнөзү жана мыкты адамгерчиликтүү сапаттары менен чогуу иштешкен кызматташтарынын, окуткан студент-аспиранттарынын, жолдош-жоролорунун арасында чоң кадыр-баркка, сый-урматка ээ болуп келген. Ал өмүрдүк жубайынын сүйүктүү жары, эки кызы менен уулунун камкор атасы эле.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын аза кайгыларын бөлүшөбүз.

Бектемир Миталипович Жумабаевдин жаркын элеси анын илимий-педагогдук жана агартуучулук мурасы менен коомдук ишмердигин аздектеген замандаштарынын жүрөктөрүндө түбөлүккө сакталат.

К.А.Талиева, К.Ж.Садыков, С.А.Раев, Т.Бакир уулу, Н.Мадалиев, А.Маматалиев, А.Т.Сулайманов, М.А.Карыбаева, А.Э.Эркебаев, Н.И.Ишекеев, И.Ч.Исамидинов, Т.А.Абдырахманов, С.Кайыпов, Э.Ж.Усекеев, Ш.Б.Салпиев, Н.Ж.Эсенгулов, Р.К.Сарымсакова, Т.Т.Каракеев, М.И.Шарипбаев, Ж.А.Акматов, Ж.К.Бузурманкулов, Ж.М.Жаманкулов, А.Асанканов, Ж.Бөкөшев, К.Конкобаев, А.Акунов, М.М.Күчүков, Т.К.Чоротегин, Э.М.Маанаев, Т.Кененсариев, О.К.Каратаев, К.С.Молдокасымов, М.З.Мусаева, Т.Н.Өмүрбеков, Ж.Жакыпбеков, Т.Шейшеканов, Ш.Ж.Батырбаева, А.Р.Бикбулатова, Т.Жоробеков, Ж.О.Өмүрова, А.Арзыматова, К.Ш.Табалдыев, А.Кушубеков, А.К.Койчиев, Д.Эсеналиев, З.К.Урузбакиева, Н.В.Бредихин, Ж.Ж.Жоробеков, А.С.Сарыбаев, Ж.А.Бокоев, А.А.Асанова, Б.Т.Токтобаев.

АКИpress редакциясы маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×