Добавить статью
23:12 8 Марта 2021 Обновлено 9:36 9 Марта 2021 5323
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?

1504-жылы Ахмед Алача (же Карача) хан өлгөндөн кийин, Моголстан мамлекети төрткө бөлүнүп, могол башкаруучусу болгон Ахмед уулу Мансур хандын бийлиги чыгыш бөлүгүндө гана сакталып калган эле. Анткени Моголстандын батышын Шейбани хан баштаган көчмөн өзбектер ээлесе, түштүк бөлүгүндө Мырза Абубекр баштаган дуулаттар көтөрүлүп, ал эми түндүк бөлүгүн Тагай бий баштаган кыргыздар тартып алышкан болчу.

1508-жылы кыргыздар Султансаид жана Султанхалил деген могол ханзаадалырынын көтөрүлүшүнө колдоо көрсөтүп, бирок Чарын-Чилик салгылашында Мансур хандан жеңилип калышкан. Буга карабастан, Тагай бий кайрадан эле Теңир-Тоододо өз бийлигин кыска убакытта орното алган. Ошол доордо жашаган тарыхчы Мухаммед Хайдардын экинчи китебинде «(хижранын) 916-жылы (б.а. 1510-жылы) кыргыздардан улам бир да могол Моголстанда тура албай калган» деген сап бар. Эмгектин башка жеринде болсо, "кыргыздар менен моголдордун калдыктары" бирге болушкандыгы баса белгиленет [4]. Мындайча айтканда, Борбордук Моголстандагы көчмөн моголдор да Мансур хандын бийлигинен баш тартып, кыргыздардын бийлигине ооп кетишкен.

Ошол доордо Орто Азияда эски мамлекетер кулатылып, жаңы мамлекеттер курула баштаган жана жаңы улуттар калыптанган. Мисалы, отурукташкан калктардын үстүндөгү бийликке Шейбани хандын жетекчилигиндеги көчмөн өзбектер ээ болушса, ал эми кең талаадагы көчмөндөр Жаныбек менен Керейдин айланасында «казак» деген аталыш менен биригишкен. Ошол эле учурда Теңир-Тоо, Памир-Алайдагы тоолук көчмөндөр болсо, Тагай бийдин бийлигин таанып, «кыргыз» деп атала башташкан. Тагай бий теги ар башка болгон көптөгөн көчмөн урууларды бир мамлекетке бириктирип, алардын бардыгы «кыргыз» деп аталышы үчүн атайын идеалогияны жайылткан. Анын саясатына ылайык, жаңы кошулган уруулардын бардыгы «тондуу уул», «эженин уулу» сыяктуу даражаларга көтөрүлүп, жөнөкөй тил менен айтканда, кыргыздын "кырк уруусунун" ар биринин укуктары теңделген.

Ошентип, Тагай бий азыркы Кыргызстандын аймагында көз карандысыз кыргыз мамлекетин түптөгөн. Эгерде коңшу мамлекеттер Чыңгыз хандын урпактарына бийликти берип, хандыктарды түптөшсө, ал эми Тагай бий болсо. Амир Тимур сыяктуу чыңгызийлерди тааныбай, өзүнүн эмирлигин түптөгөн. Тагай бийдин тушунда Кыргыз эмирлигинин туусун көтөрүп жүрүү жана сактоо милдети черик уруусунда болгондугун санжыралык баяндар ырастайт [3]. «Мажму атут-таварих» деген эски эмгекте Тагай бахадур өз мамлекетинде башкы идеалогия катары ислам дининин жаюлуусуна ынтызар болгондугу кеңири баяндалат [2].

Илгертеден кыргыздар он уул жана отуз уул болуп биригип келишсе, Тагай бий кыргыз урууларынын биримдигин кайра башынан уюштуруп, согуштук стратегияга жараша кыргыз жоокерлерин "оң", "ичкилик" жана "сол" деген үч аскердик бөлүккө бөлгөн. Ошол эле 16-кылымдын башында дуулаттар менен кыргыздардын ортосунда да согуш болгондугу маалым [4]. Сыягы, Тагай бий өз бийлигин Чыгыш Түркстанга да жаюуну каалап, ошондой салгылаштардын биринде курман болгондур. Тарыхчы Белек Солтоноевдин кабары боюнча, 1916-жылкы Үркүндө барган кыргыздарга үч-турпандыктар ал жактан Тагай бийдин сөөгү жаткан жерди көргөзүшкөн [5]. Санжыра боюнча, Тагай бийдин артында Богорстон, Койлон, Кылжыр, Карачоро, Саяк жана Азык деген 6 уул калган [6].

1514-жылдагы окуялардан баштап, кыргыздардын башында Мухаммед Кыргыз деген башкаруучу болгондугу эскериле баштайт. Ал Султансаид деген могол ханзаадасы менен аскердик союз түзүп, алар биргеликте дуулаттарга каршы согуш ачып, Мырза Абубекирди жеңишкен. Бирок бул жеңиштен кийин Түштүк Моголстанга ээ болгон Султансаид чыгыштагы өз агасы Мансур хан менен биригип кетет да, алар кайра кыргыздарга каршы согуш ачышкан [4]. Ошентип, Мухаммед Кыргыздын эски союздашы эми кайра элдешкис душманга айланган.

Насирдин Бөөмбаевдин санжырасы боюнча, кыргыздардын Мамбет аке аттуу аксакалы элди оң жана сол канатка бөлгөн [1]. Ал эми Үсөйүн ажынын санжырасында Тагай бийдин Кылжыр деген уулунун дагы бир аты Маметбек болгондугу айтылат [7]. Демек, өз аты-жөнү Тагай уулу Кылжыр болгон бий мусулманчылыктын таасири менен Мамбет деген кошумча ысым алган. Ал эми Мамбет Кылжырды коңшу мусулман мамлекттеринин башчылары Мухаммед Кыргыз деп таанышкан десек болот.

Мамбет Кылжыр көз карандысыз мамлекеттин башкаруучусу катары Түркстан, Сайрам сыяктуу шаарларга жортуул жасап турган. Султансаид кыргыздарга каршы согуш баштоосунун себеби катары дал ушул окуяны шылтоо кылган [4]. 1517-жылы Барскоон салгылашында кыргыздар менен моголдор беттешип, кыргыз тарап жеңилип калган жана Мамбет бий туткундалып кеткен. Бирок ал өзү туткундалган күндө да, душмандарга баш ийбөөнү талап кылгандыктан, кыргыз бийлери өз алдынчалыгын сактай беришкен.

Аргасыздан Султансаид хан 5 жылдан кийин Мамбет бий менен жаңы келишим түзүп, аны туткундан бошотот да, 13 жашар Рашид деген ханзаадага кошуп, кыргыздарды каратууга жиберет. Бирок, бул жолкусунда Мамбет бий амалкөйлүк кылып, ал кайрадан көзкарандысыз саясатын уланта баштаган жана түндүгүндөгү Казак хандыгы менен жакындашууну чечкен.

1524-жылы Султансаид хан кыргыздарга карай экинчи жортуулун уюштуруп, дагы бир жолу Мамбет бийди туткунга түшүргөн. Бирок, бул жолкусунда да, Тагай уулу Мамбет бийдин керээзи боюнча, кыргыз бийлери Султансаидге баш ийбей, казак ханы Тахир-хан менен аскердик союз түзүшкөн [4].

Мамбет Кылжырдын артында Дөөлөс жана Орозбакты деген эки уулу калып, санжыралык баяндарда Дөөлөс баатыр да душмандарда туткунда болгондугу айтылып келет [6].

Пайдаланылган маалымат булактары:
1. Асанов Т.И., Турганбаев Э. Бөөмбаев Насирдин жана анын кол жазмасы (https://new.bizdin.kg/.../boombaev-nasirdin-zhana-anyn...)
2. Извлечения из Маджму ат-таварих. Перевод В.А. Ромодина. – Ленинград, 1963.
3. Кыргыз санжырасы / Баш. ред. К.Жусупов ж.б. - Бишкек, 1994.
4. Мырза Мухаммад Хайдар. Тарихи Рашиди (http://www.vostlit.info/.../Tarich_Rashidi_II/frametext.htm)
5. Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы / Ред. Жапиев Ж. 1-китеп. – Бишкек, 1993.
6. Төрөкан у.Э. Кыргыздын кыскача санжырасы. - Бишкек, 1995. (https://new.bizdin.kg/media/books/Кыргыздын_кыскача_санжырасы_1т..pdf)
7. Үсөйүн ажынын санжырасы (https://new.bizdin.kg/kniga/usoyun-azhynyn-sanzhyrasy)
Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
7680

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
8278

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
7056

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
12844

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
9236

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
30439

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
21215

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×