Добавить статью
11:44 7 Мая 2021 3924
Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык абалы, фронттогу жана ооруктагы күжүрмөн эрдиктер

Улуу Ата-Мекендик согуш болуп көрбөгөндөй адам өмүрлөрүн өчүрүп, табыгый ресурстарды, курал жарактарды талап кылып оор жоготууларга алып келди. Эң башкысы орду толгус адамдык жоготуулар болду. Адам өмүрүн алып жаткан каардуу күндөрдө жалпы Кыргызстан эли жер-жерлердеги айыл-шаар тургундары, башкаруучулардан тартып жөнөкөй жумушчу-дыйкандарга чейин жеңиш үчүн салымдарын кошушкан. Советтик Социалисттик Республикалардын Союзу (СССР) согуш жылдарындагы беш жылда 93,012 млрд. доллар каражат сарптап, 482 миң куралдын түрлөрүн, анын ичинде 120 миң самолет, 90 миң танк, 360 миң пушка, 300 миң минамет ж.б. куралдарды жасап чыгарган [1]. Ошол мезгилдеги экономикалык абалды жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүн эске алганда бул сандардын артында миңдеген элдин тылдагы эмгеги, жүздөгөн азаматтардын согуш талааларындагы эрдиги турат.

Баарыбызга маалым болгондой Сүлүктү Кыргызстандагы көмүр кенине бай аймак катары саналат. Көмүр өндүрүштүк жол менен (1868-1917-жж.) казыла баштагандан тартып кеңеш бийлиги орногонго чейин 400 миң тонна казылып алынган. Кеңеш бийлиги орногондон тартып экинчи дүйнөлүк согуш башталганга чейин Сүлүктү көмүр кендеринен 4 млн. тоннадан ашуун көмүр алынган, бул болжол менен жылына орточо 172 миң тонна көмүр өндүрүлгөнүнөн кабар берет [2,43]. Ал эми согуш жылдарында жылына 400 миң тоннадан ашык казылып турган [3]. Көмүр өнөр-жай, транспорт каттамдарын, электростанцияларды отун-энергетикалык жактан камсыздоонун кепили болгон. СССРдин батыш аймактарынан завод-фабрикалар чыгыш тарапка, анын ичинде Кыргызстанга да 30дан ашуун ишкана көчүрүлгөн. Көмүрдүн болуусу завод-фабрикалар үчүн маанилүү жагдай эле. Бул жылдары Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр жана Сүлүктү кендери аймактагы негизги отун-энергетикалык база катары кызмат кылган. Алсак Сүлүктү көмүр кендеринде 1940-жылы 411366 т. көмүр өндүрүлсө 1941-жылы 509994 т. көмүр өндүрүлгөн [4]. Согуш жылдарында көмүр өндүрүүнүн болуп көрбөгөндөй жогорулоосу байкалат. Мунун себеби согуштук мезгилде көмүргө болгон суроо-талаптын жогору болгондугу менен түшүндүрүүгө болот. Кыргызстандын түштүк аймагындагы көмүр кендери Кызыл-Кыя, Көк-Жангак, Таш-Көмүр, Сүлүктү согуш жылдарында “Кыргызкөмүр” трестине бириктирилген [5]. Бул иш-аракет өз кезегинде башкарууну күчтөндүрүп аскердик чарбалык тапшырмаларды так аткарууну камсыздаган.

Көмүргө болгон талап 1941-1945-жж. өсүп, өндүрүлгөн көмүр өнөр жай ж.б., ишканалар үчүн абдан маанилүү болгон. Жогоруда белгилегендей 1941-ж. жыйынтыгы менен Сүлүктү кендеринен өндүрүлгөн жалпы көмүр 509,9 тоннага жеткен башкача айтканда көмүр казуу 1940-ж. салыштырганда 98,6 миң тоннага көп болгон [6]. Согуш жылдары аралыгында Сүлүктү кендеринен 1473,5 миң тонна көмүр өндүрүлгөн [7]. Болжол менен жылына орточо 368-369 миң тоннага чейин көмүр өндүрүлгөн. Ошол жылдардагы шахталардын техникалык абалын жана шахтерлордун санын, эмгек шартын эске алганда шахтер-жумушчулардын талыкпаган күжүрмөн эмгегинен кабар берет. Күжүрмөн эмегектин артынан Сүлүктү №2/8 шахтасынын көмүрчүлөрүнө советтик коомдун жогорку сыйлыктарынын бири болуп эсептелинген “Өтмө Кызыл Туу” тапшырылган. Анткени бул кен казып алууну пландан тышкары б.а., планды 179,8% ашырып аткарышкан [8].

Согуштук абалга карабастан Кеңеш өкмөтү кендердин, колхоздордун башчылары, көмүрчүлөр жана жумушчулар үчүн, болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып жумуш үчүн жакшы шартты жаратууну колго алышкан. Ал эми кен жана колхоз талааларында эмгектенген көмүрчү жана жумушчулар да фронт үчүн эпкиндүү эмгектенишкен. Көмүр кендеринде адистерден куралган жумушчу отряддар түзүлгөн, көмүрчүлөрдүн айрым категориялары согушка барбаганы менен кендерде жалпы иштин жүрүшүндө талыкпаган эмгектеги эрдиктерин көрсөтүшкөн. Көмүр кендеринде иштөө үчүн квалификациялуу адистердин болуусу шарт болгон, 1941-ж. жарымы 1942-ж. башында Кызыл-кыя жана Сүлүктү кендеринен согуш майданына жиберилген көмүрчү-жумушчулардын 67,2% анын ичинен 50% жогорку квалификациялуу инжинердик-техникалык кызматкерлер болгон [9]. Атайын кесиптик билими бар инжинердик-техникалык кызматкерлер көмүр өндүрүүдөгү негизги кыймылдаткыч күч катары каралып, жогоруда белгеленгендей көмүр кендеринде “бронь” менен шахтер-жумушчулардын айрым категориялары согуштан калтырылган. Анткени көмүр кенинде иштөө да экинчи фронт катары эсептелинген.

Ошондой болгону менен согуш мезгилинде көмүр кендеринде жумушчу күчтүн жетишпегендигинен кенде иштөөнү карыя картандар, аялдар, өспүрүм балдар да колго алышкан. 1943-жылы Сүлүктүдөгү алуудагы карыялар да көмүр кендерине кайрадан жумушка чыгышкан. 1941-жылы Сүлүктү кен башкармасындагы жыйында аялдарга кайрылуу жарыяланып, анын негизинде кенде иштөөгө 600дөн кыз-келиндер колдошуп кендерге иштешкен [3,41]. Сүлүктү көмүр кендеринде аялдар көмүр казуу адистигин өздөштүрүшкөн алардын саны 1000ден ашуун болгон. Аял көмүрчүлөрдүн көпчүлүгү планды ашыгы менен аткарышкан мындай күжүрмөндүккө Садыка Мусулманованын эмгеги мисал боло алат. 1942-ж. Сүлүктүлүк аялдардын колунан жасалган 550 койдун терисинен жасалган тон, 153 пахталуу фуфайка, 185 тумак жана байпак тумак колкап токуп жиберишкен [10]. Мындан сырткары жалпы Сүлүктүлүктөр 1943-ж. жеке каражаттарынын эсебинен 135700 рубль акчалай жана 13800 рубль облигацияларын танкаларды курууга жиберишкен [11].

Аялдардын согуш учурунда тылдагы күжүрмөн эмгеги жеңиш үчүн чоң салымы болгон. Согуш жылдары аялдар менен кошо жаш балдар да фронттун муктаждыктарын чечүү максатында өндүрүштөгү (1942-жыл 21-майдагы СССРдин ЭКК 14 жашка чыккандарды өндүрүшкө тартуу боюнча токтомуна ылайык) жумуштарга тартылган. Жаштардын арасында комсомолдук-жаштар бригадалары түзүлгөн. Сүлүктүдө алардын бири Коңурбай Раимбердиевдин бригадасы болгон. Бул бригада 2/8 көмүр кенинде уюшулуп планды 120-130% чейин аткарып турушкан. Мындай эмгеги үчүн К. Раимбердиев СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун 1942-ж. Указы менен Ленин ордени менен сыйланган [8,35]. Жаштар, жана аялдардын жардамы менен 1942-ж. кууш темир жолдун №1 шахтадан №2/8 шахтасына чейин курулуп бүткөрүлгөн [3,18]. Кууш коллеялуу темир жолдун курулушу өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга негиз болгон.

1941-жылы Сүлүктү боюнча Кызыл Армиянын муктаждыктарын чечүүгө сүлүктүлүктөр 59350 рубль чогултуп беришкен [13]. 1942-жылы 531473 рубль ошондой эле кенчилер согуш талаасындагы аскерлерге 46000 рублга 250 белек алып жиберишкен. Ал эми аскерлер тарабынан бошотулган аймактагы элдерге 43100 рубль чогултулган. “Күнөстүү Кыргызстан” эскадрилиясынын курулушуна 38000 рубль, улуттук бөлүктөр фондуна 62000 рубль, комсомолдук танктардын курулушуна 3000 рубль жиберишкен. Мындан сырткары 1942-жылы 190 кг. кой жүнүнөн, жибектен тигилген кийим кечелерди да фронтко жиберишкен [13,4].

Сүлүктү элинин бүткүл элдик фронтко жардам берүүнүн алкагында 1942-жылы Коргонуу фондуна 542миң сом ал эми “Күнөстүү Кыргызстан” эскадрилиясына 40 миң сом жиберишкен. Мындан сырткары жеке инсандар жеңиш үчүн өз салымдарын кошушкан. Мисалы: “2-шахтер” колхозунда эмгектенген Абдымомун Төрөев 100миң сомду “Кыргызстандын кенчиси” танкалык калоннасына жиберген [14]. Мындай демилгени У. Рахманова, Ж. Рахманов, Б.Исаев, Х. Дыйканов, О.Каримов ж.б., колдошуп жекече акчалай салымдарын жеңиш үчүн кошушкан. Мындай элдик демилгелер Сүлүктүлүктөрдүн арасынан арбын чыгып, жалпы эле фронт муктаждыктарын чечүүгө салым кошуу идеологиясы, патриоттуулук, боорукердик жакшы жайылтылган. Ошондой боорукердиктин дагы бир мисалы катары ошол жылдардагы оор абалга карабастан Сүлүктү эли эвакуацияланып келген 1500 адамды кабыл алуусун алсак болот. Мындан сырткары Кавказдан депортацияланган 947 чечен Сүлүктүгө жайгаштырылган [3,15]. Салыштыруу иретинде белгилеп кетели Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда (т.а., 1944-жылы) Кыргызстанга 300000 адам депортацияланган ошолордун 2500үн Сүлүктүгө жиберишкен.

Сүлүктү кенинде согуштук абалдын таасири, ачкачылык, мында жашап жана иштеген ар бир кишиге түздөн-түз тийген. Алсак кен ишинде иштегендерде маяна алуу жок болгон, инжинердик-техникалык кызматкерлерге бир күнүнө 800 гр нан, кант жана башка зарыл азык-түлүктөр берилип ал эми жумушчуларга күнүнө 800 гр нан, бир айга 300гр кант ошондай эле 12 жашка чейинки балдарга күнүгө 400 гр нан, кант ж.б., азык түлүктөр берилип турган [15]. Жогоруда айтылгандай аялдар, жаш балдардын жардамы менен көмүр өндүрүүнү денгээли түшпөгөнү менен ачкачылык аймакта өкүм сүрүп, жетишсиздик өтө курч болсо да Сүлүктү эли эпкиндүү эмгектенүүнү улантып жеңиш үчүн салым кошушкан.

Тылдан фронтко келген жардам мыкты уюшкандыгына карабастан согуш талааларында жалпы советтик аскерлердин арасында Сүлүктүлүктөр да өз жанын берип мекен үчүн кан төгүшкөн. Сүлүктү аскер комиссариаты тарабынан фронтко чакырылгандардын жалпы саны 2068, анын ичинен кайтып келген жоокерлер 638, курман болуп сөөгү коюлган жери белгилүүлөрү 464, дайынсыз жок болуп кеткендердин саны 966 киши. Курман болгондордун улуттук курамы боюнча: кыргыздар 158, орустар 142, татарлар 89, өзбектер 33, украиндер 9, тажиктер 3, мардвиндер 2, беларус 2, латыш 1, еврей 1, армян 1, ошондой эле архивдик булактарда алардын 989нун улуту көрсөтүлбөгөн. Курман болуп жана дайынсыз жок болуп кеткендердин аскердик наамдары боюнча: 18 ефрейтор, 31 кичи сержант, 53 сержант, 20 улуу сержант 8 лейтенант, 1 майор, 7 старшина болгон. Кайтып келген жоокерлер 638 алардын ичинен аскердик наамдары боюнча 30 ефрейтор 32 кичи сержант, 73 Сержант, 27 ст. Сержант, 23 старшина, 452 катардагы аскер 1 матрос келип, алардын 364ү ар кандай жаракаттар менен кайтышкан [16]. Кыргызстандан согушка 365 миңге жакын жоокер катышкан болсо анын 90000и курман болуп кайтпай калган. Башкача айтканада жалпы Кыргызстандыктардын согуштан кайтпай калган аскерлери 25% түзөт. Ал эми салыштырмалуу алганда Сүлүктүдөн 2860 аскер согушка жиберилип курман болуп кайтпай калган аскерлердин саны 1430, бул согушка мобилизациялангандардын 50% түзөт, алардын ичинен 966 Сүлүктүдөн чакырылган эр азаматтардын дайыны жок, сөөгү коюлган жери белгисиз. Кыргыздын адаты боюнча алардын туугандары топурак салмак тургай алардын сөөгү кайсыл жерде экенин билишпейт, бул боюнча тарых тактоолорго муктаж деп эсептейбиз.

Ошентип согуш шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө гана терс таасирин тийгизбестен, андан жалпы коомчулук да олуттуу жабыркаган, жапа чекпеген бир да үй-бүлө жана киши болгон эмес. Согуш учурунда ири ресурстар каржылык, материалдык жана эң негизгиси адамдык жоготуулардан кийин бүткүл өлкө боюнча эл чарбасын калыбына келтирүү мезгили башталган. Кыргызстан анын ичинде Сүлүктү фронтон өтө алыста болгонуна карабастан согуш анын экономикасына олуттуу терс таасир эткен. Чарбаны калыбына келтирүүнүн негизги максаты согуш учурунда жабыркаган өндүрүштөрдү кайрадан калыбына келтирүү болгон. Анткени абдан алсырап турган өлкөнүн экономикасында бул иш стратегиялык маанилүү болуп эсептелинген. Ал эми Сүлүктүдө болсо 1948-жылы көмүрчүлөрдүн казып алган көмүрүнүн көлөмү 330,7 т. жеткирилген. Бул Сүлүктү көмүр кендериндеги согушка чейинки өндүрүштүн көлөмүнөн ашырылган көрсөткүч эле [17].

Кубанычбек Таиров

Колдонулган адабияттар:

1.http://finance.bigmir.net/news/economics/15351-Cena-Pobedy-skol-ko-stoila-Vtoraja-mirovaja

2.Ибраев М. Галкин А. Сулюкта-город шахтеров. – Фрунзе, 1975.

3.Мадаминов Г. Сүлүктү шаарынын кыскача тарыхы.- Бишкек, 2009.

4.КР. БМА, Ф. 1445, оп.11, №46, 13-бет.

5.Ош обл.СДА ф.23 оп 1. №1120 14-бет

6.Ош обл. СДА ф.23. оп.1. №1120 2-бет

7.Ош обл. СДА ф.23. оп.1. №1047

8.Машрабов А. Сейдалиев М. Өрнөктүү өмүр: (Документалдык биографиялык басылма) – Бишкек, 2012.

9.Ош обл.СДА ф.23 оп 1. №901

10.СшМА ФондN: 7, Опись:N:1, ДелоN:582, связька, 77-бет.

11.Ош обл. СДА ф.23. оп.1. №1087

12.Ош обл.СДА ф.23 оп 1. №901

13.СШМА Ф 33. Оп 1. Ед 1

14.СшМА Ф 28. Оп1. Ед.11. 9-бет

15.Лейлек-Сүлүктү аймактык аскер коммисариатынын учурдагы архиви.- 2016.

16.Ибраев М. Галкин А. Сулюкта-город шахтеров. – Фрунзе,1975. 24-л

17.Ош облусттук саясий документациялык архив. Фонд 23. Оп 1. № 901, 1120, 1046, 1401, 1926, 2241.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

07-05-2021
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков жөнүндө
6622

04-05-2021
Из истории города Сулюкта Кыргызской Республики
2798

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×