Добавить статью
9:32 6 Июля 2021 9909
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө

“Бишкек” деген сөз кайдан келип чыккандыгы боюнча талашта көптөгөн ар кандай варианттар сунушталган жана алар мезгилдин өтүшү менен акырындап электен өткөрүлүп жатат. Э.Койчубаевдин “беш бийик” деген сөздөн, ал эми С.Аттокуров менен Э.Борбиевдин “Беш бек” деген сөздөн “Пишпек” деген сөздүн келип чыгышын, ошондой эле, С.Сыдыковдун “Биштек” деген сөздүн “бишкек” болуп өзгөрүшүн божомолдогон версиялары суу кечпей турат десек болот. Азыркы учурда борбор калаабыздын “Бишкек” деген аталышы эмнени түшүндүрөрүнө далилдүү жооп бере турган төмөнкү 3 версия таанылган:

1. Солто уруусунун жоочалыш уругунан 18-кылымда чыккан Бишкек баатыр жөнүндөгү версия кеңири тарап, кабыл алынып келет. “Бишкек” ысмынын маанисине келгенде, кымыз бышкан буюмдан – бышкыдан, бышкектен – “бишкек” сөзү келип чыккандыгы тууралуу пикир Б.Солтоноевдин китебинен учурагандан бери айтылып жатат. Бирок бул ысымды кымыз бышкыч буюм менен байланыштырууга 1970-жылдары жазуучу Ш.Уметалиев каршы чыккан. Ал эми тарыхчы Д.Сапаралиев бул баатырдын ысмынын Бишкек эмес, Пишбек же Бишбек болгондугун жакында өз изилдөөсүндө жарыялады. Андан тышкары, башынан бери бул инсандын баатыр эмес, уста, дыйкан же соодагер болгондугун айтып талашкан авторлор көп жана ал ортодо Бишкек баатырдын башка уруудан чыккандыгын айткандар да бар.

2. С.Умурзаков, Д.Сапаралиев, Ю.Беляков сыяктуу ж.б. окумуштуулар эски фарсычада колдонулган “Пишкух” деген жер аталышынын кийин “Бишкек” деп өзгөрүлгөндүгүн белгилешет. Бишкек шаарынын ордунда VII кылымдан бери Жул шаары жашап турган болсо, анын жанындагы тоолор – азыркы Кыргыз Ала-Тоосу же «Байтиктин Боз-Бөлтөгү» деген тоо ошондо «Пишкух» деп аталган дешет.

3. Окумуштуу Т.Абдиев болсо, “пишкух” версиясын четке кагып, кымыз бышуучу буюм менен “Бишкектин” байланышын кайра ачыктаган. Анын пикири боюнча, борбор калаанын түштүк-чыгыш тарабында несториан христиандарынын (тарсалардын) көрүстөндөрү жана крест чегилген көп сандаган таштар табылгандыгы анык. Бул кресттерди кыргыздар бишкекке окшоштурушкандыктан, бул аймак да “Бишкек” деп атала баштаган деген пикир бар .

Бул келтирилген 3 версиянын ичинен акыркы экөөсү гана илимдин талаптарына жакындаган гипотеза боло алышат. Булар аркылуу Бишкек шаарынын тарыхы бир жарым кылымды эмес, бир жарым миңжылдыкты ичине камтыгандыгын да ишенимдүү айта алабыз. Ошол эле убакта биринчи версияда айтылган тарыхый инсандардын да тарыхтагы ордун четке какпастан, өмүр баяндарын тактоого тийишпиз.

Жогоруда айтылгандай, үч кылым мурда жашаган Бишкек баатырдын тарыхый инсан экендиги тууралуу маселе боюнча талаш-тартыштан тышкары, анын солто же саруу уруусунан чыккандыгын талашкандар бар. Мындай суроолорго жооп табуу үчүн бизге далилдүү тарыхый булактар зарыл жана бул инсандын өмүр баяндарына терең талдоо жүргүзүү талап кылынат. Аксылык кыргыздардын саруу уруусунан чыккан Эр Көбөк уулу Бута баатырдын “Бишкек” деген лакап атынан улам борбор калаанын аталышы келип чыккандыгын чыгыш медицинасынын чебери Медер Бишкек айтып жүрөт. Саруунун Бишкек баатыры жөнүндөгү уламыш да кымыз бышкан буюмга байланыштырылат. Бирок, Бута баатыр менен “Бишкек” деген топонимдин байланышы боюнча маселеде бул божомолго негиз салган журналист П.Дүйшөнбаевдин, акын Ш.Адыловдун келтирген далилдери көп жагынан күмөн жаратат. Тилекке каршы, 18-кылымдын 40-50-жылдары кыргыз армиясынын башында Бута баатыр эмес, Эр Солтоной менен Бердике берен тургандыгы оозеки тарыхый булактарда гана эскерилсе, ал эми жазма тарыхый булактарда Мааматкул бий, Ажы бий, Кубат бийлер гана эскерилет. Эгерде Бута баатырдын тарыхый инсан экендигин аныктаган далилдер табылган болсо, анда анын кайсы өрөөндүн, кайсы уруктун, кайсы айылдын тарыхына кандай из калтыргандыгын калыстык менен жазбасак, анда акыретте ата-бабалар жана урпактар бизди кечирбейт го. Муну менен кошо, биз солто уруусунун Бишкек (Бишбек) баатырынын да тарыхый инсан болуп-болбогондугуна сын көз караш менен карап, анын атак-даңкын уруктан улутка чейин, айылдан ааламга чейин апырта көкөлөтүүдөн алыс болушубуз керек.

Солто уруусунун жоочалыш уругунан чыккан Бишкектин өз аты Бишбек болгондугуна жана анын тарыхый инсан экендигине ынандыра турган далилдерди тарыхчы Д.Сапаралиев таба алган. Биз анын бир нечесин төмөнкү тизмеге келтирели:

1. 1876-жылы 8-июлда жарыяланган “Туркестанские Ведомости” гезитиндеги Н.Пантусов деген орус чиновник окумуштуусунун (тарыхчы Р.Жолдошовдун ою боюнча, Н.А. Маев деген журналисттин) “Пишпек жана Аламедин” деген макаласында Бишкектин аталышы кыргыз баатырынын ысымына байланышкандыгын ырастаган биринчи маалымат кезигет. Макаланын башталышында эле “Пишпек” айылынын аталышына токтолуп, кыстырма катары минтип жазган: “Пишпек жайгашкан жерде (мындан 100 жыл мурда) Пишкек деген кайсы бир кыргыз баатыры көмүлгөн, ошондон улам бул шаардын аталышы анын “Пишпек” болуп бурмалануусунан келип чыккан. Кыргыз (баатыры) дөңсөөнүн үстүнө көмүлгөн, кийин кокондуктар андан дубалдарды кесип жасап, чеп салышкан; 50 жылдан бери чеп калкы менен турат. Ал кокондук Мадали хандын башкаруу мезгилинде негизделген”. Тарыхчы Д.Сапаралиевдин пикири боюнча, Н.Пантусов мурун эле бузулуп жок кылынган кокондуктардын чебинин “Пишкек” деген аталышын “Пишпек” деген адамдын ысымы менен чаташтырган, бирок ошондой болсо да, ал “Пишпек” айылынын аталышы кыргыз баатырына байланыштуу экендигин алгачкы ирет белгилеп кеткен.

2. 1893-1894-жылдары Чүйгө атайын илимий изилдөөлөрү менен келген белгилүү чыгыш таануучу, академик В. В. Бартольд да өзүнүн макаласында минтип жазган: “Пишпектин так жанында, бир аз чыгышыраагында Пишпек-Ата деген жаңы типтеги коргондун урандылары бар”. Бул айтылгандарга таянсак, демек, орустар келгенге чейин кокондуктардын “Бишкек” деген чеби менен кыргыздардын Пишпек-Ата деген атактуу адамынан калган коргону жанаша жайгашкан курулуштардан болушкан. 1860-62-жылдары кокондуктардын чеби орус аскерлери тарабынан буздурулуп, жерге таптатылганда, анын катарында кыргыз баатырынын коргону да кошо бузулган сыяктуу. Көпчүлүк тарыхчылар Бишкек чеби каратылгандан кийин, анын аталышын орустар өз тилине ылайыктап, «Пишпек» деп өзгөртүшкөн дешет. Бирок, Д.Сапаралиевдин тапкан архивдик булактарына караганда, бул чепти орустар 1847-жылы эле «Бишкек», 1860-жылы «Пишкек», 1862-жылы «Фишкак», «Пишкек» деп эле жазышчу экен. Сыягы, кийин орустар ушул эле жерде кайрадан калктуу конуш түптөшкөндө, аны кыргыздын коргонуна байланыштырып, атайын “Пишпек” деп аташкан чыгар. Ошондой болгон күндө да, биздин оюбузча, аркалык кыргыздардын тилдик диалекттик өзгөчөлүгүн эске алып, «Пишпек» сөзү кыргыздар үчүн «Бишбек» түрүндө колдонулгандыгын четке кага албайбыз. Бишкек чебинде да, Пишпек шаарында да тургундардын басымдуу бөлүгү сарттар болушкандыктан, алардын тилдик өзгөчөлүктөрү да «Бишбектин» «Пишпек» болуп өзгөрүшүнө салым кошкон десек туура болор.

3. Профессор Д.Сапаралиев тарыхый архивдик булактардан да, кийинки адам ысымдарынын арасынан да “Бишкек” ысымдуу адамды эч жолуктура албай, бирок 1913-жылы Чыгыш-Сокулук болуштугун башкарган Шамбет Пишпеков, 1915-жылы Жаңгарач болуштугунун Дыйканбай айылында онбашы болушкан Айбаш Пишпеков, Алыбай Пишпеков, айыл аксакалынын орун басары болгон Ахмат Пишпеков, айыл аксакалы болгон Дунган Пишпеков, он башы болгон Сарала Пишпеков сыяктуу ж.б. адамдар тууралуу документтерди таап алган. Бишбек баатырдын урпагы болгон Сарман уулу Төлөн тарабынан түзүлгөн анын өз уругунун санжырасын карай келгенде, жогорудагы архивдик документтерде эскерилген адамдардын бардыгы солто уруусунун жоочалыш уругунан чыккан Бишбек баатырдын урпактары болуп чыгышкан. Булардын арасында 1943-жылдары Сокулук районунун “Туз” колхозунун башкармасы болуп иштеп, 1968-жылы 84 жашында көз жумган Молдокул Пишпеков да бар. Балким, 1912-жылы Пишпек чебинин каратылышынын 50 жылдык юбилейи майрамдалган убакта бул шаарга орусча аталыш берүү аракети көрүлгөндүктөн, мындайга жол бербөө үчүн күрөшүү максатында Бишбек баатырдын түздөн-түз урпактары ошондон кийин өздөрүнүн фамилияларын Пишпеков кылып өзгөртө башташкандыр.

4. Мындан бир кылым мурда, тагыраагы 1923-ж. басмада жарыяланган В.И. Дублицкийдин “Жетисуу облусундагы кара-кыргыздардын санжырасы жана алардын кыскача тарыхы” деген китебинен "Жетисуу облусунун Пишпек, Каракол, Нарын уезддериндеги жана Фергана облусунун чыгыш бөлүгүндөгү кара-кыргыздардын санжырасы" деген сейрек кездешүүчү тиркемени көрүүгө болот. Мына ошол эмгекте Бишбек баатырдын санжырасы мындайча берилген: «...Тагайдан Богорстон, андан Эштек, андан Солто, андан Чаа, андан Жоочалыш, андан Белек, ал эми Белектен Чоңөтүк, Пшпек, Көңүл, Жарбаң, Самтыр жана Болот». Бул жерде В.И. Дублицкий кыргыз баатырын “и” ариби жок “Пшпек” деп жазып, анын санжырасынын айрым жерлерин чаташтырып алган. Тарыхчы Д.Сапаралиевдин тактоосуна караганда, Жоочалыштан Белек жана Кенен деген эки уул болуп, Бишбек баатыр Белектин эмес, Кенендин уулу болгон. Ошондой эле, Бишбек баатырдын атасынын агасы болгон Белектин уулдары жана Бишбектин Темир деген агасынын уулдары Бишбек баатыр менен бир тууган катары жаңылыш жазылып калган.

1926-жылы совет бийлиги Пишпек шаарынын аталышын «Фрунзе» кылып өзгөрткөндөн кийин, бай-манаптар кулакка тартылып, сүргүнгө айдала турган заман башталган тушта советтик идеалогдор кыргыз элинин тарыхтагы бай-манаптарын жек көрсөтүп жаза тургандыгы түшүнүктүү эле. Ошол себептендир, кыргыз авторлору айрым баатырлар менен бийлердин образын бурмалоо аркылуу аны кедей-кембагалга жакындатууга аракет кыла башташкандай. Тарыхчы Белек Солтоноевдин эмгегинде солто уруусунан чыккан Бишкек жөнүндө эскерилип, анын ысмынын мааниси кымыз бышкан буюмга байланыштырылган. Ал эми 1936-жылы Бишбектин тукумдары жашаган айылга күйөө бала катары байма-бай каттап жүргөн акын Алыкул Осмонов өз каарманын “Бишбек” деген ысым менен эскерип, аны “кыйын уста” катары таанытууга аракет кылган. Ошондон тарта «Пишпек» темасынын тегерегинде ар кандай божомолдор токула баштаган. 1868-жылы К.Күмүшалиев бул инсанды баатыр кылып жазып чыккан. Ал эми тарыхчы Р.Жолдошов Бишкектин баатырдыгын тастыктаган далилдердин кезикпегендигин айтып, аны отурукташуу маданиятынын жол башчысы катары баба-дыйкандын образында «Бишкек-Ата» деп кабыл алууну ылайык көрүп келет. Ошентип, маселе татаалдашып, «Бишкек – баатырбы, устабы, дыйканбы же соодагерби?», «солтобу же саруубу?», «Бишкекби же Пишбекпи?» деген сыяктуу суроолору менен коомчулук тарыхчыларга кайрылууга аргасыз болууда.

Өткөн кылымдын ортолорунда С.М.Абрамзон өз эмгегинде солто уруусунан чыккан баатырдын ысмынын «Бишкек» болгондугун, анын атынан бурмаланган «Пишпек» сөзү келип чыккандыгын болжолдоп жазгандан кийин, кийинки авторлордун бардыгы аны кайталай башташкан жана бул азыр да уланууда. Эмнеге С.М.Абрамзонго чейинки дээрлик бардык булактарда «Пишпек» же «Бишбек» деп эскерилип келген бул баатырдын ысымын азыр да «Бишкек» кылып бурмалоону улантышыбыз керек деген Д.Сапаралиевдин суроосу маселени кабыргасын койду.

Бишбек деген тарыхый инсандын баатыр же дыйкан болгондугун аныктоо үчүн алгач анын уруусунун тарыхын жана анын өзүнүн өмүр баянын терең изилдөө керек. Кыргыз тарыхынан кайсы бир тарыхый инсандын баатыр болуп-болбогондугун билүү үчүн анын кайсы согушка катышкандыгына, ал эми бий болуп-болбогондугун билүү үчүн анын уругунун тектүүлүгүнө көңүл бурулат. «Бишкек баатырдын» жашаган мезгилин тактоодо тарыхчы К.Молдокасымовдун, жазуучу А.Стамовдун, тарыхчы Ө.Осмоновдун жана аларды кайталаган К.Мамбеталиевдин, Т.Самудиновдун каталарына оңдоо киргизилип, жакында эле «Бишкек баатырдын» 18-кылымдын башында эмес, ортосунда төрөлгөндүгү жана 19-кылымдын 40-жылдарына чейин жашагандыгы такталды. Андыктан, дал ушул мезгил мерчеминде солто уруусунун саясий тарыхы кандай болгондугу жана андагы шартта Бишбек аттуу каарманыбыз кантип баатыр болушу мүмкүн экендиги изилдөөгө алынмакчы.

Ошол доордо кыргыз мамлекети уруулардын жана уруулук бирикмелердин конфедерациясынан турган. Ар бир уруунун саясий түзүлүшү монархиялык тартипте болгон жана урууга эгемендик алып берген баатырдын үй-бүлөсү «бий тукуму» аталып, бийлик ошол бир кланга гана таандык болгон. Солто уруусунда болсо, 17-кылымдан бери бийлик чаа тукумунда болуп келип, 18-кылымдын ортосунда чаа тукумунун ичинен талкан уулдары менен бөлөкбай уулдары бийликте атаандаша турган күчтүү эки кланга айланышкан. Булар менен бир тууган болгон тата уулдары менен жоочалыш уулдары «кичи катындан тараган» деген макам менен монархиялык бийликке резерв үй-бүлө катары төркү орунда болушкан. Муну менен жоочалыш уругунун букара эмес, кул эмес, кандай социалдык статуста болгондугун түшүндүрүүгө болот. Демек, Бишбек да элита өкүлү же бий тукумунан болгондуктан, аны катардагы дыйкан, уста жана соодагер катары көрсөтүүгө мүмкүн эмес, бирок бий катары өз өрөөнүнүн агрардык, экономикалык өнүгүшүнө шарт түзгөн болушу мүмкүн.

Бишбектин баатырдыгын көрсөтүү аракети анын кайсы согушка катышкандыгын айтып белгилөөдөн башталат. «Баатыр» деп, согушта өзгөчө эрдик кылып, кол башчылыкка дайындалгандарга карата (азыркыча «офицер» маанисинде) айтылган. 18-кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз-жуңгар согушуна жоочалыш уругунан Бишбектин атасы Кенендин катышып, баатыр аталышы мүмкүн экендигин болжолдоого мүмкүн. Ал эми Кенен уулу Бишбек өмүрүндө биринчи жолу Абылайдын чабуулундагы кыргыз-казак согушун көргөн, бирок анын баатырдык кылгандыгы жөнүндө маалымат жок. Бишбек ошондо жаш болгондугу үчүн катардагы жигит катары катышкан чыгар же согушка катышпаган топтун арасында болгондур.

Көчмөнчүлүк заманда ар бир урууда бийлик талашкан эки же үч кландын (башкаруучу үй-бүлөнүн) болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. Мисалы, 18-19-кылымдарда сарыбагыш уруусунда эсенгул уулдары менен черикчи уулдары, бугу уруусунда шапак уулдары менен бирназар уулдары, тынай уруусунда атаке уулдары менен сатыбалды уулдары, чекирсаяк уруусунда курмаконжолор менен кулжыгачтар, чоро уруусунда ырыскул уулдары менен байбагыш уулдары, солто уруусунда талкан уулдары менен бөлөкбай уулдары азыркыдай бийлик менен оппозиция ролун аткарышып, тең салмактуулукту сактап келишкен. Солто уруусунун башкаруучусу Талкан бий уулу Кошой бий өлгөндөн кийин бул урууну баш ийдирүү үчүн Чыгыш-кыргыз конфедерациясынын чоң бийи Мааматкул бий солтолордун башына бөлөкбай уулдарын чыгарган деп болжолдоого болот. Анткени, 1757-58-жылдары цин тыңчылары келгенде Мааматкул бийдин адамдары башка уруулар жөнүндө маалымат берип, солто жана бугу уруусу жөнүндө үн катышкан эмес. Мааматкул менен О-ку (менимче, солтонун бөлөкбай уругунан Үкү бий) экөө сарыбагыштарды башкарышкандыгын айтышса, ал эми Мааматкулдун небереси Черикчи Ысыккөл аймагынын (бугу уруусунун журтунун) кыргыздарга таандык экендигин далилдөөгө көп аракет кылган. Бул маалыматтар Мааматкул бийдин «сарыбагыш-солто-бугу» бирикмесин уюштура алгандыгынан кабар берип турат. Бирок, Мааматкул бийдин өлүмүнөн кийин солто уруусундагы бийликтен Байсейит уулу Үкү бий баштаган бөлөкбай уулдарын кулатып, бийликке талкан уулдары Коңурбай уулу Жайыл бийдин башчылыгында келишкен. Же, балким, бул эки топ солто уруусун экиге бөлүп алышкандыктан, «Жайыл кыргынында» казактарга каршы Жайыл баатырга жардам болбогон чыгар. Жайыл бийден кийин солто уруусундагы бийлик бөлөкбай тобунан Эсиркемиш уулу Кебек бийге өткөндүгү маалым. Бул бөлүнүштү кийин кайра бириктирүүдө талкан тобунан Жамансарт уулу Түлөберди бийдин салымы чоң. Абылай ханга элчи катары барып, чегараны тактоодо акылдуулук кылган Түлөберди бий солто уруусун бириктирүүдө да көсөмдүк, көрөгөчтүк кылган. Ал солто уруусундагы бийликти талашка койбоо үчүн бир гана үй-бүлөнүн бийлигин орнотууну туура көргөндүктөн, жети урук-журтту административдик жактан өзүнүн уулдарына бөлүштүрүп бергендиги чындык болушу мүмкүн.

Ошондон кийин жоочалыш уругу Түлөберди уулу Эшкожо бийге караштуу болуп калган. Демек, Бишбектин мындан аркы өмүр баяны Эшкожо бийге жана анын уулу Жагарач бийге байланыштуу десек болот. 18-к. аягы – 19-к. башында солто уруусунун башында Түлөберди уулу Канай бий турган. Канайдын тушунда солто уруусу сарыбагыштар менен да, кокондуктар менен да чабышып, Илеге да бир качып барып келишкендиги маалым. Бул окуяларда да Бишбектин баатырлык кылгандыгы жөнүндө айтылбайт. Канай бийдин бир тууганы Эшкожо бий ошондо оппозициялык маанайда болгон сыяктанат. Анткени, кийин Эшкожонун уулу Жаңгарач бий солтолорду башкара баштаганда, солто уруусу кокондуктар менен мамилеге кирип, Бишкек чебинин курулушуна уруксат беришкен. Демек, Бишбектин баатырлык кылбастан, согушсуз тынч жашоону каалап калышына анын Эшкожонун жана Жаңгарач бийдин тарапташы болуп калуусу себеп болгон десек болот. Бул айтылган маалыматтар Бишбектин жалпы кыргызга эле эмес, өз уруусуна да таасир бере турган чоң инсандардан болбосо да, анын тынчтыкка чакыруучу тарапты колдогон адам катары адамгерчилик сапаттары бийик инсан болгондугун айтууга негиз берет. Албетте, ал солто уруусунун эң чоң бөлүктөрүнөн болгон жоочалыш уругунун бийи болгондугун айтууга болот.

Бишкек чебинин курулушу 1827-28-жылы болсо, кокондуктардын бийлиги андан кийин, 1832-жылы орногондугу маалым. Анда, чептин курулушу бир тараптуу эмес, кокон-кыргыз келишиминин негизинде эки тараптуу болгонбу жана бул чеп ошондо кашкарлык качкындарды жайгаштырууга арналганбы деген ой пайда болот. 1820-30-жылдары Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга жигердүү кийлигишкен Тайлак баатырдын таятасы Бишбек болгондугу ырас болсо, анда кокондуктардын дооруна чейин эле Куртка чеби менен Бишкек чебинин пайда болушу кашкарлык качкындар менен байланыштуу экендигинен шек саноого болбойт. 18-кылымдын ортосунан бери геосаясий жагынан Цин империясына көз каранды болуу адатын бузган Тайлак баатыр кашкарлык качкындар үчүн баашпаанек берүүгө кызыкдар болгон. Ошондуктан, ал кокондуктар менен келишим түзүп, өзүнүн уруусу ээлеген Нарында жана тагалары ээлеген Чүйдө чеп курулушуна себеп болгондур. Тайлак баатырдын кооптуу саясатын колдобой, империядан корккон кыргыз бийлери жөнүндө кытай жазма булактарында жазылуу. Ага карабастан, Тайлак баатыр таятасы Бишбек бий аркылуу солто уруусунун бийин – Эшкожо уулу Жаңгарачты көндүрүп, кокондук усталардын жардамы менен Чүй өрөөнүнө чеп курдурган жана ага кашкарлык качкын мусулман сарттарды жайгаштырган. Ошол эле убакта чептин беги, башкача айтканда биринчи комменданты кылып, Бишбекти дайындашкан чыгар. Ошондуктан, чептин тургундары Бишбектин аксакалдыгын сыйлап, ага «Бишбек ата» деп кайрылышкан жана кийин анын күмбөзү да «Бишбек-Ата» деп аталып калгандыр.

1832-жылы Мадалы хандын кызматындагы кыргыз баатыры – Нүсүп паңсат күзөтүп барган кокон элчилиги Бээжинден кайткандан кийин, ошол эле Нүсүп бийдин үгүт иштеринин натыйжасында, кыргыздар ыктыярдуу түрдө Кокон хандыгына карашкан. Ошондон кийин Куртка менен Бишкек чеби кокондуктардын колуна өтүп, андан башка да чептер курула баштаган жана чептерди кайтарууга түштүк кыргыз урууларынын жоокерлери көчүрүлүп келген. Чептин ичинде кашкарлык качкын сарттар жана ферганалык соодагерлер гана жашап, жергиликтүү кыргыздар ал жакка базар үчүн гана каттап турушкан. Биринчи бек катары Бишбек келгин сарттардан дыйканчылыкты, устачылыкты жана соода-сатыкты өздөштүрүп жана аларга шарт түзүп, өзү үчүн отурукташуу маданиятын кабыл алгандыр. Бул ал жөнүндөгү айрым уламыштардын төгүн жерден келип чыкпагандыгын да тастыктайт.

Бишбектин ысмынын жана «Бишкек» аталышынын бир мезгилде удаа колдонулушу, кантсе да, күмөн жаратпай койбойт. Эгерде жоочалыш уругунун бийинын ысымы чындап эле «бек» деген сөз менен тыгыз байланыштуу болгон болсо, анда анын ысмынын «Бишбектен» башка варианттарынын да (Бешбек, Бышбек, Бошбек, Башбек ж.б.) бар болушу мүмкүн экендиги четке кагылбайт. Ошол эле убакта Чүй өрөөнүндө кокондуктардын тушунда пайда болгон чептин аталышы Бишкек же Пишкек болгондугу ырас. Тарыхый кытай жазма булактарынын биринде, 1827-жылдын аягынан 1828-жылдын июль айына чейинки мезгил менен байланышкан документтеринде ошол жылдары буруттардын жеринде курулуп жаткан «Писыгэкэ» аттуу коргон жөнүндө беш ирет эскерилген. Тарыхчы Д.Сапаралиев «Писыгэкэ» деген сөздүн транскрипциясын “п” тамгасы менен «Пишкек» деп да окуса болоруна көңүл бурдурат. Ошондой эле, дагы бир тарыхый булак болгон «Тарих-и Шахрухи» аттуу эски чагатай тилиндеги жыйнакта анын автору молдо Нияз Хоканди бул чептин аталышын «Пишкек» деп жазып кеткен. Бул маалыматтар Пишкек чеби курулган жердин орто кылымдардан бери эле «Пишкух» деп аталып келгендигин, же XV-XVI кылымдардан бери аны кыргыздар «Бишкек» деп аташкандыгын аныктоодо салмактуу салымын кошмокчу. Чүй өрөөнүндөгү чепке кыргыздар да, кокондуктар да жаңы аталыш ыйгарбастан, аны бул жердин өз аталышы менен аташкан болушу мүмкүн.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
6103

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
9325

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
7686

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
13643

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
9844

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
31378

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
21961

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×