Добавить статью
8:54 9 Декабря 2014 76695
Компьютердик ЗD-реконструкциялоо: Кошой-Коргон шаар чалдыбары

Объективдүү жана субъективдүү себептерден улам Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдардагы баалуу тарыхый-маданий мурастары анын ичинде маданиятынын өзгөчө үлгүсү болуп саналган көчмөн элдердеги шаар маданияты тууралуу айтып бере турган тарыхый булактардын дээрлик көпчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин толук сакталып калган эмес жана сакталып калган калдыктары тарыхый жактан өзүнүн баштапкы абалын, сырткы түзүлүшүнүн белгилерин жоготкон жана алардын айрым гана бөлүгү реконструкцияланып же атайын коргоого алынган. Шаар жана чакан кыштактардын башкача айтканда отурукташкан маданияттын мыкты үлгүсү катары кайрадан калыбына келтирүү жана коомчулукка жеткирүү учурдун талабы. Өзгөчө көчмөн элдердеги шаар маданияты кылымдар бою көчмөн турмуш менен күн кечирген кыргыз элинде болгон эмес деген сыяктуу жаңылыш пикирлерди жокко чыгарган орто кылымдарга таандык бир катар шаар калдыктарынын бүгүнкү күнгө чейин сакталып калышы ачык далил болуп берет. Мамлекетибиздин аймагында тарыхый эстеликтер ондоп саналат жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй Кыргызстандын дээрлик бардык чөлкөмүндө буга чейин калк арасында анча белгилүү болбогон тарыхый-маданий эстеликтердин саны өсүүдө. Муну менен биз дагы бир жолу улут катары карт тарыхыбызга сыймыктаануу менен карап, келечек муундарга жана башка элдерге алардын баалуулугун жана үлгүсүн көрсөтүшүбүз зарыл.

Кошой-Коргон шаар-чебинин планы

№1 Кошой-Коргон шаар-чебинин планы

Бүгүнкү күндө жаңы компьютердик технологияларды колдонуу менен тарыхый-маданий объектилерди калыбына келтирүү иши тарых илиминдеги өзүнчө бир багыт болуп калыптанды. 3D-реконструкциялоо же үч өлчөмдүү моделдештирүү бул тарыхый объектилерди виртуалдуу түрдө реконструкциялап, анын чыныгы өз учурундагы абалын билүүгө мүмкүндүк түзөт.1 Компьютердик программалардын колдонуу менен тарыхый-маданий объектилерди виртуалдуу түрдө калыбына келтирүү бул дүйнөдө кеңири колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Дүйнөнүн анын ичинде КМШ өлкөлөрүнүн бир катар тарыхый илимий борборлору өздөрүнүн ар кандай себептерден улам жок болуп кеткен же жарым-жартылай гана сакталып калган эстеликтер жөнүндөгү тарыхый, археологиялык, архитектуралык ж.б. маалыматтардын негизинде компьютердик моделдештирүү аркылуу тарыхый-археологиялык ракурста калыбына келтирилүүдө. Бул жаатта жалпы колдонулуп келе жаткан тажрыйбага таянуу менен Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар орто кылымдардагы шаар маданиятын кайрадан жаңы цифралык технологиялар менен тургузуу аркылуу тарыхый мурастарды калыбына келтире алабыз. Орто кылымдарга таандык шаарлардын ичинен байыркы Атбаш шаары же илимде “Кошой-Коргон шаар чалдыбары” деген аталышындагы тарыхый объектини калыбына келтирүү иши Ж.Баласагын атындагы КУУнун “Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика” кафедрасынын окутуучулары менен студенттери тарабынан ишке ашууда. Кошой-Коргон шаар чалдыбарынын 3D-реконструкциялоо - ошол доорлорго таандык тектеш тарыхый булактар жана тарыхый-археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянуу менен археолог-архитектордун кеңеши аркылуу жүргүзүлдү. Шаар калдыгы бир катар программаларды айкалыштырып колдонуу менен калыбына келтирилди. Ал эми анын кыскача тарыхына токтоло турган болсок, Кыргызстандын тарыхында түрк дооруна таандык Кошой-Коргон шаар чалдыбарынын ээлеген орду өзгөчө. Кошой-Коргон батыш менен чыгышты бириктирген Улуу Жибек жолунда жайгашып, Борбордук Азия менен Чыгыш Туркестан чөлкөмүндөгү окуялардын чордонунда өнүккөн ири стратегиялык, административдик, маданий экономикалык жактан ээлеген орду бар шаар болгон. Шаардын аталышына келсек, анда Кошой-Коргон байыркы Атбаш шаары болгондугу тууралуу маалыматтар жазма булактарда белгиленет. Аталышынын өзгөрүшү тууралуу жана качантан бери Атбаштан Кошой-Коргонго алмашылганы жөнүндө так маалымат жок. Атбаштын “Кошой-Коргон” болуп аталып калышына Манас эпосундагы катагандардын ханы Кошойго байланыштуу маалымат эл оозунда айтылат. Ошондуктан, “Кошой-Коргон” – деп аталышы “коргон” деген сөздүн аскердик түшүнүккө жана эпостогу каарман менен байланыштуу болгондугун билүүгө болот.

Кошой-Коргон шаарынын жалпы көрүнүшү

 

№2 Кошой-Коргон шаарынын жалпы көрүнүшү

 

Кошой-Коргон шаар чалдыбары жөнүндө алгачкы маалыматтар X-XI кылымдарга таандык араб жазуу булактарында кездешет.2 Археологиялык жана илимий изилдөөлөрдүн жүз жылдан ашык маалыматында Кошой Коргон шаарынын түптөлүшү VII-IX кылымдарга байыркы түрк каганаттарынын дооруна барып такалары далилденүүдө.3 Демек, шаардын түрк дооруна таандык болуп калгандыгынын өзү Кыргызстандын аймагында кылымдар бою бир гана көчмөн маданияты болгон, көчмөндөр гана жашаган деген көз карашты жокко чыгарат.

Кошой-Коргонду алгачкы жолу илимий жактан таанып, ал тууралуу тарыхый көз караштагы ойлорун айткан алгачкы изилдөөлөр XIX кылымдын экинчи жарымына таандык. Алгачкылардан болуп, 1859-жылы белгилүү чыгыштаануучу Ч.Валиханов Кашкар сапары тууралуу жазганында Атбаш тууралуу эскерет.4 Андан кийинки изилдөөлөр окумуштуулар В.В.Бартольдго, А.Н. Аристовго, Б.М. Зимага, А.Н. Бернштамга ж.б. таандык.5 Кошой-Коргондун атайын тарыхый-маданий объект катары 1940-жж. А.Н. Бернштам караган жана изилдөөлөрүндө археологиялык жактан көз ченем менен шаардын планын тактап, шаарды Атбашы өрөөнүнүн башкаруучусунун ордосу жана коргонуучу чеби деп көрсөткөн.6 Ал эми окумуштуу этнограф К.И. Петров шаарды өзгөчө мал чарбачылык менен алектенген калктын тургун жайы - чеби болгондугун белгилеп, Кошой-Коргон жайгашкан жер көмөкчү чарба жүргүзүүгө б.а. жер иштетүүгө ыңгайлуу экендигин жана ага мал чарбачылык менен алектенген эл туруктуу ээлик кылаару тууралуу жазган.7 Башкача айтканда шаар башкаруучуларын жашоосун камсыз кылып турган карапайым элдин турак-жайлары белгилүү.

Кошой-Коргондун урандысы жана реконструкциясы (туштүк тарабы)

№3 Кошой-Коргондун урандысы жана реконструкциясы(туштүк тарабы)

Кошой-Коргонду комплекстүү түрдө тарыхый изилдөө иши 1980-жж. улантылып, М.Н. Федоров жетектеген топ Кошой Коргонду этап-этап менен казуу иштерин жүргүзүп, жаңы археологиялык материалдар менен бекемделген.8

Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки шаар чалдыбарын изилдөө 2004-2005-жж. археологдор М.И. Москалев жана О.А. Солтобаевдерге таандык. Алар тарабынан Кошой-Коргондо казуу иштери жүргүзүлүп, бир катар жаңы материалдар топтолгон. Тарыхый эстеликти археологиялык жактан изилдөөнүн жыйынтыгында топографиясы, фортификациясы, архитектурасы жана чарбасы боюнча кызыктуу маалыматтар табылган. Шаардын жайгашкан планы төрт бурчтуу болуп, узундугу 245х255 метр болгон. Бүгүнкү күндө шаардын дубалдарынын бийиктиги 4-8 метрге чейин сакталып калган. Шаар чалдыбары боюнча 60 мунара жайгашкан: түндүгүндө – 19, түштүгүндө – 13, чыгышында – 17, батышында – 11. Анын түштүк жана батыш дубалына жакын шаар башкаруучусунун сарайы менен көмөкчү чарбалык курулуштары ачылгандыгын окумуштуу М.Н.Федоров белгилейт.9 Ал сарайдын айрым бөлмөлөрүнүн дубалдарында түстүү боек менен тартылган сүрөттөрдүн болгондугун да көрсөткөн. Ушундан улам Кыргызстандын аймагында байырлап келген элдердин шаар курулушу жана шаар маданиятынын жогорку деңгээлде болгондугун билүүгө болот.

Кошой-Коргон чебинин түштүк-чыгыш тарабы (реконструкция)

№5 Кошой-Коргон чебинин түштүк-чыгыш тарабы (реконструкция)

Акыркы жылдарда Кошой-Коргон шаар чалдыбарын археологиялык жактан казуу жүргүзүлө элек. Совет доорундагы изилдөөлөр жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, Кошой-Коргондун тарыхый маданий объект катары баалуулугу жана аны калыбына келтирүү иштери жеткиликтүү деңгээлде ишке ашкан эмес. Тарыхый жактан толугу менен шаар калдыгынын аталышы, жайгашкан жери жана локалдаштыруу боюнча бирдиктүү илимий пикир калыптанган эмес. Анын тарыхы чачыранды түрдө берилип, орто кылымдардагы башка тарыхый эстеликтер менен салыштырылып, көчмөн элдерге таандык Улуу Жибек жолундагы шаар маданияты катары жетишерлик маалыматтар системалаштырылган эмес. Алгачкы жолку археологиялык изилдөөлөрдүн совет мезгилинде башталгандыгына карабастан, кийинчерээк казуу иштери токтоп калган. Бирок, бул мезгилдеги археологиялык иштердин кеңири жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, аны тарыхый-маданий мурас катары сактап калуу жана реставрациялоо иштери дээрлик аткарылган эмес.

Жогоруда белгиленгендей, Кошой-Коргонду изилдөө салттуу илимий ыкмалар жана көз караштардын чегинде ишке ашырылган. Ал изилдөөлөр өз учурунда Ата Мекендик тарых илимине тарыхый-археологиялык жактан алгачкы бирдиктүү сыпаттама түзүп берген жана Кошой-Коргондун Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхынын жана маданиятынын урунтуу учурларын чагылдырган бирден-бир тарыхый маданий эстелик катары көрсөтүшкөн. Ал эми бүгүнкү күндө компьютердик технологиялар өнүгүп, бардык тармактарда кеңири колдонулуп жаткандыктан, тарыхый объектилерди дагы кайрадан калыбына келтирүүгө толук мүмкүндүк түзүлдү. Компьютердик моделдештирүү аркылуу тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү жаңы илимий багыт болгондугуна карабастан, тарыхый мурастарды коомчулукка таратууда жана алардын баалуулугу менен мааниси түшүндүрүүдө абдан керектүү курал болуп саналат. Тарыхый-маданий объектилерди кайрадан калыбына келтирүү аркылуу элибиздин бай тарыхын жана көчмөн маданият менен бирге ирегелеш отурукташкан шаар маданияты, курулушу болгондугу миң жылдык тарыхыбыздын терең экендигин көрсөтүп турат.

Орто кылымдардагы Кыргызстандын шаар маданиятынын тарыхын терең изилдөө жана ал маданий-тарыхый эстеликтерди бүгүнкү күндө маалыматтык-технологиялардын жардамы менен тарыхый-илимий жактан реконструкциялоо бир гана тарыхый илимий көз караш менен жок болуп кеткен же өзүнүн функциясын токтоткон маданий объектилерди калыбына келтирүү эмес, бул азыркы күнгө чейин илимий чөйрөдө калыптанып калган көчмөн элдер жашаган аймактагы “шаар маданиятынын” сырттан эскпорттолуп келиши же коңшу аймактардагы отурукташкан маданияттардын өкүлдөрү аркылуу тургузулгандыгы жөнүндөгү стереотиптик түшүнүктү кайрадан жаңыча кароого түрткү берет. Кыргызстанда айрыкча, түндүк аймакта салттуу көчмөн чарба менен гана алектенген элдер жашайт деген көз карашты түп орду менен кайрадан карап чыгууну шарттап турат.

Кошой-Коргондун тандалып алынганын себеби эмнеде? Эмне үчүн бул тарыхый эстелик тандалып алынды-деген суроолор жаралат. Анткени, Кыргызстандын түндүгүндөгү көчмөн мал чарбачылык менен күн кечирген элдин жашоосунда шаар курулушунун болушу же болбошу тууралуу бир беткей пикирлер айтылып келет. Ал эми ошол маданияттын маанилүү бир бөлүгүн ээлеген Атбашы өрөөнүндөгү Кошой-Коргон шаар чалдыбары мисал боло алат. Мындай көрүнүштү көчмөн маданият менен бирге жашаган өзгөчөлүк катары баалай турган нерсе. Ал эми Кошой-Коргон бул алгачкы шаар маданиятын калыбына келтирүү аракети болгондуктан, кийинки иш аракеттер Кыргызстандагы Улуу Жибек жолундагы башка тарыхый-маданий эстеликтер боюнча жүргүзүлөт.

Кошой-Коргондун чыгыш капкасы (дарбазасы)

№6 Кошой-Коргондун чыгыш капкасы (дарбазасы)

Бүгүнкү күндө Кошой Коргондун сакталып калган бөлүктөрү аркылуу орто кылымдардагы анын турган турпаты, абалы, табигый ландшафты виртуалдуу түрдө реконструкцияланды. Компьютердик үч өлчөмдүү моделдин жардамы менен шаар-чеби калыбына келтирилип, аны жасоодо шаар урандысынын азыркы абалы түздөн-түз эске алынды. Моделди тургузуу үчүн төмөнкүдөй программалар ArchiCAD, Photoshop CS3, ЗD Мах, Unity3D, Autodesk, 3D World Studio колдонулду.

Шаар чалдыбарын калыбына келтирүү өлкөдө биринчилерден болуп жасалып жаткан иш. Тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндөгү илим менен техниканын бардык жетишкендиктерин колдонуу аркылуу маданиятыбыздын маанилүү бөлүгү болуп саналган тарыхый эстеликтерди кайрадан карап жана калыбына келтирүү аркылуу алардын маанисин жана баалуугун чагылдырып, көрсөтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

О.А.Солтобаев, Э.Т.Турсунова, Н.Наркозу у, Ж.Баласагын атындагы КУУ

1 Жеребятьев Д.И. Методы трехмерного компьютерного моделирования в задачах исторической реконструкции монастырских комплексов Москвы. Москва, 2014 -222-б.

2 Бартольд В.В. К вопросу об археологических исследованиях. Соч. Т.4. – Москва, 1966. – 99-б.

3 Москалев М.И., Солтобаев О.А., Омурбеков Т.Н. Кошой-Коргон – древний город Атбаш. Бишкек, 2007. – 17-б.

4 Валиханов Ч.Ч. Записки об организации поездки в Кашгар Собр. Соч. Т.3. – Алма-Ата, 1985. –28-б.

5 Москалев М.И., Солтобаев О.А., Омурбеков Т.Н. Кошой-Коргон – древний город Атбаш. Бишкек, 2007. – 17-б.

6 Бернштам А.Н Историко-археологический очерк Центрального Тяньшаня и Памиро-Алая. – МИА. №26.- М.Л, 1952. –100-б.

7 Петров К.И. Очерки социально-экономической истории Киргизии VI начало XIII вв. – Фрунзе, 1981. –103-б.

8 Федоров М.Н. Археологическое изучение средневекового Атбаша // Актуальные вопросы этнографии и археологии Киргизии. Сборник научных статей. Фрунзе, – 1989. – 6-21-б.

9 Федоров М.Н. Археологическое изучение средневекового Атбаша // Актуальные вопросы этнографии и археологии Киргизии. Сборник научных статей. Фрунзе, – 1989. – 6-21-б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×