Добавить статью
21:53 9 Мая 2022 Обновлено 10:24 10 Мая 2022 1514
Кыргызстандын биоартүрдүүлүгүн сактоодо «Манас» эпосунун этноэкологиялык потенциалы

Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүшү олуттуу деңгээлде биологиялык ар түрдүүлүккө жана табигый ресурстарды пайдаланууга негизделген, ошондуктан улуттук экономиканы модернизациялоо шарттарында экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу жана жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу маанилүү зарылчылык болуп эсептелет.

Кыргызстан – Борбордук Азиядагы биологиялык ар түрдүүлүктүн ажырагыс элементтери болгон ар түрдүү өсүмдүктөр менен жаныбарлар топтолгон бирден-бир уникалдуу аймак. Өлкөнүн аймагында сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын көптөгөн түрлөрү катталган. Азыркы учурда өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды сактоо боюнча республикада көптөгөн чаралар көрүлүп жатат. Алсак, «Биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча Конвенциянын» (Рио-де-Жанейро, 1992) милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргызстанда «Биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча улуттук стратегия жана иш-аракеттер планы» иштелип чыккан. Бирок алардын басымдуу бөлүгү кагаз жүзүндө калып, биологиялык ар түрдүүлүк кыскарууда. Ушуга байланыштуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо учурдагы социалдык-экономикалык, саясий-укуктук факторлор менен катар рухий-адептик, салттуу маданий өбөлгөлөрдү дагы эске алып, айрыкча элдин этноэкологиялык маданиятын жана дүйнө таанымын, экологиялык баалуулуктарын кайра жандандырып, аларды андан ары өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз жерлеринин биологиялык ар түрдүүлүгү көчмөн элдин кылымдар бою жашоо-тиричилигинин негизги булагы гана болбостон, адамдардын табияттын кучагында туруктуу (тынч) жашоосун камсыз кылган руханий (маданий) баалуулук болгондугун белгилеп кетүү керек. Кыргыз элинин тарыхый-этнографиялык, философиялык жана адабий мурастары кыргыздардын көчмөндүк менталитети, маданияты жана салттуу билимдери жаратылыш менен тыгыз байланышкандыгын далилдеп турат. Белгилүү этнолог Ю.В. Бромлей: “адам менен табияттын өз ара карым-катышынын ар бир элде өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот”, - деп белгилегендей [Бромлей Ю.В., 1981], кыргыз элининин маданиятынын, салттуу руханий, адептик-ахлактык жана эстетикалык баалуулуктарынын калыптанышына кыргыз жеринин жаратылыш шарттары (кооз жана катаал) жана тоо экотутумунун өтө аялуулугу түздөн-түз таасир эткен. Көркөмдөп айтканда, табият (жаратылыш) - ошол жерде жашаган элдин “этникалык бешиги”.

Бул өңүттөн алганда, «Манас» эпосу рухий феномен катары кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз карашын, тарыхын, маданиятын чагылдыруу менен табият менен карым-катышы, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча муундан муунга өтүп турган салттуу экологиялык билимдери жөнүндө маалыматтарды да сактап калган. Бул өз кезегинде социалдык-гуманитардык илимдер тармагында, айрыкча кыргыз манас таануусунда «Манастын» этноэкологиясы деген илимий түшүнүктү калыптандырып, бул феноменди ар тараптуу изилдөө зарылдыгын жаратат десек жаңылышпайбыз . Этникалык экологиянын негизги түшүнүктөрү – этностордун курчап турган табигый чөйрөгө ыңгайлашуусу (адаптация) жана этноэкотутум (этноэкосистема) экендигин эске алсак, «Манас» эпосунан кыргыз элинин көчмөндөр цивилизациясына мүнөздүү болгон туруктуу этникалык экотутумун түзө алгандыгын даана көрөбүз.

Этноэкологиялык илимий көз караштан алганда «Манас» эпосунун Кыргызстанда учурдагы экологиялык туруктуулуктун пайдубалын түзгөн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо потенциалы абдан чоң. Анткени «Манас» эпосунда кыргыздардын көп кылымдык турмуштук тажрыйбасынан келип чыккан жандуу жаратылышка, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө болгон кылдат мамилесине жана биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү салттуу билимдерине, ошондой эле элдик медицинанын этноэкологиялык өзгөчөлүктөрүнө да кеңири орун берилген. «Манас» эпосунун окуялары көптөгөн аймактарда өтүп, ар бир жердин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөлөт. Ошондой эле эпосто кыргыздардын байыртадан бери келе жаткан жаратылышка сыйынуу, табигый байлыктарды этияттык менен сарамжалдуу пайдалануу эрежелери дагы көз жаздымда калбаган.

«Манас» эпосунун түрдүү варианттарында Ала-Тоо, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Алай жана башка кыргыз жерлериндеги биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндөгү маалыматтар өтө бай жана ар түркүн. Манас изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына таянсак, эпостун манасчы Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн төрт томдугунда (1978-82) өсүмдүктөрдүн 70ке жакын атоолору кезигип, алар түрлөрүнө, өзгөчөлүктөрүнө жараша так берилет. Алардын ичинде токой, чер бак, гүл бак, сабак, бакча, гүл, жыгач, дарак, бадал, чырпык, жалбырак, дүмүр, чөп, куурай, жемиш жана башкалар жалпы маанидеги атоолор бар. «Манас» эпосунда өсүмдүктөрдүн төмөнкүдөй ар кандай түрлөрү жөнүндө айтылат. 1) Дарак жана бадалдар: карагай терек, байтерек, чынар, тал, кара жыгач, кайың, четин, сары жыгач, ит мурун, ыргай жана башкалар; 2) жемиш жыгачтары: алма, алмурут, өрүк, жаңгак, алча, бадам, мисте, жүзүм, карагат жана башкалар; 3) чөп өсүмдүктөрү: бетеге, тулаң, чымылдык, ышкын, көк шибер, чий, камыш, жекен, көк тикен, кымыздык, балтыркан, жантак, ат кулак, чалкан жана башкалар; 4) эгиндер: буудай, күрүч, арпа жана башкалар; 5) бакча өсүмдүктөрү: коон, дарбыз [Акматов К., 1995].

Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда Кыргызстандын ар кандай аймактарындагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо жана туруктуу өнүктүрүүдө башкы роль өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, токойлорго, анын ичинде өзгөчө тоолордогу токойлорго берилген. Кыргыз Республикасынын токойлорунун 90% га жакыны деңиз деңгээлинен 700дөн 2500 метр бийиктикте жайгашып, жаратылышты коргоочу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоочу катарында өзгөчө баалуу болуп саналат. «Манас» эпосунда токойлор тууралуу даректер көп жолугат. Бул илгерки заманда жердин көбүн токой ээлегенин көрсөтөт. Мисалы, эпосто Таластын табиятынын кооздугу мындайча сүрөттөлөт: “Жылгындуу Кең-Кол, Кең-Талас,... Жер соорусу турбайбы, Өлкө түзүн караса, Токою бар, талы бар, Ал токойдун ичинде жан бүткөндүн баары бар...” (Саякбай Каралаевдин варианты). Токойдогу дарактар жөнүндө кеп болгондо артыкча тал, андан кийин кайың, карагай, терек, чынар, алма, алча, жаңгак, камыш, жекен жана башкалар айтылат. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында: “Бири терек, бири тал, жыгачынын түркү ушу”, - деп баяндалат. Өсүмдүк түрлөрү да ажыратылып берилет. Мисалы, жөнөкөй тал, кырчын тал жана башкалар.

«Манас» эпосунун окуялары көптөгөн аймактарда өтүп, ар бир жердин жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү менен сүрөттөлөт. Мисалы, Манас туулуп өскөн Алтайдын токойго, түркүн жаныбарларга жана өсүмдүктөргө бай кооз жер экендиги, «бугу оттогон жерлери, булуңдуу токой черлери» жөнүндө айтылат. Ошол жерде өскөн токойдун аянты, калыңдыгы «бери жагында кырк күндүк, караңгы токой чер бар дейт» деген саптар менен берилип, токой арасындагы «көк ала майдан шиберди аралап», жайылып жүргөн мал тууралуу да көп айтылат. Ал эми Алтайдан Анжыянга көчүп келген эл жер жайнаган жемиш токойлорун көрүп, Талас жеринин «алчасы чирип дөң болгон, алмасы жатып көң болгон» өсүмдүктөр дүйнөсүнө суктанышат. Көкөтөйдүн ашын өткөрүү үчүн «карагат, кайың, тереги, канчалык жагып жатсаң да, отунга тиер кереги», «үзөнгүдөн чөп экен, бетеге белден бураган» айтылуу Каркыра жайлоосун тандашат [Акматов К., 1995].

Эпосто түркүн жан-жаныбарларга дагы көңүл көп бурулуп, адамдын жашоо тиричилигинде зор материалдык байлык болгон төрт түлүк малдан баштап, ар түркүн жапайы жан-жаныбарларга, түрдүү мифтик жандыктарга чейин учурайт. Үй жаныбарларынын ичинен жылкы өзгөчө мааниге ээ. Эпосто чагылдырылган жоокердик заманда «ат адамдын канаты» болуп, жылкы минерге унаа, жегенге эт, ичерге кымыз болгон. Ошондуктан, эпосто Аккула баштап баатырлардын көптөгөн тулпарлары жөнүндө айтылат, алардын сын-сыпаттары көркөм баяндалат. Эпосто жылкы баласынан башка уй, топоз, кой, эчки, төө өңдүү төрт түлүк мал жөнүндө кеңири айтылат.

Мындан сырткары эпосто жапайы айбанаттар жөнүндө да кеңири жана түрдүү кырдаалда баяндалат. Кайберендер тууралуу көбүнчө каармандар көңүл ачып, салбырынга чыкканда аңчылыктын объектиси катары сөз болот. Эпосто кийикке (аркар, кулжа, бугу, марал жана башкалар) мергенчилик кылышат. Каармандар жашаган, көргөн жерлер аларды мекендеген жан-жаныбары, кайберендери менен кооз экендиги айтылат. Мисалы, Ысык-Көл уникалдуу экосистемасы эпосто «Береке экен, бел экен, Бенде көрчү жер экен», «Будурдан бугу куюлуп», «Адырдан аркар куюлуп» деп сүрөттөлөт. Мекендеген кайберендин көптүгүнөн ошонун аты менен аталып калган топонимдер да учурайт. Мисалы, Кара-Кулжа. Эпосто арстан, бөрү, көк жал, шер, кабылан, жолборс жана башкалар жырткыч айбандар да кеңири сүрөттөлөт. Ошондой эле эпосто Манастын кай бир колдоочулары да жырткыч жаныбарлар: көсөө куйрук көк жал бөрү коштоп, кара чаар кабылан капталында чамынып, жолборс менен арстан аны жандап жүрөт.

Эпосто канаттуулардын түркүн түрлөрү, алгыр куштардан суу куштарга чейин даректер бар. Булбул, тоту, күкүк, торгой, улар, бөдөнө, кыргоол, үкү, каркыра, турна, куркулдай, карга, жору, кузгун, сагызган, таан жана башка көптөгөн ар кандай канаттуулар, ошондой эле каз, өрдөк, чүрөк, аккуу жана башка суу куштары жөнүндө да айтылат. Мунун ичинде аккуу өзгөчөлөнүп турат. “Семетейдеги” негизги каармандардын бири Айчүрөк керек учурда аккуу болуп кубулуп уча алат. Булардан башка түрдүү жыландар, бака, суудагы балыктар, түркүн курт-кумурскалар, чымын-чиркейлер жөнүндө да айтылат [Субанкулов Н., 1995].

«Манас» эпосунда элдик медицинанын этноэкологиялык өзгөчөлүктөрү дагы чагылдырылган. Элдик медицина илгертеден эле кыргыздардын жашоо-тиричилик экологиялык тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп, өз ичине ар кандай ооруулардын келип чыгуу себептери жөнүндө көз караштарды жана аларды дары чөптөрдү, жаныбарларды, табигый минералдарды колдонуу менен дарылоо ыкмалары боюнча көптөгөн маанилүү маалыматтарды камтыган. Мисалы, мээр чөп. Организмге жагымдуу жыттуу дары чөп экендиги айтылат. Эпосто чар дары деген да чөптөрдөн жасалган дары кездешет. Чар дары бир нече дары чөптүн кайнатмасынан жасалган. Дары чөптөрдөн «Манаста» уулжан аттуу чөптүн: «Уулжан берип ичинен, Эски дартын буздуруп» - деп, кайсы учурда пайдаланыла тургандыгы айтылып кеткен. Сагымбай Орозбаковдун вариантында ийсен, жуушаң (эрмен) аттуу дары чөптөрдүн аттары кездешет: “Ийсең, жуушаң чөбү бар, Издегендин көбү бар. Орол тоонун учу бар Ойлонсоң сонун ушулар”. «Манастын» ыр саптарынан өсүмдүк чөптөрдөн тышкары башка заттардан, мисалы, минералдардан алынган дарылар жөнүндө да кабарлар бар. Ошолордун бири кантемир дары. Муну метеориттерден жаралган дары деп болжолдоого болот. Эпостун саптары жаныбарлардын этинен жана ички органдарынан даярдалган дарылар тууралуу да баяндама берет. «Манаста» кашкулак өтү менен бирге кажырдын өтү да элдик медицинада колдонулуп келгени эскерилет: Кажырдын өтү барбы деп, Чуулаганы андан көп, Кумия дары момия, Бар бекен деп кошундан. Сурап жүргөн андан көп (Сагымбай Орозбаковдун варианты). Мында, кажырдын өтү менен бирге момия жөнүндө да айтылат. Момия же мумия деле жаныбарлардын, атап айтканда чычкандын бир түрү бөлүп чыгарган затка кирет. Ошентип «Манаста» жаныбарлардын продукциясынан даярдалган бир топ дарылар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган [Молдобаев И., 1995].

Корутундулап айтканда, эпосто жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн көптөгөн түрлөрү, айрыкча азыркы убакта сейректеп жана жоголуп бараткан түрлөрү жөнүндө айтылып, алар табияттын кайталангыс кооздугун, мол байлыгын гана көрсөтпөстөн, кыргыз элинин өз жерине, Ата Мекенине болгон сүйүүсүн, жаратылышка болгон аяр мамилесин, этноэкологиялык түшүнүктөрүн жана баалуулуктарын дагы даана чагылдырып турат. «Манас» эпосу Кыргызстандын этноэкологиялык тутумун, биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоодо жана аны андан ары туруктуу өнүктүрүүдө чоң потенциалга ээ. «Манас» эпосундагы кыргыздардын этноэкологиясын, өзгөчө жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча салттуу экологиялык билимдерди, табият мыйзамдарына ыңгайлашкан жашоо-тиричилик тажрыйбаларын кайра жандандыруу адамдар менен жаратылыштын, коом менен этникалык экотутумдун ортосундагы бузулган гармонияны кайра калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт. Азыркы учурда эпостогу экологиялык адеп-ахлактык императивдерди маданият, билим берүү жана тарбиялоо институттарынын биргелешкен аракеттери аркылуу жайылтуу коомчулукта “азыркы муун өз керектөөлөрүн камсыздандыруу менен келечек муундун жашоосунун табигый негиздерине зыян келтирбеши керек” деген фундаменталдуу экологиялык принципти калыптандырууга шарт түзөт.

Колдонулган адабияттардын тизмеси:

1. Акматалиев А. Алгыр куштар // «Манас» энциклопедиясы. (Башкы ред. А.Карыпкулов). – Б., 1995. – I-т. - 112-113-бб.

2. Акматов К. Өсүмдүктөр дүйнөсү (флора) // «Манас» энциклопедиясы. (Башкы ред. А.Карыпкулов). – Б., 1995. – II-т. - 231-232-бб.

3. Бромлей Ю.В. Современные проблемы этнографии. – М., 1981. - С.245.

4. Субанкулов Н. Жаныбарлар дүйнөсү // «Манас» энциклопедиясы. (Башкы ред. А.Карыпкулов). – Б., 1995. – I-т. - 327-329-бб.

5. Козлов В.И. Жизнеобеспечение этноса: содержание понятия и его этнические аспекты // Этническая экология: теория и практика. – М., 1991.

6. Кыргыз Республикасы: Миң жылдык өнүктүрүү максаттарына жетишүүдөгү прогресс жөнүндө үчүнчү отчет. – Б., 2013. – 164-б.

7. Молдобаев И. Элдик медицина // «Манас» энциклопедиясы. (Башкы ред. А.Карыпкулов). – Б., 1995. – II-т. - 571-574-бб.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×