Добавить статью
9:40 23 Мая 2022 2198
Жетишаарда миңбашы болгон кыргыз

Тогуз-Торо чөлкөмүндө Атай жана Көгарт сууларынын куюлушунда «Баракандын күмбөзү» деген тарыхый эстелик бар. Илгеркилер бул жерде көмүлгөн Баракан баатырдын ким экенин, анын тарыхтагы орду кандай экендигин жакшы билишкен, бирок азыр унутулуп бараткансыйт. Бул инсан тууралуу эч кандай изилдөө жүргүзүлө элек, эгер изилденсе, архивдик документтерден, кол жазмалардан жана эл оозунан көп маалымат чыкмак. Тайлак уулу Баракан баатырдын кандай эрдиктери болгон, канчалык атактуу болгон жана элине кандай салым кошкон деген суроолор жаралды болуш керек...

Баракан XIX кылымдын 20-30-жылдарында төрөлүп, ал атактуу Тайлак баатырдын уулдарынын бири болгон. Тайлактын тун уулу Осмон датка атасынын ордун басып, журт башкарган учурунда Баракан анын эң жакын жардамчысы, оң колу (аскердик иштер боюнча орун басары) болуп, кызмат аткарган. 1868-жылы Осмон датка Орусия империясына багынуудан баш тартып, өзүнө караштуу урууну – миң түтүндөй калкты Кашкар тарапка көчүрүп кеткенден кийинки кыйын кезеңдерде Баракан баатыр эл керегине жарай алган. Ошол кыргыздардын Жетишаар мамлекетине көчүп барып, Жакыпбек Бакдөөлөткө букара болушу жана ал жактан Баракан баатырдын миңбашы наамына көтөрүлүшү жөнүндө жарыялана элек кол жазмаларда камтылган маалыматтар бар экен, ошолордон кыскача үзүндү терип берейин.

Молдобасан Мусулманкуловдун 1947-жылы жазылган «Осмон баатыр» деген колжазмасынан:

«...Өрүк-Кузгун деген жерде туруп, Кашкарга киши жиберди. Кашкардын каны Жакыпбекке (Баракандын бир тууганы) Төрөкан баатырды «учурашып кел» деп, 2 киши менен жиберет. ...Аңгыча, Төрөкан келип калды. Аксарыбашыл өткөрүп, түлөө союп, эли чогулуп, масилет кылып, Осмон баатыр, Баракан баатыр баш болуп – он киши бир аргымак ат алышып, алтындан жабдык, абайы өртүк, дилдеден орноткон ушундай кооз жазылга менен атты жазашты. Ал ат – Осмонго Кокондун ханы мингизген Кара кашка аргымак эле. Андан башка эки жорго алып, Осмондор жөнөп кетет. ...Жакыпбек Осмонго раазы болду: «Сүйгөн жериңди ал» - деди. «Атойноок деген жерди ал. Эгин, чөп, кыштооңо Бакалуу деген жерди ал, жайлооңо Сарыколду ал» - деди.

...Кашкарлыктар жер жемишин алып чыгып, тосуп турушту. ...Баракан баатыр он киши менен артта Тайлак баатырдын туусун көтөрүп, керней сурнайын тарттырып турду. Жер дүңгүрөп, элдин баары батпай, кыргыздарды тосуп турушту. ...Ошентип, Атойнок деген жерге жетишти. Буудай бышып турган экен. Барып, жерин көрүп, расы болду, Осмон датка. Бакалы деген жерин эгин айдоого, Саркол деген жерине жайлап турушту.

...Бир күнү Жакыпбек Баракан баатырды чакыртып алып кетти. Ошол бойдон бир жыл дайыны жок болду. Осмон датка жана эли жаман болду: «Баракан жок?» дешти. Бир жылдан кийин Осмон баатыр тогуз жорго алып, тогуз киши менен Жакыпбектин алдына барды. Хан жакшылап сыйлап турду. Үч күн жатышты, бир ооз кептери калган жок. Аябай сүйлөштү. Төртүнчү күн болгондо, Осмон Жакыпбекке карай: «Ханым, сизде бир аманат бар эле» - деди. – «Ошонун көзү барбы же жокпу» - деди Осмон. Жакыпбек күлүп туруп: «Бар, баатыр» - деди. ...Бараканды алып келген кишиге бир жамбы сүйүнчү беришти. Осмон Баракандын барын көрүп, раасы болуп, тогуз жоргону Жакыпбекке тартууга берди. Жакыпбек да расы болуп, Осмонго: «Каалаганың эмне?» - деди. Осмон: «Баракан баатыр билсин!» - деди. Анда, Жакыпка Баракан баатыр: «Биздин сизден сураарыбыз жоо жарак» - деди. Жакыпбек өтө кубанып: «Макул, баатыр!» - деди. Жакыпбек балбандарын чакыртып: «Казынада бир чоң сандык бар, ошону алып келгиле!» - деди. Төрт палбан чоң сандыкты алып келди да, Баракандын алдына койду. Сандыктын ичинде бир узундугу бир кулач, алтын кындуу, өңү ак кылыч бар экен. Жана бир зоот, болот чопкут, туулга, чарайна, бир жаннат ичик кийгизди. Жана турган Осмонго баш-аягы менен тик чарайна берди. Үч күн той кылып, элин жыйып, Баракан баатырга «миң башы» деген наам берди. Ушуну менен Баракан менен Осмондун колуна туу берип, коё берди. Эл андан сүйүнүп, той берип, Баракан келгенине, Кашкардын кандарын, Жакыпбекти баш кылып чакырды. Кашкардын байы, бийи, молдосу, сопусу – бүт уйгурлар «кыргыздын тоюн көрөбүз» дешип, келишти. Тойго деп, Жакыпбек 40 нарга жер жемиштер алып келди. Баш аягы эки миң киши болду. Осмон 200 үй тиктирди...

...Кашкарды Осмон билип турду (башкарды). Төрт жыл болуп, бешинчи жыл болгондо...: «(Акыркы салгылашта каршы тарапта болгондугу үчүн туткундай келишкен) Баякени бир ат мингизип, качырып жибергиле!» - деди. (Осмон датканын Токмокто ак үйлүү болуп калган уулун, б.а.) Мамырканды (Шабдан) Чүйдөн алып келип, (ал эми Баракан баатыр туткундап кеткен) Бородот деген орустун төрөсүн Осмон алып келип, экөөнү Сөөктүн белинен чөк кылып туруп, алмашып алат.

...Жакыпбек болсо Бээжинге казат кыламын деп, эл жыйнап, аскер ала баштады. ...Баракан баатыр миң кишиге баш болду. «Отуз миң киши өтө көп болот экен. Кашкардан чыктык, жерге сууга батпай, ар бир миң кишиге бирден туу берди». Кыргыздын туусун Рыскелди баатыр кармады. Баракан баатыр үч киши менен тууну карматып, Тайлак баатырдын алтын туусун жаркылдатып, колдун артынан жүрүп олтурду. «Кумбул деген шаарга он эки күндө жеттик. ...Үрүмчү, Манас деген жерден Манас баатырдын сүрөтүн көрдүк»... Муну Ырыскелди баатыр кеп кылды. Ошондо Ырыскелди сексен эки жашта экен... «Ошентип, бир жарым ай жол жүрүп, Кытайдын Куба деген шаарына бардык».

Ы.Абдрахмановдун 1944-жылы жазылган «Тайлак баатыр» деген кол жазмасынан:

«...Барахандын кызматы жакканда, Бедөөлөт Бараханды миңбашы кылып, Үрүмчү жакка барып, Кытай менен урушканда, баатырлык көрсөтүп, башын жоолук менен бууп, колуна кылыч алып, кытайларга аралап кирип, кырычуу экен.

Осмондун эли Кашкардын түштүк жагында Бакалык деген жерди жердеп, эң аягы бир миңден кой күтүп, 8 жылы турат. ...Бедөөлөт Бараханды дайым «Барахан баатыр» - деп айтуучу экен».

Молдобасан Мусулманкуловдун 1947-жылы жазылган «Осмон баатыр» деген колжазмасынан (уландысы):

...Жакыптын өлгөнүн билгиспей, жан чыгаары менен эки атка араба чегип, түн бойдон артка жиберген экен. Беккулу деген уулу үч күн кошуун токтотуп: «Жакыпбек оору» деп турду... Кыргыз-дунган биригип, кытай менен атыша келет. ...Кытай Бээжинден бери сүрүлүп, Кашкарды каптады. Артынан Осмон да жөнөдү, элди көчүрүп. ...Эки жүздөй кытай аркасынан жете келди. Баракан баатыр тосуп туруп, Жерүй, Көгарт деген жерден эки жүз кытай менен үч күн атышып жатты. Төртүнчү күнү түн ортосунда Баракан кытай жаткан жерге барып, кароолчусун кармап, байлап, кытайга «Тайлак! Тайлак!» деп, ураан тартып кирди. Кытайлар баш аламан болуп, түн жамынып качып калды. Осмондор үч кишини өлтүрүп, он эки кытайды колго түшүрүп, жыйырма атты ээр-токуму менен олжо кылып, Сөөк деген белди ашып, Арпа деген жерге түшөт. Бирок он эки кытайды Арпага келгенде, Осмон коё берип, кайра кетирет...

...Баракан адамдан башка киши эле. Мойну кишинин белиндей өтө зор киши эле. Баракан зоотун чечпей эле отура берчү экен. Белдемчи чарайна, чопкут, кылыч, канжарын – баарын чечпей жүрөр экен. Эч бир чечинип жаткан эмес экен. Жаткан канды жаман көрчү экен. Дайыма түн ичинде ат минип, айылдын сыртында колго найза алып, карап жүрчү экен. ...Ушунун баарын (казактардан) Кутантөрө таңгалып, Осмонго ат мингизип, Бараканга туйгун берди. ...Осмон кызыл жүздүү киши эле. Баракан өңү кара сур, көзү чоң, мурду тарбагай, башы челектей киши эле...».

Фото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

23-05-2022
Тогуз-Торонун уламышка айланган күлүктөрү
439

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
16123

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
8872

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
12312

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
9438

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
15574

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
11409

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
36931

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
24714

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×