Добавить статью
12:02 18 Марта 2015 17070
Кочкор өрөөнүндөгү аламат
же Суяб шаарынын жок болуп кетиши
(4 бөлүк)

(3 бөлүк)

Көлдүк элдин ичинде “айланып келген суу” деген уламышта калган сөз бар, себеби көлдүн чыгыш жагы чөгүп кеткенде, жер массасы баскан аймактын астындагы суу Шамшы ашуусунун батышынан Шиш-Чокунун түбүнөн чыгып, Кочкор өрөөнүн каптап, кайра көлгө куйгандыгы байкалат.

Бул жеке эле Кочкорго эмес, Чүйгө да таасирин тийгизген. Карап көрүңүздөр, Кемин шаарынын тушундагы терең коо, Чүй тараптагы Шамшы капчыгайынын ичиндеги чоң жарлар, Шамшы айылынын тушундагы терең коо, Токмоктун түштүк-чыгышындагы миллиондогон тонна кум-шагыл кендери, Токмоктун аягындагы Кең-Булуң деп аталган саздактуу ойдуңдун пайда болушу - селдин таасири. Жай акса мындай терең коолор пайда болмок эмес.

Ак-Бешим шаары Суяб шаары дегенге окшошпойт, орус чыгыш таануучуларынын жана тарыхчыларынын бир макулдашууга келбегендиги көрүнүп тургандыктан күчтөп эле Ак-Бешим шаары Суяб шаары деп беките берген туура болбойт ко деп ойлойм.

1. Ак-Бешим шаары Чүй суусунун түндүк жээгинде жайгашкан эмес, Бузулган-Суунун Чүйдеги Шамшы капчыгайы тараптан жана Кемин (Боом) тараптан келген эки агымы кошулуп, кордойлоп жеп пайда кылган Кең-Булуң ойдуңунун түштүк жагында жардын жээгинен орун алган. Ал эми азыркы Токмок шаарынын ордундагы Чүй суусунун жээгине чейинки Ак-Бешим шаарынын карапайым калк жашаган бөлүгүнїн түндүк жагын сел алып, Кең-Булуң ойдуңу пайда болгон. Кызыл-Суу шаар сепилинин түндүк жагын да селдин суусу кордойлоп жеп, Чүй суусунун жээгиндеги турак жайларды да сел алып кеткендиги байкалат. Суяб шаары, тарыхый маалыматтар боюнча, Чүй суусунун башталышынын түндүк жагындагы жээктен орун алган.

150318_1 2. Ак-Бешимден табылган артефактылар жана курулуштар христиан, будда, несториан жана манихей диндерин туткан элдерге көбүрөөк таандык экенин, түрк элине, түргөштөргө, карлуктарга же караханиддерге тийиштүүсү аз экенин маалыматтар айтып турат. Кызласов Ак-Бешимди казып изилдеп, Ак-Бешим менен Бурана Суяб менен Баласагун шаарларына окшошпой жана тең келе албай тургандыгын даана жазган.

3. Суяб шаары суу жээгиндеги бекемделген сепилдүү шаар деп Тан империясынын тарыхый маалыматтарында жазылып турат. Суяб шаары караханиддердин кан ордосу деп тарыхта жазылгандан кийин ал шаарда негизинен түрк эли жашаган болуш керек. Шаарда түрктөр, карлуктар, түргөштөр, кыргыздар жашаган болушу керек. Ислам динин кабыл алган эл жашаган. Көєнє кытай жазма даректеринде Суяб шаары Су-е-чэн, Су-е-чуй чэн (Суйаб өзєнїнїн боюндагы шаар) деп аталган.

4. Айтат эмеспи: "Киши жок, маселе жок” деп, ал эми шаар жок, маселе бар, ал шаар кайда? Ак–Бешим эч жакка жоголбой эле ордунда турат, шаардын калдыгы тургандан кийин Суяб деп атай берсе болобу? Суяб шаарынын Х-кылымдын аягында тез эле жок болушу биздин тарыхчыларда "эмне үчүн?" деген суроо жаратпагандыгы таңгалдырат.

Суяб 6–10-кылымдарга таандык шаар. Батыш түрк, түргөш жана карлук кагандыктарынын борбору болгон. Суяб 7–10-кылымдагы жазма даректерде эскерилет. Орто кылымдагы авторлордун маалыматтарына караганда, Суяб Чүй өрөөнүндө жайгашкан,бирок андагы орду али тактала элек. Айрым окумуштуулар Суябды Чоң Кемин өрөөнүндөгү Шабдан кыштагынын жанындагы шаар чалдыбары менен байланыштырат. Англиялык окумуштуу Ж. Клоссондун пикири боюнча, Суяб Ак-Бешим шаар чалдыбарына (Токмоктон 10–12 чакырым түштүк-батыш тарапта) окшоштурулган.

Ал эми Суяб жок. Суяб кайда? Чүй суусунун башындагы түрктөрдүн, карахандардын, карлуктардын жана түргөштөрдүн ордо кенти (Кара-Ордо же Күз-Ордо – Кыргыз каганатынын борбору) Суяб деп суунун жээгиндеги шаар экенин, Кыргыз каганатынын ордосу болгондугун жана анын ордосу Кочкор өрөөнүндө экендигин аты эле айтып турбайбы.

Ушул жогоруда жазылган жана табылган макалаларды топтоп жатып мен В. М. Плоскихтин “История и проблемы исследования затонувших памятников Иссык-Куля” деген макалаларына да кайрылууга аргасыз болдум жана андан төмөндөгү нерселерди таптым.

Академик Л.С.Бергдин жазуусу боюнча, көлдүн жээгинин чөгүүсү жер титирөөдөн болду десе, кээ бир авторлор эбегейсиз зор жер чөгүүсүнөн болду дешет (Берг Л.С.Озеро Иссык-Куль, с. 78.). Мындан эмнени байкоого болот? Бул маалыматтар суунун көтөрүлүшү жана жээгинин чөгүшү жалпы чоң аянтта болгондугун кабарлайт (В. М. Плоских. История и проблемы исследования затонувших памятников Иссык-Куля. "Баракелде", 26-06-2012.).

ХI-XVI-кылымдарда көлдүн суусунун деңгээли өтө ылдый (регрессия) болгон (Умурзаков, Винник, 1975.).

150318_2 1000-1500 жыл мурун Ысык-Көлдүн деңгээли азыркыдан 100 метрге ылдый болгон жана кургакчылыктан (регрессия) көлгө суунун кошулушу азайган (А. О. Конурбаев. ”Трансгрессии и регрессии озера Иссык-Куль: проблема не решена”.).

XIX-кылымда Ысык–Көлдүн гидрогеологиялык жана археологиялык жалпы маалыматтарды талдап көргөндө, төмөндөгүдөй жыйынтыкка келдик.

1. Ысык-Көлдүн трансгрессия жана регрессия себептерин (өтө көп нымдуулук жана кургакчылык) жана көлдүн термелүүсүнүн өйдө-ылдый болуусу азыркы убакка чейин аныктала элек, бирок тектоникалык жаракалардын термелүүсүнөн болгондугун байкоого болот деп жазат В. М. Плоских.

2. Көлдүн түбүнөн табылган ар кайсы доордун тарыхый–археологиялык эстеликтерин бир гана жолу болгон селдин же өтө көп нымдуулуктун натыйжасы десе болот. Трансгрессиянын жүрүшүн тактоо үчүн археологиялык эмес башкача изилдөө жүргүзүү керек, трансгрессиянын акыркы мезгили Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголушу менен убакыттарынын дал келүүсү таң калтырат (В. М. Плоских. “История и проблемы исследование затонущих памятников Иссык-Куля”, "Баракелде", 26-06-2012).

Трансгрессия жана регресиянын кесепеттери жана азыркы абалы жөнүндө өзүнчө макала жазылды, аны төмөндөн окуйсуздар. Бул жерде байыркы доорлордогу элдердин: сактардын, усундардын, түрктөрдүн, кыргыздардын орто кылымда жашаган жана башка элдердин мүлкү, жашоо-тиричилик куралдары Кочкор өрөөнүнөн жана Ысык-Көлдөгү турак жайлардан көлдүн суусунун ичинде аралашып калгандыгы байкалат.

Ал эми Улуу Жибек жолунун маанисинин жоголо башташы, Ысык-Көлдүн чыгыш жагынын чөгүүсү Кочкор өрөөнүндөгү катастрофадан (топон суу жүргөндөн же Түндүк Тян-Шандагы жер титирөөнүн кесепетинен) кийин Кочкор-Башы-Суяб шаарынын элинин, ошондой эле өрөөндөгү шаарлардын, башка турак жайлардын селдин суусуна кабылгандан кийин жана жергиликтүү эл, кандар, бектер, жоокерлер жана карапайым букара, келген кербендердин, соодагерлердин селге агып, жок болуп кетишинен аймактагы өзгөрүүлөрдөн болуп жүрбөсүн.

Ушул жерде айта кете турган бир сөз: Кыргыз каганатынын жок болуп кетиши жөнүндө 2012-жылы 14-17-ноябрда Бишкекте болуп өткөн Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган илимий конференцияда Новосибирск академиясынын академиги, тарых илиминин доктору, кыргыз таануучу, археолог Юрий Худяков минтип айтты: “В это время Кыргызский каганат исчерпал людские ресурсы”. Эмне үчүн бул сөз айтылды? Адамдар эмне болуп жок болуп кетти? Эпидемия болдубу? Же согуштан кырылыштыбы, же башка себеби барбы? Мына ушул айтылган сөзгө жооп катары Кочкор өрөөнүндө болуп өткөн аламат, Токмоктун айланасындагы турак жайларды сел алышы жана Ысык-Көлдөгү шаарлардын жок болуп кетишинен болбосун? Кыргыз каганатынын ордосу өзөгү болгон элдин жок болуп кетишинен болуп жүрбөсүн?

(уландысы бар)

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

04-03-2015
Кочкор өрөөнүндөгү аламат
же Суяб шаарынын жок болуп кетиши
(3 бөлүк)
24368

03-02-2015
Кочкор өрөөнүндөгү аламат
же Суяб шаарынын жок болуп кетиши
(2 бөлүк)
37701

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×