Добавить статью
11:26 18 Августа 2023 1626
Чапкылдыктар баяны

Чапкылдыктар баяны

Адамзат тарыхында өзгөчө орунду ээлеген гундардын түздөн-түз урпактары болгон кыргыздар тарыхта түрк тилдүү жана түрк тектүү элдердин алтын бешиги, мекен жайы болгон Улуу Турандын туруктуу тургундары катары айтылат. Баатырлардын мекени болгон бул аймакты кыргыздар, анын ичинде Чапкылдыктар байыртан байырлап, мекендеп келет. Туран же Туркистан аймагынан кыргыздар башка теги бир түрк тилдүү элдер менен Европа, Иран, Мисир, Индия, Кытай өлкөлөрүнө согуштук жортуулга кошо аттанып, тарыхта аты калган Гундар, Селжуктар, Газневилер, Тимурилер, Осмон жана Бабурилер түзгөн империялардын түптөлүшүнө өз салымын кошушкан эл эенин унутпайлы. Ал турсун Мисирде Мамлюктар султанатын негиздеген эмирлер жана аны башкарган султандар да теги кыргыз болуп чыгышы толук ыктымал. Кыргыздын 40 уруусунун бири болгон Чапкылдыктар Ичкиликтер уруулук тобунун курамына кирет. Ичкиликтер тобуна кирген уруулардын, анын ичинде Чапкылдыктардын келип чыгыш теги байыркы гундар(Гунну же Хунну), эзелки Кыргыз, Уйгур, Түрк каганаттары, Караханилер, Селжуктар доорлору жана Чагатай Улусу, Амир Темир түптөгөн мамлекет, Алтын Ордо, Моголистан, Улуу Моголдор империясы менен терең байланышкан. Ичкиликтер уруулук тобунда кыргыз этносунун пайдубалын түптөгөн этнокомпоненттер арбын. Бул топко кирген каңды, кыпчак, найман уруулары хандык же мамлекет түзгөн учурлары тарыхтан белгилүү. Бухар эмирлиги, Кокон хандыгы тушунда да найман, кесек, жоо кесек, тейит, кыпчак, бостон, каңды, төөлөс, чапкылдык, ават, кыдырша, оргу, нойгут урууларынан мамлекеттик, саясий ишмерлер көп чыккан. Ал гана эмес, Мамлюктар Султанатын башкарган султандар менен эмирлер да ичкиликтер тобуна кирген уруулардын өкүлдөрү болуп чыгышы мүмкүн. Улуу Моголдор империясын негиздеген Захридин Бабур жана анын урпактары ичкиликтер тобуна кирген кыргыздарга көп таянган. Индияны басып алууга, андан ары ал мамлекетти башкарууга кыргыздар катышканы тууралуу Осмонакун Ибраимов далилдуу фактыларды, маалыматтарды жана Бабурдун урпактары – мамлекеттин башында турган шахтардын Ордосундагы ак калпакчан тартылган сурөттөрду жарыялап, жазып келет.

Азыркы жашап турган жерибизде 6-11 –кылымдар аралыгындагы Туран менен Иран ортосундагы бул аймакка ээлик кылуу боюнча атаандаштыгы туурасында эл оозеки чыгармачылыгында, айрыкча сап башында “Манас” эпосу турган баатырдык эпикалык чыгармаларда жана Фирдоусинин “Шахнамесинде” жакшы чагылдырылган. Ал эми, Караханилер, Селжуктар, Газневилер доорунан баштап, аймакта турк тектүү элдердин катарында кыргыздар, анын ичинде ичкилик тобуна кирген уруулар Туран жерине толук кандуу ээлик кыла баштайт. Ошол мезгилдерде Чапкылдыктар азыркы Ходжент шаарынын айланасына келип жайгашып, Сырдарыянын сол жээгиндеги Куланбаш, Демай, Казнак, Катма, Кайраккум, Көк Тонду, Жийдели жана башка айыл-кыштактарды негиздешкен.

Кожент аймагын Фергана өрөөнүнүн күн батыштагы «дарбазасы» деп койсо да болот. Улуу жибек жолу өткөн Сырдарыянын ортоңку агымынан орун алган, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан көөнө Кожент чөлкөмү көптөгөн тарыхый жана саясий окуялар өткөн жер. Байыркы мезгилден эле басып кирген баскынчылар бул чөлкөм аркылуу өтүшкөн. Кир, Александр Македонский, Чыңгызхан, Темирлан ж.б. белгилүү инсандар катарында кыргыздын баатыры Манас да Бухарга жортуулга чыкканда бул аймак аркылуу өткөн. Ал гана эмес, Манастын өзүнүн жана кырк чоросунун сөөгү Баткендин Каратоосунда көмүлгөн дешет. Эл арасында кыпчактар Манастын мүрзөсүн коргоо жана сактоо максатында бул аймакта калып калышкан деген да версия айтылып жүрөт.

Ошентип, чапкылдыктар Кожент аймагындагы малга ынгайлуу деп, мурда жайгашкан Куланбаш, Демай, Казнак, Катма, Кайраккум, Көк Тонду, Жийделиден ары карай жылып, Кожобакырган-Сайдын жээгин, Бешкент, Маргун, Овут, Акжар, Даргаз, Аззаар, Дархум, Сегизтам жана башка айыл-кыштактарды негиздешет. Чапкылдыктар бул аймакка Чыгыш Туркистандан(Жаркент, Кашкар) келишкен деп да айтылат. Чапкылдык уруусунун негиздөөчүлөрү катары санжыралык маалыматтарда Жолжакшы, Көктонду, Ак-Тайлак олуя, Жакшы кожо, Чаар кожо, Ажы бий, Тастак бийлер айтылат.

Чапкылдык уруусунан эл башкарган хандар Асанали хан, Хан Мөндөкө, бектер Салимбек, Бердикул минбашы, олуялар Көктонду, Ак-Тайлак, Жаныбек-Ата, Агача чыккан. Учурда жалпы саны 60 минди түзөт. Чапкылдыктар аймактык жактан да, тили боюнча да, кала берсе каада-салты менен да Ичкиликтер тобуна кирген урууларга жакын экендигин уруубуздун санжырачысы Акматали Ормошов өзүнүн жүргүзгөн көп жылдык иликтөөлөрүнө таянып жазган макалаларында, китептеринде баса белгилеп кеткен. Бул маселе боюнча алгач тилчи, филология илимдеринин кандидаты Абдималик Машрапов Акматали Ормошовдун версиясын колдоп чыккан.

Чапкылдыктар: Жапар, Тайлакы, Ажыбек, Бакыбек, Салимбек Дидар, Калтатай, болуп жети уруктан турган. Имамшайык, Асанали (кытай), Каландар жана Карапорчо(Досмат) Ажыбектин балдары. Бирок бүгүнкү күндө алар да башкалар менен теңата болуп жүрөт. Ошондуктан учурда чапкылдыктар: Жапар, Тайлакы, Бакыбек, Салимбек, Дидар, Калтатай, Асанали, Имамшайык, Каландар жана Карапорчо(Досмат) болуп он урукка бөлүнөт. Чапкылдыктарда «Жапар эл агасы» деген сөз бар. Ал «эң улуусу» дегенди билдирет. «Тайлакылар олуя тукуму» деп айтылат. Анткени алар Ак-Тайлак олуянан тарашат. Ак-Тайлактын өзүнүн жана тун уулу Жаныбек менен кызы Агачанын мазарына зыярат кылгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Тайлакылар Тагайбек, Жаныбек, Кошонбек, Алдарбек жана Белек деген топтордон турат. «Бек тукуму – Салимбек» дегени, бул Салимбектин тукумунан көптөгөн бектер чыккан. Мисалы, бектердин акыркысы Бердикул миңбашы, анын небереси Гапар Кошмуратов Кыргыз ССРинин Финансы министри болгон. «Бакыбек-баатыр» дегени «бакырыгы таш жарган, ажалдан кайра тартпаган» баатыр болгон. Жоого аттанганда Бакыбек-баатыр чапкылдыктарга кол башчылык кылган. Анын урпагы Түлкү-бий учурунда Исфара-Чоркуну башкарган бий болгон. Сөөгү Керавшин тоосуна коюлуп, күмбөзү бар. Имамшайык болсо кадимки Бухарадан билим алып, элине келип имам болгондуктан, өз аты аталбай «Имам» деген атка «шайык» сөзү кошулуп «Имам-шайык» же кыскача «Мамшык» деп айтылып калган. Калтатай уругу «кокондук», «оштук» жана «ташкенттик» деп да бөлүнөт. Буга учурунда Калтатай уругунан төрт бек чыгып, Ошту, Коконду, Маргаланды жана Ташкентти бир мезгилде бийлеп турганы себеп болгон. Ташкент тараптагы Шайхантөрө же Шайхан-Дөбө деген жерде Калтатай уругунан чыккан бийлер Казы Курт, Казы Кузаттын сөөгү коюлган кыргыздардын байыркы көрүстөнү, «Калтатай-Арык», Калтатай кварталы же махалласи ж.б. жер-суу аттарынын учураганы буга далил.

Ошол эле учурда кыргыз-тажик чегарасы тилкесинен орун алган Оочу-Калачада “Калтатай мазар” деген калтатай уругунун эски көрүстөнү жана бул уруктан чыккан атактуу инсандын күмбөзү бар. Учурда бул мазар менен көрүстөн да Тажикстанда калып калган. Асанали «кытай» аталганы Асан-бий Кашкарга хан болуп турганда мурдагы хандын кызына үйлөнөт. Так талашуу күч алып, күчтүү жоого туруштук бералбай Асан-бий хандыгын жана айы-күнү жетип турган кош бойлуу аялын таштап, Кашкардан эли менен ата журту болгон Кожентке кайтат. Кашкарлык аялынан төрөлгөн бала эресеге жеткенде атасын издеп, Кожентке келет. Уулунун келишине арнап Асан-бий чоң той берип, аны элге тааныштырат. Бараалы келгенде ал атасы Асан-бийдин ордун ээлеп, чапкылдык уруусуна бий болот. Ошондо аны жеңелери «кытай уул» деп, тергеп жүргөндүктөн улам, өз аты калып «кытай» аталып калат. Чапкылдык уруусунун өкүлдөрү Тажикстандын Согди (мурдагы Ленинабад) облусунун Исфара районунан башка Канибадам районунун Мазар-Тал, Маданият жана Жийдели айылдарында, Ходжент районунун Сада, Селкен, Калача, Жабар Расулов районунун Демай, ал эми Гафуров районунун Катаган, Исписар, Кистакоз ж.б. айыл-кыштактарында илгертен бери байырлап жашап турушат.

Өзбекстан аймагында Ташкен облусуна караштуу Чаткал тоосунун койнундагы Аксак-Ата, Нур-Өкүм же Нурек-Ата айылдары чапкылдык уруусунун Жапар уругунун мекен жайлары. Кезинде бул айылдардын калкын пахта аянтын кеңейтүү максатында дың жерлерди өздөштүрүү үчүн өзбек бийликтери Бөкө, Паркент, Коммунист райондорунун аймагына мажбурлап көчүрүшкөн. Ташкенттик чапкылдыктар: жапар, бакыбек жана калтатай деген уруктардан турушат. Ошондой эле Фергана облусуна караштуу Кокондун айланасында Дасторкон чек, Кудаяр чек, Чапкылдык жана Яззаван чөлү тараптагы Чапкылдык кыштактарында, Наманган облусуна караштуу Хакуллабад, Көгой(Көк –Ой) кыштактарында жашап турушкан.

Чапкылдыктардын негизги бөлүгү Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду, Бешкент, Жаңы-Жер жана Маргун айыл округдарын жана Сүлүктү шаарына караштуу Кольцо айылын же мурдагы Чапкылдык болуштугунун аймагын жердеп турушат. Баткен районуна караштуу Кара-Токой жана Боз-Адыр (Дидар, Бакыбек, Жапар ж.б. уруктар) айылдарында да жашашат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев (Дидар, Досмат, Калтатай жана Бакыбек уругунун Кочкор, Эрдеке жана Мөндөкө топтору) жана Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар (Тайлакы жана Асанали уруктары) айылдарында турушат

Чапкылдык уруусунун түзүмү боюнча Кочкор Батыров «Чапкылдыктар тарыхы» деген 2010-жылы жарык көргөн китебинде Чапкылдык уруусунун санжырасынын бир варианты Лейлек районунун Көкташ айылындагы мечитте район аймагында жашаган кыргыз уруу-уруктарынын катарында жазылып калгандыгын жазат. Көкташ - кесек уруусунун чүчүк уругунун өкүлдөрү жашаган айыл. Ошол вариантка таянып, автор чапкылдыктарды 9 урукка бөлөт. Чапкылдык, Акбалта, Акбалтадан Жакшы кожо жана Чаар кожо. Жакшы кожодон Ажы бий. Ажы бийден Каландар, Дидар, Имамшык, Салимбек, Бакыбек, Асанали. Ал эми Чаар кожодон Калтатай, Жапар, Тайлакы.

Ал эми Эшматов Бегимкул аксакалдын варианты боюнча Чапкылдык. Чапкылдыктан Акбалта, Акбалтадан Жолжакшы, Жолжакшыдан Тастак бий. Тастак бийден Жакшы кожо чапкылдык жана Чаар кожо чапкылдык. Жакшы кожо чапкылдыктан Жапар, Тайлакы, Ажы бий, Бакыбек, Салимбек, Дидар. Чаар кожо чапкылдыктан Калтатай тараган. Ал эми Ажы бийден Асанали, Имам-Шайык, Каландар, Карапорчо тараган деп айтылат.

Бешкент айыл аймагындагы Шоро айылынын тургуну Абдрахман аксакалдын айтканы боюнча Кайрагач кыштагындагы мечит совет бийлиги тарабынан бузула элегинде мечиттин бир бурчунда жергиликтүү элдин кыскача тарыхы менен санжырасы жазылып турган экен. Ошол жазууларга караганда Чапкылдык. Чапкылдыктан 2-3 муун ата өтүп барып анан Акбалта, Акбалтадан Жолжакшы, Жолжакшыдан Көк Тонду, Көк Тондудан Тастак бий, Тастак бийден Жакшы кожо, Жакшы кожодон Чаар кожо. Чаар кожодон жалпы чапкылдык уруусу тараган деп айтчу аксакал. Айылдаш туугандары Абдрахман атабыздан чапкылдыктардын кагазга түшүрүлгөн санжырасы болгонбу деген суроосуна ал киши “Ооба, болгон. Мен билгенден Кокон тарапта бий болуп өткөн чапкылдыктын Калтатай уругунан чыккан Шоорук бий жаздырган санжырабыз болгон. Ошол санжыранын көчүрмөсү Маргундагы Токтоштун атасы Түркбайда бар эле” деп айтчу экен. Ошол санжыранын тагдырын сураганда “Совет бийлиги эшен-молдолорду кысымга алып, айылдык молдолорду да камай баштаганда Туркбай бала-чака менен элиме зыяны тийбесин деп Маргун айылындагы көрүстөнгө алып барып, мүрзөгө көөмп салган экен деп укканым бар”-деп жооп берчү экен.

Чапкылдык уруусунун курамына кирген уруктар жана алардын топтору

1. Жапар уругу: Чоттор, Алайчы, Калдар, Чиви.

2. Тайлакы: Тагайбек, Жаныбек, Алдарбек, Кошонбек, Белек.

3. Бакыбек: Суюндук, Мөндөкө, Куват, Тулку, Кочкор, Шоорук, Баба.

4. Салимбек: Эрдене, Толубай, Ысмайыл, Арыкбай, Авалбек, Шайбек

5. Дидар: Албала, Темирбай, Айбаш, Шообаз.

6. Калтатай: Оштук, Ташкенттик, Кокондук.

7. Имамшайык: Кудайназар, Чалыш, Кошбай, Төөлөр, Кутмат.

8. Асанали: Сарыбашыл, Кытай (Чоткара), Карынчы, Бөрубек, Мурзабек, Чака, Кедей, Бешкалтак, Каракуш, Галасап.

9. Каландар: Акжол, Итемген, Торпок, Кенже.

10. Досмат (Карапорчо): Лепес, Курал, Казы.

Чапкылдыктын бийлери:

1. Ажы бий

2. Тастак бий

3. Асан бий

4. Кутка(Куртка)-бий

5. Казы Курт бий

6. Казы Кузат бий

7. Шоорук бий

8. Түлкү бий

9. Мангазы бий

10. Мативали бий

Чапкылдыктан чыккан хандар:

1. Асанали-хан, Жаркент -Кашкарда хан болгон

2. Мөндөкө, Жаркент-Кашкарда хан болгон

Кокон хандыгынын тушундагы минбашылар:

1. Сатыбалды миңбашы (Досмат уулу).

2. Бердикул миңбашы.

Кокон хандыгында Ордодо иштегендер:

1. Досмат Кенже уулу Малла ханга аталык, Маргаланда аким болгон.

2. Нур, Омор ханга атылык, казына башчысы болгон.

Чапкылдыктан чыккан аскер башчылар:

1. Бакыбек баатыр, чапкылдыктардын кол башчысы болгон.

2. Мавлян лашкер башы, Кокон хандыгында аскер башчы болгон.

3. Ниязбек баатыр Нур уулу, Кокон хандыгында аскер башчы болгон.

4. Жар баатыр

Чапкылдык болуштугунун болуштары:

1. Султан болуш Тиллаев

2. Досмат болуш Исабеков

3. Урустөм болуш.

4. Тилла болуш Ибрагимов

5. Сайдилла болуш Акжолов

Чапкылдык болуштугунун казылары:

1. Нуржан казы

2. Төрө казы Ботобек уулу

Чапкылдыктын дин аалымдары:

1. Жакшыкожо

2. Чааркожо

3. Имам шайык

4. Каландар

Чапкылдыктын атактуу олуялары:

1. Көктонду

2. Ак-Тайлак

2. Жаныбек

3.Тагайбек

4. Агача

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында иштегендер:

1.Буранов(Боронов) Курбан, Жалал-Абад Ревкому.

Чапкылдыктан СССР тушунда чыккан министрлер:

1. Кошмуратов Гафар, финансы министри

2. Эшанов Надыр, “Кыргызпотребсоюздун” төрагасы

3. Жулдиев Ахмат, Тажик ССРинин Ички иштер министринин орун басары

Чапкылдыктан чыккан баатырлар:

1. Жоро Шералиев, Социалисттик Эмгектин Баатыры.

2. Самадов Ахмат, Социалисттик Эмгектин Баатыры.

3. Алиев Гадай, Социалисттик Эмгектин Баатыры.

4. Базаров Пирмат, Социалисттик Эмгектин Баатыры.

Ленин Орденинин кавалерлери:

1. Абдиев Жапар

2. Абдуллаев Токтош

3. Ташполотов Шер

Социалисттик эмгектин мыктылары:

1. Кудайкулов Машрап, Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси орденинин кавалери

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттары:

1. Касиет Жапарова

2. Жоро Шералиев (3 жолку депутат)

3. Гафар Кошмуратов

4. Кайриниса Малабаева

5. Мурзабек Баетов

6. Мухтар Курбанов

Кыргыз Республикасынын Вице премьер-министри болгондор:

1.Талиева Камила Абдразаковна, КР Вице премьер-министри .

КР министр болгондор:

1.Талиева Камила Абдразаковна, КР Маданият министри .

2.Бахабадинов Эрмек Ураимович, министрликтин статс-катчысы.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгондор:

1. Талиева Камила Абдразаковна

2. Кабилова Клара Саматовна

3. Акбаров Арысланбек Акбарович

КР Президентинин Администрациясында, Аппаратында иштегендер:

1. Курбаналиев Камчыбек, Коопсуздук Кеңешинде, жетекчинин орун басары.

2. Атамбеков Жаныбек, маалымат-аналитикалык бөлумдө.

3. Мурзабеков Эркебай Рустамович, экономика бөлумундө.

4. Досматов Камчыбек, социалдык бөлумдө.

КР Өкмөтунун Аппаратында иштегендер:

1. Исакулов Жылдызбек Абдилахатович, КР Өкмөтунун Аппарат жетекчисинин орунбасары

2. Балтаев Жыргалбек Саматович

3. Талиева Камила Абдразаковна

4. Саттарова Чынара Осмоновна

КР Президентинин Иш башкармалыгында иштегендер:

1. Кулматов Медербек

2. Момунов Каныбек

КР сот, прокуратура, укук коргоо органдарында иштеген жетекчилер:

1. Малабаев Жолдошбай, Кыргыз ССРинин УКК төрагасынын орун басары, полковник.

2. Жумабаев Шайбек Гыязович, УКК төраганын орун басары, генерал.

3. Набиев Нуркамал Бурканович, Башкы прокурордун 1-орун басары, полковник.

4. Курбаналиев Камчыбек, КР Улуттук Гвардиясынын командиринин орун басары, полковник.

5.Тагаев Ашим Гапарович, Жалал-Абад ОИИБ башчысы, полковник.

6. Масалиев Айтбай, УКК Ош областтык башкармалыгынын башчысы, полковник.

7. Ормошов Арстанбек Жолдошевич, Баткен облусунун прокурору.

8. Шералиев Мелис, Жалал-Абад ОИИБ башчысы, полковник.

9. Маасалиев Асылбек Туратович, ИИМдин борбордук аппаратында, полковник.

10. Турдуев Абдыразак Бабаевич, УКМКнын борбордук аппаратында, полковник.

9. Мусаев Абдывасит, Баткен, Кадамжай райондук сотунун төрагасы.

10. Бердимуратов Чынгызбек Муртазаевич, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы.

11. Сабыров Талантбек Кенешбаевич, КР УКМК Чек ара кызматында, башкармалыктын башчысынын орун басары, полковник.

12. Мусаев Алимжан, КР Куралдуу Кучторунун Аскер институту,кафедранын начальниги, полковник.

13. Каразаков Жыргалбек Абдыкадырович, КР УКМК Кадамжай райондук болумунун башчысы, подполковник.

14. Гулжигитов Замирбек Абдамитович, Баткен облусунун ИИБ, подполковник.

КР Борбордук мамлекеттик органдарында иштегендер:

1. Кабилова Клара Саматовна, КР БШКнын төрайымы

2. Исакулов Жылдызбек Абдилахатович, КР Мамлекеттик мулкту башкаруу фондунун төрагасы

3. Мурзабеков Эркебай Рустамович, Депозиттерди коргоо Агенттигинин директору.

4. Атамбеков Шайбек, Курулуш Агенттигинин директору.

5. Ахмедов Орунбай Козубаевич, Архив Агенттигинин директору.

6. Атамбеков Жаныбек, “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасынын директору, “Эркин Тоо” газетасынын редакторунун орун басары, редактор.

7. Балтаев Жыргал Саматович, “Кыргыз таш” АКнун Президенти.

8. Толубаев Айбек Жолчуевич, Кыргыз фондулук биржасынын Президенти.

9. Бахабадинов Эрмек Ураимович, Жергиликтуу өз алдынча башкаруу Агенттигинин директорунун орун басары.

10. Мамасадыков Ниязбек, Бишкек шаардык Санэпидкөзөмөлдөө борборунун директору

11. Кошмуратов Алимжан Гафарович, Бишкек шаардык Тубоорууканасынын директору

Кыргыз Республикасынын элчиси болуп иштегендер:

1.Гульнара-Клара Самат, КРнын РФ элчиси.

Өзбек Республикасында министрликте иштеген чапкылдыктар:

1.Жунусова Абиба, Өзбек Республикасынын Билим беруу министрлигинде

Чапкылдыктан чыккан банкирлер:

1. Мурзабеков Эркебай Рустамович

2. Умаров Осмон Абдипаттаевич

КР областтык органдарында иштегендер:

1. Мусаев Абдывасит, губернатордун орун басары, областтык юстиция башкармалыгынын башчысы, юстициянын полковниги.

2. Исакулов Жылдызбек Абдилахатович, губернатордун 1-орун басары.

3. Саттарова Чынара Осмоновна, губернатордун орун басары.

4. Хамраев Абдивали Набиевич, облмамадминистрацияда аппарат жетекчи

5. Бахабадинов Эрмек Ураимович, облмамадминистрацияда бөлум башчы

6. Гапуров Султанали, Баткен, Ош облусунун казысы.

7. Саттаров Осмонов, областтык ФОМС башчысы

8. Хамраев Абдивали Набиевич, Айлана-чойрону коргоо боюнча Баткен областтык

башкармалыктын башчысы

9. Жороев Жаныбек Турсунбаевич, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткен облустук болумунун менеджери, директордун орун басары.

Районду жетектегендер:

1. Айжигитов Дооран, Баткен райкомунун 1-катчысы(Баткен жана Лейлек райкомунда 2-катчы).

2. Умаров Балтабай, Баткен райисполкомунун төрагасы.

3. Жумабаев Гыяз, Лейлек райкомунун 2-катчысы.

4. Калмурзаев Абдилатип, Лейлек райкомунун 2-катчысы.

5. Бегалиев Турдубек, Алай-Гулчө райкомунун 2-катчысы

6. Набиев Бурхан, Лейлек райкомунун 2-катчысы, Лейлек райисполкомунун төрагасы.

7. Балтаев Самат, Лейлек райисполкомунун төрагасынын орун басары.

8. Мисиров Атамбек, Алай райкомунун 2-катчысы.

9. Кадыров Кайым, Ноокат райисполкомунун төрагасынын орун басары.

Ош шаарын башкаргандар:

1. Жумабаев Абдымомун, Ош шаардык аткаруу комитетинин төрагасы. Облпрофсоюздун төрагасы.

Ош шаарында иштегендер:

1. Саттаров Кошок, КР Өкмөтунө караштуу финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын туштук аймактык башкармарлыгында жетекчинин орун басары

2. Абдиллаев Жумабай, турбазанын директору

3. Бабараимов Ташбалта, нефтебазанын директору

4. Рахманов Куват Эргешович, Эсептөө палатасынын кызматкери

Жалал-Абад шаарында иштегендер:

1. Малабаев Мамбеталы, Жалал-Абад автобазасынын башчысы

2. Ботокараев Кумарбек Пазылович, Жалал-Абад клиникалык оорууканасынын башчысы.

“Кыргызнефтегаз” АКда иштегендер:

1. Абдрасулов Турат Темирович, Арка участкасынын башчысы

2. Жалилов Абдивали, Арка участкасында башчы

3. Джумабаев Сарвар Гыязович, Арка участкасынын башчысы

4. Камчиев Осмон, Арка участкасынын башчысы

5. Убаев Нурилла, Арка участкасынын башкы инженери.

Райондук денгээлдеги жетекчилер:

1. Икрам Абдиев, райкомдо бөлум башчы.

2. Самат Балтаев, райондук мамкаттоо(госрегистр) жетекчиси.

3. Сейдалиев Жумагул, Кулунду СельПОнун төрагасы

4. Осмон Саттаров, райондук ооруукананын башкы дарыгери.

5. Тиллаев Кочкор, райОНОнун башчысы

6. Саттаров Кошок, УКСтун башчысы

7. Абдибаит Жалилов ХРСУнун башчысы

8. Мамасали Абдалиев, технадзордун башчысы

9. Мурасанов Сейдали, райондун башкы ветврач.

10. Жалилов Абдивали райондун автобазасынын башчысы

11. Хамраев Абдивали

12. Шарипов Абакур, Лейлек РЭСтин башчысы.

13. Исманали Шеров

14. Жумабаева Динара, райондук мамлекеттик архивдин башчысы

15. Баетова Фарида, райондук маданият уйунун башчысы.

16. Жороев Жаныбек, АРИСтин өкулу.

17. Гапыров Тайир, тигуучулук фабрикасынын башчысы.

18. Мухтар Аширов, Лейлек тамеки пунктунун директору.

Сулукту шаарын башкаргандар:

1. Жумабаев Абдымомун, шаардык аткаруу комитетинин төрагасы.

2. Каримов Алмаз Мухтарович, мэриянын аппарат жетекчиси.

3. Мурадилов Эргеш, комсомолдун шаардык комитетинин 1-катчысы

Сулукту шаарындагы Жогорку жана атайын орто окуу жайлардын жетекчилери:

1. Машрапов Абдималик, БатМУнун Сулукту гуманитардык-экономикалык иниститутунун директору.

2. Жапаров Дастан, колледждин директору.

3. Төрөев Ырысбек, БатМУнун Сулукту гуманитардык-экономикалык иниститутунун директору.

4. Толубаев Жоро Осмонович, БатМУнун Сулукту гуманитардык-экономикалык иниститутунун директору.

5. Камбаров Аипбек Кадырович, БатМУнун Сулукту гуманитардык-экономикалык иниститутунун директору.

Исфана шаар башкармалыгын башкаргандар:

1. Набиев Нурлан Бурханович

2. Хамраев Абдивали Набиевич

Чапкылдык уруусунан чыккан илимпоз-окумуштуулар:

1. Малабаев Жолдошбай, илимдин доктору.

2. Малабаев Мурзабек, илимдин доктору.

3. Толбаев Балтабай, илимдин кандидаты, профессор.

4. Арзыбаев Момун, илимдин доктору

5. Жапаров Нуман Рустомович, илимдин доктору

6. Муркамалов Абдрашит, илимдин доктору

7. Толубаева Мунара Жолчуевна, илимдин доктору

8. Толубаева Чынара Жолчуевна, илимдин доктору

9. Талиева Камила Абдразаковна, илимдин кандидаты

10. Максутов Турсунбай, илимдин кандидаты

11. Кошмуратов Алимжан Гафарович, илимдин кандидаты

12. Абдиев Кубаныч Мукарамович, илимдин кандидаты.

13. Бердимуратов Амангелди, илимдин кандидаты

14. Машрабов Абдималик, илимдин кандидаты

15. Жораев Жумабай, илимдин кандидаты

16. Джурабаев Ташполот, илимдин кандидаты

17. Туратов Өмүрзак Толубаев, илимдин кандидаты

18. Абдыкалыков Жангара, илимдин кандидаты

19. Абдрасулов Кошмурат Дуйшеевич, илимдин кандидаты

20. Саттарова Чынара Осмоновна, илимдин кандидаты

21. Толубаев Жоробай Осмонович, илимдин кандидаты

22. Абдухамидова Батма Акимовна, илимдин кандидаты

23. Шамшиева Махабат Салимбековна, илимдин кандидаты

24. Бердимуратов Чынгызбек Муртазаевич, илимдин кандидаты

25. Таникулов Абдиназар, илимдин кандидаты.

26. Төрөев Ырысбек, илимдин кандидаты

27. Жапаров Бостон, илимдин кандидаты

28. Озбекова Жылдыз, илимдин кандидаты

29. Халбеков Нуридин, илимдин кандидаты

30. Айбалаев Абдихамит Жалилович, илимдин кандидаты.

31. Камбаров Аипбек Кадырович, илимдин кандидаты.

32. Дехканов Улукбек Абдихалилович, илимдин кандидаты.

33. Камбарова Айша Кадыровна, илимдин кандидаты

Чапкылдык уруусунан чыккан эмгек сиңирген ишмерлер:

1. Кудаяров Жоро, Тажик ССРинин Эмгек сиңирген агроному

2. Толубаев Бостон, Тажик ССРинин Эмгек сиңирген пахтакору

3. Муркамалов Жалил, КР Өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер

4. Калилов Кадыр, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

5. Жороева(Чербекова) Назипат, КР Эмгек сиңирген мугалим

6. Саттаров Осмон, КР Эмгек сиңирген дарыгер

7. Усманов Кадыр, КР Эмгек сиңирген мугалим

8. Каримов Жоошбай КР Эмгек сиңирген мугалим

Легендарлуу колхоздун башкармалары:

1. Султанов Кочкор раис

2. Айжигитов Дооран

3. Абдурасулов Темир раис

4. Каразак раис

5. Жумагулов Муса раис

6. Сапаров Орозкул раис

6.Турдуев Баба раис

Колхоз, совхоздун жетекчилери:

1. Баетов Мырзабек “Коминтерн” колхозунун төрагасы

2. Шамшиев Салимбек, “Коминтерн” совхозунун директору

3. Айтбаев Мирпазыл, “Кара Булак” совхозунун директору

4. Кадыров Кайым, “Кулунду” колхозунун төрагасы

5. Ормошов Жолдошбай, “Маргун” кооперативинин” төрагасы

6. Жумабаев Дамир, “Коминтерн” кооперативинин төрагасы

7. Малабаев Нурбек, “Жийде” совхозунун директору

Айыл Өкмөт башчылары

Жаңы-Жер айыл Өкмөту боюнча:

1. Жалилов Турсунбек

2. Бостонов Турабай

3. Усенов Абдыразак

4. Эгембердиев Саатбек

5. Райимбердиев Исманали

6. Жалилов Бекжан

Маргун айыл Өкмөту боюнча:

1. Гапыров Эрмат

2. Ормошев Акматали

3. Жумагулов Момун Мусаевич

4. Жалилов Турсунбек

5. Баетов Медербек Мурзабекович

6. Абдухамидов Муктар

Бешкент айыл Өкмөту боюнча:

1. Шайдиллаев Кадыр

2. Алимбеков Таалай

3. Мусаев Куват

4. Алимбеков Каныбек

СССР тушунда спорт чеберлери болгондор:

1.Туркбаев Эсенбай, СССРдин курөш боюнча спорт чебери, Кыргыз ССРнин жана Орто Азия чемпиону

2. Абдалиев Мамасали, СССРдин бокс боюнча спорт чебери

3. Момунов Абдрахман, СССР дин курөш боюнча спорт чебери, Кыргыз ССРнин жана Орто Азия чемпиону

4. Каримов Бектемир, СССРдин курөш боюнча спорт чебери

5. Сейдалиев(Жумагулов) Баймурат, СССРдин курөш боюнча спорт чебери, Кыргыз ССРнин чемпиону

6. Мамаразаков Икмат, СССРдин курөш боюнча спорт чебери

7.Токтош палван, Кыргыз ССРнин жана Орто Азия чемпиону.

8. Конур палван, Орто Азиянын чемпиону.

9. Мамажан палван, Орто Азиянын чемпиону.

10. Самат палван Конуров

11. Нэмат палван Конуров

12. Эргеш палван Бостонов

13. Абдрашит палван

14. Сами палван Галжигитов

15. Аззам палван Абдурасулов, Орто Азия чемпиону.

15. Карим палван Айбалаев

16. Нуржан палван

Кыргызстандын чемпиондору

1. Латип палван, КРнын чемпиону.

2. Камчы палван, КРнын чемпиону.

3. Арслан палван, КР чемпиону.

4. Таалай палван Алимбеков, КР чемпиону.

5. Камал палван Абдурахимов, КР жана дуйно чемпиону.

6. Асыл палван Халматов, КР чемпиону.

Чапкылдыктан чыккан атактуу чабандес, улакчылар

1. Абыл чабандес Усөн уулу, Лайлыдан

2. Ботобек чабандес Момун уулу, Эски-Оочудан

3. Кумар чабандес Эрмат уулу, Даргаздан

4. Боркош чабандес, Дархумдан

5. Ормон чабандес, Маргундан

6. Халов Галдир, Даргаздан

7. Гайбулдаев Имам, Даргаздан

8. Жоро чабандес, Дархумдан

Чапкылдык уруусунан чыккан элдик табыптар

1. Сыдыков Убай

2. Амир табып

3. Жамалидин табып

4. Тургун бакшы Сейитов

Чапкылдык уруусунан чыккан атактуу мүнүшкөр, анчы, мергендер

1. Уучу Калтатай

2. Мамат Бекназар уулу

3. Асан мерген

Чапкылдыктар кыргыздын башка урууларынын санжырасында да кездешет. Мисалы: Найман уруусунун санжырасында Чапкулу Найман деп жүрөт. Кыпчактардын санжырасында кыпчак уруусунун бир уругу катары айтылат. Саяк уруусунун санжырасында Кулжыгачтын тукуму Сутэмгендин баласы Чапкынчы түштүктөгү чапкылдыктар менен бир тууган деп айтылат. Ошондой эле Тоолуу Алтайдагы уруулардын арасында Чапты деген уруу(сөөк) бар. Алтайлыктар биз жөнүндө “чапкылдыктар алгач “Чапкы же Чапты” деп эле аталып, Алтайдан Туркистанга баргандан кийин “чапкылык” , “чапкылдык” болуп калышы мүмкүн деген ойду айтышат.

Кантсе да Манас баатыр доорунда жаралган чакан журт аталган чапкылдыктар эчендеген тагдырдын оор сыноолорунан өтүп, Кокон хандыгында өз алдынча аймакка ээлик кылып, өзүнүн беги, минбашысы бар уруу болсо, ал эми Падышалык Россиянын тушунда 13 айылдан турган Чапкулук деген волость болуп, өз алдынча административдик бирдикти түзгөн. Учурда Чапкылдыкка чейин 14-16 муун же ата болуп, саны 60 миндей чапкылдыктар кыргыздын 40 уруусунун арасында өз орду бар кыргыз уруусу экендиги талашсыз.

Чапкылдык уруусу илгертен эки нерсеси менен башка элдерге таанылып келет. Биринчиси, желкеси жер көрбөгөн атактуу палвандары. Ал эми, экинчиси чебер кыздары тарабынан жаратылган «лейлек килеми» атыккан чапкылдык килеми.

Чапкылдыктар тууралуу жарык көргөн адабияттар:

1.“Маргун баяны” А.Ормошов, Ж.Каримов 1995.

2.“Чапкынчылар” Ж.Малабаев. 1996.

3.“Лейлек тарыхы” Г.Мадаминов, С.Саттаров, М.Жороев, Ж.Каримов. 2004.

4.“Чапкылдык, Чапкынчылардын санжырасы” А.Ормошов, Ж.Каримов. 2009.

5.“Чапкылдыктар тарыхы” К.Батыров. 2010.

6.“Ичкилик элинин тарыхы” К.Орозбаев, 2020.

7.“Маргун тарыхы” Ж.Каримов, 2022.

Орунбай Ахмедов, тарыхчы.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

30-01-2023
Кыргыз-тажик мамилелериндеги кайчы пикирлер
4134

30-12-2022
Кыргыз-тажик чек ара мамилелери жөнүндө
4051

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×