Добавить статью
10:54 9 Июня 2015 25379
Аксыдагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана анын элдик оозеки чыгармаларда баяндалышы

Аннотация

Эмгек президентибиздин улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган жарлыгына карата жазылды. Президентибиз А.Атамбаевдин бул жарлыгы азаттыкка умтулган ата-бабаларыбыздын жаркын элесин дагы бир ирет эске алганы, сыйлаганы, тарыхый жана саясый жактан чечкиндүүлүгү, ошондой эле тарыхыбыздын актай барагын толтурганга чон шарт жаратууда. Биз бул эмгекте жалпы кыргыз эли сыяктуу эле Аксыдагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана андагы Таласбай Алыбаевдин ролу, ошондой эле орус падышасынын колониалдык саясатынан азап чеккен элдин тагдыры жана карапайым калктын жергиликтүү болуштардын бийлердин, манаптардын ашыкча салык саясатына каршы күрөшү жана калкыбыздын азаттыка умтулуулары туралуу баяндалат.

Байыртан эле кыргыздар Борбордук Азияда жана андан кийинки кокон ордосунда мамлекеттик бийликти колдон чыгарбай башкарып келген, себеби кыргыз эли үчүн кокон хандыгы кыргыз мамлекети катары эсептелинген. Ал эми андан кийин аргасыздан орус падышасынын бийлигин тааныгандан кийин, аймакта орус падышасынын колониалдык саясаты толугу менен ишке ашкан. Мындай аргасыз баш ийүү, элибиздин азаттыкка умтулуусун ар дайым жаратып келген, ошондон улам элдин азаттыкка умтулуусу күчтүү болгон. Натыйжада элдик нааразылыктар алгач 1916-жылы Намандагы кыргыз аялдарынын жана кыргыздардын нааразылыктарынын курчушунан улам жалпы элдин нааразылыгын курчутуп турган. Анын башкы себептери бир жагынан элден эсепсиз салыктардын жыйналышы, экинчиден майлуу жерлерди орус келгиндеринин тартып алышы, Yчүнчүдөн ак падышанын биринчи дүйнөлүк согушка катышып жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү калктын 19 жана 43 жаштагы эркектерин оорук жумуштарына тартуу боюнча буйругуна байланыштуу эл арасында ар кандай талаш пикирлер, нааразылыктарды пайда кылган.

Ошентип, түштүк кыргыз жеринин бардык аймактары сыяктуу эле Аксы аймагында элдин нааразылыгы күн санап курчуган. Кыргыздардын майлуу, сүттүү жайыт, айдоо аянттары орус келгиндеринин колуна өткөн. Аксынын Кара-Суу айылына караштуу Кожо-Ата айылынын аркы өйүзүндөгү, Кара-Гүп (Топ-Жаңгак айылынын жанында Кожо-Ата дарыясынын жанындагы жалгыз түп жаңгактын жанында, ар жылы бай-манаптар, бийлер жаз келгенде чогулуп алып, элден өз алдынча « туяк пул, чыгым, кошумча, жардам», - деп кедейлердин жакшы аттарын, семиз койлорун, жылкысын тартып алып турган, мындай көрүнүшкө эл нааразы боло баштайт, акыры нааразылык ачыкка чыгат1.

Бул сыяктуу көрүнүш кыргыз калкынын нааразылыгын күн санап күчөткөн. Аны менен катар эле орус падышасынын адмнистрациясы жана орус келгиндери кыргыздардан алдын ала коргонуу максатында согушка даярданышкан, баш көтөргөн кыргыздардын көзүн тазалоо аракеттери ишке аша баштаган, натыйжада ак падыша орус келгиндерине курал таркатуу максатында 1891-жылы 29-ноябрда падыша өкмөтү келгин дыйкандарды куралдандыруу жөнүндө документ кабыл алат жана 1897-жылы 1231 мылтык таратылат, себеби орус адмнистрациясын жана келгиндерин, ошондой эле империяны коргоо керек эле. (1891-1908-жылга чейин курал берилген).2

Орус дыйкандарын куралдандыруу Анжияндык кыргыздардын көтөрүлүшүнөн кийин күчөгөн. Жети-Суулук келгиндерге 1898-жылы 300 мылтык ок даарысы менен таратылган3. Демек, орус падышасы кыргыздардан коргонуу, кыргыз элин кырып-жоюу үчүн алдын ала даярдана баштаган. Ошондуктан бардык орус айылдарынын тургундарына курал таратылган, бул биринчиден орус бийлигинин коргонуу плацдармы болсо, экинчиден, кыргыздарды күч менен баш ийдирүүгө жасаган саясат болгон. Элдин арыз муңун түшүнгөн ошол кездеги Нүзүп бийдин небереси Бердикожо 22 жашында орус бийлигинин атайын даярдалган колунан каза болгон4. Мына ушул окуядан соң баласынын орус бийлигинин колунан өлгөнүн угуп азап чегип, кайгыдан Сулайманкул болуш ооруп калат да ошол жылы көз жумат. Ошондо анын Байыскан деген кызы төмөнкүдөй кошок кошот:

Он эки атам кан өткөн,

Ойлонбой баары кан өткөн.

Тогуздап атам кан өткөн,

Токтолбой баары даана өткөн.

Жети атам катар кан өткөн,

Жеткилең баары даана өткөн Катарлап атам кан өткөн,

Кайраты журтка даана өткөн.

Кан атам кайрылып келсечи,

Орустун сазайын берсечи.

Жети атам кайрылып келсечи,

Орустун жетесине жетсечи5,-

деп баяндайт Нүзүп бийдин урпагы, 85 жаштагы Темирбек Атантаев.

Бердикожоо туралуу айта турган болсок, ал Наманган уездине караштуу Авлетим айылынан чыккан, Нүзүп бийдин небереси Бердикожо орус мектебинде билим алып, андан кийин ал ушул уезддин 12 болуштун үстүнөн тескөөчү болуп иштеп жүргөндө, ал кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөп орус келгиндеринин туура эмес иштерине каршылык көрсөтө баштаган, кыргыздар аны колдоп турган. Натыйжада 1916-жылдары ал элдин абалын билүү үчүн өзү жашаган Сарай (бүгүнкү күндө бул аймак өзбек мамлекетине карайт) айлынан элдин абалын билгени келгенде Авлетимде ээлик кылган Баранский деген орус атайын бир орусту жалдап, Бердикожонун көзүн тазалоо максатында курал даярдап, Авлетим айылынын Арал деген жеринде Бердикожону Баранскийдин адамы атып өлтүрөт.

Жергиликтүү кыргыздар көтөрүлүп кетпесин деп элди токтотуу максатында орус бийлигинин өкүлү Баранский Бердикожону атып өлтүргөн орусту дароо атып өлтүрөт.6 Натыйжада канга-кан деген шылтоо менен орус бийлиги Авлетим айылынын жашоочуларын тынчтандырат. Ушул учурда да Авлетимде Баранскийдин атындагы жайлоо бар, ал эми Успеновкада орус келгиндеринин айылы, храмы курулган ал учурда да бар, мына ушул жер аталыштары айтып тургандай Аксы жергесинде орус падышасынын колониалдык саясаты кыргыздын мыкты жерлерин ээлеп алышы, кыргыздардын байыртан ээлеген жерлеринен айрылып, мал жайыттарынан кол үзүп, тоого сүрүлүшү, улам элдин нааразылыгын пайда кылган. Ошону менен катар эле ушул эле жылы Аксы аймагында орус көпөсү бир кыргызды атып салганын согуштун ардагери Б.Жумашов, Нарке уулу Анарбек атасынан укканын жана 1916–жылдагы көтөрүлүшкө «Кызыл-Жарлык Таласбай Алыбаев менен бирдикте Жумаш, Бектен, Нарке, Чонор, Чоробай сыяктуу эр азаматтар, ошондой эле кутай, кырк уул жана багыш, мачак, саруу, чүкө, ашык уруулары менен бирдикте орус падышасынын аскерлери менен согушкан жана согуштук аракеттер тең келбегендиктен аксылык кыргыздар жан сактоо үчүн Бозбу, Кызыл-Капчыгай, Алаң жана эң айыгышкан салгылашуу Кара-Суудагы Түрдүк капчыгайында болгонун» - айтып эскерет7.

Малыматтарга караганда, Кызыл-Жар болуштугунан 400 адамды тыл жумуштарына алууга туура келген8, демейде бул аракетке Т. Алыбаев баш болгондор каршы чыккан. Бул тек гана шылтоо болуп берген. Айрыкча элдин эскерүүсүндө, Түрдүктүн сайында чоң салгылаш болгон, ал жерде күнү бүгүн да коргонуу үчүн курулган таштын ордулары турат. Ал эми Авлетимде да орус падышасынын тыл жумуштарына каршы чыгып, жигиттер Мечиттин үңкүрүндө, Алаң, Муз-Төр тарапта каршылык көрсөткөнүн укканын А.Алымбаев9 эскерет. Ошол учурдагы кедейлердин арманын, муңун Нарке Анарбек ошол окуя тууралуу:

Бай манап жыйды акчаны,

Кедейди сатып алганы.

Мендикерге салганы.

Кечүүдө турду бек болуп,

Келе деп кедейден туяк пул,

Кедей байкуш кыйналды,

Бек, болуш алым жыйнады.

Элге кабар белгени,

Акпашадан буйрук келгени

Он алтынчы жылында,

Мендикерге алат деп.

Ошондо кедейден чыкты,

Алыбайдын Таласы

Оруска каршы чыкканда,

Эл жыйылып айылда,

Карасуу менен Сыныда.

Мендикерге барбайбыз,

Оруска каршы барабыз.

Ошондо эл чогулду,

Эр жигиттер топтолду,

Курал-жарак октолду,

Ошол замат айылда,

Болуш, пристав жок болду.

Ошол күндөр оор болду,

Түрдүк менен Сарайда,

Жалын менен от болду,

Пашадан элди коргойм деп,

Алыбай уулу кор болду,

Оттуу жигит жок болду[ ]10,

Аксылыктардан болуш, манаптар айрыкча Кара-Суу жайлоосуна көчкөн калктанан кечүү салыгын алган, анткени, Кожо-Ата суусунан малын айдап өткөндө малдын туягынан 50 тыйындан акча салык алышып элди кыйнаган, байлардан алынган эмес. Андан башка Сатыбай Дөөлаталиевдин: «Кулманбет 1916-жылы Нуралы сүткордун 16 сомун төлөй албай 1 гектар жерин ага берген, өзү мендикерге кеткен жана Кара-Суудан эле оорук жумуштарына миңден ашык адам кеткен» - деп айтат11. Ал эми К.Усенбаевдин эмгегинде Кызыл-Жар болуштугуна караштуу Чины (Сыны) айылынын тургуну, кедей Таласбай Алыбаев элди ачык эле күрөшкө чакыргандыгы берилген. Алар орустардын башкаруучуларына баш ийген эмес, башкача айтканда болуштарга каршылык көрсөтүп, орус жазалоочу аскерлеринен коргонуу үчүн бийик тоолуу Түрдүк жайлоосундагы Сарай деген өрөөнгө качып кетишет. Бул Аксы аймагын кучагына алганын элдик ырлар маалымдайт:

Оездон отуз кат келди,

Кабактын жолун каз деди.

Каяша кылаган кишинин

Жонуна камчы тарс деди.

Экөө ара бир атка учкашкандар көп болду, өлармандык кылышып,

Мушташкандар көп болду.

Yчөө ара бир атка ,

Учкашкандар көп болду.

Yйүн таштап кеталбай,

Мушташкандар көп болду.12

Элдик маалыматтарда айтылгандай, Наманген уездинен Авлетим айылына 30 орус казак аскери келген. Алардын башкы максаты - элди куралдын күчү менен тынчтандыруу болгон. Анткени, Авлетим айылында Баранский деген орус жердин баарын ээлеп алган, жайлоолорду жеке коругуна алган эле. Ошол эле кезде каршылык кылгандар тоо таянып кеткенге аргасыз болушкан. Ал эми Т. Алыбаев орус падышасынын жазалоочу куралдуу аскерине туруштук бере албай, Сарай тоосуна жашынган.

Ал жерде кышка чейин болот, кышында аларды орус падышасынын жазалоочу аскерлери колго түшүрүп, анын ишенимдүү адамдары Чыныкбай, Саркулду кармап алышып, өтө ырайымсыздык менен өлгөнчө тепкилеген[ ]13. Анын жигиттеринин курамы алгач 30, кийин 100-150 гө жеткен. Ал эми Чонор, Чоробай, Жумаш, Наркелерди Алымкул болуш жазалаган жана өлөрчө сабашкан. Ошол эле учурда Т. Алыбаевди Алымкул болуш Шералы деген жигитине тепкилетип, сабатып кыйноо менен өлтүрткөн. Аксы аймагына бери эле дегенде 100дөн ашык орус аскери Намангандан келген, ал эми Кара-Суу болуштугуна - 30, Сыныга - 30, Жаңы-Жолго - 30, ал эми жергиликтүү старчын, жигиттери менен жүз адам болгон, алар каршылык көрсөткөн кыргыздарды талкалашкан, жазалаган.

Т.Алыбаев Чонор аттуу бир жигитин чабарман катары Кетмен-Төбөлүктөргө жөнөткөн. Себеби, алар менен биргеликте орус падышалыгына каршы күрөшүү, андан Талас кыргыздарына, андан Чүй жана Нарын, Ысык-Көл кыргыздары менен биригүү керектигин чабармандарынан айттырууга аракеттер болгонун элдик айтымдар ырастайт. Бул ойду элдик айтымдар жана Чүкөтаев Таанбайдын айткандары да маалымдайт14. Элибиз ар дайым душманга биргеликте каршылык кылган жана алар азаттык үчүн күрөшкөн, бирок оторчулар тарабынан куралдын күчү менен басылган. Ошондон улам эл арасында «бала ыйлаганда, орус келе жатат, орус менен дос болсоң, мылтыгынды ала жүр»,-деген лакап сөздөр айтылып калган.

Демек, Аксылыктар боштондук күрөштүн учурунда эл эркиндиги үчүн, ата- журттун биримдиги, мамлекеттүүлүк үчүн орус падышасынын отордук бийлигине каршы тикеден –тике ачык күрөшкөн. Азаттык үчүн күрөшкөндөрдөн Т.Алыбаев сыяктуулар башында туруп, эркиндиктин туусун, бийик кармаган эл азаматтары эгемендикке карай ар дайым умтулду, аларды тарых, эл эч качан унутпайт. Аксылыктардын 1916-жылдагы азаттыкка умтулуусу, эгемендик доордо да кайрадан пассионардуулугу жаралуу менен жогорулап 2002-жылдары, андан кийин да азаттыккка умтулду. Ошентип, Аксылыктар жалпы кыргыз эли менен бирдикте, 1916-жылы кыргыз элинин биримдиги, мамлекеттүүлүгү жана ата-журттун, эл, жердин бүтүндүгү үчүн күрөштү.

Сапарбек Анарбекович Наркеев, ЖАМУ Аксы колледжинин доценти

1 Дɵɵлɵталиев Ж.уруусу саруу. 76 жашта, (уулдарынын эскерʏʏсʏ Байызбек),Кара-Суу айылы, Аксы району.

2 Галузо.Г.Вооружение русских переселенцев.Т.,1926.10-12-беттер.

3 Чʏй областынын энциклопедиясы 56-бет Бишкек 1994

4 Жусупов (Нʏсʏп бийдин небереси ) аксакал 85 жашта уруусу саруу, Авлетим айылы, Аксы району.

5 Акулов Темиш аксакал 85 жашта, уруусу багыш, Аксы району, Кербен шаары,

6 Жусупов (Нʏсʏп бийдин небереси ) аксакал 85 жашта уруусу саруу, Аблетим айылы, Аксы району.

7 Наркеев А. 80 жашта. Карасуу айылы. Уруусу кытай, Аксы району.

8 Акт.№ 322.от/YII.1989. Ош. обл. музейи. № 1246. ЦГА,Узб.ССР, ф.1.04.31.

9 Алымбаев. А.60жашта, уруусу саруу, Аблетим айылы,Аксы району.

10 Айтуучу Анарбек Нарке уулу. 80 жашта, уруусу кытай,. Кара-Суу айылынын жашоочусу.

11 1916-жылкы Кыргызстандагы кɵтɵрʏлʏш.Б,1996. 245-бет.

12 Yметалиев С.Авлетим айылы 70 жашта, уруусу мачак.

13 Усенбаев.К. Восстание 1916 года в Киргизии. Ф.,1967. стр.167.

14 1916-жылкы Кыргызстандагы кɵтɵрʏлʏш.Б,1996. 249-бет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

14-03-2011
Гергесдер (хеттер) - байыркы кыргыздар (фото)
26062

09-03-2011
Массагет – «Улуу кыргыз ордосубу?»
55653

02-03-2011
Кыргыз калпагына 5000 жыл
41277

01-03-2011
Бозбу-Атадагы жашыруун, сырдуу тамгалар
25126

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×