Добавить статью
10:25 1 Июля 2015 14454
Кыргыздардын салттуу сот системасындагы жазалоо ыкмалары

Кыргыздардын салттуу сот системасындагы жазалоо ыкмалары жакшы изилдене элек темалардын катарына кирет. Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан тарта маселеге байланыштуу бир да толук кандуу илимий иш жарыяланбагандыгы, бул теманын көмүскөдө калгандыгын белгилейт. Акыркы жылдары өлкөдөгү кылмыштуулуктун санынын жогорулашы жана түрмөлөрдүн жык жыйма толуп кеткендиги өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн курчугандыгын белгилейт. Мындай кооптуу жагдайдан улам, Жогорку Кеңештин 5-чакыруусунун депутаты Д.Д.Бекешев ( Ар-Намыс партиясы) парламенттин 27-ноябрь 2014-жылкы отурумунда ур-токмок менен жазалоо институтун(1) киргизүү тууралуу демилге көтөргөн(2). Бул демилге депутаттын кесиптештери тарабынан колдоого алынган эмес, бирок бул сыяктуу демилгенин көтөрүлүшү классикалык жазалоо ыкмаларынын ( камакка алуу, коомдук иштерди аткаруу, айып пул төлөө) азыркы мезгилде эффективдүү эместиги тууралуу кабар берет. Бул макалада кыргыз коомунун XIX кылымда колдонуп келинген жазалоо ыкмалары тууралуу анализ жүргүзүлмөкчү.

Кыргыздардын салттуу укугу - кылымдардан бери калыптанып келген, коомдун муктаждыктарына ар тарабынан топ келген, жазылбаган укуктук топтом. Салттуу укуктун негизги нормалары – ички мазмуну жана алардын ичинде жаткан принциптер. Кылмыш жана жаза жаатында-кун жана канга кан принциптери; үй-бүлөлүк мамилелерде – экзогамдык тыю салуу (жетинчи муунга чейин үй бүлөө курууга тыю салуу) ; адилеттик иштерди жүргүүздө – ачык айкындуулук, калыстык принциптери ж.б.

XIX кылымдын башында Россия империясы тарабынан Түркстан аймагындагы жашаган калктардын сот системасын изилдөө башталган жана бул укуктук институт боюнча падышачылык жөнөтк өн аскер адамдарынын, чиновниктеринин, чыгыш таануучуларынын, саякатчылардын отчеттору негизи тарыхнаамалык базаны түзөт. Жазалоо ыкмаларынын түзүлүшү, түркүмдөрү тууралуу маалыматты кыйыр булактар – оозеки, фольклордук уламыштар аркылуу да билүү мүмкүн. Ошондой эле орус изилдөөчүлөрүнүн материалдары, бийлердин чукул съезддеринин эрежелери жана бийлер сотунун бекитилген чечимдери да маселенин ачыкталышына өбөлгө боло алат. Кыргыздардын XIX кылымдын экинчи жарымына чейинки мезгилдеги салттуу сот системасы , анын ичинде жазалоо ыкмалары жакшы изилдене элек темалардын катарына кирет. Жогоруда белгиленген негизги тарыхый булактардын берген анализдери көпчүлүк учурда кыргыздардын процессуалдык аныктыгын толук кандуу чагылдыра алышкан эмес. Бул көрүнүшкө бир катар себептердин комплекси бар: изилдөөчүлөрдүн евроцентристтик мамилеси, берилген маалыматтардын толук эместиги, ошондой эле себептердин эң негизгиси - саясий жана административдик кырдаал болгон. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү кыргыздардын сот системасына өздөрүнүн класстык-колонизатордук позициясынан карашкан жана патриархалдык мамилелердин маанисин апыртып жиберүү тенденциясы байкалган.

Маселенин таарыхнаамасына кайрылган болсок. Революцияга чейинки мезгилдеги авторлордун көпчүлүгү кыргыздардын каада укугун, адатын, социалдык мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарды изилдөөдө казактардын салттуу укугу менен бирге баяндап , кээ бир учурларда гана өзгөчөлүктөрүн белгилеп кетишкен.(3)

XIX кылымдын 50-жылдарына чейин Кыргызстанда колдонулуп келген жазалоо ыкмалары төмөнкүлөр болгон:

• Өлүм жазасы;

• Күнөөлүүнү жабырлануучуга кызмат кылууга берилиши;

• Кулчулукка берүү;

• Бир нече ирет кылмыш кылган кылмышкерди уруу же айылдан кууп жиберүү;

• Уяткаруучу жазалар;

• Уруп жазалоо жана майып кылуучу жазалар;

• Кун-өлтүрүлгөн адам үчүн төлөнүүчү штраф;

• Айып;

• Кылмышкердин, же анын туугандарынын мүлкүнүн баарын, же бир бөлүгүн конфискациялоо;

• Сөгүш жарыялоо жана кеңеш берүү;

XIX кылымдын орто ченине чейин кыргыздарда көпчүлүк учурда өкүмсүз эле жазалоо көп кездешкен. Мындай көрүнүш бардык көчмөн патриархалдык-феодалдык урууларда кездешет. Мисалы: үй-бүлө башчысынын чексиз бийлиги, жабырлануучунун жекелик өчүн кандыруу максатында барымта кылуу,улуу туугандардын кичүү туугандарына, бай уруулаштардын жарды уруулаштарына жасалган зомбулуктары, “канга кан” түшүнүгү терен орун алган.(4) Өч алуу үчүн бир гана жабырлануучу эмес урук, кээ бир учурда бүтүндөй уруу да катышкан.(5) Маселенин чечилиши үчүн жабырлануучу канчалык деңгээлде жабыр тартса ошончолук деңгээлде өч алууну көздөгөн, бирок көпчүлүк учурда аша чаап кеткендик да орун алган.

Салттуу сот системасы классикалык соттон айрымаланып турган. Бийлер арыздашуучулардын ортосунда ортомчу функциясын аткарган. Алдын ала тергөө иштери болбогондуктан, козголгон иштер боюнча далилидерди чогултуу жүргүзүлгөн (негизинен жабырлануучулар тарабынан) Бардык далилдердин ичинен, бир тараптын укук бузууну өз мойнуна алуусу жана буюмдук далилидер бийик даражага ээ болгон. Сотто далил катары күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү колдонулган. Күбө катары суракка төмөнкүлөр алынган эмес: 15 жашка чейинки эрезеге жете элек балдар; акылынана ажырагандар; козголгон ишке мамилеси барлар; айыпталуучунун жакын туугандары ; эки тараптын биринин касы же досу; ушак боюнча иштин болгонун билгендер. Акча төлөө үчүн ант ичкендер кубө болуу укугунан ажыратылгандар. “Күбөнүн эки түру болгон: бир түрү- күбө көрсөтмөлөрү сөзсүз түрдө ант берүү менен кабыл алынган, экинчи түрү- күбөнүн көрсөтмөсү өкүм чыгаруу үчүн жетиштүү болгон. Биринчи категорияга: а) күбө тараптын туугандары (куда,бөлө, бажа, жээн ж.б.); б) коомдо баркы төмөн, туруксуз адамдар. Экинчи категорияга ардактуу, сыйлуу,чынчылдыгы менен таанылган адамдар кирген”- дейт белгилүү окумуштуу юрист Б.Борубашев.(6)

Эң оор кылмыштар болгон адам өлтүрүү, бир нече ирет уурулук жасоо, аялдарды ала качуу жана зордуктоо, ала жипти аттоо үчүн салттуу укукта – өлүм жазасы каралган. Өлүм жазасына уруулук бийлердин, уруу башчыларынын чечими менен тартылган. Жаза , дубанда - эл жыйынында ишке ашырылган. Өлүм жазасынын төмөнкүдөй түрлөрү болгон: даргага асуу, муунтуу, жардан түртүп ийүү, байланган абалда тоодо жырткычтарга таштоо, жапайы,үйрөтүлбөгөн аттын куйругуна байлоо жана башкалар.(7)

“Сарыбагыш уруусунун манабы Ормондун, Каскелен суусунун жээгинде даргасы болгон. Коркунуч туудуруу максатында жыл сайын бир ууру асылып турган”- деп жазат Ч.Ч.Валиханов.(8) Бул билдирүүдөн байкалгандай, өлүм жазасы сейрек кездешүүчү көрүнүш болгон. Г.Загряжский XIX кылымдын 70-жылдарындагы өлүм жазасын колдонулушу тууралуу мындай маалымат берет: “Азыркы мезгилде өлүм жазасы такыр колдонулбайт, мурунку мезгилде деле сейрек колдонулган, ордуна кун төлөө менен жазадан кутулуу мумкүн болгон.” (9) Айыпталуучунун тарабынын сунушу жана зыянга учураган тараптын макулдугу менен өлүм жазасы кун менен алмаштырыла алган. Кундун өлчөмү коомдогу даражасына, жынысына, жашына жана кылмыштын жагдайларына жараша өзгөрүп турган. Аял үчүн төлөнгөн кун эркектин кунунун так жарымын түзгөн. Эски салт боюнча кун – 200 бээ жана 60 аттан (үчкө бөлүнгөн – 20-сы аялына аза күтүүгө, 20-сы кыз себине, 20-сы өлүм чыгымына жумшалган) турган. “Ал эми жаңы салт боюнча кундун өлчөмү 1000 кой жана бир төөдөн турат”- деп жазат Г.Загряжский.(10) Ал эми 1843-жылдын жай мезгилинде Ыссык Көлдүн батыш тарабында жайгашкан Котмалдыда өткөн курултайда Ормон Ниязбек уулун Жантай жана Качыке бийдин сунушу менен хан көтөрүшөт.Хандыктын символдору болгон туу,мөөр, бийлик курамы,жаза жана айып өлчөмдөрүн, туяк пул (кербендерден жана мал айдап өтүүдөн алынган бажы төлөмү) жана коңшу мамлекеттер менен мамилелердин багытын бекитишкен. Кабыл алынган декрет боюнча жаза жана кундун жаңы өлчөмдөрү киргизилген: адам өлтүрүү - куну 300 жылкы; бирөөнүн аялына көз артуу - 40 жылкы, уурулук - 9 жылкы ж.б. (11) Жогоруда белгилеп кеткендей, кундун өлчөмү маркум болгон адамдын мансабына, жынысына жараша өзгөрүп турган. Кабыл алынган декреттен 10 жыл кийинчирээк Ормон хан ,бугу-сарыбагыш урууларынын өз ара согуштарынан улам 1853-жылы жай мезгилинде бугулар тарабынан өлтүрүлгөн. Ормондун балдары бугулардан атасынын куну үчүн төмөнкү үч талапты коюшкан: 1. Боромбай, Балбай, Тилекмат же Мырза Ормондун каны үчүн берилсин. 2.100 баалуу жасалгаланган ат менен бугулардын эң сулуу 100 кызы берилсин 3. Же Ысык-Көл ойдуңун бошотуп, Текеске калмактарга көчүшүн талап кылышкан.(12) Бугу уруусу бул талаптарды аткаргандан баш тартышкандыгынан улам эки уруунун ортосунда бир нече жылга созулган чабыш башталат.

Кун төлөө кыргыздарда жана казактарда кеңири тараган жазалоо ыкмасы болуп эсептелинет. Бул жазаны жою максатында 1920-жылдын 20-декабрда “ Декрет об отменен куна у киргиз” аттуу декрет чыгарылган. Ага ылайык кун тууралуу баардык суйлөшүүлөр четке кагылган, кун төлөө менен жасалган кылмыш иши үчүн күнөөсү жоюлган эмес жана Совет бийлиги жабырлануучулар алган кунду конфискациялоо кылган. Бирок бул декретке карабастан, Кыргызстандын кээ бир аймактарында кун төлөө 1930-жылдарга дейре улана берген.(13)

Салттуу сот системасында кылмышкердин азаттыгын чектөө жана коомдук иштерге тартуу жазалары кенири колдонулган эмес. Классикалык түшүнүктөгү түрмө болгон эмес, бирок адамдын азаттыгын чектөөгө байланыштуу жазалоо түрлөрү кездешкен. Мисалы: жерге айлана чийилип, элдин көзүнчө күнөөкөрдү анын борборуна отургузушкан жана кетүүгө мүмкүнчүлүк беришкен эмес. Бул жаза бир нече сааттан бир нече күнгө чейин созулган. Казактарда бул жаза түрү “ мiирман тохта” деп аталат. (14)

Бийлердин эл алдына чыгарып уяткаруу сыяктуу жазалоолорду колдонуусу калкка чоң таасир берген. Кыргыздардагы “уят” түшүнүгү коомдук мамилелерди тескөөдө күчкө ээ болгондугун тастыктаган бир катар фольклордук маалыматтар азыркы мезгилге чейин сакталып калган. Мисалы: “Жигиттин куну жүз жылкы, ары –миң жылкы”, “ Уят өлүмдөн катуу” жана башкалар. Уяткаруу жазаларынын бир түрү Токмок уездинин начальниги К.К. Загряжскийдин макаласында кеңири баяндалган. Айыпталуучунун бетин көө менен шыбап, кара уйга тескерисинен отургузуп алып, айылды айландыра кыдыртышкан. (15)Ушуга окшош жазаны Н.И. Гродеков “ эл айландырмак” деп баяндаган. Ага ылайык күнөөлүнүн колдорун артка байлап, бетин көө менен шыбап, жылкыга отургузуп, жазаны аткарууга милдеттүү болгон адамдардын бирөөсү алдынан тартып, экинчиси аркасынан кубалап айылды аралатышкан.(16) Бул ыкмаларга түспөлдөш дагы бир варианты болгон: Кылмышкердин мойнуна эски кийизди илип, айылды үч айлантып бастырып (айланып баскан учурда кылмышкер “мен ушундай кылмышты жасадым, бул менин жазам” деп кыйкырып турат ), сабап, андан кийин терең чуңкурга ыргытылат да, ошол жерде суусуз, тамак ашсыз азап чегип, көз жумат. Жазанын бул түрү 1) уурулук үчүн; 2) ойноштук үчүн; 3) жогоркуларга урмат көрсөтпөгөндүгү үчүн берилүүчү жаза болгон деп белгилейт Н.И.Гродеков. (17) Кокон хандыгындагы эл алдында күнөөсүн айтып ашкерелөөго байланыштуу жаза тууралуу хандыктын турмушу менен жакындан тааныш болгон Саттар-хан Абдул Гафаров төмөндөгүдөй мисалды келтирет: бозо ичип күнөө кылып тартип бузган адамдын бети-башына бозону сүртүп, мойнуна бозо куюлган идишти илип алып, эл алдына айландырган. Эл кыдырткан күнөөлүнү: бозо ичкен, тамеки тарткан (кальян) адам жазалансын”-деп кыйкырууга мажбур кылган”(18) - деп жазат Саттар-хан Абдул Гафаров.

Жазанын дагы бир түрү катары – уруп жазалоо эсептелинет. 60 жаштан кийинки кылмышкерлер бул жазалоодон бошотулган, ошондой эле “ак сөөктөр” ( манап, бийлердин үй-бүлөлөрү) бул жазага тартылган эмес.(19) Жалган ант берүү жана жалган күбөлүк көрсөтүү үчүн да 25-40 сокку же бирден тогуз “тогузга” чейинки айып салынган.(20) Шариатка ылайык казылар кылмышкерлерди 100 ирет дора(21) менен урууга же 6 күн чуңкурда камоого чечим чыгара алган.

1888-1889-жылдары Чыгыш Түркстан, Памир, Кафиристан, Кашмирге экспедиция уюштурган штабс-капитан Б.Л.Громбочевскийдин билдирүүсү боюнча кашгарлык кыргыздарда төмөндөгүдөй жазалоо түрлөрү кездешкен: кылмышкердин башын жип менен байлап, орой беришкен, бул кыймылдардын натыйжасында баш сөөк кысылып, адамды оор абалга алып келген; колдорун артына байлап, арканды бурай беришкен, бул кыймыл-аракеттен улам чыканак жана далынын сөөктөрү кысылган; тушалган ууруну короонун кире беришине таштап, үстүнөн бир короо койду айдап өтүшкөн. Бул жазалоо түрлөрүндө чыдагыс оорудан улам кылмышкерлер өзүн жоготуп коюшкан.(22)

XIX кылымдын 70-жылдары Кыргызстандын аймагында, анын ичинде Бишкек, Токмок аймактарына саякаты менен келген Англия чиркөөсүнүн попу Генри Лансдел, өз эмгегинде кыргыздардын сотуна өзгочө көңүл буруп кеткен. “ Ар кандай кылмыштар “чапандан” “кунга” чейинки айыптар менен жазаланат. Эркек үчүн кун 1000 кой же 100 жылкы, же болбосо 50 төөгө барабар. Аялдын куну эркек үчүн төлөнгөн кундун жарымысын түзгөн. Жеңилирээк кылмыштар үчүн төмөндөгүдөй такса болгон: таарыныч үчүн - бир жылкы жана чапан; мал уурулук үчүн – уурдалган малдан тышкары анын куйругуна бир мал жана башына бир байланып берилген; денеге келтирилген жаракаттардын оордугуна жараша айыптын өлчөмү кундун ондон бир бөлүгүнөн-үчтөн бир бөлүгүнө чейинки айып пул каралган..... (23) Белгилей кетчү жагдай Г.Лансдел адамдардын социалдык абалына жараша кундун баасынын өзгөрө тургандыгын байкаган эмес.

Кыргызстандын түштүк аймактарында казы сотунун чечими менен, шариятка ылайык ташбаранга алуу жазасы кеңири тараган. Жаза адамдарын көп топтолгон жерлеринде ишке ашырылган. Кылмышкерди төшүнө чейин жерге көмүп, жакын жерге таш үйүп, даярдап коюшкан. Биринчи ташты казы ыргыткан, жыйылган эл анын жолун жолдогон. Бул жазага кабылган кылмышкерлерге жаназа окулган эмес жана өтө терең эмес чуңкурда көмүлгөн ( жолбун иттер тарабынан казылып, желип кетиши максатында) (24) Бул түр жаза азыркы мезгилге чейин кээ бир мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп келет. ( Иран, Ирак, Авганистан, Сомали ж.б.)

XIX кылымдын орто чейин кылмыш иштердин жазасы катары добогерге айып төлөө менен маселени чечүү эң кеңири таралган ыкма болгон жана кундан тышкары баардык жаза түрлөрүнө алмаштырыла алган.

Айып-кылмышкер тарабынан жасаган кылмышына байланыштуу баардык чыгымдар эсептелинген. Айып өлчөмү төмөнкү төлөмдөрдөн улам ортого чыккан: добогерге төлөнгөн акы; бийлик-кылмыш ишин чечүүго чакырылган бийлерге берилүүчү акы; жасоол акы- тараптарды , күбөөрдү сотко чакыруу үчүн жигиттерге төлөнгөн акы; чырпык кесер акы-эки тараптын элдешүүсүнүн символу болгон чырпыкты кескен адамга берилүүчу акы; калем акы- бийлер сотунун оозеки чечимин кагаз бетине көчүрүү үчүн төлөнгөн акы; касам акы- тараптардын жана күбөлөрдүн ант берүүсүн кабыл алган молдого төлөнүүчү акы жана башкалар.

XIX кылымдын орто чениндеги айыптын өлчөмдөрү тууралуу Ч.Валиханов төмөндөгүдөй маалыматты берген: “Алардын (кыргыздардын-С.А.) уурулук үчүн болгон айыптары казактарга каранда жогору. Бир жылкы үчүн ууру анын ээсине 60 ат, ал эми кылмыш ишин тескөөгө алган бийге бирден төө жана күлүк берүүгө мажбур болгон”.(25) Ал эми Загряжскийдин маалыматына таянсак, бир уурдалган малдын же мүлктүн ордуна, айыпталуучу эки эсе төлоп берүүгө тийиштүү болгон.(26) Башка булактарда берилгендей айыптын өлчөмү үч эсе,беш эсе, жети эсе, тогуз эсе(27) же “уч тогузга” ( ар бир уурдалган баштын ордуна 27 баш) (28) чейин жогору боло алган. Айыптын өлчөмү бир катар себеп жана кырдаалга жараша болгон: мүлктүн мааниси жана баалуулугуна жараша; ниетинен; кылмыштын экинчи ирет жасалышынан; маселени карап жаткан бийлердин да субъективдүү мамилесине көз каранды болгон.

Кандай гана кылмыш иши болбосун, эгерде иш тынчтык келишими менен, же айып төлөө менен бүтсө, күнөөлүү өз абийиринен , урматтоодон жана өз туугандарынын ишеничинен ажыраган эмес.

Кыргызстандын аймагында 1867-жылы Кыргызстандын аймагында “ Проект положение” киргизилип жаңы административдик жана соттук система киргизиле баштайт. Мындан улам арыздашкандар, добогерлер өз арыздарын уруулук бийлерге эмес шайлоо жолу менен тандалган старшина, бийлерге кайрылууга мажбур болушкан. Падышалык бийликтин биротоло бекемделишинен кийин “канга кан” түшүнүгү ( жекече же уруулук өч алуу), барымта, өкүмсүз жазалоого тыю салынган. Бул мыйзамды бузгандар падышалык кылмыш кодексине жараша соттолгон.

Кыргыздардын салттуу сот системасындагы жазалоо ыкмалары гумандуулук жагынан азыркы замандаштарыбызга туура эмес келгендиги менен, эффективдүүлүк жагынан классикалык жазалоо ыкмаларынан жогору тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Жылдан жылга Кыргызстандагы кылмыштуулуктун санынын жогорулашы, өзгөчө жаш балдарга карата зордук зомбулуктар, коомдун арасында эң жогорку жаза – өлүм жазасына болгон мараторийди алып салуу тууралуу бир топ талкууларды жаратууда. Коом эки жаатка бөлүнүп, бир тарабы: өлүм жазасы, уруп жазалоо орто кылымдын системасы деп, экинчи тарап бул жазалардан эффективдүүлүк жогоруурак деген аргументтерди коюшууда. “Азиянын жолборсторунун бири”(29) болгон Сингапурда сот системасын реформалоодон кийин уруп жазалоо, өлүм жазасы (30) киргизилген, ошондой эле Кытай мамлекетинде сыяктуу коррупция үчүн эң жогорку жаза-өлүм каралган. Катаал жазалоо системасынан улам бул мамлекеттердеги жогорку эшелондогу коррупция, кылмыштууктун саны башка мамлекеттерге салыштырганда төмөн болгондугун байкоого болот. Кыргызстандагы 2010-жылы башталган ири сот реформасы азыркы мезгилге чейин уланып келүүдө. Коомдогу көпчүлүктүн мүдөөсү менен өлүм жазасына болгон мараторийди алып салуу тууралуу өзгөртүүлөр кирип калар.

1. Депутат мисал катары Сингапур мамлекетин алган. Ал жакта ур токмокко алуу жазасы (телесные наказания) кеңири колдонулат. Мисалы: жаран жол кыймыл эрежесин олуттуу түрдө бузса, 5 сокку менен жазаланат.

2. http://www.barakelde.org/news:86085/

3. Пален К.К. Отчет по ревизии Туркестанского края.Народные суды Туркестанского края.-СПб.1909; Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889; Загряжский Г .О народном суде у кочевого населения Туркестанского края, по обычному праву (заң) Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып.4. -Спб., 1876; Загряжский Г. Юридический обычай киргизов о различных родах состояний и о правах им присвоенных) Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып.4. СПб., 1876.

4. Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889.148-149-бет.

5. Южаков Н.Д. Итоги 27 летнего управления нашего Туркестанским краем.-СПб,1891. 36-37-бет.

6. Бөрүбашев Б. Каада укугу//Барометр.№20.-Бишкек.2013

7. Кожоналиев С.К. Обычное право.-Бишкек.2000-ж. 100-бет.

8. Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах, 2 том.- Алмаата, 1985.38-бет

9. Загряжский Г. Юридический обычай киргиз//Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып IV.-СПб.,1876

10. Ошол жерде. 164-бет

11. Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда.түзүүчү- Токтоналиев Ж.-Бишкек, 2002. 21-22 бет

12. Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда.түзүүчү- Токтоналиев Ж.-Бишкек, 2002. 53-55-бет.

13. Кожоналиев С.К. Обычное право.-Бишкек.2000-ж. 240 -бет.

14. Крафт И.И. Судебная часть в Туркестанском крае и степных областях. -Оренбург, 1898-ж. 21-бет.

15. Загряжский Г.С. Юридический обычай киргизов о различных родах состояний и о правах им присвоенных) Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып.4. Спб., 1876, 158-бет.

16. Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889-ж. 246-247-бет

17. Ошол жерде, 246-248.

18. Саттар –хан Абдул Гафаров Кратикий очерк внутреннего состояния Кокандского ханства перед его завоеванием его русскими // Түркестанские ведомости, 1892.№26

19. Русские путешественники и исследователи о киргизах.- Фрунзе , 1973, 99-бет; Загряжский Г. Юридический обычай киргизов о различных родах состояний и о правах им присвоенных) Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып.4. СПб., 1876.167-бет

20. Ошол жерде. 168-бет.

21. Дора- кыска, жоон туткасы бар куур. Ал шариятта берилген токтомдорго ылайык жасалган. Дора бир жаныбардын үч терисинен бириктирилип даярдалган. Дора менен жазалоочу адамга, шариятта берилген тартипке ылайык, чыканагын төшүнөн алууга бөгөт коюлган. Крафт И.И. Судебная часть в Туркестанском крае и степных областях.-Оренбург, 1898-ж

22. Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889,. 246-бет

23.Вайнштейн О.Л. Иностранные путешественники о Киргизии 60-70-х гг.XIXв.//Ученые записки исторического факультета.5- Вып.-Фрунзе, 1958.65-66 бет.

24. Крафт И.И. Судебная часть в Туркестанском крае и степных областях.-Оренбург.1898, 63-бет.

25. Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах, 1 том.- Алмаата, 1985.42 -бет

26. Загряжский Г.С. Юридический обычай киргизов о различных родах состояний и о правах им присвоенных) Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып.4. Спб., 1876

27. Кожоналиев С.К. Обычное право.-Бишкек.2000-ж. 106-бет

28. Загряжский Г.С. Юридический обычай киргизов о различных родах состояний и о правах им присвоенных) Материалы для статистики Туркестанского края. Ежегодник.вып.4. Спб., 1876

29. Эн жогорку темптеги өнүгүп келе жаткан Азия мамлекеттери Корея, Сингапур, Тайван, Гонконгго “ Азиянын төрт жолбору” деген ат берилген. http://www.nsu.ru/education/genecon/work/appendix/tigers.htm

30. Азыркы мезгилде дүйнө жүзүндө 68 мамлекет өлүм жазасын колдонуп келишет. Алардын катарында АКШ, Улуу Британия, Китай, Сингапур ж.б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×