Саясатта бирөө идея чыгарат, экинчиси элге жеткирет, үчүнчүсү ишке ашырат окшобойбу. Биздин азыркы мамлекетибизди куруу идеясын биринчи 24 жашар Төрөкул Жанузаков көтөрсө, 7 жылдан кийин Абдыкерим Сыдыковдун командасы аны ишке ашырган десек болот.
1917-жылы Февраль төңкөрүшүнөн кийин бийлик алмашып, Убактылуу Өкмөт башкара баштаган. Жаңы мамлекеттин түзүлүшүн аныктоо үчүн Уюштуруу жыйынына (Учредительное собрание) өкүлдөрдү шайлоо керектиги пландалып, шайлоо ноябрь айына белгиленген. Бул шайлоо түркстандыктар жана башка элдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болгондуктан, жер-жерлерде партиялар түзүлүп, кызуу даярдыктар башталган. Казактар 28-июлда "Алаш" партиясын түзүшкөндөн кийин, 12-августта Төрөкул Жанузаков казактардын "Бирлик туу" гезитинин №5 саны аркылуу кыргыздарга кайрылуу жасап, "Кыргыз боорлорума" деген макаласын жарыялаган.
Анда минтип жазылган:
...Барча калктарга боштондук тийди. Тар заман кетти, кең заман келди. Мурунку залым өкмөт жоголуп, жаңы өкмөт болду деп ушул убакытта ар уруу калк аракет кылып, жыйылыш куруп, кеңеш жасап, «Учредительное собрание» деген болот ушул сентябрь айында, ага жарактуу адам жиберебиз, "федерация" алабыз, ягни (башкача айтканда) өзүбүзчө бөтөн болуп, өз тизгинибизди өзүбүз алабыз деп тынбай жатышат.
Эми, бөтөндү не кылалык, «эркек баланы туурап, кыз бала колуна сиет» дегендей болбойлу. Ушул өзүбүз менен күнү-кечээ гана айтышып-тартышып, бир даражада жүргөн мынабу казак агайындар өздөрүнөн билимдүүлөрү чыгып, ошол эл билгендин барын билип, барын кылып жатат. Ушул кезде казактын адамынын алды Петрофадга барып, жаңы өкмөттүн алдында доклад сөздөрүн айтып жана да өздөрүнүн гезит-журналдарын чыгарып, илгери дилжип (?) бара жатат. Ал эми биздин кыргыздын баштык адамдары «Тең туугандан ким тууган» дегендей, журттун артта калганын эскербей үйлөрүндө. Мен манап элем деп, жуурканга карабай аягын созуп, акмак болуп, факыр асина (?) сурак кылып, ушул кезде болуп жаткан иштерден кабарсыз доңуздай болуп семирип, үйүндө уктап жатат.
Жакында мен казактын «Казак» наамдуу гезитинин 532-номерин окуп көрдүм. Казак-кыргыз болуп Русияга караган жерде алты-жети миллион болот. Жашы 20 дан жогорку адамдардан ар эки жүз миңден бир өкүл Учредительное Собранияга шайланып жиберилет. Ошого караганда, казак-кыргыздан кырк чамалуу өкүлдөр шайланып барса керек дептир. Жана да ошого жараган адам деп 43 адамдын атын жазыптыр. Ичинде бир кыргыздын да аты жазылбаптыр.
Кыргыз боорлорум! Билсек, бул бизге өлүм, кемдик. Эгер да, казак-кыргыздын жалпы санында төрттөн бири кыргыз болгондо, бизден «Учредительное Собранияга» он адам барса керек. Адамыбыз жок деп барбай қалсак уят. "Жөөнүн кадырын аттуу билбес, ач кадырын ток билбес " дегендей, биздин ал-акыбалыбызды эч ким айтпас, адам катарынан чыгып, четте калып каларбыз. «Бала ыйлабай эмчек жок» дегендей, өзүбүз аракет кылбасак, кыргыз бар деп бирөө айтпастан, эскерүүсүз калып, сыртыбыздан бирөө сатып, бирөөнүн колунда кул болуп кетербиз.
Ушул убакытта Русия кол алдында ар кыл калк бар. ошолордун эң билимсизи, ичинен окуган адам чыкпаган караңгылыкта калган калк биздин кыргыз экен. Биздин кыргызды Ички Русияда "дикокаменный киргиз", ягни «жапайы таш кыргыз» дейт экен. Эми биз ошол «жапайы таш» дегенине маскара болбостон, бир коом калк экенибизди (көрсөтүп) Жетисуудагы, Ферганадагы, Сырдарыядагы, уюму бөтөн жайдагы кыргыз болуп биригип туруп, бир жайга баш кошуп, ичибизден 3-4 адамды шайлап, ошол казак агайындардын багичтериниң (?) ичинде туруп, сөзүн эшитип, калганын бирге иштешип тур деп жиберсек жакшы болор эле. Ал убакытта өзүбүз биригип, талаптанып турсак, «Казак» гезитинде мынабу кыргыз туушкандарыбыздын көңүлүнө келбесин деп, жаңы сидай (?) адам наамын жазарда бирөө-жарым биздин адамыбызды да ич бышпаса да жазып коёр эле.
Төрөкул Жанузаков андан көп өтпөй эле, 29-августта да чүйлүк кыргыз Ашымбек Алымбеков менен авторлош катары "Ак калпактуу кыргызга (Учредительное собрание тууралуу)" деген макала жазышкан. Анда бул сөздөр айтылат:
Канча замандан бери үстүбүздө падыша болуп, бизди сурап турган, кыймылдабастай мойнубузга кишен салган, жакшы жерлерибиздин барын мужукка алып берип, алым-салыкты аябай алган. Кудайдан коркпой, биздин түбүбүзгө жеткен ал залым Николай Романов өзүнүн эл төбөсүнө камчы кылып койгон приставдары, ойоздору менен үстүбүздөн «ай баткандай» жок болду. Анын үстүнө, кудай жалгап, жетим-жесир, карып, жардылардын пайдасын ойлой турган, көпкө нуру бирдей күн сыяктуу Жаңы Өкмөт чыкты. Ж.Ө. сен орус, сен калмак, сен кыргыз дебейт, барыбызды бирдей жана азамат дейт. Кара кылды как жаргандай болуп, башыбызда турат.
Эми ушул алдыбыздагы ноябрь айынын аягында бардык Россияда караган калктардан шайланып чыккан өкүлдөр бир жерге баш кошуп кеңешет. Бул Учр.собрание деген болот. Анда жыйылган өкүлдөр мамлекет үчүн жаңы мыйзамдар чыгарат. Ошол учр.собраниеге эркек, аял дебей 20 жаштан жогоркуларды эсеп кылып, 200 миң адамдан 1 өкүл барат. Руссияга караган бардык калкты - 160 млн. деген Учр. собраниеге 800 өкүл жыйылса керек. Ошонун ичинде ак калпактуу кыргыздын шыбагасына – эгер саныбыз 2 миллионго жетсе, 10 өкүл тие турган жөнү бар. (Ферганада кыргыз - 13 миң, Жетисууда - 600 үлүш, Сырдарыяда – 13 миң үлүш).
Ар ким өз дартын өзү билет. Жөөнүн муңун аттуу билбейт, ачтын муңун ток билбейт. Ошол себептен ЖЫЙЫНГА муңубузду билген өз адамдарыбыздын баруусу керек. Эгер наадандык менен бул зор жарышка өзүбүздөн ат кошулбай, калсак, эл жеген жемиштен жебей калганыбыз болот. Эл көргөн жарыкты (көрбөй) караңгыда калганыбыз болот. Эл алган байгеден кур калганыбыз болот. Эң акырында башка элдер ураандарын чакырып, тууларын көтөрүп жатканда, үйдө эзилип уктап жатканыбыз болот. Ушул күнү тегерекке көз салып карасак, боштондук болду, барчага теңдик тийди, заман өзгөрдү деп бизден бөтөн журттар ЖЫЙЫЛЫШ КЫЛЫП баш кошуп, Учр.Собраниеге жибере турган өкүлдөрүн даярдап жаткандай көрүнөт. Ал бара турган өкүлдөргө тапшыра турган тилектерин айтып, колдоруна иштей турган иштеринин жобосун көрсөтүп берип жаткан көрүнөт. Ошончо көптүн ичинде жумган көзүн ачпай, кескен бутун жыйбай, кандан капарсыз жаткан биздин ак калпактуу кыргыз калкы көрүнөт. Өзгө журттарды коё туруп, мисал үчүн мына өзүбүздүн катар жүрүп, катар конуп жүргөн казак боорлорубузду алалычы. Аларда өзгөрүш болгондон бери далай жерге баштарын кошуп, муң-муктаждарын кеңешип, тиричилик камын кылып жатат. Июль ичинде ОРУНБОР ШААРЫНДА, август башында ТАШКЕНТ шаарында болуп өткөн жыйылыштарда Учр.собраниеге бара турган адамдарын да белгилеп койду. Ырас, биздин кыргыздын али күнгө чейин башы кошулбай жүргөнүнө себептер да бар чыгар. Мисалы, ар убакыт кеп жумушунда башчылык кыла коюучу ЖЕТИСУУ КЫРГЫЗДАРЫ былтыркы аласапыран тууралуу үлкөн кыргынга учуруп калды. Бир бөлүгү тентип, мал башынан айрылып, кара баштары менен алек болуп кетиптир. Бирок, аман калган башка кыргыздарда жок (андай) эмес. Мына, ошолор не кылып жатат, неге өздөрү чыкпайт? Булар быйылкыдай бир жактан боштондук, теңдик күн тууп жатканда, бир жактан тукуму, каны бир боорлору кыргынга учурап жатканда, кыймыл кылбаса, качан кыймыл кылат?
Ага-ини, ак калпактуу кыргыз - ай! Ушундай өмүргө башыбыз бирикпей, ар жерде бытырап жүрүп, бирибизге-бирибиз жанашкан туугандык көрсөтпөй, чын эле тозуп кеткенбизби? Чыны менен, бизде улутчулдук, журтчулдук дегениң болбогонбу? Кечээги эл намысын жактап, улут арын ырдаган кыргыздын туу башчылары – Байтик баатыр, Шабдан баатыр, Курманжан даткалар менен каныбыз бир эмеспи? Кой, агайындар, белди бекем бууп, тууну колго көтөрүп, биз да боюбузду көрсөтөлү! Улут намысын жибербей, улуу топко түшчү бир азамат жоксуңбу? Кел, жакшылар, чык ортого, биригели! Кыргыз болуп, Жетисууга баралы, жаттан зордук көрүп, мал-жанынан айрылып, тентиреп калган боорлорубуздун көз жаштарын көрсөтөлү, кийими жокко кийим бололу, тамагы жокко тамак бололу. Бул биздин кечирилбес карызыбыз эмеспи?
Андан кийин Ферганага баралы. Кыргыздар уюткусу Ферганада дечү эмес беле. Кой, андай болбойт, аларга барып, каныбыз бир, урааныбыз бир кандаш экенибизди айталы. Андан соң, Сырдарыяга баралы. Анда калың казак [арасында] отурган азгана агайындарыбыздан ал-жагдайын билели, артыбыздан ээрчители, ошентип, эл болуп бизди көрөлү. Башкалар алган байгеден биз да кур жалак калбайлы. «Жатканга жан жолобойт» деген... Ар улустан бир-эки адам келсе болот. Карала турган маселелер көп, артында калбайлы. Ушул күнү казак, ногой, сарт ар кайсысынын өз тилдеринде гезиттери бар. Азырга биз казак боорлорубузду мингенсип отурабыз. Бирок, калктын түшүнүүсү үчүн гезит өз тилинде болсо, андан да жакшы болор эле.
Биригүүдө жактырып адам жибермекчи болгон боорлорубуз эртерээк кат аркылуу эки телеграмм аркылуу төмөнкү адрес боюнча кабар кылса экен. Ал убакытта биринчи жыйналышта сүйлөнө турган маселелердин тартибин даярдайт элек. Экинчи жыйылыш үчүн эрте баштан орун камдар элек.
Демек, Төрөкул Жанузаковдун жазгандарына карасак, ал Жетисуу, Фергана жана Сырдарыя облусундагы кыргыздарды бир партияга биригүүгө чакырып, алтургай уюштурууга даяр экенин билгизген дарегин жазып, Кыргыз автономиясын куруу идеясы менен жашагандыгын көрө алабыз.
Октябрь төңкөрүшүнөн кийин бийликке келген большевиктер мурдатан пландалган шайлоонун ноябрда өтүүсүнө жол беришкен, бирок өздөрү эсерлерден эки эсе аз орун (180) алып калышкан. Ал эми казактардын "Алаш" партиясы 12 депутаттык орунга ээ болсо, азерилердин "Мусават" партиясы 10 орунга ээ болгон. Бирок, көп өтпөй, 1918-жылы январдын башында Уюштуруу жыйыны өз ишин баштай электе большевиктер тарабынан күч менен таркатылган. Ошондой болсо да, Төрөкул Жанузаковдун мисалында ошол кездеги кыргыз жаштарынын өз элинин мамлекеттүүлүгү жөнүндө ойлонуп, аракет башташкандыгы боюнча маалыматтардын кезигиши бизди абдан кубандырат.