Добавить статью
9:35 13 Августа 2015
Кайры шаары жана Азрети хандын көпүрөсү

Кадимки төкмө акын Калыктын варианты өзүнүн кол жазмасынан негизинде 1939-ж Алыкул Осмоновдундун редакциясы менен жарык көргөн. Калык бул дастанды Токтогулдан үйрөнгөнүн айтып кеткен. Адабиятчы Б.Кебекова Калыктын вариантына мындай баа берген «Бул вариант бардык нускалардан өзүнүн көлөмү гана эмес, көркөмдүүгү, мазмун-маңызы, оюнунун тереңдиги, каармандардын образдарынын толук ачылышы, баяндоо ыкмасынын ар түрдүүлүгу, көтөрүлгөн бул же тигил идеянын ары ачык, ары жеткилең баяндалышы, куюлушкан бир кылка уйкаштык, сөз байлыгы, бааатырдык теманын жогорку баскычта чечилиши менен айрымаланат." (Кебекова Б. Жаныш, Байыш. Б. 1998. 5-б.) Белгилүү музыковед В.В. Затаевич Токтогул Сатылгановдон "Жаныш, Байыш" дастанынан үзунүдү жазып алган. Дастандын обону акындын "Кербезим" аттуу күүсүнө окшоштугу айтылган. (Субанбеков. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф. 1970.) Улуу акын айткан "Жаныш, Байыш" жана "Кедейкан" башка дастандардан айрымаланып, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгү жана адилеттүү бийлик үчүн күрөш сыяктуу социалдык идеалар кеңири планда козголгон. Калыктын шакирти "дүбүрттүү" акын Сарыкунан "Жаныш, Байышты" окуянын мазмунуна карата төрт башка обон менен айткан экен: жай окуяны бир башка, согуш учурун бир бөлөк, жекеге чакыруу учурун көтөрүңкү тондо, эки баатырдын ата-энесине барган жерин пасыраак, муңдуу обонго салган. (Кебекова Б.) «Жаныш, Байыш» дастанынын 4 варианты (М.Мусулманкулов, К.Жаңыбаев, К.Акиев, С.Дыйканбаев) топтолуп жарыкка чыгышы адабий чөйрөдө чоң жаңылык болду.

Акиевдин вариантында кыргыздарды Азрети хан бийлеп турган. Өзү адамдан акылман, келерки жылдын окуясын алдын ала билген көзү ачык адам болгон. Хан Үзүр шаарында жашап, ага 60 шаар баш ийген. Кытай менен кыргыздардын ортосунда Аккүргүн дарыясы бөлүп турган. Аккүргүндүн нары өйүзүндө Айдың-Көл деген жайлоосу болуп ага каттап туруш үчүн ааламда жок көпүрө курат. Азирети хан карып, каруусу кеткенде Айдың-Көлдү кытайларга тарттырып жиберет. "Балдарым баатыр чыкпай калды, кытайлар кыргызга кыргын салбасын " - деп көзүнүн тирүүсүндө көпүрөнүн наркы өйүзүн кара зоо менен бекитип "кайып ээлеп алды", берки өйүзүн кызыл зоо менен бекитип, "кызыр ээлеп алды" деп жаздырып коет. Азирети хан өлгөндөн кийин, баласы Нуркан хан болот. Нуркандын баатырдыгы жок болуп, элин беймарал башкарып, Баш көл, Орто көлүнө жайлап, куш салып, аңчылык менен жүрө берет. Нуркандын балдары Жаныш менен Байыш баатыр чыгышат. Байыш 9 жашында кишиге кол салган буура төөнү бута атым жерге ыргыткан балбан болот. Элдин көзү тийбесин деп, көздөн далда чоңойтушат. Жаныш 11 жашка чыкканда машыксын, хандыктын жолун таанысын деген максатта Нуркан тажысын берип хан көтөргөн. Жаныш 6 жыл хандык кылып Кайыры шаарын курдурган. Шаарга хан ордосу, мунара, медресе курулуп, күмүш туткалуу, алтын дарбазасы бар ак коргон (чеп) менен курчаган. Шаардын кооздугу, кеңдиги дастанда мындай сүрөттөлөт:

Кырк күндүк жерге салынган

Кытайдан уста алдырган.

Кырк тыйын чака чыгарбай,

Карыптын көөнүн жам кылып,

Жарды жакыр түнөгөн

Жаныштан калган санжыргам.

Кырк миң киши түнөсө

Кырк адамдай болбогон.

Азем шаар Кайрынын

Кырк үйүнө толбогон. (Жаныш, Байыш. Фрунзе.1991-ж. 194-б.) Бул айтуучунун ойлоп чыгарган саптары эмес, дастандын нечен кылымдаган тарыхый өзөгүн түзгөн алгачкы башаты болгон. Башынан аягына 40 күндүк жолго созулган, миңдеген адамдар жашаган Ош, Өзгөн, Баласагын, Аксы, Кайры, Улукен сыяктуу шаарлары бар гүлдөгөн мамлекеттин бир "бучкагын" кыргыздар чоюп келгендигин элибиздин рухунда сакталып калган дастандар далилдеп турат. Тоголок Молдонун "Шырдакбек" дастанда:

"Ош, Анжиян, Маргалан,

Ордосу Кокон, Наманген.

Аягы Кожонт, Чоң Ташкен

Сурап турду Шырдакбек.

Жети шаар Паргана

Жердеп турду Шырдакбек."

(Т.Молдо. Чыгармалар жыйнагы.Ii-т Ф. 1970. 262-б.)

«Шырдакбек» дастандагы окуялар ХVII кылымда болуп өткөн деп айтылып жүрөт. "Шырдакбектин чеби" деп аталган шаар-урандысы Ак-Талаа районунда Манакелди капчыгайында жайгашкан. Археологдордун аныктоосу боюнча бул чеп Х-ХII к. таандык. М.Мусулманкуловдун жана К.Жаңыбаевдин варианттарында Жаныш, Байыштын атасы Алты Шаар Земинде падыша болгону айтылат. И.Б.Молдобаев Алты Шаар XVIII к. Кашгарияда же Чыгыш Туркестанда болгонун жана " Земин" тажик тилинен кирген "жер" деген сөз деп түшүндүрөт. (Молдобаев И. Жаныш и Байыш..., с.30.)

"Шырдакбек" дастанында аталган шаарлардын аймагында байыркы замандан бери XX к. чейин кыргыздар жашап келгенин санжыра-тарыхыбызда далилденген. IX-X к.к. окуяларды чагылдырган картада Самаркан менен Ходженттин ортосунда Земин шаары көрсөтүлгөн.Дастандардагы окуялардын тарыхий көрөңгөсү болбосо, миңдеген жылдарга чейин куру сөз сакталып калмак эмес. Элдик дастандардын келип чыгышы жана калыптанышы жөнүндө орус жазуучусу Н.Г.Чернышевский мындай деген: "Баардык эле кичине (аз) элдин бардыгында кызыктуу бай поэзия боло бербейт. Алардын гүлдөө учуру эмне менен шартталат? Эл турмушунун энергиясы менен! Кайсы эл күчтүү жана укмуштудай сезим менен толкунданса, кайсы элдин күчү менен улуу окуялар болуп өтсө, ошол жерде гана бай поэзия болот". (Чернышевский Н.Г. Полное собр. соч. т.II. с.295.)

Тарыхыбыздын тереңине үңүлсөк, кыргыз эли Борбордук Азиядагы көчмөн маданиятын гана сактап калбастан, отурукташкан шаар маданиятына да ортоктош экендигине ишенебиз. "Манас" дастанында күмбөздүн кирпричтерин эчкинин жүнүнө жууруп, майына сызгырып бышырылганы айтылат. Өзгөндөгү архитектуралык-тарыхий эстеликтерди реконструкция жасаган адистер кирпичти бышыруунун дастандагы технологиясы чындык экендигин далилдеш-кен.(журнал".Советский союз".1970-ж.).

Алты жүз эркеч бир кыркып

Жүн менен майын коштуруп,

Топуракка жуурутуп,

Кыш кайнатып бек салды. Айкөлүмдүн күбөзү Бузулбай турсун деп салды.

(Манастан.)

Манастын күмбөзү. Х1Х к. реставрацияга чейин.

Курулуштун мындай технологиясын кыргыздар XIX кылымдын аягына чейин колдонгону XVIII-XIX к.к. архитектуралык эстеликтер далилдейт. Курулгандагы маалыматтар аксакалдардын эсинде алиге чейин сакталган. Кетмен-Төбө өрөөнүнүндө Коңур-Өгүз айылында Керимбектин күмбөзүн иниси Темиркул баатыр өткөн кылымдын башында салдырган. Сөөк коюлуучу жай 3-4 м тереңдикте кенен казылып, үстү арча устундар менен жабылып, кирип-чыгууга эшик коюлган. Мындай көр «саганалуу» деп аталып бир атадан тарагандардардын сөөктору бир нече муунга чейин коюлган. Күмбөздүн дубалы саман-кирпичтен курулуп, сырты эчкинин жүнү менен майына жуурулган ылай менен шыбалганын Темиркулдун чөбүрөсү Малабаш уулу Сары айтып берди. Коңур-Өгүз аймагында Сыдык болуштун, Мырзакулдун күмбөздөрүн бир мезгилде Кадыр-кыбачынын уулу Стамкул кургандыгы айтылат.

М.Мусулманкулов айткан "Курманбектин" вариантында Молотия деген шаарда кыргыздын Мадалкан деген падышасы жашаган. Хан карыганча балага зар болот. Күндөрдүн биринде хандын байбичеси сейилдеп жүрүп, талаадан аркар эмизип жаткан баланы таап алат. Үйүнө алып келип чоң той берип, атын Курманбек коет. Курманбек эр жеткенде шаарды курчаган "бийиктиги сексен кез, калындыгы сегиз кез" коргон салдырат.» (Субанбеков.Ж. Кыргыз элинин баатырдык эпостору. Ф. 1973.120-б.) Дастандарда кыргыз хандарынын шаарлары ойдон чыгарылбагандыгын тарыхий эстеликтер далилдейт. Ысык-Көл ойдуңунда VI-XII-к. таандык Тоң шаар-чалдыбарында (Кан-Дөбө) бүгүнкү күндөгү бийиктиги 4-8 м, калындыгы 3-5 м коргонуу курурулуштарынын калдыктары бар. Ат-Башыда Кошой-коргон шаар-чалдыбарынын өлчөмү 245х250 м болуп, пахса дубалдардын бийиктиги 4-8м, калындыгы түбүндө 7-9 м болгон калыктары бар. (Энц. Кыргыз жергеси. Б. 1990. 158-б, 286-б.) Мындай шаар чалдыбарлары Кыргызстандын бардык аймактарынан табылган. Шаарлардын көпчүлүгү IX-X к.к. Саманийлер жана Караханийлер мамлекеттеринин мезгилинде өнгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен. Кыргыздар бул мамлекеттердин курамына кирип, саясий аренада жигердүү күрөш жүргүзүп келген. Кокон хандыгында Шералы-хан бийликке келгенде кийин Нусуп датканын, Исхак (Болот-Хан), Алымбек датканын, Курманжан датканын жана Жаркын айымдын күрөштөрү элибиздин узак саясий тарыхынын тажрыйбасынан калыптанган.

Орто кылымдагы гүлдөгөн маданиятыбыз элибиздин эсинен чыгып, ата-бабалар курган шаарларыбызды башка элдерге ыйгара салып, кыргыздар тоодо жашаган жапайы эл болгон деген коммунисттик идеологияга ишенип келе жатабыз. ХII к. моңгол жапырыгында, ХVI к. калмак чапканда жана ХIХ к. Кокон хандыгынын так талашуу алааматтарында кыйраган шаарлардын урандыларында тарыхыбыздын көп барактары көмүлүп калган. Байыркы гүлдөгөн маданиятыбыз муундан-муунга ата мурас катары берилген жомок-дастандарда сакталып калган. Элдик дастандарды, санжыраны тарыхый маалыматтар менен байланыштырып иликтесек тарыхыбыздын көп барактарын калыбына келтирип алабыз.

Өткөн доордогу архитектуралык курулуштар жана инженердик жабдуулар көркөм боёктор менен дастандарда баяндалган. «Шырдакбек» дастанында хандын чеби карпа түтүктөр аркылуу камсыз болгону айтылат:

Айланасын гүл бактын Аркан бою коо калды. Арыктын баары карапа Агызып суусун ноо кылды. Жетиктигин билгизип, Жерге пайда тийгизип. Жер алдына көмдүрүп

Ноо менен суу жүргүздү.

(Т. Молдо. II-т. 267-б.)

Дастанда айтылган суу түтүктөр системасы Чүйдө, Таласта, Кетмен-Төбөдө археологиялык казууларда табылган. Кетмен-Төбө тоосунун батышындагы Байыш-Булак, Жаныш-Булактардын төмөн жагындагы көл баскан жерлерден карапа түтүктөрдү элдер казып алып жатышат. Саргата айылынын жашоочулары арык казып жатышып, карапа түтүктөрдүн жыйылган жерин таап алышкан. Түтүктөр жасалуучу ишканалар өрөөндүн өзүндө жайгашып, шаарларды суу түтүктөр менен жабдуу кеңири жайылган. Бул түтүктөр коюлган булактардын төмөн жагындагы Жазы-Кечүү, Кансалык, Улукен аттуу жерлердеги байыркы шаар урандылары табылган. Калкы Байыш-Булак, Жаныш-Булактын суулары менен түтүктөр аркылуу камсыз болсо, орто кылымдагы өнүккөн шаар болгонун кабарлайт. Орто кылымдагы карапа суу түтүктөрү өтө сейрек кездешүүчү археологиялык табылгалар байыркы шаарлардын тарыхы жана маданияты жөнүндө баалуу маалыматтарды берет. Тез арада археолгиялык казууларды жүргүзүп, сактап калбасак, тарыхыбыздын дагы бир баалуу барактарын жоготобуз.

"Жаныш-Жайыш" дастанында көпүрө жөнүндө кызыктуу баян бар. Чоң атасы Азирети хан курган көпүрөнү жаптырып койгонун, кытайлар Айдың-Көлдү тартып алганын элден уккан Байыш, көлдү кайтарып алууну атасы Нуркандан суранат. Атасы ордодо кызмат кылган эшени, муфтийи, мыктуусу, кожосу менен кеңешип, Жаныш менен Байышты кырк жигитин менен курал жараксыз жөнөтөт. Карууга толбогон балдар согуша албайт, кытайлардын көп аскерин көрсө качып баса берер деп ойлошкон. Баатырлар 4 ай (О.Урмамбетовдун вариантында 17 күн) жол жүрүп, болжогон жерге жетишет. Көпүрөнү караса, жээке жакын жерде кылдат кыналган кыштар кызыл зоо болуп көк тирейт. Байыш баатыр кыштардан кыналган кызыл зоону буту менен тээп уратып көпүрөгө жол ачат.

Көпүрөнү караса

Көз кубанткан керемет.

Буруксуган арчадан

Бир жүз устун санаса.

Көпүрөнүн бетине

Беш миң киши баткандай

Жолун тосуп камаса.

Өйүз-бүйүз зоолордун

Боорунан үңкүр ойдурган.

Эки башын тиретип,

Устунун тегиз койдурган.

Башка жыгач чирийт деп

Ууз арчадан сундурган.

Эки башын тиретип

Коргошун куюп тундурган.

Тумарча кылып улатып,

Карысын жиксиз кынаткан.

Көпүрөнү көркөмдөп,

Уландысын бекитип

Коло менен чырматкан.

Панжырасын кооздотуп

Алтын менен сырдаткан.

(«Жаныш, Байыш». Б. 1991. 41-бет.)

Аккүргүн дарыясындагы Нуркандын көпүрөсү.

Нарын дарыясына курулган көпүрөлөр орто кылымда эле болгонун тарыхый булактарда, уламыштарда айтылып жүрөт. Өзбек жазуучусу П. Кадыровдун "Бабур" аттуу тарыхий романында ХV к. Куба шаарынын жанында Нарын аркылуу жыгач көпүрө болгону жазылган. Шаарга душмандар басып кирерде коргоочулар өрттөп жиберишкен.

Орус саякатчысы Н.А.Северцев 1867-ж. Нарындын ортон-ку агымынан эски көпүрөнүн курулушун даана сүрөттөгөн: «…жергиликтуу эл дарыянын аскалуу кууш жерин тандашып, эки жээкти жыгач устундар, токулган бутактар жана топурак менен көтөрүшкөн; ар бир жээктеги аскалардан тешип, устундардын учун аскага бекитишкен. Устундардын улам кийинки катарынын учун алдыга чыгарып суунун үстүнөн өткөрүшкөн». Ушундай көпүрөнүн калдыгы Көкөмерен суусу Нарынга куйгандан төмөнтө Улабастын зоосунда азырга чейин бар. Жыгач көпүрөлөрдүн узак убакытка чейин сакталышы, кыргыздар жыгачты иштетүүнүн өзгөчө технологиясын билишкен. Бул ыкма «Жаныш, Байыштын» О. Урмамбетов айткан вариантында толук баяндалган.

Карагай менен арчанын

Түзүнөн тандап кыйдырды.

Эки өйүздүн таманын

Таштан тизип көтөрттү.

Суу тийсе жыгач чирийт деп,

Бийиктетип асманга

18 кез көтөргөн.

Жыгачтардын арасын

Чарайна-чайыр желимден

Кайнатып алып куйдурду.

Он карагай улатып

Жан устунун тургузду.

Бекиткенде жыгачты

Темир чирип кетет деп

Чегеси болгон кайыңдан.

Курт түшөт деп жыгачка,

Кабыгын койбой жондурган

Суу болсо катып кетет деп,

Саратанга кактатып,

Бир жарым ай койдурган.

Жамгыр тийсе чирийт деп,

Жошону майга кайнатып,

Көк кызыл кылып сырдаган.

(Молдобаев И.Б. «Жаныш и Байыш…» с.58.)

1923-24-жылдары Нарын дарыясына Камбар-Атанын суусу куйган жерде Кеңкол-Каракыр болуштугунун тургундары Абдрахман эшен жана Кыдыраалы эшендин демилгеси жана уюштуруусу менен көпүрө курулган. Көпүрөнүн курулушуна Кетмен-Төбөнүн 100 дөн ашык усталары акысыз, соопчулук үчүн иштешкен. Курулушка түнтөй уруусунан Беарман уста, Сологой уста, өйдөчекиден Борбу уста, кайдуулаттан Асык уста, кутунайдан Мамбетаалы усталар катышкан. Бул көпүрөнүн курулушу тууралуу Кетмен-Төбөнүн Жетиген айлынын тургуну Молдо Ашыр устаты Абдыракман эшенге арнап жазылган “Азрети эшен пирибиз” дастаны 1942-жылы жазылып, Абдрахман эшенге тартуу кылып алып барган. Кийин Омор Сооронов менен Мамат Болоттун басмадан чыгарылган (Бишкек, Бийиктик. 2005). Дастанда көпүрөнүн курулушун жана маанисин кеңири баяндаган:

Көңүлдөгү максатын

Кеңешип пирим ойлонуп,

Башаарат болуп Ааламдан,

Көпүрө үчүн козголуп.

Бир миң үч жүз кырк төрт жыл

Эсептешип карылар,

Көпүрүк жайын ойлонуп,

Көз жетпеген Нарынга.

Өзүңузгө ыктыяр,

Калың журт берип батасын,

Каалаган жерге салың деп.

Касиет менен жер жайлап,

Камбар -Ата тандалып,

Калайык өтүп турганга.

Аманатка кызыкпай

Акырет үчүн бел байлап,

Ак дайрага жер жайлап,

Кам дүйнөгө карабай

Кайрат кылып бел байлап.

Көпкө мурас болсун деп,

Көк дайрага Жер жайлап,

Дуба кылп пириме

Көпчүлүк өтсүн мал байлап.

(Молдо Ашыр. Азрети эшен пирибиз. 34-б)

Дастандагы маалымат боюнча 1923-жыл туура келет. Дастанда: “Падышалар салбаса, мындай ишти ким кылмак, көзү туюк көп адам болжой турган жер эмес, Азрети хандан бери жака көпүрө түшпөгөн” жерге курулган.

Нарын дайрасы Кетмен-Төбөнү тең бөлүп аккандыктан эки жээктеги кыштактардын арасы 1-2 чакырым болсо да катташуу кыйын болгон. Жолдун татаалдыгынан 1888-жылы Кетмен-Төбө өрөөнү экиге бөлүнүп, түштүгү Кеңкол-Каракыр болуштугу аталып Андижан уездине, түндүгү Муз-Төр жана Арым болуштугу аталып Наманген уездине картылган. Эшен Атанын көпүрөсү экиге бөлүнүп калган өрөөндү бириктирүүгө маанаси зор болгон.

Жээги бийик дайрага

Сундурмасын өстүргөн.

Өлчөбөй кары кестирген.

Көзү жетпейт бул ишке

Көкүрөгү туюктар.

Көпүрүктүн үстүнө

Көп жыйылган усталар.

Аксакал уста Бостонго

Аргымак тандап ат берген.

( Молдо Ашыр. 36-б)

Дастан боюнча курулушка Бостон уста башчылык кылгандыгы жазылган. Элдин айтуусунда Бообек уста башчылык кылып, көпүрө аркылуу биринчи өткөн деп айтышат. Курулуш жыгач устундарды өзгөчө ыкмасы менен бир өйүздөн, экинчи өйүзгө Н.А. Северцев сүрөттөгөн ыкма менен жеткиришкен.Бул көпүрө - кыргыз кыбачыларынын (инженерлеринин) акыркы уникалдуу курулуштарынан болуп, өрөөндүн эки жээгиндеги элдердин катнашы үчүн зор кызмат кылган. 1932-жылы суу ташкынында көпүрөнү сел бузуп кеткен. Азыр бул жер "Эшен-Атанын көпүрөсү" деп аталып калган. Нарындын эң кууш жери болгондуктан Камбар-Ата -2 ГЭСи көпүрөнун ордуна курулду.

Эшен-Атанын көпүрөсүнүн курулушу. //Фотография Байбосунов А. Донаучное представление кыргызов о природе.Ф:, 1990. китебинен.

В.В.Бартольддун эмгектеринде орто кылымдагы Нарын дарыясында дагы бир көпүрө жөнүндө кабар берет. Бул жерди жергиликтүү эл көпүрө курууга ыңгайлуу кууш жер болгондук-тан "Көпүрө" деп аташат. Казак окумуштуусу Ч. Валихановдун эмгектеринде бул жерди калмактар ээлеп турган мезгилде көпүрө болгонун жергиликтүү эл айтканын эскерген.(Бартольд В.В. Кыргыз тарыхы боюнча тандалма эмгектер.Б. 1996 .226-б.)

"Жаныш, Байыш" дастанындагы Азрети хан курган көпүрө ушул деп болжолдойбуз. VIII-Х к. Теңир Тоонун борбордук аймактарында карлук (халлук) жана ягама уруулары жашап турган. Булардын арасында чек Нарын дарыясы болуп, түндүгүн карлуктар, түштүгүн ягмалар ээлеген. Х кылымга чейин эле кыргыз уруулары Тенир Тоодо жашаганын А.Бернштам жана А.Байтур биринчилерден болуп далилдешкен. ХV кылымда карлуктар жана ягамалар кыргыз урууларына сиңип кетишкен (Бартольд В.В. Кыргыз тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б. 1997. 87-б.) С.М. Абрамзондун эмгектеринде бугу, сарбагыш, жагалмай, солто, саяк урууларынын генеологиялык жактан байыртадан байланышы болгонун аныктаган. XIX кылымда эле бул уруулар жылкыларына "жагалмай" (  ) тамга басарын белгилеген.(Абрамзон С.М. Кыргызы и их этногентические и историко-кулbтурные связи. Ф. 1990.) Төрөкан уулу Эсенгулдун санжырасы боюнча Агуулдан Муңгуш, Наалы эже, Адигине, Тагай таралат. Муңгуштун курамына жагалмай жана коштамга бөлүктөрү кирет. Караханийлер мамлекетин негиздеген чигилдер жана ягамалар кыргыз уруулары болгон деген болжолдоолор да бар. (Осмонов О. Асанканов А. Кыргызстан тарыхы. Б. 2003. 194-б.) Белгилүү фольклор изилдөөчу Ж.Таштемиров Аккүргүн азыркы Нарын дарыясы деп болжолдогон. (Молдобаев И.Б. Жаныш и Байыш…с.36) Х кылымда Нарын дарыясынын түндүгүндөгү аймактар талашта болуп келген. Барскан жана Пенчул (Аксуу) шаарларын башта карлуктар ээлегени, андан кийин тогуз-огузарга көз каранды болгону, акырында кыргыздар ээлеп алганы «Худуд ал-аламда» жазылган. (Бартольд В.В. 81-б.) Анда Нарын менен Ысык-Көлдүн аралыгындагы жайлоолорду талашкан уруулар арасындагы согуштар болушу толук ыктымал. «Жаныш, Байыштын» О.Урманбетов айткан вариантында калмактардын Жоолу шаары баяандалган: Кан жайы Жоолу шаарында Алты кез калын дубал бар, Тозулган шаардын четинде,

Күнү түнү кайтарып,

Кароолу турат сепилде.

Ортосунда Жоолунун

Орноткон бийик мунара.

(Молдобаев И.Б.Жаныш и Байыш…с.94.)

Бул шаарды аталышы боюнча Х кылымдагы мусулман авторлору эскерген карлуктарга караштуу Жул (Бишкектин жанындагы Аламүдүн кыштагынын ордунда) менен окшоштурууга болот.

Орто кылымдагы хан ордонун чеби.

Дастанда баяндалган Айдың-Көл Соң-Көл деген божомолду далилдер бар. ХI кылымда жазылган Махмуд Кашгаринин "Дивани лугат ат-түрк" деген залкар эмгегинде Созуң-Көл (Сонун-Көл) деген ат менен, берилип падышалар жайлаганы эскертилет. Соң-Көлдү Азрети хан ээлик кылып турган мезгилде Аккүргүн (Нарын) аркылуу көпүрө курулуп, Жаныш менен Байыш Соң-Көлдү кайра каратып алуу учун карлуктар (халлуктар) менен согушкан. Эпикалык чыгармаларда кыргыздардын душмандары катары дайыма кытайлар же калмактар аталат. Айтуучулар да көнүмүш аталышты колдонуп, душмандарды бирде кытай, бирде калмак деп айта беришет. Дастанда кытай менен кыргыз чек арасы Ак-Күргүн дарыясы деп берилет:

Ак мунар тоонун бели деп,

Алты миң кытай кырылган,

Ак-күргүндүн жээги деп. Кыргыз менен кытайдын

Ак-күргүн суусу чеги деп.

(«Жаныш, Байыш» Б. 1998. 305-б.)

Кыргыздарда айланасы кооз жайлоосу бар чоң көлдөр жалпысынан «Айдың-Көл» деп аталып келген. Т.Молдо менен А.Чоробаевдин «Токсон собол» атуу алым сабак ырында:

Атагы чоң Соң-Көлдү,

Айткым келди кайрадан.

Айдың-Көлдү жээктеп,

Айыл конгон айланаң.

Төрлөрүндө түрдүү чөп,

Төгүлүп гүлдөр жайнаган.

Тоосунда түркүн канаттуу

Каз, өрдөгү каркылдап,

Көл үстүндө шарпылдайт.

(Т.Молдо. II-т. 261-б.)

Бул үзүндүдө Соң-Көлдүн аты гана Айдың-Көл айтылба-стан сүрттөлүшү да дал келет:

Татынакай Айдың-Көл

Таппадым сенин кемиңди.

Көл болбосоң кое кал

Сууң таттуу шекер бал.

Күңгөй, тескей түздөрүң

Күмүш, алтын нурдуу экен.

Адырың аркар кулжа экен,

Өрдөк, чүрөк, кашкалдак

Аңырың жүрөт аңкылдап.

( Жаныш, Байыш. Б.1998. 183-б.)

М.Мусулманкулов жана К.Жаңыбаевдин варианттарында Ала-Көл аталышы орто кылымдагы тарыхий булактарда эскерилген. 1389-жылы Аксак-Темирдин уулу Өмөр шайх чериктерди кол башчысы Анга-Төрөгө жортуулга чыкканда «Ахта-Диктурдан (Арпа Тектир?) Ит-Ичпестин Ала-Көл өрөөнү аркылуу өтүп Кара-Гучурга кайтып кеткен» деген маалымат бар. (Бартольд В. 114-б.) Бул маалыматта Чүй өрөөнүндөгү Арпа-Тектир кыштагына жакын VIII-XII кылымга таандык Кегети шаары, Кочкор өрөөнүндөгү Улахол (Алакөл) айылы жана Кара-Кужур суусунун башталышындагы чакан көлдор эскерилген. Дастандын 1-вариантында да Теңир-Тоо аймагында көл тууралу окуя баяандалган. Жаныш жарадар булуп качып барып жашынган Кара-Үңкүр Соң-Көл менен Байдолу тоосунун ортосундагы Кара-Үңкүр капчыгайы менен байланыштырган.

Дастанда Аккүргүн-Нарын, Айдың-Көл болсо Соң-Көл экендигин төмөнкү эпизоддон да ишенүүгө болот. Жаныш менен Байыш Үзүр шаарынан аттанып 6 айда (башка вариантта 12 күндө) көпүрөгө жетет. Айдың-Көлгө куш салып жүргүндө кытайлар алты миң кол менен курчап калат. Жаныш иниси Байышка «чабышарга курал жок, алты миң кытай биз жалгыз», - деп башка жол менен качып кетүү жөнүндө оюн айтат:

Кырк кыйырдуу кыр чаптын

Кырын аша качалы.

Оролмо тоону айланып,

Он айчалык жол басып.

Жан сактайлы биз качып.

Аккүргүндүн этеги

Ана ошого жетели.

Арал-арал жазыктан

Тегерете сал байлап,

Мен жалдайын, сен айдап.

Салдуу сууда саламат

Сактаса болду тирүү арбак.

Үзүр шаардын тушунан

Аман эсен өтөлү.

(Жаныш,Байыш. Ф.1991.52-б.)

Бул үзүндү боюнча Айдың-Көлдөн (Соң-Көлдөн) Коч-кор, Жумгал, Суусамыр аркылуу Кетмен-Төбөдөгү көлдүн алдында калган Жазы-Кечүүдөн (Улукендин тушунан) кечип өтүү жөнүндө кеңешип жатат. Нарын дарыясы он эки айрыкка бөлүнүп аккандыктан Жазы-Кечүү аталып калган. Көпүрө курулганга чейин каттагандар сал менен өтүп турушкан. Суу аз жылдары ат менен кечүүгө да мүнкүн болгон.

Дастандагы баян боюнча Азирети хандын көпүрөсүнүн конструкциясын төмөнкүчө болжолдоого болот. Жоондугу жеңдүү билектей, узундугу эки кулач арча устундарын тумарча (үч бурчтук) сымал улаштырып, ары өйүздөн да, бери өйүздөн баштап, ортодон бириктиришкен. Жээктерден үңкүрлөр казылып, устундардын учтары аскага коргошун уютулуп бекитилген. Орто кылымда курулуш материалы катары цементтин ордуна коргошунду пайдаланышкан. Нарын дарыясы агып өткөн капчыгайларда коргошундун кендери азыркы кезде да көп. Мындай көпүрөлөрдү куруу орто кылымдагы усталардын толук мүмкүнчүлүгү болгон.

Жаныш, Байыш баатырлар көпүрөнүн көркүнө көздөрү тоюп, Айдың-Көлдүн кооздугуна суктанып, куш салып, аң-уулап кумар жазышат. Кытай ханы Сыядат чегине келген чоочун адамдарды көрүп, көп кол менен курчап калат. Байыш баатыр куралы жок жекеге чыгып, кытайдын Аяз баатырын өлтүрөт. Сыядаттын алты миң аскери жабыла кирип Байышты колго түшүрүп алышат. Жаныш жарадар болуп, Кара-Үңкүргө бекинип калат. Үңкүрдө бекинип жатып, өзүн-өзү дарылап, айыкканда элине кетет. Байыш кытайлардын зынданында 7 жыл жатат. Сыядатын кызы Желкайып Байышка ашык болуп калып, жашыруун багып жүрөт. Жаныш издеп барып, Желкайыптын жардамы менен Байышты куткарып чыгат. Баатырлар элине келсе атасы Нурхандын бийлеген кытай кулдары Акжол, Дарбаз тартып алган болот. Баатырлар адилет бийлигин калыбына келтиришип, Акжол менен Дарбазды өлкөдөн кууп жиберишет. Орто кылымда жаралган элдик чыгармаларды ХХ кылымдгы коммунисттик идеалогиянын ченемдери менен баалап, элдик эмес деген бүтүм чыгаруу адилетсиздик деп кароого болот. Дастандагы Жаныш, Байыш баатырлардын Айдын-Көлгө аттанышы басып алуучулук согуш эмес, Ата-Мекенин коргоо, Кыргыз мамлекетинин чек арасын бүтүндүгүн сактоо идеясы турат. Акжол, Дарбаздын бийлигинин кулашы - элдин эзелки душмандарынын адилетсиз бийлигин кулатуу, адилет бийликтин орнотуу катары түшүнүү керек. Дастандын маани-маңызын терең үйрөнүп, ага кыргыз элинин тарыхий доорун чагылдырган баа жетис мурасы катары мамиле кылуу зарыл.

Дастанды изилдеген Ж.Субанбеков Жаныш башкы каарман Байыштын образын толукташ үчүн берилген каарман катары карашына кошулууга болбойт. Байыштын «балалыгы, жаштыгы, көөдөктукө жеңдирген бак билбеген мастыгы» ашкереленет. Тескерисинче, Жаныштын токтоолугу, кырдаалга жараша акылга салып чечимге келүүсү хандыктын белгиси катары дастанда колдоого алынат. Акырында Жаныш бир туугандык жана адамкерчилик милдетин аткаруу учун кырк жигитин куралдандырып, жол билген жана тил билген кеңешчилери менен душмандарга аттанып чыгып, өз милдетин аткарат. Дастандагы мындай мотивдер жаштарды мекенди сүйүүгө жана коргоого тарбиялоодо чоң мааниге ээ. Ушул кезге чейин дастан терең изилденбей, мектептерде окутулбай жатышы окумуштуу-педагогдорду ойлонтоор деген үмүттөбүз.

Байыш уламалардан кеп угуп агасы Жанышка берген суроосунун терең тарбиялык мааниси бар.

Чон атабыз Азирет,

Кандай болгон хан экен?

Биз унутбай жүрүүгө

Бир белгиси бар бекен?

Уламадан угамын

Аккүргүнгө Азирет

Чоң көпүрө салган деп.

Коломолу кол менен

Кытайга кыргын салган деп.

Сыядаттын көп колун

Эки кур сүрүп салган деп.

Ушунусу чын болсо,

Экөөбүздө арман көп.

Ошону ойго албаган

Атабыз момун киши экен.

Батырдыкты унутуп

Жатып алчу биз бекен?

Ата жөнүн тааныдым,

Ушу баштан тартамын,

Чон атамдын калыбын.

Дайынсыз тирүү жүгөнчө

Өлгөнү жакшы жанымдын.

(Жаныш, Байыш. Ф. 1991. 12-б.)

Баатырдын намыстанып, чын дилинен айтылган сөздөр жаштардын сезиминде канчалык эрте орун алса, ошончолук таасири күчтүү болор эле. Дастанды мектеп программасына киргизүү менен нечен кылдымдаган тарыхыбызда калыптанган маданиятыбызга сыймыктанган атуулдук ар-намысы бар жаштарды тарбиялоого көмөк берер эле.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы

Х кылымдагы Саманийлер мамлекети жана «Жаныш, Байыш» дастаны

Кетмен-Төбө өрөөнү орто кылымда

Еще статьи