Добавить статью
14:15 17 Августа 2015
Кетмен-Төбө өрөөнү орто кылымда

Ж.Субанбековдун иликтөөлөрүндө "Жаныш-Байыш" дастаны менен байыркы грек акыны Гомердин "Одиссея" эпосунун окшоштуктарды байкаган. Одиссея 20 жылдык сапарга кеткенде, атасы Ларэт кайырчы болуп, кулдардын арасында жан сактап калат. Одиссей элине кайра келгенде ким кас, ким дос экенин билиш учун кебетесин өзгөртүп алат. Адилетсиз кутурган кулдарын жоготуп, бийлигин калыбына келтирет. "Жаныш, Байыш" менен байыркы грек эпостору менен окшоштугу дастандын тарыхыи тамырынын тереңдиги жана кыргыз элинин байыркы маданий байланыштарынын кеңдигинин далили. Венгер окмуштуусу Г.Алмаши "Манас" дастанын изилдеп келип: "Манас эпосунун чыгыш тегине чет элдердин (гректердин) тийгизген таасирин эске албай туруп, ага толугураак баа берүү мүнкүн эмес" - деген пикирин бекер айтпаптыр. (Г.Алмаши. Манас. Будапешт. 1911. ХII т. c.217.)

Кетмен-Төбө өрөөнүндө байыркы сак-усун уруулар жашаганы жана алар кыргыз элинин түзүлүшүнө катышкандыгын окмуштуулар далилдешүүдө. Сактар жөнүндө грек тарыхчылары кеңири маалыматтарды жазып калтырышкан. Грек жана сак элдеринин кеңири карым-катнашта болгонун археологиялык табылгалар менен да далилденген.

Байыркы тарыхчысы Геродоттун (б.з.ч. 484-425-ж.ж.) «Тарыхында» сактардын аял-падышасы Аргимпаса уулу Анхарсисти өнөр үйрөнүп келуу учун Грецияга жибергени эскерилет. Кумара жасоочу чарыкты, отту тез чыгарууну ж.б. өнөрлөрү үйрөнүп келип, сактарга тараткан. Гректер Анхарси-стин зээндүлүгүн баалап өздөрүнүн жети атактуу ойчулунун катрына коюшкан. (Мокрынин В., Плоских В., На берегах Иссык-Куля. Б. 1997. с. 86.) Кыргызстандын аймагынан сак-усун доорундагы археологиялык табылгаларда эллинизм (грек) стилиндеги буюмдар жогорудагы баяндын чындыгына ишендирет. Кетмен-Төбөгү сак-усун дөбөлөрүнөн Римде жасалган орнаменттүү айнек бокал табылган. (Кетмен-Тюбе. Археология и история. Ф. 1977. с . 18. )

Элдик уламыш боюнча Кетен-Төбө өрөөнүдө Ажо-Кыйык аттуу алп жашаптыр. Каары катуу келип Нарынды бөгөп өрөөндү көлгө айлантып, сууну Таласка ашырмак болот. Көк-Белге чыгып, Каракырдын чокусунан бир кетмен топуракты Нарындын боюна коет. Кетмен-Төбө тоосу Ажо-Кыйыктын бир кетмен топургы имиш. Экинчи чапканда кетмендин сабы сынып калат. Ааламды кыдырып кетменге ылайык сап таба албай, сапка жарап кетээр деп үч терек тигип коет. Үч терек өсүп, кетменге сап болгончо, Аж-Кыйык картайып өлөрүндө дарыяга арта салынып жыгылып, сөөктөрү көпүрө болуп калат.

Дөөлөрдүн сөөктөрүнөн курулган көпүрө жөнүндө уламыштарды Бартольд да жазып алган. Саякатчы жана сүрөтчү С.М. Дудин Талас өрөөнүнөн мындай уламыш жазып алган. «Алан-Хазар аттуу дөө бир кызды сүйүп калат, ал кыз шаар жана ак сарай салып бермейинче ага турмушка чыкпайм дейт. Үйлөнүү үчүн Алан-Хазар Буттам-Буйнак тоосунан таш ташып келип, аларды кесип жылмалап курулушту баштайт. Аны бүткөндөн кийин Буттам-Буйнак тоосун тешип, Талас суусун өзүнүн шаарынын жанынан агызмак болот. Себеби ал жер илгертен какыраган чөл экен. Бир жолу тоого дагы барганда башка сулуу кызды кезиктирип, аны көбүрөөк жактырып калат жана ал мурунку кыздан көрө кепке тез көнөт. Алан-Хазар курулушту таштап салып, ал кыздыкына калат. Дөө өлгөндөн кийин анын шыйрагынан Аму-дарыяга көпүрө салышкан. Мындай уламыштардын чыгышын мындайча түшүндүрүүгө болот. Кыргызстандын аймагында байыркы заманда диназаврлар жашагандыгы аныкталган. Байыркы адамдар динозаврлардын сөөктөрүн таап алышып, андан дөөлөр жана көпүрөлөр жөнүндө уламыштар келип чыгышы мүнкүн.

Уламыштын уландысы чынга айланып Нарынды бөгөп, чалкыган көлгө айландыршты. Токтогул көлү Орто Азиянын экономикасына оң таасир тийгизген менен Кетмен-Төбө өрөөнүнө чоң зыян келтирди. Өрөөндүн эң өнүмдүү, түшүмдүү, эл жыш жайгашкан асылдуу жерлери жана ата-бабаларыбыз жашаган байыркы шаарлардын урандылары толук изилденбей, түбөлүк көмүлүп калды.

ХI кылымда газнавийлер мамлекетинин негиздөөчүсү Махмуд Газнави (В.М. Плоских божомолунда Ысык-Көлдүн Барсхан шаарында төрөлгөн) жер бетинин кубулуп турганын төмөнкүчө баяндайт: «Мен бир кезде чоң шаарды аралап келе жатып, алдымдан чыккан бир абышкадан, - бул шаар качан пайда болгон, - деп сурадым. Ал, - бул эң байыркы шаар, качан пайда болгону белгисиз деп бизден мурункулар да билбеген, - деп жооп берди. Беш жүз жылдан кийин шаарга келсем, ал жерде шаардан дайын жок. Мен чөп чаап жүргөн адамдан - бул ордолуу шаар качан ойрон болгон, - деп сурадым. - Чалым бул жер эч убакта шаар болгон эмес, нечен кылымдан бери өзүң көрүп тургандай талаа болуп турган, шаар болгонун ата бабаларыбыз да айткан эмес, - деп жооп берди. Дагы 500 жылдан кийин баягы жерге келсем көл болуп калганын көрдүм. Көл жээгиндеги балыкчы-лардан: - бул жер качан көл болуп калган деп сурасам , - бул жер илгертен бери эле көл болгон, - деп жооп беришти» (Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Б. 1993. 49-б.) Бул уламыштагы өрөөндүн тагдырына Кетмен-Төбө өрөөнү да туш болгон. Өрөөн бир кезде көл болуп, бирде чөл болуп, шаарлар кайра пайда болуп, акырында көл болуп калды.

Геологиялык изилдөөлөр боюнча өрөөн 100 миң жыл илгери көл болуп турганын аныкташкан. Өрөөндүн релbефи жана туз кенинин пайда болушу бул божомолду далилдейт. Болжол менен 50 миң жыл илгери кандайдыр себеп менен көл агып кеткенден кийин өрөөнгө алгачкы адамдар отурукташа баштаган.

Ажо-Кыйык уламышы байыркы тарыхыбыздан бир кабар бергенсип турат. VI - IХ к.к. кыргыздар падышасын "Ажо" деп атаганын тарыхбыздан белгилүү. Уламыш боюнча жана өрөөндөгү сактардын "падышалык көрүстөндөрүнүн" жана байыркы шаар-урандыларын көптүгү кыргыз ажосу Кетмен-Төбөдө жашаганын кабарлап турат. Кетмен-Төбө - "Дөбөлөрдүн өрөөнү" деп атоого болот. Миң-Дөбө, Чеч-Төбө, Боз-Дөбө, Бөрү-Дөбө, Кум-Дөбө, Желе-Дөбө жана башка дөбөлөр бар. Бул дөбөлөрдүн көпчүлүгү шаарлардын урандылары же ата бабалардын көрүстөндөрү.

Байыркы доордо жашаган сак жана усун уруулары көрүстөндөрүн топурактан бийик үйүшкөн. Бул дөбөлөрдөн өзгөчө баалуу буюмдар табылган. Дөбөлөр өтө чоң жасалышы менен таң калтырат. Анткени өз доорунда мындай эстеликтерди тургузуу үчүн абдан көп эмгек сарыпталат. Бала-Чычкан айылындагы Каракаш деген жердеги көрүстөн-дөбөнүн диаметири 38 м, бийиктиги 6 метрге жетет. Ушул дөбөнү тургузуу үчүн 3300 метр куб топурак, таш ташылып келинген. Анын ичинен 5-7 метр куб арча, 1000 метр куб таш пайдаланыл-ган. Мындай өтө көрүнүктүү эстеликтер уруу башчыларына жана атактуу адамдарга коюлган. Ошондуктан байыркы доордо эле көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Алтын казына издеген «көркоолор» далай тарыхий эстеликтерди уурдап, бүлүндүп кетишкен. Дөбөлөрдүн өлчөмдөрүнө жана алардан табылган кымбат баалуу буюмдардын көптүгүнө байланыштуу тарыхчылар "падышалык көрүстөндөр" же "сак пирамидалары" деп атап жүрүшөт. Кетмен-Төбө формасы боюнча "сак пирамидасына" окшош болгондуктан тоонун чокусуна атактуу адамдын сөөгү коюулган. Бул жер «Кабыр» деп аталып, азырга чейин мазар катары адамдар сыйынышат. «Кабыр» аталган мазар Каракыр-Атанын чокусунда да бар.

"Жаныш, Байыш" дастанындагы окуялар менен Кетмен-Төбөнүн байланышына күмөн санабай турган далилдер бар. Азыркы кездеги жана тарыхий географиялык аталыштар, тарыхый даректер, археологиялык табылгалар бул пикирге күбө болуп турат. Жаныш, Байыштын атасы Нурхан жайлаган Баш-Көл, Орто-Көл, азыр Кара-Суу дарыясында Чоң-Көл, Кичи-Көл деген аттар менен белгилүү. Бул көлдөрдөн төмөнтө Кара-Көл суусунун башында дагы бир чакан көл бар. Ошондуктан дастанда жогорудагы көлдөр Баш көл, Орто-Көл деп аталган. Кетмен-Төбө тоосунун күн батыш жагында Жаныш-Булак жана Байыш-Булак аттуу чакан булактардын төмөн жагында III-Х к.к. таандык казанактуу көрүстөндөр табылган. Көлдүн алдында калган Жазы-Кечүү, Кансалык жана Улукен айылдарында байыркы шаар-урандыларынын дөбөлөр бар. Орто кылымдагы бул шаарларда суу түтүктөрүнүн болушу, алардын экономикасы жана маданияты жогору денгээлде өнүккөндүгүн далилдеп турат. "Улукен" - улуу шаар - өрөөндүн борбору, "Кансалык" хандын казынасы сакталган үңкүр болгон деген уламыштар эл арасында айтылылып жүрөт. Кансалык кыштагында (Жаныш-Булакта) 40 жылдан ашык жашаган Өзүбеков Бекмат аттуу адам Өзбекстандын Үч-Коргон шаарынан 115 жаштагы адам менен аңгемелешкен. Бул адам Кетмен-Төбөнүн тарыхы жөнүндө аңгеме курап, Жаныш жана Байыш баатырлардын түпкү Алай тараптан келгенин жана Кетмен-Төбөдөн кытайларды сүрүп чыгарып, шаарларды жана каналдарды курганын айтып берген.

М.Мусулманкулов айткан “Жаныш, Байыштын» вариан-тында кыргыздардын дыйканчылыгы жөнүндө кабар берет.

Тегирмендин көлүндө

Абышка кемпир чал жатат.

Эшигинин астында,

Элүү каптай дан жатат.

( Молдобаев И.Б. 55-б.)

Дастандын бардык вариантында тегирмендер жана тегир-менчилер жөнүндө эскерилет. Кыргыздар байыртадан бери дыйканчылык кылганы «Манаста» да баяндалган. «Эр Солтоной» дастанында сугат арыктары жөнүндө саптары бар.

Алкым-алкым тоолорго

Арык казып чыгарган.

Бул дастандын каармандары Темир-Кан менен Болот-Кан Байыш баатырдын кебиреси (4 мууну) деп айтылат. (Молдобаев И.Б. с.50.)

Кетмен-Төбө өрөөнүндө дыйканчылык эрте башталганын А.Н.Бернштамдын эмгегинде баяндалган. Б.з.ч.II к. Кетмен-Төбөдө хюсун уруулары жашаган. Алар жарым отурукташкан эл болуп, тез бышуучу (40 күн) тарууну өстүрө баштаган. Хюсундар усундардын батыш бутагы болуп, түпкү теги сактар менен байланышат. (Бернштам А.Н. Избранные труды по археолгия и истории кыргызов и Кыргызстана. Б. 1997. с.252.)

Идирисинин «Нузхат ал муштак фи хиттрак ал афак» деген эмгегинде «кыргыздардын жери боюнча бир нече куймасы бар дарыя агып өтөт. Бул өлкөнүн суусу мол. Кытайлардын чек арасынан башталган эң чоң дарыя Манхаз. Дарыянын суусу мол, тез агат. Бул дарыяда тегирмендер бар.» деп жазылган. ( Караев О. Арабо-персидское источники о тюркских народах. Ф. 1973. с.32.) «Худуд ал-аламда» Хаталам (Нарын) дарыясы Манса тоолорунан башталат деп жазылган. (Кыргызы. Источники, история, этнография. Б. 1996. с. 39.) Манса тарыхый топоними түштүктөн Тибет тоолорунан Талас өрөөнүнүн чегине чейин, батыштан Туран ойдуңунан Кытайга чейин созулуп жаткан тоолордун аймагы аталат. Манса Манас ысымынын араб жазуусундгы тыбыштык мүчүлүштүгүнүн көрүнүшү деп каралган. (Энц. Кыргыз Жергеси. Ф. 1990. 204-б.) Ушул маалыматтарга таянып Идриси сүрөттөгөн Манхаз Нарын дарыясы деген божомол пайда болот. Кетмен-Төбөдө дыйканчы-лык өнүккөн аймак болгон. Нарындын куймаларында тегирмендер көп. Өрөөндө XIX к. күрүч айдалганы белгилүү.

Акжубаз - күрүч актагыч тегирмен.//А.Байбосуновдон.

Кетмен-Төбөдөн Көк-Белге чейинки аймакта эл жыш жайгашкан кыштактар III-ХII к. чейин болгон. Нарындагы эски көпүрөдөн баштап Чырак-Булакка чейин узундугу 12 км, туурасы 6-7 м, тереңдиги 2 м болгон Калмак-Арык деп аталган байыркы каналдын нугу бар. Каналдын жээгинде көлдүн алдында калган Жазы-Кечүү айылынын жанында байыркы чакан кыштактан табылган буюмдар боюнча канал Х-ХII к. болгондугун археолог О.Береналиев далилдеген. Кыштактын тургундары каналдын суусун бөлүштүүчу курулуштарда иштешкен. Калмак-Арык каналы 2500га аянтты сугарууга мүнкүнчүлүк берген. Мындай зор каналдар өрөөндүн бардык аймактарында кездешет. Чычкан дарыясынан оң жээгинен чыгарылган Аксеңир-Арык Кайрыма айылына чейин узундугу 13 км, Ничке жана Көөдүл сууларынын арлыгындагы Ничке-Арык бул аймактагы шаарларды жана талааларды суу менен камсыз кылган, Бала-Чычкан суусунан сол жээкке чыгарылган Кардыжарык каналы Кара-Тектир айлындагы Борду-сайга куюулган. Бул каналдардын бардыгы VIII-XII к. үзгүлтүксүз колдонулуп келген. Бул мезгилде өрөөндө дыйканчылык өнүгүүнун жогорку деңгээлине жетип, экономикасы өнүккөн, эл жыш жайгашкан аймак экендигин далилдейт.(Кетмен-Тюбе. Археология и истории. Ф. 1997. с.146.)

Канал Калмак-Арык деп туура эмес аталып калышы элдин тарыхына байланыштуу. 1632-жылы Кетмен-Төбөнү калмактар чаап алганда өрөөндүн эли Анжиан тарапка, Гиссар, Кулябга көчүп кетишкен. «Казак кайың саап, кыргыз Гиссар, Гөлөпкө качканда» деген лакап ушул окуядан айтылып калган. Калмактар Кыргызстандан сүрүлгөндөн кийин 1754-55-ж. кайра көчүп келишкен. Жүз жылдан ашык убакта бир нече муун өтүп, көпчүлүк жерлердин аталыштары унутулуп, жаңы аталыштар пайда болгон. Ошол оор мезгилдин кесепетинен калмактардын шаары, мүрзөлөрү, арыктары деген туура эмес аталыштар пайда болгон. Калмактар көчмөн эл болгондуктан шаар да, канал да курган эмес.

Кетмен-Төбө өрөөнүнө каттаган жолдор татаалдыгынан революцияга чейин тарыхчы окумуштуулар келген эмес. Археологиялык казуулар өтө кеч жана аз жүргүзүлгөн. 1946- жылы атактуу окумуштуу А.Н. Бернштам өрөөндө болуп, алгачкы изилдөөлөрдү баштаган. Кетмен-Төбө орто кылымдагы Хайлама областы экендигин биринчи аныктаган. Өрөөндөгү шаар-урандыларын изилдеп. тарыхчы В.Винник Бернштамдын көз карашын толугу менен далилдеп: "Түндүк Ферганада жана Батыш еңир-Тоодо Кетмен-Төбөдөгүдөй орто кылымда шаарлар жыш жайланышкан аймактар азырынча биз билбейбиз" деп жазган.(Кетмен-Тюбе. Археология и история. Ф .1977. с.143.)

Өрөөн таш доорунан баштап эле алгачкы адамдар тара-бынан өздөштүрүлө баштаган. Нарын дарыясынын оң жээгиндеги Ничке айылынан табылган таш куралдар, Өзгөрүш айылында Туулук-Сай өзөнүнүн боюндагы Баратай үңкүрүндөгү жүргүзүлгөн изилдөөлөр өрөөндө 25-30 миң жыл мурда адамдар жашай баштаганын археолог М. Б. Юнусалиев далилдеген. Үңкүрдүн узундугу 18,4 м, туурасы 7,3 м, эң бийик жери 8,7 м. Эл арасында айтылган уламыш боюнча үңкүргө элди, жерди коргогон Баратай баатырдын сөөгү коюлган. Археолгиялык казуулар жүргүзүлгөн. Казуудан табылган материалдар жөнүндө маалыматтар азырынча бизге белгисиз. Баратай-Ата үңкүрү өрөөндөгү чоң мазар катары, азырга чейин зыяратчылар түнөп, сыйынышат. Үңкүр таш доорундагы маанилүү эстеликтерден болуп, аталышы да байыркы сактардын уламыштарында жана санжыраларындагы Таргитай, Муратай жана Баратай сыяктуу ысымдарга уйкашып турат. Уланган мүчө “тай” же “сай”– байыркы сак тилинде “улуу” же “башчы” деген маанини түшүндүрөт.

Баратай үңкүр.

Сактар жөнүндө Геродот кеңири маалыматтарды жазып калтырган. Анын маалыматы боюнча бул көчмөн уруулар Дон дарыясынан Теңир-Тоого чейин отурукташкан. Сактар жыгачтан жасалып, кийиз менен жабылган тегерек үйлөрүн өздөрү менен кошо артып жүрүшкөн деп жазылат. Мал чарбачылыгы менен тиричилик кылып: короо-короо койлорду,үйүр-үйүр жылкыларды, уйларды багышкан. Мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты айкалыштырып, таруу, арпа, буудай айдашкан. Сүт менен эт негизги тамагы болуп, жүндөн кездеме токушкан. Кийизден жасалган төбөсү шуштуйган узун калпактарды кийишкен. «Тиграхауда сактары» кыргыз тилине которгондо «Тик калпактуулар» деген маанини түшүндүрөт. Тоголок Молдонун жана Төрөкан уулу Эсенгулдунсанжырасында саяктардын түпкү теги Узун калпак Муратайдан таратат. «Шуштугуй калпакчандар» жана «Узун калпакчандар» деген сөздөрдүн этимолгиясы баш кийимге байланыштуу келип чыккан.

Геродоттун «Тарыхында» сактарда эт бышыруунун кызыктуу ыкмасы баяндалган. Союлган койдун карынын бүтүн алып, этин ичине толугу менен салып суу куюуп карындын оозун бекем байлашат. Жерди чукур казып, ичине алоолонтуп от жагышат. Калың чок түшкөндө үстүнө суу бутактарды тизип, анын үстүнө карынды коюп жалбырак менен жаап, топурак менен көмүп коюп бышырышканы жазылган (Геродот. История греко-персидской войны. В кн. Древняя Греция. С-П. 1995. с.278.).Мындай ыкманы кыргыздар азыр да колдонору С.М.Абрамзондун эмгегинде толугу менен жазылган(Абрамзон. С.М Кыргызы…Ф. 1990с. 108-б.). Бул ыкма менен бышырылган тамактын түрү «думбалама таш кордо» деп аталары Юдахиндин сөздүгүндө берилген. Байыртадан колдонулуп келген бул ыкма өзгөчө даамдуулугу менен айрымаланып, улуттук баалуу сый тамак катары катары колдонулат.

Б.з.ч. 530-жылы персиянын падышасы Кир II сактардын аял-падышасы Томристи (Тумар-уз) мага күйөөгө чыксын деп жуучу жиберет. Кирге аял эмес, сактардын кенен жайыттуу өлкөсү керектигин түшүнгөн Тумар-уз макул эместигин билдирет. Кол салууга шылтоо табылып, Кир 200 миң аскери менен аттанып чыгат. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгында сактар менен перстердин айыгышкан согушу жүрөт. Кир жеңилип баратканын сезип, амалкөйлүк менен тамак-ашын жана мас кылуучу ичимдиктерин таштап чегинет. Качкан жоону кууган жоокерлердин башчысы Тумар-уздун уулу Спаргапис (Сапар-Апыз) тажрыйбасыздык кылып, калган тамак-аш менен тойлогонго жоокерлерге уруксат берип коет. Мас болгон кезде перстер кайрылып келип, сактарды талкалап Сапар-Апизди колго түшүрүп алат. Уулун бошотуп берүүнү суранып Кирге элчи жиберет. Намыстанган Сапар-Апиз өзүн-өзү өлтүрөт. Тумар-Уз Тенир Тоолук сактар менен аскерин кайра толуктап, перстер менен кайра согушат. Кайрадан айыгышкан согуш жүрүп перстер жеңилип, Кир согуш талаасында өлөт. Тумар-Уз Кирдин башын кесип, кан куюулган чаначка салып, «тирүүңдө канга тойгон жок элең, өлгөндө да кан ичип жат" деп чаначты элине берип жиберген. Бул салгылашта өзгөчө эрдик көргөзгөн сактардын гвардиясы «кырылгысдар» (кыргыздар) деп аталган деген маалымат бар.(Древняя Греция.с.328.)

Б.з.ч. 519-518-жылдары Персиянын падышасы Дарий сактарды баш ийдирүүгө жетишип, салык алып турган. Канчалык аракет кылган менен Сыр-Дарыядан өтө алышкан эмес. Ушу мезгилде грек тарыхчылары жазган Ширак жөнүндө уламыш айтылып жүрөт. Дарийдин аскери жакындап калганда азоо аттарды үйрөтүүчү жылкычы Ширак кулак-мурдун кескилеп алып перстердин алдынан тосуп чыгат. Сактардан кордук көрүп келдим, кыска жол менен силерди баштап барып алардан өч алышым керек деп айтат. Перстерди суусуз, жолсуз туюкка баштап барып, чабуулду кечиктирет. Перстер Ширактын башы алышат, сактар коргонууга зарыл убакытты утуп, Дарийди чегинүүгө аргасыз кылышат. Сактардын мекени болгон Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Көк-Бел ашуусунун түндүгүндө Чырак-Булак аттуу мазар бар. Жылкынын пири б.а. жылкыны алгач колго үйрөткөн адамдын атына байланышкан Камбар-Ата суусу да ушул аймакта жайгашкан. Бул капчыгайдан аскага тартылган сүрөттөр жана коло дооруна таандык археологиялык эстеликтер көп табылат. Жазуучу А.Газиевдин тарыхий повестинде Ширак жөнүндө уламышты ушул аталыштар менен байланыштырат. (Газиев. А. На берегах Яксарта. Ф. 1990 . с.38.)

Байыркы грек тарыхчысы Квинт Ктесийдин жана Римдик Круций Руфтун эмгектеринин негизинде жазылган А.Газиевдин тарыхий повестинде сак падышасынын ордо шаары Роксанак Кетмен-Төбөдө Чычкан жана Көтөрмө сууларынын аралыгында жайгашканы айтылган. А.Акаевдин «История, которая прошедщая через мое сердце» аттуу эмгегинин 88-89-бетинде сак доорундагы окуяларды чагылдырган картада да сак падышасынын ордосу жогоруда айтылган орунда көрсөтүлгөн. Нарын дарыясы сак доорунда Ыйык Апо дарыясы аталган. Уламыштарда сактардын түпкү энеси дарыянын кызы болгону айтылат. «Апо» байыртадан айтылып келген «Апа» деген созу менен байланышат. Кыргыздар менен тектеш кимак деген элдер өздөрүн Иртиш дарыясынын балдарыбыз дешип ага сыйыныш-кан. «Иртиш»- ээрден түш б.а.токтогула деген сөздөн келип чыккандыгы чечмеленет. (Бартолbд. 271-б) Кыргыыздар да өздөрү жашаган өрөөндүн Эне-Сай деп аталышы да жогорудагы уламыш менен байланышы мүнкүн.

Сактардын ордосу Роксанакта падыша Липокшай (Тоохан) бийлик жүргүзгөн. Жазгы күн-түн теңелүү күнүндө Нооруз салтанаты өткөрүлүп Кави-бакшы жарчылык кылган. Урмазуд-Күн кудайына курмандык чалынып «ашвамедехи» (аш беруу) каадасы өткөрүлөт. Жети казанга эт бышырылып, бардык элге таратылат. Аштан кийин кош айдоо башталып, алгачкы борозду падыша өзү тартат. Мындай байыркы дыйканчылык каада салты «Саймалуу Таш» сүрөт галереясында чагылдырылган. Нооруз салтанатында ат жарыш күрөш, жаа мелдештеринде биринчилик-ти алган жоокер бир күндүк падышалык даражага көтөрүлгөн. «Кедейкан» дастанында Кедей-Керез хандык даражаны бир күнгө сурап алуусу байыркы салттан келип чыккан деп болжолдойбуз.

Нооруздагы кош айдоо. (Саймалы-Таш.)

Б.з.ч. IV-III кылымда жашаган грек жазуучусу К.Ктесий сак ханышасы Зарингер (Зарина-алтын чач) жөнүндө баяндаган. Күйөөсү өлгөндөн кийин, Зарина коңшу элдерди багынтып, шаарларды куруп, өлкөнүн камын көрө баштайт. Парфяндардын жерин кошуп алуу максатында, алардын падышасы Мермерге күйөөгө чыгат. Парфяндар менен сактардын биригип кетишин жактырбаган Мидиянын падышасы Астибар сактарга согуш ачат. Мидиянын жаш баатыры Стриангей жарадар болгон Заринаны кууп жетип, атынан түшүрө саят. Жаш баатыр айлакер аялды жүрөккө саярда, анын сулуулугуна суктанып, найзасын колунан түшүрүп жиберет. Көп өтбөй Стриангей сактардын колуна түшөт. Мермер жаш баатырды өлүм жазасына буйруганда, Зарина бошотуп жиберүүнү эринен суранат. Мермер макул болбой коет. Жакшылыкка жакшылык кылууну ойлогон Зарина эрин өлтүрүп, Стриангейди бошотуп жиберет. Ошондон кийин сактар менен мидиялыктар менен ынтымакка келишет. Астиабар Заринага жиберген элчилерине Стриангейди кошот. Ордого жакындаганда Зарина алдынан тосуп чыгып, Стрингейдин арабасына түшүп келет. Элчилердин урматына чоң сый көрсөтүлөт. Ашык болгон Стриангей түнү менен уктай албай, эртеси барып өз сүйүүсүн айтканда, ханыша ага эрдикти согуш талаасында гана көрсөтбөй өз сезимин ооздуктоодо да көрсөтүүнү сунуш кылат. Эгер Зарина макулдугун берсе эле Стриангейди кызганган Рата атасы экөө согуш ачарын түшүнгөн. Элин таламайга салгысы келбеген Зарина Стриангейдин сунушун четке каккан. Сүйүүдөн деми суубаган жаш Стриангей чатырга кирип, Заринанын акылдуусунганын жана таш боорлугун жемелеп кат жазат да, кылыч менен жанын кыйган экен. (Жусупов К. Байыркынын издери. Б. 2001. 14-б.)

II кылымда жашаган грек жазуучусу Клавдий Элиандын маалыматында: «Сактардын кимиси кызга үйлөнгүсү келсе, аны менен күрөшүүгө тийиш болгон. Эгерде кыз жеңсе, жигит туткун болуп, анын карамагында калат. Кызды жеңген жигит гана аны өз бийлигине алган», - деп көрсөтүлгөн. Мындай салт түрк-монгол элдеринде XIII к. учураганын В.М.Жирмунский белгилеп, бир катар фактыларды келтирген. (Жирмунский В.М. Сказание об Алпамыше…М. 1960, с.221 - 226.) Бул сыяктуу байыркы сюжеттер «Манаста» айкын көрүнөт. Мисалы, Манас менен Сайкалдын жана Каныкей менен Чубактын жекеге чыгышын айтууга болот. Жеке беттешүүдө Манас жеңишке ээ болуп, Сайкал менен акыреттик никелешет.

Ирандагы Бехиустун аскасына падыша Дарий I нин буйругу менен жеңиштерин баяндап жазышкан. Жазууда б.з.ч. 519-жылдагы узун калпак сактарга жасаган жортуулу баяндалган. “Дарий падыша сүйлөйт: Аскерлерим менен дарыянын өйүзүндөгү сактардын өлкөсүнө жөнөдүм. Дарыядагы көпүрөнү калыбына келтирдим. Ушул көпүрөдөн өтүп сактардын өлкөсүнө келип, аларды аябай талкаладым. Алардын башчысычоңу башчысы Сукунуха дегенди туткундадым. Ал жерге башка бирөөнү чоң койюп, өзүмө баш ийдирдим.”

(Мокрынин Д.М., Плоских Д.Ф. Кыргызстан тарыхы. Б. 1995. 22-б.)

Бул окуялар “Жаныш, Байыш” дастанындагы окуяларды эске салат. Аскадагы жазуулардагы окуялар эл эсинен чыгарбай айтылып жүрүп, улам кийинки окуялар менен катмарланып, дастанга айланып кетүүсү кадыресе көрүнүш. Дастанда сак доорундагы эң эски мотивдердин болушу жана байыркы грек эпостору менен болгон окшоштукдар ушундай божомолду пайда кылат. Эпикалык чыгармалар бир нече кылымга чейин оозеки жашаган доору да, жазмага түшүрүлгөн мезгили келип, заман алмашканда эл арасында кайрадан оозеки түрүндө да жашоосун уланта берүүсу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Эне-сайлык кыргыздардын санжыра тарыхындагы окуялар жана уламыштар кытай жыл-наамаларында түрүндө сакталса, эл арасында жомок-дастандарда же када-салтарда бизге жетпедиби. Кытай тарыхында жазылып калган уламышта алтай түрктөрү 70 бир тууган болуп, эң улуусу Нишиду карышкырдан туулат. Нишиду жаан жаадырып, шамал чыгара турган касиети болот. Анын аялынын бири Жай перисинин кызы, экинчиси Кыш перисинин кызы болот. Жайдын кызынан төрт уулду болуп, анын бири кууга айланып Алтай тоосунун түндүгүндө Бий дарыясынын жээгинде жашап калат. Бул өрөөндө жашагандар Куу кишилер деп аталат. Нишидунун 2-уулу Ци-гу деген азыркыча кыргыз деп окулат. Бул уламыштагы мотивдер “Манаста” да, “Жаныш,Байышта” да кездешип жатпайбы. Айчүрөктүн аккууга айланышы, Жаныш менен Байыштын аялдарынын Рамбак деген канаттуу перинин кыздары болушу байыркы доордун мотивдеринен. Жамгыр жаадырып, шамал чыгара турган кудурет (жайчылык өнөр) XIX к. жашаган реалдуу адамдардын колунан келүүчү иш катары эл оозунада айтылып жүрөт. Өмүрү легендага айланып кеткен Кетмен-Төбөлүк Кадыр-кыбаачы кээде Кадыр-жайчы деп да аталат. 1770-1798жылдары кокондук Нарбото бийдин чабуулдарын Кетмен-Төбөлүктөр бир нече жолу токтотушкан. Бир жолку чабуулун Сатыкей баатырдын башчылыгы менен тосуп чыгышат. Кокондуктарды Кабак капчыгайында кырдан таш кулатып токтотушат. Кадыр-жайчы бороон чапкын менен кар жаадырып, суука тоңгон аскерлери толугу менен талкалаган деген аңыз айтылып жүрөт.

Дарийдин жана Македонскийдин чабуулдарынан сактар начарлап, хуннулар империясы күч алган чакта өз алдынча болууга умтулган усун уруулары б.з.ч II к. ортосунда Чыгыш Туркестандан Борбордук Тенир- Тоого жылып сак урууларын каратып алышкан. Жети-Суулук сактар Орто Азиянын борбордук бөлүктөрүнө, бийик тоолуу жерлерге журт которо баштайт. Сактардын калган бөлүкторү усундар менен аралашып кетет. Кытай жана араб тарыхий жазуу эстеликтери менен түздөн-түз таанышууга мүнкүнчүлүктөрү бар кытайлык кыргыздардын тарыхчы жана санжырачылары Үсөйүн-ажы, Анвар Байтур төмөнкүдөй божомолду айтышат. Сактардын ичинде "исин деген эл болгон, исин балким усун чыгар". "Кыргыз " - "кырк усун " деген сөздөн чыкан деп түшүндүрөт. Кытай иеороглифдеринде «усун»- «карганын урпактары» деген маанини түшүндүрөт экен. Бул аталыш усун тарыхындагы уламышка байланышкан. Хуннулар усундарды чапканда, падышасы Андорбийдин аскери, үй-бүлөөсү менен кырылат, анын ымыркай баласын насаатчысы койнуна катып, жоодон аман куткарат. Ачка болгон баланы жол боюндагы чийдин түбүнө жаткырып, тамак издеп кайра келсе, ымыркайды карышкыр эмизип, оозуна эт тиштеген карга айланып жүргөн болот. Баланы хуннулардын шанүйүнө алып барып, болгон окуяны айтып берет. Шанүй касиеттүү баланы багып чонойтот. Хунну шанүйү багып өстүргөн усун тукуму, салт сактаган кыраан жоокер болуп өсөт. Ага Күн-бий наам берип, усундарга өкүмдаар коет.

Усундардын мамлекти социалдык топторго жиктелүү жаңы пайда боло баштаганда түзүлгөн, уруулук түзүлүштүн таасири катуу сакталган өлкө болгон. Күнбийдин бийлиги укумдан тукумга мураска берилген. Ошол мезгилде мамлекеттик бийлик бир кыйла өнүккөн. Жарым жарым-жартылай көчмөндүү болушуп, мал багышкан. Усундардын көпчүлүгү Кетмен-Төбө, Чүй өрөөндөрүндө жана Ысык-Көлдүн жээктеринде отурукта-шып, дыйканчылык кылышкан.

Кетмен-Төбөдөгү Жаныш-Булактын этегиндеги көрүстөндү жергиликтүү эл “Жаныштын 40 жигитинин мүрзөлөрү” деп аташат. Бул көрүстөндү 1973-жылы археолог А.К. Абетеков изилдеген. Коюлган сөөктөр боюнча европеоиддик раса тибиндеги адамдар экендиги аныкталган. Табылган керамикалык буюмдардан жана сөөктөрдүн коюлуш салты боюнча б.ч.з. III-IV к.к. сак-усун маданиятына таандыгы жана Чүй, Талас жана Ысык-Көлдөгү көрүстөндөргө окшоштуктары далилденген. Жаныш-Булактан эт азыктарынын калдыктары табылбагандыгы жана баш сөөктөрдөгү тиштердин жешилишине караганда жеген тамактары өсүмдүктөрдөн алынганы болжолдонот. Жер шартынын ыңгайына жараша мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты айклыштырып жүргүзгөндүгү божомолдонот (Абетеков А.К. Могильник Жаныш-Булак.// Кетмен-Тюбе. Б. 1977. с.64.). Усундардын маданияты сактардан бөлүнүп көрсөтүлө элек. Усундардын коргондорун сактардан айрымалоого мүмкүн эмес болгондуктан жалпы зле сак-усун коргондору деп аташат.

Жаныштын чоролорунун көрүтсөнү.

Кетмен-Төбө өрөөнүндө сак дооруна таандык (б.з.ч. VIII-III к.к.) диаметри 30-50 м, бийиктиги 4-6 м ге чейин жеткен 300гө жакын"сак пирамидаларында"археологиялык казуу жүргүзүлгөн. Мүрзөлөрдүн жасалгасы, андагы сөөктөрдүн коюлушу жана табылган буюмдардын мүнөздөмөсү боюнча скиф-сибирь стилиндеги маданият экендигин далилденген. Кетмен-Төбө өрөөнү Орто Азия, Памир, Казахстан, Алтай, Тувага чейинки аймактар менен этникалык жана маданий биримдикти түзүп турган. Өрөөндүн Камбар-Ата капчыгайында, Теке-Таш, Улар-Төр, Чаар-Таш жайлоолорундагы аска боорунда сүрөттөр атактуу Саймалуу-Таш менен мазмуну жана стили боюнча бири-бири менен айкалышып, жаралган доору да бири-бирине жакын турат. Сүрөттөрдүн көпчүлүгүн тоо эчки, текелер түзөт, аз санда кулжа, төө, атчан жана жөө мергенчилердин сүрөттөрү бар. Сүрөттөр комопозициясы боюнча "Кожожаш" дастанындагы ж.б. жөө жомоктордун окуяларын эске салат. Беймарал жайылып жүргөн кийиктердин үйүрү, мергенчилер туш тарабынан тосуп калган камоодогу кийиктердин сүрөттөрү тартылган. Кулжанын мүйүздөрү азыркы шырдактагы оюларга окшоп турат. Айрым тоо эчкилердин мүйүздөрү куйругу менен улашып калган. Жөө жомоктордо карыган тоо текелердин мүйүздөрү жамбашына тийип калары айтылат. Чаар-Ташта мифологиялык канаттууга окшогон сүрөт -ª кыргыздардын уруулук эн-тамгаларына жана рун жазуусунагы тамгаларга окшошот. Төөнүн өркөчүнө бекитилген шаты сымал предметтер сүрөтөлгөн. Бул шатылар бийик аскаларга сүрөт тартууга колдонулганбы деп болжолдоого болот. Аска боорундагы сүрөттөрдө ☍түрүндөгү белги Саймалуу таштагы кош айдоо эпизодунда жана Чаар таштагы эчкилер түшүрүлгөн сүрөттүн фонунда эки жерге даана түшүрүлгөн. Бул белгини археолог И.Кожомбердиев уруунун эн тамгасы деп болжолдогон.(Кетмен-Тюбе. История и археология. Ф.

Саймалы-Таштагы кош белгилери белгиси Манастын күмбөзүндө даана көрүнүп турат. Ошондуктан бул белгиге өзгөчө көнүл буруп изилдөөнү талап кылат. Кыргыз урууларында тегерек эн тамгалар багыштарда, мундуздар, кушчулар колдонгон. Алтайлык уруулар колдонгон эн-тамгаларда ☍«суулук» (ооздук) деп аталып кыпчак уруусунун эн тамгасы деп эсептелинет(Осмонов О.Ж., Асанканов А.А. Кыргызстан тарыхы. Б. 2003. 225-б.). Теңир Тоо аскаларындагы☍белги астрономияда планетанын тогошуусун жана ай жаңырган моменттер белгиленет. Саймалы-Таштагы “Нооруз” аталган сүрөт жазмада жазгы кош айдоо мезгили ай жаңырган мезгил менен башталган билдирет. Чаар-Таш сүрөт-жазмасында кийиктер менен кошо берилиши кыргыз жыл санагындагы кийик аттары менен берилген (куран, бугу, теке кулжа) айларга байланыштуу деп эсептейбиз.

Чаар-Таш жана Камбар-Ата астрономиялык белгилер.

Саймалы-Ташта // белги менен Саманчы Жолу белгиленсе, анын сол жагындагы букалар Үркөр (Телец) топ жылдызы, оң жагында Кош Өгүз (Близнецы) жана Арабакеч (Возничей).. Ортодо Укурук (Дракон) жана анын айланасындагы жылдыздар көрсөтүлгөн. Түндүк сымал астрономиялык белгилер менен Күн жана Ай сүрөттөшкөн. Байыркы бабаларыбыз ой-санаасын, ишенимдерин, мамилесин жана тирикчилигин кереметтүү символдор менен түшүндүргөн. Мифтердин (аңыздардын) эң байыркысы - Тенирчиилик доордогу Күн, Ай, жылдыздар аалам жөнүндөгү элестөөлөрү. Жашоо-тиричиликке байланышкан Камбар-Ата, Чолпон-Ата, Шыйпаң-Ата, Баба-Дыйкан сыяктуу аңыздар пайда болгон. «Теңирчилик» -кыргыздардын байыркы дини деп айтылып жүрөт. Теңирчилик - дин эмес, кыргыздардын реалдуу ишенимдеринен, көз караштарынан жаралган нукура, чыныгы философиясы. Жердеги жашоо-тиричиликтин булагы жана кубулуштардын себеби Күн экендигине туюгунан болсо да түшүнүп, Күн - Теңирин эң жогору коюшкан. Күндүн жердеги бир үзүмү катары Отту ыйык тутуп сыйынышкан. Байыркы грек философиясында аалам төрт нерседен: оттон, таштан, суудан, абадан түзүлгөн деп эсептелет. Бул түшүнүктөр түздөн-түз жетпесе да, таанып- билүүнүн көп кылымдык өнүгүүсү менен чындыкка жакындай берген.

Таш китептеги Теңирдин жана асман чырактарынын белгилери.

Теңирдин символу деп аталып жүргөн аска боорундагы сүрөттө Аалам адам каттары элесттетилген. Адамдын башында Күндүн символу жана айланасында 8 чекит көрсөтүлгөн. Бул кош тегерек менен кучалып анын айланасыда көп чекиттер чегилген. Мында Күн жана анын айланасындагы планеталар системасы, бул системадан тышкы чекиттер менен жылдыздар көрсөтүлгөн. Бул сүрөт байыркы доордогу болбосо да, орто кылымдагы ааламдын борборунда Күн турат калган планеталар аны айланып жүрөт деген илимий көз караш сүрөттөгөнбү деп болжолдойбуз. Бул илимий көз карашты Х кылымда жашаган Орто азиялык улуу ойчул Абу-Рейхан Бируни (973-1048 ж.ж.) Н.Коперниктен 500 жыл мурда аныктаган. Берунинин эмгектеринде Кыргызстан жөнүндө маалыматтар бар. Замандашы Ж.Баласагыдын «Кудадгу Билик» дастанында ааламдын геоборбордук системасы поэтикалык тил менен даана сүрөттөлгөн. Мындай илимий көз караштарды түбөлүк калтыруу максатында атайын тапшырма менен байыркы сүрөт-жазмалар чектирилип түшүрүлүшү толук ыктымал. Жогорудагы аска боорундагы сүрөттөр байыркы кыргыз элинин маданиятына жана тарыхына тыгыз байланышы талашсыз. Б.з.ч. I миң жылдыкта Тенир Тоодо түптөлө баштаган ата-бабаларыбыздын маданиятынын эстеликтери деп айтууга акылуубуз.

Кетмен-Төбө өрөөндөгү б.з. I-V к.к. таандык казанактуу көрүстөндөрдүн көпчүлүгү изилденип, табылган курал-жарактар, аземдик жана көркөм буюмдар ошол доордун маданий денгээли жогорулугун далилдейт. V к. чейинки шаар урандылардагы көпчүлүк табылгалар жыгач үстөл, идиштер, бешик, шимек, камчы, керки, кийидердин бычылышы, ж.б.у.с. буюмдар ХVIII-ХIХ к.к. кыргыздар колдогон буюмдардан айрымаланбайт. Айрыкча Таластын Кеңкол көрүстөнүнөн табылган бешик менен шимек 10-15 кылымга чейин конструкциясы өзгөргөн эмес. Бул тарыхий эстеликтер I-V кылымдарда эле Кыргызстандын аймагында кыргыздар жашап тургандыгынын дагы бир далили.

Байыркы бешик

Тарыхчы Д.Винник Кетмен-Төбөдөгү археологиялык казуулардын жыйнтыктарын жалпылаштырып, орто кылымга таандык 25 шаар-кыштактын тарыхий топографиясын түзгөн. Шаарлар бул сандан алда канча көп болушу мүнкүн эле. Айрым шаар-кыштактардын уранды дөбөлөрү айдоо аянттарды мелиарациялоодо жана курулуштарда тегизделип калган. Көпчүлүк шаар-урандылар изилдене элек. Изилденген чалдыбарлардын ичинен ээлеген аянттары, курулуштарын өлчөмдөрү жана коргонуу чептеринин өзгөчөлүктөрү боюнча Үч-Терек, Ничке жана Жаргата урандылары ири шаарлар болгондугун Д.Винник аныктаган. Калгандары дыйканчылык менен алектенген кыштактар болгон(Винник Д.Ф. Историческая топография оседлых поселний Западного Тянb-Шаня. В кн. Кетмен-Тюбе. с.128.).

Өзгөрүштөгү Бууракан айылынын түндүгүндө тектирде жайгашкан Чалдыбар шаар-урандысы 10-15 га аянтты ээлейт. Бул жерде ХIХ кылымда Кеңкол-Каракыр болуштугунун 1-башкаруучусу Сыдык болуш (1888-ж. шайланган) үй куруп көп жыл жашаган. Азыр бул жер "Сыдыктын супасы" деп аталат. Чалдыбардын айланасыда таштан курулган эки катар чептин калдыгы даана билинет. Чептин түштүгү, чыгышы жана батышы тик жар менен курчалып, душмандарды алыстан байкоо жүргүзүүгө жана коргонууга ынгайлуу шарттары бар. Азыр жергиликтуу элдер карапа идиштерди, байыркы курал-жарактарды, өлчөмдөрү 30 х15 х6 см бышкан кыштарды көп таап алышат. Аксакалдардын эскерүүсү боюнча бул жерде кыш бышыруучу жана темир эритүүчү мештердин оорду болгон. Бышкан кыш төшөлгөн араба жол Чалдыбардан 10 км алыстагы Бардан деген жерге чейин жеткен. Жолдун бойлорунан бышкан кыштардын сыныктары алиге чейин табылат. Ушундай эле жол Темиркен жайлоосуна жеткенин жергиликтүү эл айтышат. Бардандын айланасынан өткөн кылымдын башында жашаган Ожурай уста үңкүр казып алып таш көмүр алуучу экен. Демек бул аймакта көмүр жана темирдин кени ташылып келүү үчүн араба жолдор болгонун болжолдойбуз. Бул IХ-Х кылымда өнөр жайы өнүккөн шаар болгон. Айыл байыркы шаардын аты менен аталып, ХI кылымда Караханийлер династиясын негиздеген Богра Карахан (Бууракан) менен байланышы болушу ыктымал.

Шаар жөнүндө эл арасында уламыш мындай калган: «Байыркы заманда өрөөндүн эли эч кимге баш ийбей, ынтымак менен ырыс кетип, ырк бузулган заманга туш келет. Теңирдин эрки менен асмандан нур болуп адам түшөт. Өрөөндүн эли хан көтөрүп Нуркан деп ат коюп алышат. Заман оңолуп, шаар курулат. Кой үстүнө торгой жумурткалаган заман кайра келет. Нуркан эл арасындагы кеп-сөздү угуп, элдин кулк мүнөзүн жана ал-абалын билиш үчүн дубананын жыртык чапанын кийип шаарды аралап кетет. Эл дубананы шылдындап, таш бараңга алышат. Элге нааразы болгон Нуркан кайра учуп кетет. Теңирдин кудурети менен асмандан таш жаап, шаар ташка көмүлүп калат». Бул уламышты Чалдыбарлык кутунайлардан чыккан санжырачы Молдомусаев Кадырдан жана Өзүбеков Бекматтан жазылып алынган. Бул адамдар шаардын тарыхы тууралуу көп маалыматтарды айтып жүрүшөт.Уламышта хандын аты «Жаныш, Байышта» Нуркан хандын окшоштугу да Кайры жана Бууракан шаарлары замандаш экендигинен жана байланыштар болгонунан кабар берет.

Чалдыбардын түштүк жагында диамери 50-60м бийикти-ги 7-8 м Чеч-Дөбө аталган дөбө бар. Илгери бул дөбөдөн жазуусу бар алтын мамы чыгып туруучу экен. Элдер казып алууга киришкенде Сыдык болуш "Бул ыйык мамы, казып алган кишилерден урук калбай калат", - деп кайра көмдүрүп, элди таркатып жиберген экен.

Бул аймактагы дөбөлөр бир-бирине даана көрүнө тур-гандай жерлерге жайгашкан. Өтө зарыл болгон маанилүү кабарларды дөбөлөргө от жагып таратылганы айтылып жүрөт. Дөбөлөр казылып курулуш материалы катары ташылып кетип жатат. Аймакта археологиялык казуулар тез арада жүргүзүлбөсө тарыхыбыздын көп барактарын жоготобуз.

Борбордук Теңир-Тоодо эң алгачы отурукташуу Кетмен-Төбөдө пайда боло баштаган. Тарыхчылардан 1-болуп 1946-жылы А.Бернштам өрөөндөгү шаар-урандыларды изилдеп, орто кылымдагы перс, араб окумуштуулары жазышкан Хайлама (Хаталам, Хайралам) областы деген кортунду чыгарган. Өрөөндөгү эң алгачкы кыштак Токтогул шаарчасынан табылган Жал-Арык кыштагы б.з.ч V-III кылымда пайда болгон. Кыштактын турак-жайы 1 м терендиктеги чарчы жер кепени элестетип 70 кв. м аянтты түзөт. Дубалдары жана жабылуучу жерлери чырпыктардан токулуп, ылай менен шыбалган. Бир бурчунда ашкана жайгашкан, анда очок жана тамак даярдоочу идиш-аяктар коюлган. Археологдор жер кепеде 25ке жакын адам жашаган деп болжолдошот. Бул чогуу чарба жүргүузгөн ата--энелери, алардын бойго жеткен балдары жана неберелери менен чогуу жашаган. (В. Мокрынин В. Плоских. Кыргызстан тарыхы. Б. 1995. 9-б.).

Жал-Арык кыштагына жакын жерде б.з.ч.V- VI к.к. таандык. Жал -Арык көрүстөнүндө 500 гө жакын мүрзө бар. Мүрзө-дөбөлөрдүн эң чоңунун диаметри20-40 м, бийитктиги 2-4 м ге жетет.1963-жылы археолог И. Кожомбердиев 200 дөн ашык дөбөнү изилдеген. Сөөктор арча табыттарга салынып, кенен казылган чуңкурларга коюлган. Чуңкурлардын үстү жоон арча тоосундар менен жабылган. Казуудан карапа идиштер коло жана жез куралдар табылган. Алтындан жасалган жолборстун, арстандын скулbптуралык фигурасы түшүрүлгөн тогоо, эки бүркүт түшүрүлгөн алтын сөйкө, канаттуу-аттын (конь-грифон) сүрөтү түшүрүлгөн алтын тогоо ж.б. буюмдар табылган. Уникалдуу табылга болуп «кыял» оюусу түшүргон рим буюмдарына окшогон айнек чөйчөк (бокал) эсептелет. Жал-Арык өз доорундагы байылыгы эң көп көрүстөн катары эсептелет. (Кетмен-Тюбе. с.225.)

Өрөөндө отурукташуунун эрте башталышы географиялык шарттарга байланышкан: Биринчиден, өрөөндү курчап турган тоо кыркалары сырткы душмандардан коргогон чеп болуп турган. Эл көп отурукташып, калктын саны тез өскөн. Душмандардын кол салуулары сейрек болгондуктан, экономиканын өнгүшүнө шарт түзүлгөн. Экинчиден, өрөөндүн климаты мал чарбалыгын дыйканчылык менен айкалыштырып жүргүзүүгө аргасыз кылган. Кар калың түшкөндүктөн малга кышкы тоют даярдоого мажбур кылган. Бара-бара дан өсүмдүктөрүн өстүрө башташкан. Дыйканчылык өнүгүп, отурукташкан алгачкы кыштактар пайда боло баштаган. Үчүнчүдөн, өрөөн Талас, Чүй, Тогуз-Торо жана Фергана сыяктуу эл жыш жашаган аймактардын ортосунда жайгашкандыктан тогуз жолдун тому болуп, тынчтык мезгилдерде соода жүргүзүүгө, карым-катнашка ыңгайлуу. Кетмен-Төбөдө кыштактардын массалык түрдө пайда болушу V-VI кылымдарда башталып, Х кылымда ири шаарларга чейин өсүп жеткен. VIII-ХII кылымдарда Үч-Терек, Ничке, Жаргата, Көөдүл ири шаарлар болуп, XII кылымдын аягында моңголдордун чабуулунда жашоосун токтотушканы далилденген.

Үч-Терек шаар-урандылары Нарындын сол жээгинде, Саргата өзөнү куйган жерде жайгашкан. 1968-жылы Н.Г.Голочкина археологиялык казууларды жүргүзгөн. Шаар узуну 940 м, туурасы 300 м (28га) аянтты ээлеп турган. Нарындын жээгиндеги жардын үстүндө узундугу 85 м, туурасы 35 м бийиктиги 5 м мунаралуу сепил болгон. Бул хан сарайы болсо керек. Шаарды курчаган чептин азыркы калдыгы бийиктиги 2-3 м туурасы 16 м аралыкта узун жал болуп жайылып жатат. Чептин айланасы суу толтурула турган терең аң менен курчалган. Бул душмандардан коргонуш учун абдан чындалган чеп болгонун далилдейт. Курулуштардан пайда болгон дөбөлөрдүн жайланышына караганда шаарда көчөлөр болгон. Шаарга Саргата суусунан чыгарылган канал казылган. Үч-Терек шаар-урандысы азыр Төрт-Көл же Желе-Дөбө деп аталат. Бул өрөөндөгү шаарлардан аянты, курулуштардын чоңдугу боюнча жана коргонуу чебинин болушу VIII-X кылымдагы эң ириси болуп өрөөндүн Хан-ордосу деп болжолдойбуз.(Винник Д.Ф. Историческая топография оседлых поселений Западного Тянb-Шаня. В кн. Кетмен-Тюбе. с.129.) Бул шаар «Жаныш, Байышта» баяндалган «ак коргон менен курчалган күмүш туткалуу алтын дарбазасы бар» Кайры шаары деп эсептейбиз. Дастанда «кырк миң киши түнөсө кырк үйүнө толбогон» чоң шаар экендиги сүрөттөлгөн.

Үч-Терек шаар урандысы – Байыркы Хайралам.

Орто кылымдагы Бууракан шаарынын түндүгүндө Коңур-Өгүз өрөөнүндө сак-усун доорундагы дөбөлөрдүн көптүгү, орто кылымга таандык тургун жайлар, капыстан табылган археологиялык табылгалар жана байыркы арыктардын нуктары орто кылымда эле дыйканчылык өнүккөндөгүн, эл жыш жайгашкандыгын кабарлайт. Өрөөндөгу эң чоң канал - Улуу-Арык VIII-X к.к эле курулгандыгын божомолдойбуз. Бууракандын белиндеги Миң–Дөбөнү көздөй өткөн байыркы жал арык Улуу-Арыктын уландысы болгон. Коңур-Өгүз жана Кеңтуулук өзөнүнүн суулары Улуу-Арык каналы менен Тартуулук жана Саргата өзөндөрүнө куюлуп Үч-Терек шаарына жеткирилген. Каналдын суусунун бир бөлүгү шаарды ичилүүчү суу менен камсыз кылып, шаарды курчаган чептин сыртындагы казылган аңды суу менен толтуруп турган. Суунун экинчи бөлүгү Кардыжарык каналы менен Жаргата шаар-урандысы аркылуу өтүп, эгин талааларына жеткирилген.

Кардыжарык жөнүндө төмөнкүдөй уламыш айтылып калган. Жаргата шаарынын ханы Саргатадан суу алыш үчүн Үч-Терек шаарынын ханы менен кудалашып кызын келин кылып берет. Тоонун боору менен кыялап арык алып өтөт. Үч-Теректин ханы Саргатадан тегирмен таштын тешиги менен ченеп Жаргатага суу берет. Суу бөлгөн алышка кыз-келиндер сейилдеп барышканда, хандын келинин тешиктен өткөн сууга сатылып келгенсиң деп шылдындап коюшат. Ыза болгон келин тегирмен ташты кулата тээп, атасына качып кетет. Ачууланган кайната келининин кардын бычак менен жарып коет. Ушул уламыштан улам жердин жана каналдын аты «Кардыжарык» аталып калган дешет. Бул уламыштан өрөөнгө суу жеткирүү татаалдыгын жана шаарлар жөнүндө кабар элдин эсинде калгандыгын билгизет. «Кардыжарык» деген аталыш башка аймактарда да кездешет. Аталыш каналдын курулуш өзгөчөлүгүнө байланышкан. Жалпы эле тоонун боору менен кеткен алкым арыктар Каржы-Арык аталат. Шаарлардын аттары уламышта эскерилбейт, биз археологдор берген аттар менен атадык.

Улуу-Арык каналы Үч-Терек өрөөнүн суу менен кам-сыздаган эң баиыркы канал болуп, азырга чейин эл үчүн кызмат кылууда. ХVII кылымда өрөөндү калмактар чаап алганда Коңур-Өгүздө жашаган кутунай, бегет, өйдөчектилер Базар-Коргон, Кызыл-Үңкүр, Арсланбабга көчүп кетишет. Кутунайлардын Ажым бийинин Базар-Коргондо казган арыгы Ажым-Арык же Кутунай-Арык деген аталыш сакталып калган. Көчүп барган уруулардын айрым топтору азыр жашап жатышат. Өрөөнддү калмактардан бошотууга Сатыкей, Сагынбай, Бокбасар, Жангарач баатырлар башчылык кылганды айтылып да, жазылып да калган. Жергиликтүү санжырачылардын айтуусу боюнча Анжиан, Ысар, Көлөптөн көчүп келе жаткан кыргыздардын Чоң курултайы. Кетмен-Төбөдө Бууракандын белинде өткөн. Бул маалыматБ.Солтоноевдин “Кыргыз тарыхы”аттуу китебинде 1755-1756-жылы өтүп, башында Атаке баатыр болгонун жазган. Бул курултайда Каражалдуу Кабадан Түнгатарынан тараган Арзымат уулу Садыр кандык наам ыйгарылып, Казактарда чекти бөлүп туруу максатында Таласка көчүрүлөт. Садырдын ордосу орто кылымдагы Шелжи шаарынын ордуна курулуп, азыр “Садыр коргон” аталып калган. Уруулар ата-бабаларынын мүрзөлөрүнө жана жайыттарга коюлган моло таштардагы белгилереден ата-журттарын аныкташып отурукташат. Ажым бийдин башчылыгы менен Коңур-Өгүзгө алгач кутунайлар көчүп келишет. Ажымдын балдары Кентуулук-Сайга, Сарысейиттин балдары Коңур-Өгүз-Сайга, Саргашканын балдары Ничке-Сайдын Жылаандысына отурукташат. Ажым бийдин жетекчилиги менен Улуу-Арык калыбына келтирилип, эл отурукташып дыйканчылык өнүгө баштайт.

Көкүмбайдын балдары Саргатадан Кетмен-Төбөгө чейин отурукташат. Бокбасар баатыр Кадыр-кыбачыны чакыртып келип, Саргата өзөнүнөн Ак-Бейитке суу чыгарышат. Бул канал ХVIII к. башында курулган. Азыр Бокбасар-Арык деп аталат. Суунун жетишпегендигине байланыштуу Улуу-Арыкты кеңейтип казууну уюуштуруп, Коңур-Өгүздөн суу алып өтөт. Бул окуялар XVIII к.чейин эле кыргыздарда дыйканчылык өнүккөндүгүн күбөсү.

Жаргата шаар-урандысы Нарын дарыясынын сол жээгин-де адырдын этегинде жайгашкан. Шаар археолог Е.З. Заурова тарабынан изилденген. Планы туура эмес геометриялык формада болуп узуну 260 м, туурасы 130 м өлчөмдө. Борбордук бөлгүндө 60х70 м.кв аянтта мунаралуу чеп бар. Чептин түбүндө бир нече маданий катмар табылган. Демек шаар узак жылдар жашаганын далилдейт. Табылган материалдар боюнча шаар VIII-X к. болгону аныкталган.

Жаргата шаарынын планы.

Ничке-Көөдүл шаар-урандысы Нарындын оң жээгинде Көөдүл менен Ничке айлынын аралыгында жайгашкан. Шаарды А.Н.Бернштам, И.Кожомбердиев, Д.Ф.Винник изилдеген. Азыр көлдүн алда калды. Шаар тик бурч формасында 700 х300 м.кв. (21га) аянтты ээлеп турат. Үч-Терек шаарынан айрымасы шаар чеп менен курчалган эмес. Үйлөрдүн дубалдары чийки кыштар менен тургузулуп, ак түстүү алебастр менен шыбалып, кызыл, кара түстөгү боектор менен сырдалган. Шаан-шөкөттөр үчүн кызмат кылган айрым бөлмөлөрдүн ичи алебастр дубалдар жана фигуралуу бышкан кыштар менен кооздолгон. 17 бөлмөнүн полу бышкан кыштар менен "паркеттелген". Ничкеден табылган бышкан кыштардын өлчөмү 32х16х6 см, Бууракан шаарынан табылган кыштар менен бирдей өлчөмдө. Башка бөлмөнүн ичинде дан сактоочу чоң карапа идиш-хум табылган. Табылган карапа казандар Фергана жана Афросияб шаарындагылар менен окшоштугу аныкталган. Табылгалардын эң кызыктуусу 987-988-ж. Саманид Нух ибн Мансурдун тушунда Бухарада чегилген тыйындарды эсептөөгө болот. Бул табылга Кетмен-Төбө Саманиддер мамлекетинин курамына киргенин далил-дейт.(Кетмен-Тюбе. с.23,105)

Ничке шаарынын планы.

Ничке-Көөдүл шаары VIII кылымда пайда болуп, Х кылымда өнүгүүнүн жогорку денгээлине жеткен. Ички жасалгалары боюнча бул шаар Ысык-Ата районундагы шаар -чалдыбары жана Ак-Талаа районундагы "Шырдакбектин чеби" деп аталган шаар-урандысындагы имараттар менен эң жакын окшоштуктар аныкталган. Шаар карападан жасалган түтүктөр аркылуу суу менен камсыз болгон. Жергиликтуу эл казып алган карапа суу түтүктөр Көөдүл айлындагы «Биринчи май» мектебинин тарых музейинде 1967-жылдан бери сакталып турган. Орто кылымдагы шааарларды карапа суу түтүктөр менен жабдылышын IХ-ХII кылымда өнүккөн Тараз шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казууда Бернштам ачкан. Узундугу 0,70м, диаметри 0,21-0,23 м суу түтүктөрдүн магистралы табылган. Жаныш-Булактан жана Саргатадан табылган түтүктөрдүн өлчөмдөрүнө тура келет. Ушундай эле суу түтүктөр Токтогул районунун эски борборуна жакын Сасык деген жерде булактан жүргүзүлгөн суу түтүктөр системасы казылып алынган.

Кетмен-Төөбөдөгү орто кылымда эң жогорку дең-гээлде өнүккөнү жана акыркысы ХIV-ХV к.к. Акчий-Карасуу шаар-урандысын эсептөөгө болот. Шаардын алгачкы курулушу VIII-X к. тургузулуп, күчтүү өрттөн кийин жашоосун токтоткондугу аныкталган. Убакыттын өтүшү менен курулуштун үстү тегизделип калган.

Акчий шаарындагы Ак-Сарай

Экинчи курулуш өлчөмдөрү 105 х106 м чеп менен курчалып, бурч-тарында мунаралары болгон. Анда 19 бөлмөлүү архитектуралык комплекс 700 м.кв. аянт ээлеп, бийиктиги 2,5 м дубал сакталып калган. Жашоочу бөлмөлөр атайын бөлмөдөн отун жагылып, түтүн полдун алдындагы түтүктөр менен дубал аркылуу сыртка чыккан. Бул бүгүнкү күндөрдө колдонууга ыңгайлуу жылытуу системасынын өзгөчө түрү. Акчий шаарындагы дубалдарга идиштерге түшүрүлгөн орнаменттер өзгөчө кооздугу менен айрымаланып, азыркы кыргыздардын ала-кийиз-шырдактарга түшүрүлгөн "кочкор мүйүз" жана "кыял" сымал оюлардан айрып алгыс окшоштуктар бар. Шаар-урандысынан табылган кооздуктары азем буюмдарды жана үйдүн ички жасалгаларын мүнөздөп, окумуштуу-археолог Заурова мындай кортунду чыгарган. "Акчийдеги дубалдарга жана буюмдарга түшүрүлгөн оюу чийүүлөргө түздөн-түз окшоштуктар табылбайт. Алар ислам дини кабыл алынгандан кийинки нормаларга жооп берет. Орто Азиядагы отурукташкан элдердин традицияык кооздоо үлгүлөрүн пайдаланышканы жана көчмөн искусствосунун мотивдери даана байкалат. Өрөөндүн калкынын маданияты жеринде калыптанып башка аймактар менен тыгыз байланышта өнүккөн". (Кетмен-Тюбе. с.127)

Аксарайдын жылытуу системасы.

Акчий шаарындагы идиштеги орнамент.

Дубалдагы геометриялык орнаменттер.

XI кылымда жашаган араб географы Абу Абдалах Мухамед ибн Идриси «Өлкөлөрдүн областтар боюнча бөлүнүшүн талкуулоо» аттуу эмгегинде Кыргызстан жөнүндө көп маалымаат берген. Идирисинин картасында Хакан Хирир жана Даранд Хирхир (арабдар кыргызды - хирхир деп жазышкан) деген шаарлары көрсөтулгөн. Хирхирлер өлкөсүнүн 4 чоң шаары баш аягына 3 күндүк жолу бар бир аймакка жайгашканы жана алар дубалдар менен курчалганы жазылган. Кыргыздардын өкүмдаары жашаган шаар бийик чеп менен жана терең жар менен чыңдалган. Шаардын жанында яхонттуу жарым арал бар. Арал менен кургактыкка байланышкан жол болгону жазылган. (Караев О. Арабо-персидские источники о тюркских народов. Ф 1973 . с.33.) Идириси дагы бир чеп-шаарды баяндайт: “Бул жерден Делон(Долон) фортуна 7 күндүк жол. Бул форт да бекем чыңдалган жана эр жүрөк жоокерлер коргоп турат. Бул өлкө Кимактарга таандык. Форттун жанында тоолордун арасында чалкыган тузсуз көл бар”. (Аристов.Н.А. Усуну и кыргызы. Б. 2001. с.265.) Идириси баяндаган 4 шаар Кетмен-Төбөдө жайгашканын божомолдойбуз. X к. Үч-Терек, Ничке, Жаргата, Акчий шаарлары өнүккөн мезгили болуп, бири-бирине жакын жайланышкан. Үч-Терек шаарынын жанында Нарын дарыясынын нугунда аралдар да бар. Өрөөндүн баш аягына кербендердин жүрүшү баш аягына 4 күндүк жол болуп калат. Кетмен-Төбөдөн 7 күндүк жолдогу көлдүн жээгиндеги Делон чеп-шаары Соң-Көлдүн жээгинде деп айтууга негиздер бар.

Ушул эле эмгекте Саманийлер династиясын эмири Абул-Хасан Наср ибн Ахмед Миан-Рудан областынын башкы шаары Хайламда төрөлгөн деп жазат. Автору белгисиз «Худуд ал-алам» (Х к) аттуу эмгекте Манса тоосунан башталып халлуктар менен ягамалардын чек арасы аркылуу агып отуп Өзгөн дарыясына куйган Хатлам дарыясы жазылган. (Кыргызы. Источники…Б. 1996. с.32-33.) Хайлам шаарын Мукадасинин «Климат таануу боюнча мыкты колдонмо» аттуу эмгегинде Хайралам атап, Ахмед ибн Асад өзүнүн уулу үчүн Насрабад шаарын курууга буйрук бергендиги Бартолbддо эскертилет. (Бартолbд. с.440.)

Нарын менен Кара-Дарыянын аралыгындагы аймак Х кылымда Миан-Рудан (Эки суу арасы) аталган. Аймактын борбору Хайралам Кетмен-Төбөдө Нарын (Хайлам) суусунун боюнан орун алган. Бак дарактуу Насрабад шаары да Кетмен-Төбөдө жайгашкан. (.Энц. Кыргыз жери. Ф. 1990. 207-б.) Бир катар окмуштуулар Ничке чалдыбары Хайралам (Хайлам) шаарынын калдыгы деп атап жүрүшөт. Аймактын борбору - дарыянын жээгинде жайгашканы жана чыңдалган чебинин болушу Хайралам шаары Үч-Терек чалдыбары деп болжолдой-буз. Ничке шаарында курчаган чеп да болгон эмес жана андагы курулуштар Үч-Терекке салыштырмалуу өнүккөн деңгээлде болушу, Хайраламдан кийин курулганын билдирет. Ахмед ибн Асаддын буйругу менен Абул Хасан төрөлгөндөн кийин курулган Насрабад шаарынын калдыгы Ничке чалдыбары деп болжолдойбуз.

Мухамед ибн Идирисинин эмгегинде баяндалган бир маршутагы аймакты А.Н.Аристов Кетмен-Төбө өрөөну деп болжолдойт. Таластан чыгып Беш-Таш дарыясы менен 100 чакырым же 4 күн жол жүрүп тоону ашып түшкөндө тоонун түбүндөгү Темиртаг (Темир Тоо) шаарына жетет. Бул шаар Кетмен-Төбөдөгу Узун-Акмат суусуна жакын Улук-Коргон чебинин ордундагы байыркы шаар деп болжолдойбуз. ХVI к. жазылган Зайн ад-Дин Васифинин «Кереметтүү окуялар» аттуу эмгегинде бейиштин багындай болгон Узун-Акмат чарбагын эскерип кеткен. Бул аймакта Х кылымга таандык шаар-урандылары көп экендиги белгиленген. (Береналиев О . Кетмен-Тюбе. с.149.)

Темир Тоодон чыгышты көздөй «килкиздердин (кыр-гыздардын) кийиз үйлөрү ээлеген, иштетилбеген, бирок асылдуу талаалар менен 20 күн жол жүрүп Хайкам чебине жетет. Бул чепке түрк-килкиздердин өкүмдары ээлик кылат. Анын жакшы куралданган эр жүрөк аскерлери жана мейкин талаалары бар. Чеп тоонун чокусуна курулуп, айланасы суу менен курчалган.» (Аристов Н.А. Усуны и кыргызы… Б. 2001. с.263.) Темир Тоодон чыкан жолдун узактыгы 20 күн эмес 2 күн болгондо Идириси баяандаган Хайкам чеби Бууракан шаары деп айтмакбыз. Бел жагынан келген адамга бийик тоодо жайгашкандай болуп көрүнөт. Илгери айланасы түндүгү, чыгышы, батышы киши өтө алгыс калың камыштуу саз менен курчалып, түштүгүндө Коңур-Өгүздүн мейкин талаалары созулуп жатат.

Бууракент шаарынын чеби.

Атактуу тарыхчылар Бартолbд, Бернштам, Абрамзон, Ари-стов, Винник, Плоских сыяктуу атактуу тарыхчылар кыргыздар Тенир-Тоодон Эне-Сайга чейинки аймактарда байыркы доордон баштап жашап келгендигин далилдешкен. А.Бернштам VI-Х к.к. араб-перс тарыхчыларынын жазма даректердин негизинде мындай бүтүм чыгарган, "кыргыз уруулары Тенир-Тоодо элдин бир бөлүгү катары, андагы саясий кырдаалга жигердүү катышып, өз салымын кошкон. Алардын маданий эстеликтерге тийгизген таасири орчундуу. Талас өрөөнүүнөн Каллар тарабынан табылган VIII к. байыркы түрк-рун жазуусу бар төрт таш табылган. Бул жазуунун палеографиясы жана мааниси кудум кыргыздардыкы, алар бизге Эне-Сай көрүстөн жазмасы катары белгилүү жана ал орхон руникасынан даана айрымаланат. Кыргыздардын VIII-Х к. Тенир-Тоодо өз тобу болуп алар тарыхый кырдаалдын субъекти катары Эне-Сай жана Борбордук Азияда гана эмес Кыргызстанда дагы рол ойногон". (А.Бернштам. Кыргыз мамлектетинин өз эркиндиги үчүн күрөшү. Кит. Кыргыздар. 2- т. Б. 1991-ж.) . Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү тарыхый эстеликтер жана археологиялык табылгалар бул илимий кортундунун дагы бир далили болот. Аска боорунда тартылган сүрөттөр кыргыздардын искусствосуна таандык экендигине эч күмөн саноого болбойт. Табылган аземдик көркөм өнөр жана колдонмо буюмдардан бугунун, карышкырдын, арстан, илбирс, ажыдаардын алтын такталардагы сурөттөрү «Бугу Эне», «Бөрү эне», «Илбирстин тукуму» сыяктуу уламыштардын искусствонун башка формалары менен чагылышы. Аземдик буюмдарда кыргоолдун, бүркүттүн ж.б. куштардын сүрөттөрдүн көп болушу кушчу, муңгуш, жагалбай уруу аттарына байланыштуу болушу ыктымал. Орто кылымда жасалган буюмдарда кыргыздардын уруулук эн-тамгалары да кездешет. Жер казып жаткандар таап алган кумарада багыштардын + эн-тамгасы түшүрүлгөн. Карапа үйдө сакталып турат. «Арча» сымал белги түшүрүлгөн туткалуу кумараны Улуттук Университеттин студенттери өздөрүнүн музейине тапшырган.

Коло доорунагы Жазы-Кечүү көрүстөнүндө сөөк өрттөлүп коюлган 14 мүрзө, өртөлбөй коюлган 6 мүрзө казылган. "Арча" сымал, "кыял" сымал оюу-чийүүлөр түшүрүлгөн карапа идиштер табылган. Чүй өрөөнүүндө сак-усун дооруна таандык Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтын бет капка «арча» сымал белги түшүрүлгөн.(Кетмен-Тюбе. с.18.) Бул археологиялык табылгалар Теңир-Тоолук жана Эне-Сайлык кыргыздар бир этникалык топ экендигин дагы бир далили. Түрколог жана археолог С.В.Киселев Эне-Сайдан табылган "кыргыз вазасы" аталган карапа идиштер "арча" сымал оюулары менен айрымаланарын белгилеген. (Киселев С.В. Енисейские кыргызы. В кн. Кыргызы. Б. 1998. с. 268.)

Кемен-Төбө өрөөнүндө Ничке казанактуу көрүстөндөрү азыркы кыргыздардын көрүстөндөрүнөн өлчөмдөрү жана айрымдарынын жайланыш багыты боюнча айрымаланбаса, конструкицялары айрымаланбайт. Сак-усун көрүстөрүндө уруулук көрүстөндөр б.а. уруудагы бир нече өлүк коюу кездешет. Мындай көрүстөндөр ХIХ кылымда кыргыздарда да болгон.

Жогорудагы даректерге таянып, Теңир Тоодо байыртан бери эле кыргыздар жашап келген. Өрөөндөгү орто кылымдагы шаардарда биздин ата-бабаларыбыз жашаган деп айтууга толук негиздер бар. Алар жөнүндө жазма даректерде жана "Манас", "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Шырдакбек" сыяктуу дастандар менен элибиздин рухунда сакталып калган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы

Х кылымдагы Саманийлер мамлекети жана «Жаныш, Байыш» дастаны

Кайры шаары жана Азрети хандын көпүрөсү

Еще статьи