Добавить статью
12:08 27 Августа 2015 127749
Кыргыздардын келип чыгышы жана саяктардын санжырасы

Санжыра - уруунун, элдин чыгыш теги жана таралышы тарыхый маалыматтардын элдик оозеки чыгарма түрүндө берилиши. Санжыра кол жазма жана басма түрүндө генеология-лык таблица деп аталып, Европа жана Азия элдеринин көбүндө кездешет. Өзгөчө атактуу адамдар, падышалар жана королдор өзгөчө барактап, ыйык сакташкан.

Кыргыз санжырасы атадан балага, муундан-муунга оозеки айтылып келген. Санжырага илимий көз караш менен караган окумуштуу С.Аттокуров мындай деп жазат: «Санжыра али тарых эмес. Ал тарыхтын күбөсүнүн, булагынын бири. Мунун өзү санжыраны ар тараптуу талдап, анализдеп, илимий электен кайра-кайра өткөрүү керек дегендикке жатат.» (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Б. 1995. 8-б.) Эң алгачкы жазылган кыргыз санжырасы Сайф-ад-дин Аксыкендинин "Маджумду ат-таварих" (XIV к.) деген атактуу эмгегинде кездешет. ХХ кылымда жазылган санжыралар "Маджуму ат- таварихти" негиз кылып алышып, ар түрдүү варианттарда айтылып келген. Санжыра XIX кылымдан тартып орус окумуштуулары тарабынан кагазга түшүрүлө баштаган. Аны адегенде В. В.Радлов, Г.С. Загряжский, Н.А.Аристов, Ч.Валиханов санжыраны чогултууну жүзөөгө ашырышкан. С.М. Абрамзон этнографиялык материалдарын чогултууда 200 дөн ашык карыя-информатолор менен маектешкен. Кыргыздардын 1-генеологиялык санжырасы 1913-1914-жылдары О.Сыдыков тарабынан Уфада басылып чыккан. Бул адам 15 жыл бою Ала-тоонун кокту-колотунда, адыр-түзүндө жашаган кыргыздардан калтырбай кыдырып, санжыраны чогултканы эмгегинен көрүнүп көрүнүп турат.

Тарыхчы жана санжырачы С.Аттокуров Хиванын ханы Абулгазынын «Түркмөн шежереси», молдо Сайф ад-дин Аксикендинин «Маджуму ат-таварих», О.Садыковдун «Тарых, Кыргыз, Шадмания» эмгектерин жана С.М. Абрамзондун, Я.Винниковдун жыйнаган материалдарына таянып, кеңешилген курама «Кыргыз санжырасын» сунуш кылган. Бул эмгекте кыргыздарды этнос катары: байыркы кыргыздар жана азыркы кыргыздар деп экиге бөлгөн. Байыркы кыргыздарга V-X кылымдарда өздөрүнүн мамлекетин түзгөн Борбордук Азияны мекендеген 40 уруунун конфедерациясы кирген. Бул этностун өзүнүн мамлекеттик, тили жана жазуусу болгон. Кара кытайлык жана моңголдук басып алуучулардын геноциддик саясатынан бытырап тараган. Кыргыз этносунун кайрадан калыптанышы Алтай, Теңир-Тоо, Алай, Памир аймагында жашаган этностор менен тыгыз байланышкан. Ага кырылуудан аман калган байыркы кыргыз уруулары катышкан. Жыйналган материалдарга караганда аларга: Саруу, Мундуз, Кушчу. Бугу (пулу), Азык, Черик, Дөөлөс, Дуулат, Багыш, Катаган, Уйсун ж.б. лар кирген. (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы Б. 1995. 6-б.)

XI кылымда жазылган Саид Абд ал-Хайя Заххак Гаридзинин «Азем кабарлар» (Зайн ал-ахбар) эмгегинде түрк элдеринин санжырасы уламыштар түрүндө берилген. Бул эмгекте Нух пайгамбардын Сим, Хам жана Яфет деген үч уулунан дүйнө элдерин таратат. Нух пайгамбардын Яфет деген уулунан тарагандарга Түрк деп ат беришет. Түрктөр кытайга таандык экендиги айтылат. Жамгыр жадыруучу сыйкырдуу жазуусу бар «жада таш» жөнүндө жана карышкырдын сүтүн эмген бала жөнүндө уламыштар жана кыргыздар славяндардан чыккандыгы жазылган. Славяндар Яфеттен таралат. Славян аталышы саг(ит) деген сөз менен байланыштуу, себеби алар иттин сүтү менен чоңоюшкан имиш. Иш мындай болгон: Яфет кумурсканын жумурткасын алып жатканда кумурска кудайдан Яфет бала ырахатын көрбөсүн деп суранат. Яфет уулду болгондо атын Эмке деп коет.Баланын эки көзү сокур төрөлөт. Ал кезде иттин төрт көзү болгон. Яфеттин ити тууганда, күчүгүн өлтүрүп коет. Бала төрткө чыкканча итти ээмп, кулагынан кармап ээрчип жүрөт. Ит экинчи жолу тууганда Яфеттин уулун таштап. андан кутулгандыгына кудайга ыраазычылыгын билдирет. Кийнки күнү иттин эки көзү баланын көзү болуп, экөө иттин өзүндө калат. Ушул себептен сакалабдар (славяндар) деп аталып калган. (Бартолbд В.В. 272-б.) Иттин көзүнүн көзүнүн үстүндөгү ак тагы болсо «төрт көз» деп ат коюлат, ал жөнүндө жогорудагы уламыш азырга чейин айтылат. Итэмген, Сүтэмген деген адам аттарынын мааниси да уламышка байланыштуу айтылат.

Бизге жеткен санжыраларда Яфестен Түрк, андан Элчи Хан, андан Аланча Хан, андан Кара Хан, Андан Өгүз хан, андан 6 уул: Күн хан, Деңиз хан, Тоо хан, Ай хан, Жылдыз хан, Ай хан, Көк хан. Санжыра уламыш-жомок катары сезилгени менен байыркы кытай, грек жана перс жазма булактарында сакталып калган. Ошондуктан, С. Аттокуров санжырага тарыхий этнографиялык булак катары кароо менен данын кабыгынан бөлүп алуу илимдин милдети деп айткан. (Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. Б. 1995. 30-б.)

Санжырадагы дагы бир маанилүү нерсе- андагы сактал-ган элдик, улуттук аң-сезим. Кайсы уруунун санжырасы болбосун, анын түбү кыргызга барып биригет. Ар бир акыл эстүү адам тигил же бул этноско таандык таандык экенин билүү менен кыргыз экендигине сыймыктанат. Өзүнүн ата-бабаларынын жакшы иштерине сыймыктанып, өзүнөн кийинки муундарга жакшы атын калтырууга аракеттенет. Ар бир өрөөндө уруулардын бөлүнүштөрүн жана адмардын ата тегин аныктап берген санжырачылар канчалык тагыраак жана калыс болсо ошончолук баркттуу болушкан. Чындыкка көбүрөөк жакыныраа-гы кеңири жайылып, узака жашап калган. Кетмен-Төбөөнүн атактуу санжырачылары Кубатбек уулу Чапырашты, Токтогул уулу Молдомуса, Можу уулу Кошалы, Кожош уулу Бөкөш аксакалдардын айткандары кагазга түшүрүлүп, эл арасында айтылып жүрөт. Өзгөрүш айылында жашаган Молдомусаев Кадыр аттуу адам эл арасынан жыйнап, Кетмен-Төбөлүктөрдүн санжырасын тактоо боюнча чоң аракет жасап жүрөт. Бул адамдын аракетин колдоочу патриот жигиттер табылып, эмгегин басма сөзгө жарыяланса элибиздин тарыхы катары кийинки муундар үчүн баалуу мурас болмок.

Санжыра башка оозеки чыгармалардан айрымаланып тарыхый окуяларга жана конкреттүү адамдардын башынан өткөн окуяларга таянат. Экинчиден, уруунун же мамлекеттин саясий идеологиялык куралы катары кызмат кылган. Кыргыз элин эң байыркы заманда жашаган атактуу адамдын өмүру жана тарыхий окуялар элди улуттук сыймыкка тарбиялоо менен, бирдиктүү мамлекет куруунун улуттук идеологиясы болгон. Үчүнчүдөн, бийлик жүргүзүп жаткан уруунун кызыкчылыгын көздөп, башка урууларда обочолонткон же кемсинткен материалдар да кездешет. XVI кылымда жазылган Абулгазы Баатырхандын (1603-1674ж.) "Түрк санжырасында" кыргыз түрктүн небереси деп айтылат. Кыргыз уруулары түрктөрдөн 7 кылым илгери кытай "Ханнама-хуннулар шежиресинде" жазылып калган. VI-VII кылымда түрк каганаты күч алып, кыргыз урууларын баш ийдирип турган мезгилде жаралган санжыра бүгүнкү түрк элдеринде тарыхий чындык катары кабыл алынып калды.

Кыргыз элинин келип чыгышы жөнүндө "кырк кыз" уламышында Шайык Мансур менен карындашы Апал деген кыз падыша тарабынан чөлгө сүргүндөлгөн, Алардын сөөгү агын сууга ташталган, сөөгү агып баратканда пайда болгон көбүктөрдү хандын кырк кыздары ичип коюп, боюнда болуп калган. Алардан кыргыздар таралган деп айтылат. Ошол доордогу эң байыркы жана күчтүү уруу кыргыздардын тарыхын унуткарып, бурмалоо максатында ойдон чыгарылылган уламыш. Шайык Мансур 922-жылы Иран соту тарабынан динге каршы чыккандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган. Чегинен ашкан имансыз адамды, андан он кылым мурда келип чыккан кыргыз элинин ата-бабасы менен байланыштыруу тарыхый чындыкка коошпогон

Америкалык антрополог Л. Крадер: «кийинки мезгилде-ги түрк группасында деп аталган элдеринин айрымдары байыркы кыргыздардын биологиялык тукумдары болгондугу талашсыз. Бул илимге кабыл алынбай калган» - деп жазат. (Абрамзон С.М.Кыргызы…с.223.) Чындыгында тарыхый булактарда түрк элдеринин эң байыркысы экендиги талашсыз. VI-XII к.к Түрк империясынын доорундагы түрк урууларынын бийлигин чындоо жана узакка сактоо максатында айтылган санжыралар тарыхый чындыкты бурмалап, кыргыздар «Түрк атанын балдары» деген кабыл алынып калган. Санжыра - урууларды бириктирүүнүн жана мамлекети чыңдоонун идеологиялык куралы болгон.

Кыргыздардын жана жалпы эле түрк элдеринин карыш-кыр эмизип чоңойткон баладан таралган деген уламыштын чындыгы болушу мүмкүн. ХХ кылымда Индияда карышкыр эрчитип жүргөн Камила аттуу кызды таап алышкан. Ал кызды 3 айлыгында карышкыр уурдап кеткен. 8 жыл карышкырлар менен жашап кыймыл-аракети, жашоо образы карышкырга окшоп калган. Болгон окуяны тил илимин изилдеген окумуштуулардын эмгегинде жазылып калган. "Бөрү эне" жөнүндө уламыш карышкырдын тайманбастыгы, эч качан баш ийбестик сапаттары менен балдарды тарбиялоо максатында бул уламыш жашап келген. Кыргыздарды басынтуу максатында башка элдерде бурмаланып, "иттен" таралгандар деп айтышат. Дастандарда кыргыздарды "бурут" аталышы "бөрү ит" деген мазмунда айтыларын А.Н Аристов айткан. "Бөрү Эне" жөнүндө уламыш түрк элдеринде гана эмес байыркы Рим шаарын негиздеген Рем жана Ромул аттуу балдардын тагдыры жөнүндө уламыштардын окшоштуктары байыркы маданий жана саясий катнаштардын болгондугун билдирет.Кыргыз санжырасында айрым коошпогон кошумчаларды эске албаганда тарыхий даректерди жана бай этнографиялык материалдарды табууга болот. Ошондуктан ар түрдүү доордогу жана ар кайсы аймактардан жазылып алынган санжыралары илимий негизде жалпылаштырылып, элибизге тартууланса тарыхыбызды терең билүүгө чоң жардам болот.

Кыргыз элине кеңири таралган Тоголок Молдонун санжыранын салты боюнча кыргыздар Түрк атадан таралат. Түрк тукумунан чыккан Кыргызкан бүтүн түрк элине хан болуп, Оролдон Теңир-Тоого, Эдилден Эне-Сайга чейин ээлеп турган деп айтылат. Санжыра боюнча эң алгачкы кыргыз уруулары Эсбет, Досбут, Эштек, Жедигер, Кыпчак, Катаган, Өзбек, Тажик, Түркмөн, Сайрак, Нуркунан. Манас Нуркунан уруусунан болуп, чоролору кыргыз урууларынын хандары катары айтылат. Санжыраларда Саяк урууларынын таралышы боюнча кызыктуу маалымат бар. "Эрдене хандын заманында Байыш батыр Ныл дарыясынын (Сыр дарыя болсо керек) боюнда сандап, миңдеп жаткан саяк уругунан Кожант шаарында Эреше ханга вазир болгон. Байыш бир нече жыл вазир болуп Эреше хандын Маниса айым деген карындашына үйлөнөт.

Ныл дарыясын жердеген көчмөндүү калың кыргыз болгон. Алар дайым көчүп жүргөндүктөн "Сайак" аталган. Байыш баатыр: "Менин бир максатым сырт жерине барып, ордо курган хан бектерден катын алып, тукумумду сары жерге тартсам, менден тарагандарды "сайахка" айландыруу милдетим» - деп ойлогон. Байыш баатыр Маниса айымдан Ырай аттуу балалуу болгондон кийин дүйнөдөн кайтат. Ырай жалгыз болуп калды деп Маниса айым каиниси Эшен Карекке тийет. Андан Молдо Садык, Ыбрайым, Молдо Шакир, Жусуп деген төрт балалуу болот. Ырай энесине таарынып Ала-Тоого качып келип, Тагай бийге бакма бала болот. Түпкү теги жоюлбасын деп Тагай бий Байыштын атын Саяк коюп алат.

Тоголок Молдонун санжырасы боюнча Саяктан Каба, Сары эки уул. Кабанын 1-аялынан Кайдуулат, менен Байболот. 2-аялынан Шыкмамат, төрөлгөндөгү аты Махмуд коюлуп, кийин илимдүү адам болгондуктан Шайык-Махмуд деген наам алат. Азыркы кыргыз тилинин күүсү менен Шыкмамат аталып калган. 3-аялынан Кутунай, Бегет жана бир аялынан Качканак. Качканактан 4 уул Түнкатар, Түнтөй, Актери, Бозтери. Кетмен-Төбөдө бул санжыра башкараак айтылат. Саяктан эки уул: Байболот (өйдөчектилер) менен Каба. Байболот улуу болгондук-тан өрөөндөгү аш-тойлордо өйдөчектилер түшкөндөн кийин гана тамак тартылып, оюн-тамаша башталчу экен. Байболоттун 1- аялынан Айдеке, Асеке, Үсөке. 2-аялынан Кулунтай. Кабанын 1-аялынан Алагөз, Кайдуулат. 2-аялынан Түнгатар, Түнтөй. 3-аялынанан Шыкмамамат, 4-аялынан Кутунай.

Кутунай, Бегеттин уруктары Кетмен-Төбөдө турат. Шыкмамат, Бозтери уруктары Ысык-Көлдө, Актерилер Тогуз-Тородо. Баатыр Байболоттон Айдаке, Асаке, Күрөң, Молой. Байболоттон тарагандардын көпчүлүгү өйдөчекти деген ат менен Кетмен-Төбөдө, Базар-Коргондо, Анжиан тарапта турушат. Сарынын уруктары Атакара, Ботокара эки уул. Атакарадан тарагандар Өзбекстандын Избаскент районунда турушат. Булар тил жагынан салт жагынан да өзбектер менен аралышып саяк экенин билдирүүчүлөр жок болуп калды деп эскерген Тоголок Молдо. Байыш баатырдын иниси Эшен Каректин балдары Ырай баатырга келе жатышып, Чымкенттин Бештерек деген жерине туруп калышат. Бештерек деген наам менен казактардын арсында. Молдо Жусуптун тукуму Жетиген аталып, Таластагы кушчулар менен энчилеш. Молдо Шакирдин өңү сары, көзү көк болгондуктан Чекир Молдо аталып кетет. Анын балдары Куртка менен Түгөлдөн тарагандар Ак-Таалада турат. (Тоголок Молдо. Санжыра. Кыргыздар. 1-т. 264-б.)

Бул санжыра боюнча саяк уруулары Сыр дарыянын төмөнкү жана ортоңку агымынан көчүп келгендиги айтылат. Бул даректерди С.М.Абрамзондун "Кыргыздар жана алардын этнографиялык жана тарыхый-маданий байланыштары" аттуу монографиясындагы материалдар да далилдейт. Уламыштар жана санжыралар боюнча кыргыздар менен каракалпактардын тарыхый байланыштары аныкталган. Кыргыздар менен каракалпактардын санжыралары аралаш айтылып, каракалапктар саяктардан таралары жөнүндө жазылган. Каракалпактардын Ашымайлуу уруусунун түпкү атасы Кабасан (Каба Асан) аталат. Кыргыздардын жеринде каракалпактардын башчысы Эшмат өлүп калат. Эшматтын кунун кууп каракалпактар менен кыргыздар бир нече жолу кагылышуудан кийин кыргыздар Сыр-Дарыянын жогорку агымына көчүп кете баштайт. Бул окуя болжолу XII-XIV кылымдарда болуп өткөн. Кыргыздарда "Каракалпак Эшматтын кунундай "деген ылакап айтылып калган. Каракалпактардын санжырасында "Орманбет бий (ногойлордун мырзасы) өлгөндөн кийин кыргыздар каракалпактарга бир нече чабуул кылган. Ошондон кийин кыргыздар Түркестандан көчүп кетишкен" деген маалымат жазылып алынган. 1900-жылы Хивада жазылып алынган санжырада Казактар менен каракалпактардын түпкү атасы Эркалпак деп аталат. Саяктардын түпкү атасы кээ бир санжыраларда Узун калпак Муратай аталат. (Абрамзон С.М. Кыргызы... . Ф. 1990. с. 76-77.)

Төрөкан уулу Эсенкулдун санжырасында Арыстанбектен (Кылымбектен) Алачкан, Каракан, Асанкан, Табалкан, Толукан (Карахан) таралат. Алачкандан Жайылкан, андан Казак, Кыргыз, Созак, Разак (Каракалпак). Толукандан (Карахандан) Төрөкан, андан Кызчоро, андан Атамбий,андан Шекербий, андан Телкозу, андан Домбул бий менен Муратай. Кыргыздар Эне-Сайдан көчө баштаганда Долон бийдин балдары Тенир Тоого байырлайт. Муратай болсо арылап жылып отуруп Кожантка туруп калат. Муратай адегенде Кожанттын ханы Султан Жалилге вазир болот. Ишенимге киргенден кийин хан болот. Муратайдан Узункалпак жана Шооке деген эки балалуу болот. Шоокеден Калпакбай, Аккалпак, Каракалпак деген үч балалуу болот. Муратайдын баласынын баласы - Жаныш жетим калганда издеп келип, абасы Тагайге бала болот. (Эсенгул уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Б. 1995. 14, 24-б.) Бул вариантта саяктын түпку атасы Телкозу аталат андан, андан Думбулбий менен Муратай. Думбулбийден Катаган, Нойгуткан, Ногойкан. Катагандан кан Кошой, Нойгуткандан Акбалта, андан Чубак. Ногойкандан Жакып, Каманбай, Көкчөгөз, Улаккан. Жакыптан Манас, Каманбайдан Бакай, Улаккандан Сыргак. Чубактан бир нече муундан кийин Байыш айтылат. Жогорудагы санжыраларда саяктардын байыркы мекени Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында экендиги жана байыркы уруулар экендигин кабарлайт. Тоголок Молдонун жана Эсенгул уулунун санжыралары негизинен бири-бирине окшошот.

Кытайлык кыргыздардын санжырачысы Төлөк Төрөкандын айтуусу боюнча Топон Суу апаатынан кийин Нух пайгамбардын кемесинен 40 жуп адам аман калып, Аму дарыя менен Сыр дарыянын бойлорунда жашап калат. Алардын ичинен Жабамый аттуу адам хан болуп Туран, Уран аттуу эки уулду болот. Турандын Түрк деген уул туулат. Түрк хан ордосун Эдил боюна көчүрүп барып чоң уулу Муунга бийлигин, ортончу уулу Татарга мал оокаттын, кичи уулу Ыстамга Нух Алейсаламдан калган сыйкырдуу жада ташын берип дүйнөдөн өтүп кетет. Агалары Ыстамга энчи бербей койгондон кийин аялы Маралдайды эрчитип алыс сапарга аттанып кетет. Жер кезип жүргөндө Кыргыз аттуу балалуу болот. Кыргыз, Акыл, Асан, Асыл, Жакын, Базыл, Пасат, Озот, Казат аттуу сегиз уулду болот. Акылдан : Мундуз, Кундуз, Жылдыз, Памыр. Асандан: Өмур Алым, Арым, Самет. Базылдан: Шерик, Карун, Сары, Кемел. Жакындан: Турду, Кулду, Байыр, Олжо. Пасаттан: Калы, Салы, Малы, Алы. Озоттон: Оюу, Союу, Каны, Саны. Казаттан: Тапчытай, Кушчудай, Муштучай аттуу 32 неберелүү болот. Эң чоң неберси Акыл бийликке келип тууганы Муундан Эдил жайыкты энчисне бөлдүрүп алып ордо салат. Ошондон баштап журт арасында элдин аты "кыркез", "кыргыз" атала баштайт. Муун элинин Шиймурут деген баатыры кыргыздардан Эдилди кайра тартып алмакка кол салат. Эр Сатылган менен Эр Мундуз элин топтоп Шиймурутун колун Каратоого сүрүп жиберет. Бул урушта Эр Мундуз каза таап, байбичеси ай күнүнө жетип жыгачтын көңдөйүндө көз жарат. Көңдөйдө кыпчылып төрөлдү деп атын Кыпчак коет. Кыпчак эр жетип чоңюуп Найман, Тейит, Сейит, Тезек, Сарек жана Карек аттуу 6 балалуу болуп, алардан кыпчак уруусу тарайт. Эдилден (Волгадан) Днепрге чейинки аймак Кыпчак тааласы же Дешти-Кыпчак деген ат менен орто кылымда белгилүү болгон. Шиймурут кыргызга чабуул койгондо топтогон аскерин "Муундун колу" деп аталып, Мангул деген элдин атына айланып Каратоону жердеп калат.

Кыргыз эли чогулуп хан шайлоо курултайында Калач хан болуп, ордону Эдилге салмакка токтом кылышат. Казаттын балдары макул болбой орто өзөндү ээлеп калат. "Атадан калган Эдилге эргип чыкпай, элинен бөлүнүп калды, бул элдин аты ак каз эмес, ойсун болсун" дешип, казак деп да, ойсун деп да айтыла баштайт. Калач хан энчи жер деп Эдилге ордо салдырат. Ордосу бүткөн соң элине Эне-Сай, Эдил, Алаш деп үч бийликке бөлөт. Эне-Сайга Турумтайды, Эдилге Эрболотту, Алашка Эсенгелдини башчы кылып, хан ордосуна каратат. (Төлөк Төрөкан. Кыргыздардын келип чыгышы. Кыргыздар. 4-том. 5-24-б.)

Бул санжыра боюнча Турандын Кергез деген урпагынан таралгандар Аму дарыя менен Сыр дарыя аралыгынан чыгып Эдил (Волга) боюнан Эне-Сайга чейин бирдиктуу эл болуп тургандыгын билдирип турат. С.М. Абрамзондун пикири боюнча "Кыргыз элин жараткан уруулардын калыптануу процесси өтө зор территорияда жүргөн жана узак убакытты талап кылган. Азыркы изилдөөчулөрдүн көпчүлүгү кыргыз урууларынын калыптанышына эң байыркы сак, усун, динлин жана хунн уруу союздары менен байланышы бар деген жыйынтыкка келишти" - деп жазат. Эне-Сайдан Эдил дарыясына чейин, түштүк батышта жаткан Ура-Төбө, Афганистан, Бадахшанга чейинки аралыкта "Кыргыз наамын алып жүргөн элдин жашаганын кантип түшүндүрүүгө болот? Эгер ошол кезде (IХ-Х к.к ) кадимкидей калыптанып калган кыргыз мамлекетинин болгондугу жөнүндө тарыхый булактарга таянсак, анда аны уруулук салттар сакталган алгачкы феодалдык типтеги мамлекет болгон деп түшүнөбүз. Ал мамлекет биримдигине кирген уруулар мындай шартта өз этнонимин сактап турушу да ыктымал эле. Андыктан IХ-Х кылымдарда Тенир Тоо, Памир, Алай аймактарында кадимкидей калыптанып калган кыргыз наамындагы элдин болгондугу жөнүндөгү кээ бир окумуштуулардын далилине ынанабыз.(Абрамзон С.М. Кыргызы… с. 32.)

С.М.Абрамзон кыргыз элинин түзүлүшүнө төмөнкүдөй бир катар шарттар талап кылынды деп жазат. а) уруулардын бири-бири менен карым-катнашын жеткиликтүү камсыз кылган территориянын болушу; б) баардык уруулардын пайдалана билген бир тилдин болушу; в) чарба жүргүзүүнүн ар кандай формалары менен алака түзүүгө мүнкүнчүлүгү бар чарба системасы бар экендиги; г) конкреттуу тарыхый абалда ар кандай бирин экинчисине белгилүү жакындыкка түрткөн жана тарыхый -маданий карым-катнаштын процессинде пайда болгон маданий турмуш- тиричиликтин жакындыгы; д) идеологиялык көз карашта жана сыйынуу ишениминдеги жалпылык; е) коңшулаш башка элдер жана уруулар менен байланыштын негизинде уруулардын тобун бир ынтымакка же конфедерацияга бириктирген саясий-социалдык фактор; ж) элди- жаңы, кеңири этникалык жалпылыкка тийешелуу экендигин таанып билүүсү. Ушундай шарт ошол кезде болгону, үстөмдүк кылганы белгилүү, орто кылымдарда эле кыргыз элин түзгөн уруулардын жалпы территориясы, жалпы тили болгон. Уруулардын этникалык өзүн-өзү таануусунун жалпылыгы жаралган. Кыргыз элинин калыптануу процесси негизинен Тенир-Тоодо, Памир, Алайда жана ага жакын аймактарда болуп өткөн. (С.М. Абрамзон. Кыргызы ...Ф..1990 . с..34-80.)

Жергиликтүү, бул жерди илгертеден мекендеген сак-усун урууларынын материалдык, маданий эстеликтери жана элдин рухунда сакталган санжыра-тарыхы элдердин этникалык өзгөчөлүктөрүн сактоого негиз болгон. Түрк, кыргыз, карахандар каганаттарынын (VI-ХII к.) түзүлүшү анда жашаган этникалык топтордун өзүн-өзү таанууга жана ич ара биригүүгө мүнкүнчүлүктөрдү берген. Уруулар аймак-аймак болуп жашап, ар- биринин уруу башчылары болгон. Кара-кытай жана моңгол каратууларынан кийин чачылып кеткен уруулар XV-XVI к. кайрадан бириге баштаганда аймакта жашаган көп уруулар кыргыздарга сиңип кеткен. Кыргыз элинин калыптанышы процессинде тарыхый жагдайлардан идеологиялык курал катары - кыргыз рухунун туу чокусу " Манас " дастаны жаралган.

Кулаалы таптап куш кылган

Курама жыйып журт кылган.

Тели куш кылып куш кылган

Тентиген элди журт кылган.

Элдин биримдигин сактап, душмандардан коргонуш үчүн ар элдин баатырлары жана журт башылары Манаска биригишкен.

Кыраан бөрктүү кырк чоро

Кырк жерден келген ит элең.

Азып тозуп алыстан

Атсыз келдиң кээ бирөөң.

Атсыз келген чорого

Аркар аяк жез билек

Аттан тулпар мингиздим.

Тозуп, тентип алыстан

Токтоп келдиң кээ бирөөң

Тозуп келген чорого

Тон мыктуусун кийгиздим.

Ар түрдүү уруулар эл болуп түзүлүп жаткан доордогу адамдардын ой, максаттары кыялы, иш аракеттеринен жана болгон окуялардан залкар дастандар калыптанган.

Тоголок Молдонун санжырасында саяк урууларынын ата-бабалары өңү сары, көздөрү көк болгону айтылган. Бул сак жана усундардын анторпологиялык белгилерине дал келет. Антрополог Т.П.Кияткинанын изилдөөлөрүндө Кетмен-Төбөдөгү сак доорундагы (б.з.ч. V-I к.к) Жаныш-Булак, Боз-Тектир, Жал-Арык көрүстөндөрөнөн казылып алынган сөөктөр европеоид тибинде адамдар экендиги аныкталган. Б.з I-V к.к. таандык Боз-Дөбө, Кара-Тектир, Айгыр-Жал, Ак-Сеңир көрүстөндөрдө моңголоид расалык тиби аралашкандыгы даана байкалган. Жаныш-Булак көрүстөнүндө VI-VIII к. түрк доорунда алп денелүү 50 жаштардагы адам аты менен коюлган. Бул адам европеоид жана монголоид расалык типтери аралашкан адам экендиги аныкталган.(Кияткина Т.П. Антрополгические работы в долине Кетмен-Тюбе. В кн. Кетмен-Тюбе. с. 206-209.)

"Жаныш, Байыш " дастанында баатырлар:

Алтын көкүл башында

Азиз болгон жан экен.

Алтын көкүл жаркылдап,

Шаарга кирди баркырап.

Көргөн адам таң калып,

Абыдан сулуу бала экен,

Адамдан артык жан экен.

(Мукасов М. Жаныш, Байыш эпосунун поэтикасы. Б. 1999. 14-б.)

деп сүрөттөлүшү расалык жөнүндө кабар берип. ал архео-логиялык табылгалар менен дал келет. IX-X к. Тенир Тоодо түрктөшүү процесси аяктаган мезгилде кыргыздардын арасында ак саргыл өңдүү, сары чачтуулар азая баштаганда ыйык касиеттуу белги катары кабыл алынса керек.

I кылымда жашаган кытай тарыхчысы Ояңшу жазган "25- тарых. Жаңы Тан-наама" аттуу чыгармада "кыргыздар алп денелүү, чачы жээрде, ак жүздуу, көзү көк болорун жазган. Кара чактууларды жамандыктын белгиси катары карашкан. Кара чач, кара көздүүлөр Лилиңдин тукуму деп айтышат." (Кыргыздар 4-т. 83-б.) Лилиң б.з.ч. I кылымда жашаган кытай баатыры, б.з.ч. 99-жылы хуннулардын багынып берген. Хунну Теңир куту анын баатырлыгына тем берип, кыргыздардын жерине хандыкка көтөргөн. Андан "Кара чачтуу" моңоголид тибиндеги уруулар тарала баштаган. Кытай жазма булактарындагы маалыматтар кыргыздын элдик ооеки чыгармаларында да айтылып келген. «Жаныш, Байышта» мындай саптар бар:

Жер экенсиң Айдың-Көл,

Удургуй түшүп жайылган

Бугу марал куланы.

Кара чачтуу кытайга

Айдың-Көл кайдан ылайык,

Алышып жүрүп түбүндө

Ажыратып алалыкык.

(Жаныш, Байыш. Б. 1998. 182-б.)

Саяктардын бир бутагынын түпкү атасы Каба жөнүндө уламышта "Кара чачтуулар" өзгөчө кабыл алынганын кабарлайт. Бечел болуп калган баланы ата-энеси журтка таштап коюп жайлоого көчүп кетишет. Күзүндө кайра тартканда, баягы журттун айланасында карышкыр эмгизип жүргөн жеринен таап алышат. Баланын желкесинен куймулучагына чейин кара чач өсүп калгандыктан "кара жалдуу Каба " деген атка конгон. ( Абрамзон С.М. Киргизы… . с. 303.)

Төлөк Төрөкандын санжырасында кыргыз элинде Калач деген хан болуп турган доордо" адамдардын айыпсыз сулуу болсо, журт ичи чырсыз" болот деп эл ичинен ыраңы суук адамдарды жоготууга буйрук берилгени айтылган. Каба жөнүндө уламыш да у.с мотивдерден улам айтылып калса керек. А.Бернштамдын далилдөөсу боюнча б.з. I-II кылымдарында Орто Азияга хунндар көчүп келе баштап жергиликтүү сак жана усун урууларында түрктөшүү процесси күчөп, кыргыз, өзбек, казак урууларынын калыптануу процесси башталаган. (Бернштам Н.А. Сборник…т.1. с.258.)

А.Н.Бернштамдын «Кыргыз элинин түзүлүшү» деген эмгегинде Хунн доорунда кыргыздар менен усундардын байланышын аныктаган. Хунндардын шанюйу Модэнин 176-ж. кытай императоруна жазган катында усундар талкалангандан кийин хунндардын курамына кирип «бир үйгө биригишти» деп жазылган. Усундар көчмөн малчылар болуп, хунндар менен тыгыз байланышта болгон. Хунндар да усундар да түрк тилдүү болушкан. Усундар ак саргыл болгону менен түндүк расага кирбестен, памиро-ферганалык расалык типке таандык болгон. Усундардын кыргыздар менен этногентикалык байланышы чоң болгон. VII к. түрк каганатында нушуби уруулары үстөмдүк кылган. Нушуби уруу союзу түрк булактарында усундардын журту деп аталган. Тонукөк эстелигинде «Усун бундати журтта жатту калури эрти» деген жазуу бар. Нушубилердин ичиндеги асиги жана гешу деген уруулар азыр кыргыздарда азык жана кушчу деген аттар менен аталышат.» деп жазат. (Бернштам А.Н. Сложение кыргызского народности. В кн.Кыргызы. Б. 1996. с.138-159.)

XVIII к. кытай жазма булактарында кыргыздар жайгашкан аймактар жана алардын келип чыгышы жөнүндө маанилүү маалыматтар берилген. Цинb дан Хуан юй си тучжи (СЮТЧ) - Батыш край баянына маанилүү малыматтар аттуу эмгекте кыргыздардын автохтондуулугу жөнүндө концепция даана ачылган. Бул эмгекте кыргыздар б.з.ч. III к. жашаган усундардын тукумдары деп айтылган. СЮТЧ нын котормосун белгилуу орус тарыхчысы жана этнографы Н.А.Аристов пайдаланып жазган «Усундар жана кара кыргыздар…» атуу эмгегинде «сактар менен кангайлар уруулаш болуп Сыр-Дарыянын сол жээктерин ээлеген. Ичкиликтер менен саяктар санжырада обочолонуп көрсөтүлгөнүнө жана аталышына караганда сактардын тукумдары» деп жазган. Бул болжолду башка этнографиялык маалыматтар менен да далилдейт. (Аристов Н.А. Усуну и кыргызы….Б. 2001. с.27.)

Н.А. Аристов кыргыз уруулары жөнүндө мындай маалы-мат берет: ичкиликтердин составында сактардын тукумдары бар. Арий тукумунан чыкан хюсундар Аму-дарыясынын баш жактарына жана Ферганага тарашкандар түрктөшүп калышкан. Саяктар Батыш Тенир Тоодогу көчмөндөрдөн келип чыкан. "Хан-шу "боюнча усундардын арасында сэстик жана юечжилик уруулардын бутактары бар экендигин белгилеген. Н.А.Аристов кыргыздардын келип чыгышы боюнча мындай кортундуга келген:

1) Азыркы кара-кыргыздар Батыш Тенир-Тоого Орто Монголиядан б.з.ч I к. келген усундардын тукумдары. 2) Усундар Эне-Сайда калган түпкүлүктүү кыргыздардын бир бөлүгүн түзүп, кыргыз деген чыныгы аталышын сактап калган. 3) Орто Монголиядагы усундар түрк уруу союзуна кирип, кыргыздардын усун бөлүгүн түзөт. 4) Усундар жана Эне-Сайлык кыргыздардын ата-бабалары бир болуп, түрктөр менен динлиндердин аралашусунан келип чыккан. Орто Азиядагы сүйрү баштуу жана ак саргыл өңдүү расадагы уруу болуп калган. (Аристов Н.А. К этничсий истории кыргызов. В кн. Кыргызы. Б. 1998. с.386.) Атактуу окумуштуулардын илимий кортундуларына таянсак б.з.ч. VI кылымдан бери эле Теңир Тоого кыргыз урууларынын бир бөлүгү жашап келгендигин айтууга болот. Ар түрдүү элдердин тарыхчылары калтырган жазуу эстеликтерде кыргыз элинин аты сак (саяк), усун (хюсун,уйшун), хунн(оң) деген аттар менен жазылып келген. Бул аталыштар кыргыз элинин урууларынын аттары болуп, кайсы доордо кайсы уруу күчтүү болсо, ошол уруунун аты менен элдин аты тарыхта жазылып калган.

Кытайлыктар хунндар менен усундардын каада салты окшоштугун көрсөтүшкөн. Хунндар ата бабаларынын арбактарына, Күнгө, Айга, Жерге, Сууга сыйынышкан. Сак-усун көрүстөндөрүнө тоодой топурактын үйүлүшү арбакты ыйык тутуунун белгиси. Иштерин жылдыздарга жана Айга карап баштайт. Эрте менен Күнгө, кечинде Айга сыйынышат. (Аристов Н.А. Усуну и кыргызы… . с.24.) Б.з. I к. хунндар келе баштаганда сөөк коюнун салты өзгөрүп, казанактуу көрүстөндөргө жана арча табыттарга коюла баштаган. «Манас» дастанынын В.В. Радлов жазып алган вариантында Манас өлгөндө карагайдан калың табыт жасалып ичи алтын, сырты күмүш менен капталып Манастын сөөгүн ошого салышат.

Карагайдан калын табыт чаптырды.

Ички жүзүн алтындап,

Тышкы бетин күмүштөп,

Манастын табытына салды дейт,

Сарайга сере кылды дейт.

Жердин сызын өткөзбөй,

Күндүн көзүн тийгизбей

Ак сарайга койду дейт.

(Мамытбеков З.Ч. Абдылдаев Э. Манас эпосун жыйноонун жана изилдөөнүн тарыхы. Ф. 1966. 42-б.)

Сөөктү арча табытка салып көмүлгөн көрүстөндөр Таласта-гы Кенкол жана Кетмен-Төбөдөгү Жал-Арык, Миң-Дөбө (Өзгөрүш) көрүстөндөрүндө табылган. Көрүстөндөгү сөөктөрдү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жергиликтүү сак урууларынын тукумдары менен хунндардын аралашуусунан пайда болгон элдер экендиги аныкталган. (Тур С.С. Антропологические материалы из Кеңколbского могилника. В кн. Материалы междунар. конф. посещ. 1000-л. эпоса «Манаса». Б. 1990. с.19-20.) Хунндардан чыккан акыркы өкүмдаар Аттилла хандын сөз менен тартылган портрети Майкл Гранттын тарыхый чыгармасында: «Башы тоголок, мойну жоон, мурду жалпак, сейрек сакалдуу» деп сүрөттөлөт. (Грант.М. Крушение Римской империи. С-П. 1990. с.17.) Бул маалымат хунндардын расалык тиби моңголоид экендигин кабарлайт. Аттиланын сүрөтүн тартуучулар бул маалыматка таянышса тарыхый адамдын элеси чындыкка жакындаар эле.

Таластагы Кеңкол казанактуу көрүстөнүн А.Н. Бернш-там терең изилдөө жүргүзгөн. Көрүстөндөн табылган эркек көйнөктүн жеңине жана жакасына түшүрүлгөн орнаменттер байыркы кыргыздардын тамгаларына, уруулук эң тамгаларына жана азыркы шырдакка түшүрүлгөн оюуларга толгу менен дал келет. Табылган бешик жана ийик азыркы колдонуп жүргөндөрдөн айрымаланбайт. Б.з.ч.I к. Кыргызстандын аймагында кыргыздар жашап келген деп айтууга негиз бар деп айткан. (Бернштам А.Н. Сборник… с. 39-41.)

Кытай тарыхчысы Жумакадыр Жакып кытай тарыхый булактарына таянып кыргыздар сактардан келип чыккан деген пикирди дагы тереңдеткен. Сак урууларынын үч топко бөлүнүшү жөнүндө Ирактагы Рустек жана Бехистун таш жазууларга түшүрүлгөн. 1- топ. Сак-хаумваргалар (ыйык чөпкө сыйынгандар) Түндүк Индия, Памир, Алай жана Фергана аймактарын ээлеп турушкан. 2-топ. Сак-тиграхаудалар (тик калпактуулар) Ташкен, Теңир-Тоо, Чүй, Талас. Балхаш көлүнүн Түштүк аймактарына тараган. 3-топ. Тия дарыя жана пара дарыя (дарыянын тияк жана бияк өйүзүндөгү) сактары Каспий денизинин жана Арал денизинин жээктеринде жашагандар. Кыргыздар тиграхауда (тик калапактуулар) сактарынын тобуна кирип, Тенир Тоо аймактарында Кетмен-Төбө, Талас, Чүй өрөөндөрүндө жашашкан.

Иран падышасы Дарийдин жана Александр Македон-скийдин аскерлери менен согуштардан кийин көпчүлүк сак тайпалары батышка сүрүлүп кете баштаган. Ушул доорлордо кыргыздар Теңир Тоолук жана Эне-Сайлык болуп экиге бөлүнүп калышкан. Кыргыздардын сактардан келип чыгышын төмөнкү фактылар далилдейт:

1)Кыргыздардын ата журту батыш дениз жакасында экендиги жөнүндө кытай жазма даректеринде уламыш иретинде болсо да маалымат берилет. XI кылымда жашаган Орто Азиялык тарыхчы Абу-Сайд Гаридзинин "Зайн ал-ахбар" (Азем кабарлар) аттуу эмгегинде да кыргыздар сак урууларынан таралгандыгын жазган. Кыргыздар өлүктү өрттөшөт да, "От - эң таза нерсе, отко түшкөндөрдүн бардыгы тазаланат" - деп эсептешет. Бул перстерден сактарга өткөн зароастризм динин ишенимдери. Кыргыздардын арасында «фагиун» аталган адамдар бар. Алар жыл сайын белгиленген бир жерге чогулушат. Музыканттар келип чоң той тамаша өткөрүшөт. Музыканттар ойной баштаганда фагиун эстен танып жыгылат. Ошондон кийин быйыл кандай болот, токчулук, аба-ырайы, тынчтык жана коопсуздук жөнүндө сурай баштайт. Алардын алдын-ала айткандардын көбү туура чыгат" - деп жазылган. (Бартолbд. Тандалма эмгектер... . 274-б.) Бүгүнкү күндөгү кыргыздарда жаңы келинди отко жүгүнтүү, шам жагуу, коломтону майлоо, бакшы (фагиун) түнөтүү сыяктуу ырым-жырымдар сак доорунан бери жашап келген када -салттардан.

2) Байыркы замандагы сактар жана кыргыздар төмөндөгү ар түрдүү тарыхый даректер жана элдик санжыралар-дагы айтуулар бири-бирине дал келишет. Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун "Тарых" аттуу китебинде " сактар бир түрдүү узун калпак кийишет, бул калпактын төбөсү учтуу жана катуу болот. Жанына кыска шамшар байланыап жүрүшөт" - деп сүрөттөгөн. Кытайлардын "Жаңы Тан-Наама. Кыргыздар чежиресинде" кыргыздар төбөсү узун калпак кийип, белине шамшар байланып жүрүшөт" - деп жазылган.

3) Сактардын негизги ичимдиги кымыз болуп үйлөрүн күн чыгышка каратып тигип, үйлөрүн өздөрү менен кошо артып жүрүшкөн. Күнду ыйык тутуп, Күндү карап сыйынышкан. Чырпык кыйып антташып, касам ичишкен. Ак боз ат союп Теңирге жана ата бабалардын арбактарына арнап түлөө кылышкан.

Геродоттун сактардан жазып алган мифтери боюнча сактардын түпкү атасы Папай (Баба) менен дарыянын кызы Борисфенден (Днепр) Таргитай төрөлөт. Таргитайдын Липоксай, Арпоксай, Колаксай аттуу үч уулу болгон. Атасы өлгөндөн кийин үчөө өлкөнү бөлүштүрө албай чырлашат. Күндөрдүн биринде асмандан алтындан куюулган соко, ай, балта жана чөйчөк түшөт. Эң улуусу Липоксай байлыкты алганы барса алоолонгон от чыгып кетет. Ортончусу барганда да от чыгып кетет. Эң кичүүсү Колоксай барса от өчүп калат да. Колоксай байылыкты үйүнө алып кетет. Теңирдин эрки менен падышачылыкты Колоксайга беришет.

Липоксай сактардын "Афхат" - ыйыктар уруусунун түпкү атасы болуп Тоо хан деген наамы болгон. Липоксайдын тукумдары негизинен дин кызматкерлери болуп, ак түстү ыйык тутуп, ак кийим кийинишкен. А. Газивдин «На берегах Яксарта» деген тарыхий повести боюнча Липоксай Кетмен-Төбөдө бийлик кылганын эскерткенбиз. Повестте сактардын өткөргөн «Нооруз» салтанатында Каби деп аталган дин кызматкери башкаргандыгы жазылган. Саяктардын бир бутагы Кабадан таралат. «Кабаны кайып колдогон» дегенн аңыздын айтылышы ыйыктыктын белгисин билдирет. Каба деген уруу аталыштары каракалпактар-да жана Эне-Сайлык кыргыздарда кездешүүсү байыркы сак уруу аттары байланышы бар деген божомолду пайда кылат. (Абрамзон С.М. Киргизы… Ф. 1990. с.17, 304.)

Таргитайдын ортончу уулу Арпоксай "катиар жана траспий" урууларынын түпкү атасы болот. «Катиарлар жана траспийлер» - данбагарлар жана атбагарлар деген маанини түшүндүрөт. Арпоксай - "терендиктин ээси " же Деңиз хан деген наамы болгон. Эң кичүүсү Колоксай сактардын паралат уруусунун түпкү атасы болуп, Күн хан деген наамы болгон. Паралат уруусу сактардын кадыр-барктуулары болуп падышалар жана аскер башчылары чыккан. Паралаттар алоолонгон кызыл түстү символ катары алып жүрүшкөн. (БСЭ. Мифология. с.60 .293. 319 .531.)

Гректер аркылуу бизге жеткен сактардын уламыштарын-да кыргыздардын санжыра уламыштарынын негизи жатат. Азыркы кыргыз урууларынын аттары, дарыялардын жана өзөндөрдүн аттары менен же тескерисинче дарыялардын аттары уруулардын аттары менен айтылып калган. Липоксай, Арпоксай, Колоксай деген аттар алардан тараган уруулар жашаган дарыялардын аттары да болушу мүмкүн. Тентексай, Аксай, Түгөлсай, Энесай жана башка толуп жаткан аталыштар бар. Ошол сыяктуу Липоксай - Элпек-Сай, Арпоксай - Арпа-Сай, Колоксай - Күлүк-Сай деп окуса да болот. Саяк урууларынын аталышы да (кээ бир булактарда «сейцы» - сайлыктар же апсиаки деп жазылат, бул жерде об-суу деген фарсы сөзү бар. ) Ошондуктан "сай" аттуу зат атоочтон жана «ак - агуу» этиштен келип чыккан деген болжолду туура деп ойлойбуз. (Бернштам А.Н. с.483.) Байыркы сак уруулары көп эл болуп согуш талааларына тоолордон селдей агып киргендиктен - "селдей аккан саяктар" - деген сөз айтылып, дайыма журт которуп жүргөндүгүнө байланыштуу «сел саяк» деген сөздүн мааниси «тентиген» деген мааниге өтүп кеткен.

Кыргыз уруулары Орто Азиядан күн чыгышка жаңы көчүп барганда өздөрү жашаган дарыянын атын Эне-Сай деп атап алышкан. Жаңы-сай →Яны-сай→ Енисай→ Енисей деп өзгөрүлгөнүн Бартолbд белгилеген. Орто кылымда "дарыя - кимактардын кудайы", - деп айтылган. Кимактар кыргыздар менен этномаданий биримдикте болуп, кийин кыргыздарга сиңип кеткен. Эне-Сай аталышы да байыркы сактардын санжырасына байланыштуу өзгөрүлүп кеткен.

Сактардын уламышы XIII-XIV к.к. жазмага тушурулгон түрк элдеринин "Огуз нама" уламышы менен байланышы бар. Огуз хандын Күн-хан, Тоо хан, Деңиз хан деген балдары болгон. Огуз хан балдарына бийликти асмандан түшкөн алтын жаа жана күмуш жебе менен бөлүп берген. "Огуз" деген сөз байыркы түрк тилинде "дарыя", "өзөн", "сай" деген маанини берет. Жети-Өгүз, Коңур-Өгүз топонимери "огуз" сөзүнөн келип чыкан. Чыңгыз хандын чабуулунда көчүп келген Эне-Сайлык кыргыздар менен Теңир-Тоолук кыргыздар аралашып жаңы кыргыз этносу түзүлөт. Карахандар мамлекетин курамындагы уруулар- дын көпчүлүгү кыргыздарга сиңип кеткен.

Эне-Сайлык кыргыздардын жана Теңир Тоодогу сактар-дын көрүстөрүнөдөгү археологияллык табылгаларда азыркы кыргыздар колдонуп жүргөн эмгек куралдары, көркөмдүк жана азем буюмдарда окшоштуктар арбын кездешет. Сөөктөрдүн коюлушунда, мүрзөлөрдүн казылышында айрымачылыктар аз. Торкен суусунун жогорку жагында Кишен-Сай деген жерде айдоодон боз граниттен чегилген балбал табылган. Балбалдын жасалышы өтө эле жөнөкөй болгону менен бет түзүлүшүндө европеоиддердин антропологиялык белгилери даана көрүнүп турат. Ата-бабаларыбыздын баатырдык келбети менен сүрөттөлгөн. Бул балбал Торкен мектебинин музейинде сакталып турат. Бала-Чычкан дарыясынан чыккан арыкты тазалоодо табылган таш балбал кызгылтым гранитке чегилген. Балбал азыркы кыргыздардын кебетесине толугу менен дал келет. Археолог С.В.Киселев кыргыздар эң сонун скулbптор болгон деп жазат. Минусинскийден эки таш балбал табылган. Алардын биринде эркек адам чегилип оң колуна чөйчөк кармап, сол колун кылычтын сабына коюп турат деп сүрөтөлөт. Бул Бала-чычкан таш балбалы менен дал келет. Жасалышы Кишен-Сай балбалына караганда бир кыйла кечирээк чегилип, түрктөшүү процесси аяктаган мезгилдерде туура келет деп болжолдоого болот. Эне-Сайдагы жана Теңир-Тоодогу тарыхий эстеликтердин окшоштуктары эки аймакта жашаган этностордун тыгыз байланышта болгондугунун далили. Кетмен-Төбөдөн таш балбалдар Мокрыниндин макаласында сүрөттөрү менен берилген. (Кетмен-Тюбе. с.201.)

4.Тил илими жагынан алып караганда байыркы сак тили менен кыргыз тили тутумдаш болгон. Сактардын "төрө", "аскер", "падыша", «зер», «уз», «күн», «баба», «апа» сыяктуу сөздөр жазма даректерде кездешет. "Тиграхауда", "парадарыя", "тиядарыя "сыяктуу уруу аталыштары, тик калпак (узун калпак), дарыянын бияк өйүзү, тияк өйүзү деген сөздөрдөн куралган болушу мүнкүн. Бир тил экинчи бир тил менен айтылганда жана жазылганда сөзсүз өзгөрүүгө дуушар болот. Жогоркудагы сөздөр өзгөрүлгөн түрү менен бизге жетип турат. Байыркы сактар чыгыш фарсы тилинде сүйлөшкөн деп айтылып жүрөт. Азыркы кыргыз тилинде да, фарсы тилинде да бирдей колдонулган сөздөр, терминдер жана грамматикалык сөз айкалыштар абдан көп. "Чаркар", «чарбак", "пайдубал", "казан", "казал", "дастан" ж.б. толуп жаткан сөздөр фарсы тилинде да колдонулат. Сөздөдүн жасалышы боюнча: "кер", "кор" мүчөлөрү менен талапкер, камкор жоопкер,айлакер,мүнүшкөр сөздөрү түзүлгөн."Поз", "бөз" мүчөлөрү менен өнөрпоз, ашпоз, бекерпоз ал эми "бей" аркылуу бейбак, бейкам, бейтааныш, бейчара ж.б. сөздөр түзүлүп кыргыз тилинде жана иран-тажик тилдеринде бирдей мааниде колдолулат. Жогорудагы пикирлерди корутундулаганда кыргыздардын ата теги болгон сактардын бөлүгү Аму-дарыя, Сыр-дарыя өзөндөрдүн аймагында жашап б.з.ч V-III кылымдарда перс аскерлеринин жана А.Македонскийдин кол салууларынан начарлай баштап бир бөлүгү Эдилден (Волгадан) Энесайга чейинки аймактарда тарап кеткен. Кыргыздар жаңы мекендеген жериндеги улуу дарыяны Жаңы-Сай, Яңы-Сай, Еңы-Сай деп атап алышкан. IХ кылымдарда "Улуу кыргыз мамлекетинин" негиздешкен. 2-бөлүгү Теңир Тоону мекендеп калган кыргыз уурулары байыркы ата бабасынын атын сактап Памир, Алай, Батыш Тенир Тоодо туруп калышкан. "Б.з.ч.1000-жылдан б.з.1000-жылдыгына чейин Кетмен-Төбөдө отурукташкан калктардын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү, кыргыз элинин этногенезисинин жана айрым уруулардын калыптаныш проблемаларын чечүүдө чоң мааниси бар."-деп Бернштам акылман бүтүм чыгарган.(Бернштам А.Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Б. 1997. С. 236.)

Сак, усун, хунн жана түрк доорундагы уруулардын конфедерациясында азык, багыш, ичкилик, кушчу, саяк уруулары болгон. Бул уруулар I-V к.к Кыргызсандын жана ага чектеш жаткан аймактардагы көчмөн урууларды өздөрүнө сиңирип алышып, Теңир Тоолук кыргыздардын уюткусун түзүшкөн. Теңир Тоолук кыргыздар Саманийлер мамлектинин көмөн компанентин түзүп, саясий аренада жигердүү рол ойногон. Карахандар мамлекетинин курамында кыргызардын таасири дагы күчөгөн. “Жаныш, Байыш” дастанында кыргыз мамлектетинин баяндалышы, ислам идеяларынын терең кириши жана “Алпамыш”, Жусуп, Ахмед” дастандары менен тыгыз байланышта болушу кыргыздардын Орто Азия элдеринин тыгыз байланышта калыптангандыгын далилдейт. «Жаныш, Байыш» дастанын жаралышы доордо болгон.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

19-08-2015
Х кылымдагы Саманийлер мамлекети жана «Жаныш, Байыш» дастаны
81403

17-08-2015
Кетмен-Төбө өрөөнү орто кылымда
103897

13-08-2015
Кайры шаары жана Азрети хандын көпүрөсү
51779

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×