Добавить статью
5:57 1 Марта 2011 28319
Бозбу-Атадагы жашыруун, сырдуу тамгалар

110301tash Борбордук Азиядагы жана Европа өлкөлөрүндөгү, Скандинавия аралдарындагы байыркы рун тамгалары андроновдук тамгалардын тамыры менен бекем байланышта экенин эчак эле ааламдар ааламга жар салышкан. Анын ичинен рун тамгалары Борбордук Азияда, Казакстандын жана Кыргызстандын Талас, Кочкор аймактарынан табылганы бизге маалым. Бул тамгалар биздин кыргыз элинин эң байыркы колдонгон тамгалары экенин биз билебиз, ошондой болсо да бизге ушул күндөргө чейин белгисиз болгон, али да изилдене элек рун тамгалары кыргыз тарыхына белгисиз бойдон экенин айтуу менен бирдикте байыртан эле кыргыз жери Ала-Тоодон Алтайга чейинки аймакты камтыгандыгын айтышыбыз керек.

Ал эми «рун» деген сөз сыйкырдуу, жашыруун, купуя, сырдуу деген маанини билдирет. Мына ушундай байыркы андроновдук доорго туура келген жазуу, жергиликтүү эл айткандай Аксы Атанын бир уулу болгон Бозбу-Атанын мүрзөсү биздин кичи мекенибиз Аксы районунун Бозбу-Ата тоосунун эң бийик жеринде деңиз деңгээлинен 2583 метр бийиктикке жакын жерде жайгашкан. Анын формасы пирамида же пирамиданын кесилген формасына окшош экендигин айтсак болот. Демек, байыртан эле ушул аймактарда байыркы кыргыздардын көчмөн уруулары жашагандыгын, андагы таштагы кутай уруусуна, ошондой эле кыргыз урууларынын уруулук эн тамгаларын кездештирүүгө болот.

110301tash_2 Мазардын сырты таш менен тосулган коргондон турат, бардык тарабы 10 метрди түзөт, ал эми ички түзүлүшүнүн узундугу 2,80, туурасы 2,10, бийиктиги 80-90, ал эми үстү 2 метрди түзөт.

Таш мүрзөнүн ичинде чамасы үч-төрт адамдын сөөгү коюлганын байкоого болот. Таш мазар таш менен өтө чеберчилик менен кынапталып курулган. Ал жерге азыркы күндө кыргыздар сыйынуу үчүн барышат жана сыйынышат. Азыркы кездеги айрым изилдөөчүлөр белгилегендей жана ошол доордогу жашаган сактарды биздин кыргыздын нукура ата-бабалары экенин мезгил улам тактап жатат. Анткени мына ушул Бозбу -Ата тоосун этектеп байыркы сактар жашагандыгынын белгиси катары сак кыргыздарынын кагандарынын мүрзөлөрү Ак-Дөбөдө, Бозбу-Жээкте жана Кош-Дөбө айылында кездешет. Ал эми Бозбу-Ата жайлоосундагы рун тамгалары б.з.ч. 2- миң жылдыктарга туура келет. Бул рун тамгаларын азырынча изилдене элек тамга болуп саналат. Ошондой болсо да биздин көз карашта бул рун тамгаларын байыркы биздин ата-бабалар маалымат алуу, берүү үчүн, табияттын сырдуу күчтөрүн үйрөнүү максатында пайдаланышкан деп айтууга толук негиз бар.

Бозбу-Атадагы рун тамгаларынан тик бир сызыкты жана тик эки, тике үч сызыкты жана жаанын жебесиндей болгон сызыктарды бул сызыктарды илимде Огамикалык тамгалар деп аташат, огамикалык тамгалар биздин Бозбу-Ата тоосунда кездешет. Мындай тамгаларды байыркы скандинавиялыктар колдонгон, ал эми биздин ата-бабалар кол өнөрчүлүгүндө, карапа идиштерди жасоодо өтө кенен колдонушкан. Мындай тамгалардын тике бир сызыгы «а» - тамгасын билдирсе демек аалам түшүнүгүн билдирет, ал эми эки тике сызыгы «о» чексиздик, башталыш, үч тике сызыгы «и»- асман, жер, суу түшүнүгүн, ошондой эле ир, жер төрт, ал эми тике сызыгы «е», ээлик, эге, неме, себеби байыркы кыргыздар ар бир жердин ээси, теңири бар деген тенирий түшүнүгү азыркы күндө да жашап келет, Бозбудагы таштардан сызыктуу тамгалар кыйгач формада жазылган, анда бир кыйгач сызык- «т» тамгасын - бардык нерсени тенирим өзү жараткан деген белги, тенирге сыйынуунун башаты десек болот, эки кыйгач сызык болсо, анда «д» тамгасын ынтымак, достук деген түшүнүк жана душманды кантип жеңүү жолун тенирден ташка жазып сыйынышканын билдирет. Ушул сызыктуу тамгалар толугу менен Бозбу-Ата тооосунан кездешет. Бул жер байыркы кыргыздардын, азыркы кыргыздардын энергетикалык борбору жана сыйынуучу жайы жана Тенирдин ордосу болгон деп айтууга толук негиз бар. Ошондой эле, кыргыз рун тамгаларынан + (кошуу белгиси) кут белгисин, ал белгилер чексиздикти жана береке байлыкты билдирет эмеспи. Кээ бир белгилер кылычтын белгисин «+------» ушундай белгини байкоого болот, бул белгилер кылычка сыйынуунун белгисин билдирет, башкача айтканда байыркы кыргыздар «көк кирип, кызыл чыксын» деп сыйынгандыктын белгиси болуп саналат. Эң кызыктуусу Бозбу-Ата тоосунун географиялык толук картасы түшүрүлгөн таш картаны байкоого болот, бул кыргыз тарыхындагы эң байыркы тарых экендигине назар салмакпыз. Таштарда чегерилген көп чекиттерди да байкоого болот, чамасы ал чекиттер тамгалар болушу толук ыктымал.

110301tash_3 Ал эми Бозбу-Атадагы мүрзө байыркы андроновдук мезгилге таандык бугу таштарды кездештиребиз, тилекке каршы ал бугу таштар мөңгүнүн көп кылымдык эришинен, табияттагы ар кандай жер титирөөлөрдөн негизги белгилери гана сакталып калган. Бул мүрзөлөр байыркы Теңир-Тоолук, Ала-Тоолук байыркы кыргыздарга гана тиешелүү бай маданий мурас экендигин биз сымыктануу менен айта алабыз.

Бул аймакты тезинен мамлекеттик корукка алуу биздин эң негизги милдетибиз экендигин баса белгилейбиз.

Учур келгенде айта кетишибиз керек, анткени бул илимий экспедициябызга колдоо көрсөткөн ЖТРнын Аксы районундагы өкүлү А.Калбаевге, оператору Мамбеталиев Нурболотко Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Чилетовага жана Жерге-Тал айылдык округунун башчысынын орун басары Р.Жоробековага ыраазычылык билдиребиз.

Сапарбек Наркеев, ЖаМУнун Аксы колледжинин доценти

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

09-06-2015
Аксыдагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана анын элдик оозеки чыгармаларда баяндалышы
28167

14-03-2011
Гергесдер (хеттер) - байыркы кыргыздар (фото)
28787

09-03-2011
Массагет – «Улуу кыргыз ордосубу?»
60507

02-03-2011
Кыргыз калпагына 5000 жыл
48085

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×