Добавить статью
9:08 9 Марта 2011
Массагет – «Улуу кыргыз ордосубу?»

Бекустун аскасындагы Дарий 1ге арналган жазууларда сак деп жазылат, ал эми Геродоттун нагыз тарыхый эмгегинде искутай, ассириялык тарых булактарында ишгуз, ишгузай, асгузай деп аталган. Страбондун, Плинийдин эмгектеринде сактарды турегетай, турагетай деп жазган. Биздин кыргыз тилде тур-төр, тур - байыркы кыргыз тилинде «теңр» маанисин да бермек да, ошону менен бирге эле «гутай-кыргыз тилинде «кутай-бакыт, кут» маанисин билдирмек. Ушуга улай эле илимпоз И.Ямпольский да удин, уитий, уды – бул кутай этнониминин билдирерин жазган болсо, ошол эле Күлтегинге арналган жазууларда Кутай уруусун «бир боорлорум» -, деп атаган. Искутай, исгузай биздин элдин нукура аты экенин байкасак болот. Байыркы биздин бабалар ар дайым өздөрүн «теңирдин кут берген эли» деп аташкан же көктүн, күндүн уулдарыбыз деген.

Байыркы искуздар-кыргыздардын эң чоң ордосун тарых булактарында «массагеттер» деп да аташкан, эгер биз тарых атасынын жазганына байкоо салсак, анда Геродот «матигетай»-биздин тилде «манесгетай, манастын куттуу эли» дегенди түшүндүрөт, ал эми И.Клапрот, В.В.Григорьев, С.П.Толстов массагет «улуу геттер» деп атаган, кытай тарыхый булактарында «да-юе-чжи», «улуу юеджилер» деп айтылган анткени булардын жашаган аймактарын Л.И.Ельницкий Аскатан (Теңир –Тоо-автор) тоолорунда бир бөлүгү жашайт, ал эми экинчи бөлүгү «улуу кытай дубалынын» жанында жашагандыгын белгилеген. В.В.Григорьев массегеттерди геттердин (түрктөрдүн) жакын туугандары деп атаса, ал эми И.В.Пьянкова массагеттерди толугу менен түрктөрдүн теги экендигин жазган. Эми буларды тарыхтын түпкү булактарында гет, хет деп атап келишкен, буларды тили, дини, кийген кийимдери толугу менен азыркы кыргызымдын материалдык, руханий дөөлөттөрү менен шайкеш келет. Ал туралуу өз мезгилинде айтабыз. Массагеттердин курамында беш уруу кирген жана аларга: дербик, аугасийлер (аттасилер,авгал), апасиактар, аттасиак, жана хорасилер, ошондой эле массагеттерди – тарыхчылар «Сак ата» деп жазганы бар, ошол эле кыргыздардын эң байыркы тарых булактарындагы аты «Кыр-Ата-Кыргыз -Ата» деп аталган да жазуу кездешет ындынын (индиянын) тарых булактарында. Ошол эле массегеттердин курамындагы дербиктер-кыргыз элинде дербик, дорбут, дообут деген уруу аты бар, ал эми аугаси-асык уруусу, ошондой эле апасиак-апа, апачы, ошоло эле аттасиак- ата бул этнонимден масаагеттердеги аталык бийликтин да согуш күндөрүндө же жоокерлерди башкарган башчылардын атынан улам айтылып жатса керек, ошондуктан атанын-башчынын, хандын таасири бар экендигин билдирет жана алар кытай булактарына караганда хотан дарыянын аты менен да байланыштырат, аларды асиан (атан-автор) түрк урууларындагы падышалык, хандык бийлик менен бирге карасак да болот. Дагы бир айта кетүүчү жагдай ушул Сыр-Дарыянын жээктеринде эдон деген этноним бар, биз мындан оңой эле атан же ата деген этнонимди байкоого болот. Ал эми хорасилер-хора, хара, кара деп өзгөрүп түпкү уруунун аты «кара» кыргыз элибиздин ичиндеги төргөш-кутай –кытай уруусу «кара жана сары » төргөш деп бөлүнгөнү бизге тарыхтан белгилүү. Ошондой эле, тарыхчы Эсен уулу Кылыч массагеттерди түрк элдеринин асык жана фракиялык гет уруусунун бирикмеси катары көрсөтөт. Фракия – биздин тилде Фракия, тракия, туракия, турания, гиркания, гаркания, гарказия карказия, кыргызия болуп өзгөрүшү мыйзамдуу көрүнүш. Бирок эки уруу тең эле түрк кыргыздарынын уюткусу болгон, кечеги эле казактын кичүү жүз уруусундагы маскар уругу, анын бир нече бутактарга бөлүнүшүн, анын ичинде «масак» деген урук бар экенин тарыхчылар белгилешет. Кыргыз элинин чоңбагыш жана саруу урууларынын арасында мачак, мажак деген уруулар кездешет. Бул ойлорубузду С.М.Абрамзондун эмгегине таянуу менен бекемдей турган болсок, анда ал эмгекте: « «апа», же «аба» аббат, авагат кыргыздын ичкилик уруусунун курамына кирген эң байыркы уруулардан» -деп баса көрсөткөн. Мына дагы бир ирет тарыхтын чындыгы кашкайып келип чыкты. Массагеттердеги- улуу кыргыз ордосундагы урууларынын атына назар салалы, тарыхтагы аты дербик- кыргыздагы аты добут-бул ат менен отуз уул уруусунун курамында, ал эми «аугас» -асык- асык же гуздар деген ат менен да белгилүү, асык уруусу сол кыргыздарынын курамында кездешет.

Ал эми Плинийдин апасиактарды Окс (Аму-Дарыясы) жана Танаид (Сыр-Дарыя) аралыгында жашагандыгын белгилейт. «Апа»- бул ичкилик жана сол кыргыз уруусунун курамында да кездешет, оюбузду тастыктасак, анда илимпоз аалым С.П.Толстов Страбондо кездешкен «апасиак» уруусун «печенектер менен байланыштырган», бул ойдун чоң чындыгы бар, анткени байыркы кыргыздардын кыздарга-энелерге сый мамиле жасаганын тарых булактары да ырастайт. Кыргыз тилинде апа-үйдүн куту, канышасы, түрк элдеринин салтында ар дайым энени ыйык эсептегенин биз Орхон-Энесай жазууларындагы Барсбекке арналган жазуудан билебиз: « Он ай боюна көтөргөн эле энем! Элиме мени тууп берген энем», «Апа» - бул термин «байбиче», жана «апиче», мында бай-чоң, улуу, биче-бийке-каныша, апиче-апа-эже же ажо-деген сөздүн төркүнү жатат-, деп жазат Нурбек Туран. «Апиче» же «абже» арий тилинде «суудан жаралган» дегенди билдирет, байыркы кыргыздардын бир аты арий, аруу экендиги бизге белгилүү эмеспи. Апа теңирин байыркы сактар-кыргыздар жаралуунун башаты, жер менен асмандын, ата-баба жана Обо теңиринин союздашы катары эсептегенин белгилеп жазганбыз. Кыргыз сактары байыртан эле энени теңирдин элчиси, өкүлү катары сыйынган, пир тутушкан, ошондон улам бул сөз бизге апа, обо деп өзгөрбөстөн бизге жетти. Кыргыздар ошол эле учурда жаш бала ооруп калса бакшылар, апаларыбыз «Умай» эненин колу деп ооруган баланы эмдегени бизге белгилүү эмеспи. Тарыхый булактарда печенектерди (алар өздөрүн кргыз-кыргыз-жок кылуучу, багынбас деп атаган) - саруу уруусунун бир бутагы болгон. Нурбек Туран мырза өз эмгегинде: « Аларды тынчтык мезгилде аялдар башкарган, ал эми согуш учурунда аялдар улуу кол башчыны шайлашып, ага башкарууну өткөрүп беришет. Согуш аяктаары менен бийлик кайрадан аялдардын колуна өткөн». Ошол эле кезде аялдар жоо тике кирип, тайманбай согушканын тарых барактарында, массагеттин – улуу кыргыз ордосунун канышасы Заринанын, Спаретра-Кыз Сайкалдын, Томирис-Тумар Кыздын эрдиктеринен айтып өтсөк болот. Ошондуктан, кыргыз элинин этногезинин калыптанышында массагеттердин (кыргыздардын) апа, ата, асык, добут, кара деген уруу аттары учурда да кыргыз элинин курамын бекемдеп турганын мезгил бекемдейт. Арийне печенек деп аталган уруунун курамында, массагеттердин негизин «апа», ата, асык уруусу түзгөн, ал эми печенектердин бир аты кегерес, кыргыз экенинин өзү эле ар тараптуу монолиттей тарыхтын чындыгын чыңдап, бекемдөөдө. Масагеттерди О.Айтымбетов катаган уруусу менен байланыштырса, ал эми окумал, илимпоз, тарых изилдөөчүлөр кангар, кангүйлөр жана кыргыздын сол канатындагы «мажак» деген ат менен да бир караган көз караштар бар. Мачак кыргыз тилинде бөрү-ит маанисин да билдирет, «гет» деген сөз орус тилинде «алды жакты кароочу», «алдыга көз салуучу» дегенди билдирерин жазган Б.Турал. Андан «гетман» деген сөз келип чыкканын В.Кандыба менен П.Золин өздөрүнүн «История и идеология русского народа» деген китебинде. Автордун пикиринде гет, хетт сөзүнөн немистердин хауптман деген сөзүнөн, поляктын «хетман», «гетман», чехтердин «хейтман» ж.б.у.с.сөздөрү пайда болгон. Биздин көз карашта хет элинин атынан «гетман-башкаруучу» деген сөз пайда болгон. Кыргыз жерибиздеги Кетмен-төбөнүн аты да Гетман-Төбө «Хан –Дөбө-деп жазат Б.Турал. Чынында бул аймак байыркы сак кыргыздарынын-массагеттердин кандарынын негизги ордосу болгонун «үч кан, үч урулук бирикменин оң, сол, ичкилик урууларынын-элдин хандарынын бирдиктүү ордосу» болгон. Бул дөбөлөргө хандардын сөөгү коюлган жерлер болуп эсептелет. Баяс Турал белгилегендей «Гетмантөбө, «Кетментөбөрий-кыргыз тилинде. Ал «кет Адамы коюлган дөбө, башчы дөбө, «хан дөбө» деген маанилерди түшүндүрөт. Ал эми Б.Чотурова болсо, кызыктуу бир элдик уламышты баяндаган, анда элди башкарган хандын аты Ажокыйык деген дал ошол хеттердин ханды «ажо деп айтканы менен дал келип жатат.» Анткени кан, падыша сактары деп аталганы да ошондон улам келип чыкса керек. Чындыгында булардын бир бутагы Эки дарыя аралыгында «шумер-кенгерес» цивилизациясын түзгөн, индиядагы Ганг дарыясынын аты да ушул уруулардын аты менен байланышкан. Массагеттерди-кыргыздардын арасындагы кандын ишенимдүү жоокерлери болгондуктан, дагы бир аты кангар, катаган, кыргыз, кеңерес деп аталганы бизге белгилүү.

Баса дал ушул массегеттердин бир аты - хет, гет, дагы бир аты керкет, керкес, кээде гергес деп аталган жазуулар бар, айрыкча христиандардын «Эски осуятында» гергес эли деп аталган, биз эми кыргыз деген этноним ар кайсы тарыхый доорлордо ар бир элдин тилинде ар кандайча аталып келгенин байкасак болот, ошондой болсо да этнонимдин тотемдик маанисин жоготкон эмес. Өз учурунда аалым О.Томсон өзүнүн «История древней Географий» аттуу эмгегинде хеттер (хеттердин тилинде: –кудайды Теңир, Адам-адам-киши, даяр, таш-таш, эр-эр-, деген сөздөрүнөн эле байкасак болот бул маселени өзүнчө кийин жазарбыз - автор) байыркы падышачылык доорунда буларды хирхуф, хирхут, хирхус, херхес деп аталганын чечмелеген, биздин көз карашта херхес, гергес-керкес, кыргыз деген сөз пайда болору эч кимди шек жаратпайт, дагы айта кетүүчү жагдай «хетт» деген сөз байыркы түрк тилинде Томсон мырза «ит» маанисин билдерерин жазган, ал эми кыргызымдын байыркы тилинде «итти тергеп айтканда кет, эт, эр, ор, от терминдери менен бирге катар коюп ыйык көрүшкөн.

Кыргыз элинин калыптанышында тарыхтагы массагеттер-чыныгы «улуу кыргыз ордосу» экендигин, андагы негизги беш уруу нагыз кыргыздагы уруу аттары экендиги кашкайып көрүнүп турат. Алардын башкаруучуларынын аттары да Каныш Атай, Акшер деп аталганынан байкоого болот.

Ошондуктан, өз мезгилинде тарыхтын чындыгын аалым, тарыхчы К.И.Петров « (кыргыздардын-автор) түрк тилдүү элдердин чарбачылыгынын жана эмгектеги жетишкендиктеринин эң алгачкы этабын Борбордук Азияга жакын аймактан кароо керек, же бери эле дегенде Алдыңкы Азиядагы индоевропалык элдер менен биргеликте жакын жашашып жана акырындык менен Азиянын кең аймактарына таралган» - деген ойлорунда чоң тарыхтын ачуу чындыгынын белгилери улам тастыкталууда. Себеби Казакстан, Алтай, Сибирь жана Жети –Суу жана Кыргызстандын аймактарында байыртан эле тили жана маданияты боюнча туугандашкан уруулар жашаган. Сак жана скиф деп айтылган уруулар нукура эле биздин ата бабаларыбыз экендигин алардын этнонимдери, материалдык маданияты, тамак аштары, адам аттары, руханий дөөлөтөрү да күчтүү тастыктап жатат.

Демек, сактардын бириккен ордосун «массагетт- улуу кыргыз ордо» бул ак сөөк кыргыздардын башын бириктирген, мыкты, тайманбас жоокерлердин, акылмандардын ордосу, бирикмеси болгон, анда түлөө өткөрүлүп, теңирге арналып ак боз ат союлуп майрамдалып, кеңешип маселелерди чечишкен. Тек гана тарыхчылар биздин элдин жашоо образын билбегендиктен, тарыхчылар көчмөндөр деп бир эле элди ар кандайча атап, бири-бирин түшүнүксүз, уккан билгендеринен же ички маңызын билбестен жазып келишкен. Натыйжада Массагет- мазь –байыркы индоевропалык тилде «бирикме», ал эми кыргыз тилинде Мас-ман, манас болуп өзгөрөт, ал эми сак-бекемдикти, сактыкты жана тотемди (ит-бөрүит- кыргыздын тотеми, себеби кыргызды Кызыл иттен тараган деген уламыш бар. Ошол эле мачакты-бачак, баш, башчы дегенди билдирет эмеспи -автор) гет-гес-гис, гыз болуп өзгөрөт да « кыргыз» деген сөз келип чыгат, ошентип «Массагет»- азыркы кыргыз тилинде «Манас-кыргыз ордосу» , анткени байыркы кыргыздын ордосу байыртан эле, ушул күндө да азыркы жашаган аймактарды өз ичине камтыган же элдик оозеки ырлардын тили менен айтканда «Кан Манастын ордосу» болгон, бул айтымдар бири-бирин толуктап турган синоним этнонимдер, сөздөр болуп саналат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Аксыдагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана анын элдик оозеки чыгармаларда баяндалышы

Гергесдер (хеттер) - байыркы кыргыздар (фото)

Кыргыз калпагына 5000 жыл

Бозбу-Атадагы жашыруун, сырдуу тамгалар

Еще статьи