Добавить статью
9:12 14 Марта 2011
Гергесдер (хеттер) - байыркы кыргыздар (фото)
Адегенде биздин тарых жөнүндө бир эки ооз сөз: Ар бир элдин тарыхы ошол элдин биримдиги, келечеги, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн кызмат кылуусу тийиш. Тарых - элдин башынан өткөргөн өткөн окуялары гана эмес, жеңиштери менен жеңилүүсү, кубаныч менен кайгысы, ошол өткөн окуялардан жыйынтык чыгаруусу. Негизи тарыхтан ар бир инсан сабак алышы керек. Демек, биздин алдыбызда азыркы учурда төмөндөгүдөй суроолор пайда болот, биз кыргыздар өз тарыхыбыздан канчалык сабак алып жатабыз жана канчалык өз ата-бабаларыбыздын тарыхын эң мыкты өздөштүргөнбүз, өзүбүздүн жашообузда ата-бабалардын жакшы жактарын турмушубузда колдоно алабызбы? Улуу инсандарыбыздын жолун, эрдиктерин даңазай алганга кудуретибиз жетеби? Ошол улуу инсандар туралуу балдарыбыз үчүн, бөбөктөр үчүн эмгектер жаралдыбы? Мектептерде кыргызымдын тарыхын окуп жаткан окуучу, же азыркы тарыхыбызды окуган окуучу, башка элдин тарыхын окуп жаткандай таасир менен билим алган жокпу же 20 жылдан бери өзүбүздү-өзүбүз алдап жашап жаткан жокпузбу? Ошондуктан, бабаларыбыз айткан, тарых –бул жол көрсөткүч, эгер андан сабак алсак, биз анда келечек үчүн өчпөс баалуу белек калтырабыз. Ошондо биздин элибиздин тарыхы аркылуу гана кандай деген эл болгонубузду окуп, андан соң гана улуттук намысыбыз, тарыхый аң-сезимибиз пайда болот. Биз үчүн элибиздин тарыхы – бул элдик оозеки чыгармалары, ырым –жырымдары жана салты, тарыхтан алган орду, андан жыйынтык чыгарганыбыз жана да урпактарыбызга калтырган баалуулуктарыбыз.

110314narkeev Биздин элдин эң баа жеткис баалуулугунун туу чокусу - бул биздин Манас эпосубуз. Манас эпосу башка элдердин эпосторуна караганда мифтери аз, ал эми реалдуу тарыхы тоолорубуздай өтө биийк экенин сыймыктануу менен айтсак жарашат. Эмесем окурман адегенде кыргызымдын залкар Манас эпосунун гергесдердин (хет) байыркы тарыхы менен кандай байланышы бар деген суроого жооп издеп көрөлү.

Байыркы хеттер (гергесдер) б.з.ч. 3-миң жылдыктын акырында кандаштарыбыз болгон шумерлердин (кеңерес- автор) цивилизациясын уланткан түпкүлүктүү байыркы кыргыздар болушкан. Хеттердин «Бытьеде 15,18-21» китебинде: аты кеней, хеттей, ферезей, гергес. Бул китепте гергесдерди-кыргыздарды жоокер, ажыдаар эл деп жазышкан. Алардын храмы «Зикурат-святая гора - кыргыз тилинде «сыйкырдуу тоо» деп аталат. Мамлекеттин борбору «Манеш Карказия», азыркы кыргыз тилде «Манас Кыргыз» деп аталган. Арийне алардын айрым бир тилине токтоло кетели: Арин-аруу, Арин-булак, киши, теңир, Адам, куз-кыз, даяр, ут-от, ата-ата, ан-асман, төбө, кук-көк, уйку, ажо, катун-катын, тут-тут-карма ж.б.у.с. 200дөн ашык сөздөр кыргыз элимдин сөздөрү менен окшош. Алар элдик жыйынды «Тулий» - биздин тилде «Түлөө», ал эми жер энени «Кибеле, Кутэне», ал эми биздин тилде «Кутман эне» деп аташат, ошондой эле үй-бүлөнүн теңири катарында гергесдер-кыргыздар байыркы мезгилде «Иштөр, үйтөр», ал эми бизде «үйтөр теңири» деп аташат.

Ал эми булардын издерин биз Түркиянын Анадолу жергесиндеги Жазуулуу тоосундагы аскага бетине тартылган сүрөткө көңүл бөлсөк, анда адегенде бир тарабында кийиз өтүк кийген, төбөсү асман тиреген 12 колбашчынын, колдоруна курал алып майрамдык маанай менен кетип бара жатканын байкасак, ал эми дагы бир экинчи катарда да он эки жоокер түрдүү куралдарды алып, ар бири колдоруна тоголок кут белгисин, жер шаарын кармап тургандай колдорун алга созуп бара жатышса, алдыдагы - сынын колунда шамшар, теңирдин найзасы, экинчи катардагысында шамшар жана отту алып кетип бара жаткандай, ошондой эле ак элечек кийген канышалардын, кош кабаттуу, мүйүздүү калпакчан каганды жана анын сакчыларын, ошону менен катар эле колунда шамшары жана музыкалык аспап комуздун формасын ачык эле байкоого боло турганын Захария Ситчиндин «Двенадцатая планета» китебиндеги сүрөттөн байкайбыз жана бул туралуу С.А. Наркеев өзүнүн эмгегинде ар бир жоокердин жүрүнтөрүн чечмелеп жазган ага кошумча Гергесдер-байыркы кыргыз аталарыбыздын дүйнө таанымы боюнча Көкө (асман теңири) Теңири, Жер Теңири жана ортодо Адам жаралган деген түшүнүк болгон. Манас эпосунда бул маселени мындайча баян этет. «Айың менен күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин, бир өзүнөн бүткөндөй». Адепки адам жаралгандагы эң алгачкы дин Теңиризм биздин байыркы кыргыз-гергес ата-бабаларыбыз аркылуу (байыркы дин- автор) дүйнөгө теңиризм дин таанымы тараганын аалымдар азыр макул көргөн мезгил келди көрүнөт. Биздин элдин Манас эпосунда да он эки колбашчынын болгонун эпосубузда да баяндалат эмеспи, гергесдердеги 12ден жоокердин болушу жөн эле окшоштук эмес, бул тарыхыбыздын тамырынын тереңдигин жана бир экендигин баяндап жатат. Анткени Манастын да 12 жоокери туралуу учурунда аалым С.М.Абрамзон Манас баатырдын оң жагында он эки жоокер коштоп, сол жагында он эки жоокер акуланы жетелеп алышканын жазган болсо, эпосубузда Манас атабыздын тактысын алтымыш адам көтөрүп бара жатышканын 4000 куланды чубатып, 70 кулач ажыдаар сойлоп, азуулу 6 жолборс арылдап, колдоруна кара кушту кондуруп кетип бара жаткан жоокелерди кыраааты менен эпосто көркөмдөп айтылат эмеспи. Жогорудагы 12 жоокердин оң жана сол тарабында болушу бери эле дегенде те байыркы кыргыз аталарыбыздын 12 жыл санагын, адамдын мүчөлүн (адегенде 13, кийин 12жыл менен эсептешет ) 12 жыл менен эсептешээрин жана Кыргыз-Ата доорундагы 12ден 24 кошуундун башчыларын жана уруу колбашчыларын билдирип турса, ошол эле кезде, элибиздин майрамдык, балким Улустун улуу күнүн белгилеп жатканын баяндашы ыктымал. Баса кандашыбыз түкмөндөрдүн 12ден 24 уруусу айтсак, ошондой эле Манастын 12 кошууну болгонун элдик санжырабыз да баяндайт.

Чындыгында эле бул сүрөттө Манас баатырдын салтанаттуу жүрүшүн, тактыга келишин же бери эле дегенде жеңиштерин сүрөттөн байкоого болот. Эң кызыктуусу кыргыздын комузунун формасы сүрөттө айкын ачык байкалып турганы жана да 12 жоокердин Манастын 12 жоокери менен окшоштугу, кыргызымдын төбөсү асман тиреген калпагы, кийизден жасалган бут кийими жана да энелерибиз кийген ак элечек, колуна куш кармаган жоокерлерибиз те б.з.ч. 2 миң жылдыктардын башынан бери бар болуп, ташка тамга менен баскандай тарых барактарынан көрүнүп келе жаткан бабаларыбызга ыраазыбыз. Демек, хеттер –гергесдер- булар байыркы кыргыздар-биздин ата-бабаларыбыз. Ата-бабаларыбыздын философиясы, скульптурасы, архитектурасы, тили, маданияты индоевропалык элдердин өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген. Сөз соңунда айтаарым: Кыргызым ойгончу кез келди! Бабаларыбыздай болуп, дүйнө элдерин түрө кыдырып, алардын асыл өнөрлөрүн окуп, үйрөнүп, мамлекетибизде гүлдөгөн «Улуу кыргыз» өлкөсүн түзүү мезгили келди көрүнөт.

Сапарбек Наркеев, ЖаМУнун Аксы колледжинин доценти

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Аксыдагы 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана анын элдик оозеки чыгармаларда баяндалышы

Массагет – «Улуу кыргыз ордосубу?»

Кыргыз калпагына 5000 жыл

Бозбу-Атадагы жашыруун, сырдуу тамгалар

Еще статьи

X
Для размещения комментария авторизуйтесь