Добавить статью
15:50 5 Мая 2016 37511
Архивдер түгөнбөс кенч, чыныгы тарыхый мурастар байлыгы

Билген адамга архив дүйнөсү - кереметтүү, кызыктуу, так маалыматтар, кол жазмалар, кино-фото документтер дүйнөсү. Архивдердин чыныгы маани-маңызын архивде олтуруп, документтерди таап, тийиштүү түрдө иликтеп, алардын чыныгы маани-маёызын түшүнө алган, кызыгына батып, аларды кеёири окуучулар аудиториясына жеткире алган гана адамдар билет. Ачыгын айтыш керек, архивге бир кирип алсаң, ал өзүнчө эле кенч, ар тараптуу, түбүнө жете алгыс чыныгы тарыхый мурастар байлыгы. Улам-улам жаёы маалыматтарды таап окуган сайын кызыгууё артат. Архивдердеги убакыттын изи калган, барактары саргарган документтердин ар бири адамды өзүнө тартып, сыйкырчыдай арбыйт. Дал ошол архивдерден биз көптөгөн өз убагында көпчүлүккө маалым болбой калган же тиешелүү маани берилбей унутта калган маалыматтарды, документтерди таап, тарыхый мурас катары колдонуп жүргөнүбүз да талашсыз көрүнүш.

Архивдердин дагы бир өзгөчөлүгү биз алардагы фонддордун материалдарынан кээде күтүлбөгөн, мурда такыр белгисиз болгон тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий мүнөздөгү маалыматтарды тапсак, кээде иликтенип бүттү деген маселедеги мурда белгисиз, иликтенүүчү маселенин дагы бир жагын толуктап, ачып көрсөткөн тарыхый булактарды табабыз. Кээде биз ынанып, бир катар муундарга үлгү болуп, алардын көз карашы, ишеними калыптанган тигил же маселе боюнча такыр күтүлбөгөн, башка маанидеги документтер да табылып, окурмандардын, керек болсо бир катар муундардын көз карашын өзгөрткөн тарыхый булактар, архивдик документтер болот. Буга мисал иретинде, эгемендүүлүктүн доорунда, акыркы жылдары кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхынын мурда актай калган же толук иликтенбей келген маселелери боюнча жарыяланган архивдик документтерди келтирүүгө болот. Айрыкча улуттук мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшү, өнүгүшү, аларды бекемдөөдөгү кыргыз элинин чыгаан уул-кыздарынын орду жана ролу, кыргыз элинин, мамлекетинин эл аралык аренага чыгышы, эл аралык аренадагы тарыхый, саясий орду жана ролу, кыргыз элинин унутта калган каада салттарынын, үрп-адаттарынын, улуттук өзгөчөлүктү камтыган маданиятынын, элдик мурастарынын, руханий дөөлөтүнүн азыркы муундарга жетпей, ар түрдүү себептер менен унутта, көмүскөдө калган барактарын толуктоого болгон өбөлгөлөрдү түзүп берген архивдик материалдардын кеёири жарыяланышын баса белгилөөгө болот.

Биздин архивдер салыштырмалуу түрдө жаш болуп, башка дүйнөгө таанымал болгон ири архивдерге салыштырганда кечээ эле түзүлгөндөй болгону менен аларда да ар тараптуу иликтөөгө арзый турган ар түрдүү баалуу документтер бар. Айрыкча баалуу да, өзгөчө манилүү да документтер Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде, саясий документтер архивинде, Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда, областтык архивдерде сакталып турат. Албетте биз үчүн өзгөчө тарыхый, саясий, маданий мааниге ээ документтер Кытайдын, Россиянын, Турциянын, Казахстандын, Өзбекстандын, Германиянын, Американын, Англиянын, Франциянын, Финляндиянын мамлекеттик архивдеринде сакталып турганы да талашсыз. Мисалы, жакында эле ММК Кытайдын архивдеринен байыркы кыргыз мамлекетинин башчыларынын ысымдары табылды деген маалымат тарады. Эгерде ошолордун аттары коомчулукка кеёири маалым болсо, алар үчүн биз Кытай мамлекетине да, элине да зор ыраазычылык билдирээрибиз турган иш.

Албетте биз үчүн кызыгы башка архивдерден келген көчүрмөлөр эмес (көп учурларда алар да баа жеткис мүнөзгө ээ), түп нускадагы архивдик документтер болуп эсептелет. Тилекке каршы биздин архивдерден андай эле байыркы же орто кылымдарга таандык тарыхый документтерди, булактарды, маалыматтарды табуу кыйын. Дээрлик жокко эсе, бирок башка архивдерден алынган түп нускалардын көчүрмөлөрү көп эле кездешет. Мисалы, биздин Ош областтык мамлекеттик архивдеги эё эски документти – 1886-жылга таандык Ош уездинин дан эгиндер эгилген кайрак жерлери тууралуу маалыматты, мен 1992-жылы кокусунан таап алгам. Ошол кездеги архив кызматкерлери архивдеги түп нускадагы эё эски документ ушул болду дешкени эсимде. Балким андан бери ал документтен мурдагы кезге таандык документтер табылгандыр, менин билишимче азырынча жогоруда аталган маалымат эё эски документтердин бири. Ал эми Ош областтык саясий документтер архивинин эё эски документтери, менин баамымда, XIX кылымдын 70-жылдарына таандык, Өзбек мамлекеттик архивинен келген документтердин көчүрмөсү эсептелет.

Мен көп эле архивдерди Москва, Санкт-Петербург, Казахстан, Өзбекстан мамлекеттик архивдерин, Туркиянын Стамбул университетинин архивин көрдүм. Бул архивдерден көпчүлүктүн көзүнө көрүнбөгөн канчалаган сейрек документтерди көрүп, баа жеткис маалыматтар жатканына ынанасың. Андай сейрек кездешүүчү документтерди таап, алып эле жүрөбүз, дагы алса болот. Алардагы материалдардан ар тараптуу маанилүү, расмий документтерди табууга, аларды тийиштүү түрдө иликтеп, кеёири окурмандар назарына жеткирүүгө болот. Мисалы:

• ар түрдүү элдер, улуттар, алардын теги, пайда болушу, жашаган аймакатры тууралуу;

• ар кандай мамлекеттер, алардын пайда болуусу, өсүп-өнүгүүсү, саясий, тарыхый аренадагы орду жана ролу, ал аренадан кетүүсү;

• кыргыз улуттук мамлекетинин пайда болушу, түптөлүшү жана мамлекет катары калыптануу доорлору, алардын бурулуш мезгилдери;

• тарыхый инсандар, чыгаан саясий, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер тууралуу маалыматтар;

• тагдыры татаал адамдар же көмүскөдө калып кеткен инсандардын өмүр таржымалын толук камтыган жаңы документтер;

• саясий, экономикалык жана маданий борборлор болгон шаарлар, белгилүү чөлкөмдөр тууралуу ж.б.

• тигил же бул элдердин улуттук-боштондук кыймылдары, эркиндик, көз карандысыздык үчүн күрөштөрү, алардын жетекчи күчтөрү, башкы каармандары тууралуу документтер ж.б.

• ири тарыхый, саясий окуялар, маданий жаңылыктар тууралуу маалыматтарды алууга болот.

Эё кызыгы канчалык көп иликтенгенине карабастан архивдерде дагы эле болсо али толук иликтене элек, илимий айлампага киргизиле элек документтер көп, алардын айрымдарына тарыхчылардын колу дагы да болсо жете элек. Кантсе да биздин, чет өлкөлөрдүн архивдеринде кыргыз элине, улутуна, мамлекетине тиешелүү документтердин көптүгү талашсыз факт. Демек бул багытта көптөгөн аткарыла турган иштер алдыда тураары бышык.

Ошондуктан архивдерди көздүн карегиндей сактап, алардын болгон дараметин, алардагы документтерди толук түрдө сактоо менен өз нугунда, туура пайдалануу биз үчүн чоё милдет.

Жөнөкөй эле мисал, дал ошол ар түрдүү элдердин, мамлекеттердин архивдеринен биз көптөгөн кызыктуу да, мурда белгисиз да маалыматтарды алуудабыз. Сөзүбүз курук болбосун үчүн кээ бир мисалдарды келтирейин.

1. Кытай архивдериндеги байыркы булактарга таянып, биз кыргыз эли - мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдык мааракесин белгилей алдык. Караңыздар кандай жана канчалык деңгээлдеги маалыматтар, түп нусканын котормосу мисал иретинде келтирилет:

160505_1

Бул маалыматтарды кытай мамлекетик архивдик документтерине таянып, убагында биздин окумуштуулар атайын жыйнаккан котормосун чыгарышкан. [1]

Бириккен улдуттар уюму кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесин белгилөөдө дал ошол кытай архивдеринде сакталып турган тарыхый булактардын негиз болуп бергенин тана албайбыз.

2. Ошко жакын турган Араван районунун борборунда абдан чоё байыркы “Дул-дул аттын” сүрөтү аска бетинде турат. Ал аттар ошол кездеги кытай булактарында Даюань - Давань мамлекети, ал эми байыркы индо-иран булактарында «Паргана»-«Паркана» - деп көп айтылган байыркы Даван мамлекетине таандык экенин эске сала кетүү абзел.

160505_2

Араван районунун борборундагы аска таш бетиндеги асман аттарынын байыркы сүрөтү.

Мына ошол байыркы аргымак аттар жөнүндө КЭР архивдериндеги кытай жазма булактарында кеңири баяндалат. Бул белгилүү маалыматтар. Акыркы мезгилдерде биз иликтеп, тактаган кызыктуу маалыматтарда байыркы Даван мамлекетинин башчысынын ордосунда ыйык жаныбар иретинде, алар пир туткан аргымак аттардын ат боюндай эки аттын алтындан куюлган айкели, эстелиги тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу биз 2015-жылы Россия Федерациясынын илимдер Академиясынын Санкт-Петербург шаарындагы Чыгыш кол жазмалар институтунун архивдик фондунан алынган, 1851-ж. таандык кадимки монах Иакинфтин – Н.Я. Бичуриндин сочинениелеринин жыйнагынан таптык. Сүз нугуна бузулбасын үчүн төп нускадан үзүндү келтирели: “...Даванцы ведут оседлую жизнь, занимаются земледелием... Искусны в конной стрельбе. ...Давань имеет превосходных лошадей в городе Эрши, но скрывает и не хочеть дать их китайским посланникам. ... Сын Неба (китайский император – авт.) отправил силача Че Линь с другими и дал большое количество серебро и золото, чтобы получить от даванского владетеля аргамаков... Следсвтие такого совещания (даванцы – авт) отказались дать лошадей китайскому посланнику. Посланник в досаде вышел в разговорах из благопристойности, толкнул золотого коня и ушел... Даванские старейшины оскорбились пренебрежением ... предписали задержать его на восточной границе и предать смерти...”[2] Экинчи бир маалыматтарда кытай элчиси жөн эле жыкпастан, алтын аттардын айкелин сындырып салгандыгы айтылат.

Ошондой эле маалыматтарды кытай архивдик булактарына таянып биздин Кытай Эл Республикасындагы кыргыз боордошторубуз да тастыкташууда. Алар да Даван мамлекетинин хан ордосунда атактуу аргымак, тулпар аттардын зер, алтындан жасалган айкели бар экенин баяндашат.[3] Жогорудагы жана башка маалыматтар ошол кездеги Даван мамлекетинин башкаруучусунун ордосунда, азыркы Кыргызстандын аймагында, аргымак аттардын ат бою куюлган алтындан эстелиги болгонун кабарлайт. Картаң тарыхта жылкы баласын пир тутуп алтындан куюлган эстеликтер өтө эле аз кездешет. Биздин пикирде, Даван мамлекет башчысынын ордосуна коюлган аттар болжолу төмөнкүдөй болгон:

160505_3

Эгерде архив материалдары болбосо, азыркы Кыргызстандын аймагында орун алган мындай сейрек кездешүүчү көрүнүштү биз билбей эле калмакпыз. Демек, биз үчүн Кытай архивдеринин баа жеткис маалыматтары дагы да болсо маанилүү бойдон калууда.

3. Биздеги, чет өлкөлөрдөгү бир катар архивдик документтер мурда белгисиз болгон маалыматтарды тактоого, ачыкка алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, Кокон хандыгынын архивинен кадимки Алымбек уулу Абдылдабекке 1875-ж. Худояр хан тарабынан датка наамы берилгени көпчүлүккө белгисиз. Бул документ инаятнамэ (ханская грамота) деп аталат. [4]

160505_4

Абдылдабекке берилген инайатнамэ. 1875-ж.

4. Архивдерде сейрек кездешүүчү же такыр эле белгисиз сүрөттөр да сакталат. Буга мисал, Кокон хандыгынын акыркы мезгилинин саясий турмушунда зор роль ойногон чыгаан инсандардын бири кыргыз, кадимки Мусулманкул аталыктын уулу Абдурахман афтобачи болгону талашсыз факт. Назарыёыздарда Россия империясынын 1888-ж. №11 “Нива” журналына жарык көрүп (289-б.), анын менчиги болуп калган сүрөтү Н.Н. Каразинге, гравюрасы Шюблерге таандык кадимки “Абдурахман афтобачынын” бейнеси. Азыркы учурда немец архивинде, Германияда Шпигел архивдик фондуна таандык сүрөт. [5] Тилекке каршы бул сүрөт Кыргызстанда эмдигиче жок.

160505_5

Абдурахман афтобачи

Сүрөтү Н.Н. Каразиндики, гравюрасы Шюблердики. 1888-ж. Немецтик Шпигел архивдик фондуна таандык сүрөт. Интернеттен алынды.

5. Архивдерден табылган дагы бир топ кызыктуу документтер орус империясынын курамындагы Ош уездинин жана шаарынын алгачкы башчылары тууралуу маалыматтар [6]:

1. Ош шаарын жана уездин 1876-1888-жж. башкарган капитан М.Е. Ионов, кийинчерээк орус армиясынын генерал-майору, (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 115-а. -Л.25);

2. 1889-1892-жж. подполковник А.Н. Дейбнер (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 34. Л.1; Д.113. -Л.7,10);

3. 1893-95-жж. подполковник Б.Л. Громбчевский (ЦГА РУз. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.24150. Л.1-2; Д.13587. Л.34-35; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 71. Л.3; Д.112. Л.21);

4. 1895-1906-жж. полковник В.Н. Зайцев (ЦГА РУз. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 25044.Л.13, 27; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 33. Л.5,17; Д.42. Л.1);

5. 1906-1915-жж. полковник А.А. Алексеев (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 4. Л. 7);

6. 1916-ж. подполковник Н. Городвинский (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 114-а. -Л.18);

7. 1917 г. Ош уездинин жана шаарынын башчысы полковник В.В. Бржезицкий болгон (ЦГА КР. Ф.2. Оп. 3. Д.8. Л.5). Булардын баары биздин жана башка архивдерде сакталып турат.

6. Дагы бир көпчүлүк биле бербеген архивдерден табылган маалымат – Ош шаарынын Орус империясынын гералдикасына киргизилген Ош шаарынын 1917-жылга чейинки герби).[7]

160505_6

Ош шаарынын 1917-жылга чейинки герби.

Өз убагында бул тууралуу биздин досубуз, коллегабыз, маркум Б.М. Жумабаев алгачкылардан болуп жазып чыккан.

7. Салыштырмалуу түрдө жакында эле табылган дагы бир сенсациялык документ. Бул кадимки Курманжан датканы мусулман аялдарынын ичинен эң алгачкылардан болуп Орус империясынын расмий Андреев лентасына тагылган орден менен сыйлоо тууралу Ош уезддик бийликтеринин сунуштамасы же “Сыйлоо барагы”[8]

160505_7

160505_8

160505_9

8. Жети-Суу облусунун Пишпек, Пржевальск, Жаркент уездеринин көтөрүлүшкө катышкан кыргыздарын өз жеринен кууп чыгуу, бошотуу, алардын эсебинен Нарын уездин уюштуруу тууралуу Туркестан генерал-губернатору А.Н. Куропаткин төрагалык кылып 1916-ж. 16-октябрында өткөн жыйындын протоколу[9]

160505_10

160505_11

160505_12

160505_13

12. Дагы бир ошол эле 1916-жылкы окуялардын күбөсү болгон расмий документ 1917-ж. 30-июнунда Россия империясынын Убактылуу Өкмөтүнүн дарегине Туркестан крайынын мусулмандар Кеёеши жөнөткөн телеграмма. Бул документте көтөрүлүштөн кийинки кыргыз элинин оор абалы, аларга жардам көрсөтүү зарыл экени маалымдалат. Телеграмманын түп нускасы (РГВИА. Ф. 400. Оп. 1. Д. 4639. Л. 110.):

160505_14

13. Архивдик документтерге таянып дагы бир тарыхый окуя тууралуу маалымат ала алдык. Назарыңыздарда кадимки Кокон автономиясынын курултайынан бир көрүнүш. 1918-ж.[10]

160505_15

Жогорудагыларды эске алуу менен биз архивдерибизди, алардагы тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий тариздеги маалыматтарыбызды көздүн карегиндей сактап, аларды келечек муундарга мурас калтыруу милдети турат.

Биздин пикирде, быйыл 90 жылдыгын белгилеп олтурган кыргыз архивинин мааракесин, алардын тарыхый, коомдук турмуштагы ордун, ролун эл арасына кеңири жеткирүү менен Кыргызстандын архивдерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү биздин мамлекеттин да, коом-чулуктун да милдети экени талашсыз. Ал эми архив кызматкерлерин социалдык жактан колдоо да эстен чыгарылбаса.

Сөзүбүздүн акырында мамлекетибиздин, улутубуздун баа жеткис дөөлөтүн, тарыхый мурастарын, түгөнбөс кенчи болгон архивдерди сактап, улам кийинки муундарга жеткирип келе жаткан жалпы архив кызматкерлерин 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, аларга кажыбас кайрат, эл үчүн талыбас эмгек, аманчылык жана үй-бүлөлөрү менен бакубат жашоо каалай кетели.

Байболот Капарович Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин илимий иштер боюнча проректору

Колдонулган тарыхый булактардын тизмеси:

1. Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана (извлечения из китайских источников II – XVIII вв.) –Бишкек, 2003. –С.13.ө

2. РФ ИА Санкт-Петербург Чыгыш кол жазмалар институтунун архиви// Собрание сведений о народах обитавших в Средней Азии в древние времена. В трех частях, с картою на трех больших листах. Сочинение монаха Иакинфа. Часть III. –Санктпетербург, 1851. –С.22-23.

3. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Шинжаң коомдук илимдер академиясы жа-гынан түзүлдү. Шинжаң эл басмасы, 2004. – 36-49-бб.

4. Документ автордун доктордук диссертациясынын документтеринен алынды. Абытов Б. “Тысячелетняя история Оша: источниковедческий анализ (IX - XIXвв.). Диссертация на соискание ученой степени доктора исторических наук. –Б., 2002.; Его же. Ош: факты, события и личности. – Ош, 2000. -С. 169.

5. Германиядагы Шпигел архивдик фондуна таандык сүрөт. Интернет сайттан алынды. http://zerrspiegel.orientphil.uni-halle.de

6. ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 115-а. -Л.25; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 34. Л.1; Д.113. -Л.7,10; ЦГА РУз. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.24150. Л.1-2; Д.13587. Л.34-35; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 71. Л.3; Д.112. Л.21; ЦГА РУз. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 25044.Л.13, 27; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 33. Л.5,17; Д.42. Л.1; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 4. Л. 7; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 114-а. -Л.18; ЦГА КР. Ф.2. Оп. 3. Д.8. Л.5

7. Абытов Б.К. Некоторые проблемы истории Кыргызстана (источниковедческие аспект на примере города Ош). –Ош, 2000,. –С.42.

8. Абытов Б. “Тысячелетняя история Оша: источниковедческий анализ (IX – XIX вв.). Диссертация на соискание ученой степени доктора исторических наук. –Бишкек, 2002.-С.352-354/

9. Документтин көчүрмөсү интернет сайттан алынды: http://1916.kg.

10. Сүрөт ошол эле сайттан алынды.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

01-11-2019
Становление милиции Кыргызстана
39993

17-05-2019
Какие факты о Великой Отечественной войне не нужно забывать
42135

22-04-2019
Ош как важный военно-стратегический, торгово-экономический и культурный центр Великого Шелкового пути
30524

24-07-2018
Ош в конце XIX – начале XX века
26526

11-07-2018
Об отношениях Курманджан-датки и российских царских властей
42029

18-05-2018
Алымбек Датка и Алымкул Аталык: соратники в политике или непримиримые конкуренты?
35029

03-03-2017
Государственному флагу Кыргызской Республики – 25 лет
47201

29-06-2016
А.Ф.Керенский ким? Кыргыз элинде, жеринде анын атын түбөлүккө калтырууга татыктуубу?
81422

08-04-2016
Махмуд Кашгарский - великий энциклопедист, выдающийся ученый-тюрколог
92738

28-01-2016
1916 год: Полемика вокруг восстания кыргызов
(продолжение)
80864

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×