Добавить статью
10:40 29 Июня 2016
А.Ф.Керенский ким? Кыргыз элинде, жеринде анын атын түбөлүккө калтырууга татыктуубу?

160629_1

Кыргыз Республикасынын Президентинини «2016-жыл - тарых жана маданият жылы» - деп жарыялаган жарлыгындагы «…Жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиш. ...Акыркы жылдары Кыргызстандын окумуштуулары, асыресе тарыхчылар жана башка социалдык илимдердин өкүлдөрү изилдөөлөрдү жандандырышты, бирок өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү кызыкчылыктары бул иштерди дагы күчөтүүнү талап кылууда... Жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиш” - деген саптары коомубуздагы кээ бир инсандар тарабынан туура эмес же өтө эле бир жактуу каралып жаткансыйт.

Ооба биз, Кыргызстандын тарыхчылары, жогорку окуу жайларынын жана илимий институттардын окумуштуу окутуучулары, илимпоздору, тарых күйөрмандарынын, эл-журтубуздун алдында ар дайым, айрыкча үстүбүздөгү 2016-жылы, элибиздин улутубуздун жана мамлекетибиздин саясий, социалдык-экономикалык тарыхындагы, материалдык жана руханий маданиятындагы, эл аралык аренадагы орду жана ролуна байланышкан, ички жана сырткы карым-катнаштарындагы бир катар көйгөйлүү маселелеринин өтөсүнө чыга турган милдеттерибиз бар. Алардын катарында:

• тарыхый мурастарды сактап калуу, калыбына келтирүү, актай калган барактарды, кетирилген кемчиликтерди, толукталбаган маселелерди мындан ары да ар тараптуу иликтөөнү улантуу;

• кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башатын, өнүгүүсүнүн негизги доорлорун – этаптарын жаш муундарга, кеңири калкка кенен жеткирүү;

• кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн маанилүү баскычы болгон Кыргыз АССРинин 80 жылдыгын, Кыргыз ССРинин 90 жылдыгын тиешелүү деңгээлде өткөрүү;

• кыргыз элинин улуттук боштондук үчүн кыймылынын 100 жылдык мааракесин ар тараптан иликтөө, анын тархын терең изилдөөлөр менен толуктоо маселелери.

• 1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча ар тараптуу илимий экспедицияларды уюштуруп, Россия, Кытай, Казахстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттердеги архивдерден мурда белгисиз болгон тарыхый булактарды топтоо, аларды илимий айлампага киргизүү;

• Тайлак баатырдын 220 жылдыгын, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын олуттуу иликтөөлөр, тактоолор жана жаңы табылгалар менен толуктап, мамлекеттик деңгээлде илимий иш чараларды өткөрүү ж.б. болуп эсептелет;

• азыркы эгемендүү жана көз карандысыз мамлекеттүүлүккө жол ачып, өбөлгө түзгөн тарыхый-саясий шарттарды терең, ар тараптуу изилдөө;

• эгемендүүлүктүн доорундагы ири тарыхый, саясий бурулуштар, Март (2005-ж.), Апрель (2010-ж.) элдик революциялары, алардын негизги себептери, кыймылдаткыч күчтөрү, мурдагы бийликтердин өз элине кыянатчылыгы, революциялардын натыйжалары, алардын тарыхый, саясий жактан жүйөлүү, олуттуу бааланышы ж.б.

Албетте жарлык жарык көргөндөн бери эле бир катар иш аракеттер мамлекеттик ишканаларда, жогорку окуу жайларда, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында болуп жатканы талашсыз.

Бирок биздин пикирде, кээ бир учурда өзгөчө аша чабуучулуктар болуп, ”бөрк ал десе, башты кошо алгандар” да болуп жатат. Айрыкча адистиги тарыхчы эмес адамдар тарыхтын көйгөйлүү, талаш тартыштуу маселелерине киришип, туура келсе да, келбесе да адистерден өтүп өз пикирлерин көпчүлүккө таңуулай баштаган адаттар пайда боло баштады. Буга мисал, жогорку гезиттеги кайрылуу.

Арийне ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу, бирок ал пикир олуттуу да, омоктуу да, натыйжалуу да болсо кана атаганат. Тетирисинче көп учурда адамды өкүндүргөн тарыхый пикирлер пайда болууда. Мисал иретинде акыркы кездеги биздин ММК 1917-жылы Орус империясынын Убактылуу Өкмөтүнүн башчысы Александр Федорович Керенский тууралуу маалыматтар болду.[1] Байкап көрсөңүздөр кээ бирлер бул адамды тим эле кыргыз элинин негизги генофондун сактоочу катары карап, кыргыз эли үчүн ченемсиз эмгек сиңирип, абдан зор абройго ээ болгон адамдардын даражасына чыгарууга аракет кылышууда. Бизди өзгөчө кыжырдантып, жооп жазууга себепкер болгон нерсе жогоруда көрсөтүлгөн “Кыргыз Туусу” газетасынын 2016-ж. 19-февралындагы №13 санынын 6-бетине чыккан кайрылуу өзгөчө түрткү болду. Болгондо да аталган кайрылууга жоон топ адамдар, ар түрдүү коомдук уюмдардын башчылары кол коюшуптур.

Дал ошондон кийин А.Ф. Керенский туураалуу учкай тарыхый маалыматтарды берип коюну туура көрдүк. Чынында эле А.Ф. Керенский деген ким, кандай адам, саясатчы болгон? Убактылуу Өкмөт башында туруп Россия үчүн, айрыкча анын курамындагы кыргыз эли үчүн кандай жакышылык кызматын кылды? Деги эле ал кыргыздарды колдогон, жактаган, коргогон дегенге кандай негиз бар? Ал эми кээ бир биздин мекендештер айткандай, анын атын Кыргызстанда түбөлүккө калтырууга негиз барбы ж.б. суроолорго жооп берүүгө аракет кылалы.

151130kerenski

А.Ф.Керенский

Орус элинин, Россия империясынын саясий, тарыхый аренасынын эң трагедиялуу мезгилинде көпчүлүктүн назарын өзүнө оргиналдуу түрдө буруп, бир партиядан экинчи партияга өтө качып, Лениндин тили менен айтканда “саясий проституциялык” кылып, эң алдын өз жеке кызыкчылыктарын партиялык, мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюп, дүйнөгө аты чыккан ири империянын кескин түрдө, кыска мөөнөттө кыйрашына өзүнүн зор салымын кошкон саясий ишмерлердин бири дал ушул А.Ф. Керенский болгон.

Орус саясий тарыхында ал адамдын ысымын “монархиянын кечирилбеген кыйраткычы”, “саясий туруксуз, жеке амбициясы күчтүү адам”, “унутта калган жол башчы”, “революциянын унутта калган баатыры”, “1917-жылкы окуяларда натыйжасы жаман, жазмыштуу роль ойногон адам”, “аял кийимин кийип Петербургдан качып чыккан орус саясатчысы”, “эң түшүнүксүз орус саясатчысы” же кесиптеши М. Родзянко 1922-ж. айткандай “Россияга эч ким А.Ф. Керенский сыяктуу зор зыян келтирген эмес” – деген сыяктуу тарыхый, саясий эпитеттер коштоп жүрөт. Ырас эле эмне үчүн мындай көрүнүш орун алган? А.Ф. Керенский деген ким?

Александр Федорович Керенский 1881-ж. 4-майда Симбирскидеги эркектер гимназиясынын мугалиминин үй-бүлөсүндө төрөлгөн Ошол эле жерде он бир жыл мурда 1870-жылы В.И. Ульянов-Ленин төрөлгөн. ХХ кылымдын башындагы орус элинин эң бир татаал тагдырга туш болгон, көптөгөн талаш-тартышты туудурган, бирөөлөргө кумир болсо, бирөөлөргө өтө жек көрүндү душман, Орус монархиялык түзүлүшүнүн түбүнө жеткен саясатчы, депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер. Эң кызыгы ХХ кылымдын башында Россия империясынын тагдырын чечкен эки инсан В. Ульянов-Ленин жана А.Керенский болуп, экөө тең Симбирскиде туулуп, өсүшүп, жакшы карым-катнаштагы үй-бүлөлөрдөн чыгышкан. Ал кезде аталган гимназиянын директору Илья Николаевич Ульянов болуп, анын алтын медаль менен бүтүп жаткан уулу Владимир Ульяновго жалгыз “4” деген бааны гимназия мугалими Федор Керенский койгон. Тегин жерден кийинчерээк, агасы Александар Ульянов падышага кол салып, өлүм жазасына тартылгандан кийин саясий ишенимсиз адам катары В.И. Ульяновго баардык борбордук жогорку окуу жайларына кирүүгө тыю салынган эмес. Дал ошол шартта А.Ф.Керенскийдин жолдомосу, колдоосу менен дүйнөлүк пролетариаттын болочок жол башчысы Казан университетине кирүүгө мүмкүнчүлүк алган. В.Ульянов-Ленин да, А.Ф. Керенский да Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетин бүтүрүшкөн (Ленин экстерн жолу менен), экөө тең эмгек жолун адвокаттык кылуу менен баштаган.

Эң кызыгы, эбегейсиз зор Орус империясынын тагдыры 1917-жылы дал ушул эки гимназистин колунда болуп калганы таң калтырат. Бири мурдагы дүйнөнү дүңгүрөткөн Россия империясынын акырына чыгып, түбүнө жетсе, экинчиси Кеңеш Өкмөтү башында турган жаңы Орус империясын түптөп, башатында болуп, Кеңештик империяны негиздеп олтурат.

Атасын ишке байланыштуу Туркестан генерал-губернаторствосунун борбору Ташкент шаарына которгондон кийин А.Ф.Керенский Ташкенттеги эркектер гимназиясын ийгиликтүү бүтүрүп, Петербург университетинин юридикалык факультетине тапшырып, аяктайт. Кийинчерээк Мамдуманын атайын комиссиясынын курамына кирүүсүнүн бирден бир себеби да ошол жагдай болот. Болочок Премьер-министр Туркестан чөлкөмүн жакшы билет деген таризде киргизилген.

А.Ф. Керенский жаштайынан адвокаттыкка көбүрөөк көңүл буруп, башынан баштап эле бир катар ири саясий соттук процесстерге катышып, бир топ ийгиликтерге жетишет. Дал ошол саясий процесстер мезгилинде Россиянын социалист-революционерлер партиясы (эсерлер) менен тил табышып, алардын катарына кошулат. 1912-жылы Мамлекеттик Думанын коомдук комиссиясынын курамында Ленадагы жумушчуларды атуулар боюнча соттук иликтөөлөргө катышат. Кыска мөөнөттө популярдуу адвокат катары таанылат. 1915-жылы Мамлекеттик Думанын сол канатынын мыкты оратору, либерал көз караштагы адамдардын кумири катары таанылат. Анын ошол кездеги Орус Өкмөтүн кескин сындаганы ага дагы кеңири таанымалдыкты, зор ийгиликтерди алып келет. 1916-жылдын акырында анын аброю кескин жогорулайт.[2] Ошол популярдуулукка 1916-жылкы Туркестан генерал-губернаторствосундагы көтөрүлүш тууралуу Орус Мамлекеттик Думасындагы атайын сөзү да кирет. Баамдаңыз ал жалаң кыргыздарды жактаган жок, туркестандыктарды айтып жатат. Ал тууралуу кийинчерээк сөз кылабыз.

1912-жылы А.Ф. Керенский Россиядагы масондор ложасына кирип, ал эми 1915-17-жылдары анын жетекчиси да болгон. А. Керенский Февраль революциясын ар тараптан колдоп, керек болсо Мамлекеттик Думадагы Убактылуу Комитеттин мүчөсү да болгон. Дал ошол А.Ф. Керенский Родзянко менен бирдикте, Николай II, пайдасына падышалык таажыдан баш тарткан, улуу князь Михаил Александровичти падышалык тактан баш тартууга көндүрүшкөн. Ошентип көпчүлүк жол башчылар үчүн күтүүсүздөн Россия монархиясы кескин түрдө, кыска мөөнөттө падышасыз, падышалык таажысыз калган. Дүйнөлүк ири держава болгон Россия империясы акырындык менен кыйрай баштаган. Падышалык Россиянын ордуна мамлекет башына Убактылуу Өкмөт келген. Биз ал кездеги А.Ф. Керенскийди төмөнкү сапаттарда көрөбүз:

• 1916-17-жж. февраль айында көрүнүктүү масон, IV Мамлекеттик думанын «эмгекчилер» фракциясынын лидери (байкаңыз эми эсерлер партиясынын катарында жок);

• Февраль революциясын кызуу колдогон. 1917-жылы 26-27-февралында падышанын Орус Мамлекеттик Думасынын ишин токтотуусу туралуу чечимине баш ийген эмес. Ошол эле күнү А.Ф. Керенский Аксакалдар Кеңеши тарабынан түзүлгөн Мамлекеттик Думанын Убактылуу комитетинин, Мамдуманын Аскердик комиссиясынын мүчөсү, Петроград Советинин төрагасынын орун басары, болуп шайланган;

• 1917-жылдын 2-мартынан баштап - май айынын ичине чейин социалист-революционерлер партиясы (эсерлер) менен бирдикте (баамдаңыз кайрадан эсерлер партиясы менен бириккен) Убактылуу Өкмөттүн курамына кирип, юстиция министри болуп дайындалган;

• 1917-жылдын апрель кризисинде Россияны согушту аягына чейин чыгарууга үндөгөн тышкы иштер министри П.Н.Милюковду отставкасын талап кылып, Г.Е. Львов, М.И.Терещенко менен бирдикте 5-майда жаңы коалициялык өкмөттү түзүүгө жетишкен. Кыска мөөнөттө Орус армиясын демократташтыруу саясатын жүргүзүп, 11-майда биринчи жолу орус армиясынын өкүлдөрүнүн укуктары кеңейип, аларга баардык саясий, диний уюмдарга, ассоциацияларга кирүүгө, сөз эркиндиги, аскердик өзүн-өзү башкаруу киргизилген;

• 1917-ж. май-сентябрь айларында А.Ф. Керенский Убактылуу Өкмөттүн Аскер жана деңиз министри;

• 1917-жылдын 8-июлунан баштап министр-төрага - премьер-министр же Убактылуу Өкмөттүн башчысы, 30-августан Жогорку Башкы командачы;

• 1917-ж. 24-июлунда узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин кадеттер (конституциялык демократтар пратиясы) менен бирдикте А.Ф. Керенский 2-коалициялык Өкмөттү түзгөн, анын курамында 4 кадет, 4 эсер, 2 элдик социалист, 2 меньшевик, 1 радикал-демократ, 2 партияда жоктор болгон;

• демократиялык багыттагы партиялардын, биринчи иретте кадеттер менен чектелүү социалистердин, колдоосуна ээ болуу максатында Убактылуу Өкмөттүн колундагы толук бийликти 1-сентябрдан баштап 5 адамдан турган Директориянын – А.Ф.Керенский, А.М.Никитин, М.И.Терещенко, А.И.Верховский, Д.Н.Вердеревскийдин колуна өткөрүп, Россия Республикасын жарыялоого жетишкен;

• 1917-жылдын 25 сентябрында Россия империясынын 3-коалициялык Өкмөтү түзүлүп, анын курамына 4 кадет, 1 эсер, 4 меньшевик, 2 прогрессист, 1 радикал-демократ, 5 партияда жоктор кирген. Албетте бул Өкмөттүн башында А.Ф.Керенский турган. [3]

Ошентип, биз Керенскийди 1917-жылдын 25-26-февралынан баштап 7 ноябрга чейин Убактылуу Өкмөттүн курамындагы министр, 20-июлдан баштап Бүткүл Россиялык Убактылуу Өкмөттүн төрагасы-министри же азыркы тил менен айтканда Убактылуу Өкмөттүн премьер-министри катары көрөбүз.

160629_2

А.Ф. Керенский Убактылуу Өкмөттүн башчысы. 1917-ж.

1917-жылдын июль кризисинен кийин большевиктер менен күрөшүү максатында аскер адамдары менен жакындашып, генералитет менен өлкөдө тартипти сактоого аракет кылат. Убактылуу Өкмөт колдоого алган план генерал Корнилов тарабынан сунушталган. Генерал Корниловдун популярдуулугу жогорулап, өлкөдө ички тартипти бекемдөөгө кескин иш чаралар аталган генерал тарабынан күчөтүлө баштаганда, эгер алар Петроградга кирсе большевиктер эле эмес, анын өзү жетектеген Убактылуу Өкмөттүн да түбүнө жетээрине көзү жеткен А.Ф.Керенский Корниловго каршы күрөшүү үчүн большевиктер партиясы менен биригип ага каршы турган. Бул максатта Кызыл Гвардияны куралдантып, Лениндин шакирттерин, көрүнүктүү большевиктерди түрмөдөн чыгарган жана кескин аракеттерди кыла баштаган. Натыйжада генерал Корнилов Башкы командачылыктан бошотулган, патриоттук маанайдагы офицерлер тобу кыйратылган. Корниловдун кыйрашы Керенскийдин бийлигин болгону эки айга эле узартты. 200 миңден ашык фронтко барууну каалабаган Петроград гарнизонуна таянган большевиктер партиясы Убактылуу Өкмөттөн күчтүүлүк кылган. Натыйжада большевиктер партиясы ачык эле Керенский жетектеген Убактылуу Өкмөттү кыйратууга аракет кыла баштаган.

Ошентип, 1917-жылы 7 ноябрда эсеп боюнча төртүнчү, “эң солчул” Убактылуу Өкмөт кулаган. А.Ф. Керенскийдин баардык аракеттери жана үмүттөрү таш капкан. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин Керенскийдин Ак гвардиячыларга биригип, большевиктерге каршы күрөшүүгө болгон аракети да ишке ашпай, таш капкан.

Эми тарых барактарын кайрылып, ал тууралуу кээ бир маселелерди тактайлы. Керенский чындап эле качкан, бирок аялдарча кийинип алып эмес, эркекче костюм менен эле америкалыктардын элчилигинин машинасында качып чыккан. Аялдарча кийинип качты - деген Кеңеш доорундагы большевиктер партиясынын Керенский тууралуу катардагы миф, кара пиары, жалган ушагы экени кап-качан эле далилденген. Аны Керенский өзү да өмүрү өткүчө төгүнгө чыгарып өткөн. Бирок аялдар кийими аны өмүрүнүн акырына чейин бучкактап кое бербегенин да эске алуу абзел. Өмүрүнүн акырында дагы бир жолу, бул жолу чындап эле аялдар кийимин кийгени маалым. АКШда өмүрүнүн акырында акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок, бечара орус эмигрантын катуу оорсуна байланыштуу чакырылган «тез жардам» машинасы акысыз ооруканалар жоктугунан, акы төлөнүүчү ооруканалардан колунда жок пациентке жай таппай мукураганда бир оорукананын гинекология бөлүмүнө жаткырышат. Албетте аялдар кийими менен жаткырышат. Катуу оорудан өзүнө келген Керенский муну 1917-жылкы аны мазактоодон да күчтүү келекелөө катары кабыл алган - деген да маалыматтар бар. Баары бир ал аялдар кийиминен кутула алган жок. [4]

Ошентип А.Керенскийге Россиядан качып чыгууга мүмкүн болгону менен Россиядагы бийликти кайта алуу мүмкүнчүлүгү буюрган эмес. Чет өлкөгө эптеп качып чыккан Керенский большевизмге каршы интервенттер менен натыйжасыз сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылган. Орус империясынын Убактылуу Өкмөтүнүн башчысы алгач 1918-жылдан 1939-жылга чейин Францияда, 1939-жылдан өмүрүнүн акырына чейин АКШ жашаган. Эмиграцияда мемуарларын жана бир катар эмгектерди жазып жарыкка чыгарган: «Большевизм прелюдиясы» (1919-ж.), «Алыста» (1922-ж.), «Катастрофа» (1927-ж.), «Эркиндиктин өлүмү» (1934-ж.), «Россия тарыхый бурулушта» (1965-ж.) ж.б.

А.Ф.Керенский 1970-жылы 11-июнда абдан начар абалда Америкада көз жумган. Эң жаман жери А.Ф.Керенский өлгөндөн кийин анын өтө начар саясий репутациясын эске алып, «монархиянын кыйраткычы» катары эсептешип Нью-Йорктогу православиялык кызматкерлер аны акыркы сапарга узатуудан жана жергиликтүү жайга коюдан баш тартышкан. Ошентип анын сөөгү Америка жергесинде өлгөнү менен Англияга, баласы жашаган Лондон шаарында бир дагы конфессияга карабаган, эч кимге кереги жок селсаяктар жайына коюлган. Мына ушундай аянычтуу тагдыр ээси бир кездеги Орус империясынын катаал кездеги Убактылуу Өкмөтүнүн башчысы А.Ф. Керенский болгон.

Эми канчалык деңгээлде Убактылуу Өкмөт башында туруп ошол кездеги анын курамында болгон кыргыз эли үчүн кандай жакшылык кызматын кылган, ал кыргыздарды колдогону, жактаганы, коргогону канчалык деңгээлде чындыкка туура келет. Чындап эле кээ бир биздин мекендештер айткандай анын атын Кыргызстанда түбөлүккө калтырууга негиз барбы?

Албетте Россия империясынын, орус элинин ошол учурдагы абалына жараша бир катар алгылыктуу иштер кылса кылгандыр, бирок кыргыз эли үчүн анчалык деле жакшылык кылган эместиги да маалым. Кыргыздар үчүн кандай жакшылык жышаандуу аракеттерди жасады:

1. Биздин элибиз үчүн кылган эң чоң кызматы, А.Ф. Керенский ошол кездеги Орус империясынын Мамлекеттик Думасын саясий трибуна катары пайдаланып, биздин оор акыбалыбыз, аянычтуу тагдырыбыз тууралуу баяндаганы ырас. Бирок аны биздин элдин татаал тагдырын ойлогону үчүн эмес, ошол кездеги падышалык Өкмөттүн иш аракетин кескин сынга алуу, падышалык бийликтин негизги саясатын сындоо аркылуу өзүнө керек болгон, кыска жана тез жол менен олку-солку болуп турган саясий аренада өз аброюн жогорулатуу аракетинде болгонун баса белгилөө абзел.

2. Ооба, Орус Мамлекеттик думасынын Туркестандагы окуялар тууралуу атайын комиссиясынын курамында “эмгекчилер” партиясынын атынан келгени чын. Мындай кадамга анын кыргыздарды өтө жакшы көргөнү үчүн эмес, А.Ф.Керенскийдин өзү Туркестан генерал-губернаторствосунун борбору Ташкенде гимназияда окугандыгы, чөлкөмдөгү түрк элдеринин (байкаңыз кыргыз элин эмес) абалынан кабардар Мамдуманын депутаты катары кошулушу толук мүмкүн эле.

3. Туркестандагы, айрыкча кыргыз, казах элдеринин империяга, анын улуттук, агрардык, оторчулук саясатына каршы көтөрүлүшкө чыккан элдин абалын Керенский өз кызыкчылыгына пайдаланып, жеке абройунун жогорулашы үчүн пайдаланды десек да болот. Эгер ал чындап эле кыргыз элинин тагдырына боору ооруп, жакшылык кылуу ниети болсо, эмне үчүн эки тизгин бир чылбыр колго тийип, Убактылуу Өкмөттүн башчысы болуп турганда тагдырдын татаал да, катааал да жолунда турган кыргыз элинин абалын жакшыртуу аракетин көрбөстөн, тетирисинче алардын абалын кыйындаткан.

4. Сөзүбүз курук болбосун кээ бир фактыларды келтирели. Кыргыз элинин татаал тагдырын жеңилдетүүнү ойлосо, эмне үчүн Мамлекеттик Думанын депутаты катары Орус бийликтеринин, айрыкча Туркестан генерал-губернатору, Жети-Суу аскер губернатору катышкан атайын жыйындын көтөрүлүшкө катышкан Пишпек, Пржевальск уездериндеги кыргыздарды кууп чыгып, Нарындын жашоо шарты катааал жакка көчүрүү жөнүндөгү чечимин жокко чыгарып, кыргыздардын жерлерин кайра берүүгө, көтөрүлүшкө чыккан кыргыздарды куугунтуктобоого жардам кылган жок.

5. Ошондой эле кыргыздарга жан тартса эмне үчүн Убактылуу Өкмөттүн башчысы катары 1917-ж. 30-июнунда Россия империясынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын, аскер министринин жана солдат депутаттарынын Аткаруу Комитетинин дарегине жазылган Туркестан крайынын мусулмандар Кеңеши жөнөткөн телеграммага көңүл бурган эмес. Ал телеграммада адам чыдагыс оор абалда жашап жаткан кыргыздар, укмуштуудай, адамдын төбө чачын тик тургузга маалыматтар айтылган. Телеграмманын түп нускасы:

Министру председателю. Копии: военному министру, исполнительному комитету советов солдатских депутатов. От исполнительного комитета мусульманских депутатов Туркестана.

Наши делегаты сообщают ужасающие положения киргиз Семиречьи. Киргизы беспощадно убиваются поселенцами семиреченцами. Возвращающихся из Китая киргиз не пускают на свои места. За ними форменно охотятся. Киргизы терпят крайнюю нужду. Корма нет, голодают. Продают жен, детей, доходят до того, а сөедают друг друга. Русские поселенцы Семиречья вооружены – киргизы безоружны. Нет слов описать положения киргиз – горе, несчастье, море слез. Необходимы экстренные меры. Туркестанский краевой мусульманский совет. [5]

160629_3

Эмне үчүн ошол кездеги Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы А.Ф.Керенский кыргыздардын ушундай оор абалын билип туруп, тиешелүү чара көргөн эмес? Анын мындай мамилесин көрүп туруп, кантип азыркы кыргыздар анын атын эл-жерибизге түбөлүк калтырабыз. Эгер антсек, ошол кыйынчылыктарды баштан кечирген биздин кыргыздардын арбагы бизди кечирбейт.

6. Дагы бир жагымсыз жагдай. Ошол Убактылуу Өкмөт өзүнүн Туркестан комитетине, анын Пржевальск, Пишпек уезддик комитеттерине кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылын канга бөлөгөн Шкапский, Шеболин, Занемойский ж.б. сыяктууларды дайындоого жол бергендиги болуп эсептелет.

7. Дал ошол эле А.Ф. Керенский жетектеген Убактылуу Өкмөт 1917-ж. 5-апрелинде өзүнүн Туркестан комитетин түзгөн, анын башчысы болуп алгач кадет Н.Н. Щепкин дайындалган (1917-ж. 7-апрелинен - 25 майына чейин)[6]. Андан кийин бул кызматты В.П. Наливкин (1917-ж. 6-июнунан 14-сентябрына чейин) аркалап, акырында 1917-ж. 14-сентябрынан баштап Убактылуу Өкмөттүн Туркестан комитетинин башчысы О.А.Шкапский болуп калган. [7] Ал эми Жети-Суу областынын аскер губернаторунун ордуна Убактылуу Өкмөттүн комиссары болуп, мурда ошол чөлкөмдө падышачылык агрардык жана оторчулук саясатты активдүү ише ашырган, ашынган колонизатор Шеболин дайындалган.[8] Кыргызстанда ошол эле Убактылуу Өкмөттүн жергиликтүү органдары 1917-ж. Апрель-май айларында түзүлгөн. Мисалы, Убактылуу Өкмөттүн Туркестан комитетинин Пишпек узединин комиссары болуп 1916-жылкы көтөрүлүштү кандуу жол менен басууга өзгөчө салым кошкон поручик Занемойский, Пржевальск уездинин комиссары Ходосов, Ош уездин башкарууга Дряхлов сыяктуулар дайындалаган. [9] Бул жерде да Убактылуу Өкмөт Туркестандагы, айрыкча Кыргызстандагы жергиликтүү комитетерине, жок дегенде көтөрүлүштөн кийинки кыйын абалдагы кыргыз элине лоялдуу, аларга колдоо көрсөтө турган, либералдык маанайдагы жетекчилерди сунуштаса болбойт беле деген ой келет.

8. Ошол эле Убактылуу Өкмөттүн Туркестан комитети 1917-жылдын 19-апрелинде Кытайдан азып-тозуп, ачарчылыкта кайтып келген кыргыздарды өз мекенине – Пишпек, Пржевальск уездерине келүүгө тыю салып, Нарындын тоолуу райондоруна айдоо чечимин кабыл алган.[10] Чындап эле кыргыз элине жан тартып, боор ооруса А.Ф. Керенский эмне үчүн өзү курамында турган Убактылуу Өкмөттүн мындай чечимдерин жокко чыгарган эмес. Тетирисинче улут катары жоюлууга өбөлгө түзгөн чечимди колдогон. Таң калыштуусу Мамдуманын жашыруун жыйынында боорукер болуп көрүнгөн А.Ф.Керенский эмне үчүн өзү бийликке келгенде биздин элдин тагдырын, ал тууралуу айткан өз сөздөрүнүн өтөсүнө чыккан жок.

9. Дагы бир таң калыштуу окуя, эмне үчүн убактылуу Өкмөттүн башына келгенден кийин Керенский ошол 1916-ж. кандуу окуялардын күнөөкөрлөрүн, көтөрүлүштү канга бөлөгөн аскер адамдарын жазага тартууну сунуш же талап кылган жок. Кыязы А.Ф.Керенский бир жылга жетпеген убакыт мурда Мамадумадагы жалындуу сөзүн өзү бийликке келээри менен унуткан окшойт. Эгер ошондой болсо ашынган либерал, чет жакадагы, анын ичинде кыргыз элине жан тарткан болуп көрүнгөнү жалган саясий жүрүш катары эле бааланып калаары шексиз.

10. Акырында, эгер чындап эле кыргыз элине, тагдырына күйгөн болсо өзү Россия Республикасынын башчысы катары Кытай мамлекетине расмий нота жөнөтүп, дипломатиялык жол менен ал жакта кыйноодо жүргөн кыргыздарды өз мекенине кайтаруу демилгеси менен чыгып, алардын кайра келүүсүнө шарт түзгөн жок.

11. Эгер Россиянын борбордук райондоруна Убактылуу Өкмөт кош бийликти алып келсе, чет жакаларда, анын ичинде Кыргызстанда үч бийликти - Убактылуу Өкмөттүн, Кеңештердин жана жаңыдан пайда болуп жаткан улуттук буржуазия өкүлдөрүнүн Аткаруу комитеттеринин бийлигин орноткон. Анткени 1917-жылы жергиликтүү бай-манаптар, улуттук буржуазиянын өкүлдөрү, өз абалын, аброюн, коомдогу ордун сактоо үчүн жер-жерде өздөрүнүн Аткаруу комитеттерин же Коопсуздукту сактоочу коомдук комитеттерин түзүшкөн.

12. Негизи А. Керенский курамында болгон жана ал жетектеген Убактылуу Өкмөт улуттук боштондук берүүнүн ордуна, падышачылыктын аңсуз улуттук колониалдык саясатын уланткан. Анын саясаты кыргыз элине, башка чет жакалардагы элдердей эле, эркиндикти, улуттук көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү бере алган жок, эксплуатациядан да куткара алган жок. Тетирисинче оор абалдагы кыргыз элинин тагдырын андан да оорлоткону, көтөрүлүштүн катышуучуларын, Кытайдан кайткан кыргыздарды жазалоону жана куугунтуктоону күчөткөнү маалым. Ушундан кийин кантип, ошол Убактылуу Өкмөттү жетектеген А.Ф.Керенскийдин ысымын кыргыз же-ринде түбөлүккө калтыра алабыз?

Демек жогорудагылардын баары А.Ф. Керенский 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук-боштондук кыймылын, аны басуудагу кандуу карателдик жазалоолорду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн кызыл кулактык менен саясий очко, жеңил, кыска мөөнөттө зор аброй топтош үчүн гана пайдаланган деген пикирди айтууга болот. Анын 1916-жылкы айткан сөзү менен 1917-жылы кылган ишинин абдан чоң, теңирден тескери айырмасы чыгып калды.

Мына ушуларды билип туруп анан кантип Кыргызстанда А.Ф. Керенскийдин ысымын түбөлүккө калтырууга болсун. Биздин пикирде ХХ кылымдын башындагы бирден бир татаал образдуу орус саясатчысы А.Ф.Керенскийдин ысымы кыргыз элинде, жеринде түбөлүк калтыруу маселеси тап-такыр орунсуз көрүнүш, андай даражага татыксыз саясатчы экенин баса белгилөө абзел. 2016-жыл тарых жана маданият жылы экенин эске алуу менен биз дал ошол тарыхтын кээ бир актай же тактоону талап кылган барактарын толуктообуз негизги милдеттердин бири экени талашсыз көрүнүш. Дал ошол максатта биз бул маселеге кайрылып, өз үнүбүздү кошууга аракет кылдык.

Демек, “Кыргыз Туусу” газетасынын 2016-ж. 19-февралындагы санына чыккан “Керенскийдин аты унутулбасын” – деген чакырык 1916-жылдагы элибиздин көтөрүлүшүнүн, кандуу кагылыштарынын курмандыктарынын арбактарын сыйлабагандык, ошол ата-бабаларыбызды, энелерибизди абройлоруна шек келтиргендик, улуттун да, мамлекеттин да учурдагы кызыкчылыктарына дал келбеген чакырык, жосунсуз жорук катары бааласа болот. А.Ф. Керенскийдин ысымын Кыргызстанда, кыргыз элинде түбөлүк калтырууга эч кандай негиз жок деген пикирдебиз.

Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин илимий иштер боюнча проректору

Колдонулган адабияттардын тизмеси:

1. Суюнбаев М. Доклад А.Ф. Керенского о событиях 1916 года в Туркестане на закрытом заседании Государственной думы//АКИpress «История Кыргызстана». 13 декабря 2016 г.

2. Басманов М.И., Герасименко Г.А., Гусев К.В. Александр Федорович Керенский. -Саратов, 1995; Милюков П.Н. Воспоминания.-М.,1991.-С.475-478; Четвертков Н.В. Адвокат А. Ф. Керенский. – В кн. Актуальные проблемы политики и права. -Вып. 2. -Пенза, 2001.

3. Колоницкий Б.И. Александр Федорович Керенский в его речах (1917 год). -СПб, 2001, № 1; Басманов М.И., Герасименко Г.А., Гусев К.В. Александр Федорович Керенский. -Саратов, 1995; Иоффе Г.З. Семнадцатый год: Ленин, Керенский, Корнилов. -М., 1995.

4. Николавевский Б.И. Русские массоны и революция. –М., 1990. -С.115. Иоффе Г.З. Семнадцатый год: Ленин, Керенский, Корнилов. -М., 1995; Колоницкий Б.И. Александр Федорович Керенский в его речах (1917 год). -СПб, 2001, № 1; Страна гибнет сегодня. Воспоминания о Февральской революции 1917 г. –М., 1917; Милюков П.Н. Воспоминания.-М.,1991.-С.475-478; Басманов М.И., Герасименко Г.А., Гусев К.В. Александр Федорович Керенский. -Саратов, 1995.

5. РГВИА. Ф. 400. Оп. 1. Д. 4639. Л. 110.):

6. Зима А.Г. Великий Октябрь в Киргизии. –Фрунзе, 1987. –С.45.

7. Библиотека Хроноса. Биографический указатель. О.А. Шкапский// http:// www. hrono.ru/biograf.

8. Плоских В.М., Жунушалиев Ж.Ж. История кыргызов и Кыргызстана. –Бишкек, 2007. -181-182.

9. Ошол эле бетте.

10. Зима А.Г. Великий Октябрь в Киргизии. –Фрунзе, 1987. –С.30.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Ош в конце XIX – начале XX века

Об отношениях Курманджан-датки и российских царских властей

Алымбек Датка и Алымкул Аталык: соратники в политике или непримиримые конкуренты?

Государственному флагу Кыргызской Республики – 25 лет

Архивдер түгөнбөс кенч, чыныгы тарыхый мурастар байлыгы

Махмуд Кашгарский - великий энциклопедист, выдающийся ученый-тюрколог

1916 год: Полемика вокруг восстания кыргызов
(продолжение)

1916 год: Полемика вокруг восстания кыргызов

Неординарный государственный деятель – Алымбек-датка Асан бий уулу (продолжение)

Неординарный государственный деятель – Алымбек-датка Асан бий уулу

Еще статьи

Поделись реакцией: Муж. Жен.
Улыбка
Грусть
Удивление
Злость
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком