Добавить статью
4:00 26 Мая 2011
Ислам дининин Кыргызстанда таралыш тарыхынан...
Сөз башы

Ислам дининин Кыргызстанда таралыш жана анын бекемделиш жараяны 1300 жыл чамалуу убакытты камтып, империялардын куралышы жана талкаланышы, этностордун кагылышы жана интеграцияланышы, элдердин тарыхый-маданий салт-санааларынын, баалуулуктуранынын синкреттелиши сыяктуу Борбордук Азиянын ири тарыхый окуялары менен коштолуп жүрүп олтурган. Бул тарыхый жараян Борбор Азия аймагынын бүтүндөй бир коомдук өнүгүүсүнө багыт берип, анын келечек өнүгүүсүнө олуттуу таасирин тийгизген.

Ушул мезгилге чейин дүйнө диндеринин эң ирилеринин бири болгон ислам дининин Борбордук Азияда, анын ичинде Кыргызстанда таралыш тарыхын изилдөө алгылыктуу жүргөн эмес. Окуу китептериндеги ислам жана башка диний ишенимдер жөнүндөгү тийешелүү параграфтарды эске албаганда, XVIII-XX кылымдардагы тарыхнаамада ислам дининин Кыргызстанда таралышы боюнча атайын максаттуу изилдөө жок.

Сөз кылынып жаткан проблема боюнча Кыргызстандын эгемендүү мезгилинде кыскача, үстүртөн болсо да иликтөөлөр пайда болуп, Бишкекте, алардын жыйынтыктары Ошто жана Жалал-Абадда болуп өткөн конференцияларда чагылдырылды1, массалык маалымат каражаттарында исламдын жайылыш жараянына арналган серептик макалалар жарыяланды2. Бул жаатта электрондук маалымат каражаттарында чагылдырылган бир катар материалдарды да айта кетсе болот3.

110526kenensariev
Ташманбет Кененсариев, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор

Ислам тарыхы боюнча олуттуу изилдөөлөрдүн жана Түркстандын, Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү саясий жана руханий окуялардын фактыларына таянып, Кыргызстанда Ислам дининин таралуу жана бекемделүү жараянын эки чоң доорго бөлүүгө болот. Ар бир доорду өз алдынча дагы этаптарга бөлүүгө мүмкүн.

Биринчи доорду “Исламдын таралуу доору” деп атоо туура. Ал доор бүтүндөй миң жылды өз кучагына алып, биздин замандын VIII – XVIII кылымдарын камтыйт.

1.Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабы (VII-X кк.);

2.Кыргызстандын чөлкөмүндө исламдын мамлекеттик дин катары таанылуу этабы (966-1137-жж.);

3.XII-XVI кылымдардагы саясий окуялардын таасирине байланыштуу ислам дининин таасиринин солгундоо этабы;

4.Ислам дининин кыргыздардын арасында таралышынын күчөө этабы (XVI-XVIII кк.)

XVIII кылымдан ушул күнгө чейин созулган кийинки доорду “Исламдын бекемделүү доору” деп атап, аны да төмөнкү 4 этапка бөлүү максатка ылйыктуу.

1.Кокон хандыгы мезгилинде исламдын Кыргызстандын аймактарында бекемделүү этабы (1711-1876);

2.Орусиянын колониалдык системасынын алкагында ислам дининин Кыргызстандагы абалы (XIX к. экинчи жарымынан XX кылымдын 20-жылдарына чейин);

3.Советтик-тоталитардык режимдин мезгилиндеги ислам дининин Кыргызстандагы абалы (1917 – 1991-кк.);

4.Ислам дининин Кыргызстандын эгемендик мезгилиндеги өнүгүшү жана анын биротоло бекемделиши (1991-жылдан ушул күнгө чейин).

Бир макаланын ичинде аталган эки доорду жана алардын төрттөн этаптарын баяндап чыгууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул биринчи макалабызда Кыргызстандын аймагында ислам дининин таралышынын алгачкы этабынын (VII-X кк.) бир бөлүгүн гана баяндайбыз.

а) Сафед-Булан Кыргызстанда исламдын таралышындагы алгачкы борбор

Биздин замандын VII кылымына чейин Кыргызстандын аймагында Борбордук Азиянын башка чөлкөмдөрүндөй эле отпарастык (зороастризм) менен бутпарастык (буддизм), несториандык (христиандык диндин чыгыш багыты) менен манихейлик, теңирчилик сыяктуу түрдүү диний ишенимдер өкүм сүрүп турган. Алардын таасири кайсыл чөлкөмдө күчтүү болсо, ошол жерлерде алардын сыйынуучу жайлары курулуп, айланасында жашаган тургундар ошол динге сыйынышчу. Диний ишенимдердин көп түрдүүлүгүнүн натыйжасында Жети-Суу аймагында жана Кыргызстандын чөлкөмүндө диний архитектуралык курулуштар (теңирчилик храмдары, бутпарастык монастрлар, несториандык чиркөөлөр, отпарастык-маздеисттик наустар, капищалар), сыйынуучу мазар-жайлар көп учурайт4.

Мындай жайлардын калдыктары Кыргызстандын аймактарындагы археологиялык эстеликтерде камтылып, алар жөнүндөгү маалыматтар кытай, араб жана европалык булактарда кеңири айтылат. Тарыхый маалыматтарга караганда жогор жакта аталган диний ишенимди алып жүрүүчүлөрдүн ортосунда кээде айыгышкан күрөштөр болуп турган. Бирок, ал диний ишенимдердин эч бири ислам дини келгенге чейин жергиликтүү тургундардын негизги бөлүгүн камтыган үстөмдүк кылуучу ишенимге айланган эмес. Алардын ичинен биздин заманга чейинки мезгилдерде эле калыптанып, калдыктары жаңы доорго чейин жеткен теңирчилик (Теңир кудай) көчмөн түрктөрдө, энесайлык кыргыздарда зор ролго ээ болгондугун айта кетүү ашыктык кылбайт5.

Кыргызстандын аймагынын ислам таасирине активдүү кириши биздин замандын VIII кылымынын ортосунан башталса да, бул дүйнөлүк ири дин менен биздин ата-бабаларыбыздын алгачкы таанышуусу жүз жыл мурун илгереекте – б.а.VII кылымдын орто ченинде эле болгондугу тарыхтан маалым болду. Бул окуя азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунун чегарасында жайгашкан “Соот-Булан (Сафед-Булан)” деген кыштактын эзелки тарыхы менен байланыштуу.

Аталган жерде байыркы замандарда отурукташкан тургундары бар чоң кыштак болбосо да, арабдар келгенге чейин эле жергиликтүүлөрдүн маанилүү турак-жайы болгондугун Сафед-Буландын этегиндеги археологиялык казуулардан табылган чопо идиштер далилдеп турат6. Эл оозундагы уламыштарда бул жердин эзелки аты Долоно шаар7. Бирок бул турак-жай кичине болгон менен, анын тегереги өнүккөн шаар-кыштактардын системасынан турган. 22-25 чакырым түштүк-батышында Касан шаары (байыркы Давань мамлекетинде Гуйшуань деп аталган – К.Т.), 15-20 чакырым түндүгүрөөк жагында Керван (Кербен - азыркы Аксы районунун борбору – К.Т.) жана Унгар (Кербендин түштүк атрабында Ун-Кар деген тоочо бар – К.Т.), Ранжит (Кербендин түштүк-чыгышында азыркы Кош-Дөбө айлында жайгашкан эрте орто кылымдагы шаар-калдык8 – К.Т.) орношкон. Өзбекстандын Наманган шаарынан түндүккө карай жайгашкан Аксыкент, Уйчу, Заркент, Чартак сыяктуу шаарлардан жана жогор жакта аталган шаар-кыштактардан турган бул өрөөн байыркы кезде эле Аксы деп аталчу.

Кытай тарыхый булактарына караганда Фергана биздин замандын VI-VII кылымдарында “Полона”, кийинчереек “Пахоньна”, “Бохань” же “Фей-хань” деп аталыптыр9. Фергананын башчысы самаркандык кайсы бир уруудан болгон экен. Аты белгисиз, бирок кытай булактарында бул башчынын титулу Алица деп аталган. Алица 605-жылы Кытай императоруна элчи жиберген деген маалымат бар10. Изилдөөлөрдүн тастыктоосу боюнча 754-жылы Ферганада 6 ири шаар жана 100дөй кыштактар (бекемделген турак-жайлар) болгон. Борбор шаары кытайча Сигянь деп аталып, ал Ахсыкет шаары деп божомолдонот11. Кытай булагы “Таншунун” маалыматы боюнча 629-жылдан баштап Фергананы Батыш-Түрк каганатынын ханзаадалары ээлей башташкан. 629-жылы жергиликтүү башкаруучу Циби батыш-түрк ханзаадасы Кань Мохедо тарабынан өлтүрүлүп, кийинчерээк Фергананы Ашина түрктөрүнүн ханзаадасы Шуни ээлеген. Андан кийин бул жерди Шунинин уулу Йебочжи башкарган. Болжол менен 658-59-жж. Фергананын башкаруучусу болуп Цибинин агасынын уулу Аляошань дайындалат. Ал мезгилде Фергана Тань империясына вассалдык көз карандылыкта болуп, салык төлөп турган жана ошол жылдары Фергананы императордун жардыгы менен Хюсюнь деп атап, резинденция катары Касан шаарын эсептешкен12. Ал кезде Касан шаарынын башчысы Ахшид13, көчмөндөр жашаган Унгар округунун башчысы Керван-бас деген адамдар экен14. Уламыштарда Ахшид Керван-бастан көз каранды башкаруучу болуп, ага кызын аялдыкка бергендиги жөнүндө маалымат бар15.

Жергиликтүү мифологиялык, араб булактарынын жана кийинки изилдөөлөрдүн маалыматтарына таянсак Аксы чөлкөмүнө арабдардын биринчи жолу келиши Араб халифатынын16 алгачкы “туура жолдогу халифтеринин” үчүнчү халифи Осмон (644-656) менен төртүнчү халифи Алинин (656—661) мезгилинде болгон. Бул жөнүндө араб булактары да учкай айтып кетишет. Мисалы, 1230-жылы Иленин боюндагы Алмалык шаарында төрөлгөн, кийин Баласагында, Кашкарда жашаган окумуштуу жана акын Джемаль Каршинин17 “Мулхакот Ас-Сурох” деген китебинде “Халиф Осмондун кезинде Мухаммед бен-Джерирдин кол башчылыгында Испид-Булан деген жерге мусулман жоокерлери жиберилип, пайгамбардын жолдоштору болушкан (сахабилер жана табеиндер) 2700 жоокери “динсиздер” менен кармашууда шейит кетишти” деген сөзүн В.В.Бартоль өз эмгегинде келтирет18. Ушундай эле уламышты орус ориенталисти Н.Н.Щербина-Крамаренко 1896-жылы Ферганадан уккан19. Ушул мазмундагы, бирок, анча-мынча гана айырмасы бар уламыштар жөнүндө башка окумуштуулар жана изилдөөчүлөр да белгилеп кетишет20.

Өзбекстандын окумуштуулары акыркы жылдары Сафед-Буланга кызыгуу менен мамиле кылууда. Ошол максатта Шах Хаким Халис тарабынан 1811-жылы жазылган “Сафед Булон қиссаси” (Повесть о Сафед Булане) деген эмгегин азыркы өзбек тилине ылайыктап 1994-жылы басып чыгарышты21. Өзбек окумуштуусу, теги Соотбуландык (Сафед-Буландык) Турсунбай Набиев менен элдик изилдөөчү Мархаматтык Махмуд Хасанийдин пикири боюнча “Сафед-Булон киссаси” орто кылымдарда эле араб тилинде ыр түрүндө жазылган чыгарма экен. Илимде ал чыгарма “Сафед-Булан тарихи”, “Сафед-Булон киссаси” жана “Газотномаи Шох Жарир” деген аттар менен белгилүү болгон. Кийин аны Хужандий деген адам перс тилине, андан Намангандык бир аты белгисиз адам өзбек тилине которуп, бир топ өзгөртүү менен ыр түрүндөгү поэма кылып жараткан. Бул кол жазма XX кылымдын башында Шах Хаким Халис аттуу өзбек окумуштуунун колуна тийип калат да ал Сафед-Буландыктардын жана башкалардын маалыматтарына таянуу менен 1911-жылы өзбек тилинде китеп кылып жарыялаган22.

Чыгарманын кол жазмасынын бири «Ғазот-нома-йи Шоҳ Жарир» деген ат менен Өзбекстандын Бувайдин районунун тургуну О.Шерматов аттуу адамдын жеке топтомунда сакталып турат23. Сөз кылынып жаткан чыгарманын ичинде камтылган окуялар жөнүндө жергиликтүү нарративдик булактарды изилдеген алгачкы өзбек аалымы Исхаккан Жунайдулла кожо уулунун (Ибрат) 1916-жылы жазылган ”Тарих-и Фаргона” деген китебинде да айтылат. Анда ал өз пикирлерин “Таърихи Шох Жарир” деген эски китепке таянып берет24.

Сереп кылынган эмгектерге жана акыркы мезгилдеги изилдөөлөргө25 таянсак, окуянын кыскача таржымалы төмөнкүдөй болгон.

Фергана чөлкөмүнө, тагыраак айтканда анын түштүк-батыш өңүрүнө арабдардан биринчи болуп Каъб ул Ахбор деген кол башчы келген экен. Ал бир нече кагылышуулардан кийин кайтып кетиптир. Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин үчүнчү халиф Осмондун мезгилинде Араб халифаты Ферганага “тынчтык чалгын” максаты менен ошол кездеги болочок халиф Азрети Аалынын жээни Мухаммад ибн-Абдуллох Жарирди (Айрым эмгектерде ал “сахиб Мухаммед Хазрет шах-и Джарир, пайгамбардын небереси” деп берилет26) 20 миң кол менен аттантат. Мухаммад Жарир чү дегенде эле Ферганага келген эмес. Бир нече жылдардан кийин ган ал Аалынын халифтик кылган жылдары (656-661) Самаркандан 12 миң кол менен чыгып, Ферганага кирген. Мухаммад Жарир бул жерде Кува чөлкөмүнүн башчысы Хушдод, Аксыкенттин башчысы Хурмуз, Касан шаарынын башчысы Ахшид (Ихшид) жана Унгар (Ун-Кар) чөлкөмүнүн башчысы Керван-Бас менен бир нече кагылышууларды өткөрөт. Мухаммад Жарир жеңишке ээ болуп, Касан шаарына жакын чыңдалган оорук куруп, бир аз убакыт туруп калат. Унгардын башчысы Керван-Бас кызы Бүбү Убайданы Мухаммад Жарирге турмушка чыгарып, алар тынчтык келишимин түзүшөт.

Бирок, бир нече ай бою камоонун натыйжасында Касан шаарын багындырган арабдар басып алуу максатынан кайтпай Керван-Бастын ээлигине карай жөнөп, азыркы Сафед-Булан турган жерге өргүү алышат. Ошол күндөрү Бүбү Убайда төркүлөп келип, атасы Керван-Бас менен Ихшид жума намаз күнү арабдарды кыруу жөнүндө жашыруун бүтүмү бар экендигин угуп калат да, аны күйөөсү Мухаммад Жарирге кабарлайт27. Бирок, бул кабарга анча маани бербеген Жарир өргүүсүн улантып, жума намазды бузбоону чечет. Мусулман жоокерлери жума намазга жыгылышканда аларды аңдып турган Керван-Бастын жоокерлери капыстан чабуул коюп, натыйжада 2772 араб жоокери өлүмгө учурайт. Алардын ичинен сахабалардын, (пайгамбарыбыз салаллаху алайхи вассаламды көргөндөрдүн) табейиндердин, (сахабаларды көргөндөрдүн) баштары алынган. Жалпысынан бул жерде эки тараптан тең миңдеген адамдар курман болушкан. Аман калган араб жоокерлери Керван-Бастын соккусуна туруштук бере албай, Касанга карай качышат. Бирок, Касандын башчысы Ахшид Керван-Баска тилектеш болгондуктан арабдарды шаарга киргизбей коёт.

Кыргындан калган азыраак жоокерлери жана аялы Бүбү Убайданы алып, Мухаммад Жарир өз мекенине кайтат. Тарыхый булактарда арабдар жолдо Аксыкент шаарынын жанына токтоп, Нарын дайрасына жарааттарын, кан болгон кийим-кечелерин жууп, бир аз убакыт өргүү алган делет. Ошондуктан бул жерде азыркыга чейин Жомашуй деген кичинекей кыштак бар. Тажик тилинде “жомашуй” “ич кийимдерди жууп-тазалоо” деген маанини берет экен28. Андан ары Мухаммад Жарирдин калган-каткан кошууну Аравияга кайтып кетет.

Керван-Бас менен Ахшид жеңишти майрамдап, баштары кесилген денелерди көмдүрбөөгө буйрук беришет. Мухаммад Жарирдин аскер башчыларынын биринин Бу Билон (Боболон) аттуу кара түстүү (негритянка) күңү Касан шаарында калып калган эле. Ал кыргындан кийин кожоюнунун башын издеп, бирок, буйруктан коркпой, кесилген 2772 баштын баарын жууп, бир жерге чогултуп көмгөн дешет. Араб жоокерлеринин кесилген баштары көмүлгөн жер алгач “Каллахана” деп атала баштап, кийинчерээк бул жалпы мүрзө катары куран окула турган, зыярат кылуучу жай катары эсептелип калгандыктан Кыргын-Мечит деген атка конгон29. Ал эми жоокерлердин денелери андан 300 метрдей алыстыкта жерге жашырылып, ал жер “Шейиттер Кабыры” деп аталып калган.

Керван-Бас Бу Билонду өлүм жазасына тартууга буйрук берет, бирок, Касан шаарынын тургундарынын суранычына байланыштуу тирүү калтырылган делет. Өлгөндөрдүн башын көөмп, сооп кылгандыгына байланыштуу негритянка Бу Билон агарып кеткен экен да, Сафед (ак) Билон деп аталып калат30. Бирок, эртеби-кечпи өлүм жазасынан корккон кыз тез эле жарык дүйнө менен кош айтышып, сөөгү Каллахананын жанына коюлган делет. Кийинки жылдары бул жер жалпысынан “Сафед-Булан күмбөзү” деп аталып калган экен.

Мухаммед Жарир Арабстанга кайтып келген мезгилде халифатта ич-ара араздашуу (фитна – атуулдук согуштар) жүрүп жатыптыр. Муавийлердин колунан Али ибн Абу Талиб мечитте намаз окуп жаткан жеринде хариджит Фанатик Ибн Мулджам (“туура жолдогу халифтерге каршы турган клан муавийлердин даярдаган террорчулары) тарабынан өлтүрүлүптүр31. Ошол эле хариджиттер Мединага кайтып келген Мухаммад Жарирди да уу берип өлтүрүшкөн делет. Арадан аз убакыт өтпөй Мединада Мухаммад Жарирдин аялы, Керван-Бастын кызы Бүбү Убайда Фазл аттуу уул көрөт. Фазл эресеге жеткенге чейин атасынын тарыхын укпай жүрөт. 40 жашка чыккандан кийин гана апасы болгон окуяларды ага айтып берет. Фазл таятасы Керван-Бастан өлгөн араб жоокерлеринин кунун алыш үчүн чоң аскер топтоп, Ферганага жортуул уюштурат. Уулу менен кошо жөнөгөн Бүбү Убайда Ферганага жетип, азыркы Кокон шаарынын атрабында өлгөн делинет. Азыркы учурга чейин бул жерде Бувайда деген кыштак бар32.

Фазл уюштурган жүрүш ийгиликтүү аяктап, ал Фергананын Аксы өрөөнүн кайрадан мусулман динине караткан экен. Уламыштарда жана тарыхый булактардагы маалыматтарга караганда Фазл Касан шаарында туруп, шах титулу менен 16 жыл бул жерди башкарыптыр. Кийин ал Касанда өлүп, сөөгү Каллахананын жанына коюлат. Кийинчерээк көрүстөндүн үстүнө Шах Фазлга арналып “Шах Фазл” деп тарыхта аталып калган чоң мавзолей курулган экен. Акырындап, бул мазар Фергана өрөөнүндөгү ыйык мазарлардын бирине айланып, тегерегине кыштак куралып, анын аты азыр Сафед-Булан аталып келет33.

Бул тарыхый уламыш 2006-ж. 5-7-сентябрь күндөрү бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын катышуусу жана демөөрчүлүгү менен Бишкекте өткөн «Орто Азия мусулмандары жана алардын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымы» аттуу эл аралык конференцияда да чагылдырылган34. Аталган Эл аралык конференциянын катышуучусу, Меккедеги Ум аль-Кура медресесинин окутуучусу, доктор Фавваз Бен Али Дхастын докладында мындай тарыхый фактылар келтирилет. Анын пикири боюнча тарыхчы окумуштуу Али аль-Барддын эскерүүлөрүнө караганда, азыркы Кыргызстандын аймагындагы Испид-Булан (Сафед-Булан) деген жерге 2700 шейиттин денеси коюлган, анын ичинде сахабалар менен табейиндердин болгондугу жана алар Халиф Усман ибн Аьффан розияллаху анху, тарабынан жөнөтүлгөндүгү тарыхта белгилүү35.

Демек, араб дин таратуучуларынын Кыргызстандын Аксы аймагына Араб халифатынын алгачкы жылдары эле келиши, Ислам дини менен кыргызстандыктардын байланышы эрте орто кылымдык доордо эле болгондугу эл аралык денгээлде тастыкталып олтурат. Жогорудагы далил мурдатан эл оозунда айтылып келсе да, бул далилдер эми гана расмий түрдө конференцияларда тастыкталгандыгы чоң илимий жаңылык жана олуттуу тарыхый мааниге ээ. Демек, Сафед-Булан Кыргызстандын чөлкөмдөрүндө ислам дининин таралуусунун бирден-бир башаты катары “ыйык жай” эсептелип, анын руханий мааниси зор36.

Б) Орто Азияга жана Кыргызстандын аймагына ислам дининин таралышынын согуштук жол менен өнүгүшү

Кыргызстандын чөлкөмдөрүнө Исламдын активдүү таралыш жараяны Хорасан акими Муслим ибн-Кутейбанын 709, 711-жылы Мавереннагрга жасаган ири жортуулунан башталат37. 3-4 жыл ичинде ал Согдияны, Хорезмди жана Тохаристандын көпчүлүк бөлүгүн караткан. Орто Азияны мусулманчылыкка киргизүүдө Муслим ибн-Кутейбанын ролу араб тарыхнаамасында жогору бааланат. Ал Бухара калкын үч жолу ислам динине киргизип, эски отпарастык жана бутпарастык ишенимдердин идолдорун талкалаттырып, китептерди өрттөттүргөн, мурунку диндердин храмдарын жок кылдырган38. 715-жылы Кутейба Араб халифатынын жаңы халифи Сулейманга каршы козголоң уюштуруп, бирок, өзүнүн эле карамагындагы адамдардын колунан каза тапкан. Араб халифатынын саясий, экономикалык саясатына каршы Мавереннагрда бир нече көтөрүлүштөр чыгып, ислам динин жергиликтүү калкка кабыл алдыруу кыйындыкка турган.

Ал мезгилде Кыргызстандын аймагында саясий күрөш, так-талаштар жүрүп жаткан эле. Истемин кагандын урпактары болгон Батыш-Түрк каганаты алсырап, анын акыркы күчтүү каганы Ышбаранын (651-657) Тан (Кытай) империясынын Орто Азияга болгон аскерий экспансиясы менен кармашта жеңилип калгандан кийин легендарлуу ашина уруусунун урпактары болгон көк түрктөр өз ара араздаша баштаган болучу. Анын үстүнө Чыгыштан Тибет мамлекети күч алып, анын экспедициялык корпустары Жети-Сууга чейин кирип келишкен. Уламдан улам бытырандылыкка баш урган Батыш-Түрк каганатынын “он аймагы өтө алсырап”39 ашина династиясынын батыш салаасынан чыккан кагандардын жыйырма үчүнчүсү Кулан шаарында (Казахстандын азыркы Луговая шаарчасы) өлтүрүлгөн40. Көп жылдарга созулган саясий күрөштөр “он ок бодун (он уруу эл – К.Т.)” элинин “Дулу” конфедерациясындагы төргөштөрдүн бирикмесинин жеңиши менен аяктап, 704-жылы Жети-Сууда Төргөш каганаты түзүлгөн41.

Төргөштөр хара жана сары төргөштөр болуп эки топтон турган. Жашаган аймактары Чүй жана Иле дарыяларынын бойлору болуп, алар VII кылымдын акырынан баштап, Тан империясына каршы кармаштарга катышуу менен тарыхый аренага чыга баштаган болучу. Төргөш кагандыгынын негиздөөчүсү жана биринчи каганы сары төргөштөрдүн башчысы Үч-Элик каган (704-706) болгон. Жаңы мамлекеттин чектери түштүк-батышынан Сыр-Дарыясынын ортоңку агымы, түндүк-чыгышы Эртиш (Иртыш) дарыясынын жогорку агымы болуп эсептелген жана борбору Суяб шаары (Чүй өрөөнү – К.Т.) болгон. Чыгыш Түркстан да каганаттын курамына кирген. Өлкө 20 аймакка (округ) бөлүнүп, ар бир аймактан 7 миң аскер чыгарууга мүмкүн эле. 706-711-жылдары каганатты Сакал каган бийледи. Анын мезгилинде төргөштөргө чыгыштан жана түштүк чыгыштан Тан империясы, түндүк-чыгыштан көк түрктөрдүн Экинчи түрк каганаты (682-744), ал эми түштүк-батыштан Араб халифаты менен бирдей күрөшүүгө туура келген.

710-жылы негизги коркунуч болгон Экинчи түрк каганатына каршы “үчтүктөрдүн коалициясы” түзүлгөн. Бул коалицияга Кыргыз каганаты (VI к.аягы-X к.), Төргөш каганаты (704-766), Тан империясы (618-907) кирип, аны түзүүгө демилгечи Кыргыз каганы Барс-бек Инанчу Алп-Тегин болгон42. Бирок, коалиция 711-жылы талкаланып калат. Ошол жылы Барс-бек да, Сакал каган да көктүрктөрдүн кол башчылары Тону-Көк менен Күлтегиндин колунан каза табышкан. Кийинки жылдары хара-төргөштөр күч алып, эми алар мамлекетти кайра тикелөөгө аракет кыла баштады. 716-739-жылдары Төргөш каганатынын каганы хара-төргөштөрдөн чыккан таланттуу кол башчы Чабыш-чор Сулук болуп калган. Хара-төргөштөр мамлекеттин ядросун түзүп, кийинчерээк азыркы кыргыз элинин курамына кирип кетишкендигин айта кетүү абзел.

Чабыш-чор Сулуктун тышкы саясаты эки фронтто күрөш жүргүзүү болучу: негизги багыты түштүк-батыштан мамлекеттин чегараларына жакындап келе жаткан арабдарга каршы туруу, экинчиси Тан империясы менен күрөш. Сулук алгач чыгыш коркунучун нейтралдаштырууну чечти. 717-жылы Тан империясынын борборуна элчи жиберип, кытай коркунучун азайткан. Чыгыш Түркстанда туруп, Тан империясынын колдоосу менен бийлик талашкан Батыш түрк каганынын ашина династиясынын бир урпагынын кызын аялдыкка алган. Сулуктун дагы бир аялы Экинчи Чыгыш-түрк каганы Бильге кагандын (716-734) кызы эле. Ал эми анын үчүнчү аялы - Тибет падышасынын кызы болуп калган. Сулук өзүнүн кызын Бильге кагандын уулуна берген. Ошентип ал чыгыш тарапта ийгиликтүү дипломатиялык мамиле түзүп, бардык аскердик мүмкүнчүлүктөрдү арабдарга каршы күрөшүүгө багыттаган. Бул анын кыраакы дипломат жана таланттуу кол башчы экендигин тастыктаган фактылар эле43.

720-жылдан баштап Чабыш-чор Сулук “он ог бодун”, Чач (Шаш-Ташкенттин эски аты), Фергана жана согдалыктарды (Самарканддын айланасындагы тургундар) бириктирип антиарабдык коалиция түзгөн жана бир нече ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган44. Натыйжада 728-жылы арабдар Согданы таштап чыгып кетишкен. Кийинки жылдары Араб халифаты аскерлерди күчтөндүрүп, кайрадан Мавереннагрга басып кирген, бирок алардын жортуулу ийгиликке жеткен эмес. 731-жылы Хорасанда араб башкаруучуларынын ортосундагы араздашуулардын негизинде Харис ибн-Сурейдж аттуу кол башчынын жетекчилигинде Омеяддардын (Араб халифатынын ошол мезгилдеги башкаруучу династиясы – 661-750) бийлигине каршы кыймыл башталат. Харис ибн-Сурейдж Чабыш-чор Сулук менен мамиле түзүп, андан колдоо алууга аракеттенет. Бул окуянын натыйжасы 735-жылга чейинки араб-төргөш ортосундагы салыштырмалуу тынч саясаттын орношу болучу.

Халифаттын аскерлери Сурейджди талкалоого келген мезгилде Чабыш-чор Сулук 734-жылы Чүйдөн Хорасанга чейин тездик менен аскерий жүрүш уюштуруп, арабдарды түштүккө сүрүүгө жетишкен. Мунун өзү Араб халифатына Төргөш каганаты тарабынан түзүлгөн реалдуу коркунуч болучу. Мындай коркунуч араздашкан араб кол башчыларын биригүүгө түрттү. Бирок, ал мезгилде атактуу кол башчы Чабыш-чор Сулуктун мекенинде аны көрө албагандар тарабынан кутумдук козголоң уюштурулуп жаткан эле. Сары төргөштөр бул династиялык кармашта жеңип чыгышты жана 739-жылы Сулукту өлтүрүп тынышты45. Бул окуя арабдардын Орто Азияга багытталган аскерий экспансиясынын күч алуусуна жана Төргөш каганатынын алсырап, Жети-Сууда түзүлгөн кырдаалдан пайдаланган жаңы саясий күч – карлуктардын тарыхый аренага чыгышына өбөлгө түзгөн.

Араб экспансиясына каршы турган коалиция кыйраган соң, 10-12 жыл ичинде Орто Азияны ислам динине киргизүү кампаниясы бир топ ийгиликтүү жүрдү. Натыйжада кайрадан арабдарга Мавереннагр, Хорезм, Фергана, Чач каратылган. Мунун өзү Борбордук Азияда ислам динин орнотуу жараянынын бекем пайдубалын түзө алган.

В) Талас салгылашуусу жана анын мааниси

Араб халифатынын Орто Азиядагы саясий-экономикалык, өзгөчө диний таасиринин жылдан-жылга күч алып бара жатышы жана мусулман аскеринин ийгиликтүү чабуулдары Тан империясына (Кытай) геосаясаттык олуттуу коркунучту пайда кылган. Бай жана өнүккөн регион эсептелген Тураниянын кайсыл бир бөлүгүн ээлеп алуу - Тан императорлорунун мурунтан келе жаткан максаты эле. Бул максатты ишке ашырууга 552-жылдан баштап түзүлгөн күчтүү Түрк каганаты, андан кийинки Чыгыш жана Батыш түрк каганаттары, Экинчи Чыгыш-Түрк (көк түрк) каганаты, Жети-Суудагы Төргөш каганаты негизги тоскоолдор болуп келген. VIII кылымдын ортосундагы Орто Азиядагы жана Жети-Суудагы эл аралык кырдаал, Төргөш кагандыгынын алсырап, карлук уруу бирикмеси менен атаандашып жатышы Тан империясынын алдына Түркстанга жортуул уюштурууга эң оңтойлуу кырдаал түзүп берген. Анын үстүнө Орто Азиянын басымдуу бөлүгүн ээлеген арабдар бул мезгилде Жети-Суунун чегине келип калган болучу. Бул кырдаалда Тан империясы Гао Сяньчжи46 баштаган чоң аскерди Жети-Сууга карай жортуулга аттандырды. Кытай армиясы көп тоскоолдуктарга учурабай 748-жылы Суябды талкалап, кийинки жылы Чачтын (Ташкенттин) башкаруучусун туткундап, өлтүрүп салышкан. Ал эми 751-жылы болсо Тан армиясынын айрым отряддары Талас өрөөнүнө чейин басып кирген.

Ал мезгилде арабдар Мавереннагрдагы көтөрүлүштөрдү негизинен талкалап бүткөн эле. Ошондуктан, Араб Халифаты чыгыштан каптап келе жаткан Тан империясынын экспансиясына каршы турууну чечти. Анын үстүнө Тараз (азыркы Шымкент) шаарында кытайлардын авангарды менен согушуп жаткан арабдардын азганакай отрядынын башчысы Саид ибн-Хумейд, ошондой эле Чачтын Тан аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн башчысынын уулу Хорасандын акими Абу Муслимден жардам сурап, расмий кайрылышкан болучу. Натыйжада Абу Муслим өзүнүн кол алдындагы таланттуу аскер башчылардын бири Зияд ибн-Салихтин башчылыгында ири кошуунду Таласка жиберген. Бул окуя Суябдан Гао Сяньчжинин 100 миң солдаттан турган армиясын Таласка жөнөөгө мажбур кылды47.

Ошентип, 751-жылдын июль айында Талас суусунун боюндагы Атлах шаарынын жанында 48 эки зор армиянын 4 күндүк тарыхый салгылашуусу болуп өткөн. Салгылашуунун тагдырын төртүнчү күнү кытайлардын тылынан капыстан сокку урган карлуктар чечти. Натыйжада Тан империясынын армиясынын таш-талканы чыгып, алардан 50 миң жоокер каза таап, 20 миңи колго түшкөн49. Тарыхый маалыматтарга караганда чачыла качкан кытай жоокерлеринин азыраак гана бөлүгү Ысык-Көл ойдуңунан ары өтө алган, көбү тоо-таштын арасында өлгөн делет. Кыргыз элиндеги “кытай, кытай кырылгыр, кырк дөбөгө жыйылгыр” деген тарыхый макал мүмкүн ошол окуяны чагылдырып тургандыр...

751-жылы болгон Талас салгылашуусунун тарыхый мааниси зор. Биринчиден, салгылашуунун жыйынтыгы Тан (Кытай) империясынын Кыргызстандын аймактарына болгон саясий экспансиясын миң жылга чейин токтоткон50. Экинчиден, Араб Халифатынын да аскерий жортуулдары токтоп, ушул окуядан кийинки жылдары түрк элдерин ислам динине киргизүү жараяны негизинен тынчтык-миссионердик жолго түшкөн51. Кыргыз элинин “мусулманчылыкты тажиктер менен сарттар (өзбектер) кылычтын мизи менен, ал эми кыргыздар өз макулдугу менен алган” деген ылакап сөздүн кайсыл бир деңгээлде чындыгы бар экендигин кийинки кылымдардагы окуялар ырастап турат. Үчүнчүдөн, бул окуя бүтүндөй Орто Азия элдеринин кийинки тагдырына Ислам цивилизациясынын андан ары өнүгүшүнө жол ачып берди. Эми, 120-130 жыл мурун калыптана баштаган араб цивилизациясынын өнүгүшү саясий-согуштук мүнөздөн социалдык-маданий жана руханий багытка трансформациялана баштады. Чынында эле Хорасанды, Мавереннагрды, Фергананы жана Чачты каратуу негизинен араб жоокерлери тарабынан шаарларды, айыл-кыштактарды талап-тоноо, жергиликтүү тургундарды кулдукка алуу, каратылган аймактарга чоң суммадагы алык-салыктарды салуу, административдик-аскерий түзүмдөрдү уюштуруу менен коштолсо, эми Кыргызстандын жана Казахстандын аймактары Араб халифатына административдик бирдик катары кирбестен, ислам динине өтүүчү субьект катары гана эсептелип калган. Ошону менен бирге араб цивилизациясынын руханий баалуулуктары жаңы кыртышка сиңип, андан ары өнүгүүгө багыт алган.

(уландысы бар)

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

05-02-2018
Кыргыздардын байыркы мекени жана Манас эпосу: салыштырмалуу анализ
5167

17-01-2018
Кыргыз жаңагы. 2-макала
3222

16-01-2018
Кыргыз жаңагы. 1-макала
4556

28-09-2017
О роли носителей алтайской языковой семьи в мировой цивилизации
4711

07-11-2016
Еще раз об Алымкуле Лашкер башы...
11461

26-07-2016
Алымбек датканын татыктуу тарыхый ордун табуу жөнүндө...
11878

19-07-2016
1916-жылкы Улуу укөтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жана себептери
6552

04-12-2015
Основные методологические принципы изучения истории Кыргызстана XVIII-начала XX вв.
12607

01-12-2015
Опубликованный «доклад Керенского» не является оригиналом, и задача кыргызских историков найти его
3491

30-05-2013
Кыргызско-Андижанскому восстанию 115 лет
19950

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×