Добавить статью
15:39 19 Июля 2016 79282
1916-жылкы Улуу укөтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жана себептери
160719
 Ташманбет Кененсариев

Улуу көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жана себептеринин айланасында азыркы учурда кызуу талкуулар жана талаштар жүрүп жатат. Анткени, көтөрүлүштүн чыгуусунун тереңинде жаткан факторлорду ачып берүү - 1855-1917-жылдардагы Орусиянын отор саясатынын маңызын даана көрсөтүп жаткандыктан мурунку Орусиянын тарыхый мураскери болбосо да, азыркы Орус Федерациянын кызыкчылыгына олуттуу деңгээлде таасир этип, маселе саясий да мааниге ээ экендигин белгилөөдө.

Тарыхый окуялар “себеп-натыйжа чынжыры” менен өнүгөт. Башкача айтканда кайсы бир окуя болоор алдындагы абал ошол окуянын өбөлгөсүн түзсө, окуянын жүрүшү натыйжа катары бааланып, ал эми бул натыйжа деп саналган окуя кайрадан өзүнөн кийин келчү окуянын өбөлгөсү да болуп калаары бышык. Конкреттүү алсак, XIX кылымдын башындагы рыноктук мамилелерге жаңыдан кирген Орусия империясына ички экономикалык талаптарды канааттандыруу үчүн тышкы саясатта саясий багыттагы акцияларды (каратып алуулар) уюштуруу зарыл болгон. Бул өбөлгө. Демек ал өбөлгө ошол кылымдын ортосунан баштап 70-жылдардын орто ченине чейин Кыргызстанды каратып алуу деген тышкы саясаттагы зор процесске алып келген. Бул натыйжа.

Каратылып алынган аймактарда Орусиянын отордук саясаты орноп, Кыргызстанда саясий-административдик, экономикалык, чарбалык жана руханий багыттарды камтыган процесс жүргөн. Анын негативдүү кесепеттери, жергиликтүү калк менен Орусия өкмөтүнүн, кыргыздар менен келгин орус калкынын ортосунда кескин карама-каршылыктарды алып келген. Бул өбөлгө. Ал карама-каршылыктар элдешкис мүнөзгө өткөндөн кийин улуттук-боштондук күрөш, башкача айтканда 1916-жылдагы Улуу көтөрүлүш келип чыкты. Эми бул натыйжа.

Көтөрүлүштүн чыгын кетүүсүн шарттаган “өбөлгөлөр” толгон-токой“ ондогон себептердин коштоосу менен бышып олтурган. Орусиянын аскерий-империялык үстөмдүгү Түркстандагы өндүргүч күчтөрдү өстүрбөй, жергиликтүү элдин материалдык жана маданий өнүгүүсүн кечеңдеткен, мунун өзү акырындык менен калкты жакырчылыктын сазына батырып, жергиктүүлөрдү жылма саясат менен жок болуп кетүүгө алып барган, оторчул саясаттын алкагында жашаган кыргыз сыяктуу элдер башка тукумдагы (инородцы)”, “туземдер” деп аталып, алар толук кандуу Орусиянын жарандары эмес, экинчи сорттогу, укугу чектелген масса катары кабыл алынган. Жергиликтүү калктын эзелден иштетип келген жерлери “мамлекеттик” деп таанылган.

Орусиянын борбордук губернияларында помещиктик жер ээлөөнү сактап калуу жана дыйкандардын толкундоолорунун алдын алуу, падышачылыктын чет жакалардагы колонияларында бекем таяныч түзүү максатында айдоо жери кенен Жети-Суу, Өзгөн, Көгарт сыяктуу аймактарына жергиликтүүлөрдүн эгин аңыздарын, шалбааларын зордук менен тартып алуу аркылуу орус келгиндери жайгаштылган.

Орусия оторчул экономикалык саясатынын максаты - жергиликтүү чарбаны алакадан сүрүп чыгаруу менен туңгуюкка кептөө, метрополиянын кызыкчылыгын канааттандырган деңгээлге чейинки гана өнөр жайын өнүктүрүү, меркантилдик соода саясаты менен рынок алакаларынын мерчемдүү факторлорун орус көпөстөрүнө алып берүү болгон. Албетте, анын бир аз да болсо объективдүү жакшы натыйжалары да болгон жана ал акырындык менен жергиликтүү экономиканы дүйнөлүк “айлампага” тарткан. Бирок, бул классикалык колониализдин чегинен ашкан эмес.

Жергиликтүү тургундарды саясий-экономикалык, социалдык жана руханий жактан улуттук эзүү күчөп, отор доорунун акыркы акыркы жылдарында дүйнөлүк согуштун кесепеттери абалды ого бетер оорлотуп жибергендиктен Орто Азия жалпы системдик кризиске кабылган.

Жогоруда кыскача көрсөтүлгөн фактылар көтөрүлүштүн өбөлгөлөрүн жана себептерин түзгөн. Ал эми 1916-жылдын 25-июнунда чыккан “жергиликтүүлөрдүн эр бүлөөлөрүн тыл жумуштарына чегерүү” боюнча падышанын Жарлыгы өзүнүн чегинен алда канча ашып түшкөн жогорку өбөлгөлөр менен себептердин “казанын” жарып жиберген да улуттук-боштондук күрөш башталып кеткен.

1916-жылкы улуттук-боштондук күрөштүн өбөлгөлөрү жана себептери көп жана ар түрдүү. 1850-жылдардан 1916-жылга чейинки болуп келген бардык саясий, экономикалык, социалдык жана маданий, атүгүл жеке инсандыкка чейинки майда-барат факторлордун суммасы Улуу көтөрүлүштүн өбөлгөлөрү жана себептери катары каралышы абзел. Бул жерде анын баарын айтып олтурууга мүмкүн эмес. Алар жөнүндө ондогон изилдөөлөр бар, китептер чыккан. Бирок, өбөлгөлөр менен себептерди бир нукка салган эң маанилүү, фундаменталдуу жана өзөктүү оторчул стратегия бар. Ал Орусия империясынын борбордогу саясатчылары тарабынан иштелип чыгылган алысты болжогон стратегиялык максат – “орусташтыруу” концепциясы болгон.

“Орусташтыруу” саясатынын келип чыгышы Орусиянын отор системасынын Европалык отор системаларынан өзгөчөлөнгөн бир географиялык факторго байланыштуу. Маселен, европалык отор системаларында, айталы Англияда, же Францияда метрополия менен колониялардын ортосун океан, тоо кыркалары, чөлдөр, башкача айтканда ири географиялык тоскоолдуктар бөлүп турат. Ал эми орус метрополиясы болуп эсептелген борбордук Орусия менен анын колониялык чет-жакаларынын ортосунда адам өтө алгыс географиялык тоскоолдуктар жок. Сибирь, Кавказ, Орто Азия сыяктуу чет жакалар Орусиянын “эзелки аймактарынын уландысы” катары каралган. Орусиянын отор саясаты үчүн мындай өзгөчөлүктүн геосаясаттык чоң мааниси болгон. Анткени, Орусиянын улам каратылып алынып жаткан колониялык чет-жакалары акырындап, узак мөөнөттүн ичинде борбордук губерниялар менен жуурулуштурулуп, акыр аягында аларды накта орус жерине айлантып жиберөөгө шарт түзгөн.

Орусташтыруу саясаты Кыргызстан сыяктуу чыгыш чет жакаларын басып алаарга чейин эле же анын алдында негизинен иштелип чыккан стратегия эле. Маселен Орусиянын тышкы иштер министри князь А.М.Горчаков 1864-жылы “Орусиянын саясаты жерлерди ченемсиз багындыра берүү эмес, багынган жерлерде биротоло орус амирлигин орнотуп, ал жерлердин келечегине кам көрүү”, — деп жазган . Бул жерде Орусиянын Орто Азияда бекем үстөмдүгүнө жетишүү боюнча чылбырды алыс таштаган перспективдүү стратегиялык план чагылдырылып жатат. Ошол эле учурда Түркстанды каратуудагы басып алуучулук саясатынын түпкү маңызын “ал жерлердин келечеги үчүн кам көрүү”, “маданиятын өстүрүү” деген сөздөр менен актоого аракеттенүүдө. Так ушундай эле көз караштарды 1860-90-жылдардагы, андан кийинки Орусиянын борбордук бийлигинде турган падышанын активдүү апологеттери айтып келишкендиги белгилүү.

Маселен, Түркстан генерал-губернатору А.Б.Вревский: «Туземдердин бизге сиңип кетиши биздин алардын бардык шарттарын эсепке алуу менен иш жүргүзүүбүзгө байланыштуу эмес, тескерисинче качан гана биз акырындык менен аларды биздин бардык шарттарыбызга баш ийдирүүгө мажбурлай алышыбызга байланыштуу. Мында туземдерди чоочутуп албай, аларга чоң материалдык зыян алып келбей, салт-санаасына, ишенимдерине жана дүйнө таанымдарына катуу доо кетирбей, алдап-солдоп мажбурлоо маанилүү...» . Бул сөздөрдө аяр тактика жатат. Алдыда болуучу көп жылдык, перспективалык келечекте Орусиянын таман астында калган бардык элдерди орусташтыруу максатына жетүүдө кылдат саясат эсепке алынган. Муну 1904-05-жылдары Түркстан генерал-губернатору болуп турган Н.Н.Тевяшевдин пикири дагы бир жолу ырастайт. Ал: «Менин көз карашымда Орусиянын Мамлекеттик Кеңеши бир нече жолу эскерткендей Түркстандагы орус бийлигинин негизги максаты бул чөлкөмдү империяга биротоло сиңирип салууну көздөө болушу керек...” деп жазат.

Падышалык апологеттердин пикирин жыйынтыктоо иретинде 1967-жылы Н.И.Завалишин аттуу автор “Орусия үчүн кеңейүү эмне үчүн керек?, деген суроо коюп, ага төмөнкүдөй жооп берет. “Эгер Орусия аймактык жактан кеңейбесе, анда ал элинин көп улуттуулугу жагынан биринчи, аймагынын кеңдиги жана ээлеген жерлеринин үзгүлтүксүз уланышы жагынан өзгөчө, келечеги кең жана түпкүлүгү бекем сезилген азыркы абалда (1960-жылдарды айтып жатат) болбойт эле... Ошондуктан, сооданы өнүктүрүп, өлкөнү күчтөө үчүн чет жактарга улам жылып, кеңейип олтурушу мыйзам ченемдүү болгон. Алысты көрө билген Рустун эзелки башчылары мындай идеяны эбак эле билишкен... Ошентип, бул миң жылдан бери келе жаткан мүдөө тарыхый зарылдыкты түзүп, аны жасап жаткан орус элине жараткандын көзү түз...”деп жазат ”

Орусташтыруу концепциясына стратегиялык кеңири маани берилип, аны аткаруу мөөнөтүнө узак жылдар белгиленген. Түркстан жана анын элдери акырындык менен экономикалык, социалдык жана улуттук жагынан Орус империясына толук биригип кетүүсү, атүгүл идеологиялык, руханий, дин жагынан да, одоно айтканда ”орус кылуу” максаты коюлган. Чынында, кийин совет доорунда Сибирь, Түндүк жана Ыраакы Чыгыштын элдери тигил же бул улуттук азчылыкты көрсөтүп турганы менен, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, кебете-кешпири, менталитети орустан айырмасы жок адамдар болуп калышкандыгын ким тана алат...

Демек, орусташтыруу саясаты 1916-жылкы көтөрүлүштүн эң негизги өбөлгөсү болгон. Орусташтыруу концепциясынын негизги багыттары болуп:

1. Орусиянын заң-закондорун акырындык менен жергиликтүү чөлкөмгө киргизүү;

2. түпкү калктын динин, улуттук баалуулуктарын одоно бузбастан, акырындык менен алардын арасына орус динин, орус маданиятын жана орус менталитетин жайылтуу;

3. аталган багыттарды ишке ашыруу жана колонияларда империянын социалдык таянычын калыптандыруу үчүн Түркстан крайы түзүлгөн алгачкы күндөн эле Орусиянын борбордук губернияларынан казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келүү болгон.

1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн чыгуу себептери так ушул багыттарда жатат. Орусиянын Кыргызстанды каратып алгандан кийинки доордо жүргүзгөн отор саясатынын багыттары даана көрсөтүп тургандай жергиликтүү калктын Орусия саясатына тез эле нааразы болуп, жер-жерлерде улуттук-боштондук кыймыл чыгып кетүүсүнөн чочулаган оторчу бийликтер иш жүзүндө “камчы жана токоч (кнут и пряник)” ыкмасын колдонушкан.

Мында жогоруда А.Б.Вревский айтып өткөндөй түз эле “бөрк ал десе баш кескен” ыкма менен эмес, “жыла сүйлөсөң жылан ийнине кирет” саясатын кеңири колдонгон. Орусиянын кызыкчылыгына анча зыян алып келбеген маселелерде “жергиликтүү элдин кызыкчылыгын канааттандырымыш” болгон кыйды ыкма менен иш жүргүзүлсө, жер, соода, өнөр жай, оторлоштуруу, салык, аскер иштери сыяктуу олуттуу маселелерде колониалык чет жакалардын кызыкчылыктары күч менен басылып турган.

Орус империясын “орто кылымдык оор тумандан куткаруучу” фактор катары сүрөттөп келишкен орус колонизаторлорунун акырындык менен этаптуу жүргүзгөн “кыйшаюусуз орусташтыруу саясатынын” натыйжасында “орус эмес элдердин” улуттук келечеги коркунучтуу чекке келгендигин ким тана алат.

Орусиянын Кыргызстанды каратып алуусу, анын административдик, социалдык-экономикалык жана руханий колониялык саясаты, жер маселелери жана орус келгиндерин жайгаштыруу, колониялык доордогу жер-суу, салык реформалары, жергиликтүү калктын менталитетинин, руханий баалуулуктарынын бузулушу, маданий жана диний кысмактар, Орусиянын, коңшу Кытай мамлекетинин кыргыздарга карата болгон импердик мамилеси жана башка ушул сыяктуу маселелер Орусташтыруу стратегиясынын алкагында Улуу көтөрүлүштүн чыгып кетүүсүнүн себептери болуп, аны акырындык менен комплекстүү даярдай берген.

Себептердин эң орчундуусуна “жер маселеси” кирет. Орусташтыруунун бирден-бир каражаты катары бул жактарга орус улутундагы оокаттуу келгиндерди көчүрүп келип, жерге жайгаштыруу болучу. Келгиндерге падышачылыктын Кыргызстандагы ишенимдүү таянычы катары 1860-жылдардан баштап эле маани берилген. Жер маселеси айрыкча 1890-жылдардын башында Орусиянын ички аймактарында болгон ачарчылыктан кийин, өзгөчө падышачылыктын 1906-жылдын 9-ноябрындагы агрардык маселе боюнча Жарлыгы, 1907-жылы мурунку ички иштер министри катары макамдыгын сактоо менен падышачылык Өкмөттүн Министрлер Советинин төрагалыгына келген П. А. Столыпиндин баштаган агрардык реформасынын аткаруунун жүрүшүнөн улам курчуп кеткен. Ички Орусиядагы миллиондогон дыйкандардын жер ээликтерин рынок шартына өткөрүү максатындагы агрардык реформа ал жакта сандаган жерсиз, ачка дыйкандардын катмарын пайда кылган. Так ошол дыйкандар “бакыт издеп” империянын Сибирь, Түркстан сыяктуу чет жакаларына “өз алдынча” самсып келе баштаган.

Мындай келгиндерди жайгаштыруу үчүн бир гана жол – жергиликтүүлөрдүн жерлерин ар кандай ыкма менен келгиндерге алып берүү болучу. Агрардык өнүгүүнү жон тери менен сезе баштаган кыргыз жакырларынын отурукташуусун сөз жүзүндө жактамыш болуп, бирок иш жүзүндө колдобогон орус чиновниктери кыргыздын сугат жана түшүмдүү жерлерин келгиндерге алып берүүгө ашыгышкан. Мындан келип чыккан жер теңсиздиги, анын натыйжасында болгон социалдык кыйынчылыктар, элдин жакырдануусу, жер-суу реформасын ишке ашыруу кезиндеги салык системасы жана башка иштер 1916-жылкы көтөрүлүштүн себептерин толуктаган.

Кыргыз жерлерин тартып алуу эң катаал чекке Улуу Көтөрүлүштүн жүрүшүндө жеткен. Көтөрүлүштү басуунун эң негизги күжүрмөнү Чүй, Кемин, Ысык-Көл чөлкөмдөрүнө таза орус келгиндеринен турган аймакты, ал эми тоолуу Нарында жалаң кыргыздардан турган аймакты түзүүнү пландаган жана Түркстанда өзгөчө бир “этникалык тазалоо кампаниясын” негиздеген Түркстан генерал-губернатору А.Н.Куропаткин болгон . Так ошол “жарым падыша” 1916-жылдын 18-августунда Орусиянын Аскер министри Д.С.Шуваевге жазган № 6480-телеграммасында “кыргыздардын көтөрүлүшкө чыгуусунун себептери өтө татаал... 40 жылдан бери биз бул жөнөкөй, атүгүл алгачкы коомдо жашап жаткан адамдардын жүрөгүн жылыткыдай өзүбүзгө жакындата албадык... Атүгүл, алардын жакшы, семиз жерлерин тартып алып, анын эсебинен орус кыштактарын уюштурууну ыкчамдаттык. Мунубуз менен туземдердин жаңы режимге болгон кыжырдануусун аябай күчөттүк. Кыргыздардын отурукташууну мыйзамдуу бекитип берүүгө болгон арыздарын таназарга албай, алардын мындай аракеттерин атайылап кечеңдетип, же жарым-жартылай бир аз айдоо аңыздарын гана ыйгарып, жайыт, чөп чабыкка ылайыктуу жерлерин орус келгиндерине бердик... деп жазган. Бу пикир ал кездеги ачуу чындыкты негизинен туура түшүнгөн орус чиновнигин көрсөтүп турганы менен түпкүрүндө оторчулдук идея сөөгүнө чейин сиңген саясатчы болгондугун анын башка иштери далилдеп турат.

Улуу көтөрүлүштү изилдеген көптөгөн тарыхчылар, изилдөөчүлөр, коомдук ишмерлер, журналисттер окуянын себептерин ар кандай таризде, ар кандай көз карашта берип жатышат. Улуу көтөрүлүштүн себептеринин ар түрдүүлүгүнө байланыштуу аларды бир нече категорияга бөлүүгө болот.

Биринчи. Улуу көтөрүлүштүн мезгилиндеги, ал окуяларды өз көзү менен көрүшкөн жана жеке аракеттери менен бул азаттык күрөштү айоосуз басууга катышкан Түркстандык орус чиновниктеринин пикирлери.

Булар көтөрүлүштүн себептерин эки топко бөлүшөт. Биринчи топ көтөрүлүштүн биринчи баскычы болгон Фергана өрөөнүндөгү окуяларга байланыштуу каралып, ал эми экинчи тобу Жети-Суудагы, тагыраагы Пишпек жана Пржеваль ойоздорундагы окуяларга байланыштуу берилет. Эки регионго карата белгиленген себептерди саясий, социалдык-экономикалык, руханий жана тышкы деген топторго бөлүү менен санап өтөлү.

Саясий себептер катары Түркстан крайын башкаруудагы кемчиликтер, маселен Орусиянын Түркстан крайын бекем жана күчтүү кармаган бийликтин болбогондугу, Крайды башкаруучу чиновниктердин өздүк курамын тез-тез алмаштыра берүүсү, Түркстанды тааныбаган, билбеген чиновниктердин жумушка дайындалышы, мурунку бийлик менен кийинки бийликтин көш караштарынын төп келбеши, алардын материалдык жактан камсыз болушунун начардыгы, Түркстанда орус аскерлеринин жетишсиздиги айтылат. Ошондой эле 1916-жылкы 25-июндагы Орусия падышасы Николай IIнин орус эмес жергиликтүү калкты дүйнөлүк согуш жүрүп жаткан аймактарга жумушка чегерүү жөнүндөгү Жарлыгынын чыгышы жана аны туура эмес түшүнүү да маанилүү себеп катары каралат. Орусиялык аалым М.Венюковдун көз карашы да маанилүү. Ал Түркстан крайын башкарууда аскер бийлиги менен жарандык бийликтин бир колдо болушу эң чоң жаңылыштык болгон деген пикирди айткан. Мындай башкаруу улана берсе кичине эле шылтоо жергиликтүүлөрдү жапа тырмак көтөрүлүүгө түртүшү ыктымал деп жазган окумуштуу .

Социалдык-экономикалык себептер катары кыргыздардын жерлерин интенсивдүү тартып ала баштоо, кыргыздардын чарбалык кызыкчылыгын таназарга албоо. Келгин башкармалыгынын аша чабуулары, орус токойчуларынын жергиликтүү элге салган алык-салыктары, жазаналары эсептелет. Анын ичинде Жети-Суу облусунун орус элементтери тарабынан кеңири колонизациялоосу, анын натыйжасында жергиликтүүлөрдүн мурунку ээн-эркин жайыттары тарып, жер-сууга болгон кенендиктин жоголгондугу, кыргыздардын арасында өз алдынча көчүп келген орус дыйкандарын жерге жайгаштуруу үчүн 1906-жылдан баштап, айрыкча акыркы жылдарда отурукташууга кам уруп калган кыргыз айылдарында алардын ыңгайлуу, жакшы жерлерин Келгиндер башкармалыгы тарабынан түрдүү жолдор менен тартып алуу фактылары, 1891-жылы Талаа губерниясын башкаруу Жобосу чыккандан баштап жер-суу маселесине байланышкан орус-кыргыз мамилесинин бузулушунун күчөшү, орус келгиндеринин оокаттууларынын кыргыздардан жалданма жумушчу күтүп, анын натыйцжасындагы социалдык карама-каршылыктын өсүшү баса белгиленет. Маселен Я.И.Корольков .

Руханий себептер катары орус чновниктеринин жергиликтүү элдин кул-мүнөзүн, салт-санаасын, руханий дүйнөсүн, дилин жана тилин билбестиги, диндин, панисламдык идеянын таасири, эшендердин аракеттери келтирилет (А.В.Пясковский) . Реквизициянын 1916-жылдын 19-июнунан 19-июлуна чейин созулган Орозо (Рамазан) айына жана анын акырындагы мусулман майрамы Орозо айтына туш келип калышы да маанилүү себеп деп саналат . Жумушка чегерилүүчү кыргыздарды орус жана немис армиясынын ортосуна жайгаштырып, аларды кырып салып, жерлерин орустарга таратып берет имиш деген ушактын кыргыздардын арасында тез жайылышы да мааниге ээ болгон саналат (К.А.Иванов) .

Ал эми тышкы себептер катары Германиялык, Ооганстандык үгүттүн таасири, Орус армиясынын ошол кезде жүрүп жаткан согушта Германиядан жеңилип жатышы айтылат. Тышкы себептерден баса көрсөтүлгөн мисал катары Кыргызстандын түндүгүндөгү Кулжа, Кашкар тараптан келген Германиялык агенттердин аракеттери, Ысык-Көлдө апийим эгүүнүн күчөшүнүн таасири менен апийим жыйноого, аны сатууга кызыктар болгон кашкарлыктардын, дунгандардын Ысык-Көл ойдуңунда көбөйүп кетиши, Чүй каналын курууда жалданма жумушчу күчүн толуктоо максатында Кашкар, Кулжа тараптан келген сарттардын (уйгурлардын) көп келиши сыяктуу иштерге байланыштуу мусулман идеологиясынын жогорулашы, ошол кездеги кытай анархисттери «Геляо» партиясынын козутуучу ишмердиги.

Тышкы факторлорду белгилөөдө төмөнкү жагдайды эске алуу зарыл. Маселен, көптөгөн орус чиновниктери Жети-Суудагы көтөрүлүштүн алоолонушунда герман-түрк агентурасынын ишмердигинин чоң таасир болгон деп белгилеп, атүгүл 1916-жылдын башында хан шайланган Мөкүш Шабданов Түркияда, Стамбулда, Меккеде болуп кайткан, анын үйүндө жөнөкөй кийинген бир түрк генералы конок болуп турган. Немец агенттеринин таасири менен немис колонисттери көтөрүлүштү колдогон. Падышалык чалгын Жети-Сууда герман жана түрк агенттерин бир нече жолу колго түшүрүшкөн (док. № 237, 239, 261 и др.) деген маалыматтарды белгилешкен.

Бирок, булактарды анализдөөдө бул аргументтердин туура эместиги далилденүүдө. Жарыяланган булактарда келтирилген Верный ойозунун, Түркстандын башка бийликтеринде кызмат өтөгөн чалгын агенттеринин жашыруун билдирүүлөрүндө, маселен Түркстан райондук “коргонуу бөлүгүнүн” өзгөчө тапшырмадагы чиновниги Юнемейстердин ошол мекеменин башчысы М.Н.Волковго Пржеваль ойозундагы көтөрүлүш жөнүндөгү 1916-жылдын 30-декабрындагы билдирүүсүндө, жогорудагыдай маалыматтар өзүнүн ишин жеткиликтүү аткара албагандыгына актануу иретинде көтөрүлүштүн чыгуусунун себептерин тышкы факторлордон, “кайсы бир шпиондордун ишмердигинен” издешет деп белгилейт. Бул маалыматта “түрк-немис агенттеринин ишмердиги” кыргыздарын туткунунда болгон Игнатьева аттуу аялдын далилденбеген маалыматына таянган деп тастыкталган. Бердникова деген гимназистканын “түрк генералын” кыргыздардын арасынан көргөндүгү жөнүндөгү маалымат далилисиз тарап кетип, анын негизинде жергиликтүү басма сөз каражаттары көтөрүлөштүн тышкы таасиринин маанилүү экендигин байма-бай жаза башташкан. Бирок, Бердникованы тийешелүү тергөө сураганда ал мен андай маалыматты уккан эмесмин, ал “уу-дууга кызыккан корреспонденттердин фантазиясы болуу керек” деген көрсөтмө берген .

Ошондуктан, 1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн чыгуу себептериндеги “тышкы факторлордун” таасири, “түрк-герман агентурасынын ишмердиги” чындыгында болбогондугу ырасталып олтурат.

Экинчи. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын А.Ф.Керенский, М.Ю.Джафаров, С.Ф.Мансыров сыяктуу депутаттарынын пикирлери.

А.Ф.Керенский негизинен 1916-жылкы көтөрүлүштүн чыгып кетүүсүнө Орусия Өкмөтүнүн, Борбордук мекемелердин башчыларынын Падышанын Жарлыгын ишке ашыруудагы мыйзам бузуулары, оорук жумуштарына жумушчу күч алуу иш-аракеттеринин калпыс аткарылышы эң негизги себеп болгон деп санап кеткен .

М.Ю.Джафаров мусулмандардын 19-июндан 19-июлга чейинки болуучу орозосу, анын артынан Орозо айт майрамы болуп жаткандыгын, августтан башталган күзгү эгин-тегин жыйноо мезгилиндеги кол күчү керектигин, жергиликтүүлөр “реквизицияны” токтото турууну суранганына карабастан орус чиновниктеринин Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зордукчулдук, аша-чапкандык менен коштолгон иш-аракеттерин, элдин азап-тозогун, паракорлук менен сүткорлуктун бетин ачып, бардык күнөөнү борборлук бийликке койгондугу да маанилүү .

Ал эми С.Ф.Мансыров болсо Түркстандагы 1916-жылдагы орус чиновниктеринин аракеттерин айыптап, бул жерде паракорчулуктун, зордук-зомбулуктун аябай өскөндүгүн, оторчул орус чиновниктеринин жергиликтүү тургундардан улам алыстап, аларды эч нерсе колунан келбеген, эч нерсени жасай албаган төмөнкү расадагы адамдар катары саноо менен, текебердүү мамиле кылып, жергиликтүү салт-санаага орус каада-салттарын күчтөп киргизүү аракеттерин, жер-суу реформасын жүргүзүүдөгү калпыстыктарды, жемкорлукту, мусулмандардын диний көз караштарына шек келтирүү жана башка аракеттерди ашкерелеген .

Үчүнчү. Советтик ишмерлер жана ушул мезгилге чейинки изилдөөчүлөрдүн пикирлери

Белгилүү мамлекеттик ишмер Турар Рыскулов (1894-1938) падышачылыктын колониялык эзүүсүнөн келип чыккан карама-каршылыктар көтөрүлүштүн негизги себеби болду деп жазат. Ошол эле учурда көтөрүлүш орус калкына эмес, орус падышачылыгына каршы болгондугун баса белгилейт . Кыргыздын чыгаан уулу, мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов падышалык башкаруу системасы жергиликтүү калкты эзүүнү мыйзамдаштырылган, уюмдаштырылган мүнөзгө алып келип, андан пайдаланган орус чиновниктери, жергиликтүү бай-манаптар менен бирге кош эзүүнү күчөтүшкөндүгүн белгилеген. Андан ары ал паракорчулук менен алдамчылыктын, сүткорлуктун гүлдөгөнүн, пара берүү конвейердик системага өтүп, ал эң кичинеси өзүнөн чоңураакка, анысы дагы өзүнөн бир баскыч өйдөдөгү чиновникке, ошентип Түркстанды бийлеп турган генерал-губернаторго чейин жемкорлук чырмап таштагандыгын жазган . Ж.Абдрахманов орус чиновниктери келгиндердин келүү темпи улам өскөн сайын келгиндер үчүн “жер корун” түзүүнү күчөткөндүгүн, жергиликтүүлөрдүн жер шартын изилдөө мезгилинде кай бир ыңгайсыз жерлерди деле дыйканчылыкка ыңгайлуу жер деген жүйөө келтиришип, так ошондой жерлерге кыргыздарды айдашкандыгын, бир орус чиновниги ушундай жер издөөнү аша-чапкандык менен аткарып, атүгүл, Кытай аймагынан “жер корун” пландап жибериптир деген маалымат келтирет.

Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, мамлекеттик ишмер Баялы Исакеевдин 1916-жылкы Улуу көтөрүлүштүн себептери жөнүндөгү пикирлери өзүнүн өзгөчөлүлүгү менен айырмаланып турат. Ал биринчи себеп катары Падыша өкмөтү тарабынан жергиликтүү элди чексиз эзүү, талап-тоноо жана оторчул катаал саясат болгондугун, Түркстандагы 50 жыл чамалуу мезгилде жүргөн укуксуз отор саясатына чыдап келип, бирок бул кордукка чыдамы кеткен мезгил 1916-жылдын алдында калыптанган деп көрсөтөт. Экинчи себеп – эмгекчи калкты жергиликтүү бай-манаптар жана феодалдык-патриархалдык элементтер тарабынан айоосуз эзүүсү; Үчүнчү себеп – бул империалисттик согуш деп санаган. Ал эми төртүнчү себеп – Падышанын оорук жумуштарга алуу Жарлыгы саясий шылтоо да, себеп да болгон деген пикирди айтат . Б.Исакеев ал кездеги “жадиддик” жана панисламдык” кыймыл кыргыз эмгекчилерине эч кандай таасир кылган эместигин белгилейт .

1916-жылкы Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептери боюнча оригиналдуу пикир айткан адам, бир кезде И.В.Сталин менен чогуу иштешкен Г.И.Бройдо эле . Анын пикиринде Улуу көтөрүлүштөн эң негизги себеби орус чиновниктеринин кыргыздар кандай болсо да көтөрүлүш чыгарып жибере тургандай абалга жеткирүүгө аракеттенген иштерди жүргүзүшкөндүгү, көтөрүлүш чыгып кетсе, аны шылтоологон орус жазалоочулары көтөрүлүштү айоосуз жазалап, анын натыйжасында жергиликтүү калктын басымдуу көпчүлүгүн кырып салуу же Кытайга сүрүп чыгаруу аркылуу алардын жерлерин тынымсыз көчүп келип жатышкан орус келгиндерине алып берүү болгон деп жазган. Ошондуктан жергиликтүү тургундарды “реквизициялоо” боюнча буйрук көтөрүлүштү баштап жиберүүгө түрткөн тикелей шылтоо болгон жана аны Борбордук бийликтер атайылап уюштурушкан жана ал “дүүлүктүрүүчү ыкма” болгондеп эсептеген .

1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептери жогорку илимий деңгээлде, теориялык жана практикалык таризде К.Үсөнбаев сыяктуу көрүнүктүү кыргыз аалымдарынын 60-жылдардан башталган изилдөөлөрүндө чагылдырылып келген. Кыргыз элинин 1991-жылы келген эгемендүүлүгүнө шайкеш азыркы муундун көптөгөн тарыхчылары кыргыз элинин башынан мындан 100 жыл мурун өткөн, бир жагынан кайгылуу да, ал эми тарыхый прогресс жагынан даңктуу да барактарын жаңы көз караш менен анализдеп, көтөрүлүштүн себептерин жогорку теориялык, илимий-практикалык жактан туура далилдөөгө аракеттенишүүдө.

Чын-чынына келгенде, советтик тарыхнааманын өкүлдөрүнүн, азыркы мезгилдеги айрым орусиялык изилдөөчүлөрдүн жазгандарынын объективдүү чындык-жөнү бар. Албетте, кыргыз сыяктуу элдер Орусиянын курамында бир жарым кылым бою жашап, тарыхый жактан объективдүү түрдө бир катар прогресске жетишти. Дүйнө алакасына колониалдык чет жака катары кирип, анын натыйжасында азыркы доордун жемиштерин көрүүгө, коомдук тартипти, экономиканы, маданиятты өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Аны моюнга алуу керек. Бирок, Орусиянын кучагында турган кыргыз элинин XIX кылымдын экинчи жарымындагы жана XX кылымдын биринчи чейрегиндеги тарыхы классикалык колониалдык системанын алкагында жашап келгендигин тануу таптакыр мүмкүн эмес.

Ташманбет Кененсариев, тарых илимдеринин доктору, профессор

Колдонулган адабияттар:

1. Авторсуз. Россия и Англия в Средней Азии.//ВЕ.—14 год. —Т.V.—СПб.,1879. -734-35-бб.

2. Россия федерациясынын Мамлекеттик Борбордук Аскерий-тарыхый архиви (Мындан ары РФМБАТА, 400-ф, 1-оп, 1466-иш, 11-барак.

3. Русский Туркестан.Сборник, изданный по поводу политехнической выставки. Вып.1-2., СПб., 1872, 4-барак.

4. Завалишин И. И. К чему для России расширение?/ Описание Западной Сибири. Том 3. Сибирско–киргизская степь. — М., 1867.// http://www.kamchadaly.ru/?con=ktxt&id=607&t_name=kamchad_ February 17th, 2012

5. Молдокасымов К. 1916-жыл. Архив документтери ашкерелейт.// http://muras.barakelde.org/unews/un_post:2866. 19-август 2011-жыл.

6. Орусиянын Борбордук Мамлекеттик Согуштук тарыхый архиви (Мындан ары ОБМСТ). 400-фонду (Башкы штаб, Азия бөлүмү), 4-тизме, 40-иш-кагаз, 258-барак жана анын арты

7. ОБМСТ. 400-фонду (Башкы штаб, Азия бөлүмү), 4-тизме, 40-иш-кагаз, 258-барак жана анын арты

8. Венюков М. И. Удержание окраин: Туркестан. Глава 8 из книги Исторические очерки России со времени Крымской войны до заключения Берлинского договора. 1855—1878. Том 1. — Лейпциг, 1878.// Шилтеме Такенов А. Разгром шестнадцатого года // Журнал “История казахов” 1993. № 1. деген макаласынан алынды

9. Восстание 1916 года в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. Ред.коллегия: А.В.Пясковский (отв.ред.), Т.Е.Елеуев, А.Г.Зима, О.К.Кулиев, Х.Т.Турсунов. М.: Изд. Академии наук СССР, 1960, 359-б.

10. Восстание ... А.В.Пясковский ... 1960, 16-б.

11. Восстание ... А.В.Пясковский ... 1960, -80-82, 345-бб.

12. Восстание ... А.В.Пясковский ... 1960, 361-б.

13. Восстание ... А.В.Пясковский ... 1960, 16-17-бб.

14. Восстание ... А.В.Пясковский ... 1960, 397-б.

15. Восстание 1916 года в Средней Азии. Сборник документов. Подготовили к печати Ф.Божко и С.Волин. Под редакцией П.Г.Галузо.-Т.: Госиздат УзССР, 1932. 105-126-бб.

16. Восстание 1916 года ...С.Волин. ...-126-142-бб.

17. Восстание 1916 года ...С.Волин. ...143-150-бб.

18. Рыскулов Т. Р. Восстание киргизов и казахов в 1916 году. — Бишкек: Учкун, 1991. 112 б.

19. Абдрахманов Ж. Восстание киргиз в 1916 году. Фрунзе, 1933. 41-б.

20. Абдрахманов Ж. ... 55-б.

21. Исакеев Б. Киргизское восстание 1916 г.//Доклад на собрании рабочих “Интергельпо” и “Железнодорожников, в связи с 15-ти летием восстания 1916 года.- Ф.: Киргосиздат, 1932. 3-4-бб.

22. Исакеев Б. .... 30-б.

23. Бройдо Г.И. Восстание киргиз в 1916 году. (Мое показание прокурору Ташкентской судебной палаты, данные 3-го сентября 1916 г.)-М.: Научная ассоциация востоковедения при ЦИК СССР, 1925. 29 б.

24. Бройдо Г.И. .... 19-б.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

05-02-2018
Кыргыздардын байыркы мекени жана Манас эпосу: салыштырмалуу анализ
37653

17-01-2018
Кыргыз жаңагы. 2-макала
14987

16-01-2018
Кыргыз жаңагы. 1-макала
16634

28-09-2017
О роли носителей алтайской языковой семьи в мировой цивилизации
34391

07-11-2016
Еще раз об Алымкуле Лашкер башы...
74466

26-07-2016
Алымбек датканын татыктуу тарыхый ордун табуу жөнүндө...
49812

04-12-2015
Основные методологические принципы изучения истории Кыргызстана XVIII-начала XX вв.
79609

01-12-2015
Опубликованный «доклад Керенского» не является оригиналом, и задача кыргызских историков найти его
68914

30-05-2013
Кыргызско-Андижанскому восстанию 115 лет
64724

05-10-2011
Феномен Курманжан Датки
(часть IV)
66975

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×