Добавить статью
9:30 2 Ноября 2016 7158
Миң-Булак айылындагы сак урууларынын издери

Тарыхты билүү, тарыхый эстеликтерге аяр мамиле жасап аларды коргоо ар бирибиздин вазыйпабыз. Ошол себептен, Нарын ѳрѳѳнүнүн тарыхына кичине болсо да жарык берүү жана эстеликтердин кыйроо коркунучунда тургандыгын жеткирүү үчүн Мин-Булак айылындагы “бугу таш” эстелиги тууралуу баяндоону туура кѳрдүк.

“Бугу таштар” Орто Азия географиясында б.з.ч XIII-III-кылымдарда жашаган сак урууларынын маркумду эскерүүчү эстеликтери болуп саналат. Бүгүнкү күн менен салыштырсак, бугу таштар, азыр маркумду эскерүү үчүн коюлуп жаткан эстеликтин бир түрү.

Кокусунан табылган эстеликтер археологдор үчүн ар дайым чоң сүйүнүч тартуулайт. Жѳнѳкѳй эле бир күнү лотореядан чоң байге утуп алгандай сезилет. Дал ушундай утушка биз 2015-жылы Нарын районундагы Миң-Булак айылындагы бугу ташты тапканда ээ болгонбуз. Жергиликтүүлѳр ташты короонун дубалына тирѳѳч кылып орнотуп коюшкан, кийин дубал кулаганда андагы тегерек символ билинип калган экен. Таштын бийиктиги 75 см., туурасы 40 см. Жылмакай бетинде эч кандай белги жок, бодуракай бетинде диаметри 10-15 см. болгон тегерек символ түшүрүлгѳн. Эстеликтин алгачкы орнотулган жеринен козголушу толук ыктымал.

Бардыгыбызда сактардын атактуу “айбанат стили” тууралуу учкай болсо да маалымат бар болсо керек. Биз карап жаткан “бугу таш” эстелигинде дал ошол стиль ѳз чагылуусуна ээ болгон деп, кѳптѳгѳн археологиялык табылгаларга таянып белгилесек болот. Атынан билинип тургандай, маркумду эскерүүчү эстеликтердин бул түрү бугулар менен байланыштуу. Тагыраак айтсак, жаралуу ареалы болгон Монголия, Алтай жана Тува географияларында эстеликтердин бул түрлѳрүнүн бетинен бугулардын стилдештирилген сүрѳттѳрүн байкоого мүмкүн. Кыргызстан аймагында табылган бугу таштардын дээрлик бардыгынан жандыктын элесин табууга мүмкүн эмес. Сакталып калган белгилери – тегерек, кыйгачынан түшүрүлгѳн 2-3 сызык жана кээ бир учурларда – чегилген куралдар. Кыргызстан аймагындагы бугу таштардагы негизги белгилердин жоголушун изилдѳѳчүлѳр кѳчмѳндѳрдүн батыш тарапка кылган миграциялары менен байланыштырышууда – батыш тарапка жылган сайын экинчи ролдогу белгилери жоголо берген.

Сѳз болуп жаткан эстеликтердин, алардагы ѳзүнчѳ белгилердин чечмелениши оор маселе бойдон калганы менен, аларга байланыштуу бирканча гипотеза бар. Маселен, бугу таштарда чыгаан баатырдын элеси чагылдырылган, тамыры кылымдарда катылган тотемикалык түшүнүктѳрдүн уландысы, чек араларында орнотулчу белгилер же ар жылда орнотулучу жаңылануунун символу сыяктуу божомолдор бар. Тегерек символдун интерпретациясы изилдѳѳчүлѳр тарабынан толук бойдон жазала элек, бирок башка белгилердин убакыттын ѳтүшү жана уруулардын батышка жылуусу менен жоголуп, ал эми тегерек символдун сакталып калуусу бул белгинин борборук планда орун алгандыгын айгинелейт. Изилдѳѳчүлүр арасында тегерек – күндүн символу деген ой чоң салмакка ээ.

Калк арасында балбал таштар аздыр-кѳптүр, калмак таш деген ат менен белгилүү болсо, бугу таштар тууралуу маалымат жокко эсе. Миң-Булак айылында табылган бугу таш буга далил. Бул айылда мурда да сактарга тиешелүү коло буюмдардын табылышын, жакын чѳлкѳмдѳ орун алган кургандарды жана акыркы табылга – бугу ташты эске алуу менен бул чѳлкѳмдүн сак мезгилинен бери эле, тагырак айтсак 2500-2700жыл муда эле ата-бабаларыбыз тарабынан байырланып келгенин айта алабыз. Бул түр эстеликтердин Rыргызстанда ондон ашпаган гана саны бар жана алардын кѳпчүлүгү талкаланып жок болуу коркунучунда турат. Келечекте бул таштын айылдык музейге коюлушу аймактын бай тарыхына таазим катары кабылданмакчы.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

14-12-2017
Петроглифы Кереге-Жар на южном побережье Иссык-Куля
12547

09-02-2016
Проблемы охраны и сохранения археологических памятников Кыргызстана
14501

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×