Добавить статью
17:01 19 Июня 2017
Ала-кыргыз тарыхы: алат-кыргыз, алатай-кыргыз, ала-туу кыргыз, алакчын-кыргыз этнонимдери этнографиялык жана тарыхый маалыматтарда

Кыргыздарга тиешелүү тарыхый жана этнографиялык маалыматтарда кыргыз деген этнонимдин ажыратылгыс аныктооч мүнөздөмөсү жана атрибуту катары ала деген аныктооч мүчө сөз айтылат. Мисалы Ала-Тоо, Ала-Көл, ала-туу, алат-кыргыз, алатай-кыргыз, алакчын-кыргыз деген элдин жана топоним-гидронимдердин аттары бир гана кыргыздарга энчилүү тарыхый аттар.

Ала-Тоо

Кыргыздар жердеп мекендеген жерлердин топоним аттары ар дайым ала деген эпитет менен айтылат.

Кыргыздар коло доорунда мекендеген Ала-Тоосу бул Саян-Алтай тоо системасындагы Кузнецк Ала-Тоосу. Кузнецк Ала-Тоосунун батыш жагында азыркы Кемеров областындагы Томь дарыясы аккан Кузнецк ойдуӊу болсо, анын чыгыш жагында Енисей дарыясы аккан Минусин ойдуӊу жатат. Кузнецк деп орусча аталганынын себеби, көпчүлүк билгендей бул регион таш көмүргө жана коло-темирге бай болгондуктан темир устачылык байыртадан өнүккөн. Коло доорундагы кыргыздар жөнүндө кийинки бөлүмдө кеӊири баяндалат.

Кыргыздардын темир доорундагы Ала-Тоосу Кытайдын Ганьсу провинциясынын түндүк-батыш тарабындагы Ички-Монголия аймагында Алашань тоосу аталган жана Алашань чөлү бар. Кытайча шань деген тоону билдирет, байыркы кыргыздардын экинчи Ала-Тоосу мына ушул чокусунун бийиктиги 3556 метрди түзгөн Алашань тоосу болгон. Бул доордогу кыргыздар жөнүндө кийинки бөлүмдөрдө кеӊири баяндалат.

Ал эми темир доорунун аягындагы жана орто кылымдагы байыркы жана кийинки кыргыздар мекендеген Кыргызстандын Ала-Тоосу кыргыз элинин үчүнчү Ала-Тоосу болуп эсептелет.

Ала-Тоо топоним катары ала эл жашаган тоо дегенди билдирет деп аныктама берүүгө айтылган аргументтер негиз берет.

Алат-кыргыз, алатай кыргыз жана ала-туу кыргыз этнонимдери

XVII-XIX кылымдардагы орус булактарында тяншандык кыргыздарды казактардан айырмалап алат-кыргыз, алатай-кыргыз же ала-туу кыргыздары деп аташат. XVIII кылымдын аягында Орус окумуштуусу П.И. Рычков кыргыздарды казактардан айырмалап аларга кыскача оригиналдуу мүнөздөмө берип жатып кыргыздарды «алатай кыргыздар», же «алатуу кыргыздары» деп атайт, алар ошол ойрот-жунгар жапырыгынын доорунда Ходжент, Наманган жана Маргелан шаарларынын жанындагы тоолуу аймактарда турганын баяндайт.

«П.И. Рычков дает оригинальную краткую характеристику собственно киргизов, которых он отличает от «киргиз-кайса-ков» или «казаков» (казахов).

В его исследовании под названием «алатай киргизы» описывается «народ кочевой и силной», который «за Ташкентом, от Большой Кайсацкой орды расстоянии в пяти или шести днях, кочует около городов Ходжен-та, Найматана (Намангана.— Ред.) и Марталана (Маргелана.— Ред.) в горах каменистых и неприступных. Они имянуются Ала Tay (отколь сей народ и звание имеет) и суть между Зюнгарского владения и реки СырДарьи называемой при урочищах Балхаши и Коркур. Их некоторая часть состоит под Зюнгарами, а протчие — особо, которые часто воюют с зюнгорскими калмыками. И збирается их на войну от двадцати до тридцати тысяч человек». Характерно, что среди киргизов до сих пор сохраняется самоназвание алатоолук кыргыздар (алатауские киргизы). В опубликованном позднее труде П. И. Рычков дополнил свою характеристику киргизов: «...и хотя их на войну сбирается не более как около тридцати тысяч человек, но по ситуации жилищ их, зюнгорцы и никто из тамошних владетелей преодолеть их не могут».

Мындан тышкары, 1616 жылы Эдил (Волга) дарыясынын оӊ жагында жайгашкан кичи Ногой ордосунун башчысы Иштерек-бийдин Астрахандагы Крым хандыгына кетип калышкан ногойлордун башчыларына жөнөткөн катында ошол убакта кыргыздардын башында турган Эшим ханды «алатувыев царь казачей Ишим» деп атайт, кыргыздар аны эӊчегей бойлуу Эр Эшим атаган. Иштерек-бий катында крым кандыгына кетип калган аскер башчыларына доомат коюп, «мага ала-туу хандыгынын каны Эшим элчи жөнөттү, эгер согуша турган болсоӊор мен сиз тарапта чогуу ким менен болбосун согушууга даярмын» - деп билдирди дейт. Демек ошол мезгилде кыргыздардын кандыгын башка кандыктар ала-туу кандыгы деп тааныганы белгилүү болуп жатат, анткени Эшим хан 1613-жылдан тартып 1624-жылга чейин чыгыш моголистанда кыргыздардын бир бөлүгүнүн башында турган .

№ 171

1616 г., февраль. - Перевод послания Иштерек бия астраханским воеводам с выражением недовольства по поводу угроз разорить кочевья Большого Ногая из-за его непокорства

[...] (л. 2) Да вы ж меня хотите воевати. И вы как меня повоюете? … Алатувыев царь казачей Ишим посла ко мне прислал: Куды де ты ни пойдешь воевати недруга своего, и мы де с тобою вместе готовы идти воевати ж… (Тасмагамбетов И.Н. История Казахстана в русских источниках. Том 1 — А.: Дайк-Пресс, 2005. — 721 c.

ISBN 9965-699-79-8

Кыргыздардын ала элден таралышы жөнүндөгү Манас эпосундагы уламыш

Жусуп Мамайдын вариантына таандык Манас эпосунда кыргыздардын таралышы жөнүндө уламыш айтылат. Анда Угуз кандын тукумунан Калаш деген кандын эли жөнүндө айтылат. Калаш кан элинде чаар балдар төрөлсө, ошол замат өлтүрүүгө буйрук берчү экен:

Түп атабыз Угуз хан,

Уулдан уул туулган.

Бузулбай баары хан болгон,

Айрыкчасы аларда,

Калаш деген бар болгон,

Ай келбеттүү нур жүздүү,

Көзгө көркөм чок беттүү,

Дүйнөдө андай ким өттү,

Элинде чаар бар болсо,

Баарын койбой түгөттү.

Өзүнөн бир уул болуптур,

Жашы төрткө толуптур,

Чечек чыгып чаар болуп,

Мунун өңү соолуптур.

Вазир-бегин чогултуп,

Ортого калаш койуптур:

- Элимде чаар бар болсо,

Бирөөн да тирүү койбодум.

Чаар болуп балам калат, деп,

Муну качан ойлодум.

Муну тирүү койгондо,

Айтканым жалган болбойбу.

Балачылап баккынча,

Алып чыгып сойойун.

Силерге салган кеңешим,

Балам жалгыз дебесмин!

Казабына алыптыр,

Сойголу уулун калыптыр.

Бир вазири ортого,

Кеңеш кебин салыптыр:

- Буйругуңду падышам,

Бузбай ада кылабыз,

Ар канча болсо жалгыз уул,

Карап кандай турасыз?

Чыркырап бала ыйласа,

Сиз боор толгоо кыларсыз,

Өкүмүң эки кылбайын,

Өлтүрбөй муну турбайын,

Мага кошуп бергиниң,

Кашындагы уланың,

Өлтүрүп элкин талаада,

Үстүнө таштан жыйайын.

Вазирине бериптир,

Байкуш вазир канетсин,

Уул-кыздан чогултуп,

Бир топту алып келиптир.

Алып келип бир тоого,

“Барбагын элге сен болсо,

Атың “Кыр кез” болсун” – деп,

Айдап койо бериптир.

Тоо бойлоп кетти жаш балдар,

Кичүүсү бар, чоңу бар,

Эркек, кызы бир-бирден,

Жуп болушту ушулар.

Калаш кандын уулунун,

Алганы эркек тууптур.

Киши көрбөй тоодо өскөн,

Оозуна келген кепти айтып,

Атын Бөйөн койуптур.

Бөйөндөн Чайан төрөлдү,

Чайандан туулду Каракан,

Каракандан “Кыркездин”,

Бир далайы тараган.

Каракандан Орозду,

Ойротто жок чоң болду.

Баш бербей Чыңгыш моңгулга,

Токсон миң үйлүү эл болду.

Жердеген жери Энесай,

Моңгулга жүрдү баш бербей,

Беш катындан он уул,

“Ороздунун он уул”- деп,

Айтылып калган кеби бул:

Жакып, Шыгай бир катын,

Катаган менен Каткалаң,

Ал экөө да бир катын,

Акбалта менен Жамгырчы,

Өтүп кетти үч катын,

Касиет, Калка төрт катын,

Айтылган сөзгө карасак,

Казактар мындан таркасын,

Текечи менен Кызылтай –

Кичи катын балдары:

Ороздунун он уулу,

Беш катындан тарады.

Адам айран калгандай,

Кубулушту карачы,

Муну мындай таштайлы,

Көк жалың Манастын

Төрөлүшүнөн баштайлы.

(Манас эпосу, Жусуп Мамайдын вариантында, «Кыргыздын таралышы»)

Алакчын-кыргыз этнониминин жаралышы

Кыргыз уламыштары жана жомоктору өзүнө көптөгөн сырларды жана табышмактарды камтыйт. Бул уламыштагы көӊүлдү бурдураар бир маселе, ошол айтылуу Калаш хандын элиндеги денесине чаар пайда болгон, мындайча айтканда дене боюна ала чыккан жаш улан кыздардан эл уланып ошол эл кыргыз атыгып кеткен мааниде айтылып жатат. Ошол себептүү кыргыздар өзүлөрүн ала эл катары туюнтушкан жана алар өзгөчө ала-чаар жылкы баласына жана чаар кабылан, жолборс сыяктуу жырткыч жаныбарларга өзгөчө маани беришип аларды тотем катары ыйык тутушкан. Бул Манас эпосунан ачык байкалат.

Мисалы Саякбай Каралаевдин вариантында уктап калган Жакыптын түшүнө думана кирип, мен Кыдыралеки саламмын. Эркек балалуу болосуң, атын Манас кой, калмактарга Чоңжинди деп угуз, балаң чоң баатыр болот. Бүгүн кула бээң тулпар тууйт, Манастын согушка минер аты ошол — дейт. Жакып ойгонот. Аңгыча кула бээ торучаар кулун тууйт. Кулунду телчитип өзгөчө сынын көрүп турганда Акбалта келип эркек балалуу болгонун, ал бала бир колуна кара кан, бир колуна сары алтын кармап түшкөнүн, жүрөгү түшүп тогуз кемпир өлүп кеткенин, баланын чекеси жерге тийгенде жер титирегенин айтып Жакыпка сүйүнчүлөйт. Мына ошол Торучаар Манастын Аккулага чейинки минген аты. Жакыптын жылкысынын ичиндеги Кула бээден туулган кулун. Ал жерге түшкөндө эле баатырга ылайык тулпардык сыны көзгө урунат:

Жерди чапчып Торучаар

Таптап турган кези экен,

Энесинин үстүнөн,

Ары-бери түйүлүп,

Аттап турган кези экен

(Саякбай Каралаев, 1. 54).

Ошондон баштап Торучаар Манаска далай кызмат өтөйт. Он эки жашар Манас Торучаарды минип кытайдын Кочку баштаган жети жүз колу менен беттешет. Торучаардын күлүктүгү аркасында жаш Манас нечен курдай өлүмдөн кутулат. Манастын кытай менен болгон экинчи урушунда Каражой аттуу мерген колдуу окко учат. Торучаар мындайча айтканда Манастын биринчи минген аты ала түстө болгонун мүнөздөсө, анын колдоочусу карачаар кабылан жана жолборс болгон.

Кара чаар кабылан,

Капталында чамынып,

Чолок көк жал арстан

Туурасында камынып,

Эл алдында сур жолборс,

Калкымда мындай жан болбос,

Кошо согуш кылды эле

(Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 567-инв., 112-б.), — деп Манас касиеттүү колдоочулары менен бирге сүрөттөлөт.

Кыргыздарды ала эл катары мүнөздөө кийинки доорлордо алат, алакчын этнонимине айланып, аларды бөлөк элдер алат-кыргыздар, алатай-кыргыздар, ала-туу кыргыздар, алакчын-кыргыздар деп атаганы негиздүү аргумент. Кыргыздардын арасында «ак алакчын» деген термин – бийлик иерархиясындагы мансапты да аныктаган дейт тарыхчы Олжобай Каратаев . Байыркы «алакчын» (кыт.»Бо-ма») этнониминин түз параллели бүгүнкү күндө кыргыздарда гана сакталып келет. Алакчын уругу кыргыздардын сол канатындагы саруу уруусунун курамында. Этнографиялык жана тарыхый маалыматтарга ылайык 1627-1628 жылдары Бухар хандыгынын башында турган аштарханид Имамкул хандын коалициясы баштаган күчтөр алакчын кыргыздарынын бир бөлүгүнүн (ичкилик кыргыздар, К.Ч.) жана катагандардын башында турган Ташкендин каны Турсунканды өлтүрүп катагандарды кырганда Эшим хан Имамкули тарапта болуп, Эшим хан баштаган алакчын кыргыздарынын бир бөлүгү (тоолук кыргыздар) да катышат. Алардын арасында саруу уруусунун баатырлары Тоӊтөрт жана Тубай катышкан. Ошол согушта Турсункандын уялаш иниси Шамей султандын (Шах-Саид султан, К.Ч.) тогуз жашар баласы өз аты Султанмүрөк олжого түшөт. Султанмүрөктү Тубайдын бир тууганы саруунун бийи Муратаалы бий алып, асырап багып алат. Султанмүрөк Таласка келгенде ала-тай минип, ала кулундун терисинен жасалган ала-даакы жабагы тон кийип, алтын айрымач кур тагынып келгендиктен анын Султанмүрөк аты өчүп Алакчын аталып калгандыгы санжыраларда байма бай айтылып жүрөт. Ал эми Манас эпосунда алакчын кыргыздарынын тотеми катары айтылган чаар кабылан (жолборс) да санжырада мындайча айтылат. Муратаалы бий асырап алган Алакчын баласы боз үйгө учурашып киргенде оордунан чоочугандай тура калчу экен, муну байкап калган Муратаалы бийдин байбичеси, андан сурайт. –«Байым сиз башка бирөөлөр учурашып келсе оордуӊуздан козголбойсуз, ал эми Алакчын уулуӊуз кирип келсе чоочугандай тура каласыз, ал эмнеси» - десе, «койчу кайдагы нерсени айтпай» - деп мойнуна албайт Муратаалы бий. Бир күнү байбиче Алакчын кирип келеер маалда, Муратаалы бийдин тонун олтурган аю талпагына тигип коет. Алакчын кирип келгенде Муратаалы бий тура калса тону айрылып кетип, айыбы байбичесине ачылып калат. Ошондо Муратаалы бий байбичесине айткан экен, Алакчын кирип келгенде андан мурун бир чаар жолборс кирип келгендей көзүмө көрүнөт ошондон коркуп тура калам дептир. Бул санжыраларда дагы Алакчындын ыйык колдоочусу катары чаар жолборс айтылып жатат.

Тогуз жашар баланын ала-тай минип ала-даакы жабагы тон кийгендигинин тереӊ мааниси бар. Кыргыздарда, жана байыркы түрк элдеринде, адамга бийлик же башкаруучу титул-мансап берүү аларга ат мингизүү, тон кийгизүү жана кур тагуу менен коштолгон. Ал эми кыргыздын эл башчылары өзүлөрүнүн мураскерлерине байыркы кыргыздардын, хундардын, ашина түрктөрүнүн доорунда эле ябгу же кыргызча жабагы деген титул берген. Алар мураскери жети же тогуз жашка толгондо тай мингизип үстүнө жабагынын (алты айлык кулун) терисинен тон кылып кийгизип мураскер катары жабагы титулун беришкен. Шамей султандын тогуз жашар Султанмүрөк баласы да Таласка сарууларга олжо болуп келеердин алдында мына ошол байыркы алакчын кыргыздарынын салты менен ала-тайга мингизилип, ала-даакы жабагы тон кийгизилип, белине алтын айрымакча кур тагылып мураскер болуп жарыяланганы аттын кашкасындай байкалып турат. Саруу ичинде Султанмүрөктү бекеринен Алакчын аташкан эмес. Ал доордо алакчын бул уруунун эмес, жалпы кыргыз элинин, анын башкаруучу династиясынын жана мамлекетинин аты болгон. Буга далилдерди белгилүү тарыхчылар Кляшторный С.Г. жана Т. Султанов, ошол доордогу тарыхый маалыматтарга таянып 1626-1627 жылдары Эшим хан калмактарга каршы жортуул жасоо үчүн өзүнүн туусунун алдына «баардык алакчындардын аскерин» (кыргыз аскерлерин) жана башка баш ийген урууларды, ошондой эле Турсунхандын колундагы катагандардын бир бөлүгүн топтоп Моголистандын аймагына бет алып ал жактан калмактардын журттарына жортуул жасайт деп баяндайт.

В указанный год (1036 г.х. — 1626/27), пишет Махмуд б. Вали, Ишим-султан решил устроить набег на йурты калмаков. Он собрал под свои знамя «все войско алакчинов» и других подвластных племен улуса, а также часть катаганов, что были опорой Турсун-султана, двинулся «в один из пределов Моголистана», напал на становища калмаков и подверг их разграблению .

Ал эми алакчын-кыргыздарын Эшим хан аталган ала-туунун астына бириктиргендиктен ал тарыхта ала-туу ханы катары белгилүү болуп жатат. Чындыгында кыргыздын туусунун байрагы ала болгону Манас эпосунан белгилүү. Манастын чоӊ казатка кеткенде эл менен коштошуусун сүрөттөп Саякбай Каралаев кыргыздардын желегинин – байрагынын түсүн ала экенин көрсөтөт:

Амандык айтып чуркурап,

Адамдын баары буркурап,

Аскердин арка жагынан

Арстандар жөнөп калганы:

Аргымак аттар арылдап,

Ала байрак дарылдап,

Асабалар жалпылдап,

Алтындуу калкан жаркылдап,

Найзанын учу калкылдап,

Ошол эле Саякбай Каралаевдин вариантында Бээжинге аттанганын мындайча баяндайт:

Ажыбай, Бакай, эр Чубак,

Арслан тууган шер Сыргак,

Айзанын учу кылкылдап,

Артынан жүрдү кырк бөрү.

Кылычтары кыңгырап,

Ала байрак, сыр айза

Аалам жеңбес көй кашка,

Сундуруп айза тартпаган

Сүрдөп жоодон качпаган,

Кемерин кесе курчаган,

Кезенишкен жоо болсо,

Ар бири миңге кол салган.

Ооган менен Ындыстан

Оболдон Манас чаң салган,

Оң менен сол калың журт

Манастын айбатына таң калган.

Албетте өйдөдө белгиленген этнографиялык жана тарыхый маалыматтар кыргыз этнониминин ажыратылгыс аныктооч ала деген мүнөздөмөсү жана атрибуту тереӊ философияны камтыйт, жана тарыхтын көптөгөн суроолоруна жооп берет. Мындан ары аталган этнографиялык маалыматтарды тарыхый-археологиялык, лингвистикалык, популяциялык генетика жана палеогенетика аспектинде кийинки бөлүмдөрдө илимий чечмелөө аракети болот. Мындай ыкма кыргыздын тарыхын мындан төрт миӊ жыл мурунку доорго чейин кеӊейтип кароого жардам берет.

Колдонулган адабият:

Толстов С.П. Народы средней Азии и Казахстана Том 2 — М.: Академия наук, 1963. — 176 c. (стр.156)

Кляшторный С.Г. Султанов Т.И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. – Алматы, 1992. – С.293-298.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Тайны археологических памятников Таласской долины
(фотопрезентация исследовательских экспедиций)

Еще статьи

X
Для размещения комментария авторизуйтесь
АКИpress. Новости Кыргызстана, которые интересуют всех.


Закрыть