Салт түрүндө колдонуп келген адат нормаларынын жана жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы адат укугу болуп саналат. Адат укугу алгачкы жамаат коому бузулуп, жеке менчик келип чыккан мезгилде пайда болгон. Адат укугу эл урууларга бөлүнүп жашаган коомго мүнөздүү. [1] Анын нормалары күндөлүк турмушта пайда болгон ар кандай маселелердин талабына ылайык, коомдун шарттарына жараша өзгөрүп ыңгайлашып турат.
Жалпысынан, кыргыздардын укук булактарын мүнөздөөдө төмөндөгүдөй абалдарды эсепке алыш керек, башкача айтканда Кыргызстанда Октябрь революциясына чейин адат укуктары, мусулмандык укук – шариат жана орус укугу бирдей деңгээлде болбосо да теңме-тең күчкө ээ болуп турган. Бирок бул укук булактары ошол убакта күчкө ээ болсо да алардын негизги белгилери бири-биринен айырмаланып, ошону менен бирге эле бул укук булактарынын ортосунда мыйзам ченемдүүлүк өз ара таасир берүү байланыштары күчкө ээ болгон.
ХIХ кылымга чейин кыргыз элинде соттун милдеттерин бий, казылар алып барышып, сот системасынын жогорку инстанциясы катары манаптар менен уруу башчылары чыгышкан. Көчмөн кыргыз жана башка улуттардын ортолорунда чыккан талаш-тартыштарды адат жана шарият укуктарынын негиздерин жетекчиликке алып карашкан. Бул тартип кыргыз элинин Россия падышачылыгынын курамына киргенге чейин колдонулуп келген. Кыргыздарда адат укугунун булактары болуп:
Адат - дайыма кайталанып туруучу иштин түрүн аткарууда улам автоматташып жана салт түрүндө колдонуп келген иш-аракет.
Салт - бул муундан муунга, укумдан - тукумга өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келген социалдык жана маданий мурастын элементи. Ал элдин тарыхый жашоо-турмушуна, жашаган жерине, алака түзгөн элине, кабыл алган динине байланыштуу өзгөрүүлөргө дуушар болуп турат.[2]
Эреже - бул чукул съезд бийлеринин токтому болуп, адат укугунун жазуу формасындагы булагы болуп кызмат кылган. Эреже кабыл алынган учурдан тартып расмий күчкө ээ болгон. Ал эми оозеки түрүндөгү эрежелер талаш маселелер боюнча келишимдер, эки тараптын тең уруу башчылары жана таасирлүү адамдары тарабынан колдоого алынганда гана мыйзамдуу күчүнө кирген.
Бийлердин бүтүмү, Кыргыздарда Россия Империясына караганга чейин бийдин чечимдери жазуу түрүндө кездешкен эмес. 1886-жылы кабыл алынган «Түркестан жергесин башкаруу жөнүндөгү» жобосуна ылайык, бий менен казылар кызматтык милдеттерин аткарууда тагынуучу өзгөчө белгилер, кызматтык мөөр, чечимдер катталуучу китептер менен камсыз болушкан.
Адат укугунда жарандык иштер менен кылмыш иштери бири-биринен анчейин айырмаланбайт, себеби экөө тең жыйынтыгында кун, айып төлөө менен аяктаган. Кыргыздардагы жарандык талаштар, кыргыз жана башка улуттардын ортосундагы доо арыздар, мындан бөлөк, орус бийлигинин катышуусу менен кабыл алынган актыларга негизделген доо арыздар жарандык иштерден алынып салынган. Бул кылмыш жана жарандык иштер орус падышачылыгынын сотуна караштуу болуп калган.
Адатка ылайык, жабырлануучу же айыпталуучу бир гана өзү эмес анын бир туугандары, тууган-уруктары жана уруусу да кошо айыпталган. Ошондуктан, бир уруудан бир өкүл айыпталса жалпысы кызыктар болушкан. Кыргызстанда байыркы уруулардан сакталып калган эрежелер «намыс алмак» жана «кан алмак» колдонулуп, ошондой эле «канга кан, жанга жан» деген принцип эң чоң мааниге ээ болгон. Адат эрежелерине карата эки ортодогу таарынычтар «өлүмгө өлүм» менен жооп берилген.
Убакыт өткөн сайын биринчи колдонулуучу адат укуктары «кун алмак» менен алмашылган. Бул адаттар менен жабыр тарткан жактын жакындары ошол уруунун башчыларына барып, жабыр карткан адамдын акысын накталай төлөп берүүсүн талап кылышкан. Мындай учурларда аксакалдар өз ара чогулуп, бир чечимге келишкен. Кундун өлчөмү өлгөн адамдын коомдо ээлеген ордуна, жынысына, тек-жаатына жараша чечилген. Ал мезгилде адат укугунда ар кандай жазанын түрлөрү көрсөтүлгөн: зынданга салуу, өлүм жазасы, таш баранга алуу, баканга байлоо жана башка жазалар.
1917-жылга чейин Кыргызстанда мал-жандыктарды уурдагандыктар үчүн оор жазаларды беришкен.Чыр-чатак, аласа-бересе, доо-дооламайлардын баарысы бий алдында, бийлердин өкүм чыгарлышына жараша бүтчү. Ар бир бийге келген ишти бийлер адатка айланган эрежени, салтты колдонуп чечкен. Адат укуктары менен катар диний мусулман укугу - шарият да күчкө ээ болгон. Шариятта үй-бүлөөлүк, жарандык, кылмыш-жаза нормаларына бөлүнүп, куран, сунна, кыяс, иджма шартияттын булагы болуп эсептелген. Бирок, ошол кездеги коомдук шарттарга ылайык бардык укук нормалар диний кызматкерлерге жана феодалдык ак сөөктөргө кызмат кылган.[3] Кылмыштар негизинен, карасанатайлык менен же байкабастык менен жасалган кылмыштар болуп бөлүнгөн.
Карасанатайлык менен жасалган кылмыштарга шарият бирдей өч алууну талап кылган. Бирок, таптык мүнөзүн ачык, айкын эле көрсөткөн. Мисалы, кулдар кожоюуна, аял күйөөсүнөн өч алууга укуктары жок болчу. Ал эми карасанатайлык менен денеге оор залал келтирсе, так эле ошондой жазаны күнөөкөргө колдонууга шарият жол берген. Ошондон улам «канга кан» эреже түзүлгөн. Ошол учурда шариаттын негизинде өз иштерин жүзөгө ашырган казы соттору тарабынан өздөрүнүн бийликтерин бекемдеп турган. Ал биринчи инстанциядагы сот катары эсептелип оор кылмыштарды караган. Казылар өз алдынча жеке карала турган иштер боюнча чечим чыгарышкан жана ал чечим иштин аякталышы деп эсептелген. Казы сотторуна эң негизгиси болуп күнөөкөрдүн социалдык туруктуулугу эсептелип, натыйжада жазанын чеги, түрү, сот процедурасы аныкталуучу.[4]
Адат укугунун нормалары боюнча сот өндүрүшү 3 этаптан турат:
1) доогер өзүнүн доосун билдирүү жана ага жараша сот процессинин убакытын дайындоо,
2) тараптардын далилдерин аныктоо,
3) соттун чечими.
Далилдөөнун негизи катары кубөлөрдүн көрсөтмөсү эсептелинген. Алдын-ала тергөө иштери жүргүзүлгөн эмес, бийлер соттук териштирүү учурунда топтолгон далилдерди, күбөлөрдүн көрсөтмөсүн угуп андан кийин жыйынтык чыгарууга милдеттүү болгон. 15 жаштан ашпаган күбөлөр , акыл-эси ордунда болбогон күбөлөр күбө катары кире алган эмес. Эгерде жоопкер чакырылган убакытта териштирүүгө келбей койсо сырттан териштирүү да каралган. Соттук териштирүү башталган учурда тараптар, алардын өкүлдөрү, күбөлөр чогулгандан кийин бийлер жана таасирдүү адамдар ардактуу орундукка отургузулган. Адаттагыдай, соттук териштирүү башталганда сөз биринчи кезекте доогерге, анын өкүлдөрүнө, күбөлөрүнө сөз берилип, андан кийин жоопкерге сөз берилген.
Эгерде сот ишин териштирип жаткан учурда кылмыш ишинин ордун карап чыгуу зарылчылыгы жаралса ,анда сот көптөгөн күбөлөрдүн жана кошуналардын катышуусунун негизинде талданган.
Ишти териштирүү учурунда бийлерге каалаган учурда каалаган тарапка суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилген, бирок анын сөзүн бөлүп , кемсинтип сүйлөө каралган эмес. Доогер жана анын күбөлөрү жоопкердин күнөөсун далилдеген, а жоопкер болсо күнөөсүн толугу менен мойнуна алган же жарым-жартылай мойнуна алган, же болбосо такыр четке каккан. Соттук териштирүүгө тараптардын өтө жакын туугандары (аялы, балдары) жана ушак боюнча уккан күбөлөр кире алышкан эмес. Жаш курагы жеткен, акыл-эси соо, каралып жаткан ишке тиешеси бар адамдар кирүүгө толук укуктуу болгон.
Соттук териштирүү аяктаганда ант берүү салты болгон. Бирок тарыхыбызга кайрылсак ант берүүнүн эч кандай расмий формуласы болгон эмес. Мисалы, Кыргызстандын түштүк аймагында куран кармап ант берүү кеңири тараган. Ант берүүдө 21 жаштан жогору, 65 жаштан төмөн болгон адамдарга уруксат берилген.
Бий сотторунда соттук териштирүү жараянын кагазга түшүрүү же болбосо протокол болгон эмес. Соттук териштирүү оозеки түрдө өткөн. Ошондуктан айрым соттор сабатсыз болуп, жазганды өздөштүрө алышкан эмес.[5]
Адабияттар:
1. Асанов Ү.К. «Саясат таануу» Энциклопедиялык окуу куралы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек., 2004-ж.
2. Кадыров Ы.Ж. «Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар» Бишкек., 2011-ж., 208- бет.
3. Салыбекова Т.С. «Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамынын өнүгүшү жана анын өзгөчөлүктөрү (1960-2008 ж.)» Бишкек., 2009-ж.
4. Нурбеков К.Н. «История государства и права Киргизской ССР» Бишкек., 1999г., стр.60
5. Борубашов Б.И. «Государственно-правовое регулирование общественных отношений кыргызов в составе Российского государства (1855-1917 гг.) (Историко-правовое исследование)» Бишкек., 2009г.
6. Абдылдаев К.А, Зайков Ф.А. «О некоторых формах собствнености, владения, пользования в Кыргызстане во второй половине XIX – в начале ХХ веков» Бишкек., 2002г.
7. Абрамзон С.М. «Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи» Ленинград., 1971г.
8. Сапелкин А.А. «К истории феодализма в Киргизии в конце XIX - начале ХХ веков» Фрунзе., 1968г.
9. Кожоналиев С. К. «Обычное право кыргызов» Вступ.ст. Т.К. Чоротегина. Бишкек., 2000г.
10. Сюкияйнен Л. Р. «Исламское уголовное право: от традиционного к современному» СПб., 2008г.