Добавить статью
9:39 23 Мая 2022 1057
Тогуз-Торонун уламышка айланган күлүктөрү

Жылкы баласынын да жакшысы-жаманы, мыктысы же алсызы, тектүүсү же тексизи болот турбайбы. Ат үстүндө ойнолуучу улуттук спортту сүйүүчүлөр азыр кайсы аттын доору сүрүп жаткандыгын, же атактуу аттарга ээ болууну каалагандар ал үчүн канча деген суммаларды сунушташкандарын аңыз кылып айтып беришет. Кээ бир санжырачы аксакалдар тарыхтагы атактуу күлүктөр жөнүндө да баяндарды сактап келишиптир жана сакталышын каалашат экен. Демек, кыргыз улутунун тарыхында, айрыкча улуттук спорттун тарыхында адамдардын гана эле эмес, аргымактардын да тарыхы жазылышы керек окшобойбу. Табият менен таттуу мамиледе болуп келген, жаратылышты, жан-жаныбарды кастарлап келген кыргызга ушундай гана жарашмак. Ошондуктан, бул жолкусунда тогуз-торолуктардын өткөн кылымдардагы спортунан атактуу күлүктөрү жөнүндө кеп козгоону туура көрдүм.

19-кылымда Тогуз-Торонун Чет-Булагынан Разабай ажы деген бий жашап өткөн (кудайлат уругунан). Разабай ажы күлүк аттарды сүйгөн саяпкер инсан болгон. Анын өзү таптаган «Акчеке» деген күлүгү өз кезегинде алдына ат салдырбаган эң атактуу жаныбар болгон экен. Жергиликтүү акын Ж.Кожалы уулу жазган «Байманбет балбан» деген дастанда Разабай ажынын Акчекеси «Ак көкүл» деп аталып, ал жөнүндө кызыктуу баян айтылат. 19-кылымдын аяк ченинде Разабай ажы жана ак-талаалык Калпа ажы биригип, казактардын кайсы бир тоюна барышып, балбан күрөштөн жана ат чабыштан баш байгени алып кайтышкан экен. Күрөштөн да тогуз-торолук – Баймамбет балбан, ат чабыштан да тогуз-торолук – Разабай ажынын өзү таптаган Акчеке (Ак көкүл) күлүгү биринчиликти алган. Акчеке ошондо биринчи келип, терин кургатып бүткөндө гана артындагы күлүктөр көрүнгөн дешет. Анын артынан казактардын Сур күлүгү, түркмөндөрдүн Боз бууданы, солто кыргыздарынын Кара кашкасы алдыңкы орундарды алган. Ошондо казактардын төрөсү Акчеке күлүккө кызыгып, болбой суранып жатып, алып калат. Бирок, кийин ал жаныбар үйүн сагынып, кайра Разабай ажыга качып келген экен.

Ошол эле Акчеке жөнүндө ак-талаалыктардан тарыхчы Ж.Байдилдеев чогулткан уламыштар бар, бирок анда ал «Ак желке» деп айтылып калган. Акчеке күлүк аркалык кыргыздардын аштарында алдына ат салдырбай, үч-төрт жыл бою биринчиликти алып турган деп айтылат. Ак-талаалык Шооруктун ашында Акчеке биринчи чыгып, Султангазы болуштун «Кер ат» деген күлүгүн бир азга артка калтырган. Тогуз-торолук Карбоз байдын өзүнө тирүүсүндө берген ашында Акчекенин ажалы жетип, ал мүдүрүлүп жыгылып өлгөн экен. Себеби, ат чабыш учурунда атаандаш тараптын чабандес баласы Акчекени башка чаап жиберген. Тогуз-торолук санжырачы А.Абдылдаевдин «Карбоз байдын ашы» деген ырында айтылганга караганда, ошол ат чабууда күлүк өлгөн жер азыркыга чейин «Акчекенин бели» деп аталып келет.

Экинчи баяныбыз күлүк жөнүндө эмес, күлүк тууп турган бээ жөнүндө. Тогуз-Тородо 20-кылымдын башында Атай айылынын Саке деген бийи болгон (каба уруусунан). Ошол Саке бийдин атактуу күрөң бээси болгон, ал бээ жыл сайын эркек кулун тууган жана ал кулундар сөзсүз атактуу күлүк же жорго боло турган дешет. Күрөң бээнин бир кулунун ак-талаалык Касымбек болуштун иниси Касым сатып алганда, ал атактуу «Күрөң ат» деген күлүк болуп чоңойгон. Касымбек болуш Күрөң ат аркылуу Карбоз байдын ашында, Базаркулдун ашында баш байгелерге ээ болгон экен. Дагы бир кулунду ат-башылык манаптардан Чоко уулу Казы алганда, андан «Тору ат» деген күлүк чыккан. Базаркулдун ашында ушул бир тууган эки күлүк маарага тең чыгып келген экен.

Айтмакчы, 20-кылымдын башында Манаке уулу Карбоз байдын жүзгө чыкканда, өзүнүн ашын тирүүсүндө өткөргөн жоругу азыркыча жүз жылдыгын белгилегендей болгон. Бул аш өз учурунда спорттук чоң турнирлерди, таймаштарды ичине камтыган жана эл ичиндеги коммуникацияны шарттаган чоң той болгон десек болот. Ашты уюштурууда жана тейлөөдө жергиликтүү Жунушалы бий, Саке бий, Мамбеталы, Толубай, Мундуз бай сыяктуулар жооптуу болушкан. Балбан күрөштө кайсы бир Топчубай балбанды тогуз-торолук жаш Казы балбан жеңген. Эр эңиште базаркоргондук Жолборс казынын улакчы балбаны кайсы бир Алдей балбанды жеңип алган. Акындардын айтышында болсо, Бошкой ырчыны Нурмолдо сөзгө жыккан экен.

Карбоз байдын ашында Чолук баатыр да «Сары кунан» деген күлүгүн кунан чабышка кошуп, баш байгени алган. Сары кунандан ошондо да тер чыкпаганын көргөн Чолук баатыр аны эртеси ат чабышка да кошуп, үчүнчү орунду алган дешет. Аңыз кепке караганда, ал кунанды ашка аз күн калганда эле сатып алган болот. Жеңиштен кийин көп өтпөй эле Сары кунандын мурунку ээсинин туугандары аны кайра талашмак болушканда, Чолук баатыр кунанды жумгалдык санаалаштарына тартууга берип жиберген экен.

Пайдаланылган адабияттар:

- Абдылдаев А. Тогуз-Торо элинин санжырасы. - Бишкек, 2006.

- Байдилдеев Ж. Тайлак баатыр баяны. - Бишкек, 2001.

- Кожалы у. Ж. Тогуз-Тором жүрөк толгоом. - Бишкек, 1996.

- Тогуз-Торо баяндары / С.Сарыгулов, М.Эпеев, Б.Бектенов. - Бишкек, 2000.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

23-05-2022
Жетишаарда миңбашы болгон кыргыз
3421

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
17428

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
9375

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
12618

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
9723

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
15846

05-06-2019
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү
11610

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
37532

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
25055

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×