Добавить статью
16:31 15 Августа 2025 Обновлено 17:47 28 Августа 2025 5327
ЖАРКЫНБАЙ ДАТКА БЕКМУРАТ УУЛУ: ТАРЫХЫЙ БЕЙНЕСИНЕ СЕРЕП. ТАРЫХЫЙ ТАКТОО

Постсоветтик Кыргызстандын тарыхнаамасында инсан таануу багытында Алымбек датка жана Курманжан датканын тарыхый бейнесине карата бир топ окумуштуулар тарабынан илимий макалалардан тартып, чакан монографиялар жазылып, диссертация корголуп, ар тараптуу илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын башында белгилүү окумуштуулар Т. Кененсариев, К. Молдокасымов, Т. Өмүрбеков, Т. Өмүрзакова, Б. Абытов, С. Смадияров, М.Эркебаев ж.б. турушту. Натыйжада аталган эки тарыхый инсандын кыргыз тарыхындагы ордун, ролун аныктоо, алардын тарыхый бейнесин ачуу маселесинде илимий концепциялар жаралып, бир топ илимий ийгиликтерге жетишилди. Ошондой болсо да, аталган тарыхый инсандардын белгилүү тарыхый ордулары бар чыгаан уулдарына, жакын туугандарына, алардын айланасындагы тарыхый окуяларга байланыштуу айрым маселелер дагы да терең изилдөөгө, тактоолорго муктаж. Аталган маселе кокон хандыгы жана колониалдык доордогу саясий турмуш менен тыгыз байланышта болгондуктан, аталган доорлорго таандык болгон, буга чейин белгилүү болбогон тарыхый булактарды илимий айлампага киргизүү, жалпы коомчулукка жеткирүү зарылдыгы бар.

Кокон хандыгындагы таасирдүү башкаруучу, ири тарыхый инсан Алымбек датканын ордо кутумдарынын колунан каза табышы, анын хандыктагы, өзгөчө кыргыздардын арасындагы таасирин биротоло жок кылып салган эмес. Анткени, Алымбек датканын эрктүү, чечкиндүү Курманжандай жубайы менен бирге, өзүнүн тарбиясын алып, саясий-башкаруучулук иштерге бышып жетилген уулдары, жакын туугандары белгилүү деңгээлде саясий иштерге аралашып, жер-жерлерде бийлик жүргүзүп турушкан. Алсак, Алымбек датканын Жаркынбай аттуу жакыны ошол мезгилдердеги айрым саясий окуяларда катышкандыгы бир топ тарыхчылардын изилдөөлөрүндө чагылдырылат. Дал ошол Жаркынбайдын Алымбек даткага туугандык байланышы, саясий ишмердиги, деги эле анын тарыхый бейнесине карата изилдөө жүргүзүлмөкчү.

Көптөгөн тарыхчылардын эмгектеринде [7, 8], анын арасында Т. Өмүрзакованын Курманжан датка жана анын урпактары аттуу фольклордук материалдардын негизинде жазылган алгачкы изилдөөсүндө [11, 55-б.] Жаркынбай Алымбек датканын биринчи аялынан төрөлгөн баласы, Курманжан датканын өгөй баласы катары жазылат. Анткени, буга негиз болгон айрым тарыхый булактарда, маселен, И.П. Ювачевдин 1907-жылга таандык “Курманжан датка Алайлык кыргыздардын канышасы” (Курбан-джан-датха, кара-киргизская царица Алая) деп аталган макаласында “Алымбектин улуу уулу Жаркынбай өзүнүн атадан калган даткалык наамын өгөй энесине туура көрөт. Анын өзүн Оштун акими кылып дайындашат” – деген маалыматты жазып калтырган [4, 249-б.].

Профессор Б. Абытов да Алымбек датка жана анын үй-бүлөсүн изилдеген окумуштуу катары Жаркынбай тууралуу өзүнүн айрым маалыматтарын берет. Алсак, аталган автор Абдылдабек тууралуу макаласында Жаркынбайды Алымбек датканын асыранды баласы катары карайт. “Жаркынбай 1862-65-жылдары Оштун акими болуп турган жана 1865-жылы Ташкенттин жанында генерал Черняев менен болгон согушта курман болгон, анын ордуна Абдылдабек Оштун акимдигине дайындалып, 1875-жылга чейин башкарып турган” деп жазган [1].

Кийинчерээк, Курманжан датка боюнча диссертация коргогон анын тарыхчы урпагы, Т. Өмүрзакованын 2002-жылы жарык көргөн “Курманжан датка: доор, инсан, ишмердүүлүк” деп аталган монографиясында “Жаркынбайды көптөгөн тарыхый эмгектерде мурунку аялдан баласы деп жазып жүрүшөт, чындыгында ал Алымбектин бир тууганы Бекмураттын баласы болгон” деген жаңы пикиринде (сыягы фольклордук материалдарга негизделген болуу керек – К. у. Н.) туура белгилеген [12, 114-б.].

Жаркынбайдын саясий ишмердиги тууралуу алгачкы маалыматтар 1860-жылдардын биринчи жарымынан баштап эскерилип жатат. Окумуштуулар Т. Кененсариев жана К. Молдокасымов өздөрүнүн эмгектеринде 1863-жылы Бухара эмири Музаффардын Ошко чейин келип, Курманжан даткага, аны менен бирге Жаркынбайга жолугушкандыгын, Курманжанга "датка" наамы берилгендигин жазышат. “Ошол мезгилде Алымбек датка сыяктуу аброю зор, Алай чөлкөмүн башкарып турган Курманжанга жолугууну чечкен. Музаффарды жана аны менен кошо жүргөн Кудаярды Мадыда Курманжан өгөй уулу менен менен бирге тосуп алган. 1862-жылы өлгөн Алымбектин датка наамын кийинки мурасчыларына берүү маселесинде алгач даткалыкты Жаркынбайга сунуш кылышкан. Бирок, Жаркынбай энесинин аброюн сыйлап, андай наамдын Курманжанга гана берилишин ылайык көргөн. Жаркынбайдын бул чечимин Алымбектин туугандары Осмон, Өмүрбек, Акимбайлар колдоп, Курманжанга расмий түрдө “датка” наамы ыйгарылган. Ал эми, Жаркынбай болсо Анжиянга аким болуп дайындалган” [7; 5, 114-б.; 6, 75-б.] Окумуштуу К. Молдокасымов да бул окуяны ушундай эле өңүттө чагылдырат. “Музаппарга жанында турган уулу Жаркынбай деле жолукса болмок, - деп жазат автор, бирок, Жаркынбайдын сөзгө чоркоктугун, табийгатынан адам менен Алымбегиндей батынып сүйлөшө албагандыгын ал жакшы билчү. Жаркымбайда бийликке умтулуу, тарсылдап эл алдында муютуп сүйлөө касиеттери жок болгондуктан, апасы Курманжандан тизгин талашуу анын оюна такыр келбеген. Ошол Оштогу Музаппар менен жолугушууда да атасы Алымбектин даткалык чинин ага ыйгарганда караманча баш тартып, ызат кыла Курманжанга ыйгарууну өтүнгөн” [8, 7-б.]. Белгилей кетсек, К.Молдокасымов өзүнүн аталган эмгегинде даткалардын балдары, неберелери тууралуу так эместиктер бар экендигин да белгилеп, “... Жаркынбай архивдик документте датканын биринчи аялынан делсе, элде ал Алымбектин бир тууганынын баласы деп айтылат. Ушундай эле чаташуулар Арстанбек менен Мурзапаяска да тийиштүү.” – деп жазат [7, титулдук барактын арты]. Ал эми тарыхчы, даткалардын урпагы Т. Өмүрзакова өзүнүн “Курманжан датка: доор, инсан, ишмердүүлүк” деп аталган экинчи басылыштагы монографиясында “Алай жергесин башкарууну Алымбек датка каза болгондон кийин эл Курманжанга ыйгарган” - деп, Курманжанга датка наамынын ыйгарылышынын түпкүрүндө элдин каалоосу жана сунушу жаткандыгын айткан [13, 150-б.]. Ошондой эле аталган автор Жаркынбай 1865-жылы Ташкенттин жанындагы Черняев башында турган орус аскерлери менен болгон салгылашууда каза болгондугун жазып калтырган [13, 153-б.].

Жогоруда окумуштуулар белгилеп кеткен Жаркынбай тууралуу айрым фактыларды жаңы табылган тарыхый материалдардын негизинде тактоого мүмкүнчүлүк жаралды. Өзбекстан улуттук архивинен алып келген архивдик материалдарыбызга жана Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик архивинен табылган өз кезегинде жазылган жазуу түрүндөгү булактарга таянып, Жаркынбай Алымбек датканын эмес, анын бир тууганы Бекмураттын уулу экендигин белгилеп кетебиз. Бул фактыны француз илимпозу Аллез Гзавьенин илимий редакторлугу астында “Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу. Алай, 1906- жыл” деген аталышта жакында эле жарык көргөн эмгегиндеги маалымат да толуктап турат. “Асанбектин (Асанбек Алымбек датка жана Курманжан датканын 4-баласы – К.у.Н.) үй-бүлөсү, - деп жазылат аталган китепте, Якуб-бектин окуясына тикелей катышкан. Аркым Бай Датка ага-ининин балдарынан тараган бир тууганы Якуб-бектин жардамчысы болгон” [3, 115-б.]. Мындан биз Жаркынбайдын Асанбек менен бир тууган эмес, бир туугандын балдары экендигин көрүп турабыз.

Мындан тышкары, ушул күнгө чейин дээрлик бардык окумуштуулар тарабынан жүргүзүлгөн тарыхый изилдөөлөрдө белгиленгендей “Жаркынбай 1865-жылы Ташкенттин жанында Черняев башында турган орус аскерлери менен болгон салгылашта каза болгон” деген маалымат да жаңылыштык деп эсептейбиз. Муну колубуздагы архивдик материалдар далилдеп турат. Маселен, КР БМА сакталып турган материалдан 1881-жылы жаңыдан түзүлгөн Алай болуштугунун 21-айылы эсептелген Кайыңды капчыгайында 1881-жылдын башына карата салык төлөөчү түтүн ээлери катталган тизме жазылып, анын сап башынан Джаркын-бай-Бек-Муратов деген түтүн ээсин кезиктирүүгө болот [10, 27-б.].

 

Сүрөт 1. Архивдик документтин көчүрмөсү. Документте 1881-жылы Алай болуштугунун түтүн ээлери катталган тизме. 1- номердеги тизмеде Жаркынбай Бекмурат (уулу)

Дагы бир архивдик булак, бул Өзбекстан улуттук архивинин №19 фондунун 1-опис, 700-иш делосунун 476 бетинен Фергана облусунун аскер губернаторунун 1881-жылдын 21-августундагы №146 буйругуна ылайык Алай болуштугуна дал ушул Жаркынбай Бекмурат уулунун болуш болуп бекитилгендигин көрөбүз [9, 476-б.].

 

Сүрөт 2. Архивдик документтин көчүрмөсү. Документте Жаркынбайдын Алай болуштугуна болуш болуп бекитилгендиги жөнүндө Фергана облусунун аскер-губернаторунун 1881-жылдын 21-августундагы буйругу жазылган.

Кыргыз Илимдер Академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталып турган Абдуллабек жөнүндө кол жазма түрүндөгү ырдын текстинен да Жаркынбайдын 1876-жылы жашагандыгын билдирген фактыны көрөбүз. Анда, Абдылдабектин Өмүрбек даткага осуят катары айткан төмөнкүдөй саптарды кезиктирүүгө болот:

Алты ата уулу баргыга,

Бирге барып давырга,

Дува дегин Өмүрбек.

Алты ата уулу жоруга,

Калың муңгуш тагама,

Дува дегин Өмүрбек.

Жаркынбай датка агама,

Казал баргы бийлерим,

Алдыда жүргөн шатырга,

Барып киргин чатырга,

Дува дегин Өмүрбек.

Кашкарда үкөм Баатырга,

Адалдын жолун кууганга,

Дува дегин Өмүрбек [2, 7-8-бб.].

Ушул жерде белгилей кетүүчү жагдай, аталган кол жазмада да, Пеллионун Асанбек менен баарлашуусунун негизинде жазылган жол күндөлүгүндөгү калтырган маалыматта да Жаркынбайдын датка аталганы кызыгууну жаратат. Демек, Оштун, Анжияндын акими, кийинчерээк Жакыпбектин мамлекетинде анын жардамчыларынын бири катары саясий иштерге активдүү аралашып жүргөндүгүн эске алсак, ага Кокон хандыгы тарабынан кайсы бир учурда датка наамы берилгендигине ынанууга толук негиз бар.

Жаркынбай тууралуу дагы бир тарыхый тактоону талап кылган жагдай, бул – анын үй-бүлөсү, балдары жөнүндөгү чаташуулар. Анткени, даткалардын дагы бир белгилүү небереси Мырзапаяз архивдик тарыхый булактарда Жаркынбаев деп жазылат. Бирок, санжыралык маалыматтарда, урпактарынын айтуусунда жана айрым окумуштуулардын пикири боюнча Мырзапаяз Абдылдабектин баласы деп айтылат. Алсак, академик Муса Мырзапаязович Адышевдин уулу, профессор Жаныбек Адышевге да суроо салганыбызда, ал “Мырзапаязды Жаркынбайдын аялы Зыйнат чоңойткон деп айтылат, ошондуктан Жаркынбайдын атына жазылышы мүмкүн” деп жооп берди. Ушул жерде “Абдылдабектин арманы” деп аталган фольклордук материалдан мисал келтирүүгө учуру келип турат. Ыр түрүндө айтылган бул маалыматтар Мургаптык карыя Мыйманбай Мамытовдун айтуусу боюнча жазылган. Мазмуну боюнча жогоруда илимдер академиясында сакталган “Абдуллабек жөнүндө ыр” деп аталган кол жазмага үндөш болуп, төмөнкүдөй саптарды кезиктирүүгө болот:

Сагыры калды эгасиз,

Мурзапаяз уулум,

Алтын ээр жаш калды,

Аттиң ай, Паяз жаш калды.

...

Алты канат ак үйдү,

Алты айлана капшырдым,

Алты жашар уулумду,

Жаркынбайга тапшырдым,

Жети жашар уулумду,

Жаркынбайга тапшырдым,

Жетим ашын ичирбей,

Жетим тонун кийгизбей,

Боюга бычып тон кылсын,

Асырап сактап чоң кылсын ... [14,]. Абдылдабектин Жаркынбайга керээз катары айткан бул саптардагы фактыларды, ага үндөш Мырзапаяздын урпактары айткан маалыматтарды чындыкка жоромолдоого болот. Анткени, Мырзапаязды Абдылдабек өзүнүн бир тууган инилерине тапшырууга мүмкүн болбогондугунун себеби, биринчиден, алардын өздөрүнүн тагдырлары ал күндөрү али кооптуу абалда эле. Экинчиден, ал учурда инилери бир кыйла жаш болушкан. Ал эми Жаркынбай ага чейин хандыкка таанымал, өз аймагында таасирдүү башкаруучу катары Абдылдабектин ишенимдүү, таянар эң жакын тууган агасы эле. Ошондуктан Мырзапаяз Жаркынбайдын колунда эр жетилген деген пикирге кошулууга толук негиз бар. Кийинчерээк Алай болуштугун Жаркынбайдан кийин эле Мырзапаяз башкарып калышы да жөн жерден эместир?!

Жаркынбайдын тарыхый бейнесин тактоодо төмөнкүдөй жыйынтыктарга келүүгө болот: Биринчиден, Жаркынбай Алымбек датканын эмес, анын бир тууганы Бекмураттын баласы болгон. Аны, оозеки санжыралык булактар да, жазма тарыхый булактар да, өзгөчө архивдик фактылар да даана көрсөтүп турат; Экинчиден, Жаркынбай 1865-жылы Ташкенттин жанында генерал Черняев башында турган орус аскерлери менен болгон салгылашууда каза болгон эмес. Муну, өз учурунда жазылып калган, учурда кол жазмалар фондунда сакталып турган тарыхый булактар менен кошо 1881-жылга таандык эки архивдик материал да далилдеп турат; Үчүнүнчүдөн, Жаркынбай Алымбек датканын башка балдары (Акымбек, Батырбек, Асанбек) сыяктуу эле Жакыпбектин мамлекетинде да кызмат кылган; Төртүнчүдөн, Жаркынбай 1863-жылы даткалык наамды Курманжан даткага өтүнгөнүнө карабастан, кийин өзүнө да датка наамынын ыйгарылышы тарыхый чындык болушу толук ыктымал. Анткени, эки тарыхый булакта Жаркынбайдын датка аталганы жалгандан жазылбагандыр?!

Жаркынбай Бекмурат уулу Алымбек датка, Курманжан датка жана Абдылдабектин тарыхый бейнесин ачууда маанилүү ролду ойнойт. Жаркынбайдын өзү да Кокон хандыгы мезгилинде Алай кыргыздарынын (кеңири маанисинде) ири башкаруучусу катары тарыхый маанилүү орунду ээлейт. Бул өңүттөн алганда, дагы да тарыхый изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн актуалдуулугу бар.

Колдонулган адабияттар

1. Абытов Б.К. Некоторые факты об Абдылдабеке Алымбек уулу. // https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:1021

2. Асанов Т. (Түз.) (1993) Абдуллабек жөнүндө ыр. Мурас. №1-2

3. Гзавье Аллез. (2024) Француз менен кыргыздын өзгөчө жолугушуусу. Алай, 1906- жыл: Пеллионун жол күндөлүгү жана Шарль Нуэттин сүрөттөрү. Бишкек.

4. Жусупов К. (Түз.) (1991) Кыргыздар – Б.: Кыргызстан.

5. Кененсариев Т. (2002) Кокон хандыгы (Кыргызстандын материалдарын). – Б.: Maxprint.

6. Кененсариев Т. (2019) Алымкул Амир Лашкар. Б.: Maxprint.

7. Кененсариев Т. Курманжан датка. // Шериев Ж. ж.б. (Ред.) (1991) Курманжан датка: эскерүүлөр жана кошоктор. – Ош.

8. Молдокасымов К. (1991) Куманжандын көз жашы. – Б.

9. О переменах в личном составе волостных управителей, казиев и биев и других лиц туземной администрации. // Национальный архив Узбекистана, Ф-19, оп. 1, д. 700

10. Отчет о ходе работ по образованного аульных обществ и по податному устройству Алайской волости Ошского уезда с 15 января и 28 февраля 1881 г. // КР БМА, Ф.4, оп. 1, д. 1-11, 27 обр. л.

11. Өмүрзак кызы Т. Курманжан жана анын урпактары. // Шериев Ж. ж.б. (Ред.) (1991) Курманжан датка: эскерүүлөр жана кошоктор. – Ош.

12. Өмүрзакова Т. (2002) Курманжан датка: доор, инсан, ишмердүүлүк. – Б.: Кыргызстан.

13. Өмүрзакова Т. (2015) Курманжан датка. Доор. Инсан. Ишмердүүлүк. – Экинчи жолу толукталып чыгарылышы. – Б.: Maxprint.

14. Шериев Ж. ж.б. (Ред.) (1991) Курманжан датка: эскерүүлөр жана кошоктор. – Ош.

Нурсултан Кубанычбек уулу,

тарых илимдеринин кандидаты, Ош мамлекеттик университети

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×