Добавить статью
0:35 15 Декабря 2025 Обновлено 13:12 5 Января 2026 554
Батыш жана орус окумуштуулары тарабынан Фергана өрөөнүндөгү флоранын изилдениши (XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башы)

Өсүмдүктөрдү пайдалануу маселесине кызыгуу байыркы мезгилде эле башталган. Античтик доордогу авторлордун эмгектеринин негизинде орто кылымдардагы Европада да, Чыгыш өлкөлөрүндө да чөптөрдүн дарылык касиетине арналган эмгектер пайда боло баштайт [1: 136-468].

Улуу географиялык ачылыштардан кийинки экспедициялар учурунда ар кайсы континенттердеги жергиликтүү калктардын өсүмдүктөрдү пайдалануусу тууралуу эскерткен эмгектер пайда болот [2:504].

Американын жергиликтүү калкынын маданияты, анын ичинде, өсүмдүктөрдү пайдалануусу тууралуу маалыматтарды алгач эч кандай илимге тиешеси жок кишилер – саякатчылар, католик миссионерлери, аскер кызматкерлери чогулткан [3:748].

XIXк. ортосунан баштап бул багытта этнологдордун жана ботаниктердин биргелешкен изилдөөлөрү жүргүзүлө баштайт. Европада өсүмдүктөр менен түрдүү элдердин маданиятынын өз ара мамилелери тууралуу көптөгөн эмгектер пайда болот [4:174].

Россияда бул багытта атайын маалыматтар чогултулуп изилденген эмес. Жарык көргөн басылмаларда саякатчылардын, түрдүү багыттагы окумуштуулардын тигил же бул элдердин өсүмдүктөрдү пайдалануусу тууралуу кыскача маалыматтар кезигет [5:438, 319].

XIX к. аягынан тарта этноботаникалык материалдарды чогултууга, талдоого илимий мамиле жасоо башталат. XIX – XX кк. чегинде америкалык окумуштуулар Түндүк Америкадагы индейлер пайдаланган өсүмдүктөр тууралуу маалыматтарды чогултуп, алар тууралу баяндамаларды бере баштаган. Ошондон тартып этнологдордун бул маселеге кызыгуусу пайда болот [4:173].

Орто Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын да, ар кайсы аймактарынын жаратылышы, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, аларды пайдалануу жөнүндөгү XIX к. аягы – XX к. башына тиешелүү маалыматтарды россиялык авторлордон кезиктиребиз.

Фергана өрөөнүнүн жаратылышы, өсүмдүктөрү жана фауналары окумуштууларды байыркы мезгилдерден бери эле кызыктырып келгендиги маалым [6: 5].

XIX кылымдын аягында XX кылымдын башынан баштап Орто Азияга, анын ичинде кыргыздар жашаган аймакка, падышалык Россиянын кызыгуулары арткан. Анын бир көрүнүшү катары орус окумуштууларынын бул аймакка байма-бай каттап, түрдүү багыттагы изилдөөлөрдү жүргүзүүсүн айтсак болот. Атап айтканда Ч. Ч. Валиханов, П. П. Семенов-Тяньшанский, Н. М. Пржевальский, А. П. Федченко, И. В. Мушкетов, Н. А. Северцев, Г. И. Краузе, А. А. Кушакевич, А. Регель, В. В. Радлов, Н. А. Аристов, Д. А. Клеменц, В. В. Бартольд, С. Е. Малов, Б. А. Федченко, А. Диваев, З. А. Минквиц ж.б. у.с. окумуштуулар тарабынан экспедициялар уюштурулуп, кыргыз элинин тарыхы, географиясы, табияты, фольклору, маданияты, флорасы, фаунасы ар тараптан изилденип, баалуу материалдар топтолгон. 1903-1917-жж. белгилүү ботаник Б. А. Федченко жетектеген экспедиция тарабынан Фергана өрөөнүнүн өсүмдүктөрүнүн үстүнкү катмары изилденип, кеңири мүнөздөмө берилген [7: 25].

Кыргыздар өздөрүнүн көчмөн жашоо турмушунун мүнөзүнө ылайык турмуш-тиричилигинде жыгачтан жасалган буюмдарды пайдалануу ыңгайлуу болгон. Анткени, алар биринчиден-жеңил; экинчиден-пайдаланууда бекем; үчүнчүдөн-экологиялык таза; төртүнчүдөн-ысык-муздакка колдонуу учурунда да курамынан эч кандай зат бөлүп чыгарган эмес. Андай буюмдарды колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчүлөр жасаган.

Белгилүү окумуштуу, географ А. П. Федченко кыргыздар негизинен мал чарбачылыгы менен тиричилик кылышат, мындан бөлөк элде кол өнөрчүлүк да өрчүгөн. Бирок кол өнөрчүлөрдүн жасашкан эмеректери да күнүмдүк турмушта гана пайдаланылат. Маселен, аялдар тигишкен элдик оюм-чийими бар кийимдер кийилип, же үй ичинде төшөнчү катары кызмат кылат. Ал эми эркектер ат жабдыктарын - ээр токум, үй-турмушунда керектүү аспаптарды жасашат деп белгилеген [8: 371].

Орто Азия элдери байыркы мезгилдерден бери өсүмдүктөрдү тамак-аш үчүн гана пайдаланган эмес. Ошол эле мезгилдерде дарылык касиети бар өсүмдүктөр турмуш-тиричиликте кеңири пайдаланылган. Мындан сырткары, ошол мезгилге таандык ачык түскө боёлгон кездемелерге түшүрүлгөн орнаменттер байыртадан эле өсүмдүктөрдү боёочу каражат катарында да пайдаланып келгендигинен кабар берет [9: 15].

Кыргызстандын аймагы кеңири изилденүүгө ХIХ кылымдын экинчи жарымынан орус саякатчылары жана окумуштуулары тарабынан алына баштаган. Тилекке каршы алар негизинен кыргыздардын жашоо турмуш-тиричилигинин абалына, жүргүзүп келе жаткан чарбачылыгына жана көркөм маданий оозеки чыгармачылыгына көбүрөөк көнүл бурушкан. Ал эми кыргыздар жашаган чөйрөдөгү табигый өскөн жана эгилме флорага, аны таанып билүүсүнө, флорадан жасалган буюм-тайымдар жана алардын жасалышына, эмгек шаймандарына, тамак-аштарына, оору-сыркоолордо, мал ылаңдарына дары катары колдонуу ыкмаларына, боёк жана адамды сулууландыруучу каражаттар катары пайдаланып келгендиги жөнүндө изилдөөлөр жетишсиз болгон.

ХIХ кылымдын орто ченине чейин орус саякатчылары жана окумуштуулары И. Унковский, Ф. Ефремов жана Ф. Назаровдор Кыргызстанга мезгили менен саякаттап келишкен. Алар алгачкылардан болуп чөлкөмдүн жаратылышы жана анын өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүн камтыган баалуу маалымат байкоолорун жазышкан [9: 16].

Кыргызстандын жана анын ичинде Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш аймагынын жаратылышындагы тоо дарыясын жээктеп өскөн тал, терек, зараң, ак кайың, четин, кайрагач, жапайы алма, жапайы өрүк бак-дарактуу өсүмдүктөрү, арча, сары гүлдүү ит мурун, карагат, долоно, чычырканак, табылгы, бөрү карагат, шилби, бадам караган-буталуу өсүмдүктөрү, топ-тобу менен өскөн, токойду түзбөгөн карагайлары жана чөптөрдүн түрлөрү, анчалык бийик эмес, жылуу жерлерде жасалма жол менен өрчүтүлгөн өрүк, алча, шабдалы, алма, грек жаңгагы, жүзүм өсүмдүктөрү жана жасалма суугат жолу менен убайымдуу жүргүзүлгөн бакчачылык жумуштары жөнүндө баалуу маалыматтарды Загряжский Г. С. калтырган [10: 8-11].

Көрүнүп тургандай ХIХ кылымдын орто ченинде жогоруда аталган орус окумуштуулары тарабынан кыргызстандын жаратылышы жана анын флорасы жөнүндө айрым фактылык маалыматтар топтолгон.

ХIХ кылымдын экинчи жарымынан кыргыздардын Россиянын курамына кошулушунан баштап, кыргыздардын жаратылышын жана анын флорасын изилдөөнүн жаңы этабы башталган.

Кыргызстандын жаратылышын жана анын флорасын Орус географиялык коомунун көрүнүктүү ишмери П. П. Семёновдун жетекчилигинде биринчилерден болуп орус экспедициясы Тянь-Шань тоолоруна, ойдуң-түзөңдөрүнө, тоо ашууларына, ал жерде өскөн бак-дарактарга, өсүмдүктөрүнө, бийиктеген сайын өсүмдүктөрдүн өзгөрүүлөрүнө изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана бир миң даана өсүмдүктөрдүн коллекциясы, бир нече илимде формалары белгисиз өсүмдүктөр жыйналган. Мындан сырткары Фергана өрөөнүндө жаңгак, кара жыгач жана өрүк токойлорунун өскөндүгүн кабарлайт [11: 87]. Анын эмгеги Кыргызстандын жаратылышы жөнүндө илимий изилдөөгө жалпы доорго жол ачты.

Окумуштуу-саякатчы Ч. Ч. Валиханов Кашкарга жасаган саякатында Тянь-Шандын түндүгүнөн түштүгүнө өтүп, Ала-Бел сыртына, андан чоң Нарындын жана Борколдой тоосуна баргандыгы жөнүндө токтолуп, кыргыздардын чарбачылыгына, уруулук коомдук түзүлүшүнө, жаратылышы жөнүндө бай материалдарын берип, физикалык географияга өзгөчө өзүнүн салымын кошкон. Кыргыздар жашаган чөлкөмдүн жаратылышына, анда өскөн сейрек кездешчү карагай токойлоруна, түркүн табигый талаа өсүмдүктөрүнө биринчилерден болуп географиялык адабиятта туура мүнөздөмө берген [12: 26].

Кийинчерээк, көрүнүктүү окумуштуу, саякатчы географ, ботаник Н. А. Северцов Тянь-Шанды жана Ысык-Көлдү айланып, флора жана фауна боюнча талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, Тянь-Шанда өсүмдүктөрдү алкактар боюнча бөлүп чыккан. Өсүмдүктөрдүн мелүүн жана ысык алкакта өсүү өзгөчөлүктөрүн белгилеген. Кыргыздар өсүмдүктөрдү мыкты өздөштүргөндүктөн турмуш-тиричиликте колдоно турган буюм-тайымдарын обьектисине, максатына карай түрдүү алкакта өскөн өсүмдүктөр материалдарын сапатына жараша пайдаланышкандыгын көрсөтөт. Алар бири-биринен катуулугу, жумшактыгы, ийилчектиги жана нымдуулугу менен айырмалангандыгын айтып кеткен [13: 304].

Түштүк Кыргызстанда, айрыкча Фергана чөлкөмүндө А. П. Федченко тарабынан маданиятка кирген сонун гүлдөөчү өсүмдүктөрдүн бай картографиялык материалы жана этнографиялык коллекциясы жыйналгандыгын белгилөөгө болот [8: 190].

Кыргызстанда совет мезгилинде этнографиялык изилдөөлөр россиялык илимий мекемелердин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Кыргыздардын флораны пайдалануусу тууралуу кол өнөрчүлүк боюнча жазылган монографияларда аздыр-көптүр чагылдырылат. Бирок алардын көпчүлүгү Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жашаган кыргыздардын арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн материалында жазылган. Кыргызстандын түштүк-батыш райондоруна тиешелүү материалдарды чагылдырган эмгектер саналуу гана жана толук картинаны бере албайт. Ошентсе да аларга токтолуу кажет.

Кыргыз элинин салттуу чарбачылыгын, тиричиликте пайдаланган буюм-тайымдарын, ырым-жырым жөрөлгөлөрүн, элдик салттуу дарыгерчилигин илимий этнографиялык өңүттө изилдеп, таасын баасын берген, кыргыз этнография илимине негиз салуучуларынын бири С. М. Абрамзондун [14: 896] эмгегин белгилөөгө болот. С. М. Абрамзондун көп жылдык изилдөөнүн натыйжасында топтогон материалдары эл арасынан жыйналгандыгы менен баалуу болуп саналат.

Кыргыз элинин жыгачтан жасалган буюмдарына жана жыгачты иштетүү ыкмаларына А. Ф. Бурковскийдин эмгеги далил боло алат [15: 94]. Бир катар экспедицияларга окумуштуу Е. И. Махова [16: 45-47] жана К. И. Антипина [17: 1962] катышкан. Алардын чогулткан жана иштеп чыккан материалдары коллективдүү да жана монографиялык да изилдөөлөрдө жарыяланган. Е. И. Махованын материалдарында түрк элдери тиричиликте пайдаланып жүргөн боз үйлөрдү салыштыруу менен экиге ажыратып, аймактык айырмалыктарын ачып көрсөтсө, К. И. Антипина түштүк кыргызстандын аймагындагы жыгач иштетүү кол өнөрүнө айрыкча көңүл бөлгөн. Ал кыргыз элинин жашаган боз үйлөрүнүн жасалыштарына, пайдаланган идиш-аяктарына, турмуш-тиричиликте пайдаланган жыгач буюмдарына жана алардын жасалыш ыкмаларына, аны менен катар тактайларга түшүрүлгөн оюуларга өзгөчө көңүл бурган [16, 1959.], [17, 1962].

Адамдарга жана малдарга карата өсүмдүктөрдү кыргыздар салттуу түрдө дары-дармек катары мурдатан бери пайдаланып келгендиги жөнүндө кыргыз элинин фольклордук чыгармаларында [18: 345] жана айрым окумуштуулардын этнографиялык эмгектеринен [10: 78] көрүүгө болот.

Акыркы жылдарда кыргыздардын салттуу билимдерин изилдөөнүн үстүндө ар түрдүү багыттагы окумуштуулар эмгектенүүдө. Алар салттуу билимдер боюнча окуу колдонмолорду, монографияларды жарыялашууда [19, 2013], [20, 2013], [21, 2014], [22, 2015]. Бул эмгектерде кыргыздардын өсүмдүктөр дүйнөсү жөнүндөгү элдик түшүнүктөрү, жапайы өсүмдүктөрдү тамак-ашка, дарылыкка (элдик медицина, элдик ветеринария) пайдалануу ыкмалары тууралуу маалыматтар топтолгон.

Колдонулган адабияттар:

1. Макьявелли Н. Рассуждения о первой декаде Тита Ливия // Сочинения исторические и политические. Сочинения художественные. Письма. – М.: НФ «Пушкинская библиотека», ООО «Издательство АСТ» 2004. – С. 136-468.

2. Юнкер В. В. Путешествия по Африке (1877–1878 и 1879 - 1886). М.: Государственное изд-во географической литературы, 1949. - 504 с.

3. Инка Гарсиласо де ла Вега. История государства инков. Л.: Наука, 1974. – 748 с.

4. Ткаченко К.Г., Лебедева Т.П. 173-б.

5. Крашенинников С. П. Описание земли Камчатки в двух томах. – СПб.: Наука, Петропавловск-Камчатский, «Камшат», 1994. Т. 1 – 438 с.; Т. 2 – 319с.

6. Кадыров А. А. Баткен тарыхы. - Ош.:2014. - 5-б.

7. Ганыбаева М. Р. Флора междуречья Исфана и Ляйляк (северный склон туркестанского хребта), автореф. дисс. на соискание учен. степ. канд. биолог. Бишкек, 2010. - 20– 25., - 12-13 с.

8. Федченко А. П. Путешествие в Туркестан. Т.1. вып. II - СПб., - М.: 1950. – 371 с.

9. Ботбаева М. М. Растительный мир Кыргызстана – Б.: 2007. – 15 с., – 16 с.

10. Зеланд Н. Л. Киргизы. Этнологический очерк. Запр. СО РГО, кн. УП, Вып. II. 1885. – 8-11 с., - 78 с.

11. Семёнов-Тянь-Шанский П. П. Путешествие в Тянь-Шань в 1856-1857 гг.– М. : 1946. – 87 с.

12. Валиханов Ч. Ч. Сочинения “Записи русского географического общества по отд. Этнография”, под ред. Акад. Веселовского, Т. ХХIХ, Спб., 1904. - 26 c., - 29 с.,- 23-37.

13. Саркашкаев Э. А. Кыргыздардагы мал ылаңдарын дарылоонун элдик салттары (XIX кыл. аягы – XX кыл. башы. Кыргызстандын түндүгүнүн материалдарынын негизинде) тарых илим. канд., дисс. авторефераты. – Б.: 2015.

14. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер. “Кыргызстан – Сорос” фонду, - Б.: 1999. – 896-б.,

15. Бурковский А. Ф. Из истории техники обработки дерева у киргизов // УЗИФ КГУ. Вып. №3. Ф.: 1954. - 94 с.

16. Махова Е. И. Материальная культура киргизов как источник изучения их этногенеза. ТКАЭЭ. Т. III. – Ф.: 1959. – 45 - 47 с.

17. Антипина К. И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южной части Ошской области Киргизской ССР. Ф.: 1962. – 124 с.,- 143 с., - 12 с.,

18. Орозбаков С. “Манас” эпосу. Т. III. - Ф.: 1981. - 345-б.

19. Кыргыз элинин уюткулуу сырлары. Өсүмдүктөр дүйнөсү. – Б. 2013.

20. Кыргыз элинин уюткулуу сырлары: нукура кыргыз даамы. –Б. 2013.

21. Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери. Окутуучулар үчүн колдонмо. Б.: 2014.

22. Ботоканова Г.Т. Традиционные знания кыргызов. – Б. 2015.

Айша Абдиева,

Преподаватель Баткенского государственного университета

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×