Добавить статью
20:28 4 Января 2026 Обновлено 11:51 15 Июня 2026 1191
Барс каган (Элиг Бөрт) жана анын доору

(К.Молдожунусовдун «VI-VIII кк. Кыргыз кагандыгы тууралуу тарыхый маалыматтар» деген макаласынан үзүндү // Якуп Өмероглунун жаркын элесине арналган Жаш түркологдордун X эл аралык симпозиуму. Баяндамалар жыйнагы. - Бишкек, 2025. - 599-606-б.)

682-жылы Кытайдагы көктүрктөрдүн көтөрүлүшүнө Гудулу (Кутлук Элтериш каган) башчылык кылып, ал түндүгүндөгү айрым көчмөн урууларды каратып, өз мамлекетин түптөп алууга жетишкен. Экинчы Чыгыш-Түрк кагандыгын 693-жылга чейин башкарган ошол Элтериш каган Тан империясынын чегарасына тынымсыз кол салып турган чакта түндүктөгү көчмөндөрдүн эч бири, алардын катарындагы кыргыздар да кытайларга болушкан эмес (Бичурин, 2016, 287-290-б.). Демек, 80-жылдары Кыргыз мамлекети тышкы саясатын өзгөртүп, Кытай менен болгон мамилесин үзгөн жана көктүрктөргө ыктай баштаган. VII кылымдын 60-70-жылдары кыргыздардын башында турган болжолдуу «үчүнчү элтебердин» ордунда 80-жылдары «төртүнчүсү» отурган болушу мүмкүн. Бул инсандын тышкы саясаттагы кадамдарына байкоо салып көрсөк, анын башкаруусу 20-30 жылдай уланганы байкалат. Ал орхон-енисей жазмаларында VII кылымдын аягында жана VIII кылымдын башында Кыргыз мамлекетинин каганы катары таанылган Барс бек болгон. Күлтегинге арналган эстеликте ал тууралуу мындай саптар айтылган: «Барс бэг эрти. Каган ат бунта биз биртимиз, сиңлим кунчуйуг биртимиз» («Барс бек болчу. Каган атагын мында биз бергенбиз, карындашым ханбийкени бергенбиз») (Малов, 1951, стр. 30-39). Бул жерден кыргыздардын Барс аттуу каганы башында бек болгон кезинде көктүрктөр менен союздаша баштагандыгын жана союздаштыктын аркасы менен өз өлкөсүндө кагандык даражага жеткендигин түшүнсөк болот. Кыргыз каганы менен болгон союз алгач ушунчалык бекем болгондуктан, ага Күлтегиндин карындашы, башкача айтканда Элтериш кагандын кызы берилген. Бул окуя 691-жылдагы Элтериш каган өлгөнгө чейин болуп өткөндүгүн болжолдосок болот. Анткени VII кылымдын 80-жылдарында бардык коңшулары менен согуш абалында болуп, жаңыдан өз мамлекетин куруп келе жаткан Элтериш каган түндүгүнөн кыргыздар сыяктуу союздаштын жардамына муктаж болмок.

VII кылымдын 80-жылдарында көктүрктөр менен союздашып, элтебер гана болбостон, кийин өзүн каган кылып жарыялаган кыргыз башкаруучусу орхон жазмасында Барс бек деп эскерилгени менен, бул анын өз ысмы болгон эмес. Тарыхчылар бул жерде «Барс» деп анын уруусу эскерилгенин, ал барс уругунан чыккан каган болгондугун айтышат. Күлтегиндин эстелигинде кыргыз каганынын «Барс бек» деп эскерилишин анын ысымы катары эмес, баштапкы титулу катары кабыл алышыбыз керек. Башкача айтканда, «барс уруусунун беги/бийи» деген маанидеги «барс-бек» титулундагы адам көктүрктөрдүн жардамы менен өз өлкөсүндө «каган» наамына жеткен болушу мүмкүн. Орхон жазмаларында Барс бек каган деп жазылып калган жана VII кылымдын аягынан VIII кылымдын башына чейин Кыргыз мамлекетин башкарып турган инсан тууралуу енисей жазмаларында да кабар айтылат. С.Кляшторныйдын пикири боюнча, Алтын-Көлдөн табылган эки эстеликтин биринчиси ошол Барс бекке арналып, эстелик ал курман болгон 711-жылы тургузулган (Кляшторный, 1976, стр. 258-269). Кызыгы, бул эселикте «барс» сөзү адам атынын бир бөлүгү катары да, меморианттын таандык болгон уруусу катары да айтыла берген. Көчмөндөрдүн кечки орто кылымдардагыдай адам аты менен уруусу кошо айтылган салтынын мурда да болуп келгендигин болжолдосок, эстеликтеги «барс» сөзү урууну гана түшүндүрүшү мүмкүн. Башкача айтканда, Күлтегиндин эстелигинде кыргыз каганынын өз аты унутулуп, анын дайыма кошо айтылып жүрүүчү уруусу анын ысымы катары эсте калган болушу ыктымал. И.Кормушин өз изилдөөсүндө Алтын-Көл-1 (Е28) жазмасынын Элиг Бөрт Опа Барс аттуу инсанга арналгандыгын чечмелеген. Анын айтымында бул эстелик кыргыздардын барс деген башкаруучу тукумунун өкүлүнө арналган (Кормушин, 2008, стр, 118-120). «Барс» деген сөздүн Чакөл-2, Чакөл-5, Уйбат-6 сыяктуу башка енисей жазмаларында да эскерилгендигине караганда, булардыгын бардыгы барс уруусуна таандык болушкан.

Кыргыздардын VII кылымдын аягындагы тышкы саясатында туура союздаштарды тандай билүүсү алардын мамлекетинин күчтөнүүсүнө алып келген. VIII кылымдын башында болсо, Кыргыз кагандыгы Борбордук Азиядагы эң күчтүү мамлекеттердин бирине айланып, өз эрки менен союздаштарын алмаштыргандай деңгээлге жеткен. Кытай жазма булактары да, орхон-енисей жазмалары да ошол кездеги Кыргыз кагандыгы менен союздаш болууга умтулган өлкөлөрдүн сап башында Түргөш кагандыгы, Тан империясы жана Тибет империясы болушкандыгын ырасташат. Демек, Биринчи Кыргыз кагандыгынын ал атаандашкан Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгы сыяктуу эле көчмөн империя болгондугунан шек саноого болбойт. Тунүкөктүн эстелигинде да Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу ким болгондугу айтылбайт. Бирок, ошол кагандын тушунда кыргыздар көктүрктөр менен тең тайлашкан күчтүү мамлекет курушкандыгын ырастаган мындай саптар бар: «Табгач каган йагымыз эрти, Он-ок каганы йагымыз эрти. Артукы Кыркыз күчлиг каган йагымыз болты» («Кытай каганы жообуз (душманыбыз) эле, Түргөш каганы жообуз эле. Айрыкча Кыргыз күчтүү каган жообуз болду») (Малов, 1951, стр. 62-67). Демек, кыргыз каганынын тышкы саясаты кийин өзгөрүп, ал эски союздашы болгон чыгыш түрктөрүнө каршы тарапта болуп калган. Ю.Худяков кыргыздар менен түрктөрдүн мамилесинин келишпей калган мезгилин 693-жылга алып барып такаган (Худяков, 1995, стр. 53). Бирок, Кыргыз кагандыгынын жакын союздашына айлана турган жаңы мамлекет болгон Түргөш кагандыгынын 699-жылы негизделгендигин эске алсак, Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгына каршы эл аралык союздун түзүлүшү VIII кылымдын башында гана ишке ашмак.

Хакасиядагы енисей жазмаларында меморианттардын кимиси мамлекеттин башкаруучусу болгондугу билинбейт. Балким, кыргыздар VI-VIII кылымдарда өз каганын башкача титул менен айтышкан. Бизге кызык болгону, Алтын-Көлдөгү эки эстелик төрт бир туугандын экөөсүнө арналып, анын бири эгиздин түгөйү болгондугу болжолдонот. Алардын биринчиси барс уругунан Элиг Бөрт Опа Барс болсо, экинчиси Тибетке элчи болуп кеткен Ынанчу Алп Саңун болгон. И.Кормушин Алтын-Көл-1 жазмасындагы «элиг» сөзүнүн титул болушу мүмкүн экендигин айтып, бирок өзүнүн пикиринде бул сөз 50 (элүү) саны менен байланыштуу экендигин болжолдогон (Кормушин, 2008, стр, 63-120). Н.Усеев анын арты менен «Бөрт» сөзүнүн «орто курак» деген маанини түшүндүрүп, «Манас» эпосунда сакталып калгандыгын белгилейт (Усеев, 2014, 347-348-б.). Биздин пикирибиз боюнча, биз Барс бек деп тааныган инсандын өз ысымы Бөрт-Опа болгон. Бирок, башында келген «Элиг» сөзү титулду гана түшүндүрөт. Анын бир тууганынын эстелигинде титулдары саналып жазылып, эң биринчи анын жогорку кызматка жеткенде алган «Ынанчу» деген наамы айтылып жатат. Кыргыздарда XVII-XIX кылымдарда да атактуу башкаруучулардын титулу биринчи айтылган салт бар болгон. Мисалы, фольклордо жана санжырада Кан Тейиш, Кан Кудаян, Кан Садыр, Кан Ормон деп айтылат. Ошол сыяктуу эле, Алтын-Көл-1 жазма эстелигинде Барс бектин ысымынын алдында биринчи анын титулу жазылган болушу мүмкүн. VII кылымдын башынан бери Кыргыз мамлекетин элтебер титулундагы башкаруучулар башкарып келишкендиги маалым, бирок бул титул енисей жазмаларында эскерилбейт. Сыягы, «элтебер» деген сөз башка түрк элдеринде колдонулса дагы, диалекттик өзгөчөлүккө жараша кыргыздар бул сөздү «элиг» формасында колдонушкан. Кыргыздар башка түрк элдериндеги «каган» сөзүн да колдонбой, каганды өз диалектинде «кан» деп айтышкандыгы енисей жазмаларынан белгилүү. Кыргыздардын колдонгон «элиг» титулу кийин караханийлерде кагандан кийинки даражадагы наам катары кеңири колдонулган. Бул сөз Орто Азияга кыргыз-түргөш байланыштары аркылуу жеткен болушу мүмкүн.

Бирок, эмне үчүн Элиг Бөрт-Опа Барс эстеликте каган катары эмес, элиг/элтебер болуп эскерилген деген суроо туулат. Кызыгы, кийин IX-X кылымдарда Кыргыз кагандыгы гүлдөп турган чакта да кыргыз кагандары өлгөндөн кийинки жазуусунда «өздөрүнүн» каган экендигин эскеришпейт. Бул кандайдыр бир ишенимге, салтка байланыштуу болушу мүмкүн. Енисей жазмаларынын кайсынысында мемориант «каныма, бегиме бөкмедим» («каганыма, бегиме (кызмат кылып) тойбодум») деген сөздөрдү айтпаса, ошол өзү каган болушу мүмкүн деп болжолдойбуз. Алардын катарында Алтын-Көл-1 жазма эстелиги дагы бар.

Кыргыздардын дөөлөтү бул учурда саясий, аскердик, экономикалык жактан өнүккөн сыяктуу эле, маданий жактан да абдан өнүккөндүгүн енисей жазмалары ырастай алат. И.Кормушиндин изилдөөлөрүнө таянсак, Хакасиядагы табылган эстеликтердин төртөөндө гана (Е-25, Е-104, Е-48, Е-27) тамга басылса, калгандары тамгасыз жазуулар болгон. Тамгасы жок жазууларга Алтын-Көлдөн табылган 2 эстелик (Е-28, Е-29), Уйбаттан табылган 4 эстелик (Е-30, Е-31, Е-32, Е-98) жана Тесь (Е-37), Ташеба (Е-40), Тугутүп (Е-120) эстеликтери кирет (Кормушин, 2008, стр. 33-134). Булардын бардыгын VI-VIII кылымдарга таандык кылсак да, кайсынысы мурдараак, кайсынысы кийинчерээк жазылганын аныктоо кыйын. Антсе да, тамга басуу салтынын кийинчерээк пайда болгондугун болжолдосок, тамгалуу эстеликтер кийичерээк жазылган болушу мүмкүн дей алабыз. Эстеликтердеги жазуулардын мазмунуна карап дагы, меморианттардын кимиси кандай мамлекеттик кызматта болгондугун аныктоого аракет кылып көрсөк болот. Алардын көбү саңгун (аскер башчысы), таркан (аймак башчысы), чаңшы (катчы), бек (уруу башчысы), алп (баатыр) болушкандыгы айтылат. Мисалы, Уйбаттагы эстеликтердин биринчиси Караканга элчи болуп кеткен Чаб Шатун Тарканга, экинчиси Уз Билге Чаңшыга, үчүнчүчү Билге бек уулу Таркан Саңунга арналат. Төртүнчү (Е-98) эстеликтин алдыңкы бетинде уйгур каганын жеңген Тириг Бек жөнүндө айтылып, ал арткы бетинде Алыч Барс Тириг бек деп эскерилет. Ал эми Е-120 эстелиги Алп Тарканга, Е-40 эстелиги Анар Атачка, Е-37 эстелиги түргөштөрдөн келген Каракандын ичреги болгон адамга арналган (Кормушин, 2008, стр. 114-133). Бул маалыматтар VIII кылымдын башында Кыргыз кагандыгы менен Түргөш кагандыгынын союздаш болгондугун дагы бир жолу ырастайт. Тириг бектин баянына караганда, ошол кезде көктүрктөр менен душман болгон уйгурларды Кыргыз кагандыгы каратып алган окшойт. Л.Кызласовдун аныктоосу боюнча, Уйбат-3 (Е-32) эстелиги VII кылымдын аягына таандык (Кызласов, 1960, стр. 119). Демек, Енисейде жазма маданияттын жайыла баштоосу VII кылымга туура келет жана ал жазууну мамлекеттик кызматтагы адамдар кеңири пайдаланышкандыгы анык.

VII кылымдын башынан бери Кыргыз кагандыгын башкарган династиянын аталышы «барс» болгон десек болот. VII кылымдын аягында Элтериш кагандын кызына үйлөнгөн кыргыз каганы да, кыргыздардын андан мурунку 60-70-жылдардагы элтебери да, алтургай андан мурунку 40-50-жылдары Тан империясына чейин барган элтебер Ышпар дагы ушул династиядан чыккан болушу мүмкүн. Ага карабастан, ошол доордо Тан империясы кыргыздарды өздөрүнө жакындатуу максатында кыргыз башкаруучуларын кытай тектүү кылып көрсөтүүгө аракет кылышкан. Мындай теория IX кылымдын 40-жылдары кыргыздардын уйгурларды талкалагандыгына кубангандыгын өз катында жашырбаган кытай императору тарабынан биринчи жолу айтылган. Ал кыргыз каганынын династиясын миң жылдар мурда жашаган жана хундарга өтүп кеткен Ли Линдин тукуму деп таанып, өзүнө тууган кылып көрсөткүсү келген (Ли Вэйгун..., 2003, 27-б.). Бирок, кийинки эле императорлор бул идеядан баш тартышкан (Синь..., 2003, 53-б.). Албетте, кыргыздардын башкаруучулары V кылымда эле кытайлар менен эмес, ашина түрктөрү менен туугандык байланышта болушкандыгы ошол эле кытай жазма булактарында эскерилгендигин жогоруда айтып өттүк.

Биринчи Кыргыз кагандыгынын алсырай баштоосу Барс кагандын (Бөрт-Опа кагандын) өлүмү менен кошо башталган жана VIII кылымдын ортосуна чейин сакталып тура алган. Барс кагандын өлүмү тууралуу орхон жазмаларында айтылат. Тунүкөк үч кагандын биригип согуш баштай тургандыгын билип калып, кыргыздарга Көгмөн тоосу аркылуу биринчи кол салгандыгын баяндайт. Түндө капысынан чабуул коюунун натыйжасында «канын өлүртимиз» («каганын өлтүрдүк») деп, көктүрктөр кыргыздардын башкаруучусун өлтүрүшкөндүгүн айтышкан. Ал эми Күлтегиндин эстелигинде бул окуяга тиешелүү мындай саптар бар: «Өзи йаңылты, каганы өлти, будуны күң-кул болты. Көгмен йир-суб идисиз калмазун тийин, аз-кыркыз будуныг йарат(ып кэлтимиз сүңүстимиз илин)» («Өзү жаңылды, каганы өлдү, эли күң-кул болду. Көгмөн жер-суусу ээсиз калбасын деп, аз-кыргыз элин чогултуп, келдик...») (Малов, 1951, стр. 30-67). Тарыхчылар 710-711-жылдардын кыш мезгилиндеги Барс каган курман болгон бул салгылаштын Аны (Енисей) сусунун боюнда, Суңга токоюнда болгондугун айтышат (Бартольд, 1963, стр. 484-485). Ошентип, Кыргыз кагандыгын VII кылымдын 80-90-жылдарында жана VIII кылымдын башында башкарган Барс каган мамлекетти ошол кезге чейин болуп көрбөгөндөй күчтөндүргөн. Бирок, анын саясий эрки менен жасалган тышкы саясаттагы акыркы кадамы оң натыйжа алып келбей, Кыргыз кагандыгы 711-жылы күтүлбөгөн жерден көктүрктөрдүн соккусуна кабылган. Ага карабастан, Кыргыз кагандыгы жоюлбастан, мындан кийин союздаштыкты бузбоо шарты менен сакталып калган деп айтууга болот.

Айрым тарыхчылардын айтымында Барс кагандын уулу бийликте калып, ал кийин Тан империясына өз элчилерин жиберген. Кызыгы, кыргыз элчилеринин кытай жазма булактарында «тегин» титулу менен эскерилиши алардын кагандын уулдары болушкандыгынан кабар берет. Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгын негиздеген ардагерлердин өлүмүнөн кийин, VIII кылымдын 20-жылдарында көктүрктөр алсырай баштаганда, кыргыздар кайрадан күчтөнө башташкан. 722-748-жылдары кыргыз каганы же кагандары Тан империясы менен болгон мурдагыдай тыгыз байланышты кайрадан жандандырган. Бул мезгил аралыгында Кыргыз кагандыгында канча башкаруучу алмашкандыгы жана алардын ысымдары ким болгондугу бизге белгисиз. Бирок кыргыз каганынын Кытайга жана көктүрктөргө жиберген элчилеринин ысымдары тарыхый булактарда жазылып калган. VIII кылымдын 50-жылдарында Кыргыз кагандыгы уйгурлар менен кармашып тургандыгы маалым. 758-жылы кыргыздар Уйгур кагандыгынан жеңилип калып, кыргыз каганы өлтүрүлгөн (Бутанаев, Худяков, 2000, стр. 54-55). Ошондон кийин кыргыздар 30-40 жылдай бою уйгурларга көз каранды болуп жүрүп, VIII кылымдын аягында гана көтөрүлүш башташып, өздөрүнүн экинчи кагандыгын (Улуу Кыргыз дөөлөтүн) курууга бел байлашкандыгы тарыхта маалым. Кийин кыргыздар болуп көрбөгөндөй күчтөнүшүп, IX-X кылымдарда Борбордук Азиянын кеңири аймагын көзөмөлдөй алышат.

Колдонулган булактар:

1. Азбелев П.П. (2009). «Общество и государство енисейских кыргызов в VII-VIII вв.». Вестник Санкт-Петербургского университета (Сер. 12., Вып. 4). (С. 78-89).

2. Бартольд В. (1963), «Киргизы от VI до IX века». Сочинения. Отв. ред. Б.Г.Гафуров. Том II. Часть 1. Москва: Восточная Литература.

3. Бичурин (Иакинф) И.Я. (2016). Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. Э.Турганбаев (котор.). Бишкек: Кут-Бер.

4. Бутанаев В.Я., Худяков Ю.С. (2000), История енисейских кыргызов. Абакан: ХГУ.

5. Бэй ши (2003). ККТБ. 2-том. – Бишкек: КТМУ.

6. Каратаев О. (2021). «Государственное управление енисейских кыргызов: Ичреки и өге. VII-XI вв.». Известия НАН КР (С. 34-42). №4.

7. Кляшторный С.Г. (1976), Стелы Золотого озера (К датировке енисейских рунических памятников). Тюркология. К 70-ю летию академика А.Н.Кононова. Ленинград: Наука. Стр. 258-267.

8. Кляшторный С.Г. (2012). «Енисейские рунические памятники о кыргызах и «Великий поход» Манаса». Российская тюркология. №2 (7). (Стр. 25-29).

9. Кожобеков М. (2022). «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты жана негизги өнүгүү этаптары». MANAS Journal of Social Studies. (Vol. 11. No: 4). (P. 1698-1704).

10. Кормушин И.В. (2008). Тюркские енисейские эпитафии: граммматика, текстология. Москва: Наука.

11. Кызласов Л.Р. (1960). «Новая датировка памятников енисейской письменности». Советская археология. (Т. З). (Стр. 93-120).

12. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары. (2003). Түз. К.Жусаев, А.Мокеев, Д.Сапаралиев. 2-том. Бишкек: КТМУ. 293-б.

13. Ли Вэй-гун Хуйчан ипинь цзи (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

14. Малов С.Е. (1951), Памятники древнетюркской письменности: Тексты и исследования. Москва-Ленинград: АН СССР.

15. Синь Тан шу (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

16. Супруненко Г.П. (2003), «Байыркы кыргыз ономастикасынан». ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

17. Супруненко Г.П. (2003), «Тан империясынын Енисей кыргыздары менен карым-катнашуу тарыхынан». ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ, 2003.

18. Тайпин хуаньюй цзи (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

19. Тишин В.В. (2018). «Некоторые вопросы датировки памятников древнетюркской рунической письменности басейна р. Енисей». Вопросы древней истории, филологии, искусства и материальной культуры (стр. 81-154). Том 7. Москва: Собрание.

20. Тишин В.В. (2021). «Некоторые вопросы изучения древнетюркской титулатуры». Вестник Бурятского научного центра СО РАН (С. 61-68). №2 (42).

21. Тун Дянь (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

22. Усеев Н.К. (2014). «Барс бек кагандын толук ысымы Элиг Бөрт Опа Барс адам атындагы «Бөрт» сөзүнүн окулушу жана түшүндүрмөсү». Кыргыз жана Карахандар каганаттары: Көөнөрбөс издер. III эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындагы баяндамалардын жыйнагы (346-349-б.). Ысык-Көл. 2014-жылдын 18-21-сентябры.

23. Усеев Н. (2022). «Байыркы түркчө (байыркы уйгурча) «Сюаньцзан биографиясындагы» (XI к.) кыргыз

этноними». Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim Dergisi (s. 981-990). Sayı: 11/3.

24. Худяков Ю.С. (1995). Кыргызы на просторах Азии. Бишкек. 187 с.

25. Цзю Тан шу (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

26. Чжоу шу (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

27. Юе Ши. Тайпин хуаньюй цзи (2003). ККТБ. 2-том. Бишкек: КТМУ.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

19-05-2025
Эсэху хан (1387-1425) – второй правитель алтайских кыргызов, желавший основать «Татарское государство»
30202

19-05-2025
Правитель кыргызов, ойратов и монголов – Өгөчү кашка (Угечи Хашига)
22139

17-08-2024
1917-жылкы шайлоо жана кыргыздар
10718

30-05-2024
Кыргыз элинин тарыхын узарткан эң эски тарыхый булак: «Му Тяньцзы Чжуань»
36324

23-05-2022
Жетишаарда миңбашы болгон кыргыз
7807

23-05-2022
Тогуз-Торонун уламышка айланган күлүктөрү
8128

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
29717

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
12135

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
9703

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
14291

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×