Добавить статью
9:44 16 Марта 2011 117671
Аксы районундагы Кашка-Суу  айылында Коло доорунан баштап эле эл жашай баштаган (фото)

Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн түзүлүшү Улуу Октябрь социалисттик революциясынын ( 1917-жыл 25-октябрь) жеңишинен кийин түзүлгөн.

Улуу Октябрь социалисттик революциясына чейин бул аймакта эл жашаганбы же жокпу деген суроо баарыбызда пайда болот. Албетте жашаган себеби Кашка-суу айыл Өкмөтүнүн аймагынан тарыхый эстеликтер өтө көп табылган. Мисалы, 2005-жылы табылган Падыша-Ата мамлекеттик коругунун Шар капчыгайындагы таш бетине түшүрүлгөн петроглифтер ( бул петроглифтер Саймалуу-Таш петроглифтери менен доорлош. Саймалуу-Таш петроглифтери б.з.ч. II миң жыл, Коло дооруна таандык) б.з.ч. II жана биздин замандын VI кылымына таандык биздин ата-бабаларыбыз Мук (көчмөндөрүнүн) урууларынын күмбөздөрү жана орто кылымга таандык карапа идиштер. Сары-Таш жайлоосунан табылып жаткан античный жана андан кийинки маданияттын (жаргылчак) белгилери. Адамдар жашаган тургун жайлар да мисал боло алат.

Бул фактылардын бардыгы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында Коло доорунан баштап эле эл жашап, аларда маданиятынын эки тармагына тең (руханий жана материалдык) өтө жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн айгинелейт.

1917-жылы февраль революциясынан кийин Кыргызстандын аймагындагы революциялык кырдаал анын ичинде Аксы жана Чаткал өрөөндөрүндө да Совет бийлигин чыңдоо үчүн активдүү күрөш жүргөндүгү тарыхый чындык. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында да согуштар болгондугун азыркыга чейин сакталып, калган окоп ( окоптун билинер билинбес гана изи сакталып калган) жана Сергей Иванович Моосин 1890-жылы иштеп чыккан карабин мылтыгынын бычагы (штык) жана маузер тапанчасынын стволу тастыктап турат. Бул куралдар Бер-Булак жайлоосунан табылган. Азыр ал экспонаттар Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Үчкемпир Турдубаев атындагы № 26-орто мектебинин «Край таануу » музейинде сакталып турат.

987a3fd9a3f13643dfde9c6c2139de87 

1929-жылы жайында И. В. Сталиндин « Туташ коллективдештирүүнүн» ураанынын негизинде Совет Өкмөтүнүн бүткүл айыл кыштактарында колхоздоздоштуруу саясаты башталган. Кыргызстанда колхоздоштурууну тез аранын ичинде бүтүрүү чечими кабыл алынгандан кийин башталды.

1928-жылдын ноябрь айында Жээнбаев атындагы биринчи айыл чарба артели уюштурулган. Колхоздоштуруу 1929-жылы 3%га аткарылса, 1933-жылга 98% пайыз колхоздоштурулган.

1929-жылы Падыша-Ата сельсовети Беш айыл чарба Артельдерин башкарып туруу үчүн (айылдык кеңеши) түзүлгөн. (1949-жылдан кийин Кара-Төбөдөгү Кызыл-Жел колхозу кошулган) Падыша-Ата деп аталып калышынын себеби бул жерде Аравиядан келген дин таратуучу (миссионер) Саид Камалиддин Салмони Ал-Фарсинин кыргызча ага коюлган Падыша-Ата деген атынан коюлган.

1933-жылга чейин Падыша-Ата сельсоветинде алты айыл чарба Артели уюштурулган. Алар төмөнкүлөр: 1. Тосту айылында: Ленин жолу; 2. Кара-Башатта: Кызыл-Башат; 3. Туюк-Жарда: Орджоникидзе; 4. Өлөн-Булакта: Киров; 5. Чарбакта: Кызыл-Байрак; 6. Кара-Төбөдө: Кызыл-Жел;

Артелге мүчө болуп киргендер өз менчигиндеги мал, кой, эчки, күч унаалары соко, араба ж.б. шаймандарын өздөрү кошулган Алтелдерге

«Ортолукка » өткөрүшүп беришкен. Бирок өз ыктыяры менен Артелге кирбегендер да болгон: аларга мамлекет тарабынан оор салыктар салынгандан кийин алар төлөөгө мүмкүнчүлүгү келбей калгандан кийин аргасыздан Артелге мүчө болуп кирген.

Падыша-Ата аймагында айыл чарба Артельинеринин тез түзүлүшү, бул жерде орустардын көптүгү себекер болгон. 1880-жылдары Орусиядан көчүп келген орус, украин дыйкандары Жайык жана Тосту участкаларынын эң мыкты жерлерин ээлешип алышкан. Азыркы Захар жана Көлкө «Колька» (Тосту участкасы) Павли «Павель» (Кара-Башат сайы) деген жерлер келгинди дыйкандардын конуштары болгон. 1929-жылдын 27-декабрындагы И.В.Сталиндин «Кулактарды тап катары жоюу» ураанынан кийин кулактарды (контреволюциянерлер, бай дыйкандарды жана орточо дыйкандар, дин кызматкерлери) үч топко бөлүнүп тартылды. Тиллебаев Кутман жана Райымбеков Мүрзүмар деген аксакалдардын айтуулары боюнча, айылдагы дыйкандар жана дин кызматкерлер кулакка тартылып, алардын байлыгы күч менен тартылып өздөрү Украина жана Белоруссияга айдалган. Ал жактардан көп адамдар келбей калган.

1937-жылы Кыргыз ССРи 90%га колхоздоштурүлдү.

1937-жылга чейин Падыша-Ата сельсоветинин беш айыл чарба Артелдери өздөрүнүн материалдык базасын чыңдап алган. Бул жылдар аралыгында сабатсыздыкты жоюу жана айылдарды ирилештирүү, калктын экономикалык абалын көтөрүү жумуштары жүргүзүлгөн.

Падыша-Ата сельсоветинин биринчи максаты калктын сабатсыздыгын жоюу, билимдүү кадрларды даярдоо айылдык башталгыч мектептерди күчөтүү планын иштеп чыккан. 1928-жылы Тогорок-Сай айылындагы Падыша-Ата башталгыч мектеби, Кара-Дөбө айылында 1930-жылы башталгыч мектеби, ушул эле жылы Өлөн-Булак башталгыч мектеби уюштурулган. Чоңдор үчүн кечки мектептер уюштурулган. Падыша-Ата сельсовети жакшы окуган окуучуларды жана мугалимдерди ишке чакырып иштеткен алардын билимин жогорулатуу максатында шаарларга окууга жөнөтүлгөн. Алар кийин кайра кайтып келишип иштешкен.

1937-жылдары айыл чарба Артельдери билимдүү кадрлар менен толук эмес болбосо дагы камсыз болгон. Ушул жылы Падыша-Ата сельсоветинин карамагындагы беш айыл чарба Артельдеринин техникалык базасы чындалып чоңойгондуктан, аларга «Колхоз» (Коллективдүү чарба) деген наам берилген. Бүткүл Совет эли элдин жашоо турмушун оңдоонун үстүндө эмгектенип жаткан мезгилде неместик фашизм капысынан мекенибизге 1941-жылдын 22-июнунда кол салып кирди. Мекенди коргоодо биздин айылдын эр азаматтары да четте калган жок.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941-1945-жж.) Падыша-Ата сельсоветинен 442 адам согушка катышып, алардын 344 адам кайтпай калган. 98 гана айылдаштарыбыз кайтып келген. Алардын көпчүлүгү орден жана медалдар менен сыйланган. Шатманов Масалбек Советтер Союзунун Даңк орденинин үч баскычын тең алып, баатыр болгон. Ата Мекендик Согуш жылдарында Падыша-Ата сельсоветинин аймагындагы колхоздордо иш тынымсыз жүргүзүлгөн.

«Бардыгы Фронт» үчүн деген ураан менен эл эмгектенип жатты. Ушул жылдарда иштетилбеген жерлер ат, өгүздөрдүн жардамында айдалып эгин эгилген. (Сары-Таш, Жайык, Арпа-Төктү ж. б.) Өндүрүлгөн дан азыктарын ат чегирилген арабага жүктөшүп, Падыша-Атадан Наманган уездине (азыркы Өзбекстан Республикасынын шаары) алып барышып, паровозго жүктөшкөн, андан нары фронтко кеткен. Азык-түлүктөрдү жөнөтүүдөн башка, Мекенди коргоп жаткан эр азаматтарга жылуу кийим кечектерди жөнөтүшүп, Неместик баскынчыларды жеңип, элибизге эркиндикти алып келүүсүн тилешкен.

Согуштан кийинки жылдары да колхоздордо өнүгүү жолу жакшы жолго коюлган. 1950-жылдары Кыргызстан боюнча колхоз совхоздор чоңойтулган. 1949-жылга чейин Кызыл-Байрак, Кызыл-Жел, Киров колхоздору бириктирилген. 1952-жылга чейин майда чарбалар жоголуп, Падыша-Ата аймагында бир гана Ленин атындагы колхоз калган. Ленин колхозунун аймагында эгин эгүүчү жер аз болгондуктан, 1960-1970-жылдарда дөңсөө жерлер атайын тракторлордун жардамында тегизделип, колхоздун мал, жылкы, койлору үчүн тоют даярдала баштады.

1963-жылы Падыша-Ата сельсоветинде биринчи болуп, радио зымы тартылып, жергиликтүү эл СССРде болуп жаткан жаңылыктардан кабардар боло баштаган.

a5e738e5192492ab9785d92cb2f0da8c

1970-жылы Кара-Дөбөдө СТФ (Сүт товар фермасы) курулган. Ленин колхозу зоотехник, ветеринардык врач, агроном сыяктуу жогорку билимдүү адистер менен камсыз болду. Мал, кой, жылкылардын сандык жана сапаттык жагы өстү. Мал кароочу малкана жана сарайлар ар бир участкада салынып, аларга жем, чөп камдоо үчүн жүздөгөн жумушчу жана окуучулар эмгектенишкен. Колхоздун экономикалык жана техникалык базасы акырындык менен өнүгүп бара жатты.

1966-68-жылдары колхоздун эсебинен айылга Маданият үйү курулган. Ошол эле жылы Медицина борбору да жаңы имарат менен камсыз болгон. (1934-жылы Биринчи медициналык амбулатория ачылган)

1967-жылы Падыша-Ата айылында Гидрометеорология станциясы жаңы иш бөлмөлөр жана жабдуулар менен камсыз болгон. (1913-жылы Гидрометеорология станция ачылган).

1969-жылы Ленин атындагы орто ( кийинки Ү.Турдубаев атындагы) мектебинин сегиз жылдык окуу корпусун куруу үчүн 70 миң сом бөлүп берген. 1974-жылы толук бүтүп пайдаланууга берилген.

1967-жылы Падыша-Ата сельсовети Кашка-Суу сельсовети болуп өзгөргөн. Коммунисттик партиянын саясатын колдоп ошол кездеги жетекчилер Өмүшова Балбүбү жана башка жетекчилер диний иштерди көзөмөлдөп алардын иш жүргүзүүсүнө тыюу салышкан. Кашка-Суу деп аталып калышынын себеби, айылдын жогорку тарабында Кашка-Суу жайлоосу жана ал жерден агып келген суунун атынан коюлган.

1970-1990-жылдары Ленин колхозу мамлекеттик планды аткаруу боюнча райондо алдынкы орундарды алып жүргөн.

1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун кырк жылдыгына арналып, Кашка-Суу сельсоветинин борборуна эстелик тургузулган.

Кашка-Суу сельсоветинин социалдык-экономикалык абалын көтөрүүдө Нуралиев Баялы, Ормонов М, Турдубаев Үчкемпир, Акимбеков Нурмат, Шатманов Масалбек, Жаналиев Рахман, Ибраимов Кеңеш, Давлетов Эргеш, Зеби Кутманова, Мавлянов Райымбектердин ролу өтө чоң.

1991-жылы 31-августта Кыргызстан Эгемендүү мамлекет болуп жарыяланды. Эгемендүү болгондон кийин башка мамлекеттердегидей эле мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери көтөрүлө баштады.

1991-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, менчиктештирүүнүн жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө» мыйзамын кабыл алды. Менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү 1991-жылы башталды.

1991-1993-жж. Мамлекеттик менчикти 40%га жакыны мамлекеттен ажыратылды жана менчиктештирилди. Кашка-Суу сельсоветинде бул жылдары менчиктештирүүнү 50% ишке ашыра алды. Атап айтсак, Кызыл-Башат, Туюк-Жар, Сары-Таш, Өлөн-Булак, Чарбак, Кара-Төбө, Сөгөт.

1994-1995-жылдары менчиктештирүүнүн экинчи этабы болуп өттү. Менчиктештирүүнүн жыйынтыгында колхоздор жоюлуп, алардын мүлктөрү дыйкан чарбаларга бөлүнүп берилген. 1996-жылы 2-майда Кашка-Суу сельсовети жоюлуп, анын ордуна Кашка-Суу айыл Өкмөтү түзүлгөн. Сельсоветинин балансындагы бардык мүлктөр Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда администрациялык аталышы Кашка-Суу айыл Өкмөтү, ал эми айылды Падыша-Ата, Пача-Ата деп аташат.

Кашка-Суу айыл Өкмөтү административдик 4 калктуу конуштан турат; Кашка-Суу, Кара-Төбө, Сөгөт, Өлөн-Булак. Бюджетинин 3%ы өзүн-өзү каржылайт, калган 97%ы дотацияда, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Кашка-Суу айыл Өкмөтүнө караштуу беш орто мектеп бар. Алар: Υчкемпир Турдубаев атындагы орто мектеби, Зеби Кутманова атындагы Кара-Башат орто мектеби, Масалбек Шатманов атындагы орто мектеби, Кара-Төбө орто мектеби, Кадыр Абдырахманов атындагы орто мектеби.

Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн аймагында Падыша-Ата мамлекеттик коругу жайгашкан. Ал Кыргыз өкмөтүнүн №405 буйругунун негизинде 2003-жылы 3-июлда сейрек кездешүүчү Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген. Батыш Тянь-Шань уникалдуу арча токойлорун жана Эндемик болуп эсептелген Семенов пихтасын (Abies Semenovii) коргоо максатында уюштурулган. Коруктун аянтынын деңгээли деңиз деңгээлинен 1200 метрден 4200 метрге чейин бийиктикке жетет. Жалпы аянты - 30556,4 га, өзгөчө корголуучу аймагы -16,010,6 га, корголуучу аймак - 14,545,8 га.

Кашка-Суу айыл Өкмөтүнүн калкынын негизги кесиби - мал чарбачылыгы. Жаз жана жай мезгилинде жергиликтүү тургундарынын 50%ы жайлоого көчүп, мал багып жашайт. Эгемендүүлүк алгандан кийин өнүгүү жылдары 2005-2010-жылдар аралыгына туура келет. Кашка-Суу айыл Өкмөтүнө 5 жыл аралыгында 100 млн инвестиция тартылган. Акча каражаттар «Азия өнүктүрүү банкы» «АРИС» «ПРООН» «ГЭФ» «МЕРСИКО» «ЮНЕСКО» «Стимул грант» «Европалык комиссия» инвесторлордон келип, толук кандуу иштешине ошол кездеги айыл өкмөт башчысы Сманалы Айтматовдун (2005-2009-жж.) ролу чоң.

Инвесторлордун эсебинен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 1 мектеп, мончо, Υчкемпир Турдубаев атындагы орто мектебинин жылуулук системасы жана окуу корпусунун чатыры. «Азия өнүктүрүү банкы» Дамба, Кара-Башат жана Туюк-Жар каналын, Маалымат борборун, Спорт комплексин каржыласа, Кара-Төбө орто мектебинин чоң залын АРИС каржылаган. Айыл өкмөттүн имараты толугу менен Стимул грант тарабынан каржыланып, толугу менен оңдолгон.

2007-жылы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн кулуну Кулбаев Абдырейим Стамкулович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланып, Кыргыз өкмөтүнүн түрткү берүүчү грантынын (Стимул грант) эсебинен Зеби Кутманова атындагы Кара-Башат орто мектебине жаңы окуу корпусу спорт залы менен курула баштаган жана Ак-Терек каналынын курулушу башталган. Бирок, 2010-жылы бюджеттин тартыштыгынан мектеп менен каналдын курулушу токтоп калган.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

11-03-2011
Падыша-Ата петроглифтери (фото)
89311

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×