Добавить статью
11:53 16 Января 2018 16583
Кыргыз жаңагы. 1-макала

Ташманбет Кененсариев, КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, тарых илимдеринин доктору, профессор

Кыргыз жергесинде дүйнөнүн башка бурчтарындай эле жаратылыш байлыгы мол. Атүгүл бизде жаратылыштын, мөмө-чөмөнүн башка жактан табигый түрдө кездешпеген түрлөрү да арбын. Алардын бири — кыргыз жаңагы. Мөмөлөрдүн төрөсү жана касиеттүүсү. Сөз ошол жөнүндө болмокчу.

Жаңак деп аталган касиеттүү дарактын Кыргызстанда өсүүсү жана анын жер шарында табигый түрдө сакталган бирден-бир токою бизде гана болушу элибизди сыймыктандырбай койбойт. Чындыгында эле аянты 630 миң чарчы км. жерди ээлеп, Кыргызстандын Фергана, Чаткал тоо кыркаларынын түштүк беттеринде жайгашкан жаңак токойлору өзүнүн уникалдуулугу жана жаныбарлар дүйнөсүнүн байлыгы жагынан дүйнөдө теңдешсиз. Бул жаңак токойлору өзүнүн флора жана фаунасынын биокөптүгү жагынан «дүйнөдө жалгыз гана» деп таанылган уникалдуу токой болуп эсептелет. 1931-жылы орус окумуштуусу Н.И.Вавилов Кыргызстандын түштүгүндөгү бул токойлордогу жаңак, алма, алча, алмурут жана башка мөмөлөрдүн көп түрдүүлүгүнөн дүйнөдөгү мөмө-жемиштердин уруктарынын “бирден-бир борбору” деп аныкталган. Ошондуктан илимде «Түштүк-кыргыз жаңак токойлору» түрдүү мөмөлөрдүн генофондунун сакталып туруучу дүйнөдөгү “баалуу кампасы” болуп саналып келет.

Палеонтологиялык жана тарыхый маалыматтарга караганда жаңактын родинасы Греция эмес, так ушул Фергана өрөөнүнүн түндүк тоо этектери болуп, дүйнөдө жападан жалгыз жапайы «реликттик токой” экендиги илимде эчак эле такталган. «Реликт» термини «эзелки замандан бери сакталып калган жаныбардын же өсүмдүктүн түрү» дегенди түшүндүрөт.

1960-70-жылдардагы изилдөөлөрүндө окумуштуулар жаңак дарагынын белгилери мындан 35-60 млн жыл мурун, башкача айтканда жер каймактагандан бери, планетанын тарыхынын үчүнчүлүк доорунда эле бул жерде өсүп тургандыгын далилдешип, аны «дүйнөлүк маанидеги реликт (бирден-бир ушул жерде гана өскөн дарак деп түшүнүү керек)» катары таанышкан.

Жаңак токойлору байыркы жана орто кылымдарда Фергана өрөөнүнүн көп аянтын ээлеп тургандыгын окумуштуулар далилдешкен. Ал жөнүндө араб жана перс саякатчылары да кабар берет. Мисалы, X кылымдагы араб саякатчысы Истахри өзүнүн «Жолдор жана мамлекеттер жөнүндө» (Китаб масалик ал-мамалик) деген китебинде «... Согд, Усрушану, Фергана жана Шаш жерлеринде мөмөлөр абдан көп. Бул жагынан буларга эч бир өлкө тең келбейт жана ал жердин кала берсе малы да мөмө менен тамактанышат...» деп айткан. Тимурид, Фергананын башкаруучусу жана кийинчерээк Индияда Улуу моголдор империясынын негиз салуучусу Захир ад-дин Мухаммед Бабур (1483-1530) өзүнүн «Бабур-Намэ» китебинде 1511-жылга чейин Ферганада жашаган мезгилдери жөнүндө жазган жерлеринде Анжиян, Кассан, Ош жана алардын тегерегиндеги тоолор жөнүндө сөз кылып жатып, калың жаңак токойлору Анжияндын жанынан эле башталгандыгын, алардын ичинде сандаган жапайы илбээсиндердин жана канаттуулардын болгондугунан кабар берет.

Мурунку мезгилдерде эбегейсиз чоң аянтты ээлеген жаңак токойлору 1917-жылкы Өктөбүр төңкөрүшүнө чейин айоосуз кыйратуунун натыйжасында бир канча азайып кеткен. Жаңак жана башка баалуу жыгачтарды эмерек жасоо үчүн кыйуу, айрыкча жаңактын уюлун (ур), орусчасы “кап” же “наплыв” алуу иши жаңак токойлорунун куурашына алып келген. Совет бийлиги бул токойлорду элдин мүлкү деп жарыялап, акырындап аны сактоого өтө баштаган. Бирок, аларды сактоо жана туура пайдалануу маселеси алгач жакшы жолго коюлган эмес. Жаңак токойлорун эсепке алуу иш-чаралары Кыргызстанда сегиз жолу уюштурулган: 1889-94; 1912-17; 1932-33; 1950-52; 1959-61; 1976-77; 1987-88 жана 1997-99-жылдар. Алгачкы эсептөөлөрдө жаңак токойлорунун аянты 33,4 миң га болсо, кийин улам көбөйүп олтуруп, 1930-жылдары 45 миң чарчы километрге жеткен экен. 1945-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү жаңак токойлору Мамлекеттик мөмөлүү-токой заказнигине айландырылган.

1945-жылы Америкалык ишкерлер СССРдин ошол кездеги жетекчиси И.В.Сталинден Арстанбап токоюн 50 жылдык мөөнөткө ижарага сураган делет тарыхый маалыматтарда. И.В.Сталин ошондо "Токойду ижарага берүүнү кыргыз жетекчилери өздөрү чечишсин, бирок мен билип жообун айтайын",- дейт да токой жөнүндө кеңири маалымат алган соң, америкалыктарга "кыргыз жетекчилери болбой койду",- деп жооп кайтарган экен. Ошол окуядан кийин, 1945-жылы Жалал-Абад облусу боюнча жалпы аянты 775 миң гектарга барабар жаңгак токойлору Бүткүл союздук токой коругу болуп жарыяланган делет. Бул иш Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1950-жылына чейинки төрагасы Исхак Раззаковдун жетекчилиги астында ишке ашыптыр. 1950-жылы болсо Түштүк Кыргызстандагы жаңак токойлорунун башкармасы уюшулган.

Жаңак өсүмдүгүнүн эмне үчүн «грек жаңагы» деп аталып калышы замандаштарыбызга суроо туудурбай койбойт. Албетте, бул тарыхый жаңылыштык. Тарых муну мындай түшүндүрөт.

Биздин эрага чейинки IV кылымдын 30-жылдары Македониялык Александр адегенде Персияны, Жакынкы Чыгыш Азияны талкалап, дүйнөнү каратуу үчүн чабуулун Орто Азияга улантканы тарыхта белгилүү. Александр 22 жашында дүйнөнү каратуу чабуулун баштап б.з.ч. 334-332-жылдары ал Кичи-Азияны, Сирияны, Египетти багынткан. 331-жылы Гавгамел салгылашуусу болуп өтүп, анда Персия державасы биротоло жеңилген. Биздин заманга чейинки 329-жылы Искендер басып алууларды Аму-Дарыя (Оксус, Джейхун) менен Сыр-Дарыянын (Яксартес, Шаш) аралыгындагы Эки-Суу-Арасы (Междуречье, Согдиана) деп аталган, азыркы Самарканд, Бухара шаарлары жайгашкан аймактын элдерин каратууга багыттап, аны тез эле багындырган соң, андан бери Фергана өрөөнүнүн оозуна (Темир-Капкага), Яксартес дарыясынын боюна (азыркы Сыр-Дарыяга) курулган Кайраккум суу сактагычы турган жер) токтойт.

Яксарт дарыясынын оң жээгинен түндүккө карай кеткен талааларда, тоолор-до жашаган үч бөлүктөн турган (хаомаварго сакта-ры, тиграхауда сактары, тийа-тийа-дараййа сактары) көчмөн сак эли жашаарын, Александр жакшы билчү.

Искендердин фалангалары (жөө аскерлери) жана кавалериясы ошол жерден жел толтурулган чаначтардын жардамы менен Яксарт дарыясынын түндүк жээгине сүзүп өткөнү менен кыргыз, казак жана өзбек элдеринин ата-бабалары болуп саналган сак элин (шак) багындыра алган эмес. Ошондуктан Александр аскерине артка кайтууга буйрук берет да, азыркы Кожент шаарынын ордуна ошол 329-жылы Александрия-Эсхата (Эсхата - грекче Αλεξάνδρεια Εσχάτη — Александрия Крайняя - эң четки Александрия) деген шаар-сепил курдурган. Ал кезде азыркы Кожент шаары жок болуп, бир аз элдүү турак-жай гана түптөлө баштаган экен.

Аңгыча Мавереннагрда Искендерге каршы кыймыл башталып, теги сак элинен болгон Спитамендин жана жергиликтүү көчмөн элдердин (сактар жана массагеттер) боштондук көтөрүлүшү жүрөт. Аны басуу үчүн Искендер Мавереннагрда (Согдианада) үч жылдан ашуун (б.з.ч. 329-327-жылдар) кармалып турган. Согдиандардын жергиликтүү падышасы Оксиарддын Роксалана аттуу кызына үйлөнгөндөн кийин аймакты багындырган жана Спитамендин көтөрүлүшүн баскан. Ошентип Искендер 7 жыл ичинде бүтүндөй Персия империясын каратып, «Азиянын падышасы» деген наамга ээ болгон. Андан соң ал Индияны каратам деген чечим менен ал жакка жөнөп, бирок, чарчап-чаалыккан солдаттардын нааразычылынын натыйжасында кайра кайтат да, Вавилон шаарына келген. 33 жашында безгек оорусунан өлгөн Искендердин улуу империясы тез эле чачырап кеткен. Бирок, анын негиздеген шаарлары жана анда калган грек тектүү калк Азия аймагында маданий жактан чоң таасир берип, Искендердин жеңип алган аймактарында 200 жылга жакын «эллиндик доор» (Селевкидддер, Бактрия өлкөлөрү) деп аталган мезгил өкүм сүрүп, Азия элдеринде антикалык элементтер калыптанган.

Искендердин жортуулдары жөнүндө маалымат берүү менен ага байланышкан эки фактыны айта кетели.

Биринчиси, Искендер бул Фергана өрөөнүнүн түндүк тоо этектеринде өскөн жаңактын мөмөсү менен кантип таанышкандыгы жөнүндө. Бул окуя боюнча көптөгөн тарыхый маалыматтардын негизинде төмөнкүлөрдү айтса болот. Искендер Орто Азияда баш аягы болуп үч жыл жүрүп калгандыктан, Фергана өрөөнүнө жөнөткөн анын чалгынчылары жаңак токойлорун жолуктурбай койгон эмес. Ошондой эле жаңактын мөмөсүн Согдиананын базарларынан өзү да далай көрүп, Македонский бул зор дарактардын таттуу мөмөсүн жактырып, андан чогултууга жана Грецияга жиберүүгө буйрук берген. Кийинчерээк Грециянын, Македониянын климаты жаңак үчүн ылайыктуу келгендиктен, ал тез эле өсүп байыр алып кеткен.

Жергиликтүү элде тараган аңыз кептерде Искендердин аскерлери ооруп калышып, жаңактын мөмөсүн жеп айыккан деген божомол айтылат. Маселен, кыргыз кызы Айымдын Искендердин аскерлерин ооруудан жаңактын мөмөсүн жедирип, жалбырагы менен дарылап айыктыргандыгы жөнүндө да легенда бар.

Экинчи бир Искендерге байланыштуу маселе – бул анын Фергананын айрым жерлеринде, маселен Арстанбапта, Аксынын Авлетиминде болгондугу жөнүндө аңыз кеп. Бул аңыздарга айыл жергесинде көп адамдар чын эле ишенишет. Искендер Зулкарнайн чынында Арсланбапка да, Авлетимге да келген эмес. Рим тарыхчылары Плутарх, Арриан, Флавий жана башкалар анын жортуулдарын кенен жазышкан жана аларда Искендердин Фергананын аймактарында болгондугунан мисал келтиришпейт.

Аксынын Авлетим өрөөнү да жаңак токоюна бай жер. Элдик аңыз кептерде бул жерге Искендер келип, мөмөсүнөн даам татып, өрөөндүн кооздугуна суктанып, жердин атын Платон коюп кеткен имиш делет. Чынында Искендер бул жерге да келген эмес. Эгер ал бул жерге келсе, анда анын атын Аристотель коймок, анткени, Александрды жаш кезинен тарбиялап окуткан аалым улуу грек окумуштуусу Аристотель болгон. Ал эми Платон Аристотелдин идеялык душманы эле да, алар бири-бирине каршы турган исандар болучу.

«Авлетим» (орусча «Афлатун» деп аташат) топоними ономастика илимине таянсак, «корук-өрөөн» деген Карахандардан сулалесинин мезгилинде калыптанган топоним. Карахандар доорунда (940-1212-жж.) коомдук жашоо, билим, илими өнүгүп, мамлекеттин башында турган ири башкаруучулар, жергиликтүү акимдер, бай адамдар айрым жерлерди «лендик» система менен менчиктеп алышып, кооз өрөөндөргө «корук» уюштурушкан. Тарыхый материалдарда андай коруктарды «авлод» деп аташкан. Азыркы Авлетим өзөнү Карахандар доорунда кайсы бир бай кожоюндун аң уулоочу, мөмө-жемиш жыйноочу жана эс алуучу коругу (заповедник) болгон.

Эски түрк тилдеринде «тун» деген сөз эзелки авеста тилинен ооп келген термин болуп, «суу», «өзөн», «дарыя» деген мааниге ээ. Маселен, Дон, Днепр, Днестр, Дунай дарыялары байыркы скифтер койгон аталыштар. Алардын баары «суу» же «өзөн» деген түшүнүктү берет. Демек, Авлетим, Афлатун аты эки сөздөн куралган топоним десек болот. «Авлод» + «тун» - мааниси «корук өзөн». Акырындап кыргызча Авлетим аталышын алып калган.

Аңгемебизди андан ары уласак, Искендер Македонияга тигилсин деп буйрук берген жаңактын мөмөлөрү ал жердин климаты Кыргызстан менен окшошураак келгендиктен тез эле жасалма жаңак бактары Грецияда, Балкан жарым аралында көбөйө баштаган. Натыйжада, эллиндик доордо бул мөмөлөр «югланс регия» (королевский, царский орех - лат. Júglans régia) ) деген ат менен Европанын жана Алдыңкы Азиянын базарларында кеңири сатылган. Орустардын “орех” сөзү “регия” деген грек-латын термининен оошкон. Кийин, жаңы доордо россиялык, чет өлкөлүк окумуштуулар жана саякатчылар Кыргызстандагы табигый жаңак токойлорунан дүйнө базарларында сатылып жүргөн “югланс региянын” жапайы өскөн токойлорун көргөндөн кийин, ботаниктер бул мөмөнү «грек жаңагы» деп аташып, бул ат илимий терминге айланып кеткен.

Орто кылымдарда, жаңы доордо жана соңку жаңы доордо мекени Кыргызстан болгон жаңак токойлору Закавказьеде, Кытайдын түндүгүндө, Индиянын түндүк провинцияларында, Иранда, Кичи Азияда, Балканда, Украинада, Грецияда, Батыш Европанын кай бир аймактарында, АКШнын Калифорния штатында, атүгүл Норвегия менен Швецияда да өсүп калды.

Азыркы дүйнөдө бакчылык жол менен жаңак токойлорун өстүрүүчүлөрдүн ичинен эң ирилери Кытай, АКШ жана Түркия. Ошондой эле Украина менен Молдовада да бир топ өстүрүлөт. Ал эми Кыргызстандагы жаңак токойлору болсо, негизинен жапайы, реликттик токой катары сакталып турат.

Жогорку фактылар бул өсүмдүктүн атын накта өз аты менен, «кыргыз жаңагы» деп эле айтуу илимге да, турмушка да туура келер эле деген жыйынтыкка алып келет. Албетте, кеп атында эмес, өзүндө. Ошондой болсо да ар нерсе өз аты менен аталганы жөн деп ойлойбуз.

Уландысы

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

05-02-2018
Кыргыздардын байыркы мекени жана Манас эпосу: салыштырмалуу анализ
37490

17-01-2018
Кыргыз жаңагы. 2-макала
14896

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×