Добавить статью
4:00 23 Января 2013 0
Моголстан мамлекети жана эмир Темирдин Моголстан менен алакасы

konf_logo Бул макала Бишкек шаарында 2012-жылдын 15-16-ноябрында өткөн Улуу Кыргыз Кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган «Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргызтаануу маселелери» аттуу эл аралык илимий конференциянын алкагында даярдалган.

Чынгыс-хандын учу-кыйрына кез жеткис империясы (дөөлөтү) түзүлгөн мезгилден баштап эле анын урпактары жана монголдук феодалдык-аскердик төбөлдөр карама-каршы эки топко бөлүнүшкөн.

Биринчи топ (Чагатай, Гуйук, Барак ж.б.) тээ атам замандан бери монголдорго салт болуп келе жаткан кечмен турмушту жакташкан. Бул топ отурукташкан элди талап-тоноо жана шаарларды талкалап, жайытка айландыруу саясатын жүргүзүү менен бул түзүлүштү колдошкон.

Экинчи топ (Менке, Масуд-бек, Кебек ж.б.) эл отурукташкан жайларды, калааларды жана маданий жайларды талап-тоноп бүлүндүрүү эч бир жакшы жыйынтыкка алып келбей тургандыгын жакшы түшүнүшүп, хан бийлигинин борборлоштурулуусун, дыйкандык чарбанын өнүгүшүнө камкордук көрүп, андан ары өсүшүнө көмөк көрсөтүү, кол өнөрчүлүктүн, сооданын жана шаарлардын өнүгүп-өсүшүн, маданий жайлардын жана борборлордун түзүлүп, андан ары гүлдөп-өсүшүн жакташкан.

Биринчи топтун өкүлдөрү Чагатай улусунун түндүк- чыгыш аймактарында, негизинен Жети-Суу өрөөнъндё, ал эми экинчи топ болсо батышта — Мавераннахрда топтолушкан.

Жогоруда аталган карама-каршы саясый багыттардын жана феодалдык топтордун өз ара ыркы кетип, карама- каршылыктарынын күчёшънън натыйжасында Чагатай улусунда өз алдынча болгон, эки жаны мамлекеттин пайда болушуна алып келген.

Мурдагы бирдиктъъ мамлекеттин бөлүнүп-жарылышынын негизги себептеринин бирине 1346-жылы эмир Казаган тарабынан Чагатай улусунун акыркы ханы Казандын өлтүрүлүшүн көрсөтүүгө болот[1]. Бул окуядан көп узабай эле Чагатай улусунун курамынын батыш бөлүгүн түзгөн Мавераннахрда түрк эмирлеринин бир нече майда ээликтери түзүлө баштаган. Жогоруда аталган окуялардан дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин, Чагатай улусунун чыгыш бөлүгүндө, Ала-Тоо жергесинде «Моголстан» деп аталган жаңы мамлекеттик түзүлүш пайда болгон.

Ушул аталган жаны эки мамлекет түзүлгөн учурдан баштап, Борбордук Азиянын кеңири аймактарында тарыхыбыздын жаңы барактары ачылып, дүйнөлүк тарых илими жаңы окуялар менен толукталып, көөнөрбөс тарыхтын жаралышына алып келген.

Ошентип, эмир Темирдин Мавераннахрдагы мамлекеттик бийликти колуна алышы менен Моголстан мамлекети, же болбосо Шараф ад-Дин Али Йездинин «Зафар-наме» чыгармасында аталгандай «жетелердин» өлкөсү менен болгон саясий жана чарбалык алакасы башталган.

Дагы бир тимурий сарайынын тарыхчыларынын бири Низам ад-Дин Шаминин «Зафар-наме» асарында могол эмирлеринин, атап айтканда Кепек-Тимур менен Өзбек-Тимурдун Мавераннахрдын чыгыш аймактарына жасап турган чабуулдары тууралуу кеңири баяндалат[2].

1371-72-жылдары эмир Темир могол эмирлеринин жортуулдарына жооп иретинде жана аларды жазалоо үчүн чыгышты көздөй Моголстанга аттанган. Ал Фергана, Өзгөн аймактары аркылуу өтүп, Кара-Кожого чейинки Моголстанга тиешелъъ ээликтерди бътъндёй өзүнё багындырган.

Мухаммад Хайдардын пикирине Караганда Моголстанга болгон алгачкы жортуулга эмир Тимур жеке өзү катышкан эмес. Ал Мавераннахр жерлерине кол салуусун токтотпогон кереит Өзбек-Тимурду жазалоо үчүн аскерлерин жөнөтүп гана тим болгон. Эмир Темирдин ал аскерлери Алмалыктын (Алмалык — Жети-Суу аймагындагы орто кылымга таандык шаар. Кийинчерээк Чыңгыс-хандын экинчи уулу Чагатайга баш ийген улустун жана Моголстан мамлекетинин ордо калаасы да болуп турган. Ушул шаарда 628-х.ж./1230-1231-жылдары тарыхчы Жамал Карши туулган. Ички жана тышкы саясий күрөштөрдөн болжол менен XVI кылымдын орто ченинде Алмалык саясий борбор жана шаар катары маанисин жоготкон[3]) чегине чейин жетип барып,[4] кайра артка кайтышкан. Темир тарыхнаамачылары (Шами, Йезди, Самарканди) анын жортуулдарынын ийгиликтерин бир жактуу сүрөттөшүп, кыйла эле апыртып жазышкан. Анткени ал учурда эмир Темир Турпанга чейин жеткен эмес. Темирдин жортуулу Моголстандын тъштък-батыш аймактарына жана Кочкор өрөөнүнө чейин гана жеткен[5]. Эмир Темир Моголстандын бир вилайетин багындырып, өз эрки менен анын бийлигин таанууга макул болгон Урунг-Тимурду ошол вилайеттеги өзүнүн өкүлү катары калтырган[6]. Мындан көп узабай эле, эмир Темир тарабынан дайындалган могол башкаруучусу Кепек-Тимур кетерулуш чыгарган. Бул көтөрүлүштү басуу үчүн эмир Темир Бахрам-жалаир жана Аббас-Бахадыр баш болгон аскерлерин жөнөткөн. Моголстанга бара жаткан жолдо жүз башы Тезекчи баш болгон аскелердин арасында эмир Бахрамга каршы козголоң уюштурулат. Муну алдын-ала сезип калган эмир Бахадыр жана башка аскер башчылары жүз башы Тезекчиге шек алдырбай коопсуздук чараларын алдын-ала көрүп коюшат. Тимур аскерлери менен Кепек-Тимурдун аскерлери бизге белгисиз болгон бир дарыянын жээгинде беттешип, бирин-бири жеңе алышпай элдешүүгө мажбур болушат. Эмир Темирдин аскерлери кайра артына кайткан жолунда эмир Бахадыр көтөрүлүшчүлөрдү жазалап, кай бирлерин өлүм жазасына тартат[7].

Эмир Бахадырдын Кепек-Тимур менен элдешип келгенинен кабардар болгон эмир Темир ачуусу келип Моголстанга каршы өзу аттанат. Ал Сакиз-Йагач (кийинки тарыхый булактардагы Тараз шаарынын аты) деген жерлерге чейин жетип барган. Бул ирет Кепек-Тимур душмандарынын жакын келип калгандыгын эшитип, түндүк-чыгыш Моголстандын түпкүрүнө кире качкан. Темир аскерлери көп олжого марып, көп сандагы туткундарды алып кайра артына тартышкан[8].

Окумуштуу К.А. Пищулинанын, эмир Темир алгач ирет Моголстанды талап-тоноо жана чалгындоо иретинде гана барган деген пикирине толук кошулууга болот[9].

Темир тарыхчылары Шараф ад-Дин Али Йезди жана Фасих Хавафилердин берген маалыматтары боюнча эмир Темирдин жортуулдары 772/1371-1372-жылдары, ал эми Низам ад-Дин Шаминин даректери боюнча андан кийинки жылы болгон[10].

1375-жылы эмир Темир Моголстанга үчүнчү жолу жана бул жолу ал жакка өз бийлигин бекем орнотуу максатында барган. Ал Сайрам, Талас, Чу өрөөндёръ аркылуу Жарунка-Чарын (В.В. Бартольддун «Жети-Суу тарыхынын очерктеринде» Чарын деп берилген) деген жерге чейин жеткен. Ал жерден Темир чалгындоо максатында бир жоокерин жөнөткөн. Чалгынчыдан, «...Камар ад-Дин аскерлери менен Көк-Дөбө деген жерде эч нерседен капары жок, беймарал Кожобек деген адамын кутуп жатат» деген маалыматты алышкан[11]. Эмир Темир элдешкис душманына капысынан сокку уруу үчүн, аскерлеринин алдьңкы бөлүгүн тезинен согушка кирүүсүн буюрган. Жоонун жакын келип калганынан кабардар болгон эмир Камар ад-Дин тездик менен Барка-йи Гуриан деген үч дарыянын артындагы оңой менен адам өтө алгыс татаал жерге чегинип, душманынын жолун бөгөөгө үлгүргөн. Камар ад-Диндин мындай бекинүүсүнө карабастан эмирзаада Жахангир көп сандагы аскерлери менен Камар ад-Диндин маңдай тушуна келип токтогон да, жаанын жебелерин Камар ад-Динди көздөй жамгырдай жаадырган. Муну көрүп жүрөгү оозуна капталган Камар ад-Дин качууга аргасыз болгон. Могол эмиринин артынан эмир Дауд, эмир Хусайн жана Учкара-Бахадур кууп жөнөшкөн. Эмир Темир эмирзаада Жахангирге Камар ад-Динди таап туткунга алышын тапшырып, өзү Байтак (Пайтак) деген жерге келип, бир-бир жарым айча тыныгуу алып токтогон. Бул мезгилде Жахангир Уч-Парманды талкалап, Теңир-Тоонун тоолоруна жашырынган Камар ад-Диндин артынан сая түшүп кууп жүрүп олтурган. Бирок, Камар ад-Дин изин суутуп таптырбай кеткен. Ошондой болсо да, Жахангир эмир Камар ад-Диндин агасы Шамс ад-Диндин аялы Буян-аганы жана анын кызы Дилшад-аганы туткундап алган[12].

Бул окуядан кабардар болгон эмир Темир Кара-Касмак деген жерге келип, Жахангир менен ошол жерден кездешет. Андан ары алар Атбашка жана Арпа-Жазыга[13] барып токтошкон. Ал жерден эмир Темир уулу Жахангир тарабынан туткунга алынган эмир Шамс ад-Диндин кызы Дилшад-ага менен никеге турган. Темир тарыхчыларынын айтымында могол эмирлеринин бири меркит уруусунан чыккан Мубарек-Шах Темирдин алдынан шаан-шөкөт менен тосуп чыккан. Бул маалымат дагы бир жолу Моголстандын бытырандылыгын жана баардык эле уруулардын Камар ад-Динге баш ийип, бийлигин тааныбагандыгын айгинелейт. Эмир Темир Арпадан чыгып, Өзгөн аркылуу Самарканга кайтып келген[14]. Жогоруда айтылгандай, Темир бул жолу да Моголстанды баш ийдирип, аны Мавераннахр менен кошууга чамасы келген эмес. Биздин көз карашыбызда Моголстанды биротоло баш ийдирүүгө арналган бул ийгиликсиз жана эч натыйжа бербеген жортуулдардын себеби мында болсо керек: «Эмир Темир жортуулдаган Моголстандын борбордук бөлүгү болгон Жети-Суу жана Тенир-Тоо аймактарын жалпы-жонунан алганда мал чарбачылык менен оокат кылып, тиричилик кылган көчмөн уруулар мекендешкен. Бул аймакка эмир Тимур басып кирген учурда бул уруулар Теңир-Тоонун адам жете алгыс тоо-токойлоруна көчүп кетип турушкан. Тимур аскерлери бул аймактан кеткен учурда ал уруулар кайрадан өз жайларына көчүп келип жайланышып, тиричилигин андан ары уланта беришкен. Бул көрүнүш мезгил-мезгили менен Темир аскерлери Моголстанга басып кирген учурда кайрадан кайталанып, учуру келгенде мурдагы өз калыбына келип турган.

Ошентип, эмир Темирдин өмүрүнүн акырына чейин мурдагы Чагатай улусунун чыгыш бөлүгүн баш ийдирүүгө кылган далаалаты текке кеткен.

1376-жылы эмир Темир Хорезмге аттанаар алдында, башында Сары-Бугу, Адил-Шах, Кытай-Бахадур жана Илчи-Бугу турган саны 30 миңге жеткен аскерлерин Камар ад-Динге каршы Моголстанга жөнөткөн[15]. Бирок, эмир Темир Хорезмге кеткенден кийин аймак бийликсиз калгандыгынан пайдаланган Адил-шах менен Сары-Бугу козголоң уюштурушуп, аскер башчылары Кытай-Бахадыр менен Илчи-Бугуну туткунга алышат. Бул эмирлер уруулаштарынын жана жалаирлер менен кыпчактардын колдоосунун аркасында Самарканды камалоого алышкан. Бул тууралуу кабарды уккандан кийин эмир Темир шашылыш түрдө уулу Жахангирди көтөрүлүшчүлөрдъ жазалоо үчүн аттандырган. Эмирзаада Жахангир козголончуларды Кермен деген жерде тосуп алып, таш-талканын чыгарган. Козголоь башчылары Адил-шах менен Сары-Бугу өзбек вилайетине кире качышып, Ак-Ордо ханы Урустун ээлигинен баш паанек алышкан. Бирок, ал жерден аны менен дагы тил табыша алышпай Камар ад-Динге келишип, аны кайрадан эмир Темирге каршы тукура башташкан[16].

Моголстанга болгон эмир Темирдин төртүнчү жолку жортуулуна, Камар ад-Диндин Фергана өрөөнүндөгү Андуганга басып кириши себеп болгон. Эмир Темир Хорезмден кайтып келгенден кийин Фергана башчылыгына Омар-Шайыкты дайындаган[17]. Фергана өрөөнүнүн борбору болуп Анжыян калаасы (Шараф ад-Дин Али Йездинин «Зафар-наме» чыгармасында Андуган деп берилген) эсептелген.

Камар ад-Дин өзүнө качып келген эмирлер Адил-шах жана Сары-Бугу менен бирдикте Анжыянды көздөй жортуулга аттанышкан. Омор-Шайык аларды Карас (азыркы Кара-Дарыя) дарыясынын жанынан тосуп алат. Саны миңге жеткен, мурда Темир тарабында жүргөн моголдук кадак уруулары качып барып Камар ад-Динге кошулушкан. Ушуга байланыштуу Омор-Шайык согушууга батынбай артына чегинип, Гурийан (Анжыян тоолору болсо керек) тоосуна бекинип, бул тууралуу Темирге кабар жөнөтөт. Камар ад-Дин эмир Темир келгенчекти эле Өзгөндүн айлана-тегерегин талап-тоноп артына кайткан. Аймакка жете келген Темир анын артынан сая түшүп кубалап олтуруп, Атбаш жана Арпага чейин жеткен. Темир ал жерден аскерлерин Камар ад-Динди издеп табуу үчүн ар тарапка жөнөтүп, өзү 200дей аскери менен калган (Шами менен Йездинин маалыматтарында 200 аскер, Натанзи 300 аскер менен). Камар ад-Дин бул учурда үй-бүлөсүн коопсуз жерге жиберип койуп, өзү 4 миң аскери менен буктурмада отурган. Эч нерседен шек албаган эмир Темир буктурмага жете келгенде Камар ад-Дин капысынан ага кол салган. Мындайды башынан далай өткөргөн Темир ичинен «Кеп - аскердин санында эмес, жеңиш кудайдын колдоосу аркасында болот»,— деп өзүнө-өзү дем берип, аскерлерин баштап душманын арыстандай качырып согушка кирген. Эмир Темирдин бул айбатын көргөн Мавераннахр аскерлери эрдик менен согушуп, саны жагынан алда канча көп (4 миң колдон турган) душманын талкалаган[18]. Биздин пикирибизде бул жерде да ошол учурдагы Темир тарыхчылары анын эрдигин даназалоо максатында Темирдин аскерлеринин санын аз көрсөтүп, душманынын аскерлеринин санын салыштырмалуу түрдө обу жок көп көрсөтүп коюшкан. Темирдин аскерлеринен сокку жеген Камар ад-Дин аман калган аскерлери менен Или өрөөнүнө кире качкан. Мындан кийин эмир Темир Омор-Шайыкты аскерлери менен кошо Кашгарды көздөй жөнөтөт. Бул тууралуу Му'ин ад-Дин Натанзи мындай дейт: «Омор-Шайык күтүүсүздөн дуулат Худайдаддын ордосуна чабуул коёт да, анын энеси Мирак-аганы жана анын үй-бүлөсүн туткунга алган. Кызыр-Кожо хан, Худайдад жана Оглан-Шайыктар андан эптеп качып кутулушат. Омор-Шайык Мирак-аганы жана айрым бир Кашгардык ак сөөктөрдү жөнөтөт. Ал жерде, булар учун Рибат-и Саркант деп аталган жай курулган. Кийинчерээк Мирак-ага Самарканга алынып барып, андан уч жыл өткөн сон көз жумган»[19].

Темир уулу Омор-Шайыктын эрдигине баа берип, аны Камар ад-Динге каршы кайрадан аттандырган. Камар ад-Дин Аба-Кум деген жерде жатканда Омор-Шайыктын аскерлери чабуулга өткөн. Айласы кеткен Камар ад-Дин кайрадан качууга аргасыз болгон[20].

Ошентип, эмир Темир 1377-жылдагы төртүнчү жортуулунда борбордук Теңир-Тоо жана Жети-Суу аймактарын булундуруп, чоң олжо менен артына кайткан. Ошол учурдан баштап, Мавераннахрда могол кулдары пайда боло баштаган[21]. Уулунун бул «женишине» ичи тардык кылып, кызганган эмир Темир бешинчи ирет Моголстанга Камар ад-Динге каршы жортуулга өзү аттанган. Темир аскерлери Камар ад-Диндин аскерлерине Ысык-Көл тараптагы Боом деген жерден жетип, алгачкы эле салгылашта устемдук кылып душманын качууга мажбурлашкан. Эмир Темир Камар ад-Динди кууп өлтүрүп Кочкорго чейин жеткен да, кайра артына Өзгөн аркылуу кайткан[22].

1384-85-жылдары эмир Темир эмирзаада Алини аскерлери менен Камар ад-Динди издетип, Моголстанга кайрадан жөнөткөн, жолдон алар «баарын» деген урууга туш болушуп, буктурмага кабылышкан. Баарындар Алинин аскерлерин талкалап, оокат-жайларын талап-тоноп алышкан. Али артына кайтып Темирдин алдына келип, бул окуя тууралуу кабардар кылган. Буга ачуусу келген Тимур бир нече эмирлер баш болгон аскерлерин бул урууну таап, тып-тыйпылын чыгарып талкалоосун тапшырьш Моголстанга женеткен. Баарындарга каршы кеткен аскерлерден бир топко дейре кабар болбогондуктан, Темир тарабынан алардын артынан кошумча дагы 10 миң аскер жөнөтүлгөн. Темирдин мурда кеткен жана кийинки аскерлери Ата-Кума деген жерден кездешишип, баарын уруусун таап талкалап, басымдуу бөлүгүн кулдукка алып артына кайтышкан[23].

Белгилүү болгондой, 1380-жылдын акырында Моголстанда өз алдынча болгон бир катар түрк-моңгол элдеринин (арасында кыргыздардын) ээликтери пайда боло баштаган. Арасында булгаачын, баарын, арканут, меркит жана башка уруулар болгон[24]. Алардын бири арканут уруусунан чыккан эмир Кожобектин жээни Эңге-Төрө болгон. Ал акырындык менен Моголстандагы саясий аренага чыга баштаган.

1387-жылы Эңге-Төрө 20 миң аскери менен Сайрам жана Ташкен аркылуу Ферганага басып кирген. Фергана башкаруучусу Омор-Шайык алардын алдынан аскерлери менен каршы тосуп чыккан. Алар Ахсикент дарыясынын жээгинен (Низам ад-Дин Шами боюнча Аксай, Натанзи боюнча Сыр-Дарыя) кезигишкен да, бири бирине каршы согушка батынып кирише алышпай узакка чейин туруп калышкан. Бир күнү түнкүсүн Эңге-Төрө 20 миңге жакын аскерин турган жерине калтырып, аларга көп жерге от жагууларын буюруп, өзү калган аскерлери менен бирге дарыянын жогору жагы менен айланып өтүп келип, душманына капысынан кол салган.

Омор-Шайык артка чегинип, Өзгөн чебине (Йезди боюнча Анжыян) бекинген. Эңге-Төрө чепти көпкө чейин камалап турган да, Самаркандан ага каршы аскер келе жатканын эшитип, согушта чогулткан олжосун жыйнап, Моголстанды көздөй артына кайткан[25]. Моголстандагы чыныгы бийлигинен жана ээлигинен ажыраган Камар ад-Дин, Ак-Ордонун башкаруучусу Токтомуштун жардамы менен эмир Темирге каршы күрөшүүнү көздөп Ак-Ордого келген[26].

1388-89-жылдары эмир Темир Токтомушка каршы аттанууну ойлогон, бирок анын эмирлери менен аскер башчылары алгач Эңге-Төрө менен эсептешүүгө кеңеш беришет. Эмир Темир бул кенешти туура кабылдап, аскерлерин отузга бёлъп, чыгышты көздөй аттанган[27]. Темирдин бул жолку жортуулу Моголстанды аябай булундурген. Анын аскерлери мамлекеттин түпкү чеги болгон Кара-Иртышка чейин кирип барышкан. Эмир Темирдин аскерлери Дашт-кыпчак аркылуу өтүп, түндүк-чыгышты көздөй бет алышкан. Алар Бөрү-Башы, Тубалык-Корук, Ур-Так, Узнак, Аткан-Сури, Туграуут, Улат-Чарлык жана Айгыр-Жал деп аталган жерлерди, ашуу, талааларды басып өтүшкөн[28]. Айгыр-Жал аймагынан Темирдин кароолдо турган аскерлери Эңге-Төрөнун баарын урууларын издеп жүргөн миңге жакын аскери менен бетме-бет кездешип калышкан. Бул согушта могол аскерлери жеьилъъгё дуушар болуп, туткунга түшкөндөрү Эңге-Төрөнун Урунг-Йарда эч нерседен капарсыз жаткандыгын айтышкан. Эмир Темир ошол замат душманын камынтпай басып калуу үчүн аскерлерин жөнөткөн. Бирок жол көрсөтүүчү адам жолунан адашып калып, алар Сан-Чалыш, Кыян-Казы, Кек-Сал (Кел-Сал) аркылуу өтүшүп, төртүнчү күнү гана араң Ай-Акузга жетишкен[29]. Бул жерден Тимур уулу Омор-Шайыкты душманды издөөгө жөнөтүп, өзү Кара-Тоо, Шире, Шибер-Тоо, Кой-Маарак, Кураган деген жерлерден өтүп Кара-Гучурга (Кара-Кужур) келген.

Абд ар-Раззак Самаркандинин чыгармасында Омор-Шайык Шибердуу деп аталган жер аркылуу Кара-Гучурга келет. Темир аскерлерин баштап журген Омор-Шайык, Эңге-Төрөнун аскерлери менен Кийас деген жерде кездешет. Эңге-Төрө аскерлери менен качып женейт. Бирок, Омор-Шайык аны Кубак (сыягы Кочкордун Кубакы бели болуусу толук ыктымал) деген жерден кууп жетип, аскерлерин талкалап, көп олжо менен Акта-Диктур деген жерге келип Темирге кошулган[30]. Жогоруда аталган географиялык аталыштардан В.В. Бартольд Ак-Акузду-Аягуз, Кубакты-Кобук дарыясы менен окшоштурат. Ал эми И.Г. Ренаттын картасында Тарбагатай тоо кыркасынын батыш бөлүгү да Кара-Гучур деп аталган[31]. Буга Караганда Темир аскерлери Балкаш көлүнүн түндүк-чыгышына чейин жеткендигинен кабар ала алабыз. Эмир Темир Акта-Диктурдан Омор-Шайык башында турган аскерлерин Эьге-Тёрънъ кууп кеткен боюнча дайыны чыкпаган аскерлерин издетип жөнөткөн. Бул аскер бөлүктөрү Ит-ичпес жана Ала-Кел деген жерге жетишкен маалда ханзаада 30-60 адамы менен негизги аскер бөлүгүнөн 6-7 чакырым артка калган да, капысынан моголдордун 800 (Самарканди боюнча 300) аскери тарабынан курчоого алынган. Бирок, ошондой болсо да Омор-Шайык саны жагынан алда канча кеп душманын жеңип, Кара-Гучурга келип, атасына кошулган[32]. Бул жерден дагы эле болсо Темир тарыхчыларынын могол аскерлеринин санын өтө эле көбөйтүп жазышкандарын байкоого болот.

Эмир Темир Кара-Гучурда бир аз тыныккандан кийин, 30 миң аскерин түндүктъ көздөй Эңге-Төрө менен Камар ад-Диндин артынан жөнөткөн. Ал аскерлер күн-түн дебей жүрүп отурушуп, Иртыш дарыясына чейин жетишкен[33]. Алдынан кездешкен адамдардын баардыгын кырып, көрүнгөн турак-жайларды тыптыйпыл кылып талкалап, колго түшкөн олжосу менен Темирге келишкен.

Эмир Темир туткунга алынган кулдар менен кошо Чукучун деген жер аркылуу Эмир-Гүчүргө келип, Сарай-Ордумга токтогон (бул ордо Эмил дарыясы өрөөнүндө жайгашса керек). Бул жери Теэгар чакырып, аскерлерин 125 миңден кылып бешке бөлүп, Жете Моголстандын ар тарабына жөнөткөн. Андан кийин алар Жылдыз (Йулдуз) жеткен. Куңгес менен Текес дарыяларынын ортосундагы түздүктө жолугушууну болжошкон". Бул сапар Темирдин жортуулуна Жети-Суу, Чыгыш Теңир-Тоо аймактары кабылган.

Омор-Шайык башында турган Анжыян аскерлери жолунан чыккан элдин бирин койбой талап-тоноп олтуруп, Дубашин-Индур (Тубашин-Индир) ашуусу аркылуу Кара-Кожо деген жерге келген[34]. Бул жердин урандылары Турпандын тъштък-чыгышында, 40-45 чакырым аралыкта жайгашкан. Темир өзү Сарай-Ордумдан Жылдыз (Йулдуз) тарапка аттанып, Улук-Кол аркылуу Сычкан-Даванга келип, ал жерден булгаачындарды талкалап, талап-тоноого алган. Мындан кийин Темирдин буйругу менен эмирзаада Омор-Шайык Ферганага аттанган. Бараткан жолунда Омор-Шайык могол эмири Кубалакты талкалап, Уч-Фирман (Уч-Турпан), Кусан, Кашгар, Өзгөн аркылуу Анжыянга келген[35].

Темир болсо Кичи жылдыздан Улуу жылдызга келип, ал жерден жетишкен ийгиликтерине арнап чоң той өткөргөн да, 1389-жылдын 10-июнунда Самарканга бет алып ошол эле жылдын 9-августунда Самарканга жете келген[36].

Му'ин ад-Дин Натанзи боюнча Темирдин бул жолку жортуулу сегиз айга созулган. Андан ары ал: «Могол улусу талкаланып жок болду, мамлекет өз жашоосун токтотту»,— деп жазат[37]. Бирок, бул пикир туура эмес болгон. Могол улусу жашоосун андан ары уланткан. Бул мамлекетке эмир Темир дагы далай ирет согуштук жортуулдарын жасап турган.

Жазма булактарда Кызыр-Кожонун Моголстан мамлекетинин хандыгына көтөрүлгөн убактысы тууралуу маалымат кездешпейт. Мухаммад Хайдардын маалыматына Караганда Кызыр-Кожону ымыркай кезинде Камар ад-Диндин каарынан мамлекеттин улусбеги эмир Худайаттын кызы Мир-ага жашырып коргоп калып, Бадахшан менен Кашгардын ортосундагы белгисиз бир жайда жашыруун чоңойткон. Андан кийин Кызыр-Кожо Хатун тоолорунда, кийин Лоб-Нордун жанындагы уйгурлардын арасында жашап, эр жеткен[38]. Ушул эле автордун маалыматында: «Камар ад-Дин каза тапкандан кийин Моголстан эли жаңы хан шайланышын талап кыла башташканан. Ушуга байланыштуу эмир Худайад атайын киши жиберип, Кызыр-Кожону Кашгардан алдырып келип, аны Моголстандагы хандык такка олтургузган». Кызыр-Кожону Моголстандын алгачкы ханы Тоглук-Тимурдун уулу болгон деп жыйынтык чыгаруу кыйын. Анткени Мухаммад Хай- дар, Кызыр-Кожону Тоглук-Тимур каза тапкандан кийин алты жылдан соң төрөлгөн деген маалыматты берет[39]. Кандай болсо дагы тарыхта Кызыр-Кожо 1389-жылы Камар ад-Дин тирүү кезинде эле хандык такка олтургандыгы маалым.

1390-жылы Темир бир нече эмир башында турган жыйырма миң аскерин Моголстанды талкалоо максатында жана эзелки душманы Камар ад-Динди таап туткундап келүү үчүн жөнөткөн. Алар Ташкент шаары, Талас дарыясы, Чу аркылуу Ысык-Көлгө келишкен. Бул жерден Темирге Омор-Шайыктын Анжыяндык беш миң аскери кошулган. Бул аскерлер чогуусу менен Кек-Дебеге жана андан ары Алмалык аркылуу Или дарыясына келип, Каратал өрөөнүндөгү Энге-Төрөнүн ээлигине жетип токтошкон. Бул жерде Темир аскерлери келгенге чейин эле Камар ад-Дин аскерлери менен каучин уруусунан чыккан Олжо-Бугу мукалкачиндин аскерлеринин ортосунда кармаш болуп өткөн. Согуш талаасынан оор жаракат алган, миналгу уруусунун бир жоокери Камар ад-Дин Ични-Бучни (Ачинай-Бучинай) талааларын көздөй кеткендигин баяндаган. Муну уккандан кийин алар Камар ад-Диндин изин кууп, Ични-Бучни, Унар-Китачи (Анур-Кытайжы) деген жерлерди басып өтүшүп, Иртыш жээктерине чейин жетишкен. Бирок, Камар ад-Дин алар келгенге чейин эле дарыядан өтүп, Талас (Моцголдук-Алтай) тоолоруна качып кирип кеткенге үлгүргөн[40]. Жазма булактар боюнча Камар ад-Дин өмүрүнүн акырында сары суу оорусу (водянка) менен ооруп, токойдо дайынсыз жоголгон. Му'ин ад-Дин Натанзинин маалыматы боюнча, ал шал оорусунан каза тапкан[41].

Эмир Темир аскерлери Иртыш дарыясынан өтүп, бир нече күн өргүп жатышкан да, азык-түлүктөрү азая баштаганда кайрадан артын көздөй Алтын-Курка аркылуу Атрак-Көлүнүн (Балкаш көлү) жаны менен Самарканга кайтышкан.

Эмир Темирдин Моголстанга жасаган бул жортуулу алты айга жакын убакытка созулган[42]. Жыйынтыктап айтканда эмир Темирдин Моголстанга жасаган жортуулдары Моголстан элинин башына тушкен чоң мүшкүл болгон. Маселен, бул жортуулдардын натыйжасында мамлекеттик бийлик начарлап, ич-ара ыйкы-тыйкы көбөйгөн. Түрк урууларынын биригип, бир элди түзүү процесси бир кыйла учурга чейин кечеңдеген жана Теңир-Тоо аймагын байырлаган элдин санынын азайышына алып келген[43].

Му'ин ад-Дин Натанзинин айтымына Караганда, Кызыр-Кожо Темирдин бийлигин таанууга аргасыз болгон. Ал Темир сарайына атайын элчилерин жиберип, анын бийлигин тааный тургандыгын кабарлаган. Эмир Темир Жакынкы жана Ортоңку чыгышка жортуул уюштуруп, Кызыр-Кожонун Моголстанды калыбына келтирип, чьңдап алышына жолтоо болгон эмес. Ошентсе да, могол ханынын Темирге көз карандылыгы формалдуу түрдө гана болгондугу белгилүү. Кызыр-Кожо өз аскерлеринин күчү менен Турпан, Кара-Кожо шаарларын каратып, уйгур ээликтеринин чыгыш бөлүгүнө ислам динин киргизүүгө жетише алган.

Эмир Темир Моголстандын көз карандылыгын күчётъъ жана ал аймакта өз бийлигин бекемдөө максатында, Омор-Шайык тарабынан 1377-жылы туткунга түшүрүлгөн Кызыр-Кожонун уулу Шам-и Жаханды бошотуп, Моголстанга коё берген. Мындан сырткары Шам-и Жахан менен бирдикте, эмир Гийас ад-Дин Тархан кептеген баалуу белектери менен Моголстанга Кызыр-Кожонун кызы Тавакул ханумдун колун Эмир Темир учун суроо максатында жөнөтүлгөн. Кызыр-Кожо эмир Темирдин бул өтүнүчүн кабыл алып, кызы Тавакул ханумду уулу Мухаммед огландын коштоосу аркасында Самарканга жөнөткөн[44].

1399-жылы Кызыр-Кожо дүйнөдөн кайткан. Мындан кийин дароо эле анын уулдары Шам-и Жахан, Мухаммад-оглан, Шер-Али-оглан жана Шах Жахандын ортосунда хандык так үчүн күрөш башталган. Бул туурасында Хафиз-и Абру мындай маалымат берет: «Кызыр-Кожо-огландын көзү өткөндөн кийин анын уулдарынын ортосунда бийлик талашуу чыры чыкты. Ар кимиси болгон күч аракетин жумшап, кандай жол менен болсо дагы бийлике жетүү максатын көздөп калышты. Бир туугандардын ортосунда кастык пайда болуп, хандык тактыны талаш күндөн-күнгө күч алды.

Шам-и Жахан ишенчиликтүү адамдары менен бирге мамлекеттин бир бөлүгүндө козголоң уюштурду.

Мухаммад-оглан болсо башка уруулардын көмөгү астында балук урууларына үстөмдүгүн орнотту.

Эмир Худайад өз уруусун жогоруда айтылган эки ханзаададан бөлүп алып кетип, мамлекеттин алыскы бир бурчунан жай тапты[45].

Ошентип, Моголстан мамлекети бир нече майда-майда бытыранды ээликтерге бөлүнүп кеткен.

Бул учурда Фергана башкаруучусу эмир Темирдин небереси, Омор-Шайыктын уулу Искендер болгон. Ал Моголстандагы Кызыр-Кожонун уулдарынын тирешүүсүнөн пайдаланып, 1399-1400-жылдары аскерлери менен Моголстанга жортуулга аттанган.

Абд ар-Раззак Самаркандинин маалыматына Караганда Искендер Уч-Барман (Уч-Турпан) деген жерге чейин жетип, Аксу шаарын бир нече жолу камалоого алып жатып акыры жеңип, каршылык көрсөткөндөрү үчүн эркектерин өлтүрүп, аялдары менен балдарын туткундаган. Андан сон, Худайад могол башында турган Бай шаары багынтылып, Худайаддын агасы Кызыр-шахтын аялы Хажи Мулк-ага жана анын кызы Алып-ага туткунга алынган. Мындан кийин Искендер Моголстандын бүткөн чегине чейин жетүүнү көздөгөн. Бирок, ага бир топ эмирлер каршы болгондуктан Кусанды (Куча) көздөй Тарим өрөөнүнө аттанган. Андан соң Хотанды көздөй багыт алган. Хотандыктар Искендерди шаан-шөкөт менен тосуп чыгып, анын бийлигин тааный тургандыгын билдиришкен. Бул жерде Искендер бир нече күн шаан-шөкөт куруп эс алып жатып, андан кийин качкындардын артынан Каранку-Так тарапка аттанган. Каранку-Тактан кайтып келе жатып, Хотанга кайрылып, чоң атасы Темирдин астына Алмалыктын, Хотандын пери жүздүү сулууларын, кыргыздардын жана беш балыктын чүрөктөй кыздарынан бир нече тогуздап, Шейх-Иасаулдун коштоосу аркасында тартуу кылып жөнөткөн[46]. Өзү болсо 1400-жылдын жаз айларынын биринде Анжыянга кайткан.

Хафиз-и Абрунун маалыматына караганда Искендер Кашгарды багындыргандан кийин Жети-Сууга аттанып, Алмалык жана Бешбалыкка чейин жеткен. Ошентип ал Кашгардан Анжыянга эмес, түндүктү көздөй жөнөгөн. Бул тууралуу биз Темирге жөнөтүлгөн тартуулардан билсек болот. Ал тартуулардын арасында жогоруда айтылгандай кыргыз элинен чыккан жана алмалыктык, бешбалыктык сулуу кыздар болгон.

Чыгыш авторлорунун маалыматтарына Караганда кыргыздар бул мезгилде Бешбалыктын түндүк-батыш тарабында көчүп жүрүшкөн. 1404-жылы Кытайга каршы жортуулга аттанаар алдында эмир Темир курултай чакырып, кеңеш өткөрүп, «ханзаада Улугбекке Ташкен, Сайрам, Йанги (Тараз), Ашпара жана Жете жерлерин башкарууга берген. Ал эми Анжыян, Аксикет, Кашгар, Хотан жерлери ханзаада Ибрагим-Султандын колуна тийген. Тимур-Кожо Ак-Бугу кылган күнөөсүнө байланыштуу Моголстанга Асикелге (Ысык-Көлгө) жөнөтүлгөн»[47].

Мухаммед Хайдардын маалыматына караганда: Эмир Тимур Моголстан башкаруучусуна Кытайга каршы жортуулга аттана турган 800 миң аскери Моголстан аймагы аркылуу өткөн учурда азык-түлүктөн кам көрүшүн буюрган жарлыгын жөнөткөн. Бул кабарды эшиткен могол ханы: «Бизге эми кыйын болот. Тимурга каршы тура албайбыз, хараж (салыктын туру) төлөөгө туура келет» деген.

Бирок, Тимурдун Кытайга каршы уюштурулган жортуулу, анын 1405-жылы Кытайга бара жаткан жолдо, Отрар шаарынын чегинде капысынан каза болушуна байланыштуу болбой калган.

Эмир Темирдин Моголстанга болгон жортуулдарынын натыйжасында мамлекеттин ичиндеги бийлик начарлап, ич-ара феодалдык топтордун күрөшүүсү күч алган. Ошону менен бирге эле бул жортуулдар Жети-Суу менен Теңир-Тоо аймагын мекендеген түрк урууларынын бири-бири менен тыгыз байланышына жана эл болуп калыптануу жараянынын жүрүшүнө тоскоолдук кылган.

Чыгыш жазма булактарындагы маалыматтарга Караганда XIV кылымда Моголстан мамлекетинин ичинде ич ара келишпөөчүлүктөн чыккан күрөштөрдүн жана эмир Темирдин согуштук жортуулдарынын тынымсыз болуп турушуна байланыштуу, аймактагы эл болуп көрбөгөндөй жапа чеккен. Алардын бир бөлүгү согушта курман болсо, экинчи бөлүгү Темир аскерлери тарабынан туткунга алынып кулга айландырылган.

Тарыхый даректерде Теңир-Тоо аймагын мекендеген жалпы элди "моңголдор же түрк" уруулары деп бөлүшкөн эмес. Бул аймакта жашаган эл жалпы жонунан «могол» деген гана ат менен белгилүү болгон. Алардын арасында кыргыз эли да болгон.

Эмир Темирдин Моголстанга болгон жортуулдары мамлекеттин абалын начарлатып, чарбасын бүлүндүрүп, элинин санын азайтса да, Темир Моголстанды толук бойдон багындыра алган эмес. Темирдин баскынчылык жортуулуна каршы биргелешкен күрөштө Жети-Суу менен Теңир-Тоо аймагын байырлаган уруулардын ортосунда жылуу мамиле түзүлүп, бул аймактардагы түрк-моңгол урууларынын аралашуу-жуурулушуу жараянынын жүрүшүн ылдамдаткан.

А.М.Кылычев, т.и.д., профессор


[1] Натанзи Му'ин ад-Дин. Мунтахаб ат-Таварих (Аноним Искандара) // Материалы по истории Киргизов и Киргизии (МИКК), выпуск 1. - М., 1973. - С.119.

[2] Пищулина К.А. Юго-Восточный Казахстан в середине XIV-начале XVI веков. - Алма-Ата, 1977. С.64.

[3] Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К., Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе.,Илим.1990. 14-6.

[4] Мирза Мухаммед Хайдар. Тар'их-и Рашиди // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы, № 1430.

[5] Бартольд В.В. Очерк истории Семиречья // Соч. Т.2. Ч.1. - М.1963. С81; Зафар-наме // МИКК. С.102-103.

[6] Низам ад-Дин Шами. Зафар-наме. // МИКК.С.102-103.

[7] Ошондо эле.

[8] Ошондо эле.

[9] Пищулина К.А. Юго-Восточный Казахстан ... - С.65.

[10] Фасих Хавафи. Муджмал и Фасих. Перевод, предисловие, примечания и указатели Д.Ю.Юсуповой. - Ташкент, 1980.С.95

[11] Шараф ад-Дин Али Йезди. Иран Ислам Республикасынын Межилисинин китепканасынын кол жазмасы. №44607. 69-6.

[12] Шараф ад-Дин Али Йезди. Зафар-наме // Иран Ислам Республикасынын Межилисинин китепканасынын кол жазмасы. №44607. 69-6.

[13] Темирдин жана анын урпактарына арналып жазылган чыгармаларда Арпа-Жазы топоними Нарын дарыясынын түштүк куймасынын аталышы катары берилет.

[14] Низам ад-Дин Шами. МИКК.1.С.104.

[15] Низам ад-Дин Шами. МИКК.1.С.104.

[16] Шараф ад-Дин Али Йезди. Зафар-наме.Иран Ислам Республикасынын Межилисинин китепканасынын кол жазмасы. №44607.75-б.

[17] Ошондо эле. С.74.

[18] Ошондо эле.

[19] Натанзи Му'ин ад-Дин. Мунтахаб ат-Таварих (Аноним Искандара) МИКК.С. 123-125.

[20] Ошондо эле.

[21] Шараф ад-Дин Али Йезди. Зафар-наме // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы № 4472.; Фасих Хавафи. Муджмал-и Фасихи.С. 106.

[22] Шараф ад-Дин Али Йезди.Зафар-наме. МИКК.С.134.

[23] Ошондо эле.

[24] Пищулина К.А. Юго-Восточный Казахстан ...С.70.

[25] Низам ад-Дин Шами.Зафар-наме.МИКК.С.105.

[26] Пищулина К.А. Юго-Восточный Казахстан ...С.70.

[27] Натанзи Му'ин ад-Дин. Мунтахаб ат-Таварих (Аноним Искандара) МИКК.С.126.

[28] Пищулина К.А. Юго-Восточный Казахстан ...С. 106-107.

[29] Шараф ад-Дин Али Йезди. Зафар-наме. // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы № 4472.117 А.б.

[30] Низам ад-Дин Шами.Зафар-наме.МИКК.С.107.

[31] Бартольд В.В. Очерк истории Семиречья.С.82-83.

[32] Низам ад-Дин Шами.Зафар-наме.МИКК.С.108.

[33] Шараф ад-Дин Али Йезди. Зафар-наме. // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы № 4472.118 А.б.

[34] Низам ад-Дин Шами.Зафар-наме.МИКК.С.108.

[35] Ошондо эле.

[36] Низам ад-Дин Шами.Зафар-наме.МИКК.С.108.

[37] Натанзи Му'ин ад-Дин. Мунтахаб ат-Таварих (Аноним Искандара) МИКК.С.126.

[38] МФОР.Инв.№ 3050.

[39] Бартольд В.В. Очерк истории Семиречья.С.82-83.

[40] Шараф ад-Дин Али Йезди.Зафар-наме. МИКК.С.143-144.

[41] Бартольд В.В. Очерк истории Семиречья.С.84.

[42] Шараф ад-Дин Али Йезди. Зафар-наме. // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы № 4472.122-6.

[43]Пищулина К.А. Юго-Восточный Казахстан ...С.84,87.

[44] Мирза Мухаммед Хайдар. Тарихи Рашид-и. // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы № 1430.33а-б.

[45] Хафиз-и Абру. Зубдат ат-Таварих. // Өзбекстан Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу Институтунун кол жазмасы № 4078.2-22-6.

[46] Абд ар-Раззак Самарканди. Матла ас-саъдайн. T.l.JIaxop 1.1360/1941 г.

[47] МИСЦА...С.153.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×