Союз кулап, өзүнүн эгемендигин жарыялаган СССРдин мурдагы мейкиндигинде түзүлгөн мамлекеттер үчүн эгемендик алуу фактысы барынан маанилүү болду. Ошентип, 70 жылдан ашык ынак коңшулукта жана достукта жашап келген мурдагы Советтер Союзунун элдерине соңку дүйнөлүк тарых: жаңы эгемендүү мамлекеттердин чек ара линиясы кайсыл жерден өтүш керек? деген кыйла кыйын маселени койду.
Ушуга байланыштуу 1991-жылы КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери Казакстан Республикасынын Алматы шаарында чогулуп, Макулдашуу кабыл алып, ага кол коюшкан.
Бул Макулдашуу кийин “Алматы декларациясы” деп аталып калды.
Ушул декларацияда же макулдашууда төмөнкүлөр так жана ачык-айкын жазылган:
“– мамлекеттик эгемендикти өз ара таануунун жана сыйлоонун, эгемендүү теңдиктин, өз алдынчалыкты аныктоонун ажыратылгыс укугунун, ички иштерге кийлигишпөөнүн жана тең укуктуулуктун, күчтү колдонуудан жана күч менен, экономикалык жактан коркунуч келтирүүдөн, басым кылуунун башка бардык методдорунан баш тартуунун, талаштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде улуттук азчылыктардын укуктарын сыйлоонун, милдеттенмелерди аткаруунун принциптеринин жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган башка принциптеринин жана ченемдеринин негизинде мамилесин өнүктүрө турган демократиялык укуктук мамлекеттик курууга умтулуп;
– бири биринин аймактык бүтүндүгүн жана бар болгон чек аралардын бузулбастыгын таанып жана сыйлап;
– тарыхы терең ынак коңшулукту, достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо элдердин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет жана тынчтыкты, коопсуздукту сактоо ишине кызмат өтөйт деп эсептеп;
– жарандык тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоо үчүн өздөрүнүн жоопкерчилигин түшүнүп;
– Шериктештикке катышкан мамлекеттер ушул Декларациянын принциптерин кыйшаюусуз сактоого милдеттенет”.
Жаңыдан түзүлгөн бийликтин чыңала элек түзүмдөрү көп учурларда чек арага көңүл бурмак тургай, ички маселелерди да чечкенге алсыз болуп жатышты.
Региондун көпчүлүк өлкөлөрү чек аралар Советтер Союзу убагында “чийилген” чектерде болушу керек деп макулдашкан. Бирок чек аранын шарттуу линиялары Тажикстанды канааттандырган эмес, анткени элдер чек арада компактуу гана жашабастан, калктуу конуштардын ортосундагы чек аралар жердин тарыхый жактан таандыктыгын эске албастан аныкталып, дайыма экономикалык максатка ылайыктуулукка жараша улам кайра өзгөртүлүп турган. Союздук республикалар ортосундагы чек аранын линияларын аныктаганда Советтер Союзунда абдан чоң катага жол берилген, себеби СССР кулап калат деп ойлошкон эмес.
Бул акырындап жарылууга алып келүүчү фактор болчу. Азыркы учурда кыргыздар менен тажиктер компактуу жашаган жерлерде ушундай жагдай болуп жатат.
Бүгүнкү кырдаалда эки элдин кызыкчылыгын эске албастан кандай гана болбосун бир тараптуу аракеттерди жасоо ири этностор аралык чыр-чатактарга алып келет. Тараптар бир нече жолу мындай чыр-чатактар чыгышы мүмкүн болгон жагдайларга туш болду, анын айрымдарын Фергана өрөөнүндө баш аламандыктын чыгышына кызыкдар болгон күчтөр да козутканга аракет кылышты. Бул жагдайды радикалдуу көз караштагы жергиликтүү лидерлерге таянып эки өлкөдөн тышкаркы радикалдар да колдонушу мүмкүн. Алардын карапайым эл менен иши жок, чыр-чатак болсо, жүздөгөн жана миңдеген адам каза болорун айпасак да, эл качкын болуп, турак жайынан, башка мүлкүнөн ажырашы мүмкүн. Таасир үчүн күрөшүп жаткан таасирдүү адамдар жалган патриоттук чакырыктар менен элди адаштырып, агрессивдүү аракеттерге түртүп коюп, өздөрү сырттан карап турушу мүмкүн. Мындай чакырыктар тилекке каршы чыр-чатактар эскалация болгон учурда коңшу республиканын айрым лидерлери тарабынан айтылууда. Чек арадагы чыр-чатактарды козутууга күнөөлүү болгон лидерлерди колдогон Тажикстан Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн, депутаттарынын аракеттери абдан түшүнүксүз болууда.
Бул көйгөйдү биз жакшы билебиз. Бул биздин кайгыбыз, бир туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын кайгысы, ушул көйгөй чек аранын эки жагындагы акыл-эстүү адамдарды тынчсыздандырып жатат.
Биз Тажикстанга Ворух анклавын өлкөнүн калган аймагы менен кошуу үчүн коридор керек экенин билебиз. Албетте, биздин коңшу тажиктер адилеттүүлүк, өз ара урматтоо жана тарыхый чындыкты таануу принциптерин жетекчиликке алышы керек. Ушул учурда гана көйгөйдү ийгиликтүү чечсе жана адамдардын тынчтыкта жашоосуна кепилдик берсе болот.
Кошуна тараптын чиновниктеринин аракети же аракетсиздиги жана алардын эч кандай макулдашууга баргысы келбегендиги иш жүзүндө сүйлөшүүлөрдү туңгуюукка алып келүүдө. Ал эми айрым учурларда сүйлөшүүлөрдү илгерилетүү үчүн чыр-чатактарды атайылап чыгарууда.
Тажикстандын Өкмөтү учурдан пайдаланып, коммуникацияларды, турак жайларды куруп, аскердик курамын кеңейтип, өзүнүн контролун күчөтүүгө аракет кылып жатат. Бул куралдуу кагылышууларга алып келүүдө.
Ушуга байланыштуу биз Тажикстандын жетекчилигинен Алматы декларациясында жазылган бардык милдеттенмелерди аткарууну талап кылууга аргасызбыз. Ошондой эле Тажикстан эки өлкө ортосунда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди, эл аралык мыйзамдарды БУУнун мүчөсү катары аткарууга милдеттүү.
Октябрь революциясына чейин азыркы Кыргыз Республикасынын аймагы Россия империясынын 4 облусунун курамына киргизилген. Алсак, азыркы Кыргызстандын чыгышы Жети-Суу облусунун Пишпек жана Пржевальск уездерине, батышы Фергана облусунун Ош, Анжиан, Наманган, Скобелев жана Кокон уездерине, түндүк-батышы Сыр-Дарыя облусунун Олуя-Ата уездине, түштүк-батышы Самарканд облусунун Ходжент уездине кирген.
Падышалык Россиянын мезгилинде азыркы Кыргыз Республикасынын Баткен районунун жана Тажикстан Республикасынын Исфара районунун аймактары (анын ичинде Ворух анклавы) Түркистан крайына караштуу Фергана облусунун Кокон уездинин курамына кирген. Түркистан крайы совет бийлигинин тушунда РСФСРдын курамындагы Түркистан АССРи болуп калды. Нойгут-Кыпчак жана Лейлек волостунун калкынын улуттук курамы кыргыздардан тургандыктан, Улуттук-аймактык бөлүү боюнча комиссия бул волостторду Кыргызстанга өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алган. Жыйынтыгында 1924-жылы бул волосттор Фергана облусунун курамынан чыгарылган жана Кыргызстанга өткөрүп берилген.
Ал эми азыркы Исфара районунун аймагы (анын ичинде Ворух анклавы) Өзбек ССРинин курамында калган, бир канча жылдан кийин, же тагыраак айтканда 1929-жылдын аягында гана Өзбек ССРинин курамынан чыгарылып Тажикстанга өткөрүп берилген.
Падышалык Россия мезгилинде азыркы Лейлек районунун аймагы Исфара, Бөксө-Сибирги (кийин Исфана волостуна кирген) жана Чапкылдык волосторуна бөлүнүп, алардын аймактары Самарканд облусунун Ходжент уездине кирген.
Улуттук-аймактык бөлүү боюнча комиссиянын 1925-жылдагы чечиминин негизинде жана Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун токтомдоруна ылайык 1926-жылы бул волосттор Өзбек ССРинин Самарканд облусунун Ходжент округунун курамынан чыгарылган жана Кыргызстанга өткөрүп берилген. Ал эми Ходжент округунун калган бөлүгү бир канча жылдан кийин, же тагыраак айтканда 1929-жылдын аягында гана Өзбек ССРинин курамынан чыгарылып, Тажикстанга өткөрүп берилген.
Өз убагында волосттор улуттук-этностук белгинин негизинде түзүлгөн. Ушундай эле негизде Фергана облусунун Кокон уездинин Нойгут-Кыпчак, Лейлек (Авахат) волосттору, Самарканд облусунун Ходжент уездинин Байкесек(Исфана), Бөксө-Сибирги жана Чапкылдык волосттору түзүлгөн жана кыргыз урууларынын жана уруктарынын аты менен аталган. Кыргыз урууларынын топтору – өзгөчө көчмөн жамааттар, алар бир тууган болуп эсептелип, айрым учурларда аймактык түзүлүш түрүндө болгон. Алардын ар бири өз алдынча административдик-саясий бирдик болуп, өзүнүн эн тамгасы, урааны, көп учурда туусу, ал эми башчылары – бийлеринде мөөрлөрү жана кырк жигити болгон. Жамаат иш жүзүндө жана формалдуу “өз алдынча мамлекеттик организм” сыяктуу уюштурулган.
Жогоруда жазылгандан көрүнүп тургандай, Кыргызстандын Баткен жана Лейлек районунун аймактары эч качан Тажикстандын курамында болгон эмес. Ушул фактыга ылайык тажик тараптын Кыргызстанга аймактык доомат артуусуна эч кандай негиз жок деп айтса болот. Эң башкысы, Өзбек ССРинин түздөн-түз мураскору Өзбекистан турганда мурда берилген жерлерге тажиктер мураскорлук кыла албайт деп, баса белгилеп кетсек болот.
Жаңы жана соңку мезгилдеги этникалык процесстерди талдоо көрсөткөндөй, тажиктер кылымдар бою Зеравшандын жогорку агымында – Матча, Фальгар, Ягноб, Кштут жана Магиан тоо массивдеринде компактуу жашап келишкен. Тоолуу региондун негизги калкын тажиктер – “галча” (которгондо “тоолуктар” дегенди билдирет) деп аталган тоолуктар түзгөн, аларды жашаган жерлерине ылайык да аташкан. Мисалы, Тоолуу Матчанын жашоочулары “мачойи” (“матчалык”), Ягнобдун жашоочулары “ягноби” (“ягнобдук”) деп аталган. Ягнобдуктар байыркы согду тилин сактап калган жападан-жалгыз этностук топ, алар байыркы согдулуктардын түздөн-түз тукумдары болуп эсептелет. Обочологон жашоо тиричиликтин сакталып калышынын башкы себеби алардын географиялык жашаган жери – жетүүгө кыйын тоолуу регион менен байланышкан. Айылдар дарыялардын, суулардын жээгинде, сайларда жайгашкан. Жер иштетүүчү тилкелер жана жайыттар болгон. Бирок бул аяттар тоолуу региондо жашаган үй-бүлөлүк-уруулук жамаат үчүн жетишсиз болчу. Элдин саны көбөйгөндө айдоо аянттарынын жана жайыттардын жетишпегендиги менен байланышкан көйгөйлөр пайда болгон. Аларды бийик тоолуу шарттарда дайыма эле кеңейтип туруу мүмкүн эмес эле. Натыйжада тоолуктар – “галчалар” бүтүндөй жамааттык-уруктук айылдары менен Согдунун, Фергананын, Илектин жана Чачтын түзөңдүү жерлерине көчүп келишкен. Бул процессти этнографтар Арк, Маслятхаттепа, Дехондара, Зомбир, Ходжа Кишвар, Ходжа, Хофиз, Найистон, Бозоржой, Чуянгарон, Натарен, Ходжа Джошён айылдарынын жашоочуларынын мисалында белгилешкен. Бул айылдардын жашоочулары тарыхый ата-журтун таштап көчүп келишкен. Бул жерде Саритаг деген жалгыз гана айыл сакталып калган, анын жашоочулары коңшу айылдардын эмиграция кылган процесси жөнүндө маалыматтарды берген. В.И. Бушков бул айылдардын жашоочуларынын өрөөндөргө жана оазистерге андан аркы көчүүсүн төмөнкүдөй жагдайлар менен байланыштырган: “... бул райондор кыйла кеңири экономикалык чөйрөгө кирген, ошондой эле арча токойлорун кыюу, гидрологиялык режимдин жана кыртыштын өзгөрүшү менен байланышкан антропогендик мүнөзгө ээ болгон”. Климаттын өзгөрүшү менен байланышкан мындай миграциялык процесстер каралып жаткан региондун жашоочулары үчүн гана эмес, Фергана өрөнүнүн тоолуу бөлүгүндө жана Уструшанада жашаган тажиктер үчүн да мүнөздүү. Бул маселеге – климаттын өзгөрүшүнүн маселесине – биринчи болуп изилдөөчүлөрдүн көңүлүн бурган профессор М.Е. Массон Кокон хандыгынын мезгилинде XVIII – XIX кылымдарда Уструшанадан тажиктердин Олуя-Ата, Тараз шаарларына чейин жасаган миграциясы жөнүндө кызыктуу фактыларды келтирген.
Тоолуу Матчанын жана Фальгардын көпчүлүк жашоочулары XVIII кылымдын соңунда Пенджикент жана Самарканд шаарларына көчүп барып өздөрүнүн кварталдарын гана түзбөстөн, ири шаарлардын тегерегине өздөрүнүн айылдарын түптөп, айылдык аймактарга да көчүп барышкан. Матчалар миграциялык процессти өзгөчө жигердүү жүргүзүшкөн, алар көп учурларда өздөрүнүн кварталдарын же айылдарын түптөп, Согду облусунун бардык шаарларында жана ири калктуу конуштарда үй-бүлөлөрү менен жашап турушкан. Муну жазуу жүзүндөгү булактар жана этнографиялык маалыматтар айгинелеп турат. Мачайылар жана фалгарлар Фергана өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө Исфара (Зархок, Мастчойи айылдары) жана Канибадам райондорунда бир нече айылдарды түптөшкөн. Мачайылар Согду облусунун аймагындагы Гулякандоз, Хитой-реза, Лангар, Самгар, Оро-Төбө (Истаравшан), Боботаго, Сурхи, Суркат (Тоолуу Матчадагы ушундай аталыштагы айылдан келишкен), Джавкандак, Каджровут, Калъаи Мирзобой, Янги арык, Дархон-кишлок (бул жерде Матчадан келгендер гана эмес, Фальгардан жана Ягнобдон келгендер да жашаган), Мурияк, Хшекат (Гузн айылынан келген мачайылар), Метк жана Ростровут (Пастигав айылынан келген мачайылар), Сароби, Увок, Яккатерак сыяктуу ири айылдарда да жашаган. Чогултулган этнографиялык материалдарды талдап чыгып, Н.О. Турсунов миграциянын натыйжасында “... жергиликтүү тажиктердин арасына Матчадан, Фальгардан, Ягнобдон, Фандан келген тажиктер сиңип кеткен...” деп белгилеген.
Азыркы кыргыздардын негизин байыркы мезгилден бери белгилүү болгон кыргыздар түзөт. Тарыхы Борбордук (Ички жана Орто) Азия менен байланышкан бардык түрк элдеринин компоненттери азыркы кыргыз улутунун курамында ассимиляцияланган түрдө сакталган уруу этнонимдери (ават, кыпчак, каңды, төөлөс, кушчу, мундуз, жедигер, баргы, баарын, найман, ногой, нойгут, катаган, кесек, сарт, түркмөн, уйгур, кытай, моңолдор,чапкылдык, маңгыт, тейит, жалайыр, коңурат ж.б.) «Манас» эпосунда, ошондой эле «Маджму ат-таварихте», санжыраларда, уламыштарда кеңири кездешет. Кыргыз уруусунун санжырасында жана уламыштарда Карахан, Огузхан кыргыз элинин ата-бабалары катары сүрөттөлөт. Тарыхтын ар кандай мезгилдеринде кыргыздардын ата мекени катары чыгыштан – Енисей, Селенга, Орхон жана бүткүл Алтай; борбордук райондордо – Теңир-Тоо тоо кыркалары; батышта – Памир, Бадахшан, Ходжент, Фергана өрөөнү жана Жизак тоолору көрсөтүлөт. Мына так ушул эбегейсиз чоң аймактын чегинде кыргыздар калган башка түрк элдери менен биргеликте өнүгүүсүн токтотпостон тарыхтын оор жолун басып өткөн.
Ч.Ч. Валиханов кыргыздар азыркы Кыргызстандын түштүк жана түндүк бөлүктөрүндөгү жана ага чектеш аймактардагы белгилүү жерлерде «мурунтадан байырлап келген» деп божомолдоо мүмкүн деп эсептеген. Өзүнүн божомолун ал Мухаммед Хайдардын «Тарихи-Рашиди» араб булагынан алынган маалыматтар менен да аргументтейт, анда Хайдар «буруттар» деп атаган кыргыздар ХV кылымдын аягында эле Анжиандын жанындагы тоолордо көчүп жүрүшкөн, ал эми орто кылымдагы тарыхчынын мезгилинде (болжол менен 1520-жыл) алар Ысык-Көлгө чейин көчүп жүрүшкөн.
Тарыхчы Мырза Мухаммед Хайдар (1499–1551-ж.ж.) перс тилинде жазылган Тарихи Рашиди» аттуу өз эмгегинде катаал согуш жүргүзгөн кыргыздарды «Моголистандын токой арстандары» деп атаган.
IX–XII кылымдарда Ходжент чындыгында шаардан (шахристан), эски чептен (кухендиз) жана кол өнөрчүлүк-соода жүргөн шаардын чеке жагынан (рабад) турган. Шаардын бардык бул бөлүктөрү коргоочу коргон дубалдар менен бекемделип курчалган.
XIII кылымда Чынгызхандын аскерлери тарабынан шаар курчоого алынып, талкаланган.
Монгол аскерлеринин кол салуусунун натыйжасында талкаланган шаар кайра калыбына келтирилип, Улуу жибек жолунда соода транзиттик түйүнү катары эң маанилүү ролду ойногон. XIV кылымдын аягында – XV кылымдын башында Ходжент шаары жана анын аймагы толугу менен Тимурдун (Тамерландын) мамлекетинин курамына кирген. Ходжент Орто Азиянын эң ири шаарларынын бирине айлануу менен абдан өнүккөн, анын аймагы Бухарадан кем болгон эмес. Шаардын өзүнүн башкаруучусу – беги болгон.
Караханиддердин өкүмдүк кылуусунан баштап падышалык россия мезгилине чейин Ходжентти түрк уруулары башкарып келген, каңды-кыпчактар (өкүлү Темир-Малик), жалайырлар(өкүлдөрү Бахрам жалайыр, Баязид жалайыр) жана моголдор же моңолдор (өкүлү Ахмат бек Могол. Ахмат бек Могол өзүнүн элинин жарымын Хоженттен Ат-Башыга алып кеткен).
«Маджму ат-таварих» боюнча «кырк гуз» же кыргыз тукумдары Ходженттин тоолорунда жашаган. Имам Ибрахим Хорезм шахтын кызына үйлөнүп, Хожент шаарына келген, ал жерде «кырк гуз» тукумдары же кыргыздар тарабынан кабыл алынган. Ошол аймактын ээси болгон кыргыздар Имам Ибрахимди жогорку деңгээлде, сый-урмат менен күтүп алышат. Имам Ибрахим мурда Румдун(Византиянын) көчмөндөрү болгон кыргыздарга башчылык кылып, аларды эки топко бөлүп, оң жана сол канаттын башчыларын дайындаган. (Кыргыздар Румга(Византияга) селжуктар менен барып, алардын жортуулдарына катышып, кийин кайра келген көрүнөт).
Маалым болгондой, кожонттук кыргыздар ошол мезгилден бүгүнкү күнгө чейин Ходжент тоолорунун аймагында, тагыраагы азыркы Тажикстан Республикасына караштуу Согду облусунун аймагында жана Кыргыз Республикасынын азыркы Баткен облусунда жашап келатат.
Ходжент Бухара эмирлиги менен Кокон хандыгынын ээликтеринин чек арасында жайгашкан жана ондогон жылдар бою алардын ортосунда талаш-тартыштын объекти болуп саналып келген. XIX кылымда орустар басып алгандан кийин шаар уезддин борбору болуп, өнөр жай тездик менен өнүгө баштаган. Бул аймакка темир жол курулган. Совет мезгилинде Ходжент (1936 – 1990-жж. – Ленинабад шаары) – Ленинабад облусунун борбору.
Кыргыздар байыртадан бери казак, өзбек, түркмөн, каракалпак сыяктуу элдер жана башка бардык түрк тилдүү элдер менен достук мамиледе болуп келген. Иран-перс элдери менен да достук мамилелер болгон. Саманиддер династиясынын тушунда (976-1011-жж.) жашаган Фирдоусинин «Шахнаме»(Падышалар китеби) поэтикалык жыйнагында, ошондой эле ушул эле мезгилдеги кыргыздын улуу эпосу «Манаста» жана «Семетейде» да иран-туран мамилелери тууралуу жазылат. “Манас”, уникалдуу ыкма менен оозеки айтылып, муундан-муунга өтүп келе жаткан улуу оозеки элдик чыгармачылыктын үлгүсү. Ооба, мында достук мамилелер гана эмес, албетте коңшулаш жашаган элдердин ортосундагы айрым ички кагылышуулар жана ал тургай ошол окуялар кээде ич ара согуштарга алып келгендиги тууралуу да айтылат. Бул окуялар ошол замандын мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Бирок буга карабастан, достук мамилелер сакталып калган, андан да кызыгы айкөл Манастын жубайы Каныкей-Сонирабига Бухар ханынын кызы, ал эми Семетейдин жубайы Айчүрөк Ооган ханынын кызы болгондугун айтууга болот, бул деген элдердин ортосундагы достук мамилелер гана эмес, туугандык мамилелердин да болгондугун билдирет. Ошондой эле “Манас” эпосунда Тажикстандагы көптөгөн жер-суу аттары кездешет жана азыркы Баткен облусу менен Исфара, Ходжент шаарлары жайгашкан чөлкөм Манас баатырдын ата-бабаларынын жери деп да айтылат.
Кыйла кийинчерээк мезгилди карасак, анда кыргыздар Орто Азиянын эң байыркы жашоочулары катары Бухар эмирлигинин, Кокон хандыгынын, Орус Падышачылыгы тушунда, андан кийин Советтер Союзунун курамында да бир чоң мамлекеттин эли катары тажиктер менен да жакшы мамиледе болуп, ынтымакта коңшулаш жашаган. Бул элибиздин достук, жакшы коңшулук, жогорку маданияты, ачыктыгы, сабырдуулугу жөнүндө айтып турат. Бирок, тилекке каршы, улуу Совет империясы кулагандан кийин эгемендүүлүгүн жарыялашкан бардык элдер, узакка созулган, чечилүүсү кыйын болгон чек ара проблемасына туш болду. Чечилбей турган проблемалар болбойт. Бирок чек ара проблемасынын чечилбегендиги, өзгөчө азыркы учурда, достукту да, кылымдап түзүлгөн маданий мамилелерди да жокко чыгарууда. Андан соң анын кесепети тез-тезден куралдуу кагылышууларга алып келип, тынч жашаган жарандар каза табууда. Ал тургай жек көрүүчүлүктү жана көптөгөн проблемаларды жаратуу менен мамлекеттер аралык кастыкка алып келүүдө. Буга кыргыз-тажик мамилелери мисал. Тажикстандын айрым бийлик өкүлдөрүнүн компетенттүү эместиги, эки элдин тарыхый байланышы жөнүндө билиминин тайкылыгы жана дайыма согушуу ниетинде болгону ансыз деле оорлошуп турган кырдаалды ого бетер курчутуп, тирешүүгө алып келгени өкүнүчтүү.
Тарыхты билбей туруп, «Баткен жана Лейлек райондору мурда тажиктердики болгон, алар бизден бөлүнүп чыккан» деп айтылган сөздөрдүн кесепети бири-бирин жек көрүү, басып алуу, тажиктердин адепсиз иш-аракети түрүндө көрүнүп жатат. Эгерде тарыхты терең, калыс жана акыл калчап карасак, анда кыргыз тарап бир да карыш жерди алган да эмес, алардын чегине кирген да эмес. СССРдин тушунда 1924-жылы гана мамлекеттүүлүккө ээ болгон тажиктер азыркы Согду облусунун аймагын араң 1929-1930-жылдар өз карамагына алышса анан кайсыл жерди кантип берет эле.
Тарыхый объективдүүлүк үчүн архивдик булактарга кайрылалы. Архивдик документтерди барактап, Улуттук-аймактык ажыратуу боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жана Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомдоруна ылайык Өзбекстандын Фергана облусунан азыркы Баткен районунун аймагы 1924-жылы, ал эми Лейлек районунун аймагы 1925-1926-жылы бөлүнгөнүн, Ходжент округу Өзбек ССРинин Самарканд облусунун курамынан 1929-жылдын аягында гана бөлүнүп, Тажик ССРинин курамына киргенин билүүгө болот. Мындан Баткен да, Лейлек да Тажик ССРинин курамында жана аймагында бир күн дагы болгон эмес деп тыянак чыгарууга болот.
Эгерде Ходжент шаары жөнүндө айта турган болсок, шаардын «Ходжа-кент» же «Кожо-кент» деген кыргызча аталышы «кожолордун шаары» дегенди билдирет(кожолор – биринчи халифтердин тукумдары). Чындыгында эле шаардын эки жеринде эшен-кожолор жашаган “махаллаи арабхо” же араб кварталдары болгон. Ал тургай Совет доорунда эшен-кожолордун өкүлдөрү партиялык жана советтик жооптуу кызматтарда иштешкен. Эшен-кожолордун өкүлү катары Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры, колхоздун төрагасы легендарлуу инсан Саидходжа Орунходжаевди жана Ленинабад облусунун жетекчи кызматтарында иштеген дагы бир Орунходжаевди мисал келтирсек болот.
Ходженттиктер күнүмдүк жашоосунда сууну Лейлек районунун Кожобакырган-Сай дарыясынан алып турушкан. Маалымат иретинде: эки мамлекеттин 1962-жылы Суу чарба министрликтери тарабынан кол коюлган Келишимдин негизинде дарыядан агып чыккан суунун 21% кыргыз тарап, ал эми калган 79% тажик тарап пайдаланып келет. Согду облусунда жашаган кыргыз улутунун өкүлдөрү аймакты өнүктүрүүдө өзбектер жана тажиктер менен бирге активдүү катышып келген. Автордун “Кожонт кыргыздары жана Жийдели айылы”, “Согдулук кыргыздар” деген макалаларында көрсөтүлгөндөй Совет доорунда кожонттук кыргыздардан эмгектин алдыңкылары көп болгон. Мисалы 3 Социалисттик Эмгектин Баатыры, 4 Тажик ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Тажик ССРинин Жогорку Советинин депутаты, ондогон областтык, райондук, айылдык Советтердин депутаттары, көптөгөн Билим берүүнүн отличниктери, бир канча Саламаттыкты сактоонун отличниктери, 10 чакты илимпоз, окумуштуулар чыккан. Бул гана эмес, тарых айтып тургандай, кыргыздын чыгаан уулдары Ходжентти башкарып да келишкен. Мисалы, Темир-Малик, Ахмат бек Могол, Акбото бий, Баабек-датка жана башкалар шаарды өнүктүрүшкөн, баскынчылардын кол салуусуна каршы турушкан. Шаардын борборунда кыргыздарга таандык болгон кварталдар болгон, алар «мырзалар кварталы – махаллои мирзоен» деп аталган, ал эми Гулистандагы мазар «Мозори Чил духтарон» же «Кырк-кыз мазары» деп аталган. Кыргыз тилинде «Чымчык арал» деп аталган шаардыктар жана шаардын коноктору сүйгөн эс алуучу жай бар. Айылдардын, шаар четиндеги дарыялардын аталыштары да кыргыз жана өзбек тилдеринде аталган. Демек, кылымдар бою кыргыздар менен өзбектер тажиктер менен кошуна жашап келишкен. Буга төмөнкү жер-суу аталыштары да далил боло алат: Катаган, Акташ, Кан-Сай, Кайрак-Кум, Көк тоңду, Корук, Беш-Капа, Демай, Багыш булак, Казнак, Кулан-Баш, Катма, Куркат, Саид-Коргон, Орто-Коргон, Парван-Коргон, Коштегирмен, Тагаек, Жылдызкак, Коргончо, Андарсай, Маданият, Самгар, Шор-Көл, Жылгынды, Жантак, Бостон, Текели, Катар-Булак, Тоо-Ашар (Табошар), Адрасман, Шайдан, Могол-тоо, Пес-тоо, Курама-тоо, Какыр, Найман, Ташкоргон, Камышкоргон, Долоно, Карамазар, Булак, Баш-тал, Ормон-тал, Кырк кудук, Жигда, Аккудук, Кара-тоо, Үркөк, Балык мазар, Ак-Дөбө, Ноо, Куруксай, Жийдели, Каракчыкум, Мазар-Тал, Көчкөк, Ниязбек, Чуулдак, Селкен, Кытай, Кытай-Реза, Оро-Төбө, Мукур, Бөрүгөн, Кыр-Тегене, Сай-Тегене жана башкалар.
Дагы бир фактор, Хоженттин аймагы түрк тилдүү жана түрк тектүү элдер түптөгөн Туран-Түркистандын курамында болгон. Мындан кыргыздар, өзбектер, казактар, уйгурлар, каракалпактар баары бирге Түрк каганаты, Караханиддер мамлекетинин ошондой эле Моголистан жана Чагатай доорунда түзүлгөн улуу тарыхый-маданий мурастарынын мураскерлери болуп саналат, деген тыянак келип чыгат. Ошондой эле, ферганалык молдо-теоретик Сайф-ад-Дин Ахсикендинин «Мажму ат-таварих» аттуу эмгегинде кыргыздар ушул аймакта жашаган деп айтылат. Бул кыргыз элинин орто кылымдардагы этногенези тууралуу баалуу маалыматтарды камтыган эмгек.
Архивдик документтерге, тарыхый булактарга, сап башында В.В.Бартольд турган компетенттүү адис авторлордун эмгектерине, кол жазмаларга, эскерүүлөргө, дилбаяндарга, элдик оозеки чыгармачылыкка таянып, биз кыргыздар бул аймактарды байыртадан эле байырлап келгендигибизди, Тажикстандын айрым чиновниктери жана генералдары айткандай жок жерден пайда болгон эл эмеспиз деп бекем жана ишенимдүү айта алабыз. Муну дүйнөгө белгилүү тарыхчылар, археологдор, этнографтар жана башкалар жазып, далилдеп келишет.
Тарыхка кайрыла турган болсок, 1924-жылга чейин тажик мамлекети жөнүндө эч кандай маалымат жок. Демек, мындай мамлекет да болгон эмес. Тажиктер өздөрүнүн ата-тегин Ирандан түрк тектүү жана түрк тилдүү элдердин мекени эсептелген Туранга(Орто Азияга) баскынчы катары келген Саманиддер болгон деп эсептешет. Эгерде мындан алып карасак, анда тажиктер тажик эли катары аталышта болгон эмес, демек алар иран-перс элдеринин бир бутагы гана болуп калат. Бул тажик улутун башка элдерден өйдө коюп, суверендүү өлкөнүн жерлерин басып алууга үндөп, тынчтыкта жанаша жашаган, бир тууган эки элдин тынч жашоосун бузган жана тирешүүгө, ал тургай кээде согуштарга алып келген айрым компетентсиз улутчул чагымчылардын билдирүүлөрүнө жооп.
Орунбай Ахмедов, тарыхчы.