Добавить статью
14:16 30 Января 2023 5791
Кыргыз-тажик мамилелериндеги кайчы пикирлер

Тажик тарап акыркы мезгилдерде интернет желеси, теле-радио, басма сөз каражататтары, болгондо да мамлекеттик басылмалар аркылуу «кыргыздар бул аймакка Алтайдан келген келгин калк», «Лейлек жана Баткен району тажиктердин ата-бабасынан калган жер», «колдо бар документтер жана тарыхый карталар боюнча Лейлек жана Баткен району турган аймак Тажикстандыкы» ж.б. ушундай чындыкка дал келбеген бир тараптуу чагымчыл жалган маалыматтарды таратып, элдин башын айландырып, тажик жана биздин жарандар арасында коомдук пикир түзүүгө аракет кылып жатат. Өздөрүнүн ой-пикирин кыргыз коомчулугуна таңуулап жатканы чегара тилкесинде жашаган биздин жарандарга моралдык-психологиялык басым болуп, алардын кыжырын келтирип, ыңгайсыздыкты жаратууда.

Эми кошуналардын имиш кеп, жалган сөздөрүнөн тарыхый чындыкка көз чаптыралы. Кылымдар бою түрк тектүү, түрк тилдүү элдер байырлаган Түркистан аталган аймак Падышалык Россиянын тушунда да аталышы Түркистан боюнча калган. Ал эми азыркы Баткен облусу менен Согду облусунун аймагы административдик жактан Туркистан генерал-губернаторлугунун Самарканд облусуна караштуу Ходжент уезди (Ирижар, Сават, Урал, Унжу, Оро-Төбө, Ганчы, Ноо, Гулякандаз, Костакоз, Чапкылдык, Шаарстан, Дальян, Бөксө-Сибирги, Исфана, Матча волосттору) менен Фергана облусунун Кокон уездине (Нойгут-Кыпчак, Лейлек, Исфара, Канибадам, Махрам волосттору) карап турган. Ходжент уездиндеги 15 волосттун калкынын улуттук курамы боюнча Чапкылдык, Исфана, Бөксө-Сибирги болуп үчөөсү кыргыздар, ал эми Костакоз, Унжу, Матча тажиктер, Шаарстан кыргыз-өзбек жана Оро-Төбө тажик-өзбек аралаш, калгандары Гулякандаз, Ноо, Ганчы, Ирижар, Сават, Урал, Дальян өзбектер болгон. Область уезддерден, уезд болсо волосттордон, волость айылдык жамааттардан турган. Совет мезгилинде да 1917-жылдан 1924-жылга чейин бул аймак Түркистан АССРинин курамында болгон.

Волосттор административдик бирдик катары 1927-жылдын аягына чейин турган. Ушул жерден кыргыздар жашаган волосттор менен тажиктер жашаган волосттордун айырмачылыгын айтып кетели. Кыргыздар жашоосунда мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, алардын мал багуусуна жер аянттары жайыт үчүн зарыл болгон. Жайыт болсо жайлоого жана кыштоого бөлүнгөн. Ошентип кыргыздарга тоо арасынан жайлоо, тоо этектеринен болсо кыштоолор жана аштык менен жем-тоют үчүн айдоо жерлер ажыратылып берилген. Ал эми тажиктер, негизинен, дыйканчылык, багбанчылык жана соода-сатык менен алектенгендиктен, аларга айдоо жерлер гана ажыратылган. Натыйжада, тажиктерге караганда кыргыз волостторунун жер аянты көп болгон.

Ал эми тажик эсксперттеринин «Согду облусунун аймагы эзелтен эле тажиктердики болгон жана бул аймакты тажиктер гана башкарып келген» дегенине биздин каршы пикирибиз бар. Согду же мурдагы Ленинабад облусунун аймагында көптөгөн улуттар жашайт. Алардын арасынан тажиктерден башка өзбектер, кыргыздар да өздөрүн жергиликтүү элдин өкүлү катары санашат. Атактуу тарыхчы, академик В.В. Бартольд өзүнүн көп жылдык изилдөөлөрүнүн негизинде Борбордук Азияны мекендеп турган калктардын арасынан кыргыздарды эң байыркы эл деп атаган. Ошондой эле “Манас” эпосунда Тажикстандагы көптөгөн жер-суу аттары кездешет жана азыркы Баткен облусу менен Исфара, Ходжент шаарлары жайгашкан чөлкөм Манас баатырдын ата-бабаларынын жери деп да айтылат. Бул аймакты байыртан эле кыргыздын чапкылдык, ават, кесек, каңды, кыпчак, тейит, найман, нойгут жана башка уруулары байырлап келген. Орто кылымдарда Ходжент шаарын жана Исфара менен Оро-Төбөнү кыпчак, каңды, могол, жалайыр, маңгыт, кесек, найман, чапкылдык, ават, тейит урууларынын өкүлдөрү башкарып келгендиги белгилүү. Ал эми Кокон хандыгынын тушунда кыргыздар менен өзбектер башкарып келген. Буга тарыхта аты калган легендарлуу инсандар: Акбото-бий, Баабек же Бабабек далил болот. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында да Ходжентти Мавлянбеков Ахмедбек Маткулович өңдүү өзбек улутунун өкүлдөрү башкарган. Ал турсун Тажикистандын тунгуч жетекчиси Гусейнов Мирза Давут Багир оглу азербайжан болсо, андан кийин өзбек Ашуров Орунбай жетектеген. Шаардын борбордук бөлүгүндө мурда кыргыздар жашаган «Мырзалар махалласи» жана Гулистан кварталында «Кырк кыз» көрүстөн мазары орун алган. Сыр-Дарыянын оң жээгинде орто кылымдардагы шаардын кыргыз башкаруучулары жакшы көргөн эс алуучу «Чымчык Арал» деген арал бар. Кайраккумда кыргыздын чапкылдык уруусунун өкүлдөрү негиздеген Көк Тонду кыштагы жана Көк Тонду мазар көрүстөнү жайгашкан. Мурда Бөксө-Сибирги волостунун идарасы кесек уруусунун Тагайберди уругунун өкүлдөрү негиздеген Ноо кыштагында болгондугу маалым.

Облус борбору болгон Ходжент шаарынын айланасында, райондордо өзбек улуту басымдуулук кылган. Бул боюнча биздин аксакалдар район борборлору болгон Ноо (Спитамен), Пролетарск (Драгомирово, Жаббар Расулов), Исписар (Гафуров) шаарларында бир да тажик мектеби болбогондугун айтып келишет. Оро-Төбө, Канибадам жана Ходжент шаарларында да жатак мектептерде сабактар орус, тажик, өзбек тилдеринде өтүлгөндүгүн айтышат. Өзбек мектептерде кыргыз окуучулар да окушкан. Ошондой эле 1970-жылга чейин Ходжент шаарындагы борбордук мечитке Кыргызстанга караштуу Лейлек району менен Сүлүктү шаарындагы биздин жарандар жума намазга барып турушкан. Пайшанбе (Бейшемби) базарынын жанындагы Шайх Маслахат Баба (Шейх Муслихиддин) мечитинде намаздан кийин баяндар өзбек тилинде да айтылгандыгын билдиришет. Ал гана эмес, кыргыз улутунан чыккан белгилүү молдо Шеров Токтор облустук дин башкармалыгында иштеп, борбордук мечитте жана Ходжент шаарынын башка мечиттеринде да имам болгондугун жана аны дин аалымы катары өзбек, тажиктер да кадырлап, сыйлашканын жердештерибиз сыймыктануу менен эскеришет. Тажикстандыктар менен Кыргызстандын Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү шаарынын жарандарынын алакасы өтө жакшы болгондугун айтып жүрүшөт.

Кожент (Ходжент) шаарында бир топ чайханалар менен катар, элеттиктер жакшы көргөн бозо саткан атайын жайлар да болгон. Жергиликтүү тажиктер ал жерлерди “бозо хурак” деп аташкан.

Ходжент шаары уезддин борбору болгондуктан, уездин курамындагы волосттордон улутуна карабай, ата-энеси жок балдарды шаардагы жетим балдар үйүнө чогултушкан. Чапкылдык волостуна караштуу Даркум кыштагынан Кошмуратов Гапар, Жолдуев Акмат жана Эшанов Надыр, ошондой эле Исфана волостуна караштуу Коросон айылынан Раззаков Исхак жана башка кыргыз балдар дал ушул жетим балдар үйүнөн окуп, таалим-тарбия алып чыгышат. Аларды орус жана татар улутундагы мугалимдер жана тарбиячылар камкордукка алышып, жакшы билим беришкендигинин натыйжасында Исхак Раззаков бараалына келгенде Өзбекстан менен Кыргызстанды башкарган улуу инсан болот. Гапар Кошмуратов Кыргызстандын каржы (финансы) министри, Надыр Эшанов “Кыргыз керек-жарак коомунун” (“Кыргызпотребсоюз”) төрагасы болуп иштесе, Акмат Жолдуев Тажикстандын Ички иштер министрлигинде министрдин орун басары болгон. Акмат Жолдуевдин бала-чакасы учурда Дүйшөмбү шаарында жашап жаткандыгын туугандары айтышат. Мындан башка Лейлек волостунан (мурдагы Аваат) бир тууган Салиховдорду атап кетпесек болбойт. Дастан Салихов Тажик ССРинин Юстиция министрлигинде жана башка жооптуу кызматтарда иштеген болсо, Мурат Салихов Кыргыз Эл Комиссарлар советинин төрагасы болгон.

Совет доорунда Тажик ССРинде жашаган жергиликтүү кыргыздар мамлекеттин пайдубалын түптөөгө, андан ары экономикасын көтөрүүгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошушкан. Ошондой эле 1950-жылдары Тажикистандын түштүгүндөгү Шаартуз, Яван сыяктуу чөлдөрдөгү, ал эми 1960-жылдары болсо Зафарабад районунун аймагындагы дың жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышкан. Согдулук кыргыздардын арасынан үзүрлүү жана күжүрмөн эмгеги таанылган инсандар көп болгон. Мисалы 3 Социалисттик Эмгектин Баатыры, 4 Тажик ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Тажик ССРинин Жогорку Советинин депутаты, ондогон областтык, райондук, айылдык советтердин депутаттары, көптөгөн Билим берүүнүн отличниктери, бир канча Саламаттыкты сактоонун отличниктери, 10 чакты илимпоз-окумуштуулар чыккан. Ал гана эмес Шураб шахта башкармалыгынын башчысы Надыров Асан кыргыз болгон.

Өзбекстандын 1924-1929-жылдардагы административдик бөлүнүшүн жана тарыхый картасын карап көрөлү. Ал кезде Исфара менен Ворух, ошондой эле Ходжент өзбектердики болгон. Ошол жылдардагы Өзбекстандын картасында Кыргызстандын чегинде азыркы Баткен облусунун аймагы боюнча Өзбекстандын эки анклавы даана тартылган. Булар – Сох жана Ворух. Бул картадан 1924-жылдан 1929-жылга чейин Ворух өзбек анклавы, 1929-жылдын аягынан азыркыга чейин тажик анклавы болгонун түшүнүү жана билүү үчүн атайын адис болуунун деле кажети жок.

Совет доорунун калыптануу жылдарында түзүлгөн улуттук-аймактык бөлүнүү боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жана Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумунун токтомдоруна ылайык ошол кездеги волосттордун калкынын улуттук курамы кыргыздар болгон азыркы Баткен районунун аймагы толугу менен жана Лейлек районунун Катраң жана Лейлек айыл өкмөтү ээлеп турган аймак 1924-жылы Өзбекстандын Фергана областынан, ал эми Лейлек районунун калган бөлүгү 1926-жылы Өзбек ССРнин Самарканд областынын Ходжент уездинен бөлүнүп чыккан. Бул тууралуу архивдик документтерде так жана даана жазылып турат.

Ходжент округу болсо Өзбек ССРнин Самарканд областынан бөлүнүп, Тажик ССРнин курамына 1929-жылдын аягында гана кирген. Бул жерден Баткен дагы, Лейлек дагы Тажик ССРинин курамында бир дагы күн болгон эместиги кашкайып көрүнүп турбайбы. Эң башкысы, Өзбек ССРинин түздөн-түз мураскору Өзбекстан турганда мурда бөлүнүп, Кыргызстандын курамына кирген жерлерге тажиктер мураскорлук кыла албайт деп баса белгилеп кетсек болот. СССРдин тушунда 1924-жылы гана мамлекеттүүлүккө ээ болгон тажиктер азыркы Согду облусунун аймагын араң 1929-1930-жылдар өз карамагына алышса, анан кайсыл жерди кантип берет эле. Демек, тажик тараптагы айрым көз карандысыз эксперттер тарыхый объективдүүлүктү бурмалоого аракет жасап жатат десек жаңылбайбыз.

1924-1927-жылдардагы материалдар ошол кездеги мыйзамдуу бекитүү процедурасынан өтпөгөнүн эске алып, бул документтерди тажик тараптын чечмелөө логикасына таянсак, Кыргызстан кыргыздар жашаган аянты азыркы Тажикстандын аймагынын 31%ын түзгөн Мургаб жана Жергетал райондорундагы (жакын арада эле Лахш деп өзгөртүлдү) 3 500 000 гектар жерди талап кылууга толук укуктуу. Анткени, документтерде Памир автономдук областынын пайда болушу Кара-Кыргыз автономдук областынын эсебинен, башкача айтканда, Кыргызстандын эсебинен түзүлөт деп, жазылган.

Эгер тереңден, объективдүү карай турган болсок, Кыргызстан коңшу боордош өлкөлөрдүн жеринин бир сантиметрин да тартып алган эмес. Тескерисинче, 1990-жылдары «жылма миграция» атыккан саясаты менен тажик тарап көптөгөн жерлерди ээлеп алышкан. Лейлек районуна караштуу Максат, Сада жана Баткен районуна караштуу Көкташ жана башка айылдар буга мисал боло алат.

Мындан башка Баткен районунун атуулдары мурда шахтерлор шаары болгон Исфара районундагы Шураб (Шорсуу) шаарчасынын калкынын басымдуу бөлүгү кыргыздар болгондугун жана ошол шаар 1957-жылдары эле тажиктердин карамагына өтүп кеткендигин айтып жүрүшөт. Кайраккум суу сактагычынын курулушуна байланыштуу Канибадам районуна караштуу кыргыздар жашаган Жигдалик(Жийдели) кыштагы да ээлеген жер аянты жана калкы менен Тажикистанга өтүп кеткен. Ошондой эле, лейлектиктердин 1946-жылы пайда болгон Чкаловск шаары жана ага жанаша турган Худжант аэропорту, Мичурин атындагы совхоз-техникум, Эт комбинаты ээлеген жер аянттары боюнча тажик тарапка бере турган доомат-суроолору бар. Кожобакырган-Сай дарыясында башкы курулушу(головное сооружениеси) Лейлек районунун Бешкент айыл аймагында турган Тажикистандын «Ходжа-Бакирган» (Гулякандоз) каналынын курулушу менен калкынын курамы 100% кыргыздардан турган Сада, Чуулдак, Селкен жана Маданият айылдары тажик тарапка өтүп калгандыгын жергиликтүү эл айтып жүрөт.

Учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынан тажиктердин «Худжанд – Канибадам» автожолу, 10 миң гектардан ашуун жерлерди суу менен камсыз кылган Чоң Фергана жана Ходжа-Бакирган машиналык каналдары өтөт.

Ходженттиктер күнүмдүк жашоосунда сууну Лейлек районунун Кожобакырган-Сай дарыясынан алышат. Эки мамлекеттин 1962-жылы Суу чарба министрликтери тарабынан кол коюлган Келишимдин негизинде дарыядан агып чыккан суунун 21% кыргыз тарап, ал эми калган 79% тажик тарап пайдаланып келет.

Ошондой эле кыргыз-тажик мамилелери боюнча сөз кылганда узундугу 53 км болгон жогорку чыңалуудагы Баткен-Канибадам электр линиясынын курулушу тууралуу айтпасак болбойт. Кыргызстан өзүнө алган милдеттемелерди аткарып, тажик тарапка электр энергиясын эле эмес, жүздөгөн гектар жерлерин берген. Ал эми, тажик тарап өз милдеттемелерин аткарбай койгон. Тагыраак айтканда, кыргыз тарапка Ош-Исфана автожолунун «Сур – Самаркандек» бөлүгүнө 5 км жер берилбей калган.

Баарына белгилүү болгондой, Паритеттик комиссия даярдаган материалдардын негизинде 1989-жылдын 29-сентябрындагы “Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосуна чек коюу тууралуу Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин макулдашуусуна” Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин төрагасы А.Жумагулов жана Тажик ССРнин Министирлер Советинин төрагасы И.Хаев кол коюшкан. Көп өтпөй бул Макулдашуу Тажик ССРнин Министрлер Советинин 1990-жылдын 12-январындагы №10 токтому менен жактырылган.

Мындан сырткары, 1996-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин негизи тууралуу Келишиминин 1-беренесине ылайык “Макулдашкан жогорку тараптардын ортосундагы мамиле аймактын жана чек аранын бүтүндүгүнө... жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде түзүлөт” деп, көрсөтүлүп турат. Ал эми, аталган Келишимдин 18-беренесинде болсо: «Бул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп, эки тараптуу маселени комплекстүү кароо боюнча алардын кыргыз-тажик өкмөт аралык Комиссиясын түзүү жөнүндө Протоколго кол койгондугу болуп эсептелет» – деп, айтылат.

СССРдин Конституциясында талап кылынгандай, Орто Азиядагы пайда болгон жаңы мамлекеттик түзүлүштө, мурунку Түркстан аймагында улуттарга бөлүнүү мезгилинен баштап Кыргыз ССРнин менен Тажик ССРнин ортосуна чек орнотулган эмес. 1927-жылдын 4-майындагы СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Президиумундагы токтом мамлекеттик чек араны толук түрдө юридикалык жактан жөнгө салган жок, ал чек араны бүтүндөй көлөмүн аныктоочу акт эмес, делимитация жана демаркацияны тереңдетип талкуулоонун предметин жөнгө салбайт.

Ошентип, тажик тарап эл аралык келишим түзүү жолу менен сууну жана жерди пайдаланууга ылайык болгон жерлерге мамлекеттик чек араны орнотууга макул болгон.

Иш жүзүндө ушуну менен Тажикистан Республикасы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча 1924-1927-жылдардагы документтерди колдонуудан баш тартты.

Төмөнкү жагдайларга дагы көңүл буралы:

1991-жылдагы КМШны түзүү жөнүндөгү Макулдашууга, 1991-жылдын 21-декабрындагы Алматы Декларациясы жана 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн чек араларынын суверинитетин, аймактык бүтүндүгүн жана кол тийбестигин сактоо жөнүндөгү Москва Декларациясына ылайык, тараптар бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана коюлган чек аранын бузулбастыгын таанууга жана сыйлоого макулдашышкан. Бул документтер эч кандай эскертмесиз Тажик Республикасы менен Кыргыз Республикасынын башчылары тарабынан кол коюлуп, иш жүзүндө бекиген жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын өтүү линиясын тааныган.

Бул позицияны Тажикистан Республикасы мурдагы СССРге карата жарыяланган укук мурастоосунун негизинде ушул Мыйзам күчүнө кирген күнү эл аралык келишимдерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык делимитациялоо жөнүндө актыларында белгиленген мамлекеттик чек арадан өтүүнү “Тажик Республикасынын чек арасы жөнүндө” Тажик Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык ырастайт. Тажикистан Республикасы жана ага чектеш СССРдин мурунку башка Союздук республикаларынын чек аралары тууралуу да айтылат.

Келишимдерге карата мамлекеттердин мураскорлугу жөнүндө Вена конвенциясынын 11- жана 34-беренелеринин жоболоруна ылайык, эгерде мураскорлуктун өзүнө карата келишимдик укуктарды токтотуу же өзгөртүү үчүн кандайдыр бир негиздер пайда болгон учурда дагы, бул негиздер чек араларды өзгөртүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес деген тыянак чыгарууга болот.

Чек ара маселелери боюнча 1924-1927-жылдардагы улуттук-аймактык демаркациянын материалдарын пайдалануу зарылчылыгы жөнүндө тажик бийликтеринин сунушу боюнча ар кандай тенденциялуу басылмалар кийин Кыргыз ССРи менен Тажик CCPинин ортосунда бир нече паритеттик комиссиялардын түзүлүшү менен четке кагылган. Себеби республикалар ортосундагы чек ара маселелери биротоло чечилген эмес.

Ошентип, 1938-, 1939-, 1949-, 1958-1959, 1961-, 1969-, 1971-, 1987-1989-жылдары жерди пайдалануу маселелерин чечүү үчүн ар кандай деңгээлдеги макулдашуу же паритеттик комиссиялар түзүлгөн.

Мисалы, 1989-жылы Кыргыз ССРи менен Тажик ССРинин ортосундагы талаштуу жер маселелерин кароо боюнча паритеттик комиссия түзүлгөн. 1989-жылдын 15-июлундагы №217 Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомуна ылайык Кыргыз ССРи менен Тажик CCPинин ортосуна чек ара орнотуу сунушун иштеп чыгуу үчүн паритеттик комиссия түзүлгөн. Ал комиссияга жанаша жайгашкан Кыргыз ССРи менен Тажик CCPинин айыл чарба ишканаларынын ортосундагы талаш маселелерди карап чыгуу, республикалар ортосуна чек араны орнотуу боюнча сунуштарды даярдоо жана аны Кыргыз ССРнин Министрлер Советинин кароосуна алып чыгуу боюнча иштери тапшырылган.

Тажик эксперттеринин чек ара маселеси боюнча архивдик материалдарды бурмалоосунун ачык жана чыныгы себеби өздөрүнүн жарандарынын аң-сезимин манипуляциялоо болуп саналат. Алардын максаты – жылдар бою топтолуп, социалдык жарылууга алып келе турган, чечилбеген өлкө ичиндеги көйгөйлөр: күнүмдүк тиричиликке зарыл болгон товарлардын таңкыстыгы, тамак-аштын кымбатташы, өздүк гигиена товарларынын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын жетишсиздиги, андан сырткары жакырчылык менен жумушсуздуктун айынан күндөн-күнгө күчөгөн сырткы миграция маселелеринен убактылуу болсо да өз элин алаксытып, көңүлүн башка жакка буруу.

Дал ушул максатты көздөп, тажик тарап кыргыздын ата-бабадан мураска калган жерлерин басып алуу ниетинде Кыргызстандын чегара тилкесинде үзгүлтүксүз куралдуу чыр-чатактарды уюштурууда. Эки өлкө ортосунда кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, эл аралык мыйзамдарга карабай, Тажикстан эгемен Кыргызстанга локалдуу куралдуу кол салуулардан масштабдуу чабуулга өтүп, ачык эле агрессия жасаганына күбө болдук. Тажик аскерлери жергебизге басып кирип, имараттарга өз желектерин илишип, жүздөгөн үйлөрдү өрттөштү. Натыйжада баскынчылардын огунан жүздөгөн жарандарыбыз каза болсо, жүздөгөн жарандарыбыз жарадар болушту.

Бул болсо улут башчысына убактылуу болсо да тынч жашоону кепилдик кылат. Бирок, кылымдар бою ынтымакта жанаша жашаган кошуна эки элди араздаштырып, элдердин тагдыры менен ойногондор бийликте түбөлүк кала албасы анык.

Орунбай Ахмедов, тарыхчы

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

18-08-2023
Чапкылдыктар баяны
4138

30-12-2022
Кыргыз-тажик чек ара мамилелери жөнүндө
4708

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×