Добавить статью
10:40 21 Октября 2015 0
Манапчылыктын тарыхнаамалык маселелери

Кыргыз коомундагы манапчылык институтунун жаралышы, өнүгүшү, кыргыздардын коомдук-саясий турмушундагы ролу туурасындагы маселелер изилдөөнү талап кылган актуалдуу темалардын бири. Анткени мапачылык маселеси революцияга чейинки мезгилден тарта эле изилдөөгө алынганына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин, манапчылык боюнча бир топ кайчы пикирлер өкүм сүрүп келүүдө. Бул чакан макалабызда, революцияга чейинки, советтик, азыркы мезгилдеги илимий эмгектерге анализ жасоону максат кылабыз.

Манапчылык, башкаруу институту катары болжол менен XIX кылымдын орто ченинен XX кылымдын 30-жылдарына чейин Кыргызстандын түндугунөн орун алган, Оң канаттын уруулары сарыбагыш, бугу, саяк, черик, тынымсейит, жедигер, чоңбагыш, солтолор арасында жашап келген.Манаптар тууралуу алгачкы маалыматтарды Орус падышачылыгы жиберген аскер адамдарынын, орус саякатчыларынын, чыгыш таануучуларынын жазган отчетторунан, запискаларынан, күндөлүктөрүнөн, макалаларынан кездештире алабыз. Тарыхый документалдык маалыматтарда алгачкы ирет манап титул катары 1844-жылдын аягында орус бийлик өкүлдөрүнүн кыргыздардын бугу уруусунун башчысы Боромбай Бекмурат уулуна жиберген катында жолугат.

Манаптар тууралуу алгачкы, кеңирээк маалыматты Ч.Ч. Валихановдун эмгектеринен кездештирүүгө мүмкүн. Ал 1856-1858,1864- жылдары Кыргызстандын аймагына аскердик-илимий экспедициянын курамында келип кыргыздар тууралууу тарыхый, этнографиялык баалуу маалыматтарды калтырып кеткен. Ч.Ч.Валиханов манаптардын коомдогу ордун, бийлик денгээлин казактардын султандары менен салыштырып өткөн. Ошондой эле ал кыргыз айылдарын кыдырып, «туземдик» элдин түшүндүрмөсү менен манаптар тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берген: «Биринчи манаптар күчтүү кол жеткис зулумдар, жакында эле жана да алгачкылардан болуп сарыбагыштардан чыккан. Сарыбагыштардын Манап атуу бийи эн алдыңкы зулум, каардуу башкаруучу болгон. Манапчылык бөлөк уруу бийлерине жаккандыктан, манап азыр кыргыздардын ар бир уруу башчысынын жалпы аталышы болуп калды». –деп белгилеген. XIX к. орто ченинде чындыгында эле манап титулунун кеңири таралгандыгы байкалып турат. Ушул мезгилде Сарыбагыш уруусун - Ормон, солто уруусун - Жангарач, саяк уруусун- Дулат, бугу уруусун- Боромбай башкарып, өздөрүн Манап деп аташкан. Демек, Ч.Ч.Валихановдун 1855-56 жылдары жазылган “ Исторические предания о батырах XVIII века” атуу эмгегинде манап термини эн алгачкы ирет кездешет.

Л. Костенко Орто Азияда жашаган элдер тууралуу этнографиялык маалыматтарды топтоп, анын ичинде кыргыздарга байланышкан материалдарды да жазып калтырган. Кыргыздардын эң жогорку башкаруу катмары катары- манаптарды көрсөтүп, терминдин келип чыгышын бир башкаруучунун ысымынан болгондугун белгилейт. Ал “...жергиликтүү элдин айтуусу боюнча ар бир башкаруучуга зулумдук, өзүн өзү билемдик, каардуулук мүнөздүү... ”- деп жазган. Автор «манап» термининине «тиран» деген сөздү жакындаштырат .

Манап терминине кайрылган авторлордун бири А.Вышнегорский болгон. Ал кыргыз коомунун социалдык стратифкациясынын эң жогорку баскычында турган манаптарга мындай мүнөздөмө берген: “манаптар бийлердин тизмектешкен тукумдарынан чыгышкан мыкты адамдар. Манап титулу баардык учурда эле атадан балага өтпөйт .., манап орустун князь даражасына барабар. Алар элден оозуп чыгып, өздөрүнүн каармандыгы, акылмандыгы менен өзгөчөлөнүшкөн .., манаптарды эл шайлаган эмес, эгерде шайласа да, аларды шайламак..." Ал эми кыргыздар туурасында алгачкы маалыматтарды жазып калтырган, Воронин жана Нифантьев, манаптарды эл шайлоо жолу менен тандап келишкен деген пикирди айтышкан.

Кыргыздардын коомдук турмушуна түздөн-түз аралышып, убагында Пишпек уездинин начальниги бологон А.Талызин, манаптардын терс жактарын белгилеп, кул ээлөөчү, эксплуататор классы катары көрсөткөн. Манаптардын келип чыгышына кайрылган автор, манаптардын келип чыгышын сарыбагыш уруусунун бийи менен байланыштырып, манаптар өз ара иерархиялык жактан бөлүнөрүн белгилеген. “Солто уруусунун чоң манабы Жангарачтын карамагында 600 түтүн, сарыбагыштардын чоң манабы Жантайда 700 түтүн, саяктын чоң манабы Дулатта 500 түтүн эл болгон. 100 түтүндөн аз эли бар манаптар кичине манап...” – деп аталып, мапаптар ич ара бөлүнөрүн белгилеген.

Манаптар саясий жана экономикалык жактан чон манап, кичи манап жана чала манап болуп бөлүнүшкөн деген пикирди белгилүү саякатчы А.Н. Северцов да баяндап кеткен.

Орус тарыхнаамасынын өкүлдөрү болгон М.Венюков жана А. Шкапский өз эмгектеринде манаптардын келип чыгышын бир уруу башчысынын ысымы менен байланыштырышат. Бирок ал кайсыл уруулук бирикмени жана кайсыл мезгилде жетектеп келгендиги тууралуу маалыматы келтирген эмес .

Революцияга чейинки доордо манапчылык маселесине бир катар жергиликтүү авторлор да кайрылышкан. Алардын катарына Б.Солтоноев, О. Сыдыковтун эмгектерин кошууга болот . Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноев манапчылыктын келип чыгышына кенири токтолуп, терминдин келип чыгышы тууралуу бир нече пикирлерди айткан. Этнографиялык маалыматтарга таянган Б.Солтоноев Манап бий XVII кылымда жашаган деген пикирди айтат. “Дөөлөс баатырдын Жезбийке, Меншек, Бакдөөлөт жана Көкмончок деген төрт аялы болгон.Дөөлөстүн биринчи аялы Меншек туубас болгон. Экинчи аялы Бакдөөлөттөн- Токо, Жантай деген эки уулу болгон. Күндөрдүн биринде үйүндөгү күңү Жезбийкенин бойунда болгонун билип, Меншек ал баланы өзүнө алып калууну самайт. Жезбийкени коркутуп, анын ичи чонойгон сайын, ичиндеги кийизди да чоңойто берген. Күндөрдүн биринде Жезбийке төрөгөндө, анын алдынан Меншек баланы алып алат. Кошуна байбичелер, келиндер жентек менен келип,баланы ошол кезде өтө аздектелген манат чүпүрөккө ороп койгонун көрүп, аты Манат болсун дешет. Кийин Манат Манап болуп өзгөрүлүп калган”- деп белгилейт. . Автордун башка пикири боюнча, Жезбийкенин төркүнү кожонун тукумунан болуп , “менин баламды тартып алдыныз, анынызга ыраазымын, баланын атын мен өзүм койойун”-деп Меншектен тиленгенде уруксат бергенде, Жезбийке төркүнүнө тарта аты Манак болсун деген. Манак арап ысмы болуп. Мукаметтин аталарынын биринин аты Абдулманак болгон. -деп баса белгилеген.

Бул уламыштарды Белек Солтоноев эл арасынан чогултуп жазып алгандыгы белгилүү, ал эми өзү терминдин келип чыгышына байланыштуу бир нече пикирге токтолгон. “X кылымда Ысыккөл өлкөсүндө көчмөн карлук түрктөрүнүн ичинде жикилей уругунун арасында хрестиандар болгон. Булардын Барскан шаарында турган улугунун титулу Манак болгон. Манак-Манап болуп өзгөрүлгөндүгү мүмкүн” -деп жазат.

Советик бир катар окумуштуулар мапапчылык маселени козгоп, манапчылык башкаруу институтунун өзгөчөлүгүнө, аткарган функцияларына токтолуп кетишкен. Алсак, 20-30 жылдарда манапчылык маселесине карата С. Абрамзон, П.Кушнер, М. Гаврилов ж.б. эмгектери жарык көргөн.

Белгилуу окумуштуу А.Н.Бернштам манап терминин келип чыгышын байыркы түрк сөзү “Манак” менен байланыштырат.

Совет бийлигинин алгачкы жылдарында биринчилерден болуп М.Ф. Гаврилов Суусамырга жасаган экспедициясынын натыйжасында манаптын портретин түзүүгө аракет жасаган. Бир нече манаптардын ата-тегин карап чыгып, манаптар негизинен баатырлардан келип чыгат деген тыянакка келген. “ Кара багыш уруусунанан чыккан Чолук манаптын ата теги: Ибраим баатыр – Курман –ходжа баатыр – Чолук баатыр жана манап – Халмамбет – Сапарбек. 1927-жылы соттолгон саяк уруусунун тунгатар уругунан чыкан манап Керимбай Атакановдун алтынчы муундагы атасы белгилуу Качканак баатыр болгон” – деп жазат. Жыйынтыгында М. Гаврилов: “баатырлардын мураскорлору катары манаптар чыгып, алгач “таза” баатырлар, өткөөл мезгилде баатыр-манаптар, ал эми XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта манаптар деп аталып калып, коомдук турмуштан баатыр терминин сүрүп чыгарышкан. Орус империясынын карапайым калкты эзүүсүнүн куралдары катары манаптар болуп, саясий жана экономикалык абалдын өзгөрүүсүнөн улам бара бара алар өздөрүнүн баатырдык сапаттарын жогото башташкан.” -деген пикирге келген.

Ушуга эле үндөш маалыматты В.Н.Дублицкийдин Жетисуу областынан чогулткан материалдар боюнча жазган макаласынан кездештирүүгө болот. Автор “кыргыздардын баяндаганы боюнча, Манап бир баатырдын ысымы болгон, ал өзүнүн айколдугу, эр жүрөктүүлүгү менен журттан оозуп чыгып, жоокерчилик заманда өз уруусун бириктирген- деп жазган.” Бул эки макалада тең Манапка бий эмес, “баатыр” деген титулдун ыйгарылышы кызыктуу көрүнүш.

Белгилүү этнограф С. Абрамзон этнографиялык маалыматтарга таянып манап терминини генезисин аныктаганга аракет жасап, төмөндөгүдөй маалыматтарды берип кеткен: “XVII кылымда жашаган уруу башчысынын аты боюнча, манап деп, аталган сарыбагыш уруусунун составындагы уруктардын бирине таандык болгон баардык адамдарды аташкан. Манап уругунун феодалдары сарыбагыш уруусунун ичинде артыкчылык абалды гана ээлебестен, өздөрүнүн таасирин башка кыргыз урууларына да таркатышкан. Натыйжада терминдин тароо ареалы Кыргызстандын түндүк бөлүгүнүн көпчүлүк аймагын камтыган.” Бирок бир маселеге келгенде С.Абрамзон ага чейин изилдеп кеткен окумуштууларын пикирлерине каршы чыккан. “Манапчылык жаны соцалдык институтту жараткан эмес жана бийлер менен манаптардын ортосунда эч кандай принциптуу айрымачылык жокко эсе” - деп өз пикирин сунуштаган. Чындыгында, манаптар менен бийлердин ортосунда канчалык даражада окшоштук, айрымачылык бар экендиги изилдөөнү талап кылган маселелердин бири.

Бул маселе боюнча В.М.Плоскихтин гипотезасы кызыгууну жаратат. Мапапчылык маселесине кайрылган автор:“манапчылык бийлер институтунан өсүп чыккан, бирок бул кыймыл механикалык түрдө болгон эмес. Уруу башкаруучусу-бий менен аскер жетекчиси-баатырдын функцияларынын биригүүсүнүн натыйжасында ортого чыккан”. Чындыгында эле манаптар бир гана бийлердин, баатырлардын функцияларын өзүнө албастан, ошондой эле аксакалдардын да функцияларын камтыган. өзүлөрүнүн жасаган иштери, уюштуруучулук сапаттары менен эл арасында кадыр-баркка ээ болушкан.

Белгилүү окумуштуу М.Айтбаев XIX кылымдын орто ченинен тартып XX кылымга чейинки мезгилдеги кыргыз коомунун социалдык стратификациясына кенири мүнөздөмө берген. Эзүүчүлөр деп- манаптарды, байларды, бийлерди көрсөткөн болсо, эзилүүчүлөр деп- дыйкандарды, жатактарды, байкуштарды, кулдарды көрсөткөн. Манаптардын келип чыгышын белгилүү Дөөлөс баатырдын уулу Манап бийдин ишмердүүлүгүнө байланыштыруу менен бирге төмөндөгүдөй маалымат берет: “Сарыбагыш феодалдары XVII кылымдан XIX кылымдын орто ченине чейин өздөрүн Манап деп атап келишкен,бирок кийинчирээк бул титул жакын жашаган урууларга тарай баштаган”. Хронологиялык жактан алып караганда этнографиялык жана документалдык материалдарга каршы келгендиги байкалууда. Мисалы, сарыбагыш уруусунун жетекчиси Атаке баатыр 1785- жылы кыргыздардан Орус падышаачылыгына элчилик жиберип, кат алышып турган. Документалдык материалдарда Атаке “бий” деп жазылган. Ал эмес анын атасы Тынай да, “бий” деген титул менен санжыраларда кездешет. Ал эми башка урууларга тарагандыгын “XIX кылымдын экинчи жарымынан гана” деп чектегендиги чындыктан алыс болгондугун тарыхый документалдык материалдар тастыктап турат.

Эгемендүүлүкө жетишибиз менен кыргыз элинде өткөн тарыхка болгон кызыгуу артты. Тарых илиминде мурда эзүүчү таптын өкүлдөрү катары сындалып келген көптөгөн тарыхый инсандардын-бийлердин, баатырлардын, манаптардын ролдору кайрадан талданууга алына баштады. Мамлекеттик деңгээлде тарыхый чындыкты калыбына келтирүү колго алынды. Демократиялык кайра куруулар, сөз эркиндиги, өз эгемендүү мамлекетин түзүүгө умтулуу жана башкалар “унут калтырылган” ысымдарды кыргыз элинин маданиятына жана тарыхына кайтарды. Коомдун рухун көтөрүү максатында элдик баатырларды аныктоо менен ортодон жок болгон идеологиянын боштугун толтуруу мезгилдин талабы эле. Тарыхты кайрадан карап чыгып, тарыхый инсандардын юбилейлик даталарын белгилөө салтка айланды.

Эгемендүүлүк доорунда мапапчылык маселесине арналган бир канчалаган илимий макалалар жарык көрдү. Алсак О.Осмонов, Ч. Жумагулов, А. Жуманалиев, Д.Сапаралиевдин макалалары алардын катарына кирет.

Белгилүү болгондой эле көпчүлүк окумуштуулар “манап” терминин жаралышын болжол менен XVII кылымда жашап откон Манап бийдин ишмердүүлүгү менен байланыштырышат. Ал эми Манап ысымы кайдан келгендиги, эмне маанини бергендиги тууралуу саналуу гана окумуштуулар талдаганга аракет жасап көрүшкөн, алардын катарына этнограф А.Жумагулов да кирет. А.Жумагулов Б. Солтоноевдин эмгегинде белгиленген элдик уламышка таянып, өзүнүн гипотезасын тастыктоого аракет кылган. Санжырага ылайык Манап бийдин энеси Асылкан (кээ бир уламыш боюнча ысымы Жезбийке) .Дөөлөстүн байбичеси Меншек төрөлгөн баласын тартып алганда, балага ысым берүүнү суранган.Асылкан(Жезбийке) намангандык олуя-кожонун кызы болгондуктан, ислам дини пайда болгонго чейинки мезгилдеги арабдардын идолдорунун ысымдары белгилүү болгон. Ошондо Асылкандын (Жезбийке) сунушу менен баланын аты –Манаф болгон. Кийинчирээк тилдик өзгөчөлүктөрдүн негизинде Манаф-Манап болуп өзгөрүлүп кеткен. М.Жумагулов “манап” терминин тамырын ошол байыркы араб урууларынын исламга чейинки сыйынган идолдорунан издеген.

Тарыхый документалдык материалдарга кайрылсак, Манаф-байыркы араб уруулары Курайш жана Хузаилдердин сыйынган идолу катары кездешет. Ошондуктан курайшиттер өздөрүнүн балдарына “Абдулманаф” ысымын көп беришкен, бул “манафтын кулу ” деген мааниге келет.

М. Жумагулов “байыркы арап урууларынын ысмы Манаф, сарыбагыш уруусунун феодалы Манаптын ислам динине киришинден улам берилген”-деген бутумго келген. Тарыхтан белгилүү болгондой ислам дини монотеисттик дин катары, исламга чейинки политеисттик мүнөздөгү ишеничтин атрибуттарын миссионердик иштердин жүргүзүлүшүндө колдонууга тыюу салган. Буга мисал катары Мухамед пайгамбар 630-жылы Меккеге Мединадан келгенде, Каабадагы 360 идолдун айкелдерин жок кылууну буйрук кылган. Ошондой болсо да, Мухамед пайгамбардын генеологиясында бул ысымдын сакталып калгандыгы белгилүү, анын толук ысмы Muhammed b. Abd Allah b. Abd al-Muttalib b. Haşim b. Abd Manaf.

Балким, бул ысымдын аталышын байыркы идолго байланыштырып койбой эле, пайгамбардын атасынын аты катары аздектеп коюлушу мумкун. Бул ысым өзбектерде, казактарда, түрктөрдө, кыргыздарда, Түндүк Кавказдын мусулман элдеринде кеңири таралгандыгы белгилүү.

Манап бийди манапчылык институтунун негиздөөчүсү катары сыпаттап, анын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурган тарыхчылардын бири –О. Осмонов. Изилдөөлөрүн этнографиялык материалдарынын негизинде жүргүзгөн бул тарыхчынын пикиринде “Манап бий болжол менен 1595-жылы дуйного келип, XVII кылымдын 20-40 жылдары алгылыктуу саясий ишмердүүлүктү алып барган. Ошондой эле Анжияндык кыргыздардын башкаруучусу Көкүм бий менен өз ара мамиле түзүп, Жуңгар хандыгынын баскынчылык саясатына каршы согушуп,казак урууларынын ханы Эр Эшимдин ишенимдүү адамы жана колбашчысы болгон. Болжол менен 1635-1640 жылдары Иле дарясынын боюнда калмактарга каршы согушта каза тапкан.”

Кыргыздардын XVII кылымдагы Жуңгар хандыгы менен болгон өз ара мамилелеринде Манап бий деген инсандын ысмы жана анын Эр Эшим (документалдуу материалдарда Ишим-султан) менен болгон кызматташтыгын эч бир тарыхый булактарда жолуктурууга мүмкүн эмес.

Ошондой эле О.Осмонов изилдөөлөрүнүн натыйжасында “Манап бий кыргыз элинин коомдук турмушун реформалоонун натыйжасында, “манапчылык” деп аталган башкаруу системасы негизделген ” –деген бүтүмгө келген. О.Осмонов манапчылык башкаруу институту табигый жол менен ортого чыкпай, атайы жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасында, жасалма түрдө пайда болгон катмар деген пикирди берүүгө аракет кылган. Дээрлик баардык изилдөөсү этнографиялык маалыматтарга, санжырага таянган бул тарыхчынын эмгегине шектенүү менен мамиле жасоону талап кылат.

“Манапчылык термини жана титулу XVII кылымдан тарта кыргыздардын коомдук-саясий аренасына чыга баштаган, ал эми XIX кылымда Кыргызсандын түндүгүнүндөгү уруулар арасында социалдык-сясий институт катары калыптанган” деген бүтүмгө келет, профессор А.Жуманалиев. Анын пикиринде манаптар бир эле учурда бийлердин, аксакалдардын, баатырлардын тарыхый мураскору катары, функцияларын өзүнө алып, алардын статусун чектешкен.

Архивдик материалдардын негизинде манап титулунун саясий кырдаалга жараша өзгөрүлгөндүгүн Д.Сапаралиев төмөндөгүчө баяндайт: “манап титулу 1831-1855 жылдарда адамдын коомдогу социалдык катмарын билдирген термин болсо, кийин 1855-1866 жылдарда официалдуу түрдө кызмат ордуна айланган. “Манап” титулунун аренага чыгышы жаңы социалдык катмарды пайда кылбастан мурунку эле кыргыз коомунун башкаруучулугунда жүргөн бийлердин күчтүүрөк бөлүгүнүн аталышынын өзгөрүүсүнө гана алып келген. 1867-жылы Туркстанда, анын ичинде Кыргызстанда да жаңы россиялык башкаруу системасы киргизилгенде жергиликтүү бийлик жетекчилигине волость келери менен “манап” титулу кайра социалдык абалды билгизген аталыш болуп калаган”

Жыйынтыктап айтканда тарыхнаамада мапчылык маселеси XIXк. экинчи жарымынан тарта бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулардын изилдөө обьектилеринин бири катары жашап келе жатат. Жогорудагы авторлордун пикирлеринин негизинде төмөнкүдөй жыйынтыка келүүгө болот. Биринчиден, “манап” башында бир адамдын ысымы гана болгондугун, кийинчирээк социалдык катмардын аталышына айланган процессин көрүүдөбүз. “Манап” ысым катары сарыбагыш уруусунун бийине, Мухаммед пайгамбардын аталарынын биринин атынан аздектеп коюлушу мумкун.(Abd-Menaf- кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайык Манап деп өзгөрүшү божомолдонууда. Мисал катары Якубду- Жакып, Юсуфту- Жусуп ж.б.)

Экинчиден, болжол менен XVII кылымда жашаган Манап бий өз уруусунун арасында өзгөчө кадыр баркка ээ болуп, саясий, экономикалык, укуктук жактан өзөгчө күч кубаттуулукка жетишкен. Эл аралык даражада, башка элдер менен өзгөчө мамиле түзүшү мүмкүн, бирок азыркы учурга чейин бул инсанга байланыштуу тарыхый документалдык тастыктоо материалдары жок. өзгөчө башкаруу стили, баатырдыгы, акылмандуулугу,каардуулугу менен элден оозуп чыккан Манап бийдин урпактары анын кылган кылыктарын туурап, белгилүү атасынын мураскорлору катары беделин кармоого аракет жасашкан. Алгач Сарыбагыш уруусунун ичинде таралса, кийинчирээк аймактык-территориалдык жактан жакын жайгашкан урууларга тарала баштаган.

Учүнчүдөн, кээ бир окумуштуулар манаптарды “бийлердин арасынан чыккан күчтүүрөк топ” деп сыпатташат. Бирок манаптар бир гана бийлерден эмес, манаптар - бийлер институтунун, баатырлар институтунун, аксакалдар институтунун функцияларын өзүнө камтыган катмар катары ортого чыккан. Тарыхый анализдин негизинде манаптардын катмары ачык бир структура болгон, эл арасынан оозуп чыгып, баатырдыгы, каармандыгы, байлыгы, эл арасында кадыр баркы менен манап болуу мүмкүнчүлүгү ар бир катардагы кыргызда болгондугун байкоого мүмкүн. Баардык учурда эле манап титулу тукум куума өзгөчөлүгүнө ээ болгон эместиги тарыхый документалдуу материалдардан байкоого мүмкүн.

Воронин-Нифантьев. Сведения о дикокаменных киргизах// Записки ИРГО. Общая книжка 5.-Спб., 1851; Шкапский О. Киргизы-крестьяне// Туркестанский сборник. - Том 472.-Ташкент - 1908; Костенко Л. Средняя Азия и водворение в ней русской гражданственности. - Спб., 1871;Талызин А. Пишпекский уезд. Памятная книжка Семиреченского областного статистического комитета. – Верный, 1898; Венюков М. Очерки Заилийского края и Причуйской страны // Записки ИРГО. книжка 4.- Спб., 1861; Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889; Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах, 2 том.- Алмаата, 1985; Русские путешественники и исследователи о киргизах.- Фрунзе ., 1973.

Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство.- Фрунзе, 1972, 246-бет.

Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах, 2 том.- Алмаата, 1985. 38-бет.

Валиханов Ч. Собрание сочинений в пяти томах, 2 том.- Алмаата, 1985. 38-бет.

Байбулатов Б. Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской революции- Фрунзе, 1958-54-бет.

Русские путешественники и исследователи о киргизах, .- Фрунзе, 1973. 37-бет

Костенко Л. Средняя Азия и водворение в ней русской гражданственности. - Спб., 1887-47-бет.

Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889. 6-бет.

Воронин-Нифантьев. Сведения о дикокаменных киргизах// Записки ИРГО. Общая книжка 5.-Спб., 1851.141-бет.

Талызин А. Пишпекский уезд. Памятная книжка Семиреченского областного статистического комитета. – Верный, 1898, 26-27-бет.

Русские путешественники и исследователи о киргизах.- Фрунзе, 1973,100-бет.

Шкапский О. Киргизы-крестьяне// Туркестанский сборник. Том 472.-Ташкент, 1908,64-65-бет; Венюков М. Очерки Заилийского края и Причуйской страны // Записки ИРГО. книжка 4.- Спб., 1861, 108-бет.

Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы.-Бишкек, 2003; Сыдыков О. Тарих кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы.-Фрунзе, 1990.

Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы.-Бишкек, 2003, 112-бет.

Там же. 113-бет

Там же. 113-114-бет

Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство.- Фрунзе, 1972; Байбулатов Б. Социально-экономический строй Киргизии до Великой Октябрьской Революции- Фрунзе, 1958; Дублицкий В. Родословная таблица кара кыргыз,проживающих в Джетисуйской области и краткая их история.- Алмаата, 1923; Абрамзон С. Кыргыз жана Кыргызстан боюнча тандалма эмгектер.-Бишкек, 1999; Гаврилов М.Р. Манап// Современный аул в Средней Азии. выпуск 10.- Ташкент, 1927; Усенбаев К.У. Общественно-экономические отношения в период господства Кокандского ханства.- Фрунзе, 1961; Айтбаев М. Социально-экономические отношения в Киргизском аиле в XIX и начале XX вв. – Фрунзе, 1962; Абдырахманов И. Манап деген наамдын келип чыгышы жана алардын элге корсоткон жамандыктары.Рукоп.фонд Отдел обществ. наук АН Киргиз. ССР. Инв. №1713; Абдырахманов И. Кыргыздан чыккан мыкаачы манаптар.Рукоп. фонд. Отдел Обществ. наук АН Киргиз. ССР. Инв. №472-479.

Абрамзон С. Современное манапство в Киргизии// Советская этнография. №3-4; его же Манапство и религия// Советская этнография.№ 2, 1932;Кушнер П. Манапство в горной Киргизии// Революционный восток.№2.-1927; Гаврилов М.Р. Манап// Современный аул в Средней Азии. выпуск 10.- Ташкент, 1927.

; Айтбаев М. Социально-экономические отношения в Киргизском аиле в XIX и начале XX вв. – Фрунзе, 1962, 138-бет.

Гаврилов М.Р. Манап// Современный аул в Средней Азии. выпуск 10.- Ташкент, 1927, 206-207-бет.

Гаврилов М.Р. Манап// Современный аул в Средней Азии. выпуск 10.- Ташкент, 1927, 208-бет.

Дублицкий В. Родословная таблица кара кыргыз,проживающих в Джетисуйской области и краткая их история.- Алмаата, 1923, 10-бет.

Абрамзон С. Кыргыз жана Кыргызстан боюнча тандалма эмгектер.-Бишкек, 1999, 110-111-бет.

Там же. 111-бет

Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство.- Фрунзе, 1972, 246-бет.

Гродеков Н. И. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области.- Ташкент, 1889. 6-бет; Усенбаев К.У. Общественно-экономические отношения в период господства Кокандского ханства.- Фрунзе, 1961.118-бет.

Айтбаев М. Социально-экономические отношения в Киргизском аиле в XIX и начале XX вв. – Фрунзе, 1962. 138-бет

Плоских В.М. Киргизы и Кокандское ханство.- Фрунзе, 1972, 246-бет.

Осмонов О. Манап бий. Кыргыздар, 6-болук.- Бишкек, 2003; Джумагулов А. О термине манап// Известия АН КР, Общественные науки. №4.- Бишкек, 1991; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана.- Бишкек, 2002; Сапаралиев Д. Кыргыз мамлекет башкаруучуларынын эн жогорку титулдары жонундо// Кыргыз тарыхынын маселелери.-№2-Бишкек, 2006. Джумагулов А. О термине манап// Известия АН КР, Общественные науки. №4.- Бишкек, 1991; Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда.тузуучу- Токтоналиев Ж.-Бишкек, 2002.

Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы.-Бишкек, 2003, 112-бет

Джумагулов А. О термине манап// Известия АН КР, Общественные науки. №4.- Бишкек, 1991

Islam Ansiklopedisi. 7 cilt.- Eskisehir,1997, 761-бет.

Islam Ansiklopedisi. 6 cilt.- Eskisehir,1997, 385-386-бет

Islam Ansiklopedisi. 7 cilt.- Eskisehir,1997, 761-бет.

Джумагулов А. О термине манап// Известия АН КР, Общественные науки. №4.- Бишкек, 1991

Осмонов О. Манап бий. Кыргыздар, 6-болук.- Бишкек, 2003, 62-65-бет

Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане.- Бишкек, 2010, 213-215 бет.

Мокеев А. Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане.- Бишкек, 2010, 210-229-бет

Осмонов О. Манап бий. Кыргыздар, 6-болук.- Бишкек, 2003, 68-73-бет

Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана.- Бишкек, 2002,49-53-бет.

Сапаралиев Д. Кыргыз мамлекет башкаруучуларынын эн жогорку титулдары жонундо// Кыргыз тарыхынын маселелери.-№2-Бишкек, 2006, 16-бет.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×