Добавить статью
12:20 1 Марта 2021 1274
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу

ЖУМГАЛДА ӨТКӨН КУТ МАЙРАМ

Арадан кыйла жылдар артта калды. Чапкылдык, чапкынчы, чапкындык урууларынын ортосундагы алака басаңдап калгандай түр көрсөткөн. Бирок, бул байланыш тамырын тереңдетүү демилгеми көрүлүп, Балтабай (Толубаев) аксакалдын демилгеси менен “Чапкылдык ынтымагы” тобу түзүлүп, ай сайын шерине сымал ынтымак чай уюштуруп, ал бара чапкылдыктардын кызыгуусун арттырган топко айланды. Бишкек шаарында жашаган чапкылдыктар демилгесинин кабары алыска тарады. Ал тургай Россия жергесин убактылуу мекендеп жашап, иштеп жүргөндөр арасында да кызыккандар болуп, биздин ынтымак чайга насиптеш болуп калгандар болгонун бүгүнкү күнү сыймыктануу менен елгилеп кетким келет.

Кийин биздин шеринеге алыскы Жумгалдагы туугандар да келип катышканын кеп келгенден айта кеткенибиз орундуу болор. Жалал-Абаддык туугандар жөнүндө сөз жок. Анткени, алардын башында турган “генерал Курбаналиев” биздин топтун ардактуу өкүлү. Кийин Ниязбек менен Нурбектер да кошулуп чай ичип жүрүштү. Жумгалдык туугандар Шайбек Атамбековдун үйүндө өткөн ынтымак чайга келишип, анда кызыктуу кеп жүргөн. Айтор, сагынышып калышкан уруу өкүлдөрү кыйла чер жазып, ичтеги буктарыбызды чыгарып дегендей олтурганыбызды кантип унуталы.

Ошентип, биринчи жолугушуу вазийпасын Жумгалдык туугандар колго алып бизди куттуу Жумгал жергесине таклип кылышты...

... Жумгал районундагы капчыгайга кыдырата тигилген боз үйлөр алыстан көзгө башкача көрүнүп турду. Ал жерге бүтүндөй райондун эли чогулуп алгандай көрүндү. Анткени, чындыгында эле калк арбын эле. Колдоруна нан тузун кармап, кыргыздын улуттук кицйимдерин кийинишкен туугандарыбыз, ак элечек кийген жумгналдагы чапкынчы айым апаларыбыздын урмат-сыйы ченемсиз эле ал тапта. Баргандардын көбүнүн көзүнө жаш тегеренип, аны жүз аарчылары менен сүртүп алганын ким төгүнгө чыгарат. Ал сагынычтын, кусалыктын, узак жылдар алыстан арзып күткөн жакын туугандарын күткөн туугандардын көз жашы эле.

Күтүп алган ар бир жумгалдык туугандарыбыз менен кучакташып, амандашканча кыйла убакыт сапарын карытты. Анан ортодо байланып турган малга бата кылып, тигилген боз үйлөргө тарадык. Ар бир боз үйгө сегизден конок киргизишти. Эми андагы жасалгаланган дасторкон туурасында кеп кылбай койгонубуз оң болуш керек. “Деги койчу кайсы бирин айтайын” демекчи түркүн тамактын түрү. Кыргыз кудасын да минтип күтпөйт. Мына ушундан биз Жумгалдык туугандарыбыздын кенен меймандос пейилин туюп турдук. Бул жолку жыйынды уюштурууда өздөрүнүн активдүүлүктөрүн көрсөткөн уюштуруучулар Адыл, Токтобек, Барчын сыяктуу туугандарыбыздын мамилелерине ичибиз жылыды.

Маргундан талантуу инсан Өмүрзак менен уулунун ырдаган ырларын андагылардын баары кызуу кол чабуулар менен кабыл алышты. Жумгалдык Жайна карындашыбыздын өнөрү да да кыйла экен. Негизи талантка таазим эткен эзелтеден улутубузга мүнөздүү касиеттердин бири. Уруубуздун таржымалы, тарыхы тууралу кызуу талкуу жүрдү ошондо. Албатта заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов аймакчы: “Эзелтен чечилбеген ушул талаш, канткенде адам уулу адам болот!” дегендей ар бир чөлкөмдөн өнүлдөрү өздөрүнүн варианттарын сунушташты.

Эртеси узаарда Бексултан ава Арыков өзүнүн калеминен жаралган китебиз кол тамга жазып ар бирибизди чын ыкластан тапшырды. Баалаган, туйган адамга мындан артык соога барбы. Андан аркы сапарыбыз касиеттүү Соң-Көлгө уланды. Жумгалдык ырчы туугандарыбыз аз эмес экен. Буга кудайдын кулагы сүйүнсүн. Айтор, көлгө жеткенче ырдап барышты. Кадимки уламаштарды айтылган Соң-Көлдү мен да биринчи ирет көрдүм. Албетте буга лейре дала укканым бар. Бирок, “миң уккандан бир көргөн артык” демекчи Соң-Көл көз алдымда созулуп жатты чиркин! Баргандардын баары адегенде көлдүн жээгине жарыпт барышып, ырым кылып көлдүн суусуна жүз чайкадык. Анын даамын таткандар да болду. Көл жээгинде олтуруп, сыйлуу дасторкондон даам сыздык...

ЖАЛАЛ-АБАД

Биздин кийинки тууган жыйыныбызды Жалал-Абаддык чапкындык уруусу улантышты. Ар ким макулдаашкандай ар кандай унаа менен сапага чыгышты. Биз “генерел Курбаналиев баштаган топ” Шайбек, мен, Ашыралы болуп бир унаада бараттык. Негизи жолго чыгарда көздүгүн жериңе жеткенче бара турган аймак өңүтүндө ой калчап барат эмеспизби. Жол бою Камчыбек ава кызыктуу сөздөрдөн жем таштап, сапарыбызды кыскартып баратты. Суусамырдан жумгалдык туугандарыбыздын бирин кезиктирдик. Ал Камчыке менен мурунтан тааныш экен, экөө кыйлага сүйлөшүп, анан боз үйгө кирип кыргыздын кымызын ичтик. Биз Жалал-Абаддын жанындагы Чапкындык айылына иңирде жеттик. Түз эле Халил акенин үйүнө барсак күтүп жатышкан экен. Түн бир оокумга чейин кобурашып олтурдук. Эртеси болжошкон жерге бардык алыстан келе турган туугандарды тосупалуу максатында. Мында келген туугандарды шаардын астанасындагы Курманбек баатырдын айкелинин жанынан тосуп алышты. Баткенден, Оштон, Лейлектен, Жумгалдан келишти. Оболу баатырдын айкелинин жанында эстеликке сүрөткө түштүк жалпыбыз. Ошол жерде туруп Ниязбек менен Бакыт келген коноктор кимдердин үйүнө конокко бара турган тизмелерди окуду. Биздин топ Ниязбектин үйүнө бардык. Жумгалдык туугандар атайын боз үйдү белекке алып келишиптир. Анысын ырымдап тигишип, ал жерден келгендердин баарына атайын ниет менен ала келишкен кымыз беришти.

Жалал-Абаддагы курорт атагы алыска тараган жер. Ошол жерге чукул ресторанда кечки сый тамак уюштурушуптур. Экинчи кабатка көтөрүлдүк. Бул жерден Жалал-Абад шаары алаканга салгандай даана көрүнөт экен. Албетте салт боюнча алгачкы сөз жыйынга келген улууларга берилди. Алар чапкылдык уруусунун ынтымагы, анын минтип колдоого алынып, уланып жатканына олтургандардын көңүлүн бурду. “Карынын сөзүн капка сал” демекчи аксакалдардын айткан нуска кептердин өзөгүндө көп маани-маңыз катылып жатканы туюлуп турду. Ар бир аймактардан келгендер өздөрү жашаган тараптагы туугандардын жашоо, турмушунан кабар берип, кызыктуу аңгеме айтып жатышты. Таланттуулар ыр ырдап, өнөрлүүлөр бий бийлеп дегендей туугандар чер жазышты.

Айтор, Жалал-Абаддык туугандар өздөрү күн мурунтадан белгилешкен план алкагында кызыктуу иш чараларды аткарышып, келгендерге эстен кеткис маанай калтырышты.

ЛЕЙЛЕКТЕ ӨТКӨН ИШ ЧАРА

Лейлекте чапкылдык уруусу узак жылдар жашап келет. Андагы Маргун айылын уруунун кут ордосу дешкени деле жөн жеринен эмес болуш керек. Анткени, айылда нукура чапкылдыктар жашашат. Лейлек өткөн туугандар жыйынынын негизги бөлүгү ушул айыл уюштурулганы айтылган кепти ырастап келет. Жумгалдык туугандардын арасындагы аксакалдардын көпчүлүгү Маргун айылын көрүүнү узак жылдар самап келгенин эч ким төгүнгө чыгара албас. “Чапкылдык уруусунун ордосу болгон Маргунду көрсөм арманым болбос!” деген ниетте жүргөндөр арбын болгонун айтып калышат. Буга дейре жумгалдык чапкынчылар Хожент шаары жөнүндө угуп гана келген болсо, Лейлек жергесине барганда Хожент шаарын өз көздөрү менен көрүү мүмкүнчүлүгүнө, бактысына туш келгенин жомок сымал айтышканын көп эшиттик. Андан алган таасири тууралу алигече айтып түгөтө албай жүрүшөт.

КЕП СОҢУ

Дегинкиси чапкылдык уруусунда белгилүү инсандар көп болгон. Албетте, алардын ар бири тууралу кеңири маалымат берсек болмок китепке. Бирок, алардын арасынан баатырлар, ысмы тарыхта калган инсандар туралуу гана баян курууну ылайык көргөнбүз. Негизи чапкылдык уруусунан чыккан тарыхый инсандар тууралу көбүрөөк сөз кылуу кийинки муундар үчүн табылгыз казына болорун эстен чыгарбашыбыз керек.

Китепте уруу тууралу кеңири кеп болду деген пикир айтуунун өзү калыстык болбос. Анткени, бул туурасында ар бир уруунун жараны үн кошууга акылуу. Калкыбызда айтылып жүргөндөй “көп түкүрсө көл болоруна” үмүт чоң. Эгер ар бир уруунун өкүлү китеп окуп чыккандан кийин кайдыгер карабай өзүнүн алымча-кошумчасын кошсо, кийинки китептин толукталып чыгышына татьыктуу салым болмок деген ой. Ошондуктан, биз сиздерден сунуш, пикир, ой, көз караштарды күтөбүз.

Жийдели айылы

Тажик Республикасынын Согди (мурдагы Ленинабад) облусунун аймагында Шурап (Шор-Суу) шаарчасы, Матпари, Кыргыз-кыштак, Мазар-Тал, Жигдалик (Жийдели), Сада, Селкен, Чуулдак, Маданият, Катма, Дигмай (Демай), Андарсай, Бөрүгөн, Мукур, Жылгынды жана башка көптөгөн кыргыз айыл-кыштактары бар. Алар менен катар Катаган, Маданият, Гулякандаз, Табошар, Комсомол өңдүү кыргыздар өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү менен бирге жашаган калктуу пунктар да кездешет.

Ошол айылдардын бири Канибадам районуна караштуу Жийдели айылы. Бул айылдын тургундары 100% кыргыздар. Кыргыздын чапкылдык уруусунун өкүлдөрү.

Айыл Сырдарыянын сол жээгинен өткөн Улуу Жибек жолунан орун алып, тогуз жолдун тоомунда турат. Кожонт шаарына 40, Кокон шаарына 90 чакырым аралыкта жайгашкан. Лейлек районуна караштуу Арка айылынан 10 чакырым алыс турат. Мурда суу сактагыч курула электе Жийдели: Калтатай, Тайлакы жана Асанали айылы болуп үч бөлүктөн турган. Сырдарыяны тосуп, Совет бийлиги тарабынан 1950-60-жж. аралыгында Кайраккум суу сактагычы курулганда, эски Жийдели айылы суу алдында калып, эл азыркы турган жерине көчүрүлөт. Айылдын күн батышынан орун алган кыргыздардын байыркы «Шум-Коргон» көрүстөнү да суу астында калган.

Падышалык Орусиянын карамагында турган мезгилде Жийдели айылы административдик жактан Кожонт уездинин Чапкылдык болуштугуна карап турган. Совет доорундагы коллективдештирүү мезгилинде да өзүнчө колхоз болуп, Чапкылдык болуштугунун курамында болгон. Кожонт уездинин Чапкылдык, Байкесек жана Бөксөсибирги болуштуктары Кокон уездинин Аваат болуштугу менен биригип, Ош облустунун алгач Сүлүктү, кийин Лейлек району болуп түзүлгөн мезгилде Жийдели айылы да Кыргызстанга карап калган. Кийин Тажик республикасынын курамына кандай жана кантип өтүп калгандыгын айыл жашоочулары өздөрү да түшүнбөй калышкан. Айыл тургундары негизинен дыйканчылык жана багбанчылык менен кесиптенишет. Дыйканчылыктан пахта өсүмдүгү басымдуулук кылса, багбанчылыгы негизинен өрүкзардан турат. Бул жерде Кыргызстанда «Баткен өрүгү» атыккан өрүктүн сорттору өстүрүлөт. Малчылыкты кесип туткандар да бар. Кой чарбасы менен алектенип, үй-бүлөсүн гана бакпастан, эмгеги менен тажик-кыргызга тегиз таанымал болгон чарбадар инсан катары Осмон Толубаев аксакалдын атын атап кетсек жаңылбайбыз.

Билим берүү тармагында да эмгеги сиңген Жайнак агай баштаган мугалимдердин жоон тобу бар. Канибадам району боюнча жалгыз кыргыз мектептин коллективи үзүрлүү иштеп келүүдө. Учурда айылдагы орто мектепте окуу процесси толук түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Айылдык мектеп жаш муундар үчүн билимдин гана эмес, таалим-тарбиянын уясы, маданияттын башаты катары кызмат кылат эмеспи. Мектепте талыкпай эмгектенген Рустамов Амир, Душаев Жайнак, Бекмурадов Маман, Кумаров Акмат, Туратов Өзгөн жана башка агайлар Тажик Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» наамы, райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги Ардак Грамоталар жана башка баалуу белектер менен сыйланышкан.

Бул айылдан чыккан илимпоздор менен баарыбыз сыймыктанабыз. Алардын башында турган математик Толубаев Жолчу агай Бишкек шаарында жашайт. Айыл чарба илимдеринин кандидаттары: Жораев Жумабай, Түркбаев Ташполот жана Туратов Өмүрзак Душанбе, Кожонт шаарларындагы Жогорку окуу жайларда эмгектенүүдө.

Туулган жерин, айылдаштарын оз ырларында даназалаган акын Таштемир Сафаров менен Сатыбалды

Көп жылдан бери облустук ооруканада эмгектенип жаткан, элге эмгеги сиңген, атактуу дарыгер Ахмадов Махмуджанды Согди облусу боюнча таанып билишет. Махмуджанды коллегалары эркелетип «биздин кыргыз доктур» деп да коюшат.

Совет доору гүлдөп турган мезгилде бул айылдын үч тургуну Самадов Акмат, Алиев Гадай жана Базаров Пирмат «Социалисттик эмгектин баатыры» наамына татыктуу болгон. Ал эми, Азимов Абдурахман Ленин, Мадалиев Сапар Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу, Сахибов Балтабай Эмгек Кызыл Туу ордендердин жана башка медаллдарын кавалерлери болушкан. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бир канча согуш ардагерлери бар. Алардын арасынан Ибраимов Нарынбай Слава (Даңк) орденинин эки жолку кавалери, бир канча медалдардын ээси. Батыров Кахар Кызыл Жылдыз орденинин, Худояров Жоро, Базаров Шарип, Махадов Усман жана башкалар ар кандай орден медалдар менен сыйланышкан. Согуштан кайтпай, кан майданда курман болгондордун саны да аз эмес.

Социалисттик мелдеште озуп чыккан азаматтардын эмгеги да жогору бааланып, айыл тургундары Худояров Жоро Тажик Республикасынын «Эмгек сиңирген агроному», Толубаев Бостон Тажик Республикасынын «Эмгек сиңирген пахтакери» деген наамдарды алышкан.

Айылдын тургундарынын арасынан Совет доорунда айылдык, райондук, облустук Кеңештердин депутаттары болгондору да бар. Кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы «Олжобай менен Кишимжан» дастанында баяндалган негизги окуялар ушул чөлкөмдө өткөн дешет, айылдын карыялары. «Лейлектин булбулу» аталган акын Абдраим Шаматов өмүрүнүн акыркы жылдарын кемпири экөө ушул айылда өткөргөн. Көзү өткөндө акындын өзүнүн керээзи боюнча сөөгү ушул айылдын көрүстөнүнө коюлган. Айыл тургундары Абдраим Шаманы өзүнүн бир тууганындай кылып, акыркы сапарга узатышкан. Кийин анын жубайынын сөөгү да ушул айылдын көрүстөнүнө коюлган.

Кокон хандыгынын тушунда башка көптөгөн кыргыздар катары Жийдели айылынын эр-азаматтары да хан кызматында ар кандай мансап ээлери болушкан. Айыл аксакалы Мөөлан-ажынын айтусу боюнча атагы алыска кеткен Кокон хандарынын династиясынын негиздөөчүсү Шоорук бий ушул айылдан болгон. Шоорук бийдин тушунда бул айылдын тургундары хан сарайга көчүп барышкандыктан, хан атайын жарлык менен Кокондун чет жакасынан жер ажыратып берген. Кийинчерээк жаңы бөлүнүп берилген жер «Дасторкон чеги» деген айылга айланган. Ошентип, Шоорук-бийдин туугандары Дасторкон чеги аталган айылда туруп калышкан. Мөөлан-ажынын билдирүүсү бүгүнкү күнгө чейинки Кокон хандарынын илимий чөйрөдө кабыл алынган геналогиясы жөнүндөгү маалыматты кайра кароого жол ачат. Тагыраак айтканда «Алтын Бешик» уламышын жана Кокон хандарынын түпкү тегин териштирүүдө айтылуу Шахрух бий кыргыздын Шоорук бийи болуп чыгышы да ыктымал. Ошондо Кокон хандарынын династиясын негиздөөчү катары өзбектин миң уруусунан чыккан Шахрук бий эмей эле, кыргыздан чыккан Шоорук бий эсептелип калышы мүмкүн. Лейлек тоолорундагы Алтын-Бешик чокусу менен Кокон хандарынын генеалогиясына тийиштүү айтылган «Алтын-Бешик» уламышын байланыштырган жергиликтүү санжырачылар да жок эмес.

Жийдели айылы кыргыз күрөшүнүн бир бөлүгү болгон «лейлек күрөшү» боюнча атактуу палвандардын да мекени. Фергана өрөөнү деги эле Орто Азия чөлкөмүндө таанымал, желкеси жер көрбөгөн күрөш чеберлери да көп чыккан айыл. Акыркы мезгилде Кыргызстан, Тажикстан ж.б. Орто Азия өлкөлөрүндө улуттук күрөш боюнча өткөргөн чемпионаттардын жеңүүчүсү, бир канча жолу чемпион болгон Латип-палван Сатар уулу да ушул айылдын кулуну.

Ошондой эле бул айылдан улак тартыш, күлүк чабыш ж.б. ат оюндары боюнча атак даңктуу чабандестер кєп чыккан. Орто Азия, Казакстанга кеңири таанымал Кумар-чабандес, Гапар-чабандес ж.б. инсандардын атын атап өтсө болот.

Айылдын чебер –уздары тарабынан жаратылган «лейлек килеми» атыккан килем, таар, курак, туш кийиз, ар кандай сайма ж.б. улуттук буюмдар Кыргызстан, Казакстан жана Россияга чейин атагы тарап, кардарларга жеткирилип турат.

Айыл жаштары чектешип гана эмес, жерлери туташып турган Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка өрөөнүндө жайгашкан жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп жатышат. Алар өз мезгилинде Арка өрөөнүн өздөштүрүүгө зор салым кошушкан. XX-кылымдын 80-жылдарында Арка өрөөнүндө пайда болгон Достук айылында 50, Жаштык айылында 70тен ашуун Жийделиден көчүп келген үй-бүлө жашап жатышат.

Бул айылдын жашоочулары бүгүнкү күндөгү суроо-талаптарын бир гана маселеге байланыштырышат. Бул айылдын түштүк тарабында какырап-какшап жаткан Кыргызстанга таандык жерден жаштарга үй курууга участок алып берүү. Ошондо Кыргызстандын курамындагы жаңы Жийдели айылы пайда болмок. Натыйжада бош жаткан дың жерлер өздөштүрүлүп, кыргыз атуулдугун алган Жийделиликтер Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошмок. Азыркы Жийдели айылы менен болочок айылды болгону суу өткөн канал гана бөлүп турат.

Сөз соңунда айтарым, кожонттук кыргыздар өздөрүн кыргыз элинин бир бөлүгү катары санашат жана кыргыз элинин келечегине терең ишенишет. Ошондой эле улутташтары жөнүндө дайыма камкордук көрөт деп, Кыргыз бийлигинен үмүтү чоң экендигин белгилеп кетким келет.

Тажикистандын Согди(мурдагы Ленинабад) облусунун Исфара районунда кыргыздар жашаган калктуу пунктар төмөнкүлөр: Шураб(Шорсуу) шаары, Ким шаарчасы, Матпари, Даханакол, Наркозу жана Янгиабад(Кыргыз кыштак) айылдары. Бул жакта негизинен кыргыздын аваат, найман, кыпчак, чапкылдык урууларынын өкүлдөрү жашашат.

Падышалык Россиянын тушунда мен жашаган Янгиабад(Кыргыз кыштак) айылынын тургундары чапкылдык уруусунун өкүлдөрү болгондуктан административтик жактан алганда Ходжент уездинин Чапкылдык болуштугуна карап турган. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынан кийин айылдык Кеңештер түзүлө баштаганда 1928-29-жылдар Маргун сельсоветине карап турган. Качан Маргун сельсовети Кыргыз ССРине кошулуп, жаңы түзүлгөн Лейлек районуна карап калганда биздин айыл Тажикистандын курамында калып калган. Айылдаштарым коллективтештирүү мезгилинде алгач «Большевик», кийин «Свердлов» колхозуна биригишкен. Чапкылдыкдын Жапар уругу илгери Чапкылдык болушуна караштуу Севистан айылын мекендеп турган. Колхоздорду ирилештирүү процессинин натыйжасында Совет бийлиги Севистан менен Мадыгенден элдерди көчүрүшкөн. Учурда Севистанда эл жашабайт. Лейлек районунун «Арка» токой чарбачылык участкасына карайт.

Канибадам районуна караштуу Жийдели айылынын тургундары Совет доорунда «Социалисттик Эмгектин баатыры» наамына татыктуу болгон Самадов Ахмат, Алиев Гадай жана Базаров Пирмат өңдүү инсандар чапкылдык уруусунан болушат. Кыргызстанда Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар өрөөнүн өздөштүрүүгө зор салым кошкон, пахтачылык боюнча мекенге сиңирген эмгеги үчүн «Социалисттик эмгектин баатыры» наамына татыган Жоро Шералиев да биздин уруулаш тууганыбыз.

Чапкылдык уруусунун «чапкылдык» деп аталып калышына айыл аксакалдары Шеров Расулберди(1896), Рустамов Тургун(1900), Кошмуратов Темир(1901) жана Арсланов Ормондун(1898) айтуусунда кыргыз-калмак согушу себеп болгон. Кыргыз жерлерин калмак баскынчыларынан бошотууда көптөгөн эрдик көрсөтүшүп, душманды чаап, сүрүп чыккандыктан улам чапкылдыктар «жоону чаптык» деп жар салып кыйкыра беришет. Башкалар «силер кимсиңер?» дегенде, «Биз жоону чапкандар» деп сыймыктана жооп беришкен. Ошондон улам бара-бара «чапкандар» деген сөз «чапкылдыктар» болуп калган. Дагы бир вариант боюнт боюнча кыргыз-калмак согушунун тушунда же «чапкын» мезгилде туулган балага «Чапкынчы» -деп, ат коюшат. Ал, эми окумуштуу Жолдошбай Малабаев : «Чапкылдыктар дайыма кыргыздардын сокку уруучу, тандалма аскер бөлүгүн түзгөндүктөн улам, аларды «чапкынчылар» -деп, коюшкан дейт. Ошондой эле белгилүү лейлектик санжырачы Сабыт Саттаровдун варианты боюнча чапкылдыктардын ата-бабалары Кашкар тараптагы Чапкын деген жерде жашап турганда жарык дүйнөгө келген жаш ымыркайга «Чапкынчы» деп, ат коюшат. Чапкынчы эр жетип, элине акылман жана адил бий болот. Башкалар чапкылдыктарды бара-бара «Чапкынчынын эли» деп атай башташат. Учурда Чапкынчынын тукумдары Жумгал менен Фергана өрөөнүндө жашашат. 1947-жылы атактуу тилчи К.Юдахин Лейлек районунун калкынын говорун, диалектикалык өзгөчөлүктөрүн изилдеп жүргөн кезинде Булак-Башы айылынын аксакалы, чапкылдык уруусунун өкүлү Калыгул Жолчубековдун үйүндө болуп, санжыралык маалыматтарды өз кулагы менен уккандыгын жана чапкылдыктардын Жумгалдагы чапкынчылар менен генеалогиялык жакындыктары бар экендигин белгилегендиги жөнүндө этнограф Абрамзон өз китебинде жазып кеткен.

Фергана өрөөнүндөгү чапкылдыктар: Жапар, Ажыбек, Бакыбек, Дидар, Калтатай, Тайлакы(Актайлак), Асанали(кытай) болуп жети уруктан турган. Имамшайык, Салимбек жана Каландер Ажыбектин балдары. Бирок бүгүнкү күндө алар да башкалар менен теңата болуп жүрөт. Ошондуктан учурда чапкылдыктар: Жапар, Бакыбек, Дидар, Калтатай, Тайлакы, Салимбек, Асанали, Имамшайык, Каландер болуп тогуз урукка бөлүнөт. Чапкылдыктарда «Жапар эл агасы» деген сөз бар. Ал «эң улуусу» дегенди билдирет. «Тайлакылар олуя тукуму» деп айтылат. Анткени алар Ак-Тайлак олуянан тарашат. Ак-Тайлактын өзүнүн жана тун уулу Жаныбек (Жаныбек-Баба) менен кызы Агачанын мазарына зыярат кылгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. «Бек тукуму – Салимбек» дегени, бул Салимбектин тукумунан көптөгөн бектер чыккан. Мисалы: бектердин акыркысы Бердикул миңбашы, анын тукуму - небереси Кыргыз ССРинин Финансы министри Гапар Кошмуратов болгон. «Бакыбек-баатыр» дегени «бакырыгы таш жарган, ажалдан кайра тартпаган» жоого аттанганда Бакыбек-баатыр чапкылдыктарга кол башчылык кылган. Анын урпагы Түлкү-бий учурунда Исфара-Чоркуну башкарган бий болгон. Сөөгү Керавшин тоосуна коюлуп, күмбөзү бар. Имамшайык болсо кадимки Бухарадан билим алып, элине келип имам болгондуктан өз аты аталбай «Имам» деген атка «шайык» сөзү кошулуп «Имам-шайык» же кыскача «Мамшык» деп айтылып калган. Калтатай уругу «кокондук», «оштук» жана «ташкенттик» деп да бөлүнөт. Буга учурунда Калтатай уругунан төрт бек чыгып, Ошту, Коконду, Маргаланды жана Ташкентти бир мезгилде бийлеп турганы себеп болгон. Ташкент тарапта «Калтатай-Арык» деген ж.б. жер-суу аттарынын учураганы буга далил. Асанали(Асан-бий) «кытай» атанганы Асан-бий Кашкарга хан болуп турганда мурдагы хандын кызына үйлөнөт. Так талашуу күч алып, күчтүү жоого туруштук бералбай Асан-бий хандыгын жана айы-күнү жетип турган кош бойлуу аялын таштап Кашкардан эли менен ата журту болгон Кожентке кайтат. Кашкарлык аялынан төрөлгөн бала эресеге жеткенде атасын издеп, Кожентке келет. Уулунун келишине арнап Асан-бий чоң той берип, элге тааныштырат. Бараалы келгенде ал атасы Асан-бийдин ордуна чапкылдык уруусуна бий болгондо жеңелери «кытай уул» деп, тергеп жүргөндүктөн улам, өз аты калып «кытай» аталып калат.

Чапкылдык уруусунун өкүлдөрү Тажикистандын Согди(мурдагы Ленинабад) облусунун Исфара районунан башка Канибадам районунун Мазар-Тал, Маданият жана Жийдели айылдарында, Ходжент районунун Сада, Селкен, Калача, Жабар Расулов районунун Демай, ал эми Гафуров районунун Катаган, Исписар ж.б. айыл-кыштактарында илгертен бери байырлап, жашап турушат.

Өзбекистан аймагында Чаткал тоосунун койнундагы Аксак-Ата, Нур-Өкүм же Нурек-Ата айылдары чапкылдык уруусунун Жапар уругунун мекен жайлары. Кезинде бул айылдардын калкын пахта аянтын кеңейтүү максатында өзбек бийликтери Бөкө, Паркент, Коммунист райондорунун аймагына мажбурлап көчүрүшкөн.

Чапкылдыктардын негизги бөлүгү Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду, Бешкент, Жаны-Жер жана Маргун айыл округдарын же мурдагы Чапкылдык болуштугунун аймагын жердеп турушат. Ошондой эле Баткен районуна караштуу Кара-Токой жана Боз-Адыр айылдарында жашашат. Ал эми Жалалабат облусунда болсо Жалалабат шаарына караштуу Тайгараев жана Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылдарында турушат.

Кошмуратов Жоро. Тажик Республикасы Согди облусунун Исфара районуна караштуу Янгиабад(Кыргыз кыштак) айылы, 64 жашта. Чапкылдыктын Жапар уругунан.

Чапкылдык уруусу

Структурасы:

Чапкылдык

1.Жапар

2. Салимбек

3. Имам-шайык

4. Бакыбек

5. Каландар

6.Дидар

7. Актайлак(Тайлакы)

8. Асанали

9. Калтатай

Кожент кыргыздары

Учурда байыркы Кожонттун басымдуу бөлүгү Тажикистан, ал эми калганы Кыргызстандын карамагында. Кыргызстан тарабы административдик-территориалдык жактан Баткен облусу, Тажикистан тарабы Согди (мурдагы Ленинабад) облусу деп аталат. Согди облусунун аймагында Шурап (Шор-Суу) шаарчасы, Матпари, Кыргыз-кыштак, Мазар-Тал, Жигдалик (Жийдели), Сада, Селкен, Чуулдак, Маданият, Катма, Дигмай (Демай), Андарсай, Бөрүгөн, Мукур, Тегене, Жылгынды жана башка көптөгөн кыргыз айыл-кыштактары бар. Алар менен катар Катаган, Калдар-Кыпчак, Маданият, Гулякандаз, Табошар, Комсомол өңдүү кыргыздар өзбек, тажик улутунун өкүлдөрү менен аралаш жашаган калктуу пунктар да кездешет.

Кожент аймагын Фергана өрөөнүнүн күн батыштагы «дарбазасы» деп койсо да болот. Улуу Жибек жолу өткөн Сыр-Дарыянын ортоңку агымынан орун алып, тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Кожент чөлкөмү маданий мурастарга бай аймактардын катарына кирет. Адамзаттын тарыхындагы алгачкы турак-жайлары табылган жана көөнө тарыхтарга күбө болгон жер. Байыркы гунн, сак, эфталит, согд, муг өңдүү тарыхта аты калган бирок өздөрү башка элдерге ассимиляция болуп, тарыхый аренадан жоголгон элдер жашаган аймак. Байыркы мезгилден эле басып кирген баскынчылар бул чөлкөм аркылуу өтүшкөн. Кир, Александр Македонский, Чыңгызхан, Темирлан жана башка белгилүү инсандар катарында кыргыздын баатыры Манас да Бухарага жортуул жасаганда ушул аймак аркылуу өткөн. Ал гана эмес Манастын өзүнүн жана кырк чоросунун сөөгү Баткендин Кара тоосунда көмүлгөн дешет. Эл арасында кыпчактар Манастын мүрзөсүн коргоо жана сактоо максатында бул аймакта калып калышкан деген да версия айтылып жүрөт.

Таш дооруна таандык байыркы адамдар тарабынан мындан 200-400 миң жыл мурда таштан жасалган куралдар Кожобакырган-Сайдан табылган. Байыркы мезгилдерде темир, чоюн өндүрүлгөн аймактарда (Мадыген, Даркум, Даргаз, Аззаар, Оут, Чурбек, Рават, Чоюнчу ж.б.) руданын калдыктары жана шлактар бүгүнкү күндө да арбын учурайт. Жер-жерлердеги «Чоюнчу» деген айыл-кыштактардын аталыштары да буга далил боло алат. Темирдин пири болгон Дөөт пайгамбарга байланышкан «Дөөт пайгамбардын устаканасы» жана «Дөөт-Баба», «Асти-Дөөт» мазарларынын бул аймактан орун алышы да бекеринен болбосо керек.

Саясий окуяларга байыртан эле жергиликтүү кыргыздар: аваат, бостон, төөлөс, жоо кесек, кесек, каңды, кыдырша, кыпчак, найман, нойгут, оргу, тейит, чапкылдык уруулары активдүү аралашып, чөлкөмдүн ички жана тышкы саясатын аныктоодо өз таасирин тийгизип турушкан. Башкаруучу акимди, ал турсун ханды алмаштырууга чейин жетишишкен. Кожонт аймагын кыргыздар бийлеп, башкарган учурлар тарыхтан көп эле учурайт. Мисалы: Илияс-Кесек, Темир-Малик, Акмат-Могол, Салимбек, Акбото-бий, Баабек(Бабабек) ж.б.

Шаардын борборунда «Махаллаи мирзоен»- «мырзалар кварталы» деген ат менен кыргыздардын махалласи болгондугун тажик тарыхчылары «Кожонт тарыхы» деген китепте белгилешет. Курама элинен чыккан Ходжент университетинин профессору Мавлон Мирзахмедов да бул маалыматты кубаттайт. Шаардын так ортосунда жайгашкан бул махалла балким, Кожонтту башкарган кыргыздын мырзаларынын үй-бүлө мүчөлөрү жана тууган уруктары турган квартал болушу да ыктымал.

Кыргыздар көчмөн болгондуктан аймактын борбору Кожонт шаарынан 250-300 чакырым радиуста көчүп-конуп жүрүшкөндүгү маалым.

Кожонттук кыргыз аксакалдардын айтымында бул аймак бир кезде кыргыздар үчүн мекен жай болуп, жалпы кыргыздардын ордосу да Кожонт шаарында жайгашкан. Шаардын аталышы да тажикче эмес, кыргыз тилинде чечмелениши «кожо кент» же «кожолордун шаары».

Кожонт аймагынын кыргыз тарыхында ээлеген орду жана ролу туурасында Сайпидин Аксыкентинин «Маджму-атут-таварих» эмгегинде кеңири маалымат берилген. Күчтүү душмандан негизги күчтөрү талкаланган жана чачыранды кыргыздар Кожонт тоолоруна келип, бир топ жылга душмандан жашырынып, бул аймакты мекендеп калышат. Ошентип, бул аймак кыргыздар үчүн чачылгандарын жыйнаганга жана өздөрүнүн көбөйүп өсүшүнө ыңгайлуу мекен жайга айланат. Демек, бул аймак убагында кыргыздын алтын бешиги болгондугу бышык. Эпосто Манастын: «Курама жыйып журт кылдым» деген аныктама дал ушул мезгилге туура келе тургандай.

Курама жана Могол тоолорунун аймагында курама эли жашап келет. «Маджуму-атут–таварихте» аталган Сөзүмшириндин алты уулу: Телоли, Чаа-дак(солто уруусундагы Чаа менен салыштырып көрүнүз), Салгы, Маскара-кошум, Кайжунсуз, Алаб бахадур жана Жаниаталык, Байтаук, Баянтуюк, Карамиян, Казырмарал, Батырдана, Батырсамарчук, Карапахлабан, Жансыз Алаб бахадурлар курама элинин өкүлдөрү. Курамалар да элет элдеринен болгондуктан, уруу-уруктан турат.Учурда кураманын уруу-уруктарынын аталыштары жогоруда аталган инсандардын аттары менен аталат. Кылымдар бою казак-кыргыз менен улагалаш жашап келген эл. Улуттук оюндары да окшош: улак тартыш, балбан күрөш, ат чабыш. Той-тамашаларда кыз-жигиттер өлөң (акыйнек формасында) айтышат.

Бул аймак бир эле Лейлек, Баткендиктердин мекени эмес, кыргыздын башка уруу уруктарынын да тарыхый мекени болгонун карт тарыхыбыз күбөлөйт. Мисалга: саяк, моңолдор же моголдор, саруу жана башка кыргыз уруулары бир кезде Кожонт тарапта жашап, азыркы турган аймактарга ушул жактан барышкан окшойт. Кожонттук моголдор аваат уруусунун курамында авааттын бир уругу катары кездешет. Алар өздөрүн Индияда Захриддин Бабур түптөгөн «Улуу Моголдор империясынын» өзөгүн түзгөн уруунун өкүлдөрү катары санашат. Ал эми Кожонттун күн батыш тарабынан орун алган Могол тоосун болсо, алар ата журт катары кабыл алышат.

Саяк уруусунун курамындагы «бакачылар»(Шайбек тукуму) аваат уруусунун «бакачы» тобуна туура келсе, «чапкынчылар» болсо, чапкылдык уруусу менен теги бир болуп жатат. Буга кошумча далил катары Куйручук менен Тоголок Молдонун санжырасында саяк уруусу Коженттен келген деп айтылышын келтирсек болот. Эн кызыгы саяктын туп атасы Нойгут болуп жатканы. Санжырачылар Нойгут, Нойгуттан Акбалта, Акбалтадан Чубак, Чубактан саяк уруусун таратышат. Нойгут уруусу кылымдар бою ушул Кожент аймагын жердеп келишкен жана учурда Баткен районунда турушат.

Кожонт шаарынын күн чыгыш тарабында, Сыр-Дарыянын сол жээгинен орун алган Катаган деген чоң айыл бар. Бир кезде бул айылдын тургундары 100% кыргыз болгон. Мүмкүн, «Катаган саяк» аталган Ысык-Кєл менен Жумгалда жашап жатышкан саяктар же «Катагандын кан Кошою» менен бул айылдын аталышы ортосунда кандайдыр бир байланыш бардыр.

Тажикистандын аймагында калып кеткен нукура кыргыз мазар-көрүстөндөрү Кожонт, Исфара, Ноо жана Өрө-Төбө шаарларынын айлана тегерегинде бир топ эле учурайт. Кожонт шаарынын күн батыш тарабында, Сыр-Дарыянын сол жээгинде, Могол тоосунун түштүк тарабынан орун алган жергиликтүү эл сыйынып, зыярат кылган чоң мазар бар, бул мазардын аты «Байыш булак». Мүмкүн санжыра боюнча Алаша менен Улуу-шаадан кийинки саяктардын атасы Байыштын булагы болуп жүрбөсүн. Кожонт шаарынын күн чыгыш тарабында «Мозори чил духторон» (кырк кыз мазары) деген мазар бар. Уламыш боюнча эркек аттуунун баары согушка кеткенин билип капыстан басып кирген жоодон жалтанбастан, кынсыз кылыч байланган кыздар шаарды коргошот. Теңсиз айыгышкан согушта курман болуп, шейит кеткен кырк кыздын сөөгү дал ушул мазарда көмүлгөн. Күчтүү душманга арстандай айбат көрсөткөн эр жүрөк кыздардын эрдигин эл бүгүнкү күнгө чейин унутпай келет. Кырк кыз жөнүндө уламыш дастан кыргыз жана каракалпак элдеринде айтылгандыктан, бул мазар кыргыздын эле кырк кызынын мазары болсо керек деген ой туулат. Уламыштын экинчи варианты боюнча «жоого олжо болгондон көрө өлгөнүбүз артык» деп, кырк кыз уу ичип өлөт.

Тажикстандын Ноо (Нау) шаарынын борборунда кыргыздын кесек уруусунун Тагайберди уругунун өкүлдөрү илгертен эле жашап келишкен. Тагайбердинин бийлери Ноо аймагын кылымдар бою бийлеп турган деп айтышат. Алардын да көрүстөнү Ноо шаарында бүгүнкү күнгө чейин жок боло элек.

Өрө-Төбө шаарына жакын жайгашкан мурда Бөксөсибирги болуштугуна караган Бөрүгөн, Мукур, жана Тегене айылдарынын тургундары да 100% кыргыз болуп, кесек уруусунун бөксө уругунун өкүлдөрү. Алардын да өздөрүнө тийешелүү эскиден калган көрүстөнү жана мазарлары бар. Бүгүнкү күндө бул айылдардын жаштары Чүй бооруна көчүп келип, жайгашып жатышат.

Ошондой эле Курама тоосунун этегинде жайгашкан Жылгынды айылынын тургундары да жалаң кыргыздардан турат. Бул айылда аваат уруусунун токмок уругунун өкүлдөрү жашашат.

Ал эми Кожо-Бакырган Сайдын жээгинде, автожолдун боюнда Кыргызстанга караштуу Кулунду, Бешкент айыл округдары менен чектеш турган Тажикстандын Ходжент районуна караштуу Оочу-Калача айылынын күн батыш тарабында чегара тилкесинен орун алган «Калтатай мазар» аттуу кыргыздын чапкылдык уруусуна тийешелүү эски көрүстөн бар. Лейлектин Самат айылынын Мурзапатча участкасынын этегинде Тажикстанга караштуу Коргончо деген айыл бар. Бир кезде бул айылда кыргыз, өзбек аралаш жашашкан. Учурда жалгыз бир үй-бүлө кыргыз калган. Айылдын четиндеги сайдын жээгинде тажик-кыргыз чек ара тилкесинде, эски мазар бар. Бул мазарды Кабылан-Ата мазары деп коюшат. Мурда Коргончо айылынын бир бөлүгү Чапкылдык болуштугуна карап тургандыктан, бул жерде Чапкылдык уруусунун жапар тобунун өкүлдөрү жашап турган экен. Ошол жапар тобунан чыккан Кабылан Баатырдын сөөгү коюлган себептен, бул көрүстөн «Кабылан Мазар» аталып калган.

Тарыхка көз чаптырсак азыркы Тажик Республикасына караштуу Согди (Кожонт, Ленинабад) облусунун аймагынын өсүп-өнүгүшүнө ошол жерде жашаган кыргыздар тажик улутунан кем эмес салым кошкон. Себеби алар Кожонт аймагын өз мекени катары билишкен.

Кожонт кыргыздарынан чыккан тарыхый инсандарынын катарына Илияс-Кесек Сохтун акими, Чыңгызхандын аскерлеринин чабуулунан Кожонт шаарын коргогон Темир Малик Кожонттун беги-акими, Салимбек Кожонттун акими, Акбото бий Кожонттун акими, Баабек Кожонттун беги-акими, Шоорук бий Кокон хандыгынын тушунда Ордо башы болгон(мүмкүн өзбек, тажик тарыхчылары Шоорук бийди Шахрух бий деп атап, бара-бара өзбектин Минг уруусуна кошуп койгондур), Калдыгач – бий Кокон хандыгынын тушунда Ордодо мансап ээлеп турган, Мавлян Лашкар-башы, Жаныбек-Олуя, Бердикул миңбашы, Сатыбалды миңбашы, Сейитбек датка, Султан болуш жана башкалар кирет.

Ал эми, Совет доорунда Тажик Республикасынын борбордук органдарында Дастан Салихов, Ахмат Жолдиев жана башка инсандар жооптуу кызматтарда иштешкен.

Кожонт кыргыздары Лейлек жана Баткен районунун калкы менен түпкү теги бир. Мурда жалпысынан баарын «кожонттук кыргыздар» деп аташкан. Ошондуктан, той аш өткөрүүдөгү, жамандык-жакшылыктагы каада-салттары да окшош, бүгүнкү күнгө чейин карым-катышы да тыгыз.

Кожонт аймагын жердеген уруу-уруктардын, жер-суулардын деги эле бул аймактын тарыхын иликтеп, изилдегенде гана 13-18-кылымдар аралыгындагы кыргыз тарыхынын актай калган барактары толукталып, кыргыз тарыхы үчүн маанилүү болгон көптөгөн суроолорго жооп табылат деген ойдомун.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

10-03-2021
Шырдакбек
1657

09-03-2021
Баткендин материалдык маданий мурастары
1471

01-03-2021
Лейлек мазарлары
2692

26-02-2021
Инсандар тууралуу учкай кеп
1429

26-02-2021
Маргун - чапкылдыктар ордосу
1346

25-02-2021
Чапкылдык
1545

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.

×