Добавить статью
17:42 29 Января 2016 41175
Бийликти легитимдештирүүдөгү тек «мифологиясынын» ролу (Кокон хандыгынын тарыхынын мисалындагы тарыхый-салыштырма анализ)

Тарыхта бийликти легитимдешдирүү маселеси ар дайым актуалдуу болуп келгени талашсыз. Бийлике келген кандай гана адам болбосун бийлигин эл таанып гана калбастан, анын урпактары мураскор болууга укуктуу экендигин закондоштуруу аракетин жасаган. Мындай көрүнүш монгол баскынчылынан кийин XIV-XVIII кк. Орто Азия аймагында пайда болгон мамлекеттерддин көпчүлүгүнө (азыр деле айрым өлкөлөрдө кайталанып жатат) таандык көрүнүш. Ошол эле учурда, мамлекет башчысына (падыша, хан, эмир, князь ж.б.) элдин ички биримдигин, мамлекеттин тышкы бейкутчулугун сактоо үчүн идеология да зарыл болгон. Тарыхый маалыматтарга таянсак, кырдаалга жараша, бийликти лигитимдештирүүнүн диний жана тарыхый (салттуу) нормалары колдонулган.

Маңгытттардын тарыхын изилдеген немецтик чыгыштаануучу Анке фон Кюгельген өз изилдөөсүндө бийликти легитимдештирүүнү 6 катагорияга бөлөт: а) кудайга байланыштырып бийликти легитмдештирүү, б) генеологиялык жактан легитимдештирүү, в) электоралдык легитимдештирүү, г) бир образды үлгү катары туурап карап легтимдештирүү, д) нормаларды сактоо жолу аркылуу легитимдештирүү, ж) өзгөчөлөнгөн күчтүн жардамы аркылуу легитимдештирүү. Бийликти легитимдештирүүнүн өзөгүндө, коомдун материалдык жана руханий жыргалчылыгы мамлектеттеги өкүм сүргөн тартипти сактоого байланыштуу, ал тартип элдин кызыкчылыгына шайкеш келет, мамлекеттеги тартипти жеке инсандар, коомдук ишмерлер гана камсыздандыра алат деген ишеним жатат.

Орто Азиянын тарыхында 167 жыл өкүм сүргөн Кокон хандыгынын тарыхында бийликти легитимдештирүү маселеси кандай жүргөн. Фергана өрөөнүндөгү көчмөн жана отрукташкан калк тарабынан түзүлгөн хандыкта, хан тактысы ар дайым талаш болуп келгени белгилүү. Эки атаандаш тараптын (үчүнчү тарапта болгон) так талашуудагы саясий күрөшүндө чагымчылдык, кутумчулдук ыкмалар колдонулуп, ордо төңкөрүшү талап-тоноочулук, кандуу кагылышуу менен бүткөнү белгилүү.

Кокон хандыгындагы бийликти лигитимдештирүү маселеси бир катар окумуштуулар тарабынан изилдөөгө алынган.Революцияга чейинки доордогу белгилүү чыгыштаанучулар В.Бартольд, В.П.Наливкин, Н.И.Веселовскийдин эмгектеринде “Алтын Бешик” туурасындагы легенда чагылдырылган. “Алтын Бешик” легендасына байланышкан бийликти легитимдештирүү маселеси азыркы белгилүү окумуштуулар Т.Бейсембиев, Б.Бабаджановдордун эмгектеринде чагылдырылган. Акыркы эки окумуштуу жергиликтүү кокон тарыхнаамасына кеңири анализ жүргүзүшүп, бийликти закондоштуруудагы тектик(генеологиялык) мифологиялык идеологиянын ролуна кеңири токтолушкан.

Өз үчүрүнда Түркстан тарыхына кайрылган В.Бартольд Ортоазиялык династияларда монгол баскынчылыгынан кийин бийликти закондоштууруун: чыңгызиддер жана сайиддер (сайиддер- мусулман дүйнөсүндө Мухаммед пайгамдардардын кызы Фатимадан жана пайгамбардын аталаш тууганы Али ибн Абу Талибтен таргандар сайиддер деп аталган) менен туугандык байланышта болгон эки булагы колдонулуп келгендигин белгелеген . Орто Азиядагы ири мамлекеттерден болгон Бухара, Хива, жана Кокон хандыктарынын башкаруу чөйрөсүндө “чыңгызиддердин” салтуу укуктары менен катар шариаттын нормалары да отурукташкан, көчмөн калктардын арасында сакталып келгендигин көп тарыхый булактар тастыктап турат.

Хандык бийликти легитимдештирүүдө миң династиясына байланышкан “Алтын Бешик” жөнүндөгү легенда, андагы башкы фигуралар Чынгыз хан, Амир Тимур туурасындагы тектик мифология башкы ролду ойногон. Кокон хандыгы боюнча көлөмдүү эмгек жараткан чыгыштаанучу В.Наливкиндин эмгегинде “Алтын Бешик” туурасындагы легенданын мазмуну кеңири сүрөттөлөт. Легенданын негизги мазмуну төмөнкүдөй: 1709 жылы Кокон хандыгын негиздеген Шахрух бий генеологиялык жактан Бабур, Тимур менен туугандык байланышта болгондугу сүрөттөлөт. Шейбаниддерден качкан Бабур Самарканддан Фергана аркылуу Индияга жол тарткан. Ходжент менен Канибадамдын аралыгында баратканда аялы Сейдафакдын толгоосу кармап, Бабур балалуу болот.

Наристени жанындагы баалу буюмдары менен (алтын бешик, куру ж.б.) жолго жолго таштап кетүүгө аргасыз болот. Бул аймакта кыргыз, кырк, кыпчак, миң уруулары жашап тургандыгы эскертилет. Наристени жергиликтүү тургундар асырап алышат. Баланын жанындагы калтырылган баалуу буюмдар анын тектүү жердин баласы экендигинен кабар берип турган. Наристеге Алтын Бешик ысымын беришип, миң урусуундагылар тарбиялай баштаган. Жетилгенде ага төрт уруудан төрт аял алып беришет. Алтын бешиктин миң уруусундагы аялы уул төрөп, атын Тиңир Яр коюшат.Теңир-Ярдын урпактары Кокон хандарынын династиясын негиздөөчүлөр болот. Тарыхый легенданын кыскача мазмуну ушундай.Легендада белгиленгендей өзбектердин миң уруусу Алтын Бешик жана анын урпактары менен никелик жактан гана туугандык байланышта болгондугун белгилеп жатат.

Кокон доорунда жазылган мусулман авторлорунун эмгектерине тарыхнаамалык анализ жүргүзүшкөн Т.Бейсембиев, Б.Бабаджановдор “Алтын Бешик” туурасындагы легенданын бир канча варианттары бар экендигин белгилешет.

Тарыхый фактыларга кайрылсак, бийликти легитимдештирүү маселеси Кокон доорунда эле жарала калган эмес, монгол чабуулунан кийин түптөлгөн бир катар мамлекеттерге таандык көрүнүш экендигин байкоого болот.Алгач Чынгыз хан, Тимурга байланышкан генеологиялык айрым бир фактыларга токтолуп көрөлү. Монгол доорундагы тарыхый булактардын бири Рашид ад-диндин эмгегинде Чыңгыз хандын теги туурасында, төмөнкүдөй легенда айтылат: Алангоа (Чыңгыз хандын түпкү чоң энеси) түндүктөн түшкөн нурдан боюна бүтүп, нурдан Бугу-хадаги, Бухату-Салджи, Боданчар аттуу үч уул төрөгөн. Түндүктөн түшкөн нур “кудайдын нуру” катары эсептелип, чыңгыз хандын уругу “алтын урук” (золотой род) катары бааланып, “алтын уруктан” таргандар гана хан тактысына укуктуу деген түшүнүк салттка айланган.Чынгызиддердин урпагы болуу, хан тактысына ээ болуу укугунун кепили эле.

Кандай гана башкаруучу болбосун ал чынгызхандын тегинен таркаган болуш керек деген ишеним коомдук аң-сезимде бекем калыптанган. Т.Бейсембиев белгилегендей Осмон башкаруучуларынын бийлиги кулаган соң, Гирейлер династиясынын урпактары, (Хаджи I Гирей Крым хандарынын династиясын негиздөөчү, бул династия XVк -1783 жылга чейин Крым мамлекетинде бийлик жүргүзүшкөнү белгилүү) Чынгыз хандын улуу баласы Джучинин урпактары деп эсептелген Крым хандары такка келет деген ишеним Осмон империясында гана эмес, Европада кеңири таркаган. Өзунун тегин Чынгыз хандын урпактары менен байланыштырган генеологиялык бутак жаратып, бийлике келүү, бийлигин закондоштуруу салты монгол чабуулунун кийин түзүлгөн көп мамлекеттерге таандык көрүнүш экендигин байкоого болот.

Ушундан улам өзү чынгызиддерге жезде “гурхан” катары бааланган Амир Тимурдун түпкү тегин да Чынгыз хан менен байланыштырган тектик мифология да жаралган. Маселен, Амир Тимур доорунда жазылган тарыхый булактардын бири Шараф ад-дин Али Йаздинин “Зафар-нама” - аттуу эмгегинде, Тимурдун тегин Алангоа аркылуу Чынгыз хан менен байланыштырат. Анын пикири боюнча Алангоанын алыскы урпактары болгон бир туугандар Каджули жана Кабулдан Амир Тимур жана Чынгыз хандын ата-теги тараган. Ушуга үндөш версияны казактын белгилүү санжырачысы Шакирим Кудайберди уулунун санжырасын байкоого болот. Алсак, анын санжырасы боюнча Боданчардын урпагы Түмендин Кажул, Кабул атуу эки эгиз баласы болгон. Кабулдан Чынгыз хандын, Кажулдан Тимурдун теги тараган. Демек барластардын теги Кажулдан, Чыңгыз хандын теги Кабулдан, Кабул жана Кажул Тумандын эгиз балдары болушкандыгы жөнүндөгү тектик легенданы Тиму доорундагы башка булактардан да кездештирүүгө болот. Ошентип, Чынгыз хандын тегинен болбогон Амир Тимур, өз бийлигин легитимдештирүү үчүн, ата-тегин Алангоадан тараган деген версия жаралганын белгилеп кетүүгө болот.

Бирок, кийин Амир Тимурдун кабыр ташындагы (эпитафия) жазууга маанилүү өзгөртүү киргизилип, жаңы версия жаралган. 1941 жылы Самарканддагы Амир Тимурдун, анын балдары Мираншах, Шахроха жана неберелери Улукбек жана Мухаммед султандын көрүстөнүн ачуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, комиссиянын курамында чыгыштаанучуу А.А.Семенов болгон. А.А.Семенов Тимурдун анын урпактарынын кабыр таштарын ачуу мезгилинде, мүрзө таштагы Тимуриддердин генеологиясына байланышкан араб тилинде жазылган тектсти көчүрүп алып, аны жарыялоого жетишкен. Кабыр таштагы жазууда Тимур менен Чынгыз хандын ата-теги бир болгон төмөнкүдөй версия келтирилген: көрүстөн- Амир Тимур “гургендин” көрүстөнү.

Тарагайдан Баргул, андан Айлангир, андан Иджил, андан Караджар Нойон, андан Сугуджиджин, андан “барлас”Ирдамчи, андан Качулайдын баласы Туман тараган. Кабыр таштагы жазуу ушул жерден ажырап, Чынгыз хандын генеологиясы уланат. Есукейден тарган Чынгыз хандын урпактары Бартан, Кабул, Туменай, Байсунгур, Кайду, Тутумтин, Бука, Бузанджирдин аттары аталат. Боз үйдүн түндүгүнөн нур аркылуу кирген адамдын аты белгисиз болуп, аялдын аты Алан Кува (Алангоа) аталып, ал нур “арстан Аллахтын” нуру болгон, тагыраак айтканда Али ибн Аби Талибандын нуру болгон деп жазылат. Демек, Тимурдун тегин энелик тараптан чынгызиддер менен байланыштырса, аталык тараптан пайгамбардын теги менен байланыштырып, тимуриддерди шейиттер кылып көрсөтүүгө аракет жасагандыгы көрүнүп турат. Экинчиден, көрүстөндөгү жазуу Чынгыз хан менен Тимурдун түпкү ата-бабалары бир туугандар Качулдан, Кайдудан тараган- деген генеологиялык версияны ырастап жатат. Демек, бул көрүстөндөгү жазуудан бийликти легитимдештирүүдө чынгызиддик жана исламдык моделдин колдонула баштаганын байкоого болот.

Жогорудагы мамлекеттик бийликти легитимдештирүүнүн чынгызиддик жана исламдык салтты Кокон хандыгында “Алтын бешике” байланышкан легенда кайталангандыгын байкоого болот.”Алтын Бешик” легендасынын жаралышына анализ жүргүзгөн Б. Бабаджанов легенда хандардын көрсөтмөсү менен жазылып, улам толукталып, анын 6 варианты иштелип чыкканын белгилейт .Качан жана ким тарабынан миң династиясынын бийликти легитимдештирүү идеясы көтөрүлгөну белгисиз.Т.Бейсембиев: “Алим хандын хан титулун алышы менен “Алтын Бешиктен” тарагандар Кокон хандыгын бийлөөгө акылуу,- деген укук өзүнүн калыптануу чегине жеткен” - деп жазат. Бирок, Б.Бабаджановдун пикиринде хандардын ичинен биринчилерден болуп, Омор өз бийлигин легитимдештирүүгө аркет жасаган.Алсак, хандын тапшырмасы менен ордодо кызмат өтөгөн Абд ал-Керим Намангани “Умар-нама” - аттуу поэмасында, миңдер династиясы тектик жактан Бабур менен туугандык байланышта экендигин биринчи жолу эскерет. Бирок, Абду ал-Керим Наманганинин чыгармасына нааразы болгон хан Мирза Каландар Исфараги аттуу адамга өзүнүн генеологиясынын жаңы версиясын түзүүгө көрсөтмө берет.

Түзүлгөн жаңы варианттын негизги сюжети миң династиясынын генеологиясы чынгизиддик жана исламдык жактан тектик туугандык байланышта экендигин далилдөө болгон. Чындыгында Омор хан Исфарагинин алдына “сайиддик” жактан тектик байланыштыруу көрсөтмөсү оор тапшырмалардын бири болгон. Ага карабастан Исфараги кыйын кырдаалдан жол таап, миңдердин генеологиясын сайиддер менен Тимуриддер аркылуу байланышкан тектик мифологияны түзөт. Исфараги Омор хан бир элу учурда энелик да, аталык да тараптан саййиддерден таргандыгы тууралуу тектик бутакты жаратат. Омор хандын теги сайиддерден тарган деген версия Хаким хандын “Мунтатахаб-ат таварих” аттуу эмгегинде да сүрөттөлөт.

Кийинки тарыхчылар болсо, бул божомолду толукташкан.Ошентип чынгызиттик генеологияга алымсынбаган Омор хан, өзүнүн ордодогу тарыхчысы аркылуу энелик тек боюнча саййиддердин урпагы болоорун жарыя кылган. Демек, Омор хандан баштап бийликти легитимдештирүүнүн чынгызиддик гана эмес диний (исламдык) ыкмасы колдонула баштаган. Б.Бабаджановдун пикири боюнча, бийликти закондоштуруунун диний идеясынын демилгечиси, заказчиги Омор хан болгондугун белгилейт”. Демек, Омор хан бийликти легитимдештирүүдө монголдук салтты гана эмес, диний исламдык салтты колдонулгандыгын далилдөөгө аракет жасаган.Т.Бейсембиев, Б.Бабаджановдор белгилегендей “Алтын Бешкиктен” тарагандар Кокон хандыгын бийлөөгө укуктуу деген тектик мифологиялык идеология -бийликтин булагы катары Кокон хандыгынын тарыхында кызмат кыла баштаган.

Академик В.Бартольд өз мезгилинде “монгол империясынын салты акырындап ислам маданиятынын таасирине өтө баштаган” -деп жазат. Бирок, “закондуу бийликтин” исламдык модели- бийликти закондоштуруунун чыңгызиддик булагын, салтын жойгон эмес. Жогоруда байкалып тургандай Кокон хандыгында бийликти легитимдештирүүнүн эки булагы тең колдонула берген.

Алтын Бешик легендасынын мазмунунан саясий, социалдык-этникалык мүнөздөгү идеологияны табууга болот. Алсак, легенда боюнча бешике орологон баланын буюмдарын ошол аймакта жашаган түрк уруулары тарабынан ич ара тең бөлүнүштүрүлөт. Биринчиден, бири бешикти, бири баланы, бири алтын курга ээ болуусу, уруулардын биримдигин, достугун, сактоого багытталган символ катары кароого болот.Экинчиден, “Алтын Бешикти” ошол аймактагы эл таанып, ага баш ийиши- бийликтин туруктуулугун сактоочу символдук көрүнүш.

Легенданын этникалык мааниси да терең. Легендадагы башкы фигуралардын бири Бабур, Фергана өрөөнүндө өз бийлигин жоготкону менен Индияга барып кайрадан бийлик жүргүзөт. Бул идеяны берүү менен миңдер династиясынын өкүлдөрү кайрадан бийлике келүүгө укуктуу, акылуу деген ой айтылып жатат. Экинчи символикалык фигура Тимур. Ошол доордогу элдин аң-сезиминде- ал баша аламандыктан тарип орноткон каардуу образ, ошол эле учурда акыйкат башкаруучунун символун алып жүрүүчү инсан.

Бийликти легитимдештирүүнүн мейкиндик категориясы катары, хандардын мамлекетти территориялык жактан кеңейтүүгө жасаган аракеттерин кошууга болот. Алсак, Алим бек Ташкент, Курама аймагын каратып, хандыктын территориясын эки эсе кеңейткен соң, жез тыйын чыгара баштаган. Акча чыгаруу биринчиден, экономикалык өз алдынчалыктын белгиси болсо, экинчиден толук кандуу өз алдынча мамлекттин түзүлүшүн билдирген белги. Алимдин доорунда хандык Бухара хандыгы менен тең-ата мамиледе боло баштагын орус булактарында белгиленет. Алимге чейинки бийлөөчүлөрдүн баары бий титулун алып жүрүшсө, Алим “хан” титулун кабыл алууга жетишкен. Так ушул жогорудагы окуядан кийин “хан титулун” легитимдештирүү идеясы жаралып, Алим баштаган демилгени иниси Омор ишке ашырылган.

Ошентип исламдык норманы сактоо менен бийликти легитимдештирүүнүн бир версиясы иштелип чыгат. Эмне үчүн бийликти закондоштуруунун монголдук традициясы Орто Азиянын тарыхында көпкө чейин сакталып калган. Б. Бабаджановдун пикири боюнча: “алардын көз алдында Чыңгыз хандын каратып алган жерлери анын муундары үчүн “олжо” катары бааланган.Ошондуктан Чыңгыз хандын укугу бийликтин легитимдештирүүнүн булагы катары каралып кала берген” -деп эсептейт.Демек, Кокон тарыхында бийликти легитимдештирүүнүн чыңгызиддик жана исламдык нормалары айкалыштырып колдонулган. Мифтин түпкү максаты миң династиясынын бийлик жүргүзүшү укуктуу, табигый көрүнүш экендигин, тактап айтканда закондуу экендигин далилдөө болгон.

Каралып жаткан доордо көчмөн кыргыздар өз алдынча мамлекет түзүп, хандык бийлик орнотууга аракет жасадыбы? Кокон хандыгына Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймагынын баш ийүүсү бирдей болгон эмес. Кокон хандыгында 1841 жылы Мадали хан өлтүрүлүп, бийлик бухаралыктарга өткөн учурда кыргыздар бийлике жетүүнүн амалын көрө баштаган. Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө сарбагыш уруусунун манабы Ормон 1842ж “Балыкчынын башындагы Карала-Сазда же Кочкордон чыга бериштеги Орто-Токойдо” кыргыздардын ири уруу бирикмелеринин топко чакырган. Хан көтөрүү салтынын бардык жол жобосу аткарылып, ушул жыйында Ормон хан көтөрүлөт.Ормон хандын чечкиндүү аракеттеринин аркасында мамлекеттүүлүктүн айрым негизги белгилери, атрибуттары калыптана баштаган. Борбордошкон мамлекет түзүү зарылчылыгы болгонуна карабастан, көчмөндүүлүк шартта, андай мамлекет түзүүгө аракеттер гана болгон,- деп айтуу чындыка жакын.

Кокон хандыгынын түптөнүшүнө түздөн-түз катышып, анын саясий турмушунда олуттуу ролду ойногон түштүк кыргыздар үчүн бийлике жетүүнүн шарты да, жолу да башка болгон. Мадали хан каза болгондон кийин, кыргыздын аксөөк билермандары бийликти алуунун жолун издей башташкан.Алтын Бешиктин урпактары менен байланышы жок кыргыздар үчүн, энелик тараптан туугандык байланышта болгон миң династиянын өкүлү аркылуу гана бийлике жетүү жолу бар эле. Тарыхый булактарда маалым болгондой Нарбото бийлик жүргүзгөндөн баштап, миңдер династия өкүлдөрүнүн кыргыздар менен никелик байланышта болушкан. Алсак, Нарботонун аялы кыргыз, анын иниси Хаджи бийдин аялы Чаткалдык кыргыздардан болсо, Шералынын аялы Жаркынайым Аксылык саруунун кызы экендиги маалым.

Түштүк кыргыздардан ордо ишине түздөн-түз арлашып жүргөн Нүзүп бул саясатты мыкты түшүнгөн. Нүзүптүн хан болууга лидердик сапаты, эл арасындагы аброю, эрки, аскердик тажрыйбасы да, жетишерлик эле (кыргыздардын арасынан Нүзүп гана эмес). Бирок, Нүзүп хан болуу укугуна ээ болгон Алтын Бешиктин урпактарынан эмес эле. Салттка айланган мамлекеттик бийликке жетүүнүн тектик “мифологиясы” Нүзүп өңдүү кыргыздардын хан тактысын элөө укугунан ажыраткан.Хан ордосундагы “ордо оюндарын” жакшы түшүнгөн Нүзүп баш болгон кыргыздын аксөөк билермандары “кыргыздашкан” миң династиясынын өкүлүн бийлике алып келүү амалын издей башташкан.

Артка кайрылсак, Нарбото көз жумган соң, салт боюнча такка анын иниси Хаджы бий (анын балдары Алим, Омор жаш болгондуктан) келиш керек эле. Бирок, Алимди такка олтургузууну каалаган тарап уюштурган кутумдун натыйжасында Хаджы бий көз жумган. Бул туурасында В. Наливкин минтип жазат: «1808-ж. Алим хан өзүнүн агасы Хаджы бийди өлтүртөт, анын эки улуу Улукбек жана Шералы атасы өлгөн соң Чаткалга качып кеткен. Улукбек капысынан эски тамдын урандысы басып каза болгон. Ошол кезде 14 жаштагы Шералы болсо, андан ары Таласка качып барып ал жерде бир оокаттуу кыргыздыкында жашап, үйлөнгөн». Ч. Валиханов болсо, өзүнүн “Записка о Коканском ханстве” деген макаласында кыргыздар менен туугандашкан Шералы жашында эле “саруулардын бийи Аджибайдын колунда” жүргөнүн белгилейт.

Ал эми белгилүү тарыхчы Д. Сапаралиев: «...Өзүнүн ата-тегинин салтын уланткан Шералы Жаркынайым (саруу) жана Сонно Айым (багыш) аттуу эки кыргызга үйлөнүп, 35 жыл куугунтуктоодон жашырынып, таластык уруу башчыларынын бири Ажыбек бийдин колунда турган». -деп Ч.Валихановдун оюн ырастайт.Демек, миң династиясынын өкүлү Шералы тарыхый кырдаалга байланыштуу Таластык кыргыздардын арасында жашап калган. Шералыны алыс жерде асырап, кези келгенде, хан көтөрүү максатын көздөгөндөрдүн бири Нүзүптүн атасы Эсенбай болгон. Алимдин куугунтугунан сактап, 14 жаштагы Шералыны Таласка алып барып жайгаштырат.Шарты келгенде баланы такка олтургузууну күтүп жүргөн кыргыздар, Шералы менен тыгыз байланышта болгон. Бул туурасында В.Наливкин: “өзгөчө намангандык, чусттук кыргыздар 35жылга жакын Таласта жашап жаткан миң династиясынын өкүлү Шералы менен тыгыз байланышта болушкан” -деп белгилейт.

Ошентип, Нүзүптүн демилгеси менен Тасаласта жашап жаткан Шералыны хандыка көтөрүү идеясы көтөрүлөт. 1842-ж жай айында Нүзүп баштаган делегация Таластан Шералыны алып келүүгө жөнөгөн. Шералыны үй-бүлөсү менен Аксы районунун Кара-Суу айлындагы Жаркынайымдын атасынын үйүнө көчүрүп келет. 1842-жылы Нүзүн бийдин жетекчилиги астында, Сафид-Булаңда чогулган аксылык кыргыздар Шералыны хан көтөрүшөт.Коконду алуу үчүн Нүзүптүн буйругу менен Чаткал, Ала-Бука, Аксы аймактарынан аскер, курал-жарак топтолуп, Алайлык кыргыздарга да кабар жиберилет.1842-жылы Нүзүптүн жетекчилиги астындагы кыргыздар ордону алууга аттанган.Коконду курчоого алып, Бухара эмиринин марионеткасы Ибрагим хайал тактан кулатылат. Ордону ээлеген кыргыздар Шералыны Кокон ордосундагы хандык такка олтургузушат. Нүзүп миң башылык кызматты ээлейт. Хандыктагы бийликтин башка орундарын кыргыздар ээлешет. Ошентип Кокон хандыгындагы 1840-1842 “коогалаңдуу жылдардагы” саясий кризистин натыйжасында, кыргыздар саясий аренага кайрадан чыгышып, Кокон хандыгын башкарууга активтүү катыша башташкан.

Биз жогоруда сөз кылып жаткан бийликти легитимдештирүүнүн айрым үлгүлөрү кыргыз коомчулугунун саясий турмушунда болгонбу деген законченемдүү суроо жаралат. Көчмөн кыргыз элинде хандык бийлик орнобой Россия империясына каратылганга чейин элди манап, бийлер башкарып келишкени белгилүү.Чоң бийлердин арасынан манаптар социалдык катмар катары кыргыз коомчулугунда XVIIIк. бөлүнүп, социалдык тепкичтин эң жогорку бөлүгүн түзүшкөн. Административтик функцияны аткарышкан манаптар бир катар иммунитеттерге ээ болушкан. Кыргыз тарыхнаамасында бүгүнкү күнгө чейин “манап” термини кайдан келип чыкканы окумуштуулардын арасында бир катар пикирлерди жаратып келүүдө.Алсак, эгемендүүлүк доорунда эле мапапчылык маселесине арналып, О.Осмонов, А.Жумагулов, А.Жуманалиев, Д.Сапаралиев сыяктуу окумуштуулардын макалалары жарык көрдү. Манап тукумдары өз бийлигин легитимдештирүү үчүн, “тектик мифологиянын” диний ыкмасын колдонушу мүмкүн. Манап аттуу инсан өз бийлигин легитимдештирүү үчүн өзүнүн тегин диний фактор менен байланыштырышы да мүмкүн. Айрым фактыларды келтирели.

Кыргыз окумуштууларынын көпчүлүгү “манап” терминин жаралышын болжол менен XVII кылымда жашап өткөн Манап (адам аты) бийдин ишмердүүлүгү менен байланыштырышат. “Манапчылык” термини жана титулу XVII кылымдан тарта кыргыздардын коомдук-саясий аренасына жаралып, XIX кылымда болсо Кыргызстандын түндүгүнүндөгү уруулар арасында социалдык-сясий институт катары калаптанган” - деген пикирди А.Жуманалиев белгилейт. Анын пикиринде манаптар бир эле учурда бийлердин, аксакалдардын, баатырлардын тарыхый мураскору катары, функцияларын өзүнө алып, алардын статусун чектешкен. Окумуштуу А.Жумагулов алгачкы кыргыз тарыхчысы Б.Солтоевдин эмгегинде белгиленген элдик уламышка таянып, “манап” этимологиясынын кайдан жаралгандыгын далилдөөгө аракет жасайт.

Санжырага ылайык Манап бийдин энеси Асылкан (кээ бир уламыш боюнча ысымы Жезбийке). Дөөлөстүн байбичеси Меншек төрөлгөн баласын тартып алганда, балага ысым берүүнү суранган.Асылкан(Жезбийке) намангандык олуя-кожонун кызы болгондуктан, ислам дини пайда болгонго чейинки мезгилдеги арабдардын идолдорунун ысымдары ага белгилүү болгон. Ошондо Асылкандын сунушу менен баланын аты – Манаф болгон. Кийинчирээк тилдик өзгөчөлүктөрдүн негизинде Манаф-Манап болуп өзгөрүлүп кеткен. А.Жумагулов “манап” терминин тамырын ошол байыркы араб урууларынын исламга чейинки сыйынган идолдорунан издеген. Тарыхый документалдык материалдарга кайрылсак, Манаф-байыркы араб уруулары Курайш жана Хузаилдердин сыйынган идолу катары кездешет. Ошондуктан курайшиттер өздөрүнүн балдарына “Абдулманаф” ысымын көп беришкен, бул “манафтын кулу” деген мааниге келет.

А. Жумагулов “байыркы араб урууларынын ысмы Манаф, сарыбагыш уруусунун феодалы Манаптын ислам динине киришинден улам берилген” -деген бүтүмгө келген.Тарыхтан белгилүү болгондой ислам дини монотеисттик дин катары, исламга чейинки политеисттик мүнөздөгү ишеничтин атрибуттарын миссионердик иштердин жүргүзүлүшүндө колдонууга тыюу салган. Буга мисал катары Мухамед пайгамбар 630-жылы Меккеге Мединадан келгенде, Каабадагы 360 идолдун айкелдерин жок кылууну буйрук кылган. Ошондой болсо да, Мухамед пайгамбардын генеологиясында бул ысымдын сакталып калгандыгы белгилүү, анын толук ысмы Muhammed b. Abd Allah b. Abd al-Muttalib b. Haşim b. Abd Manaf.

Манапка байланышкан ысымдар А.Жумагулов белгилегендей өзбек, казак, түрк, Түндүк Кавказдын мусулман элдеринде кеңири таралгандыгы белгилүү. Балким, бул ысымдын аталышын байыркы идолго байланыштырып койбой эле, кыргыз коомчулугунда жогорку социалдык катмарын түзүшкөн манаптар бийлигин легитимдештирүү максатында өз тегин Мухамед пайгамбардын жакындары менен байланыштырышы мүмкүн. Алсак, Мухаммед пайгамбардын чоң атасынын аты Абд Манаф ибн Кусай болсо, пайгамбардын апасы Амин бинб Вахбдын атасынын аты- Вахб ибн Абд аль-Манаф болгон. “Манаф” Түндүк жана Борбордук Аравияда байыркы гректердин мифологиясындагы асман кудайы Зевс менен катар баалаган байыркы араб ысмы Балким, “манап” ысым катары сарыбагыш уруусунун бийине, Мухаммед пайгамбардын чоң атасы Абд Манаф ибн Кусайдын атынан аздектеп коюлушу ыктымал. Abd-Menaf- кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайык Манап деп өзгөрүшү толук мүмкүн. Алгач Сарыбагыш уруусунун ичинде таралса, кийинчирээк аймактык-территориалдык жактан жакын жайгашкан урууларга таралып, XIXк. болсо социалдык катмар катары калыптанган. Демек, Кокон хандары бийликти легитимдештирүүнүн булагы катары өздөрүн чынгызиддик жана исламдык тектик мифология менен байланыштырса, кыргыздын башкаруучулары манаптар тегин пайгамбар менен байланыштырып, исламды бийликти булагы катары колдонушу толук ыктымал.

Бийликти легитимдештирүү маселеси бир гана Орто Азия мамлекеттерине тийешелүү көрүнүш эмес. Дүйнөлүк тарыхтан бир топ мисалдарды келтирүүгө болот. Орто кылымдагы орус мамлекетинин түзүлүшүнө байланышкан айрым бир фактыларга токтолуп өтөлү. XIVк.аягы –XVк. башында Борборлоштурулган орус мамлекетинин түзүлүшүнө Москва княздыгы аны башкарган Иван I, Иван II, Иван III негизги ролду ойногону белгилүү. Байыркы салт боюнча бийлик мураскору Тверь княздыгы болчу. Биринчиден, саясий, социалдык-экономикалык жактан жогорулаган Моска княздыгынын алдында жалпы орус жерлерине ээлик кылуу, башкаруу укугун далилдөө зарыл болгон. Экинчидер, жаңы түзүлгөн Борборлошкон Орус мамлекетин Батыш Европа мамлекеттеринин тааныш керек эле. Үчүнчүдөн, Василий III алдында Москва княздыгынын ролун жогорулатуу гана эмес, өзүнүн бийлигин лигитимдештирүү үчүн жаңы идеология зарыл болгон.

Орус тарыхнаамасында белгиленгендей бийликти лигитимдештирүү үчүн үч идеясы жаралган: биринчиси, Москва княздыгы Киев, Владимир княздыктарынын уландысы. Бул идея боюнча улуу княздын бийлигинин бутагы- бул кудайдын өзү деп эсептелген. Кудай улуу князга орус жерлерин башкарууну тапшырган. Экинчи идея “Сказания о князах Владимирских” аттуу эмгекте сүрөттөлөт. Бул чыгарма улуу княздын авторитетин чыңдоо, бийликтин закондуулугун бекемдөө үчүн саясий максатта XVIк жаралган чыгармалардын бири. “Сказание” кайсыл мезгилде түзүлгөнү белгисиз, анын бир канча вариантары бар экендиги белгилүү. “Сказаниядагы” легендага байланыштуу орус кньяздарынын теги байыркы Рим императоруну Августун бир тууган иниси Прустан таралган. Прус бир жагынан Октавиан Август менен тууган болсо экинчи жагынан Рюрик менен тугандык байланышта болгон. Рюрик болсо өз убагында Новгородко княздыка чакырылганы белгилүү (албетте Рюрике байланышкан маселе орус тарыхнаамасында көп талаштарды жараткан).

“Саказание” боюнча Влдамир Монамах болсо падышанын регалдарын византия императору Константин Мономахтан алган. Демек, “Саказание” чыгармасында улуу княздын бийлиги византиялык императорлордун бийлигини уландысы концепциясы жаралат.Бул идеяны жараткандардын бири митрополит Зосима болгондугу оус тарых булактарында айтылат.Үчүнчү идея, Москва –үчүнчү Рим идеясы («империяны которуу») концепциясы псковдук монах Филофеев тарабынан түзүлүп ВасилийIII тушунда толук калыптанган.Тарыхта белгилүү болгондой, чыгыштан барган көчмөн хунндардын жоортуулунан натыйжасында 476 ж. Рим империясы Батыш, Чыгыш болуп экиги бөлүнгөн. Византия мамлекетинин борбору Константинополь Рим империясындагы христиан динин борбору, мураскору катары жашай баштаган. Бирок, 1453жылдагы Осмон империясынын жоортуулунун натыйжасында, Византия империясы кулап, мусулман дини үстөмдүк кыла баштайт.

Православдардын борбору болгон Константинополь өз жашоосун токтоткон. Ушул окуядан соң дүйнөдө, христиан динин коргой турган мамлекет,анын мураскору зарыл болгон.Ушундай тарыхый кырдаалда Вазилий III өз бийлигин легитимдештирүү максатында Москва христиан динин Римден кийинки коргоогочу мамлекет катары, Москва үчүнчү Рим концепциясы жаралган. Филофеем 1510 жылы Василий III жазган катында: “Эки Рим кулады, үчүнчүсү ордунда турат, төртүнчүсү болбойт” -жазган. Демек, орус чөйрөсүндө жаралган саясий легенда, москва княздыгы өзүнүн жекече бийлигин бекемдөө максатында, тегин улуу дүйнөлүк монархиялык бийлик, жана христиан дини менен байланыштырган. Мындай мисалдарды башка мамлекеттердин тарыхынан да кездештирүүгө болот.

Жыйынтыктап айтканда, жогорудагы салыштырма тарыхый анализден көрүнүп тургандай бийликти лигитимдештирүү масесели социалдык-экономикалык, сасий-укуктук, нравалык, диний көрүнүштөр менен айкалышкан өзгөчө феномен болуп саналат. Кандай гана бийлик болбосун, легитимдештирүү, ар бир доордун талабы, муктаждыгы болгон. Калың эл тараптан легитимдүүлүктү колдоо бийликтин туруктуулугуна, бекемдигине шарт түзгөн. Ошондуктан, тарыхый кырдаалга жараша, жалпы эл ишеним арткан легитимдештирүүнүн ар кандай формалары колдонулуп келген.

Жээнбек Алымбаев, тарых илимдердин доктору

Анке фон Кюгельген Легитимация среднеазиатской династии мангитов в произведениях их историков (XVIII –XIX)-Алматы., 2004.-54 -58-бб.

Бартольд В. Теократическая идея и светская власть в мусульманском государстве || В. Бартольд. Соб соч.Т.6.; Наливкин В. Краткая история Кокандского ханст ва. -Казань., 1886; Веселовский В. Новые материалы для истории Кокандского ханства. // Журнал Министерство народного просвещения.-СПб., 1886

Бейсембиев Т.К Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII –XIX веков.- Алматы., 2009; Бабаджанов Б.М. Кокандская ханство: власть, политика, релегия.-Токио-Ташкент.-2010

Бартольд В. Теократическая идея и светская власть в мусульманском государстве || Сочинение.Т.3-М.,1965.,-262-266.бб.

Наливкин В.В. Краткая истори Кокандского ханства - С. 48-51-бб..

Рашид ад-дин Сборник летописей-Т.1.кн.2.-М.,1952.- С.145

Бейсембиев Т.К Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII –XIX веков- С.222.

Бабаджанов Б. Кокандское ханство: власть,политика, релегия.- С.308

Шакрим Кудайберды- улы Родословная тюрков, казахов, киргизов.Династии ханов.-Алма-Ата., 1990. - 90-94-бб

А.А.Семенов Надписи на надгробиях Тимура и его потомков в Гур-и-Эмире// Эпиграфика востока-II.-М., 1948, 52-б.

А.А.Семенов Надписи на надгробиях Тимура и его потомков в Гур-и-Эмире// Эпиграфика востока-II.-53, 58бб.

Бабаджанов Б. Кокандское ханство: власть,политика, релегия.-С. 2010

Бейсембиев Т.К Кокандская историография. Исследование по источниковедению Средней Азии XVIII –XIX веков.- С.222.

Бабаджанов Б. Кокандское ханство: власть,политика, релегия.- С.338

Бабаджанов Б. Кокандское ханство: власть,политика, релегия.- С. 315-324-бб.

Бабаджанов Б. Кокандское ханство: власть,политика, релегия.- С.365-388

.Бартольд В.Теократическая идея и светская власть в мусульманском государстве- С.303-319

БабаджановБ. Кокандское ханство: власть,политика, релегия.-С.311

Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду.XIXкылымдын ортосу- XXкылымдын башы.- Б.,2003,- 43-44 -бб.

Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду.XIXкылымдын ортосу- XXкылымдын башы.- 285б.

Бабаджанов Б. Кокандское ханство: власть,политика, релегия. -С.211; В.Наливкин Краткая история Кокандского ханст ва. –С.- ;Р.Н.Набиев Из истории Кокандского ханства.-Ташкент,1973,-С.30, 282,

Наливкин В. Аталган эмгек , – С. 145.

Валиханов Ч. Записка о Коканском ханстве.- Собр. соч. - А. 1985, Т.3, -С. 321

Сапаралиев Д. Этнополитическая история Оша и его окрестностей сXVI досередины XIX века, -Б.,1995.-С. 88.

Наливкин В. Краткая история Кокандского ханст ва. – С.88

Осмонов О. Манап бий. ||Кыргыздар. -6-бөлүк.- Бишкек, 2003; Джумагулов А. Термине манап // Известия АН КР, Общественные науки. №4.- Бишкек, 1991; Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана.- Бишкек, 2002; Сапаралиев Д.Кыргыз мамлекет башкаруучуларынын эн жогорку титулдары жөнүндө // Кыргыз тарыхынын маселелери.-№2-Бишкек, 2006; Ормон хан илимий эмгектерде жана архивдик материалдарда.-Бишкек, 2002.

Джуманалиев А. Политическая история Кыргызстана.-С. 49-53.

Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы.-Бишкек, 2003., -112-б

Джумагулов А. О термине манап// Известия АН КР, Общественные науки. №4.- С.65

Islam Ansiklopedisi. 7 cilt.- Eskisehir,1997, -761-б.

Джумагулов А. О термине манап// Известия АН КР, Общественные науки. №4.- С.68

Islam Ansiklopedisi. 6 cilt.- Eskisehir,1997, -385-386-б.

Islam Ansiklopedisi. 7 cilt.- Eskisehir,1997, -761-бет.

«Сказание о князьях Владимирских»// Памятник литературы древней Руси: конецXV- пер пол.XVI века.- М., 1989.

Дмитриева Р.П. Сказание о князьях владимирских.-М., 1955.-С.67.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью
Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×