Добавить статью
14:34 10 Января 2017
Кыргыздардын эгемендүү борборлоштурулган мамлекетик — Кара кыргыз хандыгы жөнүндө жаңы даректер

(Кара кыргыз хандыгынын жарыяланышынын 175 жылдыгынын урматына)

Кыргыз элинин тарыхындагы бүдөмүк суроолордун бири, бул алардын жакынкы доордо - XVIII-XIX кылымдар мезгилиндеги мамлекетинин акыбалы жөнүндөгү маселе. Советтик тарыхнаамада көпчүлүк элдердин мамлекетинин тарыхына дыкаат мамиле жасалбагандыктан, бул жагдай негизиненн ачыкталбаган. Анын үстүнө мурун көчмөндөрдүн тарыхын изилдөөдө евроцентристтик (Европа калктарынын коомдук жана маданий өнүгүүсү өзгөчө бөтөн материктеги цивилизацияларга алдыңкы өрнөк болгон деген түшүнүк) көз караш үстөмдүк кылгандыктан, айтмакчы биз азыр деле андан арыла албай жатабыз, анткени кыргыздардын жакынкы эле XIX кылымдагы ортосу мезгилдеги мамлекети болгон эмес, «ханы жок - калк мамлекети жок эл» деген илимий даражалуу тарыхчыларыбыз, арабызда арбын десек жаӊылбайбыз. Бул мезгилде, биздин эл уруулук түзүлүштө болуп, бытырандыкка дуушарланган кыргыздар бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзө алышпады, деген жаӊылыш көз караш үстөмдүктө.

Ал эмес коӊшу Ферганада негизинен отурукташкан негизинен өзбек калкы жердеген убактылуу (кыска XIX кылымдын 60 жылдык) мөөнөткө мусулманчылыктын негизинде күчтөнгөн Кокон хандыгын кыргыздардын мамлекети катары таӊуулаган изилдөөчүлөрүбүздүн үнү күндөн күнүгө күчөөдө. Менимче бул жаӊылыш көз караш. Анткени ошол мезгилде кыргыз элинин басымдуу көпчүлүгү көчмөнчүлүктө жашагандыгы талашсыз. Ал эми көчмөндөрдүн турмушу өзгөчө жол менен өнүккөнүн белгилүү Россиялык түрколог Л.Гумилев дааналап, акыйкаттык менен мындай деп белгилеген: «көчмөн маданиятынын өз алдынча өнүгүү жолуна ээ, ал чет жакадагы жапайы жана дараметсиз эмес»1. Ошондуктан бул макала жогоруда биз белгилеген маселе кыргыз тарыхнамасында жетиштүү деңгээлде изилденбегендиктен, андагы коомчулуктун бүдөмүк жагдайдын ачыктоого багытталды.

XIX кылымдын биринчи жарымында кыргыз элинин бирдиктүү мамлекети жана анын саясий абалы жөнүндө көбүнчө орус архив документтеринен ынанымдуу маалыматтарды алабыз. Анда эмесе жаңы табылган жана мурдатан эле жарыяланган, бирок жаңыча талданган документтердин маазмундарына назар салалы.

1847-жылы 22-августа түзүлгөн орус архивдик маалымат боюнча «бүткүл кыргыз эли оң менен сол деп аталышат. Оң уруулар эки негизги сарыбагыш жана солто урууларынан турат. Бул кыргыздар Или дарыясынын ары жагындагы Ала-Тоо тоолорундагы эч кандай (башка - Д.С.) өкмөткө таандык эмес жерлерди ээлешет жана аларды ата-бабаларынын менчиги катары эсептешет. Эч кимдер менен (саясий көз карандылык - Д.С.) алакалары жок жана эч кандай алым (дань) төлөшпөйт, эч кимге көз-каранды эмес (ни от кого не зависимы). Сол уруулары - 10 уруудан турат: саяк, бугу, черик, басиз, адигине, багыш, түнгатар (саяктын уругу – Д.С.), кушчу, саруу, кытай. Бул кыргыздар кытай мамлекетине тиешелүү жерлерге маал-маалы менен барып көчүп конушат. Ал үчүн (арендага – Д.С.) акы төлөшөт. Бирок алар кытай төбөлдөрү эмес, эч кимден көз каранды эмес»2.

1851-жылы Императорлук орус география коомунун баяндамалары деген расмий журналында жарыяланган дарексиз автордун «Жапайы тоолук кыргыздар деген» макалада алардын саясий коомдук акыбалы (статусу – «орда») «ордо»3 деп аныкталган, бул көптөгөн орус архив документтеринде 1848-1859-жылдар аралыгында такай,4 кийиичерек 1863-1865-жылдарда сейрек жолугат5. 1856-жылы кыргыздардын арасында болгон окумуштуу Шокан Валихановдун «Кыргыздар жөнүндө» деген эмгегинде да ушул аныктама берилген6. Ошол эле жылдары дагы бир орус аскер адамы, котормочу Иван Бардашев (1831-1868-жж жашаган) тарабынан жазылган маалыматында да ал жолугат7 экен.

Махмут Кашгаринин XI кылымда түзүлгөн сөздүгүндөгү аныктамада, «ордо» бул «каган отурган шаар»8. XX кылымда түзүлгөн байыркы түрк сөздүктөрдө ал «хан турган жер» (орусча – резиденция хана)9 делет. Белгилүү чыгыш таануучу Вениамин Юдинин (1928-1983-жж) аныктамасында, «орда» сөзүнүн орус тилиндеги бир мааниси «талаа көчмөн бирикмеси жана көчмөн мамлекети» («степное кочевое объединение, кочевая держава»)10. Ал эми белгилүү болгондой Борбордук Азияда орто кылымда көптөгөн көчмөн мамлекеттер ордо деп аталганы баарыбызга белгилүү. Маселен Алтын ордо, Ак ордо, Көк ордо, Ногой ордосу, Чоң (Большая), Орто (Средняя), Кичүү (Малая) ордолор11, Казак (Казачьи) ордосу12.

Жогоруда айтылган «Жапайы тоолук кыргыздар деген» макаладагы маалымат боюнча «негизинен карталарда жапайы тоолук кыргыз ордосунун аймагынын чек араларын Ысык-Көл көлүнүн жээгиндеги карлуу кырлары менен тегерек келген жерлерди белгилейт. Бирок кыргыздар ал чектерди таанышпай, тоскоолсуз көчүп жүрө беришет. Ысык-Көл көлүнүн батышынан Кытайдын Кулжадан Ак-Сууга кеткен чеп турган жолго чейин, түштүктө Бадахшан менен Каратегин көз карандысыз ээликтерине чейин, батышта Кокон менен Ташкентке карай, ал эми түндүктө бийик Ала-Тоонун күнгөй тарабында Чарын дарыясынын башталышына чейин»13.

Айрым тарыхый булактардагы статистикалык маалыматтарын талдап, эсептөөнүн негизинде кыргыздын саны XVIII кылымдын ортосунда болжолдуу 450-510 миңди түзгөн, ошол эле кылымдын аягында 600 миңге жеткен, ал эми XIX кылымдын ортосу мезмилинде 1 млн - 1 млн 200 миңдин тегерегинде болгон14.

1851-жылы 28-сентябрда 1851-1861-жж. Батыш Сибир губернатору болгон Г.Х.Госфорд (1794-1874 – жж жашаган) Россия Аскер министри Л.Г.Сеневинге жазган сунушунда кыргыздардын эгемен мамлекетинин эл аралык мамилелердеги ордун белгилеп: «Туташ үч мамлекеттердин (Россия, Цин империясы жана Кокон хандыгы - Д.С.) бурчундагы жапайы тоолук (кара кыргыз-Д.С.) ордонун табигый бекем аймагы жана алардын салыштырмалуу күчтүү согушчандык айбаты, бул ордонун үстүнөн элик кылуу ошол мамлекеттер үчүн өтө маанилүү болууда, өзгөчө биз үчүн. Ошондуктан мен алардын уруу башчыларынын кыпчактардын кысымынан коргонуу максатында Россия менен тыгыз жакындашуусун болгон мүмкүнчүлүктү эч колдон чыгарбаймын», дейт.

XIX кылымдын биринчи жарымында бытырандылыктын азабын тартып жаткан кыргыз элинин башын кайрадан бириктирип, алардын байыркы мезгилдегидей борборлоштурулган бирдиктүү мамлекетин калыбына келтирүү жараянын өткөрүп официалдуу түрдө легитимдештирүү талабы пайда болгон. 1841–жылы күзүндө Бухара эмирлиги да борбордук бийликти бекемдеш максатында, көп жылдар бою атаандашып келген Кокон хандыгын басып алып мамлекетин жоюп, өзүнүн тууганы Ибрагим датканы башкаруучу (наместник) кылып дайындаганы белгилүү15. Ушундай окуя кийин 1866-жылдын жазында да болгонун билебиз16. Ал эми, 1837-жылдан бери Россия империясынын баскынчыл саясатына каршы көтөрүлүштү жетектеп келген Кенесары Касым уулу 1841-жылдын июль айынан даярдыктарды жүргүзүп ошол жылдын октябрь айларында казак жүздөрүнүн (ордолорунун) уруу башчыларынын Иргиз дарыясынын башатындагы Кара-Тоонун этегинде өткөрүлгөн курултайында ак кийизге отургузулуп бүткүл казактардын ханы деп жарыяланган эле17.

Ушундай бул региондо жалпы жүрүп жаткан саясий жараяндын ыргагына жараша, кыргыз эли да 1841–жылы күзүндө Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Токойдо (Тармал-Сазда) кыргыз элинин элитасынын курултайын өткөрүшүп Ормон хан Ниязбек уулун (1792-1855) бүткүл кыргыздардын ханы деп жарыялашкан.

Тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматы боюнча, ал курултайда Жангарач Эшкожо уулу (солто уруусунан), Медет Байтүгөл уулу (саяк, кыргыз уламыштары боюнча ал 1839-жылы курман болгон18), Балбай Эшкожо уулу (бугу), Жантай Карабек уулу (сарыбагыш) жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан19. Профессор Кушбек Усенбаев буларга кошумча Боронбай Бекмурат уулу (бугу), Муратаалы Пирназар уулу (бугу), Аалыбек Кетрекей уулу (саяк), Шорук бий, Ажыбек Алчыкен уулу (саруу-кушчу), жана Алымбек Асан уулунун (адигине - Алай, Анжыян тараптан) да катышканын белгилейт.20

Элдик уламыштардын маалыматында, бул аземге дагы Качыке Түлкү уулу (саяк), Ажыбек баатыр (черик), Медербек (жетиген)21, Тогуз-Тородон Карбоз Манаке уулу (саяк) катышкан.22 Тарыхчы Осмонаалы Сыдыковдун маалыматында, Ормон хан «убагында хандык кылып, Ысык-Көл, Чүй, Ат-Башы, Нарын, Иле, Олуя-Ата, Наманган жакта болгон калкты сурап турган»23.

1852-жылы 23-мартта Россиянын падышасы Николай Iге Ормон хандын жазган катында анын Кыргыз мамлекетинин жер аймактарын тактоого аракеттенип, казактар менен чектеш Или дарыясынын оң тарабын ээлеп, байтактысын ошол тарапка көчүрүүгө далалатын көрөбүз жана андан ары өз таасириндеги кыргыздарды атоо менен ал ээликтин аталышы жөнүндө төмөндөгүдөй таасын маалыматтарды келтирген, «Ысык-Көлдүн күнгөй, тескейи жана Чүй өрөөнү, ошондой эле Жумгал, Кочкор, Нарын жана Кетмен-Төбөдөгү кара кыргыздары менен карым-катнаштарым бар..., биз кара кыргыздарбыз...»24. Демек мындан биз Ормон хандын бийлиги бир топ эле кенен аймакка тараганына жана мамлекетиннин аталышы Кара кыргыз хандыгы экендигине ынанабыз. Анткени анын башында расмий жол менен тандалып, шайланган хан турган.

Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, «хан» деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (С.Абрамзондун маалыматы боюнча-чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле. Ошол мезгилдеги түзүлгөн орус архивдик документтерде Ормон Ниязбек улуун бул даражасы алардын баамында «Главный манап кара кыргызский» – «Кара кыргыздардын башкы манабы»25 деп сыпатталыптыр. Ошол эле учурда Жантай Карабек уулу «главный манап кара кыргызского рода»26 – «Кара кыргыздардын уруусунун башкы манабы», башкача айтканда сарыбагыш уруусунун башчысы делет.

Жакында Ормон Ниязбек уулунун хандык бийлике келиши тууралуу архивдик документтен өтө маанилүү маалыматтар табылды. 1861-жылы 15-сентябрда сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Ормондун инилери орус генералы Г.А.Колпаковскийге жазышкан каттын түп нускасын которуп окуганыбызда, төмөндөгүдөй сүйлөмдөр келтирилген: «Йене де сизге айткаман, ханы кылыни (б.а. кыргыздарды башкарып хан бийлигин жүргүзүүнү – Д.С.) бизге бериңиз. Кече амирни вактинде (сөз Бухара эмири Насрулла 1841-жылдын күз айларынан 1842-жылдын жаз мезгилине чейин Кокон хандыгын басып алып турган учуру жөнүндө болуп жатат – Д.С.) хэм сураб алганмыз, кече кыпчакни вактынде (Кокон хандыгынын башчылыгында жаш хан Худаярдын кайынатасы кыпчак уруусунун өкүлү Мусулманкул 1844-1853 жылдарда аталык даражасында башкарып турган учур - Д.С.) хэм сураб алганмиз. Сиздан хэм сурадым. Көнглүмүз йакындан ханы кылыни бизге бериңгиз»27 Мындан көрүнгөндөй, жогоруда айтылгандай ошол мезгилде, Бухара мамлекетинин эмири Насрулла Кокон ханы Мадалинин (1822-1841 жж. бийликте болгон) башын алып, жазалоо менен бул мамлекетти өзүнө каратып, убактылуу жойгону белгилүү.28 Мүмкүн ушундай кырдаалда, Бухара эмири бул аймактагы мусулмандардын лидери катары чыгыштагы кыргыздардын өз алдынча борбордоштурулган мамлекетинин кайра жаралып, чыңдалышына колдоо көрсөткөн.

Пишкек уездинин башчысы Александр Талызин 1898 –жылы жарык көргөн «Пишпек уезди» деген макаласында, Ормонду 2 жерде хан титулу менен эскерип, анын кокондуктардан «кыргыздарды өз алдынча башкаруучулук кылгандыгын» баса белгилейт29. Орус аскерий дипломатиясында кызмат өтөгөн, белгилүү казак окумуштуусу 1856-жылы эле Шокан Уалихановдун «Ормандун башкаруу доорунда сарыбагыштар Орто Азиядагы уруулардан күчү жагынан эң алдыңкылары болгон»30 деген корутундусун эске алсак, Ормон хандын (1841-1855 жж. ) башкаруучулук мезгили өзүнчө доор деп баса белгилениши биз үчүн өтө маанилүү, анткени бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүш жолундагы дагы бир өзгөчө монархиялык баскычы экендигин ырастайт. Орус окумуштуусу Пётр Румянцевдин баамында «ак кийизке көтөрүлгөн хан, салыштырмалуу чоң согуш аракет учурунда гана реалдуу түрдө бийликке ээ болгон, калган мезгилде элди аксакалдар, бийлер менен баатырлар башкарышкан»31. Бул жагдай архив документи менен ырасталат. Казактардын улуу жүзүнүн султаны Камбар Аланов орус генералы Вишневскийге 1847-жылы жазган катында: «кара кыргыздардын оң жана сол канаттын көптөгөн жоокерлери чогулушуп 100 миң (бул алыбетте өтө апыртылган сыяктанат – Д.С.) жакындаган санда Кенесары менен эки же үч күн мылтыктар менен атышышып, жеңишке ээ болушту»32 делген.

Ормон хандын негизги саясий ишмердүүлүгүнөн багыты – уруулар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана күчтүү борборлоштурулган кыргыз мамлекетин кайра түзүүгө багытталган эле. Ал эң оболу кыргыз коомундагы мыйзамдуулукту орнотууга киришип, бекем тартипти сактоо иретинде байыркы үрп-адатка негизделген жаңы мыйзамдарды иштеп чыгып, чоң түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал элдин эсинде «Ормон окуу» деп сакталган.

Ушуга ылайыктуу мамлекеттик башкаруу аппарат жаңыча түзүлүп, анын атрибуттары жанданган эле. Ормондун негизги кеңешчиси болуп кыргыз элинин белгилүү акылман ойчулу Калыгул Бай уулу дайындалган. Хандын алдында чоң жана кичи кеңеш курамы уюшулган. Биринчисинде: Калыгул Бай уулу, Жангарач Эшкожо уулу, Жантай Карабек уулу, Шамен Куттуксейит уулу, Миңназар, Ажыбек, Жаманжээн жана башкалар болгон. Кичи кеңеште: Медербек менен Миңназар туруктуулукта көбүнчө сот иштери менен алектенип, аткаруучулук багытта иш алып барышкан. Аскер башы, ички жана тышкы иштерди тейлөөчү башкаруучулар (бүгүнкү министрлер) дайындалган. Алардын бири, алгачкы аскер башчылыгына (Коргоо министри) Алыбек баатыр Кетирекей уулу (Ормондун бир тууган жездеси33), кийин Ормондун жакын инилеринен Адыл, Төрөгелди баатырлар дайындалган. Тышкы иштер министринин милдетин Байсерке аткарган. Атайын ыйгарымдуу элчилери катары, Чал Түлөберди (архив документинде - Түгөлбай34) уулу, Саза молдо Калча уулу жана сабаттуу Байгабыл Мышыкбай уулу деген адамдар эле.35

Мыйзамдарды бузган адамдарды жазалоочу жайы – даргасы болуп, анда ар убакта күнөөгө тартылгандардын денелери илинип турганын тарыхый булактар ырастайт36. Ормон хандын жасалгаланган хан тахтысы, өздүк мөөрү жана туусу37 болгон, булар эгемендик мамлекеттин атрибуттары экендиги белгилүү.

Кыргызстандын чек араларында бажы кызматчыларын дайындап келген соодагерлерден мамлекет аймагына киргизилген же алынып өтүлгөн буюмдарынан бажы үстөктөрүн (таможенная пошлина) чогултууну колуна алган.

Ормон хан мамлекетти башкарууда элибиздин түпкүрлүү бай тарыхый традициялуулугуна зор маани берип, атайы билимдүү адамдарга кыргыздардын өткөн тарыхын «Жооп-наме» деген эмгекке түшүрткөн. Өзү да элинин өткөн тарыхын терең билүүгө умтулган жана элдик нарктуу каада-салтты бекем туткандыгы менен айырмаланып, олуя - көсөмдүк сапаттарга да ээ болгондугу элдин эсинде айкын сакталган.

Көбүнесе өзүнүн бийлигинин мыйзам ченемдүүлүгүн жана кыргыз элинин биримдигин камсыз кылуу максатында элибиздин санжырасын жаңы нукта түздүргөн. Бул «Жооп-нааме» аталыштагы чыгарманын толук мазмуну жоготулган. Мүмкүн ушул чыгармада Ормон Ныязбек уулу кыргыздардын хан болуу бийлигин өзүнүн уруусуна жеке таандык (династиялык) кылуу аракетин жасаган сыяктанат. Бул багытта ал монголдордун Чыңгыс ханына таандык «алтын урук» (б. а. төрөлөр - чыңгыситтер), Казак хандарынын тукуму (б.а. султан38 – ак сөөк, чынгыситтер), кокондуктардын Шахрух бийинин тукумдары – миңдер (б.а. сейиддер), Россиядагы Романовдун тукумдары царлар (б.а. княздар) сыяктуу XVII кылымда жашап өткөн, сарыбагыш уруусунун өкүлү өзүнүн түздөн-түз жетинчи атасы, өкүмдар адам Манап Дөөлөс уулунун тукумдарына жаңыдан кайра борбордоштурулган кыргыз мамлекетиндеги жогорку бийликти биротоло ыйгарууну самаган окшойт.

Кыргыздардын социалдык түзүмү «ак сөөк» - жогорку катмар жана «кара сөөк» – төмөнкү катмар болуп айрымаланганы жөнүндө Үмөталы Ормон уулу XIX кылымдын ортосунда Россиянын бийлик ээлерине жиберген катында эскерген39.

Казак окумуштуусу Шокан Уалиханов ХIХ кылымдын ортосунда кыргыздардын арасынан чогулткан маалыматтары боюнча: «Биринчи манаптар, жергиликтүүлөрдүн түшүндүрүлүшүндө, күчтүү кол жеткис зулумдар, жакында эле жана да алгачкылардан болуп сарыбагыштардан чыккан. Сарыбагыштардын Манап ысымдуу бийи эң алдыңкы зулум болгон. Манапчылык бөлөк урук (тагыраагы – уруу – Д.С.) бийлерине жаккандыктан, манап азыр кыргыздардын ар бир урук башчысынын жалпы аталышы болуп калды»40.

1869-жылы ысык-көлдүк кыргыздарда болгон чыгыш таануучу Василий Радлов да манап аталышы сарыбагыштардын бийинин ысымынан тараган деген маалыматты калтырган экен41. Ал эми 1847-жылдагы архивдик документте «бий Ормон Ниязбеков манап..., бий Джантай Карабеков манап..., бий Төрөгелди Абайдуллин манап..., бий Калыгул Надырбеков манап...»42 деп кош аталышта (биринчиси - бийлик же кызмат даражасы, экинчиси - социалдык абалы) берилиши да, жогорудагылар менен бирге, Ормон хандын өз үй-бөлөсүнө манапчылык аркылуу хандык бийликти тукум куумалык (династиялык) акыбалга алып келип, монархия мүнөздөгү 1841-1867 жж. - 26 жыл өмүр сүргөн борбордоштурулган кыргыз мамлекетин түзгөндүгүн ырастайт.

Ормон хандын чечкиндүү борборлоштуруучулук саясаты өз алдындачылыкка көнгөн уруу башчыларынын каршылыгына алгач тымызын, кийин ачыктан ачык кабыла баштады. Албетте ал ар кандай өзүнүн дооруна жараша башкаруу, көбүнчө традициялуулук ыкмаларды колдонгон, кээде катуу кыяматтыкка барганы да эл оозунда «Ормон опуза» деген ылакапка айланганы белгилүү.

Ормон хандын саясий ишмердүүлүгү тууралуу орус окумуштуусу Александр Бернштам 1945-жылы эле жазган эмгегинде: «Ормон хандын тартынбай адепсиздике баруу менен тоскоолдуктарды жеңиш үчүн баардык ыкмаларды колдонуп кыргыз урууларын борборлоштуруу аракети жекирүүгө эмес, аны алкоого арзыйт, анткени, ал Россия тарыхындагы Иван Грозныйдын заманындагы акыбалды чакан мерчеминде кайталады»43, деп белгилеген. Ошентсе да, мындагы окумуштуунун «борборлоштуруу аракети» деп бул жараяндын өтөсүнө чыккан эмес, деген сыяктуу оюна, биз макул боло албайбыз. Анткени кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетин калыбына келтирүүдөгү формалдуу жагы, жогоруда көрүнгөндөй 1841-жылы эле аягына чыгарылган. Бул кыргыз мамлекетинин өзүн-өзү сактоого жөндөмдүүлүгүн 1845-1847-жылдардагы казак ханы Кенесары Касым уулунун Кыргызстанга жасаган жортуулдарынын мизин кайтарып, алардын жоокердик күчтөрүн жеңиши менен ырастаганы көпчүлүккө белгилүү44. 1847-1848-жылдары Ормон хандын жоокерлери Кыргызстанга жортуулга келишкен Кокон ханынын аскерлерин 2 жолу жеңилүү ызасын тарттырышкан45. Кашгарда көтөрүлүш аркылуу жаңы бийликке убактылуу келишкен «Жети кожолор» мамлекети менен саясий байланышта болушкан.46

Ошол мегилдеги татаал эл аралык акыбалдын ыргагында Ормон хан өзү түптөгөн кыргыз мамлекети коңшу мамлекеттер менен теңтайлаш саясат жүргүзүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Ал 22-август 1847-жылы Копал шаарында, Россия империясынын өкүлдөрүнүн ортомчулугунда, кыргыз-казак тынчтыкта достошуу келишимин иш жүзүнө ашырып, алар менен чек ара маселелерин чечүүнүн үстүндө болду.

Жогорудагы келишимде түзүлгөн документтерди баамдасак алар ошол кездеги эл аралык мамилелерде колдонулган укук нормаларына толугу менен жооп берет. Келишим эки бөлүктөн турат, биринчиси - кыргыздарга таандык, экинчиси - казактарга. Өзгөчө биздин көңүлдү бурганы, бул келишимдердеги биринчи жана экинчи беренелеринин маазмундары. Анын кыргыздарга тиешелүүсүндө, «1. Россия мамлекетинин төбөлдөрү болгон улуу жана орто жүз казактары менен достукта жана тынчылыкта барымта, каракчылык жана өлүм жаратуучулукту жасабоого милдеттенебиз, ортобуздагы маанилүү эмес талаштарды, биздин талаа мызамдарыбыздын негизинде, экитараптык макулдашуулукта чечишип канааттандырышабыз.

2. Бул келишимдердеги шарттарды ыйык сактоого кепилдик беребиз жана аны биз бузбайбыз, эгер биз кичине эле жерден аларды аткарбасак, анда Кудайдын каарындагы жоопкерчиликте болобуз»47, деп аяктайт. Демек, бул жагдай, мындан башка да тарыхый маалыматтардан көрүнгөндөй эле, кыргыз элинин ошол тапта, кудайдан бөлөк эч кимге көз каранды эмес, эгемендүү көчмөн мамлекетке эгедер экендигин айдан ачык күбөлөндүрөт.

Сөз болуп жаткан келишимдин демилгечиси жана анын иш жүзүнө ашырылышына ортомчулукту аткарган Россия империясы, кыргыздардын Ормон хан Ниязбек уулу башкарган эгемендүү борборлоштурулган мамлекетинин болгондугун жана алардын Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелерде толук кандуу субъектиси катары дааналап тааныгандыгын ачык айкындайт.

Кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети Ормон хандын башкаруучулугунда 14 жыл толук кандуу өкүм сүргөн, андан соң, анын уулу Үмөтаалынын жетекчилигинде дагы 12 жыл болгон. Ормон хандын уулу Үмөтаалынын атасынын хандык бийлигин мурас катары ээлегендиги жөнүндө мурдагы изилдөөлөрдө эле белгиленген. Алсак 1856-жылы Ш.Уалиханов48, 1856 - жылы П. П. Семенов49, 1867 - жылы Н.А. Северцовдор эскеришкен50. Жакында архивден табылган анын ысык-көлдүк кыргыздардын башчыларына 1861-жылдын башталышында жазган катынын мазмунунан да мунун растыгын билсек болот. Анда Үмөтаалы өзүнүн замандаштарына, «Дөөлөтимүз (б. а. мамлекетибиздин – Д. С.) журт жакшылары көчмөндөргө алекиме дувай салам» айтып, мындайча буйрук бериптир: «Мусулман уулу болсо кудай бар, расул пайгамбарды ак билсе, анда кошуун жигитлерине жигиңизди бузбай камчы болуп, аспап жана жарагыңды түзөдүп туруп, мусулман кылычын чабып, каапырга ок атып, хан хазретиме чын көңүлүң менен өзгөчө кылып кызмат кылгын. Эгер жок десең улуу бахарда ислам лашкерлерин үстүңдө көрүп алгын. Орус кафырыны коюп сага казат кылармын.... Эл болсоң, элчиңи жибер ордого мага хан хазретимизге алып берип арысыхлас пенделик сөзүн айтсын. Эгер жок десең мага дайын болсун» делген.51

Кара кыргыз хандыгынын аймагын жаңы келген орус баскынчылардан согуштук акциялар аркылуу бошотууну ушул Үмөтаалы Ормон уулу уюштуруп аракеттенгени белгилүү52. 1863-жылы 18-июнда ал жоокерлери менен Нарын тарапка бара жаткан орус почто кызматчыларына кол салып, бирөөсүн опат кылган53. Ал эми анын эртеси 19-июнда Уметаалы өзүнүн туугандары жана саяк уруусунун манабы Осмон Тайлак уулунун жана башка уруу башчыларынын колдоосу менен Нарын суусунун боюнда Курткага жакын Экичат деген жерде, миңдеген жоокерлерди топтоп кыргыз байрактарын желбиретип, добулбастардын коштоосунда подпоручик Зубарев кол башчылык кылган ок-дары, тамак-аш алып келе жаткан 40 солдаттан турган орус жоокерлерин 3 күн курчоого алып аткылашып жатканда, орустарга капитан Проценконун кошууну жардамга келиши менен курчоого алгандар чегинип кетишкен54. Ушул кагылышуусунда орус кошуунунан 1 офицер, 7 солдат жарадар болуп, 2 адамы курман болгон55. Кийин Үмөтаалы Россия империясынын бийлигин таанып, өз жайыттарына келиш максатында, 1867-1881-жылдардагы Туркестан генерал-губернатору жарым падыша атанган Константин Петрович Фон Кауфмандын (1818-1882 жылдары жашаган) 20-октябрь 1867-жылкы буйругу менен, ал орус өкмөтү тарабынан мунапыс бериш үчүн, ошол окуяда жапа чеккендерге кун (штраф, тагыраагы - контрибуция – согуш жараянында кетирилген чыгымдарды, жеңилген тараптан өндүрүү өнөкөтү) төлөөгө мажбурланган. «Эки өлгөн орус үчүн – ар бирине 75 жылкыдан, жарат алгандарга: офицерге – 100 жылкы, беш солдатка – ар бирине 25 жылкыдан. Баардыгы 375 жылкы, же болбосо жылкынын баасы 20 рублдан эсептегенде 7500 рубль төлөйсүң» деп губернатор өкүм кылыптыр56. 1868-жылы Үмөтаалы кундун 5231 рубль 42 копейкасын берген, калган суммасы кийинчерээк өндүрүлгөн57.

Демек баардыгы болуп 26 жыл бою өмүр сүргөн кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети, 1867-жылы гана Россия империясынын басып алуусуна мойун сунган. Үмөтаалы Ормон уулунун орус бийлигинин өкүлдөрүнө тил кат берүүсү менен жоюлганга шарт түзүлгөн58. Ошондо да 1868-жылдын май айында Россияга каратылган Токмок уездинин башчысы майор Загряжский Г.С. Нарын боюндагы Тогуз-Торого волосторду уюштуруу иштери боюнча барганда анын кошуунуна Үмөтаалынын досу жана өнөктөшү Осмон Тайлак уулу кол салып, бир топ мүлкүн тоноп, жанындагылардын кээ бирөөлөрүн туткунга алып, Көк-Артты ашып Андижанга кетип каршылыктарды уланткан59.

Кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетинин башчысы Ормон хан Казак, Кокон, Бухара хандыктары жана Россия, Цин (Синьцяндагы бийлик) империялары менен ымалага кирип тең даражадагы мамиле түзүүгө жетишкен. Демек бул жагдай да кыргыздардын эгемендүү борборлоштурулган мамлекети - Кара кыргыз хандыгы Борбордук Азиядагы эл аралык мамилелерде толук кандуу субъектиси болгон экендигин даана жана ачык айкындайт.

Дөөлөтбек Сапаралиев – Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Түрк Тарыхчылар Академиясынын академиги, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору.

5

Кара кыргыз хандыгынын башчысы Ормон хан (1792-1855 жж. жашаган) Кыргызстанда анын төрөлгөндүгүнөүн 220-жылдыгына арналып чыгарылган почто маркасы.

2

Ормон хан алака түзгөн Россия империясынын башчысы Николай I (1796-1855 – жж. жашаган)

3

Ормон хандын мураскору - Үмөталы Ормон уулунун Н.А.Северцовдун 1867 жылы тарткан сүрөтү

4

Кыргыз Республикасыны борбор шаары Бишкектеги Филармония залында Ормон хандын 220 жылдык мааракесинде Кыргыз эл акыны Замирбек Усенбаев дастан айтууда. 2012 ж.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

Еще статьи

X
Для размещения комментария авторизуйтесь