Добавить статью
10:49 5 Июня 2019 13589
1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү

751-жылдагы Атлах согушунда мусулмандар тарабынан Тан империясына катуу сокку берилгенден бери Кытай тараптан коркунуч туула элек эле. Бирок, миң жылдан кийин, 200 дөй кытай аскери кыргыз жерине кирип келип, кыргын уюштуруга батынды. Шинжаңдын азаттыгы үчүн күрөшкөн Жааңгер кожонун көтөрүлүштөрүнө Тайлак баатыр баштаган кыргыздардын көмөкчү болушу буга себеп жана шылтоо болгон болчу. Муну ошол учурда өткөн кыргыз-кытай чатагынан бир көрүнүш катары кароого болот. Ошол 1825-жылдагы салгылаштын чоо-жайын тарыхый маалыматтар менен толугураак баяндап берүүгө аракет кылгым келип турат.

1825-жылдын күз мезгилинде кашкарлык Аким Мамасайыт Жааңгирдин жайгашкан орду жөнүндө «соодагер уйгурлардан жана кичи кыргыздардан» кабар угуп, Кашкардын наместниги Юн Цинге (Юн Чиңге) жеткирет [6. 666-б.]. Наместник болсо дароо өзүнүн жардамчысы Баянбатунунун жетекчилигинде 200 дөн ашык аскерди «кароолду текшеребиз деген» шылтоо менен ошол жакка, б.а. Тайлактын айылына жөнөтөт [5. 77-б.]. Аталган Баянбату Ыбрай Абдрахмановдо «Баатыр Амбал» деп айтылат [2. 12-б.]. Абдыкалык Чоробаевдин казалы боюнча, алар түз эле Тайлактын Ак-Чийдеги айылына келишкен. Алар айылга түн жамынып келишип, Жааңгирди издеп таппай коюшат. Анткени Жааңгир «беш-алты күн мурун эле Байбагыш тарапка из жашырган болот» [6. 666-б.]. Бул убакта Жааңгирдин Байбагыштыкында болгондугун фольклордук булактар да ырайстайт. Чоробаев болсо буга чейин эле Тайлак баатыр Жааңгирди алты калпасы менен Куртка суусунун башындагы ооруп жаткан Байбагыштын айылына жибергендигин, ал эми Тайлактын айылында токсон бир калпа калгандыгын баяндаса [12. 65-б.], Абдрахманов да «Жааңгер кожону бир топ муруттары (мюриддери – К.М.) менен Байбагыш Нарын дарыясынын түндүк өйүзүнө чакырып алып кеткендигин» айткан [2. 14-б.]. Цин өкмөтү болсо «Жааңгирдин Шора деген жерге баш каткандыгынан» жана «аны ээрчигендер 18 гана адам болгондугунан» кабардар эле [6. 663-б., 666-б.]. Байбагыш бий Тайлак баатырдын атасынын бир тууганы жана аларга тиешелүү уруулардын башкы бийи болчу.

Ошентип, Жааңгирди таппаган соң, цин аскерлери айылга кыргын уюштурууну чечишти. Алар алгач иттерди атып өлтүрүп, андан кийин чатырларынын өзгөчөлүгүнөн байкалып турган кожо-молдолорду кылычтан өткөрө башташкан [12. 59-б.]. Кожолорго гана эмес, ошол айылдык карапайым калкка да кол салышып, жалпысынан «...жүздөн ашуун адамды эр-аял, чоң-кичи дебей кырышат» [6. 666-б.]. Ошол кыргында Тайлактын үйүндө чогуу жашап жүргөн балбаны – Акбалбан деген жигити да өлгөн [1. 198-199-б.]. Ыбрай Абдрахмановдун колжазмасы боюнча, курман болгондордун арасына Тайлактын аялы менен баласы да кабылмак болгондо, кыргыз жоокерлери келип калып, куткарылгандыгы айтылат. Ошондо «Тайлактын аялы балтыр бешик болгон Осмон аттуу эркек баласын дамбалына салып калып турган экен» [2. 15-б.].

Бул учурда «Тайлак баатыр кайда эле?» деген суроого эки түрдүү жооп бар: биринчилери ушул эле айылда болгон дешсе, экинчилери Соң-Көлдө болгон деп келишет [8. 11-б.]. Тайлак баатыр жөнүндө колжазмаларын жазып калтырган эки автор тең биринчисин айтышкан. Чоробаевдин поэмасы боюнча, бул мезгилде Баянбатунун аскерлерин Тайлак баатырдын кайгуулда жүргөн Абаскан деген жигити биринчи байкап, дароо Тайлакты жана анын жан-жөкөрлөрү Токочор менен Бөбөтөйдү ойготууга жөнөгөн [12. 61-63-б.]. Бирок, анын колжазмасы боюнча, Тайлак токолунукунда болгондугу, ага кабарды байбичеси айткандыгы, артынан Бөбөтөй келгендиги баяндалат [11. 74-б.]. Ошондон кийин, Тайлак баатыр менен Бөбөтөй дароо коңшу айылдардан жоокерлерди чогултуп келүү үчүн жана жылкы айдап келүү үчүн айылдан чыгып кетишкен [2. 13-б.]. Ушул учурда Нарын дарыясынын аркы өйүзүндөгүлөргө кабар жеткирген бир кыздын эрдиги жөнүндө аңыздар жашап келет. Чоробаев ал чабарман кызды Макмал деп атайт [12. 64-б.]. Ал эми, санжырачы Аалы уулу Байбагыштын баяны боюнча, Боркоктун уулу Бердибек баатырдын бойго жеткен кызы Нарын дарыясын Акжал деген ат менен кечип өтүп, Куртка, Карды-Жарды деген жердеги атасына кабар берген [1. 199-б.].

Ак-Чийде кыргын болуп жаткан учурда, «...Тайлактап ураан тарткан кыйкырык, чаң тополоң, жылкы аралаш кишилер сапырылып киргенде, кытайлар сүрдүгүп жөнөйт» [2. 15-б.]. Чоробаев да Тайлактын коңшу айылдардагы бээлерди чогултуп, жалпы 500 жылкы айдап келгендин айтат [12. 64-б.]. «Тайлак кыргыздарды чогултуп баштап келип, аскерлерди курчоого алгандыгын» кытай жазма булактары да ырастайт [6. 666-б.]. Ошондо, «...Кытайлар качып Ойнок Жарды өрдөйт. Ойнок Жардын ар тарабы туюк жалама кызыл жар болот, оозу бир жол. Тайлак баатыр жолду тозуп алат» [2. 15-б.]. Натыйжада, Тайлак баштаган кыргыз жоокерлери цин аскерлерин колбашчысы менен кошо кырып салышат [5. 77-б.]. Катылган душмандардын колбашчысы болгон Баянбатуну болсо Чыбылдыйдын жигиттеринен болгон Токнур «аттан түшүрө атып жаралаган» [6. 667-б.]. Осмонбетов бул салгылаштын Майыстан тоосу менен Кичи-Карасуу аймагында болгондугун белгилейт. Салгылаш болгон жер ошондон тарта «Кытай өлдү» же «Кытай кырылды» деп аталып калган [8. 11-б.; 9. 37-б.].

«Кашкардын акылчы вазири» деп эсептелген Баянбату (Баянбатыр) «кыргыз жерине Жааңгирди кармоо үчүн кол баштап (кирип) барганда», кытай булактары боюнча, Давгуаңдын 5-жылы (1825-жылы), «9-айдын 12-күнү» болчу [6. 404-б.]. Кытай жылнаамасындагы датаны биздин датага ылайыктоодо казакстандын синолог тарыхчысы Клара Хафизованын усулун колдоно турган болсок, анда «38 күн алдыга» жылдыруу менен тактоого болот [4. 204-б.]. Ошондой болсо, демек, 1825-жылы 19-20-октябрь күнү кыргыз чегине кирип келип, түндө Ак-Талаадагы кыргыз айылдарынын бирине кол салган Баянбату баштаган 200 цин аскери ошол эле учурда Тайлак баштаган кыргыз жоокерлери тарабынан өздөрү кыргынга учураган.

Бөтөн жерлик Баянбату баштаган аскерлердин Тайлактын айылын тоо аралаган жолдордо өздөрү заматта табып келиши, албетте, мүмүн эмес эле. Бул окуяда жергиликтүү элдин арасынын бирөө-жарым аларга жол-көрсөткүч болуп бериши толук ыктымал. Ыбрай Абдрахмановдун колжазмасында ал адам «...басыз уруусунан Дербиш деген киши» болгондугу баяндалат [2. 12-б.]. Бирок, Абдыкалык Чоробаев болсо, Дербиш деген адамдын басыз уруусунун кашка уругунан болуп, Тайлак баатырдын таякеси болгондугун жана Тайлактын жан-жөкөрлөрүнүн бири болгондугун айткан [12. 46-б.]. Чындыгында мындай ишке барган адамдын ким болгондугун кытайлык кыргыздардын которуп жарыялаган кытай жазма булактары минтип ырастайт: «Кыргыз эл башыларынан Напас, Телиш, Ырысмендилер жакшылыкты сезишип, бузукуларга (Циндерге каршы чыккандарга – К.М.) берилбегени аныкталган. Ырысменди иштен мурун кабар жеткирип койгондуктан, Тайлак аны карактагандын касында болгон. Ошого ал 500 түтүн элин баштап, черик уруусуна көчүп келген, аны көмөк берүүгө нееттенип, кандай кызмат тапшырсаңар аткарам деп даяр туруптур. Бул жакшы морт экен, абдандап тартуулап, пайда-зиянды билдирип, кайратын ашыргыла. Юң Чиңга уктургула, ал аныктаган үч кишиге жарлык чыгарып, адалдыгын сыйлай турганыбызды жеткиргиле. Отогуту (баш кийимге сайылуучу чин белгиси – К.М.) болбосо, ар бирине 7-даражалуу отогут бергиле; отогуту барларына бир даража кошкула. Анан аларга: «Бул улуу падышанын силердин бузукулардын тилине кирбегениңерге көрсөткөн сыйы, эгер Жааңгир менен Тайлак дагы келер болсо айла менен курчоого алсаңар, тирүү кармап берсеңер, же көзүн жойсоңор, таамай далил болсо эле маалымат жолдосоңор, өтө оорактуу түрдө ан сайын бийик мартаба берилет; азыр Тайлак силерге каарданып жүрөт, эгер Жааңгир менен Тайлак кароол сыртында тура беришсе, ар дайым силерден өткөн өчүн алуунун көйүндө болот. Силердин мал-жаныңарга жана жек-жаатыңарга кастандык жасашат. Силер ушул тапта падышалыктын айбатына сөөнүп, Жааңгир менен Тайлактын күчүн биригип ойрондосоңор, бул силердин элиңердин тынч турмуш көчүрүшүнө септиги тийип эле калбастан, ан сайын арбын шапкатка бөлөнүп, кыргыздарга чоң мөрөй алып келесиңер, кароол сыртында бетиңер жарык болот» деп айткыла. Ушундай так айтып, жаттарды жаттардын колу менен башкарууга жетишкиле» деп айтылат [6. 663-664-б.]. Айтылган Ырысменденин жоругу жөнүндө санжырачы Байбагыш Аалы уулу да баяндайт. Болгондо да, бул Ырысменде Тайлак баатырдын тууганы, т. а. Тайлактын чоң атасы Жанболоттун экинчи аялынын жалгыз баласы болгондугун айтат. Ырысменденин мындай жолго барышынын себеби, санжырачынын түшүндүргөнү боюнча, Тайлактын баатыр аталып башташы Ырысменденин ичин күйгүзгөндүктөн болгон имиш, анан ал «...Бул Тайлактын атагы чыгып кетти. Мен Жанболоттун баласы болсом, Тайлак баласынын баласы болсо, муну кытайга айтып жок кылып, чорону өзүм сураймын (башкарамын – К.М.)...» деген ойго токтолгон. Ошондон соң гана Баянбатунун аскерлерине Тайлактын айылын көрсөтүп, өзү жашырынып кеткен [1. 198-б.]. Жогоруда берилген кытай булагы менен санжырачынын берген маалыматтары бири-бирине туура келүүдө. Билингендей эле, Тайлактын тууганы Ырысменде ичи тардык менен ага зыян алып келүү үчүн аракет жумшаганы маалым болду. Ал 500 түтүн урук-журттун бийи болгон, Тайлак менен келишпестиктер пайда болгондон кийин ал Цин империясынын аймагындагы кызылсуулук кыргыздарга, алардын ичинен чериктердин арасына көчүп кеткен. Ырысменденин бир уулунун аты Алдаяр болгон [10. 63-б.], ушул эле ысым Тайлак баатырдын жоокерлеринин биринин ысмы катары эскерилет [11. 75-б.]. Демек, Ырысменденин уулу Алдаяр кандай акыбал болсо да, Тайлак баатырга кызмат кылган, ошондон улам Ырысменденин урпактарынан сүйүнбай уулу, алдаяр уулу деген уруктар Акталаа районунда жашап келишкен [10. 63-б.]. Абрамзон болсо ырысменде уулдарын Актала районунун Көнөрчөк айылында жайгашкандыгын аныктаган [3. 676-б.].

Ы. Абдырахмановдун кол жазмасы боюнча, бул салгылашка Тайлактын чоролорунан Бөбөтай, Токочор, Чолпонбай, Жаркынбай ж.б. катышкан [7. 5-б.]. Бул окуядан кийин Тайлак баштаган саяк уруусун бир бөлүгү Майстан, Карасуу, Келтечап жана Терек өзөндөрүнө көчүп келишип жайланышат. Анткени, бул жерлер цин (Кашкар) ээлиги менен болгон коргоонуучу чегаралык зона катары тандалган [9. 37-б.]. Цин аскерлерин кырууда мыкты көмөк көрсөткөндүгү үчүн Тайлак баатырдын чечими менен бир кезде Анжиян тараптан өз уругу менен келип кошулган Чыбылдый бийге жана анын урук-туугандарына да өзүнчө жер бөлүнүп берилет [9. 41-б.].

Биз элестеткендей, Баянбатунун аскерлеринин курамы жалаң кытайлардан гана болгон эмес, анда башка улуттагылар да болгон. Кытай булактары цин аскерлери менен кошо келип курман болгон Тилек, Сопу Нияз деген кашкарлык бектердин аттарын атайт [6. 665-б.]. Элдик аңыздардын кээ биринде айтылгандай, салгылашта цин аскерлери өздөрүн-өзү өрттөгөн эмес, алардын сөөктөрүн черик уруусунан Эсенгелди жеткирип берген [6. 665-б.].

Салгылаштан кийин, Пекинде бул окуя боюнча Баянбатуну «мамлекет үчүн өмүрүн берген» «баатыр» катары жарыялашып, ал эми Юн Цинди көралбастык менен Баянбатуга көмөк күч жиберген эмес деп эсептешип, кыргынга күнөөлү деп, ага наалат айтышты [5. 77-б.]. Ошол жылы Баянбатунун отряды менен болгон катастрофа Асман алдындагынын беделине олуттуу зыян тийгизген эле. Цин бийлиги кийин болгон күч-аракети менен Жааңгер кожону туткундай алды, бирок кыргыздарды бөлүп жаруу саясатын ишке ашыра алган жок. 1830-жылы Тайлак баатыр бүткүл кыргыз элинин макулдугу менен «эки тизгин, бир чылбырды колго алды», б.а. ал согуш учурунда кыргыздарга жетекчилик кылуу укугуна ээ болгон [11. 29-б.].

(Кыргыйбек Молдожунусовдун дипломдук изилдөө ишинен үзүндү)

Колдонулган булактар:

1. Аалы уулу Б. Тайлак баатыр // Жаңы Ала-Тоо – 2011. – №3 (23).

2. Абдрахманов Ы. Тайлак баатыр. 1944 // КР УИА КФ. Инв.№323.

3. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/Котор. С. Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Бишкек, 1999.

4. Китайские документы и материалы по истории Восточного Туркестана, Средней Азии и Казахстана (XIV – XIX вв.). – Алматы, 1994.

5. Кузнецов В. С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии (вторая половина XVIII – первая половина XIX в.). – Новосибирск, 1983.

6. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. – Үрүмчү, 2004.

7. Орозова Г., Ахмедов О. Тайлак баатыр // Аалам. - №29 (366) 29-август. – Бишкек, 2001.

8. Осмонбетов К. Тайлак баатыр жана анын заманы // Эркин тоо. – 2-ноябрь. – Бишкек, 2001.

9. Тайлак баатыр и его время / К.О.Осмонбетов, Г.К.Осмонбетова, Э.К.Осмонбетов. – Бишкек, 2001

10. Тоголок Молдо. Тарых, түпкү аталар // Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1994.

11. Чоробаев А. Тайлак баатыр. 1941 // КР УИА КФ. Инв.№32 (225).

12. Чоробаев А. Тайлак баатыр: Казал. – Фрунзе, 1959.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

23-05-2022
Жетишаарда миңбашы болгон кыргыз
10016

23-05-2022
Тогуз-Торонун уламышка айланган күлүктөрү
6746

06-07-2021
«Бишкек» аталышы жана Бишбек бий жөнүндө
49100

08-03-2021
Тагай бий менен Мухаммед Кыргыз эки башка инсанбы?
14781

25-02-2021
Мактым сулуу жана Чыгыш Теңир-Тоодогу кыргыз мамлекети (XV к.)
16041

16-03-2020
Угечи-Кашка жана анын уулу Эсэху - кыргыз баатырлары
11862

08-07-2019
Суусамырда болгон Эралы менен Эдигенин чабышы (XIX к. башы)
18044

18-01-2017
К вопросу отождествления Манаса с Угечи-кашка
41714

05-04-2015
Баймамбет балбан (XIX к.)
27467

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×