Добавить статью
22:13 26 Февраля 2021 11499
Инсандар тууралуу учкай кеп

Бексултан аванын айтканы

Республикадагы белгилүү санжырачы Бексултан Арыков китепти көп окуган, далай изилдөөлөрдү жүзөгө ашырган улуу инсандардын бири катары чапкынчылар арасында ысмы өзгөчө бир сыймык менен оозго алынган “адам”. Өз уруусуна сүңгүп кирип, чыныгы фанат сымал эмгек жазган. Анын айтымында Чапкынчынын улуу баласы Кудаке даңазасы алыска чыккан баатыр жоокер болгон. Инилери Ардаке менен Обосбек менен Хоженттен Жумгалга келишип туруп калган.Бул мезгилде Жумгал суусунун түндүк жагын калмактардын Жайсан төрөсү, суунун түштүк тарабын калмактардын Олчон төрөсү бийлеп турганын жазат. Ысымдары аталган эки төрөнү бириктирип турган жайы Башкуугандынын чатысында орун алган.

Уламыштарга таяна турган болсок Жайсан төрө менен Олчон төрөнү кудаке баатыр Текести көздөй сүргөнү айтылат. Жайсан төрөнүн айтылуу жоргосу болгон. Ага көз кыры түшкөн Кудаке амаплын таап, жоргону уурдап кетет. Буга кыжыры келген калмактын Амантай деген баатыры Кудакеге каршы согуш баштайт. Кара-Кеченин боорундагы Чычырканак деген жерден Амантай менен Кудаке жолугушуп, сайышка чыгат. Кудакенин айбатынан корккон Амантай аргасы кетип, качып жөнөйт. Ачуусу келген Кудаке Амантайга найзасын ыргытканда атына тийип, жерге кулап түшөт. Ошол күндөн тартып окуя болгон бул жер “Чаар ат” деп аталып калган. Кудаке жан-жөкөрлөрү менен жумгалдан калмактары бир отоло сүрүп чыгарганы жомок сымал айтылып келет. Ошол кездеги калмактар убактылуу мекендеген жерде жазуусу бар таштап бар. Аны карыялар “калмактардын журту” деп айтып жүргөнү бекеринен эмес.

Санжыранын сазайын берген Бексултан Арык уулу Жумгалдагы чапкынчылар арасынан журтка ысымдары белгилүүлөр туурасында мындай маалыматтарды эске салат:

1. Кудаке баатыр көзгө атар мерген болгон. Кандуу кармаш маалында калмактардын колуна түшкөн инилери Ардаке менен Обосекти куткарып калган. Текестен келгенден кийин кийикти көп атып бир жерге жыйнай берген экен. Анан жанагы кийиктер көп туруп калып жыттанып кеткен дешет. Бул жер кийин “Сасык булак” деп аталып калыптыр. Кудаке баатыр өзү кырдуу Түлкү жана Балбак баатырлар менен бирге калмактарга катуу согуш ачып, узакка созулган кармаштан олжолуу кайтканы айтылат. Үйүр жылкы менен кошо калмактын чүрөктөй үч кызын ала келген.

2. Сазан көзү ачык мүнүшкөр болгон. Кудаке баатырдырдын урпактарынан. Баястан, Тама анын инилери. Тама казактын бир байына малай болуп, байдын шыйкырдык өнөрүн үйрөнүп, жаан, кар жаардырган касиетке ээ экени баяндалат. Көзу ачык катары жаан, кардын качан жарын журтуна кабарлап турган. Дагы бир өнөрү өңүтүндө айта кетсек - ал куштардын, кайберендердин тилин билген. Керек учурда аларды чакырып, иштеткени айтылат. Ал эми Сазак өзү болсо бүркүттүн. Куш-канаттуулардын тилин билген мүнүшкөр болуптур. Ал тургай адамдардын канча мезгил жашарын так айтып берген сапаттары бар дешет. Байлардын үйүнө барганда алардын сандыгында кандай баалуу буюмдарын, алтындарын так айтып бергенде таң калган. Ат жарышта кайсы ат байгеге биринчи болуп келерин байге башталардын мурун эле айтып салчу. Сазан өзүнүн канча жашарын билип, өмүрүнүн акыркы күнү керез кебин айтыптыр.

3. Эркинбай кудакенин тукумунан. Кулжыгач менен Курманкожо элдерине Эркинбай көп жылдар бийлик жүргүзгөн. Аны эли “кызыл бий” деп аташкан. Сөзгө чечен келип, сүйлөгөндө турган элдин баарын өзүнө тартып алган касиетке ээ экен. Райондогу Кызарт ашуусунан тартып, топурак белге чейинки аралыкта жашаган калкка бийлик жүргүзгөн. Жаңы-Жол деген жерге анын сөөгү катылган. Ал жерде азыр күмбөзү тургузулган.

4. Таштан болуш. Кудакенин кичүү аялынан Таштан анан Атай деген балдар туулган. Таштан байлагы ашкан бардар жашаган бай болгон дешет. Райондогу чапкынчы элин бийлеген. Анын топозу сан жеткис болуптур. Суусамырга жайлоого чыкканда солтонун Байтик баатыры Таштандын топоздорун көрүп таң калып, анын Султан деген уулуна кызын берип, куда болгон. Кызынын калыңына элүү топоз, жыйырма төө, миң кой алыптыр. Ошонон кийин Байтик баатырдын кызын “миң койлуу апа” дешип тергечү экен. Айтор, солто элинин Батик баатыры менен Таштан куда болгон.

5. Атай бий - Таштандын иниси. Аны колу ачык, март бай болгонун айтып жүрүшөт. Кембагал, бечараларга дайып колдоо көрсөтүп, саанга уй, мингене жылкы, жегенге союш берип, анын кайра доолачу эмес. Үйүнө бай, кедей келсе, баарына бирдей тамак тартып, сый көрсөткөнүн билгендер айтып келишет. Чойбек деген каардуу болуш мал бербеген байларды кордоп, кыйнаганын көрүп, алар бербеген малын берип, ажыратып калчу. Чойбек Бишкекке чоң жыйынганга жөнөгөндө, ага өзүнүн “Акжал” деген күлүгүн тартуу кылган. Ал гана эмес жол акысы деп жүз койун сатып, Чөнтөгүнө салып берген.

6. Сабыр менен Аксакал - найзакерлер. Экөө тең Кудакенин урпактары. Ченеми жок баатыр, эр жүрөк болуптур. Найза сайыш боюнча Чүй, Нарын Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Ошто күч сынап, дайыма жерине жеңиш менен келгенин уламыш катары айтышат. Айыл карыялары буларды “эки жүрөктүүлөр” деп аташкан.

7. Солтонбай жана Кулжабай - булар саяпкерлер жана сынчылар. Кудаке батырдын кичик аялынан. Солтобай жылкыга сынчы болсо, Кулжабай жылкыга саяпкер адам болуптур. Алардын “Карагер” деген күлүгү Ош, Талас, Чүй, Нарында өткөн жарыштада баш байгени колдон алдырбаганы айтылат. Ал кезде баш байгеге эки миң сом коюлчу дешет. Анда бир кой бир сомго бааланчу.

8. Балбай Муратбек уулу - 1884-жылы Жумгалдын Кырчын деген жеринде жарык дүйнөгө келген. Ал жаш кези нен өтө зирек, чыйрак, жамактатып ырдаган, кошок айткан таланттуу адам болгон. Жаш кезинде Токмоктогу Бурцев деген начальникке көп жыл малай болгон. 1918-жылдан тартып компартиянын катарына мүчө болуп кабыл алынган. Кочкор, Жумгал өрөөндөрү боюнча токой, жер-суу чарбачылыгын тейлеген. Советтик бийликке активдүү катышкандыгы үчүн бай-манаптар Балбайдын көзүн тазалоого аракет кылышкан. Бирок, алардын арам олюу ишке ашкан эмес. 1921-жылы Кочкор-Жумгал өрөөнү боюнча райондук жер бөлүмүнүн башчысы болуп милдет аркалаган. 1922-жылы Кочкор району боюнча Союз кошчунун төрагасы, 1924 – 1927-жылдары Нарын кантону боюнча Союз кошчунун төрагасынын орун басары, кийин төрага болуп кызмат өтөгөн. 1925-жылы март айында Кыргызстандын Советтеринин учредителдик уюштуруу курултайынын делегаты болуп, отурум учурунда бай-манаптарды республика аймагынан кууп чыгууну сунуштаган. 1937-жылдын 26-августунда репрессия учурунда кармалып, 1943-жылдын 15-мартында каза болгон деген кабар келген. 1957-жылдын 27-августунда биротоло акталган.

Чапкынчылардын ар кайсы жердеги урууларынын топторунун ортосунда илгертен бери туугандык карым-катышы болгону айтылып келет. Кеп далили иретинде айта кетели. Жумгалдан Сабыр баатыр Лейлектеги чапкылдык туугандарына барып, бир жыл туруп, кыштап келген. Ал кайра Жумгалга келгенде чапкынчы уруусунун аттуу-баштууларын чогултуп, “биздин жети атадан тараган тугандарыбыз Лейлекте турушат экен. Эгер шартыбыз келсе байланыш түзүүнү сунуштаптыр. Балбай Муратбеков күзүндө баласына той берип, лейлектеги туугандарына кабар берет. Ошондо Лейлектен он адам барышканы айтылат. Ошондогу Жумгалдык чапкынчылардын кубанганын айтып түгөтүү жеңил эмес эле. Лейлектик туугандарына эң жогорку сый-урмат көрсөтүшүп, ар бирине экиден ат мингизип, бирден кооз жасалган ала кийиз белекке беришип, узатышкан экен.

Арадан кыйла жылдар өткөндөн кийин Балбай Муратбеков Лейлектик тугардарына сапар тартып барат. Андагы туугандары жердеген Маргун, Дархум, Даргаз жана Жийдели айылдарына болуп, туугандарынын сыйын көрүп келгенин өзүнчө аңыз катары айтып жүрүшөт. “Айтор, ушинтип чапкынчыдан тараган үч атанын балдары Кыргызстандын түндүгүндө, жети атанын балдары Кыргызстандын түштүгүндө жашат жатат” деп жазат санжырачы тууганыбыз Бексултан Арык уулу.

Демек, Чапкынчы уруусу кыпчактардын калмактар менен болгон согуш мезгилинде пайда болгонун кадимки Тоголок Молдо 1920-жылы “Тарых, түпкү аталар” деген китебинде жазганы бар. Анда авто мындай баяндаган: “Ошол кездеги кыргыздын жигиттери өрттөн кайтпаган, жоодон качпаган баатыр эле... Өткөн заманда калмактар Жумгалда жердеп турган учурда, калмактар сүрүлгөндө эки калмак калган экен. Бири уста Чынтемир, экинчиси Бадахшан. Жумгалдагы Кулжыгач байдын байдын Супкуна деген аялынан Итэмген жана Сүтэмген деген балдар калган. Сүтэмгенден Чапкынчы калган...” Бул Тоголок Молдонун “Тарых, түпкү аталар” деген китебинен үзүндү.

ШАЙДИЛЛА БОЛУШ

Ар бир уруунун тарыхта ысмы сакталып келген улуу инсандары бар. Чапкылдык уруусунун кезегинде Шайдилла болуш деген инсаны болгон. Бул тууралу кийинки муундарга маалымат иретинде азык-оолак баян эткенибиз эп келер деген ниет бар.

1917 жана 1925 жылдары Жийдели айылы Ходжент уездинин Махрам волостуна караштуу болгон. Улуттук чек араны тактоо үчүн Ходжентте наркомнацта кыргыз бөлүмү иштеген. Лейлектен молдо Түрсүн, Исабек болуш, Шайдилла болуштар Лейлекти Ходжент уездинен бөлүп алып, кыргыз автономиялуу облусуна кошуу үчүн кыргыз бөлүмү менен байланышта болушкан. Ал кезде тижик тараптагылар буга каршы болушкан. Ошолордон жашырын түрдө Шайдилла Акжолов чапкылдык болушундагы (Жийдели айылынын да конуштарын) эгин жерлерин, жайлоолорун, өзөн булактарын, мазарларын, чектерин сурамжылап тактап картага түшүргөн. Элдин саны менен жер ээлиги боюнча васикаларды, картаны молдо Түрсүн Жайнаковго тапшырган. Бул иштер жашырын жүргүзүлгөндүктөн тажик бийлиги аларга болгон көзөмөлдү күчөткөн учурунда. Бардык документтер даяр болгондо молдо Түрсүн Акжоловду Москвага жиберген. (Бул далил Батыровдун китебинде “Куличевди Москвага жөнөткөн” деп жазылган) Шайдилла беш жума аялдын кулк мүнөзүн үйрөнүү менен алектенген. Анан паранжи жамынып, Коконду көздөй поезд менен жөнөгөн. Кокондон Москвага сапар алган өзбектерге кошулган. Ошентип далай жол азабын тарткан Акжолов Москвага барып тиешелүү документтерди М.И.Калининге тапшырган. Ошентип 1925 жылы 1 июнда Лейлек Кыргызстандын тутумуна кирүүсү боюнча кагаз келген. 1926 жылы 10 сентябрда СССР Борбордук аткаруу комитетинин Декрети менен чапкылдык болуштугу Кыргызстанга кошулган.

Мына ушундай далилден улам Шайдилла болушка тажик бийлиги тарабынан кысым күчөтүлгөн. Аны колго түшүрүү тапшырмасы берилип, издөөгө алынган. Айтор Шайдилла болуш Акжолов чапкылдык болуштугун Кыргыз автомиялуу облусуна өткөргөнү үчүн өмүрүн, жанын курман кылган. Лейлектин район катары Кыргызстанга кошулушуна эмгеги сиңген кыраакы журт башчылардын бири – Шайдилла болуш болгон. Далилдерге таяна турган болсок ал 1933 жылы Жийдели айылында мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлгөн. Айрым бир маалымат булактарында анын көзүн тазалоо үчүн канкорлор жалданган. Ал Кистакөздөгү таанышытарынын үйүндө таң атканда көңүлдүү олтурганы айтылат. Эч нерседен бейкапар Шайдилла болуш Жийдели айылына эртең мененки саат ондор чамасында жетип барган. Көпүрөнүн жанында күтүп турган Бекиш менен Мурасан, Ассалом алейкум болуш ава деп колун сунганда алик алып колун кармаганда аттан тартып тушурушкон. Атайын тапшырма менен жол токсон зөөкүрлөр анын тилин кескен деген божомолдор бар. Ошентип оор жарат алган болуш Ходжеттеги ооруканага жеткирилип, ал жерден бу жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. Сөөгү Ходжент шаарынын түштүк жагындагы Унжи жолунун боюна коюлганын калемгер Кочкор Батыров Лейлек райондук “Ата журт” гезитине жарыяланган “Апаат жылдардан баян” деген макаласында жазган. Шайдилла болуш Акжоловдун басып өткөн өмүр жолу өзүнчө бир көп сериялуу тасма сымал. Эгер анын артта калтырган үлгүлүү өмүрү кино болуп тартылса, азыркы муундарга зор сабак болмок деген ниет.

Мынча болду Шайдилла болуштун үй бүлөсү өңүтүндө аңгеме кура кетели. Анын биринчи никелүү аялы Мария болгон. Андан көргөн кызыын аты Ташкан. Азыркы учурда Маргаланда (өзбекстанда) Язяванда балдары, небере чөбөрөлөрү менен жашайт. Абдибахап, Якубжан, Толкунжан, Рахат аттуу уул- кыздары бар. Азыр Ташкан эже 90 жашта. Ал эми экинчи аялы Шарипа Маргун айылынын кызы. Анын бир эле кызы болуптур.

“Муну мундай таштайлы

Акжол уулу Шайдилла болуштун

Эрдигинен байтайлы...”

Шайдилла болуш Акжолов чапкылдыктардын “Кут ордосу” Маргун айылында 1893 жылы туулган. “Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?” деп коёт эмеспи. Ал кичинесинен зээндүү эс тарткан деген эл оозунда аңыз катары айтылып жүргөн кеп бар. “Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол!” деген сапат анда болгон экен. Үч жашында тулганын астында күйүп турган чоктун үстүнөн көз ирмемде өтүп кеткен. Ошондо бир көзүнөн жаракат алган дешет жарыктык кишини. Маргалан шаарындагы жети жылдык медреседе окуп, ыйык куранды терең билген пенде болгон. Андан сырткары орусча графика менен жакшы тааныш болгон. Совет бийлиги орногондо Кызыл Армиянын курамына өз макулдугу менен кирет. Тарых барактарына назар таштай турган болсок 1921 жылы Кронштад козголоңун бастырууда Тухачевскийдин кыргыз казак аскерлеринин катарында татыктуу кызмат өтөгөн. Ошол жылдары жооптуу тапшырмаларды ар – намыстуулук менен аткаруудагы баатырдыгы үчүн М.И.Калининдин өз колунан ВЦИКтин аты жазылган эстелик тапанча менен сыйланган. Ошол кездеги жаңы бийликтин тутумунда совет бийлигин бекемдөөгө бараандуу салым кошкондордун бири.

Өткөндүн тарыхына сереп сала турган болсок, Кокондон чыккан Ислам корбашы Бешкент менен Маргун айылдарында жашаган жергиликтүү тургундарга кордук, зомбулук көрсөтүп келген. 1925 жылы А.Орозбековдун аскерлери менен бирге басмачылар менен болгон кандуу кармашка катышат. Ошол маалда Овутта басмачынын огунан жарадар болот. Совет бийлигин бекемдөөгө кошкон бараандуу салымы эске алынып, ал Сочиде дарыланууга жиберилет. Ушундан улам да Шайдилла болуштун кандай инсан болгону ачыкка чыгып олтурат калыстык баа берген адамга. Ошол Сочиде түшкөн сүрөтү китебибиздин каарманы Жапар аванын сыйлуу төрүндө илинүү турат.

Айтор, Шайдилла болуш тууралуу айта берсе сөз бүтпөйт. Чапкылдыктар ал кишини ыйык пендеси катары урматтоого, ысмын сыймык менен оозго алуусу парз. Анткени, урууну учурунда сактап калууга сиңирген эмгеги ирети менен баяндап олтурса тай көтөргүс руханий байлык. Мезгилинде Чапкылдык волостундагы милиция башчысы болгону да өзүнчө кызык аңгеме. Эгер терең үңүлгөн адамга көп нерсе ачыкка чыгаары талашсыз. Анткени, Шайдилла милиция башчысы болуп иштөө менен катар чапкылдыктардын айылдары, жайлоолору, эгин талаалары, чектери, өзөндөрү, мазарлары, калктын саны боюнча Ходженттеги бийликтин ишенимине кирип, алардан жашыруун сурамжылоо жүргүзүп, карта чийдирип молдо Турсунга бергени жөнүндө маалымат бар. Анан дагы анын ыйык Куранды, андагы аяттын сөздөрүн бек тутууну өзүнүн турмуштук принциби катары бийик туткан.

БААТЫР БАЯНЫ

Калкыбызда эзелтеден бери айтылып келген нускалуу сөз бар “Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деген. Кепти бул өңүттөн алып баштагандандын да жөнү бар. Айтылуу Аксыны узак жылдардан бери мекен туткан, ал жерди туур тутуп, агарып-көгөрүп дегендей, бала-бакыралуу болгон чапкылдыктардын баатыры жашайт. Ал Жоро Шералиев. Мурунку союз маалында Аксынын “Кызыл-Жар” чарбасында үлгүлүү пахтакер катары атагы алыска тараган, планды эки эсе аткарып, ала тоодой “ак алтын” өндүргөн пахта устаты Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу болгон.

Жоро ава Лейлек районундагы Кулундунун кулуну. Тагдырдын буйругу менен Аксыны мекендеп калган. Азыр баатыр жашаган аймакта алты-жети чапкылдыктардын үй-бүлөсү жашайт.

Мен чыгармачыл командировка менен Аксы районуна барганда атайын суроо салып, издеп Жоро аванын үйүнө бардым. Жайдын саратаны эле. Түш маалы. Аптаптын ысыгын айтпа. Тим эле мээ кайнатат. “Кызыл-Жар” айылынын четки көчөсүнүн биринчи үйүндө турат экен. Дарбаза ачык тургандыктан кыйкырбай эле кирип бардым, кудум бул үйгө келип жүргөн конок сымал. Чакан короо. Сөрүдө сакадай бою бар абышка кемпири менен сөздүн кызыгына батып, чай ичип олтурган экен.

- Ассолому алейкум!

- Алейкум салам!

- Кечиресиздер, бул Жоро аванын үйүбү?

- И-и. Менмин Жоро, - деди жанагы сөрүдө олтурган абышка. - Кел жол болсун. Кайсы жердин уулусуң?

- Өзүм Бишкекте жашайм. Мамлекеттик телерадио комитетинде иштейм. Кеисибим журналист. Негизи Лейлек районунун тургунумун. Сиздин тууганыбыз болом. Чапкылдык уруусунанмын.

- Кел, төргө өт. Биздин тууган турбайсыңбы. Кемпир, жер төшөктөрүңдүн жаңысынан алып чык, - кемпирине кайрылды.

- Ырахмат Жоро ава. Эже убара болбой эле койсун. Ушундай олтура берели.

- Жо-о-ок. Болбойт. Сен деген мени тууган тутуп, ушунча алыстан суроо салып издеп келсең анан. Болбойт. Кемпир сандыкта каткандарыңдын баарын алып кел. Дасторконунду да жаңыла.

Жоро ава агынан жарылып, чын дилинен сүйүнүп турганы сезилип турду. Көз алдыма 1976-жылы май айындагы ыраматылык атамдын элеси тартылды. Ошондо мен Советтик Армиядан кызматыбызды татыктуу өтөп туулган айылыма келген атам кадимки жаш балача кудуңдап сүйүнгөн эле.

Жоро ава башынан кечирген өмүр жолун ирети менен баяндап олтурду...

...Баатыр тууганыбыздан, андан ары сапар улап Жалал-Абаддагы туугандарыбыздан кабар алалы деген Балтабай аванын (Толубаевдин) сунушун Бишкектеги “Чапкылдыктар уюмунун” өкүлдөрү туура көрүшүп, атайын “БУС” жалдап жолго чыктык. Биздин курамда: Балтабай ава, Жолчу ава, Жалил ава, Көчмурат ава, Асылбек ава, Орунбай, Жаныбек, Кубанычбек, Рүстөм анан айдоочубуз Дүйшөбай бар эле. Негизи “жолоочунун жолдогусу кызыктуу” демекчи сапар тартып бараткандагы учур да кызык. Көбүнесе уруу тууралуу баарлашып бараттык.

Аксынын “Кызыл-Жар” айылына кечки саат ондордон өткөндө бардык. Караңгы болгондуктан мен жыйырма беш жыл мурун барган айылды унутуп калыптырмын. Анын үстүнө айыл деле чейрек кылымда жаңылаанып жүз өзгөтөт эмеспи. Айтор түнкү саат он экиге чамалап “баатырдын үйүн” таптык. Баатыр уктап жатыптыр. Болбой ойготту. Кенен жайылган дасторконду тегерете үй мүйүз тарта олтурдук. Жоро ава бөлмөгө киргенде баарыбыз менен учурашты. Анан ар бирибиздин берген суроолорубузга жооп берип жатты. Кылым карыткан Жоро аванын кулагы жакшы укпай кыйкырып сүйлөөгө туура келди. Баатырдын жүзүнөн кубанычтык белгиси сезилген жок. Ошентип, түнөп таң атырдык...

Эртеси Жоро ава барыбыздан эрте ойгонуптур. Шайдоот. Көрсө бизди түн ичинде базарга соода кылып келген соодагерлер катары кабыл алган экен жарыктык киши. Түн ичинде балдары, неберелери айтып түшүндүрдү окшойт. Алыстан туулган жеримден туугандарым келиптир деп, жаш балча кудуңдап сүйүнүп алган. “Темир костюмун” кийип алган. Анысы согуштагы, эмгектеги татыктуу болгон орден, медалдарынын баарысын костюмга тагып алып, анан анысын “темир костюм” деп коёт экен.

Сыртта короодо олтурдук. Эртеси ар бирибиз менен жаңыдан жолуккандай жылуу кучакташып амандаштык. Бир кезде Жоро ава колундагы тагып жүргөн күмүш шакегин жанында баласынан бетер жан дүйнөсүнөн сүйлөшүп олтурган Жапаров Кубанычбек таксырга белекке берди. Бул белек баасы жок белек эле пенде катары билген, туйган адамга. Көрсө шакекте катылып келген өзүнчө бир сыр бар экен. Анда “АЛЛА” деген жазуу, эки күмбөдүн сөлөкөтү, Каба ташынын сүрөтү бар экени көп нерседен кабар берет. Баамчыл адам да Жоро ава. Кылым жашаган адамды пайгамбар деп да коёт эмеспи. Анан туруп жан чөнтөгүнөн акча салынган капчыгып сууруп чыгып, андан бир миң сомдугун алып, аны көзүнө сүйкүм көрүнгөн Орунбай Ахмедовго сунду. “Бул батырдын пенсиясынан. Жашоодогу жакшылыктан ниет кылып, чөнтөгүңө салып ал” - деди чын пейли менен. Орунбай да баамчыл, кыраакы жигит. Баатырдын берген акчасын көзүнө ырым кылып сүртүп койду. Бир кезде Рүстөм ыңгайсыздана Жоро авага кайрылып, “Мени кечирип коюңуз, сыртта илинип турган аюнун терсинен бир тырмагын сындырып алдым эле” - деди. “Эч нерсе болбойт. Ала бер” - деп баатыр кең пейилдигин көрсөттү.

Жоро ава менен коштошуу кыйынга турду. Анткени, баатырдын бизди кетиргиси келбегени көз карышынын сезилип турду. Нымдалган кирпигинен көп нерселерди баамдоого болот эле. Мен андан өз элине болгон кусалыкты, сагынычты туюп турдум...

Биздин “тууган саякатыбыз” андан ары Жалал-Абад шаарын көздөй уланды. Тайгараев айыл өкмөтү шаардын күн чыгыш тарабынан орун алган. Анын алгачкы айылы “Чапкындык” айылы экен. Биз “генерал” Камчыбек Курбаналиевдин бир тууган иниси Халил тууганыбыздын үйүнө бардык. Айылдагы аксакалдар баштаган боордошторубуз бизди “куда тоскондой” жылуу тосуп алышты. Өткөн-кеткенден кеп баштап, алыстан эңсеп келген туугандарыбыз менен кобурашып олтуруп, түн бир оокум болгону этибарга албай калыптырбыз.

Эртеси таңкы ырыскынан даам татып, чай ичкен сон бизди айылдагы “Чапкындык” көчөсү менен бастырышты. Карасаң сузактык туугандарыбыздын уруучулдугун. Айылына, көчөсүнө да уруусун баса белгилеп, бадырайтып жазып алышыптыр. Биздин Маргун айылыбыз чапкылдыктардын “Хан-Ордосу” катары аталган менен аны “Чапкылдык” айылы деп атап албаганыбыз ардандык. Жашырганда не. Айылдарынын орто ченинде көрүстөн бар экен. Ал жерге токтоп, көзү өтүп кеткен туугандарыбызга багыштап куран окудук. Зыярат кылдык. Анан бизди Жалал-Абад курортуна алып барышты. Ал жерге атайын столду даярдатып, дасторкон жайдырып коюшкан экен кыйлага олтуруп калдык. Бир маалда сузактык туганыбыз Амангелди Мисиров сумкасынан китептерин ала чыгып, ар бирине кол тамга жазып, ар бирибизди таратып берди. Көрсө чымыны бар талант тура. Айрыкча балдардын баё дүнөсүн терең ачып берген ыр саптары мага башкача таасир калтырды. Биз Аксы, Сузак жергесинде болгон жемиштүү сапарыбыз тууралуу кызыктуу ангеме учугун улап, Бишкекти көздөй жол тарттык...

АБДИЕВ ЖАПАР - ПАХТА УСТАТЫ

Жапар Абдиев кезегинде эмгектик зоболосу улам бийиктеп олтуруп, социалисттик эмгектин баатыры намына көрсөтүлүп, алардын ысмы алдын ала ал кездеги “Правда” гезитине да жар салынганына тарых күбө. Жапар ава китепте кеп кылган Шайдилла болуштун күйөө баласы болгон. Айталы, калемгер Кочкор Батыровдун “Чапкылдыктар тарыхы” деп аталган китебинде бул өңүттө баяндаган далилдүү саптары бар.

1917 жана 1925 жылдары Жийдели айылы Ходжент уездинин Махрам волостуна караштуу болгон. Улуттук чек араны тактоо үчүн Ходжентте наркомнацта кыргыз бөлүмү иштеген. Лейлектен молдо Түрсүн, Исабек болуш, Шайдилла болуштар Лейлекти Ходжент уездинен бөлүп алып, кыргыз автономиялуу облусуна кошуу үчүн кыргыз бөлүмү менен байланышта болушкан. Ал кезде тижик тараптагылар буга каршы болушкан. Ошолордон жашырын түрдө Шайдилла Акжолов чапкылдык болушундагы (Жийдели айылынын да конуштарын) эгин жерлерин, жайлоолорун, өзөн булактарын, мазарларын, чектерин сурамжылап тактап картага түшүргөн. Элдин саны менен жер ээлиги боюнча васикаларды, картаны молдо Түрсүн Жайнаковго тапшырган. Бул иштер жашырын жүргүзүлгөндүктөн тажик бийлиги аларга болгон көзөмөлдү күчөткөн учурунда. Бардык документтер даяр болгондо молдо Түрсүн Акжоловду Москвага жиберген. (Бул далил Батыровдун китебинде “Куличевди Москвага жөнөткөн” деп жазылган) Шайдилла беш жума аялдын кулк мүнөзүн үйрөнүү менен алектенген. Анан паранжи жамынып, Коконду көздөй поезд менен жөнөгөн. Кокондон Москвага сапар алган өзбектерге кошулган. Ошентип далай жол азабын тарткан Акжолов Москвага барып тиешелүү документтерди М.И.Калининге тапшырган. Ошентип 1925 жылы 1 июнда Лейлек Кыргызстандын тутумуна кирүүсү боюнча кагаз келген. 1926 жылы 10 сентябрда СССР Борбордук аткаруу комитетинин Декрети менен чапкылдык болуштугу Кыргызстанга кошулган.

Мына ушундай далилден улам Шайдилла болушка тажик бийлиги тарабынан кысым күчөтүлгөн. Аны колго түшүрүү тапшырмасы берилип, издөөгө алынган. Айтор Шайдилла болуш Акжолов чапкылдык болуштугун Кыргыз автомиялуу облусуна өткөргөнү үчүн өмүрүн, жанын курман кылган. Лейлектин район катары Кыргызстанга кошулушуна эмгеги сиңген кыраакы журт башчылардын бири – Шайдилла болуш болгон. Далилдерге таяна турган болсок ал 1933 жылы Жийдели айылында мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлгөн. Айрым бир маалымат булактарында анын көзүн тазалоо үчүн канкорлор жалданган. Ал Кистакөздөгү таанышытарынын үйүндө таң атканда көңүлдүү олтурганы айтылат. Эч нерседен бейкапар Шайдилла болуш Жийдели айылына эртең мененки саат ондор чамасында жетип барган. Көпүрөнүн жанында күтүп турган Бекиш менен Мурасан , Ассалом алейкум болуш ава деп колун сунганда алик алып колун кармаганда аттан тартып тушурушкон. Атайын тапшырма менен жол токсон зөөкүрлөр анын тилин кескен деген божомолдор бар. Ошентип оор жарат алган болуш Ходжеттеги ооруканага жеткирилип, ал жерден бу жарык дүйнө менен кош айтышкан экен. Сөөгү Ходжент шаарынын түштүк жагындагы Унжи жолунун боюна коюлганын калемгер Кочкор Батыров Лейлек райондук “Ата журт” гезитине жарыяланган “Апаат жылдардан баян” деген макаласында жазган. Шайдилла болуш Акжоловдун басып өткөн өмүр жолу өзүнчө бир көп сериялуу тасма сымал. Эгер анын артта калтырган үлгүлүү өмүрү кино болуп тартылса, азыркы муундарга зор сабак болмок деген ниет.

Мынча болду Шайдилла болуштун үй бүлөсү өңүтүндө аңгеме кура кетели. Анын биринчи никелүү аялы Мария болгон. Андан көргөн кызыын аты Ташкан. Азыркы учурда Маргаланда (өзбекстанда) Язяванда балдары, небере чөбөрөлөрү менен жашайт. Абдибахап, Якубжан, Толкунжан, Рахат аттуу уул- кыздары бар. Азыр Ташкан эже 90 жашта. Ал эми экинчи аялы Шарипа Маргун айылынын кызы. Анын бир эле кызы болуптур. Ал китептин каарманы Жапар Абдиевдин мезгилинде жароокер жары болгон, өмүрлүк жолдошу Ибадат. Айылдагылар аны Вадат дешчү деп эскерет кызы Изат эже. Андан Касиет, Дастан, Изат, Рабия, Арстан, Тыныбек деген уул кыздар төрөлгөн.

Демек, Жапар Абдиевдин кайнатасы Шайдилла болуш Акжолов да тарыхка ысмы өчпөс тамгалар менен жазылып, катылып келген инсандардын бири. Бир өкүнүчтүү жери анын тарыхын тастыктаган документтердин ушул күнгө чейин терең изилденбей, иликтенүүгө алынбай келиши. Бирок, баарына тарых күбө демекчи, күндөрдүн бир күндөрүндө Шайдилла болуш жөнүндө көлөмдүү тарыхый роман жазылып калар деген илгери ниет бар. Биздин “Жапар тектүү жердин күйөө баласы” деген тема койгонубуздун купуя сыры ушул. Кыргызда айтып калат эмеспи: “Эр тайын тарат!” деп. Балким Жапар аванын уулдарынан бирөөсү тагасын тартып, тарыхка ысмы жазылып калар инсандардан болор. Мүмкүн балдарынын балдарынан белгилүү атуул жаралар. Ким билсин? Дегинкиси “ген” деген саясат тукум кууйт дейт. Шайдилла болуштай таанымал инсан Жапар аванын тукумунан да балким чыгаар деген илгери үмүт бар...

Чындыгында чапкылдык уруусунан чыккан чыныгы эмгек устаты Жапар ава жөнүндө легенде сымал жакшы сөздөр айтылып келет. Бул тууралу бир тууган иниси Икрам аванын эскерүүсүнө орун берүүнү туура көрдүк. Ал киши миинтип айтат: - Бир тууган агам Жапар Абдиев 1922 жылы 2 майда Лейлек районунун Булак Башы айылында туулган. 1940 жылы Калинин атындагы орто мектептин 7 классын бүтүргөн. Ал мезгилде элдин турмушу жеңил эмес болгону журтка маалым. Агам колхоздун ар кандай жумуштарын аркалоого туура келет. Согуштун апаат жылдары ооруктагыларды чыныгы чыдамкайлыктын, эмгектин элегинен өткөргөнүнө тарых күбө. Эр азаматтарыбыз жергебизге жеңиш менен келгенден кийин ага чарбанын кой чарба фермасында эсепчи болуп иштөө жоопкерчилиги жүктөлөт. Өзүнө милдеттендирилген жумушунда ишине болгон жөндөмүн, тыкан, мээнеткеч сапаттарын көрсөтүп, чарба жетекчилеринин алкоосуна алынат. Ошентип, 1951 1954 жылдары колхоздун кой чарбасында ферма башчысы болуп эмгектенет.

Кулунду өрөөнүн өздөштүрө баштаганда Ак Арык (азыркы Коммунизм айылы) участкасына Булак – Башыдан чыккан сууга 30 гектардай жаңы жерди өздөштүрүү үчүн 15 түтүн үй көчүп барышып, 1954 жылдан баштап Жапар Абдиев пахта бригадири болуп иштейт. Ал мезгилде Кулунду каналынын суусу Ак Арык айылына жете элек болчу. Бозоруп, ээн жаткан талаага пакса (сокмо) дубал менен коргончо куруп, 15 үй бүлөгө да ошол коргончонун ичине эки бөлмөдөн турган үйлөр курулган. Анда албетте шарт өтө оор эле.

Кийин Кулунду каналы казылып, каркырап жаткан чөлгө суу келгенден соң башка айыл – кыштактардан элдер көчүп келип, өкмөт тарабынан план боюнча үйлөр курула баштаган. Өрөөндөгү башка дың жерлер бузулуп, андагы бригаданын саны бешке жеткен. Алар башпаанек туткан айыл “Комунзим” деп аталат (мурунку Ар Арык айылы). Ошентип, алгачкы үч жылдын жыйынтыгы менен Булак – Башынын суусу менен түшүмдүүлүктү ар бир гектарынан 30 центнерден алганы үчүн Жапар Абдиев 1957 жылдын 15 февралында Ленин орденине (№314758) татыктуу болот. Ошол жылы “45 баатыр бир чыкты” деген ыр журтчулукка жар салынган. Анткени, ошол жылы кыргызстанда 45 адам Социалисттик Эмгектин Баатыры деген жогорку мамлекеттик наамга, 120 адам Ленин ордени менен сыйланышкан. Демек, мындан улам баамдалып тургандай 1957 жыл биздин мамлекеттик тарыхында өзгөчө жылдардын бири болгонун окурмандардын эсине салгым келет. Ленин ордени менен сыйлангандардын тизмеси республикалык гезитке жарыяланганда анын биринчи сабында менин агамдын аты жөнүнүн турушуна мен гана эмес, анын бригада мүчөлөрү, урук туугандары, өрүкзардын мекени аталган Лейлек районунун бүтүндөй калкы кубанышкан. Ошол эле жылы Жапар Абдиев Бүткүл Союздук айыл чарбасынын көргөзмөсүнө катышып, көргөзмөнүн алтын медалына (№195186) татыктуу болгон.

Агам Кулунду колхозунун Коммунизм участкасындагы төрт пахта бригаданын улам артта калгандарына которулуп олтуруп, удаасы менен 18 жыл бригадирлик милдетин татыктуу аркалаган элет жетекчиси болгон. Жыл санап анын өндүргөн түшүмү жогорулоо жолунда барган. Анын мындай эмгегиндеги жетишкендиктери жогорку жактагылар тарабынан эске алынып, 1966 жылы 30 апрелде “Эмгек Кызыл Туу” ордени (№484274) менен сыйланат.

1970 жылы кеменгер В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата жалпы союздук республикалар арасында социалисттик мелдеш уюштурулуп, анда да Жапар Абдиев өзүнүн иш билги бригадирлиги менен айрымаланып “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланат. Арадан бир жыл өткөн соң, т агыраак айтканда 1971 жылы 8 апрелде пландагы көрсөтүлгөндөн арбын пахта өндүргөндүгү үчүн экинчи ирет “Эмгек Кызыл Туу” (№644777) ордени менен сыйланат. Эмгеги менен элине таанылган агам колхозчулардын Бүткүл Союздук 2 курултайына делегат болуп катышат. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Х1Ү курултайына делегат болуп шайланган.

Чарбанын татыктуу бригадири катары ага жогору ишеним жүктөлүп, 1972 жылдан тартып 1982 жылга чейин Кулунду колхозунун башкы агроному болуп эмгектенет. Мурун жалаң пахтачылыкта эмгек өтөп келген болсо, эми чарбадагы бардык талаачылык тармактарга маани берүүгө туура келет. Бирок, жер сырын терең билген, дыйканчылыктын кадырын көкүрөгү менен туйган Жапар Абдиев таң агаргандан талаага чыгып, күн аркан бою көтөрүлгөндө чарбанын бардык аймактарын кыдырып чыгууга үлгүрчү. Ошентип, ал иштеген жылы талаачылыктын дээрлик бардык түрүнөн жогорку көрсөткүчтөгү түшүм алынганын цифралар менен ырастай кеткеним акыйкаттык болоор. Жүгөрүнүн жашыл массасын гектарынан 700 центнерге, данын 50 центнерге, пахтадан 1800 гектар аянттан 24 центнерден түшүм алууга жетишкен. Албетте, мындай арбын түшүм алууда анын мол тажрыйбасы себепкер болгонун сыймык менен белгилеп кетсе болот. Мындай эмгектеги жетишкендиги эске алынып, 1975 жылдын 14 февралында “Ардак белгиси” (№1066131) орденин тагынды.

Айтор, анын чарбага сиңирген эбегейсиз эмгеги калыс бааланып төрт орден, жети медалдар менен сыйланган. Үч жолу Ош облустук, төрт жолу Лейлек райондук жана бир нече жолу селолук советтерге депутат болуп шайланып, шайлоочуларынын мүдөөлөрүн аткарып, жергиликтүү калктын социалдык түйүндүү маселелерин чечкенине өткөн күндөрдүн барактары күбө. Алардын айрымдарын айта кеткенибиз деле артыкбаш болбос. Коммунизм айылында 1957 жылы башталгыч класс асылган. Арадан тогуз жыл өткөндөн кийин 1966 жылы 8 жылдык мектеп ачылды. Ал эми 1971 жылы ошол мезгилге заманбап мектеп курулду. Айылга ФАП, байланыш түйүндөрү ачылып, жергиликтүү журт аалам алкагы менен байланышууга мүмкүндүк алган. Жаштардын мүдөөсү боюнча жайкы кино театр салынган. Көчөлөргө асфальт төшөөдө, жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында суу түтүктөрүнүн орнотулушуна эл өкүлү катары тиешелүү тармактарга маселени учурунда кабыргасынан коюп, Коммунизм айылынын социалдык абалынын жакшырышына, өсүп, өнүгүшүнө, мезгилге жараша жаңы жүз ачаарына өзүнүн айтаарлык салымын кошкон.

Бу жалганда жакшы менен жаман, тирүүлүктө кайгы менен кубаныч бир жүрөт эмеспи. Көзү өткөн маркумду алыскы сапарга узатуу зыйнаты да Жапарды көп ойлонтоор эле. Мурун каза болгондордун сөөгү Кайрагач көрүстөнүнө коюлуп келген болсо, бул жаатта райондук деңгээлге чейин маселе көтөрүп, Ак Арык мазарына атайын жер бөлүштүртүп, 96дан курагы ашкан айылдын кадырман аксакалы Умар карыянын сөөгү өзүнүн тирүү кездеги өтүнүчү боюнча жаңы ачылган көрүстөнгө биринчи жашырылган. Азыркы учурда ал жер ири мазарга айланган.

Жапар Абдиев чарбанын башкы агрономдугун Ташполотов Жалилге тапшыргандан кийин деле колхоз башкармасынын талаачылык боюнча орун басары катары бир катар жыл милдет алып барган. Андан кийин беде уругун өндүрүү боюнча адис катары да эмгектенет. Жашы жетип, эмгектик ардактуу эс алууга чыккандан кийин да үйүндө жатып алууну ыраа көргөн эмес. Чарбанын коомдук ар кандай жумуштарына аралашып жүрдү. Анын ниети – эл арасында ынтымак тамырын тереңдетип, өзөгүн бекемдөө эле. Ошону менен бирге жаштарды мезгилге жараша адептүүлүккө, мекенин сүйүүгө, эмгекти урматтоого жана чыныгы элинин патриоту болууга үндөп жүрдү. Бул вазийпасын ал сыймык көрө турган. Райондук аксакалдар Кеңешинин татыктуу мүчөсү катары район аймагында өткөрүлгөн маанилүү иш чараларга активдүү катышып, анда козголгон маселелер боюнча өзүнүн, жүйөлүү көз караштарын омоктуу ойлорун сунуш эткени курбалдаштарынын эсинде сакталуу.

Шум ажал бир тууган агамды арабыздан алып кетип, жакын туугандарынын баарынын кабыргасын кайыштырып, сай сөөгүн сыздатты. Ажалга арга жок тура. Көзү өткөндөн кийин 1911 жылы Абдиев Жапардын ысмы өзү жашаган Ак Арык айылынын борбордук көчөсүнө берилген. Азыркы учурда анын 3 уулу, 4 кызы жана бир тууган эки иниси калды. Алардан көргөн жетимиштен ашык небере, чеберлери бар.

Абдиев Жапар Лейлек районунун аймагындагы жайлоолор, көл, суулар жөнүндө жана райондо жашаган элдин санжырасын жакшы билчү. Жайлоо, жайыттар, айдоо аянттары кайсы чарбага, мурда кайсы урууга таандык экенин так айтып берчү эле жарыктык киши. Айрыкча чапкылдык уруусунун Булак Башы, Сада айылдарында жашаган “Калтатай” уругунун жети атадан беркисин мыкты билчү. Тилекке каршы кезегинде агам айткан нуска кептерин толук бойдон жазууга үлгүрбөй калдык. Анын айткандарынын айрымдары гана жазылып калды.

Асыл агам жөнүндө көп жакшылыктарды айтууга болот. Биринчиден бир туугандары Мукарам анан мен үчүн мезгилинде көп иш жасаган. Менин өзүмдүн чоңоюшума атамдын көзү өткөндөн кийин энем, эки агам эр жетилтти. Менин жогорку билим алышыма үлкөн үлүш кошту. Дайыма моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келгенин кантип эстен чыгарайын. Адам баласы жашоосундагы жакшылыкты өмүрү өткөнчө унутпашы керек. Анткени, турмуштагы жакшылык көкүрөктө тумар сымал катылып жүрө берет эмеспи.

Окуумду бүтүп келгенден кийин да энем экөөбүзгө көп колдоо көрсөттү. Аягында мени үйлөндүрүп, райондун тарыхында биринчи комсомолдук үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп берди. Конокко райондук деңгээлдеги кадырлуу меймандар чакырылып, эл менен байланышты чыңдоого өзүнүн жеке турмушу, үлгүлүү жүрүш турушу, мыкты сапаттыр менен мага өрнөк болду. Бир чарбада мен парткомдун катчысы, агам башкы агроном болуп үч жылга жакын иштешкенде адамдар менен кантип иштөөнү, кандай мамиле жасоону үйрөндүм. Көрсө ал учур керемет кез экен. Азыр болсо бир чарбада бир туугандар жооптуу же болбосо жетекчи кызматтарда иштесе арыз жазып жатып калышат элде көрө албагандар. Балдарынын катарында үй курууга да аябай зор көмөк көрсөттү. Өмүрүнүн акырына чейин ошол үйдү, короону өзү карап келди.

Азыр менин беш уулум чоңоюп беш келиндүү болдум. Буга да тобо деш керек. Кудайга шүгүр 14 неберем бар. Ушул чоң үй бүлөнүн жакшылыгына Жапар авам кезегинде дайыма көз кырын салып, жакшылыгыбызга кубанып, кемчилик кетип калса, аны оңдоого, турмуштук туура жолго салууга өзүнүн пенделик нуска сөздөрүн айтып, тай көтөргүс салымын кошуп келген.

Ал кишинин арабыздан өтүп кеткенден кийин туугандарынын ортосунда өтө чоң байланышты түзүп туруучу – магнит экени сезиле баштады. Адам баласы бар экенде баркына жетпей, көзү өткөндөн кийин аттиң деп арман кылып калат турбайбызбы көрсө. Мындай кемчиликке жол бербестен, көзү барда кадыр баркына жетип, колдон келген урмат, сыйыбызды көрсөтүп жүрүү керек экенин азыр эми жүрөгүбүз менен туюп турган чагыбыз. Ал кишинин руху дайыма туугандарынын жана балдарынын күндөлүк турмушунда колдоп, арка жөлөк болуп жүрө берсин!

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

10-03-2021
Шырдакбек
10106

09-03-2021
Баткендин материалдык маданий мурастары
5592

01-03-2021
Лейлек мазарлары
14443

01-03-2021
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу
11445

26-02-2021
Маргун - чапкылдыктар ордосу
9760

25-02-2021
Чапкылдык
11637

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×