Добавить статью
16:38 1 Марта 2021 14444
Лейлек мазарлары

Ак-Тайлак мазары

Лейлек районунун аймагында калк кастарлап, сыйынып, зыярат кылып келген Ак-Тайлак, Жаныбек-Ата, Коончу-Ата, Дөөт-Баба, Асти-Дөөт, Агача-Булак ж.б. көптөгөн мазарлар бар. Бул мазарлардын ар бири жеке өзүнө гана таандык болгон керемет касиети жана тарыхы менен өзгөчөлөнөт. Кээ биринде эл тарабынан тургузулган күмбөз да бар. Мазарлар ар бир элдин тарыхый жана маданий мурасы катары каралып, жергиликтүү эл менен зыяратчылар үчүн зыяратчылыктын объектиси иретинде көнүл бурулуп келет. Зыяратка келгендер бул жерден Жаратканга жалбарып, ар кандай ооруу-сыркоолордон арылтууну, жамандыктардан сакташын суранышат.

Ак-Тайлак мазары Лейлек районунун эки жеринде, Маргун жана Айбике айылдарынын аймагында жайгашкан. Маргун айылынын түштүк тарабынан орун алган Ак-Тайлак мазары бул Ак-Тайлак олуянын мазар жайы. Бул жерде чөккөн төөнү элестеткен чоң таш бар. Жергиликтүү элдин айтуусуна караганда Ак-Тайлак олуя төөсүн чөгөрүп коюп, өзү намаз окуп жаткан жеринде асманга көтөрүлүп кетип, ошол бойдон кайып болгон дешет. Келген зыяратчылар ача туяктан кой же эчкини Ак-Тайлак олуянын арбагына багыштап, курмандыкка чалышат. Зыяратка келгендер бул жерде уктагандан коркушат. Анткени, бул жерде уктап калган адамдар нерв ооруусуна кабылган учурлары болгон.

Ал, эми Айбике айылынын түштүк-чыгыш тарабынан орун алган Ак-Тайлак мазары – бул олуянын жан таслим болгон жери. Бул жерде кичинекей күмбөз да бар. Күмбөз таш жана ылайдан тургузулган. Мурда ары-бери өткөн малчылар мазардын тушуна келгенде минип келаткан ат же эшектен сөзсүз түрдө түшүп, жөө өтүшкөн. Алар, көбүнесе олуянын арбагына багыштап куран окуп же бата кылып өтүшкө аракеттенишкен. Антпесе, жамандыкка тушуккан учурлары болгон. Бул ыйык жерден өтүп бара жатып аттан же эшектен кулап түшүп, колу-буту сынган же башы жарылгандар болгондугу туурасында жергиликтүү эл арасында айтылат. Ак-Тайлак мазарынын бул жерде жайгашып калганына олуянын жубайы Айбике айылындагы Сарысөн уруусунан болгондугу да себеп болсо керек.

Ак-Тайлак олуя жаштайынан эле сырдуу кереметтерге жана өзгөчө касиетке ээ болгон. Баланын өңү сары, көзү көк болгондугун айтышат. Алты жашында айылдын балдары менен тойго жөнөп калышат экен. Балдар тай, эшек ж.б. көлүктөрүн минип жөнөшсө, Ак-Тайлак көлүгү жок, жөө калат. Балдар аны шылдындашып, күлө баштаганда, ал колуна таяк алып, асмандагы ак булутка «жерге түш»- деп, ишаарат кылат. Кудайдын амири менен асмандагы ак булут жерге түшүп, ак тайлакка айланат экен. Катардан калбай, тойго ак булутту тайлак кылып, минип барганын өз көздөрү менен көргөн адамдар бул бала өзгөчө касиетке ээ экендигине ишенип, ынанышат. Ошол күндөн тартып ал баланын өз аты аталбай, Ак-Тайлак атка конот. Дагы бир вариант боюнча Кытай тарапка болгон жортуулдан Памир аркылуу өз мекенине олжолуу кайтып келе жаткан чапкылдыктар чегара бекетине туш келишет. Ошондо куржун толо алтын-кумуш ж.б. зер буюмдардарды бекетчилерге билдирбей алып өтуунун амалын ойлоп калышат. Ары тартышып, бери тартышып жаткан чондорго алты жаштагы бала: «Айланайын авалар, кызыл чеке болуп талашпагыла. Алтынды оной эле алып өтөбуз. Көчтө жук жуктөлгөн төөнун тайлагы, байбиче минген бээнин чоноюп калган кулуну бар. Алтын ж.б. кымбат буюм-тайымдарды эки куржунга бөлгулө. Куржундардын бир көзунө алтын, экинчи көзунө мени жана мен куракты баланы салгыла да бирин тайлакка, бирин кулунга жуктөп койгула. Көч бекеттен өтуп коопсуз жерге жеткенче тайлак менен кулунду кармап туруу керек. Качан өтуп алгандар ишаарат бергенде, бошотулган тайлак менен кулун айбан болсо да энесинин чакырыгына бир да тоскоолдукка карабай кайда болсо да жетип барышат»-деп, сунушун айтат. Анын пикирине макул болгон чондор баарын бала айткандай кылышат. Ошентип, чегара бекетинен баланын айла-амалы менен аман-эсен өтуп алган чондор: «Ой, бул бала оной бала эмес. Баралына келгенде көрөгөч көсөм, өтө акылдуу Адам болот»-деп, ыраазы болуп калышат. Бекеттен ак тайлак менен өткөндугу учун баланын өз аты аталбай «Ак Тайлак», ал эми экинчи баланы алып өткөн кулун болсо кулун десе чонураак, тай десе кичирээк болгондуктан «калта(келте) тай» атка конот.

Ак Тайлактын алдын-ала айткан божомолдору сөзсүз туура чыккандыктан бара-бара олуя атанат. Бараалы келгенде каргаса каргышы, алкаса алкышы жанылбаган олуя болот. Эл арасында шар аккан Козу-Баглан дарыясынын суусун Ак-Тайлак кечкенде буту сууга малынбай өткөн деген да сөз бар. Айрыкча, ага жамандык ойлогон адамдарды түшүндө же кыялында төө кубалап, мазасын качырчу экен. Бүгүнкү күндө да мазардын жанынан өткөн адамдардын көзүнө кез-кезде төө же тайлактын элеси көрүнөт дешет.

Кээде, мазарга келгендер жоондугу билектей, узундугу 2-3метр келген ак жыланды жолуктургандыгын айтып калышат. Жергиликтүү эл болсо бул жылан мазардын ээси, адам баласына чанда гана көрүнөт дешет. Кээ бир жылдары арык аркылуу келген ак жылан мазарга жакын жайгашкан тегирмендин суу парасына оролуп калган учурлары да болгон. Эмне себептен суу келбей тегирмен токтоп калганын билген тегирменчи жыланга ун чачып, куран окугандан кийин жылан өз жолуна түшкөнүн Маргун айылынын тургундары айтып жүрушөт. Сууну бөгөп же суу парасына оролуп, тегирменди токтоткон жылан оңой жылан болбосо керек. Эмнеси болсо да жыланды мазар ээси же кароолчусу катары кабыл алган жергиликтүү эл, бул жыланга карата эч кандай кыянаттык кылбаш керек деп санашат.

Убагында атеист болуп, кийин Кудайга, ата-бабалардан калган мазарлардын касиетине кеч ишенгенине өкүнүп: «Ак-Тайлак, Жаныбек-Баба мазарлары менин тага-пирлеримдин мазарлары. Көрсө, кооптуу жагдайларда оболу Кудай, кийин тага пирлерим мени колдоп жүргөн турбайбы»-деп, эски чекист, Кыргыз Республикасынын персоналдык пенсионери, маркум Тургун Ибрагимовдун эскергени бар.

Ак-Тайлак олуянын өмүрлүк жары сарысөн уруусунан, алардын Жаныбек, Тагайбек, Алдарбек, Кошонбек деген төрт уулу жана Агача аттуу жалгыз кызы болгон. Учурдагы Жаныбек-Ата, Агача-Булак деп, аталган мазарлар Ак-Тайлак олуянын уулу менен кызынын урматына алардын атынан аталып калган. Олуянын кызы Агача болсо Кызылаяктын Таңатар аттуу баласына турмушка чыгат.

Чапкылдык болуштугунун тунгуч болушу Султан-болуш, Улуу Ата-мекендик согуш жылдарында зор көрсөткүчтөргө жетишкен, бир канча орден-медалдардын ээси, колхоздун төрөгасы Султанов Кочкор-раис, «Кызыл-Байрак» колхозунун төрөгасы Мадалиев Сапар-раис, Кожонт шаарынын борбордук мечитинин имамы болгон Молдо Токтор, Толубаев Жолчу, Мукумов Бахап-ажы жана Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар өрөөнүн өздөштүрүүгө зор салым кошкон, пахтачылык боюнча мекенге сиңирген эмгеги үчүн «Социалисттик эмгектин баатыры» наамына татыган Жоро Шералиев өңдүү инсандар Ак-Тайлак олуянын урпактары болушат. Совет доорунда «Социалисттик Эмгектин баатыры» наамына татыктуу болгон Тажикстандык Самадов Ахмат, Алиев Гадай жана Базаров Пирмат аксакалдар да олуянын аталаш туугандары. Ошондой эле Ак-Тайлак олуянын уруусунан Ленин Орденинин эки жолку кавалерлери: Абдуллаев Токтош, Абдиев Жапар жана Толубаев Бостон пахта өстүрүүнүн чебер устаттары болушкан.

Санжыра боюнча: Чапкылдык, Чапкылдыктан Жакшы Кожо, Жакшы Кожодон Ак-Тайлак же Тайлакы деп айтылат. Жакшы Кожо да өтө касиеттүү адам болуптур. Санжырада Ак-Тайлак олуянын уруусунан чыккан тарыхый инсандар туурасында да маалыматтар камтылган. Алар:Манас баатырдын насаатчысы аталган легендарлуу Ажы-бий, даанышмандыгы менен даңкталган Жапар, иш билгилиги менен таанылып, адилдиги ашкере болгон Асан-бий, бектердин беги болгон Салимбек, бакырыгы таш жарган, ажалдан кайра тартпаган Бакыбек-баатыр, дин-исламга бүт өмүрүн арнаган жана диний лидерлерден болгон Имам-шейх, “Кутка-бий – жалпы журтка тутка бий” деген атка конгон, айтылуу Ажы-бийдин тукуму Кутка(Куртка)-бий, Жаныбек-олуя, Кашкарды бийлеп турганда: “Камчысына каймал төө сулаган Хан Мөндөкө” атыккан Мөндөкө, Кокон хандыгынын бий-хандарынын көч башында турган Шоорук-бий, Кокон хандыгында кызмат өтөгөн Мавлян - лашкар башы, Кожонт вилаетинин беги - Сатыбалды-бек ж.б.

Совет доорунда Ак-Тайлак олуянын уруусунан Акжолов Шайдилла, Боронов Курбан, Кошмуратов Гапар, Ишанов Надыр, Жолдиев Акмат, Жумабаев Момун, Малабаев Жолдошбай, Айжигитов Дооран, Умаров Балтабай, Жумабаев Гыяз, Калмурзаев Абдилатип, Набиев Бурхан, Абдиев Икрам, Ботокараев Пазыл, Балтаев Самат ж.б. инсандар жогорку мамлекеттик кызматтарда жигердүүлүк менен эл жүгүн аркалашкан. Ал эми, Жапарова Касиет, Баетов Мурзабек, Шералиев Жоро жана Малабаева Кайрыниса Кыргыз ССРинин Жогорку Кенешинин депутаты болушкан.

Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери жооптуу мамлекеттик кызматтарда Жумабаев Шайбек, Масалиев Айтбай, Муркамалов Жалил, Кошмуратов Алимжан, Кабилова Клара, Мурзабеков Эркебай, Курбаналиев Камчыбек, Талиева Камила, (Ормошев Жолдошбай), Мусаев Абдибасит, Ахмедов Орунбай, Тагаев Ашим, Набиев Нуркамал, Шералиев Мелис, (Масалиев Асылбек), Малабаев Абдималик, Хамраев Абдували, Атамбеков Жаныбек, Жапаров Нурпазыл ж.б.лар иштеп жатышат.

Илим жаатында Ак-Тайлак олуянын уруусунан ага-ини Жолдошбай жана Мурзабек Малабаевдар тарых боюнча илимдин доктору, профессор болушса, Арзыбаев Момун ветеринария жана фармакология илимдеринин доктору болду. Математика илиминин кандидаты, БатМУнун профессору Толбаев Балтабайдын диссертациялык эмгеги космос мейкиндигин изилдөөгө түздөн-түз колдонулгандыгы менен кызыктуу. Илимдин кандидаттары: (Максутов Турсунбай), Муркамалов Абдирашит, Абдиев Кубанычбек, Машрапов Абдималик, Абдыкалыков Жангара, Абдурасулов Кошмурат, Жораев Жумабай, Джурабаев Ташполот, (Туратов Омурзак), Талиева Камила, Бердимуратов Амангелди, Жапаров Бостон, Жапаров Нооман, Абдухамидова Батма, Таникулов Абдиназар, Шамшиева Махабат ж.б. үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Жаныбек-Олуя мазары

Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Дархум айылынын күн чыгыш тарабынан 14км аралыкта орун алган Жаныбек-Ата мазары бар. Бул мазар көпчүлүк тарабынан сыйынып, зыярат кыла турган ыйык–азиз жайга айланган Жаныбек-олуя аттуу адамдын кабыр жайы.

Азыр бул жерде Жаныбек-олуянын кабыр жайында жергиликтүү эл тарабынан тургузулган эски күмбөз бар. Кээ бир инсандардын өз каалоосу жана керэзи боюнча алардын көзү өткөндө балдары менен туугандары маркумдун сөөгүн Жаныбек-Атанын жанына алып келип коюшкандан улам бул жерде кийинчерээк көрүстөн да пайда болгон. Ошентип, күмбөздүн айланасында эски көрүстөн да бар. Бул көрүстөн негизинен жергиликтүү элдин өкүлдөрүнүн кабыр жайларынан турат.

Илгери Жаныбек аттуу олуя болгон экен. Алланын элчиси болгон Мухаммед пайгамбардын кабырына жана ыйык Меккеге жөө бир канча ирет ажылык сапар менен барып келген дешет, аны. Өзү кыргыздын чапкылдык уруусунан. Өз убагында Жаныбек-олуя белгилүү саясатчылар жана ошондой эле Кожонт, Өрө-Төбө ж.б. шаарлардын башкаруучу-акимдеринин арасында кадыр-баркка ээ болгон. Орто Азиянын диний лидерлери да кези келгенде анын пикирин эске алып, чоң майрамдарда Самарканд, Бухара шаарларына чакырып турушкан. Батасын алуу үчүн ошол кездеги ар кайсыл улуттагы атактуу жана кадыр-барктуу инсандардын көпчүлүгү Жаныбек-олуяга белек менен келип-кетип турушкан. Көпчүлүк эл аны олуя катары таанышып, өздөрүнүн колдоочусу деп эсептешкен. Жаныбек-олуяга келип, Кудайдан ар ким өз муктаждыгына карап, дөөлөт, бийлик жана перзент сурап, кайрылышкан.

Эң кызыктуусу, жергиликтүү эл Жаныбек-Ата өзүн өзү тирүүлөй көмгөн дешет. Тагыраак айтканда, Жаныбек-олуя чети оюлган жерге өзү кирип, кайып болгон деген сөз бар.

Жергиликтүү эл жайлоого көчөрдө да, жайлоодон кайтарда да Жаныбек-олуянын батасын алып, андан кийин көчүшкөн. Мал-жанга болобу, үй-бүлө мүчөлөрү болгон бала-чакага болобу Жаныбек-олуянын батасын сурап, кайрылып турушкан. Айрыкча, перзенти жок үй-бүлөлөр көп кайрылышкан. Келген зыяратчылар көбүнчө бул жерге түнөп калышкан. Бул жерде зыяратчылар үчүн курмандыкка майда жандык союп, анын этин бышыра турган атайын жайлар бар. Келген адамдар үчүн керектүү болгон идиш-аяк, казан-табак жана көрпө-төшөк да бар.

Бүгүнкү күндө да жергиликтүү калктан же Лейлек, Баткен районунун элинен башка Тажик Республикасынын кошуна турган Канибадам, Исфара, Ходжент жана Жабар Расулов райондорунан тажик, өзбек, кыргыз ж.б. улуттардын өкүлдөрү зыяратка келип кетип турушат.

Зыяратчылар бул жердин өзгөчө энергетикага ээ экендигин белгилешет. Ал гана эмес, күмбөзгө келаткан зыяратчылар аска ташта узундугу 500-600, туурасы 150-200метр келген араб арибинде «Алла» деген жазууну учуратышат. Алар сөзсүз түрдө Жаныбек-Атанын арбагына багыштап, кой же эчкини курмандыкка чалышат. Курмандыкка союлган малдын эти бышырылып, зыяратчылар тарабынан желип бүткөндөн кийин куран окулуп, ар ким өз тилектерин айтышат. Дасторконго бата кылгандан кийин зыяратчылар күмбөзгө барышып, ал кабыр жайдын тешигине колун салат. Колуна урунганын алып чыгып, алаканындагы нерсени өтө дыкаттык менен карашат. Курт-кумурска, майда таш, чач, тырнак, эски монета ж.б. майда-барат нерселер чыгышы мүмкүн. Ар бир зыяратчы колуна илинген нерсени өздөрүнчө жакшылыкка жорушат. Көп жылдар бою перзент көрбөй жүрүшкөн жубайлар жыгачтан казык жасашып, ошол казыкка чүпүрөк байлап, күмбөздүн оң капталындагы жерге кагып кетишет. Качан балалуу болгондо алар кайрадан келишип, курмандыкка кой же эчки союп, каккан казыгын сууруп ташташат. Көбүнчө төрөлгөн баланын чачын алганда, бир аз бөлүгүн калтырып, «нияз» коюшат. Ал турсун төрөлгөн балага «Жаныбек» деп ат койгон учурлар көп кездешет.

Зыяратчылардын арасында ар кандай ооруу-сыркоодон арылуу максатында келгендери да арбын учурайт. Күмбөздүн күн чыгыш тарабында жапайы алмурут өскөн жер бар. Бул жерди «Алмачык» деп коюшат. Жергиликтүү элдин айтуусу боюнча бул жерде Жаныбек-Атанын кызы каза болгон. Болгондо да душмандар тарабынан мыкаачылык менен олтурулгон деп айтылат. Ал эми, анын каны тамган жерге жапайы алмурут өсүп чыгат. Ошол жердеги алмуруттун мөмөсүн зыяратчылар үйлөрүнө алып кетишет. Үйгө баргандан кийин алмурутту кургатышат. Кургатылган алмурутту жанчып, талкан кылып, порошок жасашат да аны ар кандай оорууларды эмдөөдө колдонушат.

Бир кезде Кумар-чабандес, Бостон Толубаев өңдүү инсандар күмбөздү оңдоо максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк Бостонов Турабай тарабынан да бир топ курулуш иштери бүткөрүлгөн. Ал эми Асралов Муса жана Айдаров Элибай баштаган Кулунду айылында жашаган түпкү теги Мадыгендик туугандар күмбөз жана көрүстөндү тегерете темир сым-тор менен тосушкан.

Мурда бүткөрүлгөн курулуш иштери негизинен көрүстөндүн ичинде болгондуктан келген зыяратчылар көрүстөндүн ичинде тамак-аш даярдаганга мажбур болушкан. Ошондуктан, башында Толбаев Балтабай-ажы турган Эшимбетов Калмурат, Толубаев Осмон, Мусаев Кочмурат, Сапаров Таштемир, Толубаев Жолчу, Жороев Жаныбек, Ахмедов Орунбай, Абдиев Кубаныч, Юлдашов Асан жана башка Жаныбек-Олуянын тукумдары тарабынан күмбөздү оңдоо-түзөтүү иштери жүргүзүлдү. Интернационал жана Булак-Башы айылдарынын жашоочулары Мамыразаков Наби, Наркозуев Доор, Камбаров Кадыр ж.б. аксакалдар менен кошо айыл жаштары да колдон келген жардамдарын аяшкан жок. Зыяратчылар үчүн атайын жайды көрүстөндүн сырт жагына куруу каралган. Ал эми ылай менен таштан тургузулган күмбөздүн бир капталы кулап калгандыктан, күмбөздү толугу менен бышкан кыш (кирпич) менен кайра курушту. Ошондой эле күмбөзгө кеткен жолду да оңдоо-түзөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Агача-Булак мазары

Агача-Булак - Сүлүктү шаарынын туштук-батыш тарабындагы Майтоңбос кыштоосунун аймагынан орун алган булактын аталышы. Булак жер шартынын түзүлүшүнө караганда суу чыкпай турган жерден орун алган. Бул өз учурунда булактын сырын күчөтүп, касиетине болгон ишенимди бекемдейт. Зыяратчылар тарабынан байланган сан жеткис чүпүрөк менен «кооздолгон» долоно дарагы да ыйык даракка айланып баратат.

Илгери Ак-Тайлак олуянын төрт уул бир кызы болгон экен. Балдарынын аты Жаныбек, Тагайбек, Алдарбек жана Белек, ал эми кызынын аты Агача. Кызы бой жеткенде кызылаяк уруусунан жуучу келет. «Бектер жана олуялар чыккан ак сөөк уруу менен кудалашып, жакын бололу деген максатта Олуям өзүнүзгө кулдук уруп келдик» -деген жуучулардын сөзүнө Ак-Тайлак олуя: «Биринчи болуп, менин кызымдын колун сурап келген силер болгондуктан, каршылыгым жок» -деп, келген жуучулардын сунушун кабыл алып, макул болот. Кудалар үчүн жайылган дасторкон четинде чай ичилип жаткан учурда Олуя: «Кудалар, силердин куда түшүп, менин кызыма жуучуга келишинер жөнүндө мага бир ай мурда аян болгон»-дептир. Ошентип, Агача кызылаяктын таңатар тобуна келин болот.

Агачанын кайын журтунун турган жери кыраңда болуп, сууну ыраактан ташып, ичишет экен. Ата-бабасы дайыма агын суунун боюнда же булактын четинде конуп-көчүп жүргөн Агача суунун тартыштыгына көпкө көнүгө албай кыйналат. Анан да бир топ жерден суу көтөрүп, кыйналган кайындарын көрүп, боору ачып, жүрөгү ооруйт. Ошол себептен жатса-турса Кудайдан «ушул байкуш пенделериңе суу бер»-деп, жалынып-жалбарат. Күндөрдүн биринде «жакында журтуңдан суу чыгат»-деп, түшүндө аян болот. Бул кубанычтуу кабарды айылдагы кары-жаштын баарына кабарлаймын деп, өзү шылдыңга калат. Ошондо Агача колундагы жүн ийрип олтурган ийиктин учу менен жерди чукуп кирет. Көп узабай эле оюлган жер сууга толуп чыгат. Ошондо да олуянын кызы бизге сыйкыр көрсөтүп жатат деп эл көргөн көзүнө ишенбей коюшат экен. Качан оргуштап чыккан суу булакка айланып, анын шылдырап аккан суусу олтурган элди экиге жарып өткөндө гана тообо келтиришип, жакаларын кармашат. Канча күндөн бери айткан сөзүнө ишенишпестен, шылдыңдашкан эл эми, Агачанын касиетине тан беришип, бутуна жыгылышкан экен. Бул суу жөн гана булак суусу болбостон көптөгөн оорууларга эм болгон сууга айланат.

Булактын суусу дарылык касиетке ээ жана ар кандай ооруудан арылткан шыпаа суу болгондуктан, Агача-Булакка зыяратка баргандардын саны көбөйүүдө.

Сөз соңунда айтарыбыз жуучулукка барган кудалардын тилегин Кудай кабыл кылып, чапкылдыктар менен куда болгон кызылаяк уруусу биринчиден, дарылык касиети бар ыйык булакка ээ болушат, экинчиден, кыргыздын көсөм журт башысы болгон Исхак Раззаковдой уулдуу болушат.

Бүгүнкү күнгө чейин кызылаяк уруусу менен чапкылдыктар кыз алып-кыз берип, куда-сөөк болуп, ынтымакта жашап келет.

У л а м ы ш

Ажыдаар баяны

Аззаар – Маргун айылынын түндүк-чыгыш тарабынан орун алган жердин аты. Коктунун ичинде, капчыгайдын оозунан орун алган Даргаз айылынын түндүк тарабында жайгашкан. Жакшылап караган адам Аззаардан Даргаз айылына карай кеткен узундугу 7-8 чакырым, кенендиги 2-3метр, тереңдиги 15-20см болгон билинер-билинбес траншеяны байкаса болот. Жергиликтүү калктын айтуусунда илгери Аззаардан ажыдаар чыгып, Даргаз айылына карай жүрөт. Бирок, айылга 1-2 чакырым калганда оңго, Оут айылына(Ак-Тайлак олуянын баласы Жаныбек олуянын киндик каны тамган айыл) карай бурулат. Ажыдаар оор болгондуктан жерди жемире жүрүп, артынан терең из калтырган. Азыркы билинер-билинбес болуп турган траншея ошол ажыдаардын жолу деп айтышат. Мурда траншеянын кенендиги 3-4 метр, ал эми тереңдиги 2-3 метр болгон дешет. Ал, эми тарыхка көз жүгүртсөк орто кылымдарда бул аймакта темир(чоюн) рудасы өндүрүлгөндүгү белгилүү. Аззаардан темир(чоюн) өндүрүлгөндүктөн көп өлчөмдөгү суу керектелген. Орто кылымдардагы кенчилер Оутттун жогор жагынан баштап, сайдагы сууну канал казып, Аззааарга чейин алып өтүшкөн болсо керек. Азыркы траншеянын изи ошол мезгилдеги суу каналынан калган деген да божомол бар.

Аззаарда учурда эл жашабайт. Мурда Аззаар чапкылдык уруусунун өкүлдөрү турган чакан айыл болгон. 20-кылымдын 30-40-жылдары коллективдештирүү, кийин чарбаларды ирилештирүү саясаты менен жашаган эл бул жерден көчүрүлгөн. Калктын негизги бөлүгү Жийдели айылына(азыр Тажикстанга карайт) көчүп кеткен. Аззаарга барган кишининин көзүнө алп таштын астынан сызып чыккан жалгыз булак менен чоң үңкүр урунат. Бул жердин Аззаар деп аталып калышына себеп болгон дал ушул үңкүр. Анткени, уламыш боюнча дал ушул үңкүрдөн ажыдаар чыккан. Бул уламыш кылымдардан бери эл арасында муундан-муунга айтылып келе жатат. Анда сөз нугун уламышка буралы.

Илгери-илгери бир замандарда азыркы Маргун айылы турган жерде «Таш-Рабат» деген шаар-чеп болгон экен. Шаар-чептин калкы күндүзү чептин сыртында аштык айдап, дыйканчылык кылып, мал жайышкан. Кечинде кайра турак-жайларга кайтышкан. Коркунуч туудурган жоо болбосо, канаттуу менен тумшуктуудан эгинди коруп, талаада түшүм жыйын-терин болгончо жашап калышкан. Ошондой дыйкандардын бир үй-бүлөсү жыл сайын бул аймакта коон айдап, тиричилик кылып келген. Дыйкандын бир уул, бир кызы болот. Жылдардын биринде жер айдап жүргөн дыйкандын кош тартып бараткан өгүздөрү токтоп калат. Көрсө жер оодарган омоч бир нерсеге урунуп, туруп калыптыр. Эңиле калып, караса түйүнчөк экен. Түйүнчөктү жерден алып, чече салса ичинен бычак чыгат. Бычактын сабы кооздолгон мүйүздөн, ал эми өзү болсо болот –темирден жасалыптыр. Жакшылап караса бычакта жазуу бар экен. Бычакты тазалап, «Кимде-ким ушул бычакты колдонуп даам сызса, ал ажыдаарга айланат» -деген жазууну окуйт. Дыйкан бычакты эч кимге көрсөтпөстөн чүпүрөккө ороп, алачыктын балдардын колу жетпеген жерине катып коет. Талаадагы жумуш менен алпурушуп жүрүп, табылган бычакты жадыдан чыгарып да коет. Күндөрдүн бир күндөрүндө дыйкандын үй-булөсүн чоң тойго чакырып, шаар-чептен чабарман келет. Бышып турган коон талаасын кароосуз таштап кеталбай дыйкан баласы менен кызын калтырып, байбичеси экөө тойго кетишет. Ошентип, ата-энеси эки-үч күнгө эгин талаасын балдарына калтырышат. Ата-энеси кетишкенден кийин бала карындашын ээрчитип коон талаасын кыдырып чыгат. Бышкан, жыты буруксуган коонду тандап алып жемек болушат. Алачыкка келишип, коонду кескенге бычак издеп калышат. Ошондо бала атасы катып койгон бычакты таап алат. Карындашынын «атам бекеринен катпагандар, бычакка тийбей эле коелу» -дегенине болбой, коонду ошол бычак менен кесип кирет.

Ошентип, экөө ошол бычак менен кесилген коонду тойгончо жеп жыргашат. Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин ата-энеси тойдон келишет. Алачыкка кирер замат дыйкандын көзү дасторкон үстүндө жаткан бычакка түшөт. Жүрөгү жамандыкты сезип, «бул бычакты ким алды?»-дегенге араң жарады. Кызы коон кескенге бычак таппай, акыры ушул бычакты колдонушканын айтат.

Күндөн-күнгө баласы менен кызынын өңү-түсү өзгөрүп баратканын байкап, дыйкан аялына бычактын сырын ачып, болгон окуяны айтып берет. Ошондо гана балдарынын кебетеси менен кошо мүнөздөрү жана кылык-жоруктарынын өзгөрүшүнүн себебин түшүнөт эне байкуш.

Убакыт өткөн сайын бала менен кыз күн санап чоңоюшуп, макулук түспөл болуп өзгөрө баштайт. Ошондо ата-эне кеңешип, адамдардан оолак болуп, көзгө түшпөсүн деп көргөн кишинин үрөйүн учурган балдарды азыркы Аззаардагы үңкүргө алып келип ташташат. үңкүрдөгү балдарга тамак-ашты энеси жеткирип турат. Денелери болуп көрбөгөндөй тез чоноюп, тулку-бою өзгөрүп, ажыдаарга айланган балдары алып келген тамак-ашка алымсынбастан бир күнү энесин да жалмап коюшат. Арадан бир-эки күн өтсө да үйүнө кайтып келбеген аялын издеп үңкүргө барган дыйкан балдарынын ордунда эки ажыдаарды көрөт. Ажыдаарлар даяр тамак келди деп, эмне кыларын билбей, апкаарып турган дыйканды да жалмашат.

Андан ары тамак издеп, бет-маңдай жактагы Даргаз айылын бет алып жүрүшөт. Айылга 1-2 чакырым калганда оңго бурулуп, Оут айылына карай бет алышат. Оутка келип, айылдын элин жалмашат. Оутка жакын Таш-Рабат(айтылуу Ажы-бийдин ордосу) айылы жайгашкандыктан, ажыдаарлар бул айылдын элин да күм-жам кылышат. Ошондон улам Таш-Рабат аты аталбай, бул жерди соода-сатык иштери менен ары-бери каттап турган тажик соодагерлери «жылан жок кылды» же «жылан күм-жам кылды» деген мааниде «мор гум» же деп, ары-бери өткөндө айтып жүргөндүктөн бара-бара бул айыл Маргун аталып калат.

Ажыдаарлар андан ары жол жүрүп, Кожобакырган-Сайдын баш жагындагы бийик жана кууш Көк-Таңгиге («таңги» - кууш, тар капчыгай) такалышат. Көк-Таңгинин эң кууш жеринен сайдын аркы өйүзүнө ажыдаардын эркеги өтүп кетет, ал эми, ургаачысы өтө албай түшүп кетип, сууга чөгүп өлөт. Жалгыз калган ажыдаар андан ары күн батышка карай жолун улап, азыркы Булак-Башы, Кольцо айылдарынын өйдө жагынан өтүп Коргончо айылына келет. Коргончо айылын тып-тыйпыл кылып, мойсойт. Ал аз келгенсип, айылдын чет жакасында өз устаканасында иштеп жаткан темир устаны шакирти менен жалмайт. Устаканадагы адамдарга кошо така ж.б. темир-терсекти жутуп алгандыгы себеп болуп, ажыдаар да өлөт. Кээ бир айтуучулар Көк-Таңгиден өтүп, ажыдаар кенчилердин айылы болгон Чоюнчу менен Коргон айылын тып-тыйпыл кылып, андан ары күн чыгыш тараптагы Рават айылына жол тартат. Рават айылынын чет жакасында өз устаканасында иштеп жаткан темир устаны шакирти менен жалмайт. Устаканадагы адамдарга кошо така ж.б. темир-терсекти жутуп алгандыгы себеп болуп, ажыдаар да өлөт деп айтышат. Ажыдаардын өлүмү менен уламыш да соңуна чыгат.

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

10-03-2021
Шырдакбек
10107

09-03-2021
Баткендин материалдык маданий мурастары
5592

01-03-2021
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу
11446

26-02-2021
Инсандар тууралуу учкай кеп
11499

26-02-2021
Маргун - чапкылдыктар ордосу
9762

25-02-2021
Чапкылдык
11637

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×