Добавить статью
10:31 10 Марта 2021 10107
Шырдакбек

Шырдакбектин Боз жоргосу жана анын сулуу аялы тууралуу айтылган уламыш, аңыз-аңгемелерди Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан, ал тургай Кытай Эл Республикасында жашаган кыргыздардын арасынан да учуратууга болот. Чыгарма калкка кеңири тарап, кара сөз түрүндө да, ыр түрүндө да учурайт. «Боз жорго» аталган комуз күүсү да белгилүү.

Шырдакбек чыгармасы уламыштык гана формада эмес, ыр түрүндө да айтылып жүрчү экен. Хан Шырдакты ырга салып, Балык акын айтуучу дешет. Балыктын айтуусунда бизге жеткен жок. Бирок анын айтымында Боз жоргонун окуясы кыргыздардын өз аймагында, эки хандыктын ортосунда эле жүрөт. «Шырдакбекти» өз учурунда К.Акиев да айтып жүрүүчү экен. Бирок эмнегедир өз кол жазмаларында бул жөнүндө маалымат жок. Чыгарманын тексти да өз оозунан жазылып алынбаган. «Шырдакбекти» 1974-жылы Жанжигит Казакбаев Өмүкеев Абдыдан жазып алып (ал 1948-жылы Калыктын өз оозунан уккан экен), Илимдер Академиясынын кол жазмалар фондусуна тапшырат.

Тоголок Молдонун айтуусунда «Шырдакбек» жогоркулардан кескин айырмаланып турат. Уламыштык окуя поэманын деңгээлине көтөрүлүп, элдик каармандын төрөлүшү, баатырдык кыймыл-аракети белгилүү даражада эпикалык чыгарманын жүгүн көтөрүп турат. Идеялык багыты да негизинен баатырдык темага баш ийип, эл азаттыгын, эркиндигин коргоого багытталат. Эгерде уламыштык окуяда жанрдын мыйзамына ылайык кандайдыр бир болумуш жөн жай баяндалса, Тоголок Молдонун вариантында ошол доордогу тарыхый катаал кырдаал жана кыргыз элинин ички, сырткы карама-каршылыктары реалдуу мүнөздөмөгө ээ болгон.

Шырдакбек кыргыз эли чабылып-чачылып, калмак хандарынын жортуулдарынан улам катуу мүшкүлдү баштарынан өткөрүп, баатыр уулга муктаждыгы артып турган кыйын кезеңде төрөлөт.

Поэмада эл керегине жарай турган баатыр уул Шырдакбектин жарык дүйнөгө келиши менен кыргыз эли сүйүнүчкө батып:

«Кылымдан көрдүк зордукту,

Кытайдан көрдүк кордукту,

Калчадан көрдүк зордукту,

Калмактан көрдүк кордукту,

Аяк басты болордо коргоп алчу бала туулду» - деп, ага бел байлап, көңүлдөрү тынчып калышканы баяндалат.

Чыгарма боюнча Шырдакбектин ордосу Кокон, Намангандан орун алып, негизинен анын бийлиги түштүк регионуна жайылат. Ал эми, Кыргызстандын түндүк тарабынын басымдуу бөлүгү ошол учурда калмактардын кол астында болот. Кыргыздар аларга алман төлөп, баш ийип турат. Муну укканда Шырдактын күйбөгөн жери күл болуп:

Кыргызды кудай каргаптыр,

Аялуу жери калбаптыр,

Адиден ашып бул калмак,

Ак калпак кыргыз элине

Ченемдүү жабыр салбаптыр - деп,

кыргыз жергесин душмандын ээлеп турушуна катуу намыстанат.

Шырдакбек сулуу аялын өзгөчө эрке кармайт. «Жатканын кебез ак пахта, жегенин жеңил күрүч, ичкенин бал кымыз» кылып, ардактап багат. Сулуунун назына, хандык сөөлөтүнө мас болуп, аялынын акылсыздыгын, жеңил ойлуулугун түшүнбөй, чоң жанылыштык кетирет.

Дөөлөр, шаалар көрүшүп,

Дөөлөтүнө болгон таң,

Кошуну болгон нечен сан,

Каяша айтар адам жок,

Карк дөөлөтү келгенде

Катынга башын бийлеткен,

Хан Шырдак өзү кандай жан? – деп,

эл башкарып, журт сураган эр-азаматтын аялынын айтканы менен болуп, өзүн бийлеткени карапайым эл тарабынан поэмада катуу сынга алынат.

Шырдакбекти жеңе албастыгына көзү жеткен калмак ханы Чагай айла-амалга өтөт. Кыргыз жергесине тыңчы жиберип, акылсыз сулуунун чоо-жайын тартат. Шырдакбектин аялы болсо душмандын сөзүнө азгырылып, «капканын бегинин, кармаган элинин» сырын ачат. Капканын сырын билген калмактар калкты суудан тукулжуратып, Шырдакбекти багынып берүүгө аргасыз кылат. Ушундай жагдайда аял Боз жоргону минип алып, калмак ханына качып кетет. Аялдан сурап, анын кандай дөөлөт менен жашагандыгын билген Чагайдын ачуусу келип, ага кара кементай кийгизип, бетин тилдирип, кырк уйду саадыртып коёт. Мурун мындай түйшүк кылбаган аялдын көрбөгөнү көр болот.

Чыгарманын тарыхый негизи, Шырдакбектин жашаган доору, тарыхый реалдуулугу жөнүндө сөз болгондо эки маалыматка: санжыра, аңыз-аңгеме, уламыштык материалдарга жана тарыхый булактарга таянабыз. Санжыра, уламыш боюнча Шырдакбек XVII-XVIII кылымдардын аралыгында жашаган тарыхый инсан катарында баяндалат. Айтуучулар анын өмүр сүргөн мезгилин, жашаган ордун мүмкүн болушунча так көрсөтүүгө аракеттенишет. Шырдакбектин сепил-коргонунун жайланышкан ордун, ал эмес Боз жоргонун зоругуп өлгөн жери, анын ат байлаган мамысына чейин иликтөө далалаты бар. Көпчүлүк кабарчылар, анын ичинде Тоголок Молдо Шырдакбектин түпкү тегин Курманбектен чыгарат. Шырдакбек Сейитбектен төрөлөт. Бир маалыматта замандашы, экинчи кабарда ага-ини делет. Ал эми Шырдакбектин XVI-XVII кылымдардын аралыгында жашап, калмак төбөлдөрү менен согушуп өткөн тарыхый инсан экендиги азыркы мезгилде анчалык күнөм туудурбайт. Фольклордогу жана тарыхый булактардагы фактылардын негизинде аныкталган деп айтууга негиз бар.

Аны чыгармада айрым тарыхый окуялардын жана тарыхый адамдардын чагылышы менен аныктоого болот. Поэмада эскертилген Калдан (Галдан Бошокту-хан) – тарыхый адам. Ал калмактын түпкү хандарынын бири. Батур-хун тайчынын(Батыр коңтаажы) алтынчы баласы болуп, 1644-1697-жылдардын аралыгында жашап, Батыш Монголиядагы Ачаатумай деген жерде каза табат. Галдандын бийлиги Цин өкмөтү менен салгылашуулардан катуу алсырап, өмүрүнүн акыркы күндөрүн ал качып-тозуп, жакырчылыкта өткөрөт. Дегеле тарыхый булактарда жана эмгектерде калмактардын кыргыздарга жасаган жортуулдары жөнүндө бир топ толук маалыматар берилип, эл оозеки чыгармачылыгындагы фактыларга шайкеш келип тургандыгы менен кызыктуу. Алсак, 1652-жылы Хошоуттардын (калмак уруусунун аталышы) башчысы Цецен хан Тянь-Шань кыргыздарына жортуул жасаган учурунда 17 жаштагы уулу Галдаманын катышкандыгы тууралуу маалымат бар.

Галдама 1671-жылы бийликке келет да, ата-бабаларынын жолун жолдоп, кыргыз, казактарды каратып алуу аракетинде баскынчылык саясатты күчөтөт. 1680-жылы Тянь-Шандык кыргыздар, 1683-1684-жылдар Сайрам, 1683; 1684; 1685-жылдары кыргыздар жана ферганалыктар менен согушат. 1683-жылы Анжыянга жана казак талааларына катуу чабуул жасап, ногойлордун жерине чейин жетет. Галдан калмак хандарынын ичинен биринчилерден болуп, Иле өрөөнүн жайлап, кээде Иртыш боюна кыштап да калат. Жогорку тарыхый окуялар белгилүү даражада «Шырдакбек» поэмасында да чагылышып, ошол доордун, тарыхый кырдаалдын картинасын

ачык элестетет.

Дегеле, «Шырдакбек» поэмасында калмак хандарынын бийлигинин таралыш аймагы бир топ реалдуу берилген. Кыргыз жерлери башы Ысык-Көлдөн тартып, Талас, Кызыл-Кыя, аягы Анжыянга чейин алардын кол астына өтөт. Алты шаар Кашкарды бүтүндөй калмактардын башкы ханы Чагай бийлейт. Амурсан Атбашыны башкарат. Калмак төбөлдөрүнүн арасында да биринчилик үчүн күрөш жүрүп, Контаажыны Чагай хан Ала-Тоо тарапка сүрөт. Ал келип Кеминге жайлашып, Иле, Ысык-Көлдү сурайт. Калдама деген уулу Анжыянды, Ажааны Сары Өзөн Чүй, Кочкор, Жумгал, Нарынды бийлейт. Калмактардын кыргыздарды каратышы жергиликтүү калк тарабынан катуу каршылыкка учурап турат.

Аларга кыргыздар толугу менен баш ийип бербейт. Галдан «буруттарды жана анжыяндыктарды» башкарып турганы менен негизинен алар өз көз каранды эместигин сактап калган. Көпчүлүк кыргыздар Чыгыш Тянь-Шандан түштүк жакка ооп, Фергана, Памир-Алай жана Чыгыш Түркстанга көчүп кеткен. Бул жөнүндө да санжыра, тарыхый ыр, уламыштарда жана «Шырдакбек» поэмасында да ачык маалыматтар орун алат. Түндүк кыргыздарынын ойрот-калмак төбөлдөрүнүн кысымынан жабыркап, түштүк тарапка агылышы массалык түрдө өтөт. Тарыхый маалыматка караганда, ойрот-калмак хандары үстөмдүк жүргүзгөн XVII-XVIII-кылымдардын аралыгында кыргыздардын Тянь-Шандан кетип, же кайра кайтып туруулары токтолбогон өңдүү. Анжыян, Алай тарапка Чүй, Ысык-Көлдөгү бугу, солто, сарыбагыш уруулары да сүрүлөт. Чериктин көбү Какшаалга качып кетет. Калмак чабуулунда түштүккө сүрүлгөн кыргыздардын бир тобу Гиссар (Ысар), Куляб, Памир, Кара-Тегинге чейин жетет. П.П.Иванов XVII-XVIII- кылымда кыргыздардын Ферганага эки жолу көчкөндүгүн маалымдайт. Тарыхчынын пикирин фольклордук материалдар да бекемдеп турат. Түндүк кыргыздарынын түштүккө оодарылышы да согушсүз өткөн эмес. Катуу каршылык, куугун-сүргүн менен коштолгон. Тарыхчы Б.Солтоноевдин айтуусунда калмактар экинчи жолу Жети-Суу аймагын басып киргенде казак, кыргыздардын биргелешкен колу катуу жеңилүүгө дуушар болот.

Тарыхтын бул кезеңи эл оозунда «казак кайың саап, кыргыз Ысарга кирген» катаал мезгил катарында мүнөздөлөт . Калктын башынан өткөн оор мүшкүл фольклордо төмөнкүчө баяндалат:

Матоосу менен төө калат,

Короосу менен кой калат,

Желеси менен бээ калат,

Тигилүү бойдон үй калат,

Кеңирсиген Ысык-Көл,

Кең сары өзөн Чүй калат.

Анжыяндын чыгыш жээгине токтогон калмактар менен кыргыздардын ортосунда катуу кармашуулар кайталанып турат. Акыры душман мурунку күчүн жоготуп, чегинип кетүүгө аргасыз болот. Кыргыздар калмактардын артынан сүрө түшүп кубалап, малы-башын олжолойт. «Шырдакбекте» жогорку тарыхый кырдаалдын изи жатат. Поэма боюнча да кайра качкан калмактын колун кыргыздар катуу зыянга учуратат. Тарыхый булактардагы, санжыра, аңыз-аңгемедеги маалыматтар боюнча түндүк кыргыздары Анжыян багытына XVII -кылымдын аяк ченинде ооп, бир кылымдан ашык ал жерде туруп калышат. 1758-жылы Жунгар (Ойрот) хандыгынын Цин (Кытай) империясы тарабынан талкаланып, ойрондолушунан улам калмактар кыргыз жергесинен да сүрүлөт. Бул өз учурунда кыргыздардын мурунку аймагына көчүп келишин шарттайт. Ошентип, түндүк кыргыздары өз журттарына кайтып келишет. Кийин да Анжыян менен Атбашылык кыргыздардын байланышы үзүлбөйт. Карыя адамдар: «Биздин киндик каныбыз төгүлгөн жер жана бешигибиз Анжыян деген сөздөрдү жомоктотуп айтышчу экен»(Кол жазмалар фонду, инв№116(319), 157-бет). Саяк уруусунун санжырасында саяктар Кожонттон(Ходжент) келгендиги айтылат. Айрым атактуу, кадырлуу адамдардын сөөгүн Ош, Анжыян тараптагы Арстанбапка жүктөп барып көмүү адаты кыргыздардын Россияга кошулушунан кийин гана токтолот. Кыскасы, ойрот хандарынын жортуулу мезгилинде элдин тарыхы, тарткан азап-тозогу, түштүк тарапка качышы, кайрадан көчүп келиши, калмак-кыргыз согушу калк эсинде таң каларлык тактык менен сакталып калган.

Калмактардын тарыхындагы айрым фактылардын кыргыз фольклорунда сакталып калышы жана эпикалык чыгарманын табиятына ылайык интерпретацияланышы кызыктуу көрүнүш. Алсак, Батур-хун тайчы(Коңтаажы) өлгөндөн кийин бийлик үчүн балдарынын ортосунда катуу күрөш жүрүп, Цэцэн аталаш бир тууганы Сэнгени өлтүрүп, такка отурат. Цэцен ханды Галдандын өлтүрүшү менен бийлик ага өтөт. Кыргыздын санжыра сөздөрүндө, же «Шырдакбек» поэмасында Галдандын иниси Ажаан катаал чыгып, калкка кысым көрсөткөндүгү үчүн элдин кыжыры кайнап өлтүрүп коюшат. «Шырдакбек» боюнча Галдан (Калдан) көчкү астында калып, мерт болгон. Мындан көрүнүп тургандай, калмак хандарынын өмүр баянына таандык реалдуу окуя эл оозеки чыгармачылыгында башкача талкууланат. Чыныгы чындыгын өзгөртүп, эл мүдөөсүнө, кызыкчылыгына баш ийет. Бул идея зордукчул Калданды көчкү алып, кардуу хан Ажаандын кыжыры кайнаган калк тарабынан өлтүрүлүшүндө жүзөгө ашат. Кыскасы, поэманын түзүлүшүнө XVI-XVIII кылымдардагы кыргыз элинин башынан өткөн кыйын кезең негиз болгондугу анын өзүндөгү фактылар менен да аныкталат. Алсак, чыгармада ар башка мезгилде бийлик жүргүзгөн ойрот-калмак хандары Галдан-Бошоктудан (1671-1696-жж) тартып, Цэван Рабдан (1697-1727-жж), Галдан Цэрэн (1727-1745-жж) жана XVIII-кылымдын аяк ченинде (1757-ж) каза болгон Амурсандын же алардын прототиби катарында эсептелген адамдардын аты аталат.

Шырдакбекти тарыхый инсан катарында кароо бүгүн эле көтөрүлө койгон маселе эмес. Тоголок Молдо боюнча Шырдакбектин уруусу-кыпчак, Курманбектин небереси. С.М.Абрамзондун 1955-жылы Баткенден жазып алган маалыматында Шырдакбек кыпчактын кожом-шүкүр уругунан чыгат. Кыпчак уруусун бүтүндөй Көк-Дөбө, Каркара деген жерлерден Хан Шырдак баштап, азыркы жашап турган аймакка көчүрүп келгендиги тууралуу эл арасында уламыш, аңыз - аңгемелер айтылат.

Санжырада да Шырдакбек жөнүндө баалуу маалыматтар кездешет. Айрыкча Кытай тарыхчысы, санжырачы Yсөйүн-ажынын маалыматы толугураак да, чындыкка жакыныраак да. «Шырдакбек - деп, жазат Yсөйүн ажы, XVII- кылымдын аягында өткөн кыпчак элинин баатыры жана акылман башкаруучусу болуп, кийинчерээк Нарындын Куртка деген жеринде турган. Сарыбагыштардын Yчүкө, Түлкү деген баатырлары баатыр кыз Жаңыл Мырзанын колунан өлгөндө, алар баатырларынын кунун кууп алуу үчүн кол курап, жүрүш кылууга даярданганда Шырдакбекти чакырып келип, кол баштоону өтүнүч кылган. Шырдакбек кийинчерээк Шиңжанга келип, Жаркенге аким болуп турган экен. Андан кийин азыркы Ак-Тоо ооданы куралган жерге сепил соктуруп, ошондо турган. Ал өмүрүнүн акырына чейин кыргыз элинин эзелки тарыхтан берки жоосу болгон калмактар менен кармашып келген.

Шырдакбектин Жаркен, Кашкар тарапта аким болуп тургандыгы тууралуу маалымат тарыхый булактардан да кездешет. Алсак, Ш.Б.Чимитдоржиевдин «Взаимоотношения Монголии и Средней Азии в XVII-XVIII в.в.» деген китебинин акырында «Ислам-намеден» (1756-жылы ыр түрүндө жазылган эски уйгур тилиндеги хроника) үзүндү келтирилген. Хрониканын «Жолборс хандын калмактарга качышы туралуу аңгеме» деген жеринде төмөнкүдөй маалымат орун алат: «Атасын ызалап качкан Жолборстун артынан кеткен куугунчунун Жаркенге кайрылып келиши менен хан өзүнүн эмирлерине кечиримдүүлүк менен мамиле жасайт. Бирок Кашкарлык эмирлерди жана өзүнүн бектеринин ичинен Шах-Бакыны балдары менен, мырза Шырдак шигавулду жана да айрымдарын зынданга салдырат. Бир канча күндөн кийин зынданга түшкөндөрдүн көбүнүн теги сайид (ак сөөк, пайгамбар тукуму) тукумунан болгондуктан бошотулуп, калган эмирлер калмактарга өткөрүлүп берилип, Бай-Дөбөгө жакын жерде калмак колунан азаптуу ажал табышат». Шах Махмуд Чоростун хроникасында да дал ушундай эле маалымат кездешет. Шах Махмуд Чорос боюнча Халил-шах жана Шах-Бакы-бек балдары менен Сайид тукумунан болгондугу кошумча маалымдалат. Калганы башынан аягына чейин эки тарыхый булакта тең сөзмө - сөз кайталанып, бири-бирине шайкеш келип турат. Экөөндө тең Шырдакбек сейит же сайиддердин катарына киргизилбейт. Натыйжада, бул маалыматтар Шырдакбектин Жаркен хандыгында мамлекеттик кызматта болгондугу, анын эмне себептен калмактардын колунан Бай-Дөбө деген жерде ажал тапкандыгы, негизгиси XVII- кылымда жашагандыгын ачык кабардап турат. Эң кызыктуусу «Ислам-намедеги» маалымат менен Шах Махмуд Чоростун хроникасындагы жана Yсөйүн ажынын санжырасындагы маалыматтардын бири-бирине дал келгендиги.

Ата менен баланын так талашып, бийлик учун бири-бирине душман болуп, каршылашкандыгы жөнүндөгү маалыматтар башка эмгектерден да кездешет. Мисалы, О.В.Зотов Шах Махмуд Чоростун хроникасына таянып, төмөнкүчө маалымат берет. «Абдаллах-хан өзүнүн диний насаатчысы менен биригип, мураскору Жолборсту Жунгарияга качууга аргасыз кылат. Ал кийинчерээк Ак-Тоолук кожолордун жана ойрот башкаруучусу Сенгенин жардамы менен бийликке келет. Бирок анын бийлиги көпкө созулбастан, Кара-тоолуктардын ич ара жең ичинен сүйлөшүсү жана Элдан-тайчынын тобунун каршылыгынын негизинде ажал таап, хандык Исмайыл – ханга өтөт»

Ал эми, Абдаллах-хан 1639-1668-жылдары, баласы Жолборс-хан 1668-1670-жылдардын аралыгында бийлик жүргүзүп турган тарыхый инсан экендигин эске алып, «Ислам-намедеги» маалыматка таяна турган болсок, анда Шырдакбек XVII- кылымда жашап өткөн Абдаллах-хандын кызматында эмир же аким болуп тургандыгы чындык болуп чыга келет. Ошондой эле, ал так талашкан ата-баланын Абдаллах-хан менен Жолборс-хандын ортосундагы чыр-чатагына аралашып, каза тапкан көрүнөт.

Yсөйүн ажынын санжырасында Шырдакбектин Фергана өрөөнүндө, Нарын, Жаркен, Ак-Тоо ооданында бек, аким болуп тургандыгы маалымдалса, Тоголок Молдонун материалы боюнча Ош, Анжыян, Маргалан, Кокон, Наманган, аягы Кожонт, Ташкенди сурап, Жети шаар Паргананы жергеси менен каратып тургандыгы баяндалат. А.Вышнегорскийде Кокондогу беги делет. Тургун Ибрагимовдун «Три эпохи-одна жизнь» деген китебиндеги маалыматта Шырдакбектин ордосу Карабулакта болуп, ал Заамин, Бахмал, Жызакка чейинки аймакты бийлеп тургандыгы айтылат.

Жогорку маалыматтарга ылайык Шырдакбек Анжыян аймагында туулуп-өсүп, эр жетип, бүт Фергана өрөөнүн сурап турган. Мунун далили катары Фергана өрөөнүндөгү: Ош, Жалал-абад тараптагы чеп, коргондорду, Лейлек районуна караштуу Маргун айылынын түштүгүнөн орун алган Коргон-Төбө, Катраң айылынын күн батыш тарабындагы Хан Шырдактын ордосу сыяктуу жер-суу аттарын жана ага байланыштуу айтылган уламыштарды мисал келтирсек орундуу болот.

Кийинчээрек Шырдакбек Нарындын Ак-Талаа аймагына чеп салдырып, ошондо турат. Андан кийин Кашкар, Жаркен тарапка барып, ал жерде аким болот. Өмүрүнүн акырында Абдаллах-хан менен жоолашып калгандыктан, Ак-Тоо ооданына келип, чеп соктуруп, коргонуунун камын көрүп, ал жерде калмактар тарабынан ажал тапканга чейин өмүр сүрөт.

Жогоруда келтирилген фактыларды жыйынтыктап келгенде Шырдакбектин тарыхта аты калган үзөңгүлөш замандаштары бар, өзүнүн генеалогиясы такталган, XVII - кылымда өмүр сүргөн реалдуу тарыхый инсан экендиги аныкталат.

Маалымат үчүн: автор Шырдакбектин 350 жылдык юбилейлик мааракесин өткөрүү жана анын эстелигин орнотуу боюнча демилге көтөрүп келет.

Орунбай Ахмедов

Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

09-03-2021
Баткендин материалдык маданий мурастары
5592

01-03-2021
Лейлек мазарлары
14443

01-03-2021
Ар облустагы чапкылдыктар тууралуу
11445

26-02-2021
Инсандар тууралуу учкай кеп
11499

26-02-2021
Маргун - чапкылдыктар ордосу
9760

25-02-2021
Чапкылдык
11637

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×