Добавить статью
11:49 7 Мая 2021 13310
Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыков жөнүндө

Советтер союзунун Баатыры Самат Садыковдун өмүр-таржымалы жасаган эрдиги илимий айлампага киргени менен кеңири изилдөөгө алына элек. Андыктан ушул кыскача макла аркылуу тарыхый справка берүүнү туура таптык. Сүлүктү аскер комиссариаты тарабынан согушка чакыртылып С. Саматов менен кошо Т. Момунов, В.И. Матыцин, В.И.Макушенколор да Берлин салагалашуусуна катышып жеңишке өз салымдарын кошушкан. Самат Садыков Cүлүктүдөн аскерге чакырылгандардын арасынын согуш учурунда көрсөткөн жеке эрдиги үчүн азыркы Баткен облусунан чыккан жападан жалгыз Советтер Союзунун Баатыры деген наамга татыктуу болгон жоокер (Тиркеме).

Самат Садыков 1940-жылы 6-октябрда Кызыл Армиянын катарына аскерге чакыртылган. Самат Садыковдун сыйлоо баракчасында аскерге чакырылган жери катары Ош облусунун Сүлүктү райондук аскер коммиссариаты көрсөтүлгөн. Анын Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлгөн өздүк сыйлоо баракчасында көрсөткөн эрдиктери төмөнкүдөй баяндалган:

Жолдош Садыков Самат 1943-жылдан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Расчеттук пулеметтун наводчиги кийинки мезгилде командири катары кызмат өтөп келет. 1943-жылдын май айынан тартып Кызыл орден кавалери Александр Невский полкунун 16-гвардиясы менен биргеликте көптөгөн согуш отун кечти. Десна, Днепр дарыяларынын боюндагы ошондой эле Белорусия, Польша жана Германиядагы салгалашуулардын катышуучусу. Өзүнүн ишин эң мыкты билет. Каардуу курал катары эсептелинген расчеттук пулеметту эң мыкты чеберчилик менен колдоно алат. Аталган полкто кызмат өтөгөн учурда гана Садыков 300дөй немец аскерин жок кылды, анын ичинде 2 майор жана 15 башка офицерлер болгон. Ошондой эле 12 самолет, 7 автоунаа, жана 10 куралдуу точкаларды жок кылды. Жолдош Садыков өзгөчө туруктуу, жоопкерчиликтүү жана тапкыч аскер. Согуш учурунда солдаттар душмандардын каршылыгына туруштук бере албай калып баш аламандык учурлар да болгон. Мындай баш аламандыкта жеке Садыковдун гана туруктуулугу, эр жүрөктүүлүгүнүн арты менен тийиштүү салгалашуу аймагында абалыбызды сактап калганга мүмкүнчүлүк болду. 1943-жылдын жайында Карачев Брянск облсатында душман чытырман токойдон пайдаланып биздин согуштук позициябызга 20-30 метр калганда Садыков жалгыз пулемет менен флангда калып бир мүнөткө да көз ирмебей кокусунан душманга контрчабуул жасап душмандын батальонунун командирин 20 солдаты менен кошо жок кылды. Польшанын Бромберг (Быдгош) шаары үчүн болгон салгалашууда Садыков пулеметту темир жолго орнотуп салгалашуу учурунда жана качып бараткан 15 немец аскерин ошондой эле 3 оор, 5 жеңил пулемет аткычтарын кошо 30 аскерин жок кылган. Аталган кагылышууда башынан жаракат алгандыгына карабастан, коюлган тапшырманы аягына чыгаруу үчүн токтобостон күрөштү. Жалпы эскадрондун айтуусунан жана анын командиринин буйругунан улам гана дарылоо бөлүмүнө барууга макул болгон. Согуштагы өзгөчө чеберчилиги, эрдиги жана тайманбастыгы үчүн өкмөттүн эң жогорку сыйлыгы болгон Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу.

26-март 1945-ж. Кызыл орден кавалери Александр Невский полкунун 16-гвардиясынын командири, жолдош полковник Ф. Горобец.

Самат Садыков Берлиндин түндүк-батыш тарабындагы Фризак шаарынын Бранденбург аймагында салгалашуу учурунда баатырларча курман болгон. Сөөгү Фризак шаарынын Бранденбург аймагында жерге берилген. 1945-ж. 31-майында Самат Садыковго өлгөндөн кийин Советтер Союзунун баатыры наамы ыйгарылган.

Самат Садыковдун ысымы Лейлек районундагы айылга, мектепке берилип, Самат айылында аны бюсту тургузулган. Мындай баатырдын эстелигин Баткен облусунун борбору Баткен шаарына жана Бишкек, Ош шаарларындагы белгилүү жерлерге орнотулса жакшы болмок. Баткен облусунун аймагында эң жогорку наамы ыйгарылган жападан жалгыз жоокер анын ысмы жана өмүр таржымалы тарых барактарында түбөлүккө жазылып келечек муундарга каармандыктын үлгүсү катары кала берет.

Фото прикрепленное к статьеФото прикрепленное к статье
Стилистика и грамматика авторов сохранена.
Добавить статью

Другие статьи автора

07-05-2021
Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык абалы, фронттогу жана ооруктагы күжүрмөн эрдиктер
8048

04-05-2021
Из истории города Сулюкта Кыргызской Республики
7732

Еще статьи

Комментарии
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком

×